Добавить статью
8:03 17 Июня 2011

Кутчу уруусу - байыркы чоң уруулардын бири

Кутчу уруусу байыркы чоң уруулардын бири. Азыркы бар уруулар көбүнчө Чынгызхандын баскынчылыгынан кийин шекилденген, бирок кутчу уруусу андан да муруңку уруусун сактап калган. Х-кылымдарда Орто Азияга келген Иран алымы Игеферинин чыгармасына караганда Орто Азияда кыргыздын сык, кутчу деген уруусунун бардыгын жазган. Ошол үчүн кутчу уруусу мурунку уруусун сактап келген экен деп айтабыз.

Кутчу уруусу Куу уулдан болуп солго кирет. Кытай кыргыздарынын байыркы доорлорунда кутчулар негиздүү уруулар болуп, Кызыл-Ой, Тегирмети, Каражүл, Какшаалдардал бүтүндой ээлеп турган. Маселен, Кызыл-Ойдо хан Кубатбектин мунары азыр да бар. Каражүлдүн жолундагы Алдаярбек деген белде Кутчунун бир баштыгы алгачкы ирет ашып жол салгандыктан ошонун наамына коюлган. Айыктыктын башындагы Мурзакелди, Эсенбек деген жайлоолор дагы кутчунун баштыктары жердеп турганда ошолордун наамына коюлган. Эми Какшаалдын башы, чек арадагы Шабото деген жайлоо кутчунун бир тармак уруу баштыгынын атына коюлган. Кийинки кездерде Какшаалдагы чериктер менен болгон талаш-тартышуудан жана Кызыл-Ой, Каражүлдөрдөгу чоң багыштар менен болгон талаш-тартыштардан улам төмөндөп сүрүлүп, азыркы абалга келип калган. Кээ бирөөлөр качып таркап кетишкен. Үч-Турпандагы Кутчу деген жерди да кутчулар жердеп турган. Какшаалды кутчулар жердеп турганда, Абайылда, Берик деген эки баатыр башчысы болуп, алар Кара-Чийде турган.

Тарыхка таандык материалдарга караганда, X кылымда Үч-Турпанда кыргыздар бардыгы жазылган. Кээ бир материалдарда 1595-жылы Үч-Турпандын түндүгүндө кутчу уруусунун хандыгы барлыкка келген экен. Санжырачыларыбыздын айтышынча, азыркы Үч-Турпандын түндүк жагында Кутчулук деген кең район бар, ал жерде кутчу уруусу жашап хандык сүрүп, Үч-Турпанды башкаруучу экен. Кийинчерээк алар Какшаалга (Ак-Чийге) сүрүлүп, бүтүн Какшаал өрөөнүн кутчу эли мекен кылып туруучу экен. Алардын башчысы Абайылда, Берик дегендер Кара-Чийди борбор кылып, узун убакыт тургандан кийин 1780-жылы качкан экен. Качыштын себеби төмөндөгүчө:

Үч-Турпандын үстү От-Башыдан тартып бүтүн Какшаал Абайылда, Берикке аштык-бажы төлөчү экен. Азыркы Кара-Чийдеги үч метрден узун ташты мамы кылып орнотуп коюп, ошону чек кылып, чек токтоттуруп, анын башы көмүлгөндө «эми болду» дечү экен. Бир жылы аштык-бажы төлөгөндө ал таштын башы көмүлбөй калган экен. Абайылда менен Берик «бул эмне болду» деп сураганда, кызматкерлери «Үч-Меркечте турган Чоко жана Токтокүчүк деген туугандарыңыз өзүнө караштуу кырк үйлүү кишиге аштык-бажы бердирбеди. Башкасы деле жетер деди», деп жооп берет экен. Кийинки жылы бир иш болгондо Чокону Берик конок алып, ал түнү аркандан ыргак жасап бүркүтү менен Чокону таң аткыча ыргакка салып, эртең менен «Бүркүтүң эми жакшы алат» деп коё берген экен. Ал «Меркечтин арчасынын табынан да, сен ыргагыңдын ыдыгы жаман өттү го баатыр» деп ашка күйбөй бастырып кетет.

Жаз болгондо Чоко Берик «Кара-Чийдин арыгын каздырып атат», деп угуп, тийишүү үчүн Меркечтен аттанып, бүркүтүн көтөрүп алып, Кара-Сеңирге келип Берикке учурайт. Берик бүркүтүңдү бери кылчы десе, Чоко эмне кылат элең, бул каракашка тынар, муну көрүнгөн киши кармай бербейт, бербеймин дейт. Анда Берик арданып, Чокону арык казгандар менен кармамакчы болгондо, Чоко карматпай күңгөй жүрүп олтуруп Үч-Турпанга барат экен. Анда Үч-Турпандын шаары кичирээк. Баш-Чакмадан тартып суунун бою Кең-Сай болуп жайлоо экен. Ал жайлоодо кудаят делген 400дөй ат багылуучу экен. Бул аттар ошол кездеги калмактардын буткасына караштуу экен. Чоко ал аттарды көзөмөлдөп жүрүп, күндүзү жар көпүрөдөн айдап сыйлыктырып отуруп, От-Башыга чогултуп коюп, ал түнү Какшаалдан Үч-Турпанга бараткан жолоочудан «бутканын аттарын Абайылда, Берик алып кетти» деп кабар салыптыр. Анан аттарды катуу айдап, баспай калгандарынын башын кылыч менен кесип, тумшугун көтүнө тыгып коюп жүрүп отуруптур. Аркасынан аттын куугунчусу калмактар келип, өлгөн атты көрүп: «Бул эмне шумдук иш?!» деп сураганда, ал жердегилер «калмактарды дагы ушинтип башын кесип көтөнүнө тыгам дегендин белгиси» деп айткан экен. Эми Чоко жүрүп олтуруп, аттарды Кызыл-Күмбөздүн Чал деген жерине кашаттын башына жайып коюп, Кара-Чийге эки жолдошунун бирин жиберип, калмактардын наамынан: «Абайылда, Берик менин жылкымды бекер алдың, урушар жериңди айт» деп кат жазып жиберип, өзү күңгөй менен жүрүп олтуруп, элин көчүрүп Тешик-Чапты ашып Ысык-Көлгө кеткен экен. Азыркы Ысык-Көл кутчусу ошолордун уругу дешет. Эми Абайылда, Берик катты көрүп «Муну Чоко кылды, эми Какшаал бизге жер болбойт» деп элин көчүрүп, Анжиян менен жүрүп Таласка барып токтогон экен. Таластагы азыркы кутчулар ошолордун урпагы, жана бирөөлөр кутчунун жээни чоң багыш деп да айтышат. Эки Ак-Чийдин ортосундагы Бел-Алма деген сеңир Абайылда, Бериктин уулугу деп айтылат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

18-08-2011
Кыргыз улутунун түпкү дүмүрү жөнүндө көз караштар
1459

16-06-2011
Чоң багыш уруусу
2003

13-06-2011
Кыргыздын түпкүлүктүү уруусу - Нойгут уруусу
1308

31-05-2011
«Кыргыз» деген аталма жөнүндөгү көз караштар
1267

26-05-2011
Кыргыз улутунун келип чыгышы жөнүндө
1368

Еще статьи

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
X
Для размещения комментария авторизуйтесь

×