Добавить статью
11:38, 22 июня 2011 289708

Кыргыздардын урууларга таралышы (ар бир уруу жөнүндө баян)

Бул санжыра Сапарбай Жаңыбай уулунун санжыра китебинен алынды.

КЫРГЫЗДАРДЫН УРУУЛАРГА ТАРАЛЫШЫ

Кырыгздар Ала-Тоо аймагында жашап турган убакта, б.з.ч. VIII к. араб баскынчылары ислам динин жайылтып жүргөн учурда кыргыздар урууларга ажырай башташат. Оболу эки урууга ажырайт. Кызыл уул жана Отуз уул. Араб баскынчылары ушул эки урууга дербиштерди ислам динин жайылтуу үчүн жөнөтүшөт. Кызыл уулдун балдары дербиштердин үгүт- насаатына көнүшүп, ислам динине кирет, б.а. кабыл алышат.Ошондон улам аларды «ислам дининин ичине кирип кетишти» деп айтышып, «кызыл уул ичкиликтер» деп аташат. Ал эми ислам динине толук кирбей, аны сыртан нокосыя кабыл алышкан Отуз уул балдарын «сырткылык» деп аташат. Дербиштер ушинтип аташкан. Мында белгилей кетүүчү нерсе – Кызыл уулдун балдары ислам динине киришкенден кийин алардын үрп-адаттары да өзгөрөт. Ошондой эле тил жагынан да өзгөрүүгө кабылышат. Мисалы, «кебейт, бобойт» деп сүйлөп калышат. Ал эми үрп-адат боюнча кызды күйөөгө чыгарганда аялдарга кошулуп бир эркек киши барат. Башка мисалдар да бар. Бирок, ал биздин максат эмес.

КЫЗЫЛ УУЛ ИЧКИЛИКТЕР

Кызыл уулдун балдары, б.а. ичкиликтер Лоб жана Кызыл-Суу дарыяларынын оң жана сол жээктеринде мекендешкен. Ошондон улам оң жана сол деп ажыратуу келип чыккан. Эмми ушул ажырымга токтололу. Оң ичкиликтерге төмөнкүлөр кирет:

Тейит: Кызыл баш, Калча, Кара Тейит, Сары Тейит, Бай Тейит, Кочкор Тейит, Чапан Тейит, Арык Тейит, Чал Тейит.

Кесек: Чуулдак, Сары үсөн, Бөлөксары, Можой, Келдер, Чөпкылдак, Каңды, Чүчүк, Кара Молдо, Тагайберди.

Кытай. Булар Сары-Колдо, Мургабда жашашат.

Кыдырша. Эрдене, Чаңдабас, Чынатан.

Нойгут. Лакман, Чардагай, Чери, Акназар, Муңканай, Найманманаш. Кара Мокон, Бөжөй, Шага.

Эштек: Жамгырчы.

Кыпчак: Торайгыр, Таз, Таймат, Кожомшүкүр, Омонок, Жартыбаш, Жаманак, Кырмыш, Сарт Кыпчак, Кыргыз Кыпчак, Ак Кыпчак, Бөө Кыпчак, Кытай Кыпчак, Көк Кыпчак, Кара Кыпчак, Сары Кыпчак.

Сол ичкиликтерге төмөнкүлөр кирет.

Найман:Бөө Найман, Жанбол, Байбол, Кудайменде, Кандыке, Туума, Кожо , үркүнчү, Бозторгой, Тентек, Кара Найман, Сарыбай, Боткочу, Көкө, Боз,

Бостон: Бозбала, Жазар, Ботманке, Баймат, Кара.

Аваат: Токмок, Жой, Чолой, Кыдыршаа, Уста, Гүжөн, Аладаакы, Могол, Баштак.

 ОТУЗ УУЛ – СЫРТКЫЛЫКТАР

Отуз уулдун балдарынын эмне үчүн «сырткылык» деп аталып калгандыгынын жөнүн жогоруда айтып өттүк. Эмми Отуз уулдан тарагандарга токтолуп өтөлү.

Эспет. андан Күйүктү, андан Жамгырчы, андан Көкөтай, Баймурза, Бокмурун, булардан тарагандар Ташкент, Арс, Чалдыбар, Метке, Олуя-ата аймактарында жашаша.Мүмкүн, алар азыркы учурда өзбектешип же казакташып кетишкендир?!

Доспут. Андан Алтын Көкүл, Керр Көкүл, Көк Бөрү, Көк Коен.

Катаган: андан Кошой, Эр Табылды.

Нуркунан: Андан Орозду, Бакай, Маатбий, Көзкаман.

Көзкаман Ыраакы Чыгышка кеткен, андан тарагандарды манурлар дешет.

Ороздудан Жакып, андан Манас, андан Семетей, андан Сейтек, андан Кенен.

Маатбийден Домбал бий, андан Долон бий, андан эгиз Ак уул менен Куу уул. Бул эки уул туурасында төмөнкүдөй уламыш бар. Долон бий эгиз уулдарына энчи бөлгөндө « кимиси улуу?» деген суроо келип чыгат. Аксакалдар уулдардын жнесинен сураганда ал «Ак уул оң бөйрөгүмдөн, Куу уул сол бөйрөгүмдөн түштү» деп жооп берет. Ушул жооптон улам «оң» , «сол» деген ажыратуу келип чыгат. Кийин бара-бара бул сөздөргө «канат» деген сөз кошулуп айтылчу болот. Бул сөздүн кошулган жөнү - биздин оюбузча согушка чериктерди чектеген учурда б.а. дайындоодон келип чыкса керек?!

СОЛ КАНАТ КУУ УУЛДУН БАЛДАРЫ

Куу уулдан эки бала: Кушбак, Куунак.

Кушбактан: Жайыл, Чоң Багыш, Саруу, Басыз, Мундуз.

Жайылдан: Каратал, Каранай. Караталдан: Кушчу. Каранайдан: Кытай.

Чоң Багыштан: Кандабас, Азыкали, Мичак, Кулун, Тынчын, Килен, Сарык.

Саруудан: Теңтөрт, Тогунай, Күркүрөө, Жамаке, Тубай. Теңтөрттөн: Жанчакты, Табылды, Кудайберди. Кудайбердиден: Аккийиз, Көлпөч. Жамакеден: Кыркуул. Кыркуулдан: Кулсейит, Кулчуке. Кулсейитен: Көлдөй, Бешкаман, Мачак. Көлдөйдөн: Эр Эшим, Көкүмбай, Кабай, Жабай. Тубайдан: Муратали, Жаманкара, Таагйберди. Мураталиден: Бөркөй, алакчын, Бешмоюн. Алакчыдан: Кычы, Эр Жолон. Эр Жолондон: Бабыр, Түйтө,Калча, Арзыкул. Жаманкарадан: Мендикара, Белек чал. Тагйбердиден: Жанбол, бекболот, Бала Саруу.

Басыздан: Түгөлбука, андан Айбараалы, Жээренче, Караке, Кашка, Бактыгул, Кудайалат, Отогор, Көчөт. Кудайалаттан: Керки Тамга, Кылыч Тамга. Оторгодон: Куракана, Чоют, Тогуз, Акбаш. Күчүктүн: Күзкана, Маматберек, Байсогур, Каракана, жээналы.

Мундуздан: Зулум, Зуркай,Зултай, Калдык, Шыгай, Замин, Лакай, Шерзар, Зулдуз.

Зулумдан: Кабадан, Атакан, Акман, Дашман. Атакандан: Карача, Таталай, Жалалбай. Акмандан: Абакан, Алдосбай, Абышка. Абакандан: абык, Щыдыр, Кытыра, Көкайдар, Дүрбөл. Дүрбөлдөн: Эсеналы, Босталы, Бошалы, Кармышак, Алдосбайдан: өтөмүш, Жороке, Жаныбек, Бообек. Бообектен: Эшпер, Манас. Эшперден: Ботобай, Дөөлөт. Манастан: Акылбек, Казыбек,Оморбек. Дашмандан: Маамыт, Сейит, Камыт. Маамыттан: Көкчөкөз, Ожурай, Карагул.

Зуркайдан: Мааничекир, Кожояр. Мааничекирден6 Жоолуке, Жооомарт. Жоолукеден: Сейитказы, Эйбит, Тейит. Сейитказыдан: Малай, Багынбай, Шоке. Жоомарттан: Коткор, Куткар. Куткардан6 Эдилбай, Токтоной, Байгозу, Карабала. Кожоярдан: Бакай, Шүкүр. Калдыктан: Чабыр, Кара. Карадан: Чоң кырыгз.

Эми Жайылдын балдары Каратал менен Каранайдан тарагандарга токтоло кетели.

караталдан жалгыз уул Кушчу.

Кушчудан: Мамбет, Токтук, Бокмурун, Сулпаян, Талай, Мамат, Сабатар, Каңгелди, Бүргө, Кайназар. Кайназардан: Майтык, Түлөберди, Кенже, Күчүк. Каранайдан: Кытай. Кытайдан: Жогорку Тамга, Байтике, Буудай, Алкожо, Төмөнкү Тамга. Жогорку Тамгадан: Чотон, Олжобай, Чопук, Алак, Байдөбөт. Төмөнкү Тамгадан: Дос, Каракебек, Каракесек, Итеш.

Жогоруда сол канат Куу уулдан эки бала Кушбак, Куунак деп айттык.

Эми Куунактан да эки уул төрөлөт. Каңды, Төөлөс.

Каңдыдан: Каракңды, Каранай, Алашан, Чокаке, Орок Тамга, үчөк Тамга, Уманкаңды, Түркмөн, Уйгубулга, шаран, Сарыкаңды.

Төөлөстөн: Кызылаяк, Телмон, Көкаяк. Телмондон: Чулум. Чулумдан: Кудаш, Барак, Кудайкул, Жаный. Кудаштан: Байболот, Жолуке. Жолукеден: Ажы, Абышка.

Ушул эки уруу жөнүндө айтканда белгилей кетчү нерсе – бул эки уруу Кызыл уулдун балдарына же ичкиликке кошулбайт. Жогоруда белгилегенибиздей, булар Куу уулдун Кунак деген баласынан тарашат. Айрым санжырачылар «Т» тамгасынын ордуна «Д» тамгасын айтышып дөөлөс уруусу менен чаташтырып жиберишет. Бул эки уруу туурв=асында төмөнкүдөй лакап сакталып калган: « кандынын ханы болгончо бозокордун бийи бол», «төөлөс төрүн бербейт, өлсө гөрүн бербейт».

ЖЕЛПИНИШТИН – КЕБЕЗ ТООЛУК КЫЛЫЧ ХАНДАН: КӨКӨ,ТАИР

Таир таарынып, казактын арасына кирип кетет да, Казалыны жердеп, казак болуп калат. Ал эми Көкө – Наалдан: Муңгуш, Моңол, Черик.

Муңгуштан: Кош Тамга, Жагалмай Тамга.

Кош Тамгадан: Төлөйкөн, Жоош, Улуу Катын, Эрке Кашка, Көк Жатык, Кодогочун, Сарылар, Сарай.

Жагалмай Тамгадан: Жапалак, Соколок, Маңгыт, Жылкелди, Кара Эчки, Тейке.

Моңолдон: Асан, Адыл, Тогонбай. Асандан: Самансур.

Самансурдан: Сарыбаш, Бакы, Маани, Кара, Чалагыр.

Мааниден: Тагайбер, Токкара. Бакыдан: Алымсейит, Куттуксейит.

Алымсейиттен: Баймоңол, Райымбек, Орунбай, Бейшен, Алгожо, Узакбай.

Куттуксейиттен: Алагар. Алагардан: Богонок. Богоноктон: Бачеке, Куусөөк,Сырдыбай. Бачекеден: Туума. Сырдыбайдан: Кабай, Олжобай. Куусөөктөн: Эштек, Назар, Саргашка, Акжол, Токо, Көчөк. Карадан: Абылгазы, Сейитгазы, Мангазы, Эссен, Кунуке, Канай, Шайбек, Каратаман. Сейитгазыдан: үчкыйра. үчкыйрадан: Улуукыйра, Ортокыйра, Балакыйра. Улукыйрадан: Түркмөн, Кутугай. Түркмөндөн: Токо, Тойчу. Тойчудан: Олдойчу, Доңуз. Тойчудан: Богала. Кутугайдан: алагөз, Бакы, ыңырчак, Самтыр, Сарык.Ортокыйрадан: Байгазы, Токтомуш. Балакыйрадан: Коңдуулат. Коңдуулаттан: Дуулат, Каранамыз, Ногой. Тогонбайдан: Нүрдүн. Нүрдүндөн: Ысмайыл, Кошой, Жапар. Ысмайылдан: Керим. Керимден: Сапарбек, Капарбек, Капан. Адылдан: Тайкөтөн, Талас, Солтоной, алтыбай. Алтыбайдан: Абыл, Алаш, Адырбек.

Чериктен: Назарбай. Назарбайдан: Кудайкул, Кудайберди, Тайчак. Кудайкулдан: Акчубак, Байчубак, Ботош. Ботоштон: Молдо, Куба, Молдодон: Сырга, Асанбек, Калпа, Желдең, Мамак, Абык, Болкой. Кубадан: Бакты, Күпчөкөй, Узункулак, Кызыл. Бактыдан: Токтобай. Токтобайдан: Эшимбек, Жабагы, Ысмайыл, Арстанбек, Жакып, Ашым, Ажыбек, Тоймат. Жабагыдан: Жусуп, Бекмат, Суранчы. Бекматтан: Балбак, Чылчык, Бошкой. Суранчыдан: Балбай, Качкын. Ажыбектен: Абласан, Абдыраман, өмүркан. Абласандан: Телтай, Жантай, Молтой, Арзыкан, Кутуке, Найман. Абдырамандан: Боогачы. Тойматтан: Турдуке. Кудайбердиден: Отогор, Карагул, Бөкө. Отогордон: Тору. Карагулдан: Мамат. Тайчактан: Мансурбек, Карарык . Боогачындан: үчтамга, Куба.

КОҢУРАТ УРУУУСУ

Кыйан насили жорулук Мергенден: Коңурат. Коңураттан: Байбөрү, Байсары, Таңатар, Чырак, Таштемир. Байбөрүдөн: Бейше, Болот. Байсарыдан: Каргатай. Карагтайдан: улан, Жараш. Уландан: Чалбаш, Атасары, Токтомуш. Чалбаштан: Досколо, Календер, Кожомберди, Байболот, Белек. Атасарыдан: Токмурат, Чеке, Сыдык, Мамбет. Токтомуштан: Улак, Майрык, Тилеке, Жаныш. Тилекеден: Эшимбек, Кенжекара, Дуулат, Энтери. Энтериден: Жантай, Сокур, Жолболду, Кулболду, Төрө, Бокмурун,Термечик. Сокурдан: Муса, Отунчу. Отунчудан: Усуп, Абды. Жараштан: Бөрү. Бөрүдөн: Оолжума, Токтоке, Саспак. Чырактан6 Таштемир. Таштемирден: Мамаян, Демдияр, Меңдик.

САЯК УРУУСУ

Нил дарыя жээги. Сит уругу Саяк. Саяктан: Байыш, Карек. Байыштан: Каба, Сары. Кабадан: Алакөз, Түнкатар, Түнтөй, Тезек, Куттуксейит, Кутунай, Кайдуулат. Түнкатардан: Нарбото. Нарботодон: Рыскулбек, Бокбасар, Жорукту, Көкүмбий, Арзымат, Назар. Арзыматтан: Садыр, Сейит. Түнтөйдөн: Бозтери, Актери, Аккулак, Аратай. Бозтериден: Элтынды, Казан, Досой, Бешей, Чиркей, Шайыкмамат. Шайыкмаматтан: Кудайбай, Куртка, Бектемиш, Кожояр. Курткадан: Дуулат, Акылбек, Торпок, Канат. Торпоктон6 Аңылдак, Максүт. Бектемиштен: Шайбек, Кудаяр, Асказан. Тезектен: Тоок батыр. Куутукксейиттен: Байжунус, Баястан, Канат, Сатар, Багыш. Кайдуулаттан: Адигине, Байболот, Жообасар, Бакмандеке. Адигинеден: Думана уулу, Казакбай уулу, Жаманбай уулу. Байболоттон: Чекир. Чекирден: Учкуртка, Түгөл ырчы. Учкурткадан: Кудайберди, Аккабак, Ыман. Кудайбердиден: Чоро, Күрүчбек, Күлжыгач. Күлжыгачтан: Караболот, шааболот, Качыке, Жулуке, Итэмген, Сүтемген, өйдөчекти, Боркемик. Ымандан: Атантай, Тайлак. Түгөлдөн: Осмон, Мангут, Жараш. Мангуттан: Катаган, Сүйөркул, Казыгул.

ОҢ КАНАТ АК УУЛДУН БАЛДАРЫ

Ак уулдан эки уул, бир кыз: Адигине, Тагай жана Наал. Жогорудан Наалдан (Кылыч хандынбаласы Көкөдөн) тараган Мүңгүш, Моңол, Черик уруулары туурасында айтып өттүк. Эми Турдубай өмар уулунун «Санжыра» деп аталган чакан китепчесине бир аз сарасеп салалы. Андагы схемада Мүң гүшту, Черикти, Коңуратты, Саякты Тагайдын балдарына кошкону туура эмес. Мүңгүш менен Черик Наалдан тарайт. Ал эми булар Тагайга жээн гана болушат.

Коңурат уруусу тууралуу эки ооз сөз айта кетели. Анткени, бул уруу жагдайында элибизде уламыш сакталып калган. Анда Адигине мене Тагай кол курап, Кашгар шаарын басып алууга аттанышат. Тагай эжеси Наалдын Күрөң күлүк атын сурап минет. Анан Кашгарды чаап алышып, чоң олжого туйтунушат. Бир күнү Адигине менен Тагай көчөдө бастырып баратышып, бешикте бөлөнүү уул баланын ыйлап атканын көрүшөт. Адигине бир жигитине ошол баланы этияттап сактап, элге жеткирүүнү тапшырат… Бир күнү Тагай Күрөң күлүктү чылбырын сүйрөтүп бош коңт да, тамактанып калат. Ошол учурда капысынан күтүрөгөн жылкы качкан душманды көздөй үркүп өткөндө Күрөң күлүк кошулуп кетет. Тагай аттан ажырап, башка ат минип келет. Ал эжесине уят болуп, ага көп мал бөлүп берип, бешиктеги баланыда тапшырат. Наал инисине ыраазы болуп, баланын атын «Сырды бешик» деп коюп, багып алат. Бала эр жетип, анны үйлөшөт. Андан уул төрөлөт да, анын ысмын Коңурат коюшат. Ушундан коңурат уруусу келип чыгат. Уламышта бешиктеги баланы атасы сол канат Куу уулдун кушчу уруусунанКубат хандын уругунан деп да айтылат.

ТАГАЙ БАЛДАРЫ

Тагайдан төрт уул төрөлөт. Богорстон, Койлон, Кылжыр, Карачоро. Ал эми Азык менен Чертике Тагайдын тондуу балдары д.а.

Богорстондон: Эштек, Козор.

Эштектен: Солто.

Солтодон: Күнтуу, Култуу, Чаа.

Күнтуудан: Токбай, Карамерген, Кулболду, Чоңмурун, Байгана, Жолболду, Ажыбек. Токбайдан: Бекболот, Козуке, Мендеш, Токтаалы, Шонкор. Карамергенден: Базыркул батыр. Кулболдудан: Сатымкул, Кудайназар, Каракулболду, Итемген, Сейтеке, Дандыбай. Байганадан: Кашкабаш, Сарьбан.

Култуудан: Адыке, Адигине, Мендике, Аккүчүк, Элчибек, Чылпак. Аккүчүктөн: Абышка, Чал.

Чаадан: Талкан, Белекбай, Жоочалыш, Тата. Талкандан: Байсейит, Бүтөш. Коңурбай, Кошой, Бакы, Багышан, Байболот, Делдек, Алдаң. Коңурбайдан: Жайыл. Кошойдон: Жамансарт, Момокон, Баймырза, Мамбет. Жамансарттан: Түлөберди. Түлөбердиден: Эшкожо, Канай, Чыны, Карбоз, Алапай, Татыбек. Канайдан: Бошкой, Байтик. Бошкойдон: өзүбек. Эшкожодон: Жанкарач. Чыныдан: Тынаалы, Доорон, Тойчубек. Тынаалыдан: Чолпонкул, Ырысменде. Байсейиттен: Кутумбет, Эчиркемиш, Ногой, Чулу, үкү, Саманчы, Чүмкөлөй, Аргынбай, Салык. Бүтөштөн: Төлөн, Тубан,Түлөкабыл, Жагыш, Багыш, Төкөлдөш, Жакып, Жаманкара. Жоочалыштан: Кенен, Белек, Бишкек. Татадан: Абыл, Аңылдак, Кенжебай, Кулубай, Токобай, Айтыке, Токо, Шайык, Жумабай.

Койлондон: Жедигер. Жедигерден: Жанай. Жанайдан: Калдабай, Долу. Долудан: Орозаалы, Белекбай, Жакеш ,Кенжекул, өскөн, Токбай. Токбайдан: Ордобай, Бөлөкбай, Бугубай. Бугубайдан: Мусакожо, Атанаалы, Кудайберген, Саякбай. Саякбайдан: Кудайберген, Чекир. Чекирлен: Мамбетаалы ,Асанаалы, Курманаалы, Токтааалы ,Турдаалы, Турдумамбет, Сатылган. Сатылгандан: Черекбай, Жумаалы, үсөн, Жунуш, Жуматай. Жуматайдан: Матай, Абдылда, Ажыбай. Ажыбайдан: Орозбай, Мамбет ,Акчекир.

Кылжырдан: Дөөлөсбакты(Сарбагыш), Орозбакты(Бугу).

Дөөлөсбактыдан: Токо, Жантай, Элчибек, Манап.

Токодон: өзүк, Чечей, Абыла, Сабыр, Чагалдак, Молой, Бешкалмак. Чечейден: Дайырбек, Калча, Атанбек, Айтак, Шааназар, Назарбек. Абыладан: Кочкортеке. Чагалдактан: Саруу, Сарыкүчүк, Акжол, Рысбай, Сартбай, Берик.

Жантайдан: Сары. Сарыдан: Бөрүчөк. Бөрүчөктөн: Атабай, Айкө, Илеке, Күзөке. Атабайдан: Козубек, Казыбек, Кубат, Белек, Таштоку, Мендике. Мендикеден: Саза, Айтбай, Жумаш. Айкөдөн: Боктубай. Андан: Кудайбакты. Андан: Итийбас, Көйтөбас, Сарыке, Бука, Бегиш, Дайырбек. Итийбастан: Кара чолок. Көйтөбастан: Черикчи. Букадан: Токтогон. Бегиштен: Шааболот. Дайырбектен: Алагуш, Алыбек, Жаманак. Илекеден: Аккозу. Андан: үлүмжү, Рай, Мамат, Асан. Күзөкеден: Акий, Калматай, Эшиге, Досон. Калматайдан: Кенже, Медеке, Нооруке, Кашка. Акийден: Ниязбек, Дайырбек, Тыныбек, Оболбек.

Элчибектен: Райымбек, Атамат, Моюнчу, Эшмурат, Алыбек, Жунус, Шайбек.

Манаптан: Сүтөй, Сүүткө.

Сүтүкөдөн: Кудур, Жарбаң.

Сүтөйдөн: Сарсейит, Тукур.

Тукурдан: Эшим, Олчотой. Эшимден: Бекбото.

Сарсейиттен: үчүкө, Түлкү, Кудаяң, Эрдене.

Түлкүдөн: Тынай, Сокур, Бекмурат, Арзыгул, Рыскул, Атаке, Сатыбалды.

Атакеден: Карабек, Таштанбек, Абылай, Солтоной, Байкиши, Жанкиши, Сартай, Назарбек, Бутман, Бозокор.

Карабектен: Жантай, Маркозу, Телтай, Молтой.

Жантайдан: Шабдан, Мамыт, Искнедер.

Абылайдан: Бөкөй, Малматай, Адыл, Нака, Бегалы, Карач, Шуруке,Кенжатай, Тилеш. Солтонойдон: Чыңгыш, Ысмайыл, Абадан, Дебике, Кудайменде, Жаанбай, Кулатай, Кулсары, Жансар, Тайлак. Чыңгыштан: Кудаяр. Андан: Сооронбай. Андан: Дүр. Сатыбалдыдан: Жообасар. Андан: Кубат, Ая, Алмакүчүк, Карыүзөн, Чомой, Шайбек, Ыйбак, Балбак, Таштанбек, Стамбек. Шайбектен: Нарбото. Кубаттан: Ташыбек, Чаңга, Алыбек, Абаке, Баястан, Адына.

Алыбектен: Калыгул чечен. Стамбектен: Жунус, Түлөкабыл, Калпак, Орозбак, Боромбай. үчүкеден: Дөөлөткул, Маматкул, Кудаяр. Дөөлөткулдан: Надырбек, Бай, Карамурат, Аалы. Байдан: Калыгул олуя. Маматкулдан: Темир, Бөгөт, Андагул, Көккөз, Берик. Болоттон: Кожомшүкүр, Эсенгул. Эсенгулдан: Ниязбек. Андан: Ормон-хан.

Ормондон: үмөталаы. Куттуксейиттен: Карач. Андан: Төрөгелди. Темирден: Черикчи. Андан: Абайдылда. Андан: Төрөгелди. андан: Шамыркан. Андан: Молдо Кылыч.

Кылжырдан: Орозбакты(Бугу).

Орозбактыдан: Арыкмырза, Мырзакул, Асанмырза, Кармырза, Токочмырза.

Арыкмырзадан: Балтатыр, Жоотатыр.

Мырзакулдан: Тынымсейит, Алсейит. Тынымсейиттен: Мортук, Шалтак, Кабели. Шалтактан: Бактыгул, Дүйшөнбай, Жутабай, Жаныбек, Угу, Кошаалы, Жанузак, Жансары, Кулунчак, Балчак, Эсенгелди ,Атакозу, Кожоке. Мортуктан: Токтогул, Жаманак. Жаманактан: Калыбек, Тотуя, Аян. Алсейиттен: Адам, Жаманкул, Бапа, туума. Жаманкулдан: Төрөкочкор, Боке, Кыдык Белек. Төрөкочкордон: Куржун, Беккулу, Майназар, Мусса, Эсей, Торгой. Боокеден: Карасултан, Такабай. Кыдыктан: Жакшылык, Жаныбек, Кутулдук, Жаанбай. Жаанбайдан: Меңдибай, Бейиш, Алдаке, Кудайбакты. Белектен: Теңизбай, Элчибай, Кожош, Шүкүр, Токоч, Точунбай. Толубай, Саты, Алдаш, Төкөй, Алдаяр, Майнеке. Төкөйдөн: Абайылда, Эшкожо, Балбай баатыр. Бападан: Кубаакы, Манжы, Эштек, Төрөкыштак. Туумадан6 Аккозу, Бозкозу, Каракозу, Жүдөмүш,Базарчы, Желдең, Түлөберди.

Карачородон (Тагайдын өзбек аялынан): Балта, Багыш, Келдике. Балтадан: Олжобай, Түлкүчөк, Дүйшөн, Тогузак, Кашкулак, Асан,Беки. Бекиден: Молдобай. Олжобайдан: Жамгырчы, Малтабар, Шаабек, Чымчык, Меңдүрү, Буудайчы. Малтабардан: Жээнбай, Элчибай, Маймонкө, Эзет. Жоокачты, Акбото, Шаабото, Капсаң. Шаабектен: Эсирге, Байгонок, Адигине, Жээналы. Адигинеден: Качыке. Чымчыктан: Барман, Толубай, Төкөй, Баглан. Эсиргеден: Сатыбалды, Какач, Супатай. Богоноктон: Мамбет, Чөөдөн. Жээналыдан: Шоорук, Белеке, Бекберген. Маймөнкөдөн: Байтайлак, Карбос, Чыныбек. Дүйшөндөн: Көнкө, Аташ, Ботош. Асандан: Алкожо, Жанкожо. Багыштан: Жанкороз, Куржун, Көкүмбай, Конок, Бодом, Кошбычак, Оржубек. Көкүмбайдан: Темишкан. Андан: Аккочкор, Каңкы. Куржундан: Баарың. андан: Маадемил, Майдан. Келдикеден: Бука, Каратон, Баба, Сарыкелдике, Каркелдике, Ташекичи, Кыркүн. Каратондон: Кармышак, Сопу. Бабадан: Абакир. Ташекчиден: Бекен. Кыркүндөн: Кулуш, Кемпир уулу.

Азыктан (Тагайдын тондуу баласы): Кашкөлөн. Кашкөлөндөн: Козугугна, Бычман, Байкүчүк, Бөрү. Бычмандан: Орозой, Караконой. Караконойдон: Жанбала. Жанбаладан: Короолу, Жумаке, Конокбай. Короолудан: Карасай, Карагул, Темир.

Чертикеден: (Тагайдын тондуу баласы): Бөкөн. Бөкөндөн: Жармамат. Жармаматтан: Кожо. Кожодон: Миярбай. Миярбайдан: Сарыкалпак, Сазай, Карамоюн, Чаке. Сарыкалпактан: Кызбобек. Кызбообектен: Атай, Сатай. Сазайдан: Байзак. Карамоюндан: Көкчөкөз, Токо, Кожо. Чакеден: Байназар.

АК ЭЧКИ УРУУСУ

(Тоголок Молоднун айтуусу боюнча )

Жумгалдык Төлөк деген кишинин кудасы ак эчкиге алмашкан Баланы Ооганстандын ханынын ордосунан уурдап келип, кыздын калыңына өткөрөт. төлөк ал баланы өзүнүн уулу үсөнгө берет. үсөн тойдо байгеде баланы соорунга саят. Ал эми бир сынчынын айтканы боюнча үсөн соорунга ак эчки берип, баланы өзүндө алып калат. Ошондон улам бала бара-бара ак эчки аталып кетет.

Ак эчкиден: Шайбыр, Токтор, Жээнбек.

АДИГИНЕ БАЛДАРЫ

Адигиненин беш уулу болот. Бөрү, Карабагыш, Сарттар, Жору, Баргы. Ал эми сарт аялынан Бектен аттуу да уулу болгон деп айтылат.

Бөрүдөн: Алеке, Абаке, Байыш, Кожоке, Бабаке.

Алакеден: Кубатали, Карим, Тайчыкты.

Абакеден: Абдыразак, Айсы.

Байыштан: Дыйкан, Ырысбай.

Кожокеден: Муса, Мурзабай.

Бабакеден: Алым.

Карабагыштан: Чаарбаш, Досмат ,Мырзаке.

Мырзакени 12 ата деп атап коюшат.

Сарттардан: Каракана, Жакшылык, Куртка, Кашкатай, Караменде, Кадыр, Кабылан. Караканадан: Бырышкак. Бырышкактан: Ыкыт, Осмон, Келгенбай

Жакшылыктан: Кошике. Курткадан: Сырдабай, Эшмат, Кулжыгач, Эсенали.

Кашкатайдан: Заңги, Чакыр, Бана, Буудайчы.

Карамендеден: Төрөкул, Тагай, Мамбет.

Кабыландан: Катаган, Калы балбан..Калы балбандан: Чүдүй, Тайлак, Каңкозу, Жаңгозу, Жумабай.

Жорудан: Айтамга, Ачатамга, Кылычтамга, Серке батыр, Калча.

Айтамгадан: Күнчубак, Каракунас, Боро, Калдыр.

Ачатамгадан: Байназар, Чегир. Байназардан: Эсеке, Элчибек, Ийрек, Барак, Кадырали. Чегирден: Бейшенбай, Кучкач, Корок, Чайчы.

Кылычтамгадан: Байлабас, Бешберен.

Серке баатырдан: Кожо, Тасма. Кожодон: Мурзакул, Карбанкул. Тасмадан: Булаш, Теңизбай.

Калчадан: Миңбай, Карыбек, Мурза. Миңбайдан: Дубана, Кадыр. Карыбектен: Мамаш, Акматали. Мурзадан: Акмат, Ысмайыл, Насыр.

Баргыдан: Сансыз, Сатыке.

Сансыздан: Ардай, Мөнөк, Кенжекул, Меңдикул, Манак, Акбуура.(Манактын балдары өзбекстанда, Акбууранын балдары Атбашыда жашашат).

Сатыкеден: Исамамат, Мырзаке.

Исамаматтан: Кудайберди. Кудайбердиден: Апалтай, Маңгылтай. Апалтайдан: Эшамат, Калкамат. Эшаматтан: Карабаргы. Калкаматтан: Сарыбаргы, Тазбаргы.

Мырзакеден Сабай, Тооке, Бөкөй.

Сабайдан: Полот. Полоттон: Кулболду, Кашкулак, Атабек, Одур, Жапар. Кулболдудан: Мойнок, Акчубак, Калча, Маркаш. Кошкулактан: Жашык, Белек, Сасык. Одурдан: Моңкош, Бердали. Жапардан Амат, Аккан, Сатар, Пират, Кара, Назар, Баатыр.

Тоокеден: Алдар, Кучкач.

Алдардан: Чеке, Сарык, Кырнайза.

Чекеден: Кемпир, Жаманкыз.

Сарыктан: Мамбет, Толубай, Кашкар.

Кырнайзадан Сүйөр, Тогуз уул. Кучкачтан Мамыт, Дабыт, Элике. Мамыттан: Арзыке, Белек, Калча, Жоруп, Дербиш,Кургун, Беки. Дабыттан: үркөрчү, Чепкенчи, Жамгырчы. Эликеден: Молдош, Эшей, Жыртак, Атантай, Кебек.

Бөкөйдөн: Байбөөчөн, Бакал.

Байбөөчөндөн: Олжоке, Көкчө,Тилеке.

Олжокеден: Чынбагыш, Көчөк, Мойнок.

Чынбагыштан: Муса.

Көчөктөн Бегиш, Райымбек. Бегиштен: Календер, Шереке. Райымбектен: Табылды, Тыныбек, Алымбек.

Мойноктон: Каралар.

Көкчөдөн: Алыбек, Акбото, Эшим.

Алыбектен: Жакшыбай, Таабалды, Кудайкул. Жакшыбайдан: Дубана, өмүрбек. Таабалдыдан Разакул. Кудайкулдан: Токтоназар. Акботодон: Алымсейит, Досконбай. Эшимден: Сартаке, Сансыз, Кудайбакты, Калыке.

Тилекеден: Оболбек, Черикчи, Тарыкчы, Жамгырчы, Папан, Татар, Бүкүр, Ажыбек.

Оболбектен: Атамерек.

Черикчиден: Мурзалар.

Жамгырчыдан: Калдай, Чойлор.

Тарыкчыдан: үчбай.

Ажыбектен: Ботобек, Бегали, Бекмурза, Жетибай. Бекмурзадан: Сулайман, Молдобай, Эгемжар, Тагай, Мати, Токтор, Ташыбек. Сулаймандан: Парманас. Парманастан Мамат. Молдобайдан: Абдылда, Маткасым. Эгемжардан: Бакалбай. Бакалбайдан: Ысак. Тагайдан: Динбай, Жаанбай. Матиден: Сыдык, Абдыразак, Ысмайыл. Тайлактан: Эргеш. Ташыбектен: Токтогул, Ормонбай, Жетибай. Бегалиден: Абыл, Кабыл. Абылдан: Адан. Адандан: Осмон.

Ажыбектин кыпчак аялынан: Алтыбай, Шаамурза.

Алтыбайдан: Кыдырбай, Чөөкар, Жетибай. Кыдырбайдан: Султан, Алыбай. Чөөкардан Акынбек. Акынбектен: Капар. Капардан: Салан. Жетибайдан: өмарбек. өмарбектен: Жолон, Аттокур.

Шаамурзадан: Асан, Намаз, Арык, Кудаяр.

Асандан: Алымбек Датка, Осмонбек, өмүрбек, Бекмурат.

Алымбек Датканын биринчи аялынан: Акынбек. Акынбектен Шүкүрбек. Шүкүрбектен үрүстөм, Кариш. үрүстөмдөн Сапарбай. Кариштин экинчи аялынан Каныбай.

Алымбек Датканын экинчи аялы Курманжан Даткадан: Абдылдабек, Асанбек, Маамытбек, Баатырбек, Камчыбек. Абдылдабектен: Мырзапаяз. Мырзапаяздын биринчи аялынан: Айдаркаары, экинчи аялынан: Бурканбек, өмарбек. үчүнчү аялынан: Шамшы, Абдыкапар, төртүнчү аялынан Эгемжар. Буркнабектен : Султанбек, Искендер. Омарбектен: Султанбек. Шамшыдан: Манап. Абдыкапарлдан: Мамасейит, Жусуп, Асанбек, Чыныбек. Асанбектин бирирнчи аялынан: Мамадали, Экинчи аялынан: Сарыбек, үчүнчү аялынан: Мурзакаары, өмаржан. Мамадалиден: Айдар, Камбар. Сарыбектин биринчи аялынан: Мала, Амат, экинчи аялынан: Лутпилда, үчүнчү аялынан: Төрө. Маладан: адан. Төрөдөн: Бектемир, Жантемир, Кантемир. Мамытбектен: Абылгазы, Каракожо, Нурдин. Баатырбектен: Арстанбек. Арстанбектен: Аллакул, Маданбек(биринчи аялынан), Абсатар(экинчи аялынан), Сапарбек, Капарбек(үчүнчү аялынан).Камчыбектен: Кадырбек (бирирнчи аялынан), Азизибек (экинчи аялынан). Кадырбектен: Инаят, Нышан. Азизбектен: Абдимиталип (биринчи аялынан), Нуркамил (экинчи аялынан). Осмонбектен: Баба, Көбөтай, Султакебай, Мадалы. Бабадан: Калдыбай, Апи. Көбөтайдан: Пазыл, Ормон, Сайит. Пазылдан: Полот. Султакебайдан: Мамат. Маматтан: Аман, Даң. Мадалиден: Кайры, Тыныбек, апыш. өмүрбектен: Досмат, Апаз. Досматтан: Шамырбек, Мурзапар. Шамырбектен: Кеңеш. Апаздан: Нурматнайып. Нурматнайыптан: Бозулан. Бекмураттан: Жаркынбай датка. Андан: Апазбек (биринчи аялынан),

Толубай, Кадыр (экинчи аялынан). Апазбектен: Бокон. Намаздан: Солтоке, Кара. Солтокеден: Машрап, карабек, Кожокул, Молдокул. Машраптан: Масабир. Андан: Эндеше, Эркинбай. Карабектен: Ороз, Токтобай. Ороздон: Баргыбай. Токтобайдан: Сары. Молодкулдан: Райымбек, Эсенкул, Сары. Карадан: Сады, Азимбай, Исабек, Касымбек. Садыдан: Көчөмолод. Андан: Искендер, Сасыбай. Азимбайдан: Бөрчү, Бекетай, Абдукарим. Бөрчүдөн: токтосун. Исабектен: Көккөз, Ыманкул, Алымкул. Касымбектен: Нурак. Андан: Апаз, Маткалык, Молор. Арыктан: Эламан, Мусабек, Арзыбек. Эламандан: Сыдык, Мамат, Жакыпбек, Молдамат. Мусабектен: Сопу ,Нияз, Мурзабек. Арзыбектен: Кошой, Эшей, Султан, Белек. Кудаярдан: Касы, Бакы, Садык. Касыдан: Зулпукар, Асан. Бакыдан: Нурат, Көккөз. Садыктан: Алакөз, Төтөл.

Адигиненин сарт аялынан Бектен туулган.

Бектенден: Баарын. Баарындан: Токтосун. Андан: өмүрзак, Ырысбай, Абдурасул. өмрзактан: Жунус, Масак, Ороз. Ырысбайдан: Сатар, Абыш. Абдурасулдан: Аттокур, Жээнбек, Гадий.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

22-06-2011
Бакал уурусу
109035

22-06-2011
Кыргыз санжырасы: Адам ата жана Обо эне, жети уламыш, Түрктүн балдары
32760

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×