Добавить статью
8:39, 20 апреля 2011 10298

Жомокчу

жээнбай 1929-жылы ала шалбырт маалында (февраль айынын аягында, документте 20/II деп жүрөт) ЫсыккөлдөгүТүп районунун Күрмөнтүдеген айылында төрөлгөн. Ата-энеси экөө тең колхозчу болушкан. Ошол кездеги балдардай эле ал да 1936–37-окуу жылында мектепке барган. 1947-жылы Күрмөнтүорто мектебин отличник болуп бүтүргөн. Айылда окуп жүргөндө пионер вожатыйы, мектептин комсомол уюмунун секретары болуп иштеген.

Ал турсун түштөн мурда окуп, түштөн кийин (эр бүлөлөрдүн баары Ата Мекендик улуу согушка жөнөп, кол күчтүн жетишпегендигинен улам) табельщик, анан калса каникул же башка учурларда таразачы, бригадир болуп да иштеген. Ат кайтарып, араба да айдап көргөн. Сокого минип, чөп чаап, кырман баскан күндөрүда болгон. «Ата Мекендик улуу согуштун учурундагы каарман эмгеги үчүн» медалы менен да сыйланган.

1947–1949-жылдары Пржевальскидеги мугалимдер институтунун тил-адабият факультетинде окуду. Бул институтта да комсомол уюмунун активисти болду. Окууну «Артыкчылык диплому» менен аяктады.

1949–1951-жылга чейин Фрунзедеги пединституттун тил-адабият факультетинде окуп, муну да артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Анан кыргыз тили кафедрасына аспирантка өткөн. 1954-жылы профессор К.К. Юдахиндин жетекчилиги менен «Кыргыз тилинин Жергетал говору» деген темада диссертация коргоп, филология илимдеринин кандидаты деген наамга жеткен.

Кийин 1954-жылдан баштап Кыргыз мамлекеттик университетинде адегенде ассистент, анан окутуучу, ага окутуучу, андан кийин доцент болуп иштеп келген.

1970-жылга чейин филология факультетинде адегенде декандын орун басары, анан декан болуп иштеди. Декандыкка үч жолу шайланган.

Жогорку окуу жайлары менен орто мектептер үчүн жазылган ар кыл окуу китептеринин, окуу куралдарынын, методикалык ар кыл эмгектердин автору.

Ал Алай, Жергетал, Памир кыргыздарынын фольклорун чогултуп, «Эл ичи – өнөр кенчи» публицистикалык очерктер, («Кыргызстан», 1982, «Адабият», 1990) китебин чыгарган.

1989-жылы дүйнөдөн кайтты.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

20-04-2011
Жомоктор топтому
18970

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×