Добавить статью
7:19, 3 октября 2011 152601

Алымбек датка жана анын Курманжанга болгон таасири

Экинчи макала

Биринчи доор - Курманжан датка коомдук ишмер

Алымбек датка жана анын Курманжанга болгон таасири

Курманжандын улуу инсан катары калыптанышында албетте Алымбектин ролу зор. Анткени, Алымбек датка өмүрлүк жары Курманжан аркылуу Алымбек болсо, Курманжан энебиз атагы алыска кеткен Алымбектин капшабы менен ири тарыхый инсан катары калыптанган. Чынында, бул эриш-аркак эки инсандын тарыхый ролу, ишмердиги азыркы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн түпкү маңызына байланышып турат. Анткени, алардын тарыхый миссиясы эл биримдигинин, азаттыктын, мамлекеттүүлүктүн түпкү идеялары менен сугарылган болучу.

Курманжандын болочок өмүр шериги Алымбектин өспүрүм балалыгы, жигиттиги Алай тоолорунун Жошолу айылында, бийик тоолордо өткөн. Ал жаш чагынан эле чыйрак, курч, зээндүү чыгып, 15-17 жаш курагында өз уруусу адыгиненин баргы уругуна баш-көз болуп, бий катары тааныла баштайт.

XIX к. 30-жж. башында Мадалы хан Алай чөлкөмүндө Кокон хандыгынын таасирин күчөтүп, эркиндикти сүйгөн алайлыктарды ооздуктоо үчүн жергиликтүү ак сөөктөрдү өз тарабына тартып, аларга түрдүү наамдарды ыйгарып, бийликке аралаштыра баштаган. Алымбек Асан бий уулунун эл ичиндеги кадырын эске алып, 1831-ж. Мадалы хан ага “датка” наамын берген. Мына ушундан баштап Алымбек Кокон хандыгынын саясий турмушуна активдүү аралашып, өмүрүнүн акырына чейин анын ишмердиги хандыктын социалдык жана саясый тарыхы менен тыгыз байланышып өттү. Алымбек хандыктагы ар кандай саясий оюндарды, төңкөрүштөрдү, бийлик үчүн болгон тынымсыз күрөштөрдү көрүп, саясатка каныкты, бардык окуяга активдүү аралашып, ордодо көрүнүктүү таасирге ээ болду. Бирок, анын ишмердигинин кредосу бабасы Тилеке баатыр менен Ажы бий сыяктуу чачылган кыргыз урууларын бириктирип, өз алдынча мамлекет түзүү же эч болбоду дегенде Кокон хандыгынын курамында номиналдуу өз алдынчалыкта турган ээлик түзүү болучу. Атүгүл Кокон хандыгын ээлеп, кыргыз насилинин аброюн көтөрүү максаты да тымызын бар эле. Ишмердигин бул өзөктүү максаты, Алымбектин ичинде дайыма купуя сакталып турчу.

Алымбек датка алгач 1831-жылы датка наамын алуу менен бирге Ош чөлкөмүнө бек болот. 1832-ж. 32 жаш курагында Мадали хан аны Анжиян вилаетинин башкаруучусу, акими кызматына дайындайт. Аталган вилаетке Анжиян аймагы, Эки-Суу арасы, Ош чөлкөму, Ноокат менен Араван, Өзгөн менен Кара-Кулжа, Алай тоолору жана Ак-Талаа, Жумгал, Тогуз-Торо, Куртка аймактары толук  кирген. Алымбек датка акырындык менен мамлекеттик түзүлүштүн маани-маңызын, башкаруу системасынын өзгөчөлүктөрүн, хан бийлигинин татаал сырларын үйрөнүү менен саясий тажрыйба топтогон. Ал Кокон хандыгынын коомдук-саясий, чарбалык турмушундагы кыргыздардын татыктуу ордун табууга, хан ордосунда  ролун көтөрүүгө көп күч жумшады. Эң негизгиси мүмкүнчүлүккө жараша ыңгайы келгенде кыргыздардын көз каранды эместигин камсыз кылууга, өз алдынча бирдиктүү жана түптүү мамлекетин түзүүгө жол издеди.

Курманжан датканын мамлекеттик жана коомдук ишке аралашышы 1832-жылы Алымбек даткага турмушка чыккандан башталды. Алымбек менен Курманжан 29 жыл эриш-аркак ыстыкоомат кылышты. Көп жылдар бою өмүрлүк жолдошу Алымбек датканын таасирдүү кеңешчиси, жардамчысы катары көрүнүп, атүгүл насаатчысы болууга да жетише алган. Анын 1832-62-жылдардагы өмүрүн коомдук ишмердик доору катары санаса болот. Бул мезгилде Алай чөлкөмүн жана анын тургундарын башкарып, эли-журту үчүн чоң-чоң коомдук иштерди жасаган. Алымбек датка ордодо, Кашкарда саясий маселелер менен алектенип жүргөн мезгилдерде анын милдетин да кошо аркалаган. Акырындап датканын ордун жоктотпой эл бийлөөнүн сырын үйрөнгөн. Жеринен дээринде бар, жөн билги зайып көп өтпөй көпчүлүктүн көңүлүнө толуп, калк башкарууга көзү каныккан. Ошол кезде эле Курманжан айымдын атагы Кокон хандыгы гана эмес, коңшу Бухара эмиратына, атүгүл алыскы Орусия серепчилерине да дайын болгон.

Тарыхта белгилүү болгондой XIX кылымдын 40-жж. башында Кокон хандыгында саясий кырдаал курчуп, Мадалы хан өлтүрүлүп, анын ордуна Бухара эмиринин адамы Ибрагим-Хаял коюлгандыгы белгилүү. Мындай кырдаалда Кокон мамлекетин өз алдынча сактап калуу зарылдыгын сезген кыргыз төбөлдөрү мураскер издеп, аксылык Нүзүп бий башында турган топ Таласта Ажыбай датканын үйүндө жашап жаткан 1770-1798-жылдары Кокон хандыгын башкарган Нарбото бийдин кичүү иниси Ажы бийдин уулу 50 жаштагы Шералыга токтошот. 1842-жылы жай мезгилинде Шералыны Аксынын Карасуу айылындагы Кара-Күп деген жерге (Ал айыл Шералынын аялы Жаркынайымдын атасы Токтоназар бийдин кыштоолорунун бири болучу) көчүрүп келишет да, 2-3 ай ордо турмушун жол-жобосу менен тааныштырып, кат-сабатын жойгондон кийин күзүндө Сафед-Буланда курултай чакырылып, Шералы ак кийизге салынып, хан көтөрүлгөн. Натыйжада кыргыз кошуундарынын күчү менен Кокон ордосу ээленип, Шералы Ажы бий уулу - хан, Нүзүп бий, ага регент-миңбашы орунду ээлеген. Бул окуяларга Алымбек датка да активдүү катышкан.

1842-ж. Курманжан күйөөсү Алымбек датка менен бирге биринчи жолу Кокон хандарынын ордосуна келет. Ошондо Курманжан Шерали хандын кыргыз аялдары Жаркынайым (саруу) жана Соноайым (багыш) менен таанышып, хандыктагы көйгөйлүү маселелер боюнча кеңешкен, ынтымакты чыңдоо, үзбөй кабарлашып турууга убадалашкан.

Бирок көп өтпөй хан ордосунда кыпчак бийи Мусулманкулдун таасири күчөп, кыргыздар мамлекеттик бийликтен четтетиле баштайт. Шералы такта отурганы менен саясий бийлик толук Мусулманкулдун колуна өтөт. Кыргыз төбөлдөрү анын ичинде Алымбек датка да бийликтен четтетилет. Мусулманкулдун башкаруусунда өлкөдө зомбулук күчөп, алык-салыктар көбөйүп, элдин эзилүүсү күч алат. Бул Мусулманкулга каршы элдик чыгуунун өбөлгөсүн жараткан.

Мусулманкулдун зомбулугуна нааразы болгон Кокон хандыгынын чыгыш жагындагы Ош жана Алай тоолорундагы кыргыздардын Мады чебинин жанында чогулган тобуна Алымбек датка баштаган Сейитбек датка, Болот датка жана башка кыргыз бийлери жетекчилик кылган. Көтөрүлүшчүлөр Ошту жана ага жакын аймакты кокондуктардан тазалашкан. Бул окуя 1845-ж. болгон. Ошол эле жылы Исфара акими кыргыз Сатыбалды жана Рахматулла менен бирдикте күрөш дагы уланган. Мусулманкул Ошко жазалоочу аскер баштап келип, көтөрүлүштү айоосуз баскан. Бул жөнүндө алдын ала кабар алган Алымбек датка Курманжандын кеңеши менен Алайга качып, ажалдан аман калган. Ошто тартипти жөнгө салуу үчүн Мусулманкул бир топ кармалып калгандыктан, Кокондо дагы бир козголоң уюшулуп, Шералы хан өлтүрүлүп, козголоңчулар Алим хандын уулу Мурад-бекти хан көтөрүшөт. Мусулманкул согуш менен кайрадан ордону ээлеп, Шералы хандын бойго жете элек 14 жаштагы баласы Кудаярга андан улуу өз кызын аялдыкка алып берип, хан көтөрөт да, регент-миңбашылык мансабын колго алат.

Мамлекеттүүлүк идеясын көтөрүү

Кудаярдын энеси бөлөк агасы кыргызга жээн Малабек Алымбек датка менен көңүлү жакын болгон. Алардын күч алышынан чочулаган Мусулманкул Алайга жүрүш жасаары туралуу кабар угулуп, кырсыктан алысыраак болуш үчүн Алымбек датка Көгарт ашуусу аркылуу Нарындын төрүндөгү Ак-Талаа,Тогуз-Торо, Ат-Башылык туугандарына келет. Алар даңкы чыккан Алымбек датканы кучак жайып тосуп алышкан. Алымбек тынымсыз тополоңдун алкагы боло баштаган Кокон хандыгында жашоодон көрө өз алдынча тоо кыргыздарынын ээлигин түзүү керектиги жөнүндө Теңир-Тоолук туугандары менен кеңешкен.

Ошол жылдары Алымбек датка Ош шаарынын маанисин көтөрүүгө да көңүл бөлгөн. Себеби, кыргыз элин бириктирүүдө, эгер колдон келсе кыргыз ээлигин түзүүдө Ош шаарынын бай-такты шаар катары маанисин жогорулатууну зарыл деп эсептеген. Тарыхый булактарда Ош шаары эзелтен эле кыргыз урууларынын саясий борбору катары эсептелип, бул жерде кыргыз бийлеринин айдоо жерлери, соода түйүндөрү, мечиттери, вакфтык үлүштөрү болгондугу маалым. (Караңыз: Военные действия против Кокандского ханства.//ВС.—1876.—№ 2.—2-бөлүк.—211-бет; Терентьев М.А. История завоевания Средней Азии.-СПб.,1906.—Т.2.—366-бет; Абаза К.К. Завоевание Туркестана.-СПб., 1902.—238-бет.)

Ошого байланыштуу Алымбек датка вилайеттин борборун Анжияндан Ошко көчүрүп келип, азыркы Алай мейманканасы турган чөлкөмдө Ак Ордо тургузгандыгы (бир нече ак өргөөлөрдөн куралган ордо) эл арасында айтылып келет. Так ушул жерде Алымбек менен Курманжан хан, бектерди, алыс-жакындан келген ызааттуу конокторду кабыл алышкан. Ал жерде мамлекеттик жана чөлкөмдүк маанилүү маселелер талкууланып, ири чечимдер кабыл алынган. (Караңыз: Абытов Б. «Ош: факты, события и личности». –Ош, 2000).

Алымбек датка кийинки жылдары Кокондон сырт саясий окуяларга да катышкандыгы маалым. 1847-жылы ал Кашкардагы “жети кожонун козголоңуна” чакырылып, кожолордун башчысы Катта төрөнүн армиясына кол башчылык кылган. Кашкарды камаган, бирок Кытай богдыханынын армиясына туруштук бере албаган 20 миңден ашуун козголоңчулар Фергана тарапка качып, Алымбек Алайга кайтып келген. (Караңыз: Боотаева Б. Кыргызы между Кокандом, Китаем и Россией.—Бишкек: Илим, 1995. —50,60-беттер.)

Көп узабай ордодо Мусулманкулдун зомбулугуна каршы дагы козголоң уюштурулуп, бир топ кармаштардын натыйжасында 1856-жылы Мусулманкул өлтүрүлүп, Кудаяр өз алдынча бийлик жүргүзүүгө жетишкен. Так талашуу эми Кудаяр хан менен анын аталаш агасы Малабектин ортосунда жүргөн. Ошол эле учурда Кудаяр ханга каршы толкундоолор башталган. Алардын кыймылдаткыч күчтөрү негизинен кыргыз элети болучу. Көтөрүлүшкө катышкан адамдардын саны 4-6 миң адамга жеткендигин изилдөөлөр кабарлайт (Караңыз: Взаимосвязи киргизского народа с народами России, Средней Азии и Казахстана (конец XVIII —XIX вв.).— Ф.,1985.—181-бет.).

Бул саясый жанданууда айрыкча алайлык кыргыздар активдүү болушкан. Көтөрүлүшчүлөр Маргалаңды, Коконду камап, 1858-жылы ноябрь айында Саманчыга жакын жерде Кудаяр хандын аскерин Алымбек датка баштаган бир топ кыргыз бийлеринин жардамы менен Малабектин кошууну жеңет да, Кудаяр хан Бухарага качат. Тактыны Малабек ээлеп, көмөк көрсөтүшкөн кыргыз бийлерин — Алымбекти Анжыянга кайрадан аким, кийинчерээк өзүнө баш увазир, Сейитбек датканы Кожентке аким, Молдокасымды Ноо чебине комендант, Алымбекке көңүлдөш, Маргалаңдын мурунку беги, кыргыз-кыпчак Өтөмбай бийди Ташкентке аким дайындаган. (Караңыз: Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства.—Казань, 1886.-188—89-беттер; Галицкий В., Плоских В. Старинный Ош.—Фрунзе,1987.-46—47-беттер.) Ошентип, XIX к. 50-жж. аягында Кокон хандыгынын саясий турмушунда олутуу роль ойногон Алымбек датка, ордодогу эң жогорку бийлик - вазирлик мансапка жетип, дээрлик 4 жыл бою (1858-1862-жж.) хандыктын тагдырын чечип турган.

Алымбек датканын акылман, алысты көрө билген көсөм, кылдат саясатчылдыгы 60-жж. башында Россия империясынын колониалдык аскерлери Чүй өрөөнүнө кирип келишкенде көрүнгөн. 1860-ж. Верный чебинен чыккан орустар менен салгылашуу үчүн Малабек хан Ташкенттен чоң аскердин башында Канат Шааны, Ферганадан “Анжиян кошууну” деп аталган отряддын башында Алымбек датканы жөнөткөн. Алымбек Нарын аркылуу Чүйгө багыт алат. Жолдо кыргыздардан колун толуктап, аскери 12 миңге чейин жетет. Алымбектин кошуунунун курамында Жангарач баштаган солто, сарыбагыш манаптарынын, алардын ичинде Шабдандын да жигиттери болгон.

Алымбек Чүй өрөөнүндө Алымбек датка Ташкент беги Канат-шаа жетектеген кокон аскерлери менен жолугушат. Бул жерде бири-бирине баш ийгиси келбеген эки төбөл башкы кол башчылыкты талашышат. Натыйжада, азыркы Казахстандын Узун-Агач, Кара-Кастек, Каскелең өзөндөрүндөгү салгылашууларда Алымбек кошуунун кармашка кийирбей коюп, кокон армиясы чегинүүгө мажбур болгон. Алгач Кара-Кастекке койгон чабуулунун мизи кайтарылган соң, Узун-Агачта экинчи чабуул кылууну буйруган Канатка Алымбек кескин каршы чыккан. Кокон ордосунун тарыхчысы Мулла Нияз: “Алымбек кыргыз менен Канат Шаа тажик кошуунга башчылык кылууну талашып, чатак башташты. Жаңжалдан улам Алымбек анжыян колу менен кыргыздарды майдандан алып чыгып кетип, салгылашуунун сыймык же маскаралык алып келүүчү тагдырын колунан чыгарды...”,— деп жазат. (Караңыз: Бейсембиев Т.К. “Тарих-и Шахрухи” как исторический источник. —Алма-Ата,1987. —122-бет.)

Алымбектин мындай чечиминин түпкү максаты, бүткүл кыргыз урууларын бириктирип, өз алдынча мамлекет куруу же кокон ордосун толук ээлөө болгон деп ойлойбуз. Ошондуктан, ал орус бийликтери менен ушул мезгилден баштап эле ымала түзүүнү көздөгөн. Анын биринчи шарты орус аскери менен согушпоо экендигин жакшы түшүнгөн. Орусияга жүз буруп турган Чүй, Ысык-Көл кыргыздарынын манаптарынын пикирлери да эсепке алынган. Узун-Агач салгылашуусунун алдында эле Жангарач, Байтик, Шабдан жана башкалар менен жолугушкан Алымбек үчүн кармашта Канат Шаанын жеңилиши ынгайлуу эле.

Узун-Агачтагы “күнөөсү” үчүн Алымбек куугунтукталып, ордого келбестен Алайда калган. Ал адыгине менен мунгуштардан кошуун жыйнап Коконго жүрүш жасайын деп ойлогон, бирок ага шарт болгон эмес. Ошондуктан, аркалык туугандарынан жардам издөө жана бир топ саясый иштерди жүргүзүү үчүн 1861-жылы жазында кайрадан Нарын чөлкөмүнө жөнөп кеткен. Алымбектин тоолук кыргыз туугандарынын арасында аброюнун өсүп бара жаткандыгынан кооптонгон Мала хан жарашуу үчүн аны ордого чакырган, бирок Алымбек хан жиберген адамдарды өлтүртүп, алардын артынан келген кошуунду да талкалап таштаган. Жай айларында Датка Үмөтаалы, Ажы, Төрөгелдиге жолугуп, аларды Коконго, белгилүү деңгээлде Орусияга да каршы үгүттөгөн. (Караңыз: Кененсариев Т. Кыргызстандын ХIХ кылымдын 50-70-жылдарындагы саясый өнүгүүсү. – Б.: 2009.-127-28-беттер.)

1861-жылдын июлунда Ала-Тоо округунун башчысы Сибирь корпусунун командирине “Алымбек менен Мала хандын душмандык мамилеси жөнүндөгү маалыматтар ырасталып жаткандыгын” билгизген. Орусия менен мамиле түзүүнү пландаган Алымбек тоолук кыргыз урууларын бириктирип, өз алдынча феодалдык ээлик же мамлекет түзүүгө аракеттенгендигин Батыш Сибирь генерал-губернатору А.О.Дюгамелдин 1861-жылдын 8-июнунда согуш министрине жазган каты бышыктайт. “Алымбек кара-кыргыздардын арасында калып, Ысык-Көл менен Кичи-Бухара аралыгында өз алдынча башкаруучу болуу оюнда бар окшойт, — деп жазат А.О.Дюгамель, — ошондуктан биз менен жакшы мамилеге өтүүнү көздөйт шекил...” Генерал А.О.Дюгамель Жети-Суу областынын башчысы Г.А.Колпаковскийге эгер Алымбек Орусия менен мамилеге кирсе, аны кубаттагыла деген көрсөтмө берген. Муну тышкы иштер министри А.М.Горчаков да, Александр II да жактырган. (Караңыз: Өзбекстандын борбордук мамлекеттик архиви.-715-ф.-1-оп.-25-иш.-94-98-барактар).

Түндүк кыргыздарын өз таасирине тарткан датка 1861-жылы күзүндө Фергана чөлкөмүнө кайтып келген. Бир катар сүйлөшүүлөрдүн, кеңештердин жана акыл калчоолордун, айрыкча Курманжандын жүйөөлүү пикирлеринин таасири менен Алымбек датка Теңир-Тоодо өз алдынча мамлекет куруу иши али эртерээк экендигин түшүнөт да, анын ордуна азырынча Кокон ордосун ээлеп, кыргыздардын саясий аброюн кайрадан көтөрүү чечимине келген.

Кайрадан Кокон ордосунда...

1862-жылдын февралында Мала ханга каршы козголоң уюштурулуп, кыргыз бийлери: Алымбек, Кыдыр, Касым, Кудайназар жана башкалар Мала ханды өлтүрүп, анын жээни — Сарымсактын уулу 15 жашар Шах Муратты такка олтургузушкан. (Караңыз: Мулла Нияз Мухаммед. Тарих-и Шахрухи. История владетелей Ферганы. —Казань, 1885.—108-бет.). Алымбек баш увазирдик орунду ээлеген. Ташкент беги Канат Шаа, Рүстөмбек баш болгон экинчи топ такка Кудаярды кайрадан отургузууну көздөшкөн. Канат Шаа Бухарага качып кеткен Кудаяр менен байланыш түзүп, аны Ташкентке чакырып, хан деп жарыялап жиберген.

Ошол кезде ичкилик кыргыз-кыпчак уруусунан чыккан белгилүү мамлекеттик ишмер, 1862-жылга чейин Маргалаң вилайетинин акими болуп турган молдо Алымкул Кудаяр тарапка өтүп кеткен. Анын аракети менен Кыдыр, Ырсалы сыяктуу кыргыз бийлери алгач бийликтен четтетилип, кийинчерээк тындым кылынган. Ал эми июль айында алдоо жолу менен ордого чакырылган Алымбек датканы Алымкул Чотон аттуу кыргыздын колу менен өлтүрткөндүгү изилдөөлөрдө белгиленет. (Караңыз: Бейсембиев Т.К. “Тарих-и Шахрухи” ...—123—124-беттер.) Г.А. Колпаковский 1862-жылы 25-июлда Батыш-Сибирь генерал-губернаторлугуна жиберген билдирүүсүндө:—“айтылуу Алымбек кара-букаралардын колунан өлдү”,—деп бекеринен айткан эмес. (Караңыз: Боотаева Б. Кыргызы между Кокандом...—62-бет.). Кийинки тастыктоолордо Чотон баатырдын Алымбекти өлтүрүүгө катышпагандыгы жөнүндө баатырдын урпактары тарабынан санжыра таризиндеги маалыматтар да пайда болууда.)

Ал кезде Алымбек датка пайгамбар курагында, тагыраак айтканда 63кө эми эле чыккан болучу. 1858-62-жылдарда болуп өткөн Алымбек уюштурган бул саясий аракеттерде Курманжан анын эң жакын кеңешчиси, пикирлеши болуп, айрым бир чечимдерге өзүнүн ойлорун да кошкондугу маалым. Бир нече жолку кооптуу учурларда Кокондон алган кабарлардын натыйжасында күйөөсүн эскертип, өлүмдөн алып калгандыгын изилдөөлөр тастыктайт. Бирок, кыргыз мамлекетин түптөйм, эч болбоду дегенде Кокон тактысын ээлеп, кыргыз элинин биримдигин камсыз кылам деген Алымбектин стратегиялык максаттары ишке ашпай калды...

Курманжан датканын ишмердигинин биринчи доорун жыйынтыктап жатып (1832-1862), анын ал мезгилде жан шериги Алымбектин пикирлеши, абройлуу кеңешчиси жана жардамчысы боло алгандыгын белгилөө зарыл. Курманжандын акылын жана саясий сезимталдыгын Алымбек датка терең баалаган, анын кеңешине көп убакта макул болгон. Курманжандын жөндөмүнө ынанган Алымбек кийинчерээк Анжиян вилайетиндеги чарбалык милдеттерди бүтүндөй аялына ишенип, калтырып турган. Алымбек менен 30 жылга жакын ыстыкоомат кылган мезгилде Курманжан датка акырындык менен Фергана өрөөнүнүн чыгыш жагындагы элет элинде таанылып, саясий жана коомдук ишмер, ири тарыхый инсан болуп чыга келген. Уруулук талаш-тартыштар, жер-сууга, жайыттарга, жайлоого байланышкан түрдүү чарба маселелерин чечип алуу үчүн ондогон адамдар Курманжандын кабыл алуусунда кезек күтүп тургандыгын көрүүгө болор эле.

Уландысы бар

Ташманбет Кененсариев

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор,

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

07-09-2012
Манас баатырдын прототиби жөнүндө
95687

07-09-2012
"Манас” эпосунун өзөктүү окуялары жана аларда кыргыз тарыхынын чагылышы
156766

03-09-2012
Манас баатыр тарыхый инсанбы?
143561

03-09-2012
Манас баатырдын тарыхыйлыгы
138058

31-08-2012
“Манас” эпосунун жаралуу доору жөнүндө божомолдор
134970

28-08-2012
Манас жана тарыхый чындык
175023

04-10-2011
Үчүнчү доор - Курманжан датка дасыккан саясатчы
155635

04-10-2011
Экинчи доор - Курманжан датка саясий ишмер
162341

03-10-2011
Курманжан датканын феномени
176053

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×