Добавить статью
7:10 26 Марта 2012

Алике бий тууралуу баяндама

Алике жаштайынан зирек, акыл эстүү, мал жандуу, ат үстүндө шамдагай,баамчыл, сүйлөгөн сөзүндө жүргөн турганында кылган жумушунда чекилиги жок, сөздү чукугандай таба сүйлөп, боорукер, чынчыл айтканынан кайтпаган өжөрлүгүнөн эл ичинде тез эле сөзгө алынып кетти. Кунандын чоң баласы Алике кези келсе журт башкарат, деген айың кептер эл арасында айтыла баштады. Жылдан жылдар өтүп, кечееги жаш бала Алике ата ордун басып бий аталып журт башкарууга өттү. Атасы Кунандын ишин улап, эли жери үчүн кам көрүп, эл атасынын оор жүгүн мойнуна алып, журт башкарууга киришти. Табийгаттын катаал шарттарына мойун сунбоого арга жок. Эки жыл катарынан келген жут кыштын оордугу малды эле эмес элди да бир топ каржалтты. Анын үстүнө Кокондун салыгы опсуз көп эл кыйналып турганда женилдик берүүнүн ордуна,мурдагыдан көп топтоло баштады. Элдин оор ахыбалын сезип билип турган Алике бий эки жыл катары менен салык төлөөдөн баш тартты. Муну уккан Кокон бийлиги Аликени хан ордого келип кетүүсүн кабарлады.

Кокон ханынын жөн чакырбаганын сезген Алике жигиттерине тогуздап мал айдатып, өзу теңдеши жок сары жоргону минип, жигиттеринен бир күндөн кийин Коконду көздөй сапар алды. Аликенин келишин күткөн Кокон ханы өз өкүмүн чыгарып, Коконго келеери менен, хан ордого алып келишин өтүндү. Ошондой эле эч нерсеге карабай Аликени дарга асуу буйругун чыгарды. Аралыгы үч күндүк жолду Алике өзүнүн сары жоргосу менен бир күндө басып өтүп Коконго кирип келди. Кирпигине чейин чаң болгон Алике аттан түшөөрү менен Хандын жигиттери сизди хан өзү диванханада күтүп жатат деп кабарлашты. Үстү башын тазалоого да уруксат берилбеди. Ылдам басып, бет маңдайындагы хандын баш кесер желдеттеринин жанына келди. Диванхананын оозунда турган эки желдет артка жылышып, каалганы ачты. Салам айтып кирип келген Аликени диванханада олтурушкан жоон топ мыкчегерлер хан баш болуп орундарынан ыргып турушуп колдорун бооруна алышып ийиле алик алып жатышты. Төрдө тактыда отурган Кудаярхан ордунан жеңил туруп, тактысынан түшө келип, келиңиз, келиңиз, мына бул жакка менин ордума олтуруңуз деп калтырак баскан адамдай өзү олтурган касиеттүү хан тактыны көрсөттү. Мындай сый урматтын жөн эле жерден болуп жатпаганын сезген Алике, хандын тактысын көздөй умтулбай тактынын оң жагында олтурган аскербашынын ордун ээледи.Баардыгы орундарынан орун алышып бата тилешти. Хан өзү баш болуп эл жерди, тоолуктардын ал ахыбалын акырын суроого киришти. Бир нече убакыттан кийин өзүнүн конок боло турган үйүнө Аликени узатышты.Конок үйүнө келген Алике, үстүндөгү кийимин чечип, эшике сыртка намаздигер намазына даарат алуу үчүн чыкты.Короодо калган атын отко койуп , ээр токумун алып, атты байлап жүргөн он эки жашар чамасындагы кара тору бала шыпылдай басып келип Аликеге дааратка суу даярдай баштады.Алике конок үйгө чыккандан кийин, диванханада калган хан өзүнүн жан жоокерлерине,айрыкча эшик кайтарып турган эки баш кесерге ачуулуу карап, мен силерге эмне дедим эле, эшиктен киргенде чаап салгыла, эгерде каршылык көрсөтсө даргага аскыла дебедим беле. .Ээ хан ата эшиктен кирип келгенде салам айтпаса деле баарыңыздар ордуңуздардан туруп, алик алып сиз болсо олтурган касиеттүү тактыңызды бошотуп олтурууну өтүнгөн адамды, кантип чаап таштамак элек дегенде Кудаяр хан, оо мени катуу жерден кармадыңар Алике бий жөн адам эмес экен, эшиктен киргенде Алике бийди эки жолборс эки жанында жандап, оң, сол мүрүсү менен башында жаркыраган шам жанып келди. Ошону көрүп өз ордумду кандай бошотконумду билбей калдым. Колуна суу куйулган кумган кармаган баланын бешенесинен сылап, чекесинен сүйүп, ырахмат балам деп алкады. Намаздигер окулуп бүткөндөн кийин, катуу жол жүрүп келип, Аликенин тамака табити тартпай бир аз эс алууну чечти. Көңүлдөгүдөй эс алган Алике,эрте мененки намазга чакырган сопунун авазынан ойгонуп, сыртка таза абага чыкты. Күн бир аз суук тартып, кеч күздүн тоо тараптан соккон суук жели бийди бир аз чыйрыктырып, үшүттү. Короодо баягы кара тору бала колунда жылуу суу куйулган кумганы менен пайда болду. Шыпылдай басып келип колундагы кумганды бийге суна, жакшы жатып, жай турдуңузбу деп сурады. Аа ырахмат балам, мен даарат алып келейин, багымдат намазын чогуу окуйбуз деди. Мейлиңиз мен даярмын деп бала жылмая жооп берди. Экөө намазды чогуу окушуп, эрте мененки нанүштөгө үйдүн ичин көздөй жөнөштү. Атайын даярдалган чүйгүн тамактардан жешип көөкөргө куйулган бал кымыздан ичип олтурушту.Улам Аликени жалт карап, бирдемени айталбай турган балага, бий акырын суроо узатып сөзгө тартты. Ии балам жей гой тартынбастан, ким тамакты жакшы жесе жумушту да жакшы иштейт деп, баланын алдына дасторкондогу жаңы бышырылган этти туурап жылдырды. Сен балам кимдин кулунусуң ? аты жөнүң ким? ата энең барбы? күтүлбөй берилген суроого, бала бир аз мукактана түшүп, бий ата менин аты жөнүм, ата энем тууралуу, чынын айтсам эч нерсе билбейм. Эс тарта элегимде ушул жерге алып келишкен экен. Хан ордодогу таалим тарбияны, көбүнчө молдо кожолордун, колунда жүрүп, алардын кызматын кылып, сопу бала деген атка кондум. Акырындап кат сабатым жоюлуп, өзүмчө билим алууга жетиштим. Азыркы мезгилде отун жарып, тамак бышырып, сизге окшогон кадырлуу коноктордун жаткан жерин, тамак ашын даярдап ат көөлүгүн карайм. Баланын тартынбай таза сүйлөп, ыкчам кыймыл арекетин, алдыртан байкап олтурган Алике, баланын көз карашынан күтүлбөгөн бир суроону, күтүп жатты. Эки күндөн кийин, Кокон ханы, Аликени ордого чакыртты. Хан шаардагы менмин деген төбөсү көрүнгөн байларды, атагы алыска кеткен оолуя көзү ачыктарды, молдо кожолорду,өзүнүн аскер башчыларын, баарын топтоп,Алике бийдин урматы үчүн сый тамак берилди. Урмат сый учурунда хандын оң жагынан орун алган бий, мындай шаан шөкөттү, сыйды хандан күткөн эмес эле. Ордодогу билермандар биринен бири талашышып, бийдин урматына жакшы сөздөрдү айтышып, кеп кеңештерин сурап жатышты. Берилген суроолорго ордунда жооп берип, көпчүлүктүн ыраазычылыгын алды. Күтүлбөгөн жерден сөз алган хан – Оо жакшылар, мен сиздерди бул жерге жөн эле сый тамакка чакырган жокмун. Мен сиздерди, алыскы Улук катын элинин бийи кадырлуу коногубуз, Алике Кунан уулу менен тааныштырайын деген максатта чакыртым. Мына сиздердин алдыныздарда алла тааланын сүйүктүү кулу, андай дегеним, бул киши жөнөкөй катардагы бийлерден эмес, Алла таала бул пендесин жаратканда өзгөчө касиеттерди марттык менен тартуулаган экен. Бешенесинде жанып турган шамы, эки мүрүсүндө жанып турган кош чырак, оң солунда коштогон эки жолборс, бийдин жөнөкөй адам эмес экендиги туралуу айтып турат. Муну угушкан диванханадагы көпчүлүк, ханды таң кала карашып. Эмне дешеерин билишпей ооздорүн ачышты. Кутулбөгөн бул сөзгө бий өзү да бир аз ынгайсыздана түштү.Диванхана күбүр шыбыр болуп,ооба хан жөн жерден эч нерсе айтпайт, бул касиеттер баарына эле бериле бербейт дешип таң калып жатышты. Сый тамактан кийин хан өзү баш болуп, казына башчысын алдырып, хан ордого бийди тааныштыруу үчүн алып жөнөдү. Бийик дубалдар менен курчалган хан ордо бий үчүн анча кызыгууну жараткан жок. Тез эле конок үйүнө кайтып келди. Короо таза суу сееп шыпырылган. Эшиктен киреери менен алдынан салам айтып тосуп чыккан сопу бала бийдин чарчап тургандыгын сезди - бий ата ичкериге, жай саздап койдум кирип эс алыңыз.Үйдүн ичине кирип салынган төшөктүн четинен орун алган бий, балам кымызың барбы? деди. Оба бар мен азыр деп шыпылдаган бала сыртка чыкты. Ашканадагы көөкөрдү алып жатып,балага мындай ой келди Азыр сурансам эмне деер экен? Кымызды чыныга куюп, бийге узатып жатып бала бий ата мен сизден бир нерсени суранайын дедим эле.- Ооба балам сура, хан ордого келгенден бери экөөбуз ата баладай эле болуп калдык деп жылмайды. Кубанычы койнуна батпаган бала бир аз токтоло тушуп, эмне деер экен деп толкундана – бий ата мени тоого өзүңүз менен кошо ала кетиңизчи? Мен сизди дайыма урматтап сыйлап жүрөйүн, колумдан келген жакшылыктарды кылайын мени ала кетиң деди. Жылмая караган бий баланы бооруна тартып бешенесинен сылап мейли балам, хандан сурайын берсе ала кетейин деди. Эртеси күнү Алике хандын алдына өзү келди. Хан жылуу маанайда тосуп алды. Экөө бир аз аны муну сүйлөшүп олтурушкандан кийин, бий урматтуу падышам менин сапарым карыды, эми мен элге кайтайын деди. Мейлиңиз мен каршы эмесмин, кана казына башчысын мында алып келгиле деп буюруду. Хан акырын бийге кайрылып, сизге бир аз белек бечкектер даярдатып койдум эле ала кетиңиз деди. Жок ханым мага алтын зеердин, күмүштүн кереги жок Сизден төрт нерсе сурайын, мен сурагандарды берсеңиз сизге Алла ыраазы болсун деди. Сураңыз деди Мен келгенден бери мени карап ,кызмат кылып жүргөн ашпозчу келинди сурайм, андан кийин Анжияндан үч көчө, базар учарга түшкөндө жатып конгонго,Асеке шаарынын күн батыш тарабындагы Үч терек деген жерден баштап, күн чыгышы Жол чырак жайлоосуна чейинки аралыктагы жерди мага бериңиз. Ушул аралыктагы жердин салыгын өзүм убагында төлөп турам.Андан кийин мага колума суу куюп каралашып турган сопу баланы бериңиз –дегенде хан ордунан кандай ыргып турганын сезбей калды. Бийим мурдагы сураган ашпозчу келин, Анжияндан үч көчө менен сураган жериңизди берейин, ал эми сопу баланы бере албайм деди. Сопу баланы бере албасаңыз,анда мага ашпозчу келиндин, анжияндан үч көчөнүн, жердин да кереги жок деп Алике ордунан шарт туруп сырты көздөй жөнөдү.Конок үйүнө келген Аликени, сопу бала тосуп алды. Бийдин эч нерсени каалабай турганын сезген сопу бала, сөз катпады. Бир аздан кийин дарбазаны бирөө какылады. Сопу бала дарбаза жакка жакындай берип ким деди? ачыңыз мен хандын чабарманымын деди. Дарбаза ачылып, эшиктен кирген кызматчы, бий ата сизди хан чакыртып жатат деп кабарлады. Чабарман чыгып кеткенден кийин, бир аз ойлоно түшкөн бий аз да болсо, эс алып ары беркини жыйынтыктап, бир чечимге келип андан кийин хандын алдына барууну чечти. Диванхананын эшигин кайтарган сакчылар, Аликенин караанын алыстан таанып, каалганы ачууга шашылышты. Салам айткан бий, диванханада,хан өзүнүн жан жоокерлери менен чогуу Алик алышып,жакшы маанайда эсен соолук сурашты. Хан тактысына олтуруп жатып, бийге колу менен жансап, тактынын оң жагына отүүсүн айтты. Хандын оң жагынан орун алган бийге, хан олуттуу карап, - бий сизди бир аз капалантып койдум окшойт, кечиресиз сиз сураган төрт нерсенин үчөө биз үчүн кыйынчылыкка турбайт, ал эми биздин сопу бала, жөнөкөй балдардан эмес. Эми бий ата капа болбоңуз, Баланы да бере турган болдук. Хан айтышы айтып алып, бир аз өңү өзгөрүп, кумсара түштү. Аны билгизбегенге арекет кылып жылмайымыш болуп, ооба эртең жолго чыксаңыз, Улук катын элине менден салам айта барыңыз. Айтмакчы атаңыз Кунан бий, энеңиз Сыбызгы байбичеге бир аз белек –бечкек даярдатып койдум эле ала барыңыз. Конок үйүнө кайрылып келген бий,короодон сопу баланы тапкан жок. Бастырмада байланып турган сары жорго көрүнбөйт. Аттын ээр токумдары да ордунда жок. Короону айланып баскан бий, короо ичиндеги буюм тайымдарды өз ордунда экендигин байкады. Аңгыча ашкана жактан ашпозчу келин чыга келип, бий ата сопу бала атыңызды минип, бир аз суутканча жол чалып келем деп чыгып кетти деди. Муну уккан бий, баланын сезимталдыгын, көрөгөчтүгүн, акылы жетик зирек экендигин дагы бир жолу байкады.Шамга жакын аттын дүбүртү угулуп бий короого чыкты. Бийди көргөн сары жорго бир аз окуранып, ордунда турбай ала салып туйлап кишенеп жиберди. Аттын үстүнөн секирип түшкөн сопу бала, бий ата кечириңиз сизден сурабай чекилик кылдым.атты бир аз суутуп,аягын көрөйүн дедим эле . Ии кандай анан ат жактыбы? Бийдин суроосуна сопу бала ооба жаныбар, жылкы баласы да, тоосун сагынган го, жөн эле алып учат деди. Эми балам эртеге кудайым кааласа, тоону көздөй чогуу жолго чыгабыз. Муну уккан бала эмне деерин билбей, бир аз дендароо боло түшүп, ырас болуптур бий ата, анда сиз кирип эс алыңыз,мен азыртан баштап жолго камына баштайын. Сопу бала үчүн таңдын атышы, өтө көпкө созулгандай сезилди. Эрте мененки намаздан кийин жолго чыга турган убакыт келип, бий өзү баш болуп үч атка минген чакан топ, Кокондун чаңдуу көчөлөрүн аралап,чыгышты көздөй сапар алды. Күн жер бетине жайыла бергенде шаардан бир топ алыстай калган жүргүнчүлөр,аттарды жай бастырышып, акырын тоону көздөй келе жатышты. Түн оой Үч коргонго жете келишкен жолоочулар, кыштактын орто жериндеги чайканага келип түшүштү. Ары бери каттаганда ушул чайканага токтоп, эс алып, жүргөндүктөн бийди тааныган чайкананын ээси, оо келиң, келиң, бий ата, кандай чарчабастан, кыйналбастан жетип келдиңизби, ахыбалыңыз кандай?-деп кучак жая тосуп алды. Кыштакты тең жара агып өтүп жаткан дарыя, жээгинен орун алган чайкана дайыма салкын жана таза болчу. Чарпаядан орун алышкан конокторго, ыссык нан, коон дарбыз, эзиле бышкан жүзүм алынып келинди. Алике көптөн бери сагынган көк чайын, кумардана ичип,алдына коюлган жемиштерден ыссык нанга кошуп, тамактанып олтурду. Бир аз эс алышып, чайканачы менен коштошушуп, жолго чыгышты. Кызыл кыяга жакындап калганда, намаздигер убактысы болуп, намаз окушту. Бурулуштан чыгышып адыр этегиндеги жалгыз аяк жолго салышканда тее алыстан, Алтын казык тоосунун карааны көзгө чалдыкты. Жанындагы бий менен жанаша бастырып бара жаткан балага, Ии балам теетиги асман тиреген ортодогу учу шиш, бийик аскалуу тоону көрдүңбү деп колу менен жаңсап көрсөттү. Ии ата көрдүм, көрсөң ошол тоо Алтын казык деп аталат. Ошол тоонун кокту колоту, жайлоосу, алдында агып жаткан дарыясы, менин кичи мекеним, ошол тоонун алдына барабыз деди. Шашылып сүйлөгөн бала жакын эле калган турбайбы, эми ата эч жерге тийбей эле коелучу, муну уккан бий жылмая карап, жок балам ортолукта Кызыл кыя, андан кийин Ноокат, кыйла жол басабыз. Бир топ жүргөндөн кийин аттарды бир аз эс алдырып, отко койбосок болбойт балам деди. Кызыл кыяга жете келишкен жолоочулар,жолго токтошуп,аттардын ээр токумдарын алышып, жол жеегиндеги отко кое беришти. Аттарды эс алдырып, өздөрү кечки шам намазын окушуп,бир аз олтурушуп, андан кийин караңгылата жолго чыгышты. Түн бакырдыкы дегендей, Бир аз эс алып калган аттар, ылдам басышып тез эле Ноокатка жете келишти. Аттан түшүшүп, даарат алышып, куптан намазын окушту. Ноокаттан чыга бергендеги калың камышты аралай кеткен, кара жолдо баланын этият болуусун сурады, себеби чоң Көтөрмөгө чейинки жолдун эки бетинде ошол калың камыштын арасында, жапайы каман, жолоочулар үчүн өтө коркунучтуу экендигин эскертти. Жолдун эки четиндеги калың өскөн камыш,түнү, сопу балага алда канча сүрдүү көрүндү. Бир аз жүрүшүп чоң Көтөрмөнүн белине чыкканда, чыгыштан соккон айдарым жел, жол жүрүп келе жаткан жолоочуларды, бир аз сергитип уйкуларын ачты. Түн жарымына жакындап калгандыктан, асманга көтөрүлгөн айдын шооласы айлананы бир аз жарык кылып керемет көрккө бөлөп турду. Чоң Көтөрмөдөн чыгышка карай кеткен кара жол энкейиштеп олтуруп, Кошчан дарыясынын кечмелигине келип такалды. Айдын жарыгында күү шаа болуп агып жаткан дариянын шоокуму айланадагы тынчтыкты бузуп жиберди. Кечмеликтен өткөн жүргүнчүлөр,аттан түшүшүп,сууга бети колдорун жууп чайканышты. Алике жанында турган балага, буйруса мына кыштоого да жетип келдик. Аттарга минишип, кайрадан сапар улашты. Бир чай кайнам убакыт өтпөй, айдын жарыгында, Алчалуу тоосунун этегине тигилген кыштоодогу боз үйлөр көрүнө баштады. Айылдын четиндеги дөнсөө жерге тигилген он эки канат боз үй башкалардан өзгөчөлөнүп алыстан карааны алда немедей көрүнөт. Айылга жакындай бергенде, короодогу иттер үрүшүп түнкү тынчтыкты бузушту. Айрыкча Кунан бийдин он эки канат боз үйүнүн жанында жаткан кара ала дөбөт,ордунан ыргып туруп, алга карай жулунуп күрсүлдөп үрүп ат үстүндөгүлөрдү, тим койсо ала салдырып кеткендей. Муну сезген Алике, кара ала дөбөткө карай атын салдырып,коой! чөөп! Биз өзүбүз эле деп алдын тоскондо, бийдин үнүнөн тааныдыбы, же дайыма коштоп жүргөн сары жоргону көрүп өзүбүздүкүлөр экен дедиби, айтор дөбөт куйругун шыйпаңдатып, кыңшылап, бийдин атынын алдына келип,буттарын жыттагылай баштады. Муну көргөн башка иттер да үргөнүн токтотушуп, ордуларына тарай башташты. Боз үйдөн чыккан кызматчы жигиттер аттарды алышты. Бий, атасы Кунандын түнкү уйкусун бузбайын дедиби,ал жакка кирбей, өзүнүн алты канат боз үйүн көздөй жөнөду. Бийдин келгенин билишип үйдөгү кызматчысы, бийдин алдын тосо, эсен аман келдиңизби? - деп кучагын жая күлүмсүрөп бий менен учурашты. Кызматчы менен учурашкан бий үйгө кирбей туруп, тиги эки мейманды эки боз үйгө киргизип, анан өзү тууралуу азыр эч кимге айтпоосун өтүндү. Эртеси эрте ойгонгонАлике, багымдат намазын окуп сыртка чыгып атасынын алдына жөнөдү. Эшиктен салам айтып кирген бийди, аа кел кел эл атасы, эсен аман барып келдиңби, барган жерлериң кандай кабыл алды, ханыбыз эли журту, жан жөөкөрлөрү менен аман бекен?-деп сурады. Алике баардыгын төкпөй чачпай айтып берди. Апасы Сыбызгы байбиче уулу менен жылуу учурашып бешенесинен сүйдү. Ата бала эрте мененки нанүштада, мындан кийин эмне кылабыз, алып келген сопу баланы кайсы жумушка коесун ? А тиги ашпозчу келин эмне жумуш кылат? Падышадан сураган жерлерине чабарман жөнөтүп, ал жерлердеги элдерди эмне кылабыз? Бүгүн бир кысыр эмди тай сойдуруп, эл билермандарын чакырып, бир тууган инилериң, Акберди, Кулберди, Айдаргазылар менен кеп кенеш куралы. Ушундай чечимге келген ата бала, эрте мененки тамактан кийин, сыртка чыкмай болушту эле, сырттан кирген Сыбызгы байбиче, ии олтура тургула айта турган кеп бар деп экөөнү орундарынан жылдырбады. Апасынын олуттуу нерсе айтаарда, үнүн бийик чыгарып,боюн түздөп, сөздү тандап, сүйлөшкөн адамды тик карап, сөз баштаарын сезген Алике бир азга энесинин жүзүн көздөй тигилди. – балам кечөө түнү хан ордодон алып келген бала менен келинди мен таң заардан, сүйлөшүп келдим. Баланды го өзүң бил, тиги отуз жаштагы солкулдаган жаш келин, жөн жердин кызы көрүнбөйт, көрүнгөнгө этегин тебелете бере тургандардан эмес экендиги көрүнүп турат. Акыл эси жайында, кылган жумушунан кынтык таба албаган,өндүү түстүү,жаш келинди биринчи көргөндө эле, эгер хандан сурасам макул болсо, тоого ала кетип,атасына нике кыйдырып коюну чечкен. Эне менен баланын ою бир жерден чыгып, акырын атасына, өзүңүз айтып, көндүрүң деди. Аны мага кой мен өзүм сүйлөшөм деди. А тиги баланы өзүм тарбиялайм. Күн пешинге чакырылган эл жакшылары, бийдин бир туугандары жакындары он эки канат боз үйгө келе башташты. Коноктор бий менен жылуу учурашышып, ал ахыбалын сурап жатышты. Он эки канат ак өргөөнүн ичи айылдын эл билермандарына, айыл жакшыларына,аксакал көксакалдарга жык жыйма болуп, алгач сөздү эл атасы Кунан бий өзү баштады –Балдарым,кагылайын бир боорлорум,мына биз көптөн күткөн күн да жетип келди. Кадырлуу Кокон ханы, сиздерге жылуу салам жолдоп, ал ахыбалыңыздарды сураптыр. Мына биз жөнөткөн кадырлуу бийибиз Аликени, жакшы тосуп алып, хан ордодо бир нече күн сыйлап, элибиздин урмат сыйын жерге таштабай, жакшы коноктоптур. Кокон ханынын биздин элге көрсөткөн урмат сыйы жөн эле жерден болбосо керек. Хан ордодо бардык эле чакырылган конокторго мындай сый урмат көрсөтө бербейт Аликенин сураганын, марттык менен чын жүрөгүнөн бердириптир. Асекенин этеги Үч теректен, күн чыгышты карай Жол чырак жайлоосун кошо бердириптир. Алгана эмес кара башыл адамдан экөөну,мына бул турган жигитти,жана тиги келинди да марттык кылып тартуулаптыр.Ошондой эле базар учарга барганыңарда коно турган Андижандан үч көчө.Мына муну уккан эл таң калыша күбүр шыбыр болушуп, бирде Аликеге бирде тиги алып келген келин менен балага таң кала карап жатышты. Ортодо бир аз тынчтык өкүм сүрүп –бир оокумда тиги бурчта олтурган Акберди, атаке ырас болуптур, эми ханга салам бербей кимге салам берет экенбиз?деген суроону узатты. Жо жоок балам, хандын алдына барса эле салыктан куткарып салбайт,хан Аликени Үч Терек менен Жол чырактын аралыгындагы эл менен жерге ээ кылды. Эми ушул учу кыйырсыз аралыктагы жашаган элдердин салыгын Алике баш болуп биз топтойбуз деди. Муну уккан ак өргөөнүн ичиндеги эл дуу дей түшүп хан бизге чоң сый урмат көрсөткөн экен дешип, өздөрүнчө бир аз кубангандай болушту. Эртеси туш оой айылдын молдосун алдыртып Кунан бийге Кокондон алынып келинген келинге нике кыйылды.Аликенин короосунда кызматта жургөн сопу бала, элге жерге саресеп салып ,акырын жаңы турмушка көннө баштады. Сопу баланын кундө кылган жумушу өзун канаттандырбай, бир куну Аликеге мындай деп кайрылды.Бий ата мен ушу сиздин корооңузда майда барат иштер менен алектенип журө береминби? мени бир жоопкерчилиги жогору, ишенимдурөөк, бир аз оорурак жеңил эмес жумуштарга дайындасаңыз кандай болоор эле. Алике балага жылуу жузу менен карап, мейли, короодогу малдын бардыгына жооп берген ишенимдуу жигити Табышты чакыртты. Бир аздан кийин ала бышты кунан минип кен далылуу жазык маңдай Табыш салам айтып кирип келди. Бий ата чакырткан экенсиз? Табыш ден соолугуң, бала чакаң тынчпы? мал жан аманбы? баары. Тынч, мал жан быйыл кудайга шугур, ит куштан кудай сактап, башы тугөл төрт жуз байталыңыз кулундап, кулундары менен аман эсен. Майда жандыктар да жайлоодон семиз тушушту. Эми эттен тушурбөй багуубуз зарыл деди. Табыш мен сени алдырганымдын себеби төмөндөгучө: Мына бул бала сага жардамчы болот. Жылкычыларга кошуп, жылкыны кантип кароону уйрөт. Жылкычылардын бирө жакындан бери ооруп, бир аз кыйналып жургөнун, ордуна тузугурөөк тыңыраак адам чыкпай, бийге кантип айтарын билбей жургөн Табышка оңдой салды. Бирок тиги боор эти катый элек баланы бир сыйра башынан ылдый карап, бай ата бул балаңыз, жарайт бекен деген суроо менен кайрылды. Эчтеке эмес жашы он экиде сен деле он учуңдө жылкы четинде атаң Босогого жардамчы болбодуң беле. Үйрөнуп кетет деди. Жылуу кийимдерин камдап жолго бир аз азык алган сопу бала ала бышты кунанга учкашып жолго чыкты. Айылдын түндүк чыгышында батыштан чыгышты көздөй созулуп жаткан бөксө тоо Сырт деп аталат. Ошол тоону көздөй жүрүшкөн Табыш менен сопу бала бир оокумда тоонун башына жалгыз аяк жол менен чыгып барышты. Боз үйдүн эшигинде жаткан короочу ит бир аз үрүмүш болуп, токтоду. Бозүйдөн чыккан сары чийкил жүздүү келин атты алып,үйгө кириңиздер деди. Эшиктен көлу беттерин жуушуп, бөзүйдүн ичине киришти. Эшиктен киргенгеби же күндүн бир аз бүркөлүп турганынанбы, боз үйдүн ичи күңүрт тартып, айлана тегерек көрүнбөй жатты. Бир аздан кийин көзү көнүккөн сопу бала боз үйдү тегерене карап, анын ичиндеги буюм теримдерди таң кала карап жатты. Эшиктен кирген аялга, эмнең бар, тамагың болсо бер, тезиреек бизге, жылкыга баруубуз зарыл деди. Айтмакчы таанышып ал мына бул бала мага жардамчы аты сопу бала, Ии ботом ушул жаш бала сизге кантип жардамчы боло алат, аны мага эле бериңиз мага да жардамчы керек болуп жатат деп күлүмсүрөдү. Сага жакында өзүңө окшош, бирок жашыраак жардамчы алып келем деп, каткырды. Ии мейлиңиз, сиз эмне десеңиз ошол да деп бир аз сумсая түштү. Экөө тамактангандан кийин,сыртка чыгып,ары бери басышып турганда эки атты ээр токуму менен жетелеген,ак боз ат минген кырк жаштар чамасында,көк ала сакал киши салам айтып аттан түштү.Келиң келиң, кандай иши кылып эсен амансыңарбы жылкы жайындабы? Ооба жылкы го жайында. Тиги эшменин сайындагы, жол боюндагы короодогу койлорго карышкыр тийип, бир нече койду жарып, жеп кетиптир. Таң аткыча сак сактап чыктык деди. Анда бул аттын бирөөсүн бул балага бериңиз. Сиз корону көздөй жөнөңүз. Мен бул баланы жылкычыларга табыштап,артыңыздан барам деди. Келишимдүү жерде кашка,үстүндөгү баланы жеңил гана алып жөнөдү. Келгенден бери өзү билгенинче ат мине элек сопу бала,жерде кашканын үстүндө, бир аз оңтойсузданып баратты. Көп өтпөй көп жылкынын карааны көрүндү. Жылкыларга жете келген Табышты,жылкы четинде турган эки жигит тосуп алышты. Мына бул баланы бий ата силерге жиберди жардамчы кылып,кабыл алгыла. Эки күндөн бери карышкырлардын кабарын угушуп уктабай чарчашкан жылкычылар ырас эле болбодубу деп кубанып кетишти. Сопу баланы жылкычыларга дайындап, Табыш андан ары кой короолорду көздөй жөнөдү Күн бир аз суук тартып, бүркөлгөн күн жаай баштады. Көп жылкынын четиндеги обочо жерде оттоп жаткан чоң тору айгыр,камыш кулактарын жапырып,башын жерге салып, кишенеп окуранып, ат үстүндө турган баланы көздөй жөнөгөн, жылкылардын алдын тосуп, үйүрүн кооруп жатты. Этият бол тиги чоң тору, сенин жат экениңди билип сенден үйүрдү кооруп жатат, алдыңдагы жерде кашканы мертинтип койбосун? эми бай акелер эмнеси болсо дагы, сиздер мененмин. Аки чүкүсүн мага жашырбай үйрөтүңүздөр деди. Ооба сен коркпо, ме мына бул укурукту, ат үстүндө чыйрак бол, жылкы баласы эң эле акылдуу келет, тез эле сени сындап коет. Катуурак бол дешип акыл насаатын айтышты. Мынчалык көп жылкыны мурда көрбөгөн сопу бала аттан түшпөй жылкыларды таң кала карап , жылкы четинде турду. Ошентип сопу бала үчүн ары түйшүктүү, өзү эңсеген жоопгерчиликтүү, жумуш башталды. Бир нече күндөн кийин сопу баланын өзүн жылкы четинде калтырышып, жылкычылар өөнгө, бозо ичкени жоро бозого кетишти. Күндүз уйкусун кандырып эс алган сопу бала жылкы четинде жалгыз калды. Жылкынын алдын тосуп, көп жайылта бербей көз көрүнө турган аралыкта жайышын шекирттери эскертти. Айрыкча быйыл туулган кулундарга этият болуусун айтышты. Кеч кирип күн олтурайын дегенде, тоо этегиндеги булакка жылкыларды сууга айдап түштү. Жылкыларды сугарып бүткөнчө караңгы да кирип келди. Жылкылардын алдын тосуп, кайра келген жагына жайып жөнөдү. Көп жылкынын алды тоону өрдөп арты али булакта. Жылкынын алдын тосуп кайрыбаса тескейге өтүп кеткидей. Астындагы жерде кашканын оозун кое берип камчы басты. Бир чай кайнамда жылкынын алдына жеткен сопу бала, жылкыны төмөн карай кату айдады. Кеңколот жылгасынын ичине жылкыны камоолоп өзү жылганын дөңсөө бийик жеринен карап турду.Түнү менен тынбай оттоп жайылган көп жылкы, таңга жуук гана, бир аз жуушап бир жерге токтоп ылоолоду. Ошондо гана сопу бала аттан түшүп, аттын белин бошотуп, өзү эс алууга олтура кетти. Чарчап калган баланын көзү илинип кетти. Кату чыккан дүбүрттөн чоочуп ойгонгон бала жанында жаткан укурукту ала коюп ордунан ыргып туруп жерде кашканы көздөй чуркады. Аттын белин бышытып ыргып минип укурукту сүйрөй, айгай салып жылкыны көздөй чапты. Коктуну өрдөп кату жүргөн жылкыны айланып өтүп , тосту. Аңгыча жылкыларды ортодон бөлүп төмөн көздөй айдап бара жаткан атчан адамдын караанын көзү чалды. Жылкыны кайрып тосуп, тиги кишиге көздөй аттын оозун кое берди. Тез эле жетип келген сопу бала, кыйкырып келип жанындагы келте көк союл менен тиги кишини коюп оттү. Муну күтпөгөн каракчы урулган соккудан камгактай болуп ат үстүнөн учуп түштү. Төмөн карай чубаган жылкылардын алдын тосуп, бөлүнгөн жылкыларды бириктирди. Аңгычакты жанагы,ат үстүнөн жыгылган киши тараптан кобур собур үндөр угулуп,каткырык чыга баштады. Күлгөн күлкүсүнөн тааныган.сопу бала, тигилер каракчы эмес эле, өзүнүн шериктери экенине көзү жетип , чаап жетип келди. Ии батыр оной жоо көрүнбөйсүң тим эле шилтегениң таамай тийип ат үстүнөн шамалдай учурдуң. Бали азамат жарайсын ! дешип тамашалап жатышты.Ошентип жылкычы шериктери менен бирге, жылкы кайтаруунун ыкмаларын үйрөнүп, күндөн күнгө такшалып, ат үстүндө уктап, ат үстүндө тамактанып анык тоолуктардын турмушун башынан өткөрө баштады. Күндөрдүн биринде чилде ортолоп калган кез, карышкыр күч алып, кудайдын күнү да катуу суутуп, күндө бороон чапкын, көз ачырбай жааган кар үч жылкычыны жүдөтүп, күнү түнү дем тыным болбой калды. Калың жааган кардан жылкы от таап жей албай, жылкычылар айылдан көмөк сураганга муктаж болду. Сопу баланы айылга жөнөтүштү Жеерде кашканы желдире бастырып, таң күланөөк салганда жөнөгөн сопу бала, Кең колоттон чыга бергенде алдынан бир караанды көргөндөй болду. Жакындап келсе, бир чоң көк ит, былтыркы тайды алдына салып, улам куйруктан тиштеп токтотууга аракет кылып,артынан келген сопу баланы көрбөй калды, жанбашынан куйулган кан карды бир аз кызылга боеп жиберди. Тайдын чарчап калганын көргөн сопу бала, чаап келип колундагы союлу менен көк итти чоку талаштыра коюп өттү.Таамай тийген соккудан көк ит ала салып, тайдын куйругун кое берип, качып жөнөдү, артынан кууган сопу бала калың карда узай албаган көк итти тез эле кууп жетти. Тиштерин көрсөтүп ырылдап, куйругун кыпчып,бурула берип тап берген итти дагы бир жолу ат үстүндө чоку талаштыра коюп өттү. Катуу урулган соккудан, ит чалкасынан түшүп колу бутун тыбыратып, кыңшылап жатып калды. Аттан түшө калып, колундагы сойул менен беш алты жолу оордунан тургузбай башка чаап чаап жиберди. Жанбашынан кан куюлган тайды бир кыр ары жактагы жылкыларга кошуп, болгон окуяны төкпөй чачпай айтып берди. Сопу бала менен итти көргөнү келген жылкычы өлүп жаткан карышкырды көрүп, чоочуп кетти. Эй иий бала бул эмне кылганың? Сени ат матың менен жарып таштаса эмне болмок. Ие бул ит эмес көк жал карышкыр. Муну уккан сопу бала өзүнө өзү ишенбей, чын эле карышкырбы? деди. Арадан беш жыл убакыт тез эле өтүп,сопу баланын атын, Алике бий Келдибек деп азан айттырып түлөө өткөрүп ат койдурду. Он жетиге чыккан Келдибек, кең далылуу, колу буту узуун, кабак кашы келишкен, кырдач мурун ат үстүндө шамдагай, боз улан болуп чыга келди. Короосундагы жандык малдан баштап, жылкы уй тоолорго чейин Келдибектин башкаруусуна өтүп Алике бийдин ишенимдүү адамына айланды. Жайдын, күздүн кандай келгендигине саресеп салган боз улан, келгин канатуулардын салган уяларына чейин байкап, көктөгү жылдыз менен айдын тогоошоруна байкоо жүргүзүп, кыштын кандай болоорун алдын ала боолголоп, билген, түйган Келдибек, кеч күздүн күндөрүнүн биринде уруксат сурап Алике бийдин ак өргөөсүнө салам айтып кирип келди. Аа кел кел балам, Аман эсенсиңби,мал жанын аманбы деп ал жай сурашты.Ооба бий ата жаныбыз өзүңүз көргөндөй аман, мал да жайында. Эшиктен кирген бийдин кичү кызы Акмактым амансызбы деп сурашты.Жашы он бештерге барып калган, ак жуумал, бакыраң көз узун бойлуу кызга кадала тиктеген Келдибек,сулуу кызды бир аз уялтып жибергенин сезди. Алдына коюлган таттуу тамактардан даам сызып, куйулган кою көк чайдан тамшана ууртап – бий ата мен сизге бир нерсе айтайын деп келдим эле деди. Ии балам айта гой кулак сенде деди. Бий ата быйыл кыш оор болот, кар көп жаайт,жаз кеч келет . Жазга маал арыкчылык болуп, күн суук болот, жут башталат. Элдин малы кырылып, алдыңкы байлар орто байларга айланат, орто байлар болсо кедей болушат. Мен сизден суранаарым жылкыны мага бериңиз. Мен жылкыны тее төмөн чөлгө айдап барып, кыштатам, ал жерде кар аз жаап жер кара болот. Мына бул Кызыл кыянын жанындагы Кувасайга кыштатам. Эрте жазда жылкычы чымчык келгенде, чымчык менен бирдей кошо келем. Ии балам мен Сенин айткандарыңа ишенем балам мейли айдасаң айдап кет деди.Аба ырайы бузулуп түнү менен жааган кар тизе өйдө болду. Эрте менен эрте турган Келдибек сыртка чыгып жааган кардан бир аз ичиркене үстүнө тонун жамынды. Колундагы эки жылкычыны ойготуп, аттарын токутуп жылкы четиндеги жолдошторун көздөй жөнөштү.Жолдо бара жатып, бийден уруксат сураганын шериктерине айтты. Азыр барып жылкыны топтоп, Кувасайды көздөй айдап жөнөйбүз деди. Аңгыча болбой жылкы четине келишти. Ат колүгүн камдашып, керектүү жүктөрдү артынышып, көп жылкыны алдыга алып көчүп жөнөштү.Убакыт тез эле өтүп,кыш ортосу ооп,калың жааган кардан , эртели кеч катуу сууктап эл бир аз кыйнала түштү. Убакыт билинбей өтүп жатты. Эл ичиндеги айрыкча, айылдын төбөсү көрүнгөн,байлардын арасында күбүр шыбыр кеп болуп, ии Алике кайдагы бир келгинге жылкысын айдатып,ал келмек беле чөлгө жетти жылкы баласы куюн сымал,эмдигиче жер түбүнө жетти. Издеп да таба албайт дешип, бийдин өзүнө айта алышпаса да артынан сөз кылып жатышты. Аш пештебей жаз да келди. Калың жааган кар, күндүн суугу,колдогу болгон жем чөптү түгөттү.Сай сайларда, кокту колоттордо өлгөн малдын саны күндөн күнгө көбөйө баштап,жут башталды. Көп өлгөн малдын тарпын ит куш деле жеп түгөтө албайт экен. Эл арасында биз го алалдап, сойуп,көзүбүздүн алдында өлгөндөрүн жеп алдык,тиги бийге кыйын эле болду,эч кур дегенде этин да жей албады деп жатышты. Ошентип күндөр өтүп ,жаз да келди,борошолоп жааган сары кар эртеси таңга маал токтоду. Күн чайыттай ачылып, эрте мененки багымдат намазына турган бий, короодогу кызматчылары карды таза күрөп, короонун жака белин тазалоосун өтүндү. Пешин намазынын убактысы келип,намазга даярдана баштаган бийге сырттан кирген кичү кызы Акмактым, ата тиги эшиктеги күрөлгөн карга сайылган күрөктүн сабында ,жылкычы чымчык келип конуп олтурат ал эми Келдибек акемден дайын жок деди. Алтын кызым, келип калаар, көп мал эмеспи,айдап үлгүрбөй жатса керек да деп кызын жоошутту. Өзу ичинен сызып чын эле алдадыбы деген ойго чөмүлдү. Аңгыча намаздигер намазына даарат алууга чыккан бий,тее батыш кыбыла тараптан, Түлкү төбөнүн үстүндөгү көп караанга көзү чалдыкты. Намаздигер намазын окуп бүтүп үйдүн ичинде чай ичип,олтүрган бийге,сырттан, атаа сүйүнчү Келдибек байкем келе жатат деп чуркап кирди. Ордунан турган бий болсун балам болсун деп, алкап кызынын эки бетинен сүйдү. Аңгыча көп жылкынын дүбүртү энесин издеген кулундардын кишенегени жакын жерден угулуп,сырттан адамдардын кобуру угула баштады. Салам айтып сырттан кирген Кепдибекти бий жылуу кабыл алды. Аман эсен суралып бата тартылды. Ии балам жылкычы кучкач бешинде келди, сага эмне болду? Деп бий жылмая суроо узатты. Бий ата жылкычы кучкач менен барабар келе жатым эле, тиги Түлкү дөбөгө келгенде, баякы чоң кашка бээ кулундап кулунун телчиктиргиче жылкычы кучкач келе берди деди. Ырахмат балам ишеничти актадың, азаматым эки дүйнө кем болбо, кудайым сени колдосун,урууңдан эл журт башкарган азаматтар чыксын деп бата берди. Жаз келип эл жайлоого көчөр алдында бий эл жакшыларын топтоп, кызы Акмактымды Келдибекке баш коштураарын айтты.Чоң той берип, кызы Акмактымды күйөөго узатты. Келдибекке сырт жайлоосунун алдындагы күнгөйдөн жер бөлүп Түлкү дөбөдөн Папанга чейинки тоо кыркаларын белеке берди.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

02-05-2012
Улуттун баатыры Бердике берендин урпагы Шүкүр бийдин баяны
2266

Еще статьи

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
X
Для размещения комментария авторизуйтесь

×