Добавить статью
13:17, 5 апреля 2011 98446

Жомоктор топтому

ДАНИЯР ТАБЫП

Жансаптын атасы чоң табып Данияр бир күнүкитеп карап олтурса, бир жерде мүрөктүн суусу жатат. Ошол мүрөк суусун таап, ичип өлбөс боломун, – деп жөнөйт анан ал. Китеп колунда. Мүрөк суусу дарыянын ары жагында.

– Даниярды кудай урду, мүрөк суусун тапса, адам баласы өлбөс болуп калат, барып токтоткун, китептен Даниярды ажырат, – деп шайтан Жебирейилге айтат.

Жебирейил кишинин кейпин кийип, Даниярдын алдынан чыгып, көпүрөнүн үстүнөн экөө саламдашып калат.

– И, каякка баратасың? – деп, бири-биринен сурайт.

Данияр табып китебин колтугунан түшүрбөйт. Жебирейил:

– Каякка барасың? – дейт.

– Мынабу маңдайкы тоодо мүрөктүн суусу бар экен, ошого. Мүрөктүн суусун ичкен киши өлбөйт экен – дейт.

– Мүрөктүн суусу бар экенин кантип билдиң? – деп, Жебирейил сурап калды Даниярдан.

– Ой, мынабу китепте турбайбы.

– Кана, кана, – дейт.

– Мүрөктүн суусу баланча тоодо, иреңи мындайча, – деп китеп көрсөтүп турат.

– Ой, бали, чын бекен ошол, – демиш болуп атып кетепти кармап турган колду уруп жиберет. Китеп сууга түшүп кетет. Суу – киши агып өлө турган суу. Китептен Даниярды ажыратып, Жебирейил алекисаамда көздөн кайым болот.

Китептен ажырап, Данияр кайта үйүнө келип, жалдырап олтуруп калат. Жалгыз баласын окутса, алтек-талтек жинди чалыш, чалакайым Жансап деген баласы бар экен, «Алиппени» да билбейт.

Ошентип турган кезекте Данияр өлүп, аялы жесир калат. Айласы кеткенден кийин, баласы тоодон отун алып, оокат кылат.

Жансап ошентип отун алып жүрдү. Канча күн, канча жыл өттү, белгисиз. Жансап чоң жигит болуп калды. Бир күнүжоон топ киши тоодон отун алып жатканда күн жаады.

Отунчулар Жансапты келесоо дегенсип:

– Эшек кайтарып тургун – деп, Жансапка кайтартып койду.

Эшекти кайтарып туруп Жансап үшүп, жаанга чыдай албай, жерди түрткүлөдү. Жерди чукуп жатса, таягынын учунан алтын шекилдүүбир нерсе чыкты. Тегерете казайын десе, чоң жезби, алтынбы сапсары болуп көрүнөт. Жансап баягынын капкагы экенин көргөндөн кийин жолдошторун чакырды.

Жолдоштору келип, жабыла казып, ачты. Казса, капкак өзүжез экен. Капкакты баарылап ары жагына оодарышты. Ары жагынан бал чыгат. Кудук толтура бал экен.

– Бул балакет балга окшош нерсе экен, уубу? – деп, ооз тийгенден баары коркушуп «өлсө ушу өлсүн» дешип, келесоо Жансапты: – Ооз тий! – деп кыйнашты.

Жансап ооз тийсе бал экен, өлбөй калды. Бал экенин билгенден кийин, баары жеп, тоюп, идиш алып келишип, балды сүзүп алышып, баягылыр балды базарга сатып, баары бай боло баштады. Абдан терең кудук экен, бир аркан, эки аркан бою балды сатып олтурушуп түгөтүштү. Бал аяктап, түгөнгөн кезекте Жансапты түшүрүп: «Бул ит келесоо неме айтып коёт, муну кудукка көөмп коёлу» деген пикирге келишти.

– Жансап бул балды тапкан да сен, таткан да сен, аягына чейин түш, түгөнгөндөн кийин, тартып алабыз, – дешти.

Балчылар Жансапты аркан менен кудуктун түбүнө түшүрүштү. Жансап балды салып берип, кырып түгөттү.

– Эми тарткыла – дегенде, арканды кыркып, Жансапты ошо жерге калтырып, капкакты жаап, көөмп ташташты.

Жансап кудуктун ичинде калды. Тигилер үйүнө келишти, балды алышып, баарысы бай болуп, ушуну менен Жансап караңгы кудукта жата берди. Кудуктун бир капталынан чаянбы, жыланбы бир нерсе келип кудукка түштү. Жансап баягы чаян түшкөн жерди кестиги менен чукуй берди. Чукуган жерге Жансаптын башы батты, жана чукуганда көөдөнүбатып, баягыга Жансап кирип кетти. Ар жагынан чыкса, кадимки жердей жапжарык, Шаймарандын жаткан жерине барды.

Бир жылан:

– Бир киши жүрөт! – деп Шаймаранга кабар берди.

– Кишини өлтүрбөй, мага алып келгиле, – деди.

Жансапты Шаймаранга алып барды. Шаймаран Жансаптын бүтүн тарыхын сурады. Атасы Даниярдын, өзүнүн эч нерсе билбегенин айтып, эшек менен отун алганын, жаанда жер чукуп олтуруп балды тапканын, балды түгөтүп, кудуктун түбүндө калганын, чукуп олтуруп өзүбаткандай кылып казып, ал аркылуу Шаймаранга келгенин, көргөнүн айтып берди.

– Менин балканамды куруткан эме турбайсыңбы, – деди.

Ошону менен айдан ай, жылдан жыл өтүп, Жансап бечара Шаймаранга жалынды. Күндө ыйлагандан кийин Шаймаран бошотоюн десе опасыздыгынан, бошотпоюн десе, тигинин көзүнүн жашынан коркот.

– Падышам, Шаймаран – деп, күнү-түнүыйлайт.

Жети жылдан кийин:

– Бечара сени бошотоюн, – дейт Шаймаран.

Ошондо Шаймаран Жансапка:

– Адам баласы айлакер болот, мен сени бошотсом, кишиге айтпайсыңбы, – деди.

– Айтпаймын, – деп ант берет.

Анан айтат:

– өмүрүкишинин көзүнчө сууга, мончого түшпө. Анткени жылан менен бирге жүргөн кишиге жыландын бедели этине түшүп калат, – дейт.

Ушуну менен алып келип, жаап койгон кудуктан Жансапты чыгарды. Жансап дүйнөнүн жүзүнө чыгып, үйүнө келсе, энеси абдан жаман турмушта экен. Отун алган жолдошторунун баары дүкөн ачып, байбача.

Жансап келди дегенден кийин баякылар чогулуп, алдына түшүшүп, дүнүйө беришип, Жансаптын да үй турмушу оңолду.

Ал аны менен жыргап жата берсин. Ошол шаардын ханы ооруп бир чоң молдону алып келип, бал китеп ачтырса, Шаймарандын эти менен шорпосу дары, башка дары жок, – дейт бир көзүачык.

– Кандай кылып Шаймаранды табыш керек – деп хан аракет кылат.

Ошондо табып айтат:

– Элиңдин баарын эркек-ургаачы дебей мончого сал. Шаймаранды көргөн кишинин этине бедер түшүп калат, мен таап беремин, – дейт.

Элдин баарын мончого салды. Элдин баары түшүп, мончодон качып жалгыз бечара Жансап калды.

Жансапты айдап келишти. Чечинтсе, этинин баарына жыландын сүрөтүтүшүп калган.

– Кана, Шаймаранды кайдан көрдүң, чыныңды айт? – деди.

– Көргөнүм жок, – деп бечара танды.

– Танбай чыныңды айт, башыңды аламын – деп, Жансапты өлүмгө алып барды.

– өлгөнүмчө айтып берейин, – деп, Жансап айтып берди.

Бүтүн болгон окуяны, баягы балкудукту айтып, табып Жансапты ээрчитип алып балкудукка барды. Капкакты ачып коюп, «Азайымкан» касыйда дубаларды окуп чакырды. Дубанын күчүкыйын да Шаймаранды алтын илегенге салып бир жылан көтөрүп келип берди.

Шаймаран келсе, табыптын жанында Жансап турат.

– Ой, Жансабым, убада ушундай беле? – деди Шаймаран.

– Жан деген кыйын экен, башымды алып таштаймын дегенден кийин, ушул жумуш болду – деди Жансап.

– Эми сенде жазык жок, – деп айтты Шаймаран.

Ошондо Шаймаран Жансапты:

– Мени эми өзүң койнуңа катып, өзүң алпаргын, – деди.

Жансап өзүтабыптын артынан жөнөдү.

Жолдо баратканда Шаймаран Жансапка:

– Сен бечара көңүлүңдө арамчылык жок, ажалым сенден экенин билип, ыйлаганыңа боорум ачып, коё бергем. Эми мени алпарып, падышага дары кылып соёт. Мен сага жакшылык кылып кетейин. Башымды кыркып, куйругумду кыркып, казанга кайнатат. Биринчи чыккан чий көбүк заар болот, табып ошону сен ич деп айтат, сен ичпегин, экинчи кайнаган чий көбүк – аны ичкен он сегиз миң ааламдын тилин билет. Этти сага бышыртат. Биринчи көбүгүн алып, табыпка коюп кой. Экинчи көбүгүн өзүң ичкин, он сегиз миң ааламдын тилин билесиң. үчүнчүсорпону падышаңа берсең айыгат, дары болот – деди.

Барып Шаймарандын башы менен куйругун кыркып, казанга салып кайнатат. Биринчи көбүгүн калпып, табыпка алып коёт. Экинчи көбүгүн өзүичип, үчүнчүкөбүк сорпосун падышага берет.

Табып китептен көргөн да, экинчисин ичем деп ынтыгып олтурат. үчүнчүкөбүгүн элден мурун падышага берсе, падышанын бүткөн бою айыгып басылды.

– Экинчи сорпону алып кел, – деди.

Экинчи деп, биринчи сорпону берди. Сорпону ичип, табып кырынан кетип өлдү.

Экинчи сорпону Жансап өзүичип, он сегиз миң ааламдын тилин билди.


СүЙЛөБөС КЫЗ

Илгери Асан деген адамдын сулуу кызы, дагы бир байдын үч баласы аял ала элек болот. Бай ооруйт. Күн өткөн сайын ахывалы оордойт: «үч балама тең аял алып бергеним жок. Жаным чыкканча баарына тең аял алып берип, ушулардын карызынан кутулайын», – деп ойлойт ал, акыры.

Элден мурун улуу баласын чакырат.

– Ой, балам, көзүмдүн тирүүсүндө кимдин кызын аласың, айткын, алып берейин.

– Асандын кызын алам, – деди анысы.

Ортончу баласын чакырды.

– Балам, карызымдан кутулайын, кимдин кызын жактырасың, – деди ага дагы.

– Асандын кызын аламын, – деди ортончосу.

Анан кичүүбаласын чакырды.

– Балам, карызымдан кутулайын, кимдин кызын аласың? – деди ага дагы.

Ал да туруп:

– Асандын кызын, – деди.

Бай үчөөн тең чакырды.

– үчөөң тең Асандын кызын аламын дейсиң, үчөөң үч миң дилде ал, киши башына миңден болсун, – деп, киши башына миң дилдеден берди.

– Кимиңер асыл буюм алып келсеңер, Асандын кызын ошого алып беремин, – деди.

үчөө базарга барды. Барса улуусу барган жерде бирөө күзгүкармап турат.

– Бул күзгүнүн баасы канча?

– Күзгүнүн баасы миң дилде.

– Бул күзгүнүн баасы миң дилде болгондо кандай өнөрүбар?

– өнөрү, дүйнө жүзүндө эмне болуп жатканын көрүп турасың.

Караса күзгүбүткүл дүйнөнүкөргөзөт. «Мындан да асыл буюм барбы?» – деп, күзгүнүбала миң дилдеге алды.

Ортончосу базарга барса, кичинекей килемди миң дилдеге деп бирөө кармап отурат.

– Ой, бул килемиңдин эмне өнөрүбар?

– өнөрүушул көз ачып-жумгуча самаган жерге жеткизет.

Базарга кичи баласы барды. Бирөө бир алма шекилдүүнерсени кармап турат.

– Мунун баасы канча? – деди бала.

– Баасы миң дилде.

– Эмне өнөрүбар бул алмаңдын, миң дилде болсо.

– өлгөн кишини сууга ала электе алып барып жыттатса, адам тирилет, – деди.

«Мындан да ашкан асыл буюм барбы?» – деп, бала алма шекилдүүбуюмду алды. Базардан буюмдарын алып бүткөн соң, үч бир тууган кошулушту.

– Сен эмне алдың? – биринен бири сурады.

үчөө тең эмне алгандарын бири-бирине көрсөтүштү. Асандын кызы эмне болуп жатты экен деп күзгүдөн карашса, Асандын кызы өлүп, эл чогулуп, ызы-чуу түшүп жатканын көрүштү.

– Ой, кана сенин килемиңе отуруп учуп, сууга ала электе жетелик – деди.

үчөө килемге отуруп учуп жетишип, сатып алган алманы алып:

– Тирилт муну, – дешти.

Кичүүбаласынын жыттаткан алмасынан кыз тирилди. Кыз тирилгенден кийин, үчөө калыска түшүп кызды талашты.

– Менин күзгүм болбосо, мунун өлүп жатканын кантип билет элек, мен алам – деп улуусу айтты.

– Менин килемим болбосо, сен кантип жетет элең, – деди килемдин ээси.

– А сен күзгүң менен көргөн, а сен килемиң менен учуп жеткен менен, менин алмам болбосо эмне кылат элең? – деди кичүүсү.

Ошентип, бул үчөөнүн талашынан калыстардын башы айланды…

Бир жерде хандын үч баласы болот. Бири-биринен сырын жашырат. Кийикке чыкса да экөө үйдө калып, бири чыгат. Кичи баласы кийикке чыга турган күнүэки агасын чакырат:

– Бүгүн ууга чыга турган күнүм эле, экөөң тең жүргүн. үчөөбүз тамаша кылып, кимибиз өнөрлүүэкенбиз, ошону көрөлүк, бирок олжо меники, талашпайсыңар. Силер тамаша гана көрөсүңөр – деди.

Эки агасы:

– Эмнеси болсо да үчөөбүз тамаша кылалы, тапканыбызды сага берели, – деп, тоого барышты. Кийик кубалап, баланча жерден табышабыз деп, бир жерди убада кылып коюп, үчөө үч бөлөк жерге кетишти.

Улуу баланын аты жүрбөй, бир белде турса, бир кийик шекилдүүнерсе келди.

– Мени сен атпагын, сага мынабу шакекти – Сулайман пайгамбардын жүздүгү, ушуну берейин. Бул шакекти алсаң, падыша болосуң, – деди кийик. Шакекти ал дароо алды. Бир убактан кийин эки иниси келди.

– Эмне табылгаңар бар? – деп, олжону сурады кичүүсү. Күн меники деген убадасы бар эмеспи.

– Күн – меники, шакекти мага бер.

Улуу агасы:

– Бербейм, – деди.

Ортончосу:

– Убада бар эмеспи, бергин, – деди кичүүсүнө болушуп.

Калыска түшүштү:

– Убадаңар бар экен, күн меники дегенге бергиле, – деди.

Ушуну менен чатак болуп, улуусу кичүүсүнө шакекти бербей койду…

Ошентип бир молдо, бир зергер, жыгач уста үчөө жолдош болуп, үчөө бирөөнүн үйүнө барып конду. Бир убакта баягы жыгач уста эшикке чыкса, эшиктин астында бир дөңгөч жатат. Дөңгөчтүадамдын мүчөсүндөй кылып сүрүп, бир сулуу кыз кылып, эшиктин астына жөлөп койду эле, бир убакта зергер эшикке чыкса, сулуу кыз турат. Ары-бери кызды караса, дөңгөч жыгач экен. Зергер турду да, кийимди тигип, сөйкөнү, билерикти жасап, сулуу кийимин кийгизип койду.

Бир убакта молдо эшикке чыкса, эшиктин алдында келишкен сулуу бир кыз турат. Караса, баягынын жаны жок, жасалгасы адамдай сулуу. Молдо туруп баягыга:

– Сүф, сүф! – деп, жан салды. Жыгач кызга жан кирди, үчөө кызды талашып, калыска түштү. Калыстар туруп: дөңгөчтүчаап, кыз сөлөкөтүн салганга ыйгарды. Кыз жыгач устага ыйгарылганда берки экөө нааразы болду…

Бул жерде бир падышанын жалгыз кызы: «Мени ким үч сүйлөтсө, ошого тием», – деп убада берет. Бирок барган элдин баары үч сүйлөтө албайт. Жазасын атасы бычып, үч сүйлөтө албагандардын башын алып турат.

Бир сулуу жигит падышага:

– Кызыңызды мына мен үч сүйлөтөм. Жок сүйлөтө албасам, башымды алып таштай бериңиз, – деп барды.

Падыша:

– Жакшы бала экенсиң, бөөдө өлүп каласың го, далай бала өлүп кетти эле, – дейт.

– Сүйлөтө албасам өлүмгө ыраазымын, сүйлөтсөм кызыңды аламын, – деди ал. Баягыга кол койдуруп алып, падыша кызга жиберди.

Барганда:

– Күйөө келди, – деп, барабанды какты.

Бала барып:

– Сизге бирдемени чечип берет деп калыска келдим, – деп сөздүбаштады.

Баягы Асандын кызын үчөөнүн жакшы көргөндүгүн, байдын үчөөнө үч миң дилде бергенин, бая күзгүменен кыздын өлүп жатканын көрүшкөнүн, килем менен учуп барышканын, алманы жыттатып тирилткенин айтты. Калыстар күзгүменен көргөнгө кызды ыйгарышты – деди.

Сүйлөбөгөн кыз:

– Анда сенин калыстарың калыс эмес экен. Күзгүменен көрүп, учуп барганда эмне кылат эле, кыз алма менен тирилткен баланыкы эмеспи, – деп кыз бир сүйлөдү. Барабан кагылды.

Андан кийин Сулаймандын жүздүгүн алган үч бир тууганга келди. Кичи баласынын күнүэкен, олжо, табылга меники деген балага ыйгарышты, – деди.

– өз тапканын өзүнө бербейби. Туура эмес чечкен – деп, кыз жана бир сүйлөдү.

Баягы жыгач устага келди. Жыгач уста дөңгөчтүчаап, кыз кылып койду. Зергер кийинтти. Молдо жан салды. Калыстар жыгач устага беришти.

Ошондо бая сүйлөбөгөн кыз:

– Дөңгөчтүканчалык кооздобо – дөңгөч, дөңгөч. Эмгек жан салгандыкы. Молдо алмак – деп, үчүнчүжолу сүйлөдү.

Ошону менен падышанын кызын үч сүйлөтүп жанагы жигит алып жатып калат.

БАЛКЫЯ

Илгери Балкыя деген бир киши таалай издеп чыгып, таалайдын каякта экенин билбей, дүйнөнүкезип жүрөт. Жаздын күнү. Жыландын падышасы Шаймаран бир топ жыландар менен жыргап жатканда, Балкыя үстүнөн чыгып калат.

– Адам келатат, – деп, Балкыяны бир жылан падышага айтат.

– От чачып өлтүрбөй, мага тирүүалып келгиле, – дейт.

Балкыяны жыландын падышасы Шаймаранга алып келет. Шаймаран он сегиз миң ааламдын тилин билет.

– Эмне кылып жүргөн кишисиң? – деп, Балкыядан сөз сурайт.

– Мен бир шордуумун, бакыт издеп жүрөм.

– Аны издеп жүрсөң, адам баласы опосуз, айлакер окумуштуу болчу эле. Сени коё берсем деп дагы бирөөгө айтпаска убада алат.

– Таалай издеп жүргөн экенсиң, тоскоолдук кылбайын, – деп, Шаймаран Балкыяны жайына коёт. Шаймарандан чыгып, канча бир күн жол жүргөн соң, Балкыя бир кишиге жолугат.

– Сен эмне болгон кишисиң? – деп, Балкыя баягы кишиден сурайт.

– Мен Акоп молдомун, – дейт баягы киши. – Сулайман пайгамбардын жүздүгүн алсам дегем, бирок суу, дайралардан өтө албай жүрөм. өтүүнүн жолун бир гана Шаймаран билет, ошону издеп жүрөм, аны тапсам өтө алам, – дейт.

– Кантип?

– Шаймаран он сегиз миң ааламдын тилин билет. Сууга чөкпөй турган бир чөп болот. Ошо чөптүн суусун таманыңа сүйкөп алып бассаң, суунун үстүнөн кургак жердей басып кетесиң. Ошол чөптүтапсам, суудан өтсөм, Сулаймандын жүзүгүн алаар элем. Эгер жүзүктүтапсам, чөп, суу, таш, кыбырагандын тилин билип, он сегиз миң ааламды сурап, падыша болот элем. Сага да таалайды таап берет элем – деди.

Ошол сөзгө Балкыя алданып:

– Шаймаранды мен таап берер элем, бирок аны сен өлтүрүп коёсуң го – деди Акопту.

– Мен өлтүрбөймүн, суудан өтө турган гана чөптүсурап алып, анан коё берем – деди.

– Шаймаранга убадам бар эле. Коё бере турган болсоң, мен таап берейин, – деп, көргөн жерине Балкыя ээрчитип келди. Нардай болгон эле ажыдаарлар.

Акоп «Азайымкан» деген дуба менен нардай жыландардын баарын талытып, кыймылдатпай таштады. Акоп Шаймаранды дуба менен чакырды эле, аны күмүш табакка бир жылан салып алып сойлоп келип, таштап кетти. Дубаны жандырып, эси ооп калган Шаймаранды тирилтсе, бая Балкыя досу олтурат.

Балкыя досуна:

– Ушуну кыласыңбы? – деди.

Анда Акоп туруп сөзгө аралашты.

– Бу кишини азгырган мен. Сенден бир нерсени сурайбыз, ошону айтып берсеңиз, коё беребиз, – деди.

– Айткыла, айтып берейин – деп Шаймаран айтты.

– Тегерете деңиз экен, деңизден өтө албай, айлабыз куруп турат. Мына китептен көрдүм, бир чөп бар дейт, ушу чөптүсүйкөсө, деңизден кургак жердей басып өтөт дептир, кайсы чөп экенин билбей жатабыз. – Акоп китебин сууруп чыкты – ушу сөздүайтсаңыз эле, биздин сизге зыяныбыз жок, ордуңузга алып барып коёбуз, – деп айтты.

– Анда эмесе, тетиги чөптүжулуп алып таманыңа сүйкөп, сууну кечип көрчү, – деп, Шаймаран бир чөптүкөргөздү. Ошо жердеги чөптүн бирин үзүп, таманына сүйкөп, арыктагы сууну кечсе, батпайт. Акопко «он сегиз миң ааламга падыша болдум, эми барамын» деген ой кетти.

Ошону менен Шаймаранды коё берди. Шаймаран Балкыяны Акопко кошпой:

– Бери келчи? – деп жалгыз чакырып алды.

– Айтпадым беле, мени бир топ мыжып, убара кылдыңар. – Сен жамандык кылсаң да, мен жакшылык кылайын. Силер суудан өтүп, Сулаймандын жаткан жерине барасыңар. Барганда Сулайман терең сайдын ичинде болот. Тегереги бүт ажыдаарлар. Жакындаганда от жагып күйгүзүп жиберет. Сулайманды тоого барганда көрөсүңөр. Сулайман кымбат баалуу нерсени жамынып, тактынын үстүндө жатат. Жүзүк сол колунун чыпалагында. «Азайымкан» дубаны окуп, жыландардын баарын талытып, катырып алсыз кылып таштайт. Сулайман жаткан белден ары баргандардын баары күйүп өлөт. Сен белдин бери жагында кал. Агер Акоп менен кошо барсаң, сен да күйүп өлөсүң.

Шаймаранды коё беришти, коштошуп Акоп менен Балкыя жөнөп, дарыяга барганда чөптүтаманына сүйкөп алып, экөө кургак жердей суудан өтүп, Сулайман жаткан тоонун башына чыкты. Караса, тактын үстүндө кымбат жакуттан жамынып алып Сулайман жатат. Сулайманды кайтарып тегерете ажыдаар, жолборстор турат.

Белден чыгып: «Булардын баарын талытып таштайын», – деп, Акоп «Азайымканды» окуй баштады. Ажыдаарлар зыңкыйып катып, жолборс да кыймылдабай жатып калды. «Жүзүктүалам, он сегиз миң ааламга падыша болом» – деп, Акоп кубанып турат.

Ошондо Балкыяны:

– Жүр! – деди.

Балкыя туруп:

– Мени эмне кыласың, өзүң эле барып алып кел, мен ушу жерде күтүп турайын, – деди.

Шаймарандын сөзүменен Балкыя олтуруп калды.

Тиги кетти. Барды. Дубаны окуп, жылан да, жолборс да кыймылдабай жатат. Акоп барып Сулаймандын колунан тартып, чыгарам деп жүзүккө асылды.

– Тарт колуңду! – деп, Жебирейил кыйкырганда анын үнүнөн коркуп кетип, эсинен танып, «Азайымкан» дубаны жандырып жиберди. Талып жаткан жыландар тирилип, от чачып, Акоп өлдү.

Булак: Жомоктор жана жомокчулар / Түз. Буудайбек Сабыр уулу Б., 2008

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

05-04-2011
Жомокчу
135159

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×