Добавить статью
4:48 18 Августа 2011

Кыргыз улутунун түпкү дүмүрү жөнүндө көз караштар

Кыргыз улутунун түп-негизи бар, бу түп-негиз жөнүндө бири бирине окшобогон санжыралык көз караштар төмөнкүлөр:

1. Кыргыз улутунун түпкү дүмүрү (жылдызы) түрк деген караш. Башка элдердин санжырачыларынын айтышынча жана тарыхый материалдарга негизделгенде, түрк кыргыз улутунун түпкү дүмүрү экендиги анык. Түрк деген аттын кайдан келип чыккандыгы жөнүндө азырга чейин бирдикке келген көз караш жок. Тек гана, диний-тарыхый карашта Нух пайгамбар доорунда бүтүн жер бетин топон суу басып кетип, Нух пайгамбардын Хам, Сам, Яфас деген үч уулу, үч келини тирүү калганда башка кишилер бүтүндөй өлгөн экен. Яфастан 8 бала төрөлүп, чоң Түрк экен. Бул аңыздан башка түрктүн дүмүрү жөнүндө илимий негиз жок.

Санжырачылардын айтышынча, түрктүн уулу Түтек, Түтектин уулу Дип Бакуйчан, Бакуйчандын уулу Күйүк-Жан, Күйүк-Жандын уулу Алынчахан, Алынчахандын уулу Муңгулчан, Муңгулчандын уулу Карахан, Карахандын уулу Огузхан бүткүл Азияга хан болгон экен, адилеттүү калкчыл хан болгондуктан 120 жыл өкүм сүргөн экен. Анын доорунда эл ичинде бейпилчилик болуп, койдун үстүндө торгой жумурткалаган заман деген ошондон калган экен. Анын өкүм сүргөн территориясы күн чыгыш Моңголия, күн батышы Орол тоосуна чейин созулган болуп, Ысык-Көлдүн батыш тарабындагы бир жерди борбор кылып турган экен.

Огузхандын чоң катынынан Күнхан, Айхан, Жылдызхан деген уч уулу, кичи катынынан Көкхан, Тоохан, Деңизхан деген үч уулу бар экен. Булардын ар биринен төрттөн бала болуп, Огузхан 24 небере көргөн экен. Огузхандын ушул небереси байыркы түрк урууларынын түзүлүшүнүн түпкү негизи болуп калган. Кыргыз ушул 24 неберенин биринен тараган. Деңизхандын урпагынан экендиги анык. «...Огузхандын Кыргыз аттуу бир небереси бар эле, кыргыздар анын уругунан эле. Могол, татар жана башка уруулардан от, суу издеп айбандарды багуу үчүн кыргыз журтуна барып кыргыз деген атты алды... Кыргыз эли төрөсүн энал дейт эле. Могол менен тажиктер падыша дегендей.» Демек, Түрк кыргыз улутунун түпкү дүмүрү деген караш ар бир элдердин атактуу санжырачылары бирдикке. келген караш.

2. Кыргыздардын түпкү дүмүрү — «кыргез» деген караш. Кээ бир санжырачылардын айтышына караганда, байыркы заман түрктөрүндө Калачхан аттуу бир хан болгон экен. Ал өзү сулуу адам болуп, чаар адамдарды көрсө жаратпай өлтүрүп, баласы чоңойгондон кийин чечек чыгып чаар болуп калыптыр, Калачхан буга арданып кандай кылышын биле албай турганда, вазири «балага 40 кенизек кошуп, адам көрбогон тоонун арасына алып барып таштайлы» деп масилет бериптир. Калачхан бул масилетке кошулгандан кийин, чаар баласын 40 кенизек менен адам көрбөгөн тоонун арасына алып барып «кыргез» деп таштаптыр. Алар тоонун арасын мекендеп, кырда кезип жүрүп бала-чакалуу болуптур, урпактары көбөйүптүр. Жылдардын өтүшү менен «кыргез», «кыр киши» деген наам «кыргыз» деген наамга өзгөргөн. «Кыргездер» «кыргыздын» түпкү дүмүрү деген караш. Бул караштын жылдызы жана эле биринчи караштын жылдызына кошулат. Анткени Калачхан түрктүн урпагы.

3. Кыргыз улутунун түпкү дүмүрү — усундар деген караш. Ишеничтүү тарыхый материалдарга негизделгенде, усундар мурунтан эле Тянь-Шандын жергеси менен Иле дарыясынын бойлорунда жашап, кийинчерээк азыркы Чүй дарыясынын боюнда олтурушкан көчмөн эл. Усундардын падышасы Унмаву Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги азыркы Чоң Кызыл-Суу каланын айланасындагы бир жерди борбор кылып турган, жуңголуктар муну чиго мамлекети деп аташкан. Чиго деген аталма ошол кездеги кыргыздар деген сөз болучу.

Ундархан сулаласынын тагына капыстан кол салып, тынчтык бербейт. Туш-туштан куйманын ичине чаап киришип, булаң-талаң кылып турушат, Хен сулаласынын падышасы Хенвуди ундардын чабуулуна тайлаша алчу өзүнө өнөк издеп, мыладиден 138-жыл мурун Жаңчян деген элчисин 300 жоросу менен Усундарга жиберет. Ушул учурда Усундар да Ундардын чабуулуна учурап турган. Бир учурда Ундар Усундарга катуу чабуул жасап, Усундардын падышасы Андорбайды өлтүрөт, журтун булаң-талаң кылат. Андорбай өлөрүндө эми эле төрөлгөн баласы Күнбайды кийизге ороп талаага ыргыттырып жиберет. Муну көргөн бөрү баланы эмизип сүтүн берет, канаттуулар баланын денесине жармашкан курт-кумурскаларды терип жеп тургандын сыртында, эт, суу алып келип берет. Муну көргөн Ундардын падышасы айраң-таң калат, «ыйык» экен деп үйүнө алып кетет, бала өтө кыраан, акылман, баатыр болуп чоңоёт. Ундар анын колунан иш келе тургандыгын билип аскер башчысы кылып дайындайт, бир канча иретке салгылашууда кызмат көрсөткөндүктөн Ундар анын атасынан тартып алган жер-сууну, мал-пулду кайтарып берип, өзүн чепти коргоого коёт. Мына ушул себептүү Усуңдар менен Ундардын ортосунда зор кайчылык бар эле. Жаңчян андан жолго чыгып, Шынчаңга келет, Тарым дарыясын бойлоп жүрүп, Бедел ашууну ашкандан кийин, Усундар оңой эле жетип барат, бул учурда журтуна кайра келип, Ундар талкалаган кичинекей мамлекетин кайра калыбына келтирип жаткан Күнбай Жанчянды кызуу күтүп алат. Анын алып келген соогалаларын кабылдайт. Жаңчян менен бирге келген Малике Шинжүн менен үйлөнүп, падыша хен Уудиге күйөө болот. Ошондон баштап Хен сулаласы менен Усундардын бабаланышы чыңый баштайт. Ошол кезде Усундар мамлекетинин 630 миң жан саны, 18 миң 880 машыккан аскери жана жетерлүү аргымак аттары болгон, согуштук курал-жарактар да көп болгон, көп өтпөй Хенвуди менен күйөөсү Күнбай биригип Ундарга чабуул жасап, бир салгылашууда эле Ундардын 60 миң аскерин колго түшүрүп алган. Ошону менен Ундардын күчү алсыздап парчалана баштады, көп бөлүгү Европага көчүп кеткен. Азыркы Венгрия (Онгирийа) мамлекетин ошолордон калган урпактар түзгөн. Калгандары жерлеринде кала берген. Азыркы моңгулдар, уйгурлар, кыдандар ошолордун урпагы деген божомолдор дагы бар.

Мына ошондон баштап Жуңго мамлекети менен Усундар мамлекетинин өз ара достугу, ишеними, жардамы дагы да күчөгөн. Усундуктар жуңголуктарды көптөгөн аргымак аттар менен камдаган. Жунголуктар Усундарды көптөгөн жибек менен камдаган, өз , ара кудалашуу, достошуу жүргөн.

Эми кээ бирөөлөр «Биз ханзуларга жээн болот экенбиз» деп айтып калышат. Бул кеп кокусунан чыккан кеп эмес. Усундун падышасы Күнбайдын Малике бийкечти алгандыгы, андан башка дагы Усундук жигиттердин ханзу кызын алгандыгы тарыхый чындык. Кылымдардын өтүшү жана согуш, башка себептер менен усундардын барчаланып башкаларга кошулуп кетүү, башкаларды кошуп алуу иштери көп болсо да, Усундуктардын урпагынан кыргыз улуту келип чыккан, мына бул батыш жана чыгыштын азыркы заман тарыхчыларынын бирдикке келген көз карашы. Эми Усундар болсо байыркы шахтардын урпагы, шахтар байыркы түрк урууларынын бири. Жана эле келип кыргыз улутунун түпкү дүмүрү — түрк.

Эми кээ бир тарыхчылар Усундарды казактын ата-бабасы дешет. Мунун тарыхый далили жок. Менин Усундарды кыргыздардын ата-бабасы дешимдеги багытым мына бул: Усундар борбор кылып турган «Пиго» деген жер азыр кыргыздар жашап жаткан Ысык-Көлдүн чыгыш-түштүгү болот. Аны азыркы эл «Кызыл суунун базары» дешет. Ханзу тарыхчылары бул жерди «Кызыл коргон» деп жазып жатышат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

17-06-2011
Кутчу уруусу - байыркы чоң уруулардын бири
5679

16-06-2011
Чоң багыш уруусу
2036

13-06-2011
Кыргыздын түпкүлүктүү уруусу - Нойгут уруусу
1328

31-05-2011
«Кыргыз» деген аталма жөнүндөгү көз караштар
1274

26-05-2011
Кыргыз улутунун келип чыгышы жөнүндө
1380

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
X
Для размещения комментария авторизуйтесь

×