Добавить статью
7:48, 16 июня 2011 15475

Чоң багыш уруусу

Автор тууралуу баяндама:

Үсөйүн-ажы Кытайда туулуп өскөн, ошол жерде жашаган кыргыз санжырачысы, илим изилдөөчүсү. Ал 1916-жылы Ак-Чийдеги Карачий айылында туулган. 1924-1933-жылдарда Ак-Чий, Артыштагы мектептерде окуган. 1962 — 1965-жылдары Пекиндеги борбордук ислам диний изилдөө институтунда окуп билим алган. Ал Кытайдагы бир нече коомдук, диний уюмдардын мүчөсү болуу менен бирге Синъцзяндагы кыргыз тарых-адабиятын изилдөө коомунун мүчөсү. Үсөйүн-ажы билимин дагы өркүндөтүү үчүн Египет, Тунис, Кувейт, Сомали сыяктуу мамлекеттерде жүрүп кытайча, арапча, фарсча, түркчө окуп-жазууну өздөштүргөн. Анын «Кыргыз санжырасы» деген китеби 1989-жылы Кытайдагы Кызыл-Суу басмасынан чыккан.

ЧОҢ БАГЫШ УРУУСУ

Чоң багыш уруусу негизги уруулардын бири болуп, сол уруулар тибине кирет. Демек Куу уулдан Кутчу, Чоң багыш, Кытай, Саруу, Мундуз, Базыс, Нойгут деп жети уруу сол таралат. Кээ бирөөлөр чоң багыш, сарбагыш, өкүмбагыш, карабагыш бир тууган экен деп коюшат. Бул аттын уйкаштыгына гана карап айткан кеп. Бул андай эмес.

Чоң багыштын үчүнчү небересинен Чоболой, Кулунсарык, Байуулу деп үч уулу болгон. Санжырачылардын кээ биринин айтышынча, чоң багыштан чыккан Мыкы баатыр өз элинен кыз жаратпай бир нече убакыт бой жүрүп калат экен. Анда чоң багыштар азыркы Текестеги кытай — совет чек арасындагы Үч-Каркыра, Көк-Дөбө деген жерди жердеп туруучу экен. Күндөрдүн биринде Анжияндан бир соодагер Үч-Каркыра, Көк-Дөбөгө барып калыптыр, андан Мыкы баатыр: «Соодагерим, көп жерди басып, көп элди көрүп келипсиң, мага жарагыдай бир сулуу кыз көрдүңбү?» деп сураптыр. Соодагер: «Мен сага жарагыдай бир сулуу кыз көрүп келдим, эмне сүйүнчү бересиң?» дептир. Мыкы баатыр: «Сүйүнчүңө эки жорго берем, деги ал кыз кайсы жерде экен?» деп сураптыр. Соодагер: «Анжияндын үстү Ажыке деген жерде адигине уруусунан Толубай бийдин кызы Назбийке сулууну көрдүм, ал чай ичсе алкымынан көрүнөт» дейт экен. Мыкы баатыр бул кепти угуп алып, элинен кырк жигитти тандап ээрчитип Анжиянга келиптир. Анда Толубай бий чоң үлүш берип жаткан кези экен. Эр Мыкы өзүнүн келгендигин билдирүү жана тийишүү үчүн Толубайдын төрт эле жылкысын айдап алып кайра жөнөптүр. Үлүш берип жаткан Толубай бий буга ачууланып: «Ушунча адамды көзгө илбей жылкыны алып жөнөгөн бул кандай неме экен, кармап келип көгөнгө байлап койгулачы» деп артынан куугунчу жибериптир. Куугунчулар эр Мыкынын артынан жете барып бири-бири менен чабышып, таймашып найзалашып алышып, күч сынашып көрүшүп, кайта өхүлөшүп кепке-сөзгө келгенден кийин, куугунчулар Мыкыдан: «Силер эмне себеп менен жылкы куудуңар?» деп сураптыр. Анда эр Мыкы: «Мен силерге жоо эмесмин, силер менен кур чалышып куда, кучакташып дос болгону келдим. Толубай бийдин сулуу кызы Назбийкени алганы келе жатам», деп жайын айтыптыр. Куугунчулар эр Мыкыны бийдин айлына баштап, Толубай бийге барышып: «Булар чабышканы келбептир, сиздин кызыңызды алыстан угуп кудалашканы келиптир», дегенде: «Ал ким экен?» деп сураптыр. «Чоң багыштын Мыкы баатыры экен» дептир куугунчулар.

Толубай кеңешкору менен кеңешип бирликке келгенден кийин: «Эми сен кызымды алар болсоң бүткүл чоң багыштын малын айдап кел» дептир. Эр Мыкы ага макул болот. Бирок Толубай бий ал шартынан кайра жанып, «Жалгыз кызымды ыраак жерге бере албаймын, алар болсоң бүтүн эл-журтуң менен көчүп кел. Анан берем, мен карып калдым, ордума кан, бий болуп эл-журтумду сурайсың» дептир. Мыкы баатыр буга дагы макул болуп кайра жөнөйт.

Эр Мыкы өз элине кайтып, жакындаганда чатырын тигип элинин ичине барбай жатып алат. Эли: «Эмне болдуң баатыр?» дегенде Мыкы: «Мен Толубай бийдин кызы Назбийкени алмак болдум, эл-журтуң менен көчүп келсең анан берем дейт. Эгер силер ушул талабымды орундай турган болсоңор анан барам, болбосо барбаймын», дейт. Акыры Мыкы баатыр «Анжиянга барабыз» деп үч жүз үйлүү кишини көчүрүп алып жөнөйт экен. Аларга: «Эмгектеген жашты, эңкейген карыны таштайлы, жер алыс, кийин алып кетербиз» деп жарлык түшүрөт. Алар көчкөндө: «Үч каркыра көк дөбө, эми бизге жок дөбө» деп ыйлашып көчүп жөнөйт. «Бала белде, катын жолдо» деген ошондон калган экен.

Алардын ичинен бир жигердүү жигит атасын таштагысы келбей сандыкка салып, эч кимге көрсөтпөй жүктөп жөнөптүр. Көч жөнөп олтуруп бир канча күн өткөн соң карыя баласына: «Оо балам, кайда кетип барасыңар? Эмне үчүн кээ бир жерде чуркурап, кээ бир жерде жымжырт болуп каласыңар?» деп сураптыр. Анда баласы: «Анжиянга көчүп баратабыз. Суу табылган жерде чуркурап, суу жок жерде суусаганда жымжырт болуп баратабыз» дептир. Атасы: «Балам суу жок жерге барганда жук жүктөгөн өгүзүңдү агытып коё берип көрчү», дептир. Бир күнү суу жок жерде эл өтө суусап өлмөкчү болгондо, баякы бала өгүзүн коё берет, ал өгүз нары-бери басып жүрүп бир камыштуу жерди чапчып турган экен, баласы атасына муну айтканда, атасы эмесе ошол жерди бир аз чукуп каз дейт. Бала казса суу чыгып, эл суу ичип жыргап калат экен.

Жана бир канча күн жол жүрүп бир жерге конгондо, абышка баласына «силерди кара көпөлөк айдап калыптыр, көчүп жүрүп жоголосуңар. Балам, аркаңарда айры белес, ач кесек барбы?» деп сураптыр. Баласы бар дептир. Абышка: «Балам, сен эртең элди жөнөтүп жиберип, ушул айры белес, ач кесекте мылтыгыңды алып тосуп турсаң бир ак төш дөбөт «көч-көч» деп тилин салып келет, ошону атып таштасаң эл көчүүдөн кутулуп калат» дейт. Атасы айткандай баласы белди тосуп турса, бир ак төш төрт көз дөбөт «көч-көч» деп тилин салып кирип келген экен. Бала дөбөттү атып тумшугун кесип, тырмактарын чыгарып алыптыр. Эми кыргыздардын көзүнүн үстүндө калы бар итти жаман көрүп калуу ошондон калган экен. Бала көчтүн аркасынан элге жете келсе элдин бардыгы эле уюлгуп көчпөй жатып калган экен. Эртеси деле көчпөйт. Бала элден «Эмне көчпөй жатып алдыңар?» деп сураган экен. Эл «кечинде жатаарда талаага чыксак күйгөн эки шам көрүндү. Эр Мыкы «ошону тапкыла» дейт. Биз табалбадык, аны тапмайынча көчө албайт экенбиз» дешет. Абышка баласынан «Эл эмне үчүн көчпөй калыптыр» деп сурайт. Баласы: «Ушул жерде эки шам күйөт экен. Эл аны күнү-түнү издеп табалбай калыптыр. Ошого эл көчпөй жатып калыптыр» деп жооп бериптир. Абышка: «Балам, ал каухар таш. Ушул сайда дарак бар бекен?» деп сураптыр, анда баласы «бир гана жалгыз тал бар экен» деп жооп бериптир. Абышка: «Ал каухар таш ошол жалгыз талдын чиригинин көңдөйүндө. Сен барып талдын көңдөйүн карасаң ошондон табасың, ал эки шаардын куну менен тең» деген экен. Бала жүгүрүп барып талдын көңдөйүн караса тооктун жумурткасындай эки каухар таш турган экен. Бала ташты көтөрүп алып атасына барыптыр. Ошондон кийин сайда шам күйбөй калыптыр. Абышка баласынын алып барган ташын көрүп «силерге кудай бериптир, мунун баасына адам жетпейт» дептир.

Сайда шам күйбөй калганда эр Мыкы элинен «сайдагы шамды ким таап алды» деп сураса, анда бала «Мен таап алдым, сиз алуучу Назбийкенин калыңын камдап койдум, сиз чоң багышты Үч-Каркыра, Көк Дөбөдөн көчүрбөсөңүз деле болот экен», дептир. Анда эр Мыкы: «Муну сен кандай таптың, сага ким айтып берди?» дегенде бала: «Атам айтып берди» дептир. Анда эр Мыкы «Ой бала, атаң калбады беле?» дегенде, ал: «Жок, атамды таштаган эмесмин. Сандыкка салып артып келгенмин. Каухар ташты атамдын кеби боюнча таптым» деген экен. Ошондо чоң багыштар «атаганат, ата-энебизди не үчүн ала келбегенбиз» дешип чуркурашып ыйлашып кеткен экен. «Карынын кебин капка сакта, өлүгүн апта сакта» деген макал кеп ошондон калган.

Эр Мыкы чоң багыштарды көчүрүп жүрүп Анжиянга жакын калганда «Биз көчүп келатабыз, баткыдай жер бар бекен» деп сынчы менен бир канча кишини адигинелерге жиберет. Сынчылар менен элчилер барып, эр Мыкынын сөзүн адигинелерге айтканда, алар «Кең Алайды дайындан койдук, болор бекен?» деп сураган экен. Сынчы Алайкуну көргөндө «Көдөөнүн түбүндө кулун, шыбактын түбүндө козу уктап жатчу жер экен. Бирок көчүгү кең, көкүрөгү тар, үч жылда бирден жут болот», деп Алайкуну сындаптыр.

Эр Мыкы баатыр каухардын экөөнү тең берип Толубай бийдин кызы Назбийкени алган экен. Арадан бир нече убакыт өткөндөн кийин Мыкы баатыр элине «Мен Назбийке сулууну алам деп силерди Үч-Каркыра, Көк-Дөбөнү таштатып ушул жерге көчүрүп келдим эле, эми Назбийкени. алдым, кана сынап көргүлөчү, Назбийке сулуунун кайсы жеринде айып бар?» деп сынаткан дешет. Элдер «жакшы, сынга толот экен. Бирок мурдунун ички таноосу кең экен» дешет. Анда эр Мыкы «кандай кылсак болот?» десе, алар «Муну Анжияндын табыптары танап-тигип оңдошот» дешет. Чоң багыштар ошол кеңеш боюнча Назбийкенин мурдун тилген экен. Муну уккан Толубай бий: «Кечээ келген жолоочу бүгүн кызымдын мурдун кескичелик болуптурбу? Чоң багыштарды камчыга ченеп кыргыла» дейт. Арада уруш болот. Чоболой баатыр баштуу бир канчалары өлөт. Чоң багыштар чегинип, качып Улуу-Чатка келишет. Кызыл-Ойдо турушат, кийинчерээк Кызыл-Ойду жердеп турган кутчулар менен жер талашып батышпайт. Ал кезде Кашкарды Канкожо деген сурап турчу экен. Кутчу Кубатбек ага жакын экен. «Мыкы баатыр бизди бул жерден кууп чыкмакчы, сени тактадан түшүрүп топодой тоздурмакчы, сен аларга ишенип кудалаштым деп жүрөсүң» деп Мыкы баатырды Канкожого чакыртат. Канкожо Кызыл-Ойго барып, текшерип байкап карап турганда жыйылып сүйлөшүп олтурган чоң багыштар турганда, камчылары менен этегинин топосун кагып турушат экен. Анда Кубатбек Канкожого: «Тигини кара, сени топодой тоздурам дешип атат. Жана ишенбесең Мыкынын агасынан сура» дейт экен. Чоң багыштардын эмки башчысы Арык деген кулагы катуу кишиден Канкожо «ошол маслет кеп ыраспы?» деп сураганда, Арык эмне деп айтканын укпай эле башын ийкеп коёт. Канкожо кыжырланып чоң багыштарды кырдырат. Кырда качып жүргөндөргө «Кайта келип багынсаңар мал, пул берем» дейт. Канкожо жигит болуп турган бир кыргыз аларга барып «Ой келгиле, кыргыздын атасы тоо, энеси суу» деп ураан чакырып кыйкырганда, Аскалы, Кандабас экөө ойлонуп «бул мааниси бар кеп» экен деп качып кутулган экен. «Кызыл-Ой», «Кызыл-Чачы» деген ат ошондо калган. Аскалы менен Кандабас Буландын тоосуна, Корумдуктун тоосуна бекинип, кийик атып жан багып жүрөт экен. Кийин алар бөлүнүп Аскалы Каражүлгө, Кандабас Кызыл-Ойго кетет экен.

Жалпы алганда чоң багыш уруусу Кытайда негиздүү чоң уруу болуп эсептелинип, чыгыш тарабы Кара-Жүлдөн тартып, батыш тарабы Окалырга чейин бүтүндөй чоң багыш уруулары жайгашкан. Сан жагынан да көп. Булардын ичинде Жансүйөрдүн урпагы элин башкарып үстөмдүктү ээлеп келген. Жакынкы убакытта манчиндин зулумуна каршы эл козголоңуна баштык болгон Сыжаң Осмонаалы чоң багыштан молдояр уруусунан эле.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

18-08-2011
Кыргыз улутунун түпкү дүмүрү жөнүндө көз караштар
18784

17-06-2011
Кутчу уруусу - байыркы чоң уруулардын бири
27820

13-06-2011
Кыргыздын түпкүлүктүү уруусу - Нойгут уруусу
20403

31-05-2011
«Кыргыз» деген аталма жөнүндөгү көз караштар
18047

26-05-2011
Кыргыз улутунун келип чыгышы жөнүндө
20159

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×