Добавить статью
4:55, 13 июня 2011 20401

Кыргыздын түпкүлүктүү уруусу - Нойгут уруусу

Автор тууралуу баяндама:

Үсөйүн-ажы Кытайда туулуп өскөн, ошол жерде жашаган кыргыз санжырачысы, илим изилдөөчүсү. Ал 1916-жылы Ак-Чийдеги Карачий айылында туулган. 1924-1933-жылдарда Ак-Чий, Артыштагы мектептерде окуган. 1962 — 1965-жылдары Пекиндеги борбордук ислам диний изилдөө институтунда окуп билим алган. Ал Кытайдагы бир нече коомдук, диний уюмдардын мүчөсү болуу менен бирге Синъцзяндагы кыргыз тарых-адабиятын изилдөө коомунун мүчөсү. Үсөйүн-ажы билимин дагы өркүндөтүү үчүн Египет, Тунис, Кувейт, Сомали сыяктуу мамлекеттерде жүрүп кытайча, арапча, фарсча, түркчө окуп-жазууну өздөштүргөн. Анын «Кыргыз санжырасы» деген китеби 1989-жылы Кытайдагы Кызыл-Суу басмасынан чыккан.

НОЙГУТ УРУУСУ

Нойгут кыргыз элинин түпкүлүктүү урууларынын бири. Атактуу дастаныбыз Манаста сүрөттөлгөнүнө караганда нойгуттар Алтайда (Энесайда) жашагандыгы, ал уруунун Балта деген аксакалы Манастын таякеси болуп, Манасты тарбиялап коргогондугу, анын баласы Чубак Манаска өмүр бою жөлөнчүк болуп тургандыгы айтылат.

XVI—ХII кылымдарда Ак-Суу дарыясынын бойлорунда кыргыздын нойгут уруусу жашагандыгы кытай тарыхтарында ачык баяндалат. Биздин атактуу санжырачыларыбыздын айтуусунча, божомол менен 250 жылдар мурун Какшаал дарыясы менен Кумарык дарыясынын кошулушундагы Арал деген жерди нойгуттар борбор кылып турушкан. Бул жерлер мал өстүрүүгө өтө ыңгайлуу болгон. Аңчылык кылышка да эптүү болгон. Алар жай күнү Сапарбайды жайлайт экен. Булар мал өстүрүүгө, айрыкча жылкы өстүрүүгө көңүл бөлөт экен. Азыр дагы ошол жылкылардын уругунун саркындысынан калган Арал жылкысынын даңкы бар.

Бул уруунун Нойгут бий деген башчысы болгон. Анын малайы, кызматкери Көгөн деген киши болуп, кийинирээк ал Нойгуттун ордун ээлеп калган. Аялы алты уул төрөгөн болсо дагы турбай баары өлүп кеткен. Жетинчи ирет бир кыз бала төрөгөндө аны ырымдап «бул жаңылды» деп атын Жаңыл коёт. Кээ бирөөлөр Жаңылды Кара-Чийдин Кош-Дөбөсүндө туулган дешет. Көгөмбий Жаңылды асемдеп, алпештеп эрке багат. Эркекче кийим кийдирип, ат миндирип, эркек баланын сөлөкөтү боюнча чоң кылат. Ал кыз өзү да акылдуу, зерек, шайдоот, сезгирлүү болуп чоңоёт. Бала чагынан эле ок, жаа атууда теңдеши жок кылдат адис мерген болуп жетилет. Ал уучулукту жакшы коро турган. Мындайча айтканда, эр жигиттерге таандык иштердин баарын кыла турган болот. Ошондон аны эли сүйүп «мырза» дегенге кошуп Жаңыл мырза деп аташат. Бойго жетсе да турмушка чыкпайт. Акылдуу болгондуктан терең ойлойт да, чыгыш жагыбыз Кара шаарда кыргыздар менен байыртадан бери чабышып келген калмактар турса, батышта Кашкарда хан Турсун жана башкалар турса, атамдын эркек баласы болбосо, элин мага ишенип бел кылып турса, мен кайда барат элем дейт. Ал учурларда Кокон беги Үлбүрчөк Бургуй дегенди Кашкарды сурап жаткан Турсунбек деген феодал эзүүчү таптардын өкүлүнө жиберип, аны менен тил бириктирип, кол жыйнап нойгут элин басып алып, Жаңылды зордук менен катын кылмакчы болот. Жаңыл туюп калып элин-жерин бул ач көздөрдөн сактап калуу үчүн даярданып, экөө Марал башында учурашып катуу согушуп, Турсунбектин адебин берип талпагын ташка жаят. Ошону менен Маралбашыны каратып алып, ал жерге өзүнүн жакындарынан бир канча топ түтүндү көчүрүп барып, аларды чеп сактоого орундаштырат. Ошентип Жаңыл Мырзанын элинин атак абройу өсө баштайт. Уйгурлар дагы жакындашып, ого бетер катуу ынтымакташат.

Ошол учурларда азыркы Кыргызстандын Чүй дарыясынын боюнда кыргыз элинин башкаруу укугун колуна кармап турган чоң ак сөөк сарбагыш уруусу туруучу. Алардын Үчүкө, Түлкү деген ага-ини эки баштыгы болгон. Түлкү кичүүсү болуп, ал солто уруусунан бир байдын кызын алган экен, андан бир бала туулуп, баланын атын Тынай коёт экен, ал бала бешиктеги чагында эл жайлоого көчөт экен. Түлкү дагы көчүп көч жөнөй бергенде, ал келин атка минип туруп «Түлкү, бешикти мага алып берчи!» дейт. Түлкү бешикти алып бергенден кийин анын жанындагы теңтуштары аны тамашалап «Ой Түлкү баатыр, биз сени элибиздин төрөсү деп жүрсөк, катыңдын кулу экенсиң го!» дешет. Бул сөзгө Түлкү өтө арданып, катынынын чачын кесип, кер байталга мингизип, кементайды кийгизип коё берген экен. Баласы Тынайды Түлкүнүн энеси багып чоңойтот. Түлкү бир канча убакыт аял албай жүрүп калат. Түлкү Жаңыл мырзанын акылдуулугун, баатырдыгын, мергендигин, даңазасын угуп «Жаңылды өз көзүм менен көрөйүн, жакшы эле болсо алайын» деп агасы Үчүкө, достору Атагозу, Чабак жана бир канчалаган жолдоштору менен Чүйдөн аттанып, азыркы Ак-Чий ооданы аркылуу Ак-Суунун аралына келет. Ал убакта Жаңыл мырза үйдө жок болуп, Тянь-Шандын бооруна уучулук кылганы кеткен экен. Бир аз сактап, келбегенде, Түлкү өзү ак сөөктүк адатын кармап башкаларды теңсинтпей «Жаңылга мен бир тийишип көрөйүн» деп нойгуттун жылкысын бүтүндөй алып жөнөйт. Жаңылга тезинен кабар барганда, ал шашылып үйүнө кайрылбастан алардын аркасынан кубалап жөнөйт экен. Түлкү баатыр Какшаал дарыясын бойлоп Какшаалдын башындагы Ийри-Жардын алдындагы сазга жылкыны жуушатууга салып, чатырды тиктирип, бир бээни союп, этин кемегеге бышырып олтурушкан чакта Жаңыл Мырза жете келет. Жол жардын башында болуп, Жаңыл жардын башынан түшүп караса, кемегенин отунун жарыгынан чатырдын ооз жагында олтурган Үчүкө, Түлкү ашкере көрүнүп турат экен. Жаңыл сынап олтуруп Түлкүнү жактырып, «Эгер ушу мага чын махабат байласа, менин элимди кемсинтпегидей болсо мен ушуга турмушка чыксам да болгудай. Кыздын турмушка чыгышы байыртан калган жөрөлгө, ушундай болгондо сырткы душманга каршы туруу күчүбүз дагы артат эле», деп ойлонуп турат экен. Анын оюн сынап көрөйүн деп ууга ээрчитип барган тайганын коё берет, тайган аяка-быякка жойлоп, сойгон бээнин кан-жинин жыттап турганда, Түлкү баатыр көрө коюп «Баягы канчыктын канчыгы келип калыптыр, куралыңарды колуңарга алып даяр болгула» дейт. Бул сөздү Жаңыл Мырза угуп турат. Ал катуу арданып, «мени дегеле адам катарына албай итке теңейт экен» деп колундагы ок жаа менен тартып жибергенде Үчүкө, Түлкү экөө катар жыгылат. Быягында уктап жаткан Атакозу, Чабак экөө шашылып темтиреп ордунан туруп жатканда, аларды да атып жиберет. Жаңыл түшүп келип жолдошторуна: «мен силерге тийбеймин, коркпогула!» деп, эртең менен аларга көрдү каздырып төрт баатырды көмдүргөндөн кийин, алардын минишине бирден ат берип жолго салат. Бул жердин аты азыр дагы « Мөлө» деп аталат. Мөлөнүн мааниси кыргыз тилинде «кабыра» деген болот.

Үчүкө, Түлкүнүн жолдоштору Чүйгө жетип барып бул окуяны айткан соң эл журту өтө кайгырышат, арданышат. Булар масилеттешип Жаңылдын баатырдык айбатынан коркушуп, иш баштоого батынбайт. Акыры Анжиян, Ташкен жактардагы кыргыздардын башчысы, акылманы Шырдакбекти чакырат да, ал кишинин масилети боюнча иш көрмөкчү болушат. Алар «казак, кыргыз бир тууган» деп казактардын каны Тоокени жардамга чакырышат. Шырдакбек калгандарга «Аз убакта Жаңыл жайлоого көчүп Сапарбайга конуп жайлайт. Жетинчи айда улуш берет. Ошол учурдан пайдаланып, анын өзү минген атын алып калалы, жылкысын сүрөлү. Аны менен беттешип урушуп, аны жеңе албайбыз. Жаңыл кууп келатканда жашырынып туруп, капыстан тийип кармап алсак болот» деп жол көрсөтөт.

Ушул боюнча жай болгондо Шырдакбек, Калматай хан, Тоокелер колун баштап, Ак-Сай жайлоосуна келип дем алышат, эки шылуун, жарамдуу жигитти жерликче жасап кийиндирип жиберет. Алар Какшаал ылдый кирип, эл аралап жүрүп, меймандарды күтүп жүргөн учурдан пайдаланып, анын өзү минген атын алып качат. Жана бир нечеси Кара-Чийдеги нойгут жылкыларын сүрүп качат. Аңгыча Жаңыл бир атына тердик салып минип, жаасын колуна алып аркасынан кубалап жөнөйт. Аларга жеталбай жүрүп отуруп акыры Кара-Булак деген жердеги Ак-Башат же Чапкан-Кыя деген жерге барганда, жалпак таштын артына жашынып жаткан жаш баатыр Жаңыл өтүп баратканда жайдак аттын аркасына секирип минип, Жаңылдын эки колун карысынан куушура кармап, жааны атууга чамасын келтирбейт. Калгандары дагы келип биригип, Жаңылды Атагозу, Чабактын тууганы 70 жаштагы Калматайга олжо катын кылып беришет. Жаңыл Мырза карабагыш Калматайдын колунда мусапыр олжо катын болуп, бир канча жылдар жүрүп калат экен, ошол мезгилдерде элдердин өзүнө, малына коркунуч салган ак жолборс чыккан экен. Ал ак жолборсту кармашты эл Жаңылдан өтүнүшөт. Күндөрдүн биринде, ал жердеги эл үлүш берет. Жаңыл ак жолборсту кармап элдин алкышына ээ болгон экен. Тойго жыйналган эл таң тамаша кылып атканда «Жаңыл мырзанын ок жаа атуу кылдаттык өнөрүн көрсөк дешип» сунуш коюшат. Калматай дагы уруксат кылат экен. Жаңыл мырза «эмесе менин өз атым, өз кийимдерим, өзүмдүн ок жаа, саадактарымды берсеңиздер» дегенде, буларды алып келип беришет, Жаңыл өз атын минип, өз кийимин кийип, жаасын колуна алып, бир баланын калпагын асманга ыргытып, ал кайта түшкүчө тогуз жерин тешип атат, ичке жип менен байлап аскан жамбыны да үзө атат. Көргөн эл анын бул өнөрүнө жогору баа беришет экен. Анан Жаңыл Мырза «Силер мага катылбагыла, эгер мага катылсаңар катыгыңарды беремин, мен өз журтума кеттим» деп бастырып кетет экен. Калың эл «Мындай курбаттуу, жакшы адамды кулдантууга болбойт» деп аркасынан кубалабайт. Жалгыз Калматай кубалаганда жаа менен тартып жибергенде, калгандары токтоп калат. Жаңыл Мырза өз жерине келсе элинин көбү Лопнурга көчүп кеткен экен. Жаңыл Мырза Марал-Башыга мурун жол коргоо үчүн орундаштырган жакындары көчүп Марал-Башынын Сары-Кыя деген жерине орундашкан экен. Атасы өлүптүр. Жаңыл ошол Сары-Кыяга барып аларга кошулуп турган кезде, Кашкарда аскер баштык болуп Бакаманжы деген муңгул турган экен. Ал зордук күчүн иштетип Жаңылды алмакчы болгондо, Жаңылдын урук туугандары жана бүтүн кыргыздар биригип аны өлтүрүп жиберишет. Андан кийин Бостонтеректе турган Нарбий деген адам Жаңыл Мырза менен турмуш курууга жуучу салат. Жаңыл ага  <<Мени оюнда ким жеңсе ошого тиемин» деп шарт коёт. Макулдашып экөө ат үстүндө алышып мында Жаңылды жеңалбайт, андан ордо атышат, мындан Жаңыл жеңилип калат да, убадасына уба кылып Нарбий менен турмуш курат. Андан эки балалуу болгон экен. Туугандарынын бир бөлүгүн Бостонтерекке көчүрүп барат. Сары-Мияда калып калган кыргыздар жерлик калктарга сиңишип кеткен болсо да, өз тилин жогото элек. Маселен, байыркы кыргыздардын аталмасы боюнча козуну марка дешет. Эми Жаңылдын туугандары нойгут деген уруунун калдыгы азыр деле Бостон-Теректе, Ак-Тоодо бар.

Жаңыл эри Нарбий жана балдары менен бирге Лопнурдагы туугандарына учурашууга барганда Кара шаардагы Бакаманжынын туугандары угуп калып алардын кайтыш жолун тосуп, аларды кармап, Жаңылды эри менен Башегим дарыясына агызып өлтүргөн экен. Эми Жаңылдын эли башка жайга качпай не үчүн Лопнурга качып барат? Мунун негизи бар. Карылардын айтышы. боюнча, байыркы замандардын Энесай доорунда Манас баатыр менен замандаш кыргыздардын кыз Сайкал деген баатыры болуп, ал Лопнурда туруучу экен. «Манас» дастанында сүрөттөлүшүнчө кыз Сайкал менен Манас экөө күч сынашмакчы болуп, бир убакта Ак-Суу дарыясынын боюнда экөө атчан кармашып калып, кыз Сайкал Манасты найза менен сайып түшүргөн экен. Жана экөө басташып ат сүрөгөн экен, бир-бирин сүйүшүп махабат байлашкан да экен, бирок кандайдыр экөө турмуш куралбаган, ошондой болсо дагы Манас баатыр өлгөндө кыз Сайкал анын өлүмүнө барып катышып, кошуп ыйлап, аза күткөн дешет. Сайкал Лопнурда туруучу экен. Эми Жаңылдын эли Лопнурга Сайкалдын урпагы — эли бар деп, аларды эш тартып көчүп барган дешет. Бирок Сайкалдын эли Лопнурга кандай орундашкандыгы жөнүндө анык маалымат жок. Бул жердеги кыргыздар ХV кылымдан баштап батыш Тянь-Шанга көчкөндө, алар бул жерде калып калган болушу керек. Андан башка азыркы Ток-Суу, Шайарларды, Чоң жылдыз, Кичи жылдыз, Тойболду деген жерлерде кыргыздар бар. Алар ошол жерлерге Кара шаардын Чоң жылдыз, Кичи жылдызынан көчүп келип отурукташып, ошол жерлерге наам коюп, кийин алардын урпагы уйгурларга сиңип кеткен деген аңыздар бар. Лопнур кыргыздарынын өз тилин азыркы уйгур интеллигенттери моюндабай турат.

Жаңыл Мырзанын кайсы убакта өткөнүнө келсек, Жаңыл Мырзанын замандашы Түлкүнүн төртүнчү урпагы Шабдан баатыр 1912-жылы өлгөн, анын замандашы казактардын ханы Тооке 1698—1718-жылга чейин хан болгон адам. Буга караганда, Жаңылдын өткөнүнө 200 жылдан жогору 300 жылга жетпеген убакыт болот.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

18-08-2011
Кыргыз улутунун түпкү дүмүрү жөнүндө көз караштар
18784

17-06-2011
Кутчу уруусу - байыркы чоң уруулардын бири
27820

16-06-2011
Чоң багыш уруусу
15474

31-05-2011
«Кыргыз» деген аталма жөнүндөгү көз караштар
18047

26-05-2011
Кыргыз улутунун келип чыгышы жөнүндө
20158

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×