Добавить статью
3:43, 2 мая 2012 24706

Улуттун баатыры Бердике берендин урпагы Шүкүр бийдин баяны

Мээ кайнаткан аптаптуу жай чилдеси. Күн аркан бою көтөрүлүп, Анжияндан чыгышкан үч жолоочу алдындагы аттарын акырын бастырышып Ошту көздөй сапар алышты. Аптанын бейшенби күнү Анжиянга мал айдатып келишип соодалашып, малдарын пулдап, керектүү базар учарын бүтүрүшүп, мал айдап келген жигиттерди кечээ ишенби күнү тоого карай жолго салышкан. Жолоочулардын ичинен сары ала ат минген Шүкүр, улам атынын оозун тартып, артта калып жаткан эки шеригин акмалай алдындагы сары аланы ойуна койбой, чок басып алгансып ордунда тура албай жер тепкилеп туйлай алып учкан сары аланын оозун тартып, акырын шаардан узап баратышты. Шүкүр минген сары ала, кулун кезинде эле, үйүрдөгү кулундардын арасынан өзүнчө бөлүнүп көзгө жакын, чолпондой көзү жайнап,жумурланып, жанына келсең бир ордунда туралбай, ойун салып ээлигип турчу. Камыш кулак, тулку бойунун этинин булчуңдары жик- жик болуп бөлүнүп,учаар куштай аласалып талпынып турчу.Тээ алыстан ак кар баскан чокулары көрүнгөн Алтын Казыктын салкын төрү көз алдына элестеп, тезирээк эле жетсек экен деп, чыдамсыздана шериктерине улам улам кылчайып караган Шүкүрдү, агасы Кожомберди  ээ Шүкүр сен эле десем алдындагы  сары ала дагы  алып учуп тезирээк  эле тоого жетсем деп айта албай  турганыңарды  сезип турам. Анда эмесе сен бастыра бер. Ошко жетип күтүп турсаң,биз да жетип барабыз деди.Ушуну гана күтүп турган Шүкүр, сары аланын оозун кое берди. Заматта текирең таскакка салып Шүкүр  шериктеринен узап бара жатты.Алике бийдин тун уулу Максымдын экинчи уулу Шүкүр быйыл отузга толуп, өз алдынча үй бүлөө куруп түтүн булатууну али ойлоно элек.Атасы Максым ээ балам орундуу жер чыкса сени үйлөп жайлап, койбосом чоң атаң Алике улам алдына барган сайын мени жемелеп, эми колуңда жокпу тиги балаңды үйлөбөйсүңбү деп менин тынчымды алууда деп, Шүкүрдү көргөн жерде жемелеп,эмне карыгыча жүрө бересиңби?-деп айласын кетирет. Убагы келгенде үйлөнөм ата деп Шүкүр атасы Максымды жоошутат. Касиеттүү Сулайман тоосунун карааны көрүнүп Шүкүр тез эле Ошко жетип келди. Сулайман тоонун күн чыгыш тарабынан Анжиянды көздөй агып жаткан Ак буура дарыясынын жээгинен орун алган бак шактуу үйлөрдүн биринин короосуна келип түшкөн Шүкүр атынын ээр токумун бир аз жеңилдете бошотуп короонун ичине тигилген чоң көлөкөлү өрүктүн түбүнө байлай салды. Өзү сыртка чыгып,дарыянын бойунда, бети колун жууп бираз серүүндөп ары бери басып турду.Аңгыча тигил короо тараптан ала топу кийген орто жаштагы адам чыга келип келиң, келиң мейман, эмне тамак даярдайлы деп суроо узатты. Ооба үч кишибиз пало басып берсеңер жакшы болмок, шериктерим түшкө чейин келип калышат деди. Ак бууранын жээгине койулган чарпаялардын бирине барып олтурган Шүкүрдүн алдына ысык нан таттуу жүзүм жана чай алып келишти. Дарыянын шоокуму бактын көлөңкөсү,аба бир аз муздай түшүп салкындай берип айлана чөйрөдөн, эс ала түшкөн Шүкүр, чыканагына койулган жаздыктарга башын жөлөй үргүлөп уктап кетти. Пешин намазына чакырылган азандан, ойгонгон Шүкүр ордунан туруп даарат алып,тоонун этегиндеги мечитке намаз окуганы келди. Намаздан чыккан Шүкүр, короодогу өрүктүн жанынан байланып турган аттарды көрүп,шериктеринин келгенин билди.Чарпаядан орун алышып, алдына койулган таттуулардан ооз тийишип чай ичишип олтурган үчөөнүн алдына, бат эле кой эти менен майына жасалган палоону алып келишти.Жакшылап тамактанышып, түш оой үч жолоочу Оштон кыштоону көздөй жолго чыгышты. Күн олтурайын деп, айлана чөйрө бир аз салкындай түшүп тээ тоо тараптан соккон жел тулку бойун сергитип, көңүлү көтөрүлө түшкөн жолоочулар Ак чабуудан бурула беришип Сырттын этегиндеги жалгыз аяк жолго  түшүштү.Караңгы кирбей кыштоого жете келишкен үч атчанды, четки үйдөгү Алакчын өзү тосуп чыкты. Келиңиздер абалар, кандай баш жаныңыздар аман барып келдиңиздерби?-түшүп бүгүн эс алып эртең эрте менен чогуу жайлоого кетебиз, макул болсоңуздар –жок мен жайлоого токтобой кетем, андан көрө суусундука эмнең бар алып чык деди. Жарма куйулган кесени ат үстүндө дем албай туруп, ичкен Кожомберди, ай Шүкүр, силер да кетесиңерби?- жок мен бүгүн кыштоодо калам  эртең жолго чыгам, ии анда мейли мен жайлоого бара берейин,силер эс алгыла деп жолго чыкты. Кечинде жатакчылардан кабар алганы келген Аликенин үчүнчү баласы  Алакчын менен бирге дем алышып , эртеси эрте менен таң заардан Алакчын экөө,эгилген эгиндерди аралап көрүшүп,суу кое турган жерлерин аныктап, жатакчыларга дайындап жолго чыгышты.Айылдан чыга беришип, тоо этегиндеги таштуу жолго түшүшүп, эки атчан тез эле Кара таштын тушуна келгенде капчыгайдын эки жагында өскөн койуу арчанын жыты, таштан ташка урунуп ээ жаа бербей агып жаткан Жар коргон дарыясынын шоокуму, делебени козгоп өзүнчө бир керемет. Башын чулгуп, ордунан алып учкан сары ала Шүкүрдү табийгаттын ары кооз, кол менен жасап койгондой койнуна салкын абаны жиреп алып кирип бара жатты.Жанындагы Алакчындын артта калганын сезбей, алып учкан сары ала бат эле Сары жайыктан өтүп, Ат базарга жете келди. Алчалуу, Шорпо тоңбос,Төө камоочу, Сары жайык, Ат базар, Доңуз жылга, Босого, Таш мечит андан кийин  Эш жайлоолорун басып өтөт.Аталган жайлоолор Шүкүргө коен жатагынан бери тааныш. Тоо суусуна чукулдап жакындаган жол өр тартып,Доңуз жылганын тушуна келгенде аттын оозун тартып, караган шилбинин арасындагы түркүн кызыл тазыл гүлдөгөн гүлдөргө,долоно менен табылгынын чычырканак аралап өскөн, жол бойундагы арчалардын арасындагы бош жерлерге тигилген дарыянын бойундагы чакан боз үйлүү айылга жете келди.Салт бойунча жолдон өткөн жолоочуну, аттан түшүрүп, үйгө киргизип даам сыздырып, андан ары узатып койуу, жол бойунда коно олтургандардын милдети. Шүкүрдү алыстан тааныган Асан өзү алдын тосо чыгып, кел балам аттан түш, бир аз эс алып кет деп кучак жая тосуп чыкты.Аттан түшкөн Шүкүр боз үйдүн жанындагы арчага атын байлай салып үйгө кирди.Асандын байбичеси ордунан козголуп кел балам төргө өт, кандай эсен амансыңарбы? Жатакчылардын  ал ахыбалы кандай,деп сурашты. Дасторкон жайылып,кемегеде кайнап жаткан жаш козунун сорпосу тартылып, артынан камыры менен эти келди. Жумшак бышырылган козунун этинен камырга аралаштыра туурап сорпосунан куйуп тамшана ичип жатышты. Суусундука берилген бал кымыздан бир нече чыны ичкен Шүкүр, ырахмат айтып, сыртка чыкты.Сары аланы минбей жетелеп,жол бойундагы карагат бүлдүркөн өскөн шиберди аралап, улам өр тарткан сайын, жол арчалардын арасы менен ийри бүйрү болуп бирде дарыядан алыстап, бирде суну бойлой, улам бет мандайындагы Алтын казык тоосу жакындап, тигил Шамбеттин белинен учкан улар берки өйүздөгү Таш мечиттин оодарылышынан ары көрүнбөй калууда. Түркүн куштар сайрап табийгат өзүнчө бир керемет. Жетелеп бара жаткан ат кошкуруп, үркүп, эки аяктап секирип Шүкүрдүн колунан чыгып кетти. Аңгыча болбой бет маңдайдагы  койуу өскөн долоно чердин арасынан бир нерсенин карааны көрүнгөндөй болду. Чаарчыгын ээрчиткен элик аласалып заматта долоно чердин арасына кирип көрүнбөй калды.Үрккөн атын кармаган Шүкүр, сары аланы минип Таш мечитти айлана өтүп Эшке жете келди.Арча долоно өскөн жолду артта калтырып кең жайыктагы чоң саздын жогору жагындагы дөңсөөгө тигилген чоң айыл чон атасы Алике бийдики. Он эки канат чоң үйгө улай тигилген, экинчи үй агасы Кожомбердиники. Эшик алдында жүргөн жеңеси Кишим кайнисин алыстан таанып утурлай бери басты. Аттан түшкөн Шүкүр ,ии жеңе тынч эсен амансыздарбы?-деп ал жай сурады. Ооба, кудайга шүгүр, өзүңүз кандай кыштоодогулардын дени тынч бекен, дан эгиндери кандай?-Ооба жеңе баары жайында,быйыл түшүм мол болчуудай, болсун болсун, элдин мээнети кайтып,кампабыз данга толсун ылайым деди. Айтмакчы жеңе мен сизге дайындаган баягы кой ичинде жүргөн көк кочкорду акемден сурап койдуңузбу? Жол чыракка көчкөнгө чейин, мен Наманганга барып келүүм зарыл болуп жатат. Ооба сурап акеңизди көндүрүп койдум.Ырахмат жеңе азаматсыз,деп жеңесин алкады.Арадан күндөр өтүп эл жер которуп,Жол чырак жайлоосуна көчөр убакыт келип калды. Наманганди көздөй жөнөгөн Шүкүр,жол ката ,ар жерге токтоп,эс алып артынан ээрчиген көк кочкор да токтогон сайын жол боюндагы оттон жулмалап экөө бири бирине эрмек болуп, эки күн жол жүрүштү. Үчүнчү күнү намаздигер намазынан кийин, алыстан Наманган шаарынын карааны көрүнө баштады. Кудаа кааласа эртең түн ченде шаарда болуусун божомолдоп Шүкүр, жол боюна тигилген чоң бир түп жаңгактын көлөкөсүнө эс алууга олтурду.Тоо тараптан соккон сыдырым жел       көлөкөдө олтурган Шүкүрдү ныксыратып уйкусун келтирди.Жаңгактын түбүндө уктоого, болбосун билген Шүкүр,көк кочкорду ээрчитип жолун улады.Күн ыссык, үп тартып ыссык тийген күн,дене боюңду шалдыратып алыңды кетирет.Бираз тургандан кийин , чоң жолдогу чаңды көтөрө шартылдаган, текирең таскака алган эки атчан,артынан тез эле жетип келди.Карагер атка минип олбурлуу,мурутун чычайта кайрыган жакасы жок ак күрмөнүн жеңин чыканагына чейин түрүп койгон, балбан билек,эрдемсиген неме көздөрүн чанагынан чыгара кыйкырып,Эй сен кимсин,менин жолумдан чыккан кайда бара жатасың же адаштыңбы?Эй Калмурза аке бунун койун алып кетебиз семиз кой экен бир тойуп жыргайт экенбиз да- деп жанындагы эпилдеген неме унчукту.Ээ бул кишиден сурап олтуруштун өзү акмактын иши кана койду карма,бол тез жолдон кечигип жатабыз.Аттан ыргып түшкөн арыкчырай неме көк кочкорду кармоого умтулганда, көптөн бери кармалбай көп койдун арасында ары бери чуркап жүрүп табына келип калган көк кочкор,артына кетенчиктей берип, алдыңкы эки буту менен жерди чапчып,башын жерге салып,кармоого умтулуп келе жаткан,арбакты көмөлөтө сүздү.Ордунан турууга арекет кылганда,дагы күүлөнүп келип ич талаштыра койуп оттү.Вой дод!-өлтүрөт Калмурза аке мага жардам кылыңыз –деп чаңга аралашып,ордунан тура албай жатты.Эй акмак келесоо ушул бир койду эптеп кармай албайсын деп өзү аттан түшүүгө камына баштады.Аңгыча көк кочкорду жоошутуп белиндеги жипти чечип, кочкорду жол боюндагы шыбактын түбүн чогултуп кошуп туруп байлай салган Шүкүр,ээ туугандар,ассолому алейкум деп салам айтты.Сен кимсин, кана койду чеч мага жибин кармат,дагы өз жолуң менен кете бер- деп буйруй сүйлөдү.Жо жок кой меники сизге берилбейт- дегенде, ачуусу келген неме, эмне деп жатасың мени билесиңби мен киммин азыр башыңды алам деп колундагы чоң шамшарды сууруп,Шүкүрдү көздөй умтулду.Муну алдын ала байкап турган Шүкүр,колундагы табылгы сойул менен бычак кармаган оң колдун каруусунан согуп өттү. Көзүнөн от чагылган неме,бычагын колунан түшүрүп жиберди.Муну күтпөгөн байбачча,артына бурулуп качып жөнөдү.Жерде чаңга аралашып боз ала болуп өзүнө келе албай жаткан шериги, эй Калмурза аке жардамга, эми бизди бул жапайы өлтүрөт-деп ыйламсырады. Карагер атка жетип,эптеп мине салып шеригине карабай,качып жөнөдү. Боз ала болгон арыкчырай немени ,Шүкүр ордунан тургузуп, үстү башыңды тазала деди.Тиги шеригинин шамшарын, жерден алган Шүкүр,арыкчырай немеге жакындап келгенде Чөгөлөй калып,өлтүрбөң аке! Мен бир жетиммин эч нерсем жок акежан эмне десеңиз кылайын мени өлтүрбөң- деп жалынып ыйлап жиберди. Тигинин минген атын кармап келип, үстү башын тазалап,атына мингизип,мындан кийин бул жоорукту кайталабай жүр деп жолуна салды. Эртеси күнү түш оой,көк кочкор ээрчишкен жолоочу Наманган шаарына  келип жетти.  Бийик дубалдар менен курчалган шаардын тар көчөлөрүндө ары бери өткөн эл, Шүкүр менен артындагы көк кочкорго таң кала карашып, кээ бирөлөрү келишип, кочкорду сатасызбы, канча турат деп сурап жатышты. Шамга чейин барар жерин издеген Шүкүр акыры бийик коргон менен курчалган азан айтылуучу мунарасы бар,мечитти шаардын бир четинен издеп тапты. Чоң дарбазанын ары жагынан жакындап келе жаткан адамдын дабышы  угулду, тез эле кичине эшик ачылды. Эшиктен баш баккан башында ак селдеси бар,өңү бопбоз неме арыжак берижакты тез карады да, тез эле эшикти жаап жок болду. Мечиттин кире беришиндеги узунунан салынган үйдүн ичинде жыйырмадай, баштарында селде оронгон адамдар өз ара күбүр- шыбыр болушуп бирдемени окуп жаттап жатышат. Сырттан кирген жанагы  киши таксыр көчөдө эч ким жок –деп бийик атайын курулган жайда олтурган аппак сакалы көкүрөгүнө түшкөн кочкор тумшук көздөрү чоң, иреңи ак саргылынан келген, абышкага кайрылды. Эмне дейсиз?-деп абышка кулагын түрө эңкейди.Урматтуу таксыр, көчөдө сиз айткан адам көрүнбөйт,бирок бир адам жана жанында бир кой турат –деди.Ошо кой ээрчиткенди алып кел деди. Таң кала сопу көзүн алайта,ээ аны эмне кыласыз?Кайрадан сыртка жөнөгөн сопу, дарбазанын түбүндө турган Шүкүргө келип сизди таксыр ичкериге кирсин деп жатат деди.Сопуну эрчиген Шүкүр,койду короого калтырып үйдү көздөй жөнөдү.  Ным жыттанган үйдүн ичи бир аз караңгы эле.Салам айтып кирип келген Шүкүрдү таксыр баш болуп баардыгы алик алышып жылуу маанайда тосуп алышты. Келиңиз бул жака өтүңүз-деп Шүкүрдү өзүнүн жанына чакырды.  Ал жай суралып, алдыга дасторкон жайылып чай ичиле баштады. Бир аз сүйлөшүп олтургандан кийин, Шүкүр мындай деди таксыр, жол алыс мен сиз менен убактыңыз болсо түнү менен сүйлөшүп эртеге эрте менен жолго чыкпасам болбойт деди. Жакшы болот сиз эмне десеңиз мен макулмун. Шүкүр ошентип түнү менен таксырга дин илиминен билген нерселерин айтып эрте мененки багымдаттан кийин кайра жолго чыкты. Сабак алганы келген , беш он жылдап таксырдан ислам дининин касиеттерин окуп үйрөнүп жатышкан сопу окуучулар,таксырга бир суроо менен кайрылышты. Ээ азирети таксыр,биз көп жылдан бери сизден окуп,отуңуз менен кирип күлүңүз менен чыгып, сиздин көңүлүңүздү ала албай жүрөбүз. А сиз болсо бир тоолукту тез эле кабыл алып бир эле күндө сен илим билет экенсиң өттүң деп айткандарын кабыл алып жөнөтүп жибердиңиз.  Муну кандай түшүнсөк болот?-деп суроо узатышты.Ооба, бул келген адам жөнөкөй адам эмес, алла талам колдоп жөлөгөн, таза ак ниетүү кең пейилдүү, кудай сунган пенде.  Бул кишини салыштырып айтсам «чыракка майды куйуп,шишесин тазалап даяр кылып келген экен, мен пилигине ширеңке чагып тамызып бердим», дегенде бардыгы таң калып жакасын кармашты.  А сиздердин чырагыңыздар али күйүүгө, жарык берүүгө даяр боло элек дегенде бири бирин карашып баштарын чайкашты.  Үч күн жол жүргөн Шүкүр, кыштоого келип эс алды. Артынан ээрчиген көк кочкор, кыштоого турбастан келген жолу менен Эш жайлоосун көздөй жөнөп барып койго кошулду. Көк кочкордун койлордун арасынан пайда болгонун көргөн Кожомберди, кочкор келиптир Шүкүр кайда калды деп , эртеси кичү баласы Ташматты кыштоого жөнөттү. Кыштоодо эс алып жатакчылар менен өткөн кеткенди сүйлөшүп, эс алган Шүкүр , эртеси эрте мененки намаздан кийин Эшти көздөй жолго чыкты.Кара таштан өтүп ,кыялай кеткен жалгыз аяк жол төмөндөп олтуруп Жар-коргон дарыясынын жээгине келип биринчи кечмеликке такалат.Биринчи кечмеликтен өткөн Шүкүр, Шорпо тоңбоско жеткенде жер кадимкидей жарып айлана тегерек дана көрүнө баштады. Бет маңдайдагы кош жардан учкан бир топ кекилик жол бойундагы алтыгананын түбүнө келип конушту. Кекиликтер быйыл семиз учушканда ордуларынан, обого тик көтөрүлүшөт. Муну байкаган Шүкүр, алдынан карпа –курпа чыга калган Ташматка, ии жол болсун кайда жөнөдүң деп суроо узатты.-Атам сизден кабар ал , көк кочкор кече түшкө жакын койлордун арасында, Шүкүр акең жок эмне болду экен деп мени кыштоого жөнөттү.Аа жаныбар короосун табып барган экен да,кана эми жакшы болду кайра кайт мага шерик бол деп экөө чогуу жолго чыгышты. Арадан бир аз убакыт өтпөй экөө Эш жайлоосуна жете келишти.  Айылдан обочороок тигилген он эки канат боз үйдүн эшигине келишкен Шүкүр менен Ташматты, Алике бий өзү тосуп алды. Сексен жаштын кырына барып бий, али күүлү күчтүү кандай балам, эсен аман барып келдиңби? Жумуштарыңды бүтүрүп алдыңбы? –Ооба ата барып келдим жумуштарымды аткарып келдим. Анда айланайын балам,бир кысыр эмди тай кармат,түлөө өткөрүп коелу-деди.Тай союлуп түлөө өткөрүлдү.Эртеси журт которушуп Жол чырак жайлоосуна көчүштү.Көчтүн алдында Алике бийдин түмөн көп жылкысы айдалып, андан соң кара мал жандык, айыл эли өз унаалары менен Жолчыракты көздөй сапар тартышты. Алды болуп баратышкан Алике бийдин көчү Папан капчыгайынын оозуна келип,Ак буура дарыясынын боюнда бир аз эс алышыты. Андан ары жөнөгөн көч, бирде дарыянын боюна жакындап ,бирде жогорулап дарыядан бир топ алыстап кеткен ийри буйру жалгыз аяк жол менен сапарын улантууда.  Мына Күндөлүккө жетип келген көчтү дарыянын оң жак жээгинде жайланышкан айылдын эли жапырт келишип тосуп алышты. Унаа үстүндөгү жүктөр чечилип жол боюна тигилген боз үйлөргө коноктор кире башташты.Аликени Күндөлүк айылынын бийи Муратаалы өзү тосуп, кучагын жая, жол болсун,жол болсун, аман эсен баш кырсыктан сырткары келдиңиздерби деп бийди ат үстүнөн өзү түшүрүп үйдү көздөй алып жөнөдү.Боркулдап кайнаган козунун этинин жыты буруксуп,мурунду жара табитти ачып курсактын ачканын сездирет. Аман эсендик суралып дасторкон жайылды.Ыссык жабылган нан топоздун бышкан каймагы, бийдин сүйгөн тамагы экендигин билген Муратаалы күн мурунтан баарын даярдап белендеп койгон.  Алдыга келген тамактан шашпай жай баракат даам татышып өткөн кеткендерден сүйлөшүп олтурушту. Кодогочун  бөрү элинин көзгө басар ,тил билги баардык нерсени айттырбай билип турган азаматы ушул Муратаалы. Чай үстүндө Алике Муратаалыга кайрылып ,ээ Муке мен сага көптөн бери бир нерсени айталбай жүрөм, ии ии айтыңыз кулак сизде деп күлүмсүрөдү.Озүң билесин , менин эң кичү уулум Шүкүр жашы бир топко барып калды , үйлөн десем үйлөнбөй жүрөт ушул баланы эптеп көндүрүп үйлөндүрүп койсомбу дедим эле деп унчукту. Ооба тура кыласыз , Шүкүрдү куда кааласа мен көндүрөм . көздөгөн жериңиз бардыр бийим?ооба тиги силердин айылыңардагы, Абдырахман молдонун бойго жеткен кызы бар, ошого жучу түшүп барсамбы дедим эле.  Жакшы болот мен деле сиз менен кошулуп барам .Ооба жайлоого жетип жайланышып алып , андан кийин келээрмин сен экөөбүз барабыз жучу болуп, мен даярмын кызды сураганга чогуу барабыз. Түн бир оокумга чейин сүйлөшүшүп эс алууга жатышты.Таң куланөөк салганда , сыртка чыккан Алике бий үйдү айлана басып, байланып турган төөлөргө жакындап келди али караңгы болгондуктан эчтемеден капары жок оозунан ак көбүгүн чубалтып кепшеп жаткан чоң атан төөнүн жанында турган  караан, бийди көрүп чочуп кетти.Эй сен кимсиң эмне кылып жүрөсүң бул жерде,деген бийдин суросуна мен эле бий ата Шүкүрмүн мына бул атан төөнүн буйласында байланып турган жоолукту чечип алып койойун дедим эле.Жаш атан төөнүн буйласында байланып турган ак жоолукту көргөн бий таң калды. Бул кайдагы жоолук?  Ким байлады?  Көчтүн алды Жол чырак жайлоосуна жетип жайланышкан соң,бийдин конушу турган жер даярдалып, көчтү күтүп жатышты.Жол ката жаш атандын буйласына байланган ак жоолукту ар нерсеге өзүнчө жооруган бий, акырында бир жыйынтыка келип жакшылыкка жооруду. Небереси Шүкүрдү үйлөнтүп , өз алдынча кылып түтүн булатса деген ойу ордунан чыгуусуна эми ишенди. Муратаалы түнү менен бий эс алууга жатканда Абдырахман молдону алдыртып, ага болгон иштин чоо жайын төкпөй чачпай түшүндүргөн эле.  Молдоке сага жөн жерден жучу барбайт, Алике бий бул чөлкөмдө атагы таш жарган, белгилуу адам, мага өзү айтты сенин кызыңа жучу жөнөтөм деп. Өзүң жакшылап ойлон, бир жообун мага туугандарың менен макулдашып туруп бер деп эскертти. Үйүндө бардыгын өзү чечип,өзү бүтүргөн молдо,аялы Мариямга болгон ишти айтты. Сиз макул болсоңуз биз эмне демек элек маакулбуз.Ошентип бир чечимге келген ата эне кыздын жеңесин чакыртып, силер тиги бий конгон үйгө барсаңар,Муратаалы силерди тосуп алат деди. Келин кайынсиңдиси менен Муратаалыныкына тез эле келишти. Аларды Муратаалынын келини Акбермет тосуп алып,аны муну сүйлөшүп акырында ушул ак жоолукту жаш атандын буйласына байлап койууну чечишти. Бийдин көчү да жайлоого жетип келди. Жүк түшүрүлүп боз үйлөр тигиле баштады. Атактуу Жол чырак жайлоосу кол менен жасап койгондой кооз. Кыдырата өзөндөгү суунун жээгине тигилген жыйырмадай ак боз үйлөр жайлоонун көркунө көрк кошуп, апапак жумурткадай көрүнөт. Абдырахман молдо, узун бойлуу, баскан турганы ыкчам, айтканынан кайтпаган, өжөр,  такыба өзүнө дайым тыкан, өз мезгилинин кадырлуу, сый урматка ээ ,ислам динин окуп үйрөнүүдө,атагы бир топ , Ноокат чөлкөмүндөгү көзгө басар молдолордон. Атасы Ысмайыл, болуш болуп эл башкарып журт үстүндө жүрүп, кезегинде жалгыз уулуАбдырахмандын кат сабатын жойдуруп,Ташкенге окууга жиберип ал жактан терең билим алдырып, жаратылышынан зирек, акылдуу баласын, кайра айылга алып келип, үйлөп жайлап, баласынын турмушка болгон көз карашын өзгөртүп, элге журтка кызмат кылууга, алган билимин кеңири элге жайылтып, ислам дининин өзгөчөлүктөрүн ийне жибине чейин түшүндүрүүгө,өз убагында жардам берген инсан, колундагы байлыгын эл үчүн аябаган берешен март адам эле. Абдырахман дайыма бир гана ибадат жолу менен кудайдын алдында, анын айткандарын кылып, беш убак намазды убагында окууга,дайыма таза жүрүүгө үндөөр эле. Атасынын көзү өткөндөн кийин,атадан калган мал мүлккө ээ болуп,аларды сарамжалдуу пайдаланып,бей бечаара кембагалдарга жардам берип,малдын салык зекетин өз убагында төлөп,элдин сый урматына ээ болуп олтурат.Ушул Абдырахман молдонун,тун кызы, Фатима он бешке толуп бой жетип ,үй төр ичиндеги апасынын жакын жардамчысы. Аял затына тийешелүү, жүрүм турумду, өң келбетти,акыл эсти сулуулукту алла таала марттык кылып, ушул кызга тартуулагандай.Кичинекейинен,атасы менен апасынын тарбиясын, алардын баскан тургандарын,кулк мүнөздөрүнүн жакшы жактарын, көрүп чоңойгон кыз,кадыресе турмушка көзү каныгып,жашоодогу карама каршылыктарды,өзү талдап,бир чечимге келүүдө, дайыма акыл калчап,иш тутат.Алике бий жөн эле жерден Абдырахман молдого кудаа түшүп жаткан жери жок.Небереси, Шүкүр чоң атасынын айтканынан чыкпаган,бийдин көз карашын эч качан четке кагып, анын айткандарын эки кылган эмес.Абдырахмандын кызы тууралуу сөз болгондо,Шүкүр чоң атасы Аликеге бир нерсени айтуудан тартынып, жакын жеңеси Кишимге ойун айтууну чечти. Жайлоонун толуп турган кези.Эрте мененки нанүштөдөн кийин, Шүкүр чоң атасыАлике бийдин үстүнө кирди.Ата мен сиз менен бир нерсени макулдашайын деп келдим.Ооба айта бер ал эмне деген макулдашуу.Ата мен түндө түш көрдүм,түшүмдө кыш мезгили экен, айлана апапак кар, күн чайыттай ачык, аңгыча эле Жар-Коргондогу кыштообуздун күн батыш тарабына, боз ат минген бир аксакал, дагы бир боз ат минген тестиер бала менен элүүдөй боз жылкыларды айдап келишти.Жылкычынын мингени дагы үстүндөгү кийген кийими дагы ак,айдап келген жылкылары дагы бир түстө ак. Ие балам,атаң Аликеге айтып кой мынабул жылкыларды малына кошуп алсын, анан дагы мына бул жоо кылычты сен өзүң ал-деди.Жанындагы тестиер бала атына салынган куржундун көзүнөн,бир ууч кызыл шуру алып мына муну да ал -деди. Ойгонсом эрте мененки багымдат намазына азан айтылып жатыптыр.Ээ балам жолуң болсун,жакшы түш көрүпсүң.Кудайыбыз кааласа малыбызга мал кошулуп, мартабабыз жогорулайт экен. Түштө көргөн жылкы айрыкча бир өңчөй боз болсо,кудайдын бергени балам. Сага берилген жоо кылыч балам, эртедир кечтир бийлик сенин колуңа өтөт,эл бийлейсиң балам. Ал эми тиги тестиер бала берген кызыл шуру,жакында колуктулуу болосун.Чоң атасынын алдынан көңүлү көтөрүлүп чыккан Шүкүр,короодо жүргөн жеңеси Кишимге көзү чалдыгып жеңесинин жанына барып,көөгөндөлгөн козу улактарды желедеги кулундарды бошотууга жардам бере баштады.Иие бала бүгүн негедир көңүлүңүз көтөрүңкү көрүнөт,эми болду,көп зарлантпай мени тезиреек абысындуу кылбасаңыз,өзүм жалгыз кыйнала турган болдум-деп күлүмсүрөдү.Ооба жеңе мен сизге бир ойумду көптөн бери айталбай жүрөм. Өткөндө көчүп келе жатканда Күндөлүктөгү Муратаалы бийдин айылындагы молдо Абдырахмандын кызы Фатимага жуучу түшөбүз дешпеди беле?-Ии ооба ошондой болгон, андай болсо жеңе экөөбүз барып кыз менен сүйлөшүп келбейлиби деди.Жо жок бала,бий атам билип калса капа болот.Салт бойунча кыздын ата энесинин алдынан өтүшсүн, андан кийин бара беребиз деди.Көп узабай Алике бий,Шүкүрдүн атасы Максымды алдыртып, дагы бир топ аял эркектер менен  Күндөлүккө кыз сураганы жуучулука барып келишти.Жолчырак жайлоосунун төрүнөн орун алган бийдин айылы бир жумадан бери келген кеткен адамдардын аягы үзүлбөй, тойго кызуу даярдыктар көрүлүүдө.Келген конокторду атайын тигилген боз үйлөргө, ар бир боз үйгө тамак бышыруучу ашпоз тогуздан кызматчы дайындалып коюлду. Күйөө бала менен кызга арналып атайын боз үй сатылып алынып айылдан обочороок дөң жерге тигилди. Ички жана сырткы жасалгасын Кишим өз колуна алып, бир саамга тыным жок,даярдана башташты. Өткөндө Күндөлүккө жуучулука барганда,Муратаалы Аликени өзү тосуп алып,Абдырахман молдонун үйүнө кошо барган.Күн мурунтан даярдалган конок үйдөн орун алган меймандарды,Абдырахман молдо жакшы даярдык менен тосуп алган. Конок үйдө бардык нерсе атайын урматтуу коноктор үчүн даярдалган.Уядан эмнени көрсө учканда ошону алат ооба мындай тарбияны көрүп,ушундай чөйрөдө чоңойгон кыз,эс акылы жайында эле болсо, неберемди кор кылбайт деп ичинен сүйүнгөн бий жаратканга ыраазы.Кыздын колун сурап барган жуучуларга,Абдырахман аялы Мариям экөө макул болушуп,ыраазычылык билдиришти.Кыргыздын каада салты боюнча кыздын калыңына,тогуздап мал бериле турган болду.Андан сырткары да салт боюнча бериле турган нерселер айтылып макулдашылды.Тойдун күнү белгиленип  эки жашка жакшы каалоо тилектер айтылып,эки тарап бир бирине ыраазычылыктарын билдиришип мындан кийин кудай сыйлаган кудаа сөөктөрдөн болушарын тилешти.Бир топ кундөн кийин белгиленген кун келип, бийдин айылында той башталды. Салт бойунча кыз көчүрүү аземине Муратаалы бийдин айылы катуу даярданып эмне керек болсо  баарын алдырып Абдырахман молдо баш болгон айыл эли, кызга жакшы ниеттерин билгизишип кызды Жол чыракты көздөй узатышты. Келген конокторду тосуп алууда  күн мурунтан даярдалган  үйлөрдө, бардыгы даяр. Кошуна айылдардан чакырылган коноктор келе башташты. Жаштарды өзүнчө бөлүп, аксакалдар Аликенин өзүнүн үйүнө түшүп жатышты. Илгертен калган салт боюнча көк бөрү, кыз куумай, ат үстүндө оодарышмак,күрөш, мараага күн мурунтан аттар кое берилип, той башталды.  Шүкүр жашы кыркка келип, күнү түнү илимдин артынан түшүп,алла таала сунган пендеде жок касиеттерге ээ болуп, алдына ала боло турган нерселерди боолгоп айтып, айылдагы элдин ооруп сыркагандарына дем салып, кол астындагы жигиттерине илимдин сырларын үйрөтүп билбегенин чоң атасы Аликеден сурап өзүнчө бир ааламдын керемет сырлары менен алпурушуп, жашоо улантты.Күндөрдүн биринде чоң атасы Алике Шүкүрдү алдыртып, өзүнө жакын тууган уругун топтоп, өз балдары Максым, Алакчын, Жакшылык, Пачай, Көчөтөгөр, Таңырык жана инилери Акберди менен Кулберди, Айдаргазы, Асан кичүү иниси Кенжетайды чакырып бир чоң түлөө өткөрдү.Үйдүн ичине толгон элдин алдында төрдөн орун алган Алике,өзү сөз алып мындай сөз салды. Мына бүгүн мен силерди  бул жерге топтогонумдун себеби, жашым сексенден ашып күндөн күнгө карегимден отум кетип, каруудан күч кубат алыстап, барган сайын элим эмне болор экен деп күнү түнү ойлонуп, мен жарык дүйнө менен кош айтышсам, ордума кимди калтырам деп, ылайык адам издеп убара  болуудамын. Эртедир кечтир  качан келээри  белгисиз шум ажал айтбай келет балдарым, кокус көзүм жумулса, башка элге уят болбой бир атанын балдары болуп, менин ордума көзүмдүн тирүүсүндө, бирөөнү бий көрсөткүлө. Чоң үйдүн ичи тым тырс болуп эч ким  эч нерсе дей албай бардыгы баштарын жерге салып унчугушпады. Аңгыча болбой тээ босогодон орун алган Кунандын эң кичүү аялынан төрөлгөн жашы он алты он жетилер чамасындагы,узун бойлуу, кең далылуу ак саргыл жүзүнө негедир кан тээп кызара түшкөн Кенжетай оордунан козголуп, бий ата уруксат берсеңиз менде  бир ой бар айтайын деди. Ии балам айта гой, деп Алике уруксат берди. Оордунан козголуп сыңар тизелей олтурган Кенжетай, -Эл атасы болуу оор түйшүк,журт башкарган эл сураган,алдыбызга койулган даяр тамак эмес.Мунун өзүнчө оор түйшүгү, бир гана өзүң билген сырлары,ошол өзүң билгенди туура талдап, кеменгерлик менен эл алдына алып чыгып,эл менен бирге жуурулушуп, кайгысына кошо кайгырып кубанчында тең бөлушкөн, алдын ала көрөгөч инсан гана боло алат. Мен айткан сыпаттарга  ээ ордуңузга ылайык, Шүкүр абам, бий ордун басып элди менин ойумча башкара алат деп унчукту. Жаш Кенжетайдан муну күтпөгөн бий, бир чети ыраазы болуп, бир чети  ушул баланын жаш эле туруп, сүйлөгөн сөздөрүнө, айткан акылына таң кала, ии туугандар эмне дейсиңер деди. Үстүлөрүнөн оор жүктү  алып салгандай, бирин бири суроолу караган туугандар баары бий олтурган жака карай туура, туура Кенжетайдын айтканында калет жок, небереңиз Шүкүрдөн башка ылайыктуу эч ким жок дешип бардыгы Кенжетайдын айтканын кубатташты. Алике ордунан козголуп, артында турган жигитке бирдеме деп шыбырады. Шыпылдай баскан кызматчы жигит  сыртка чыгып кетти.  Аңгыча болбой эле баягы жигит,  чоң куржунду ийинине салып , колуна сырты алтын менен жалатылган жоо жарагын,көтөрүп бийдин жанына өттү. Ордунан турган бий кана эмесе Шүкүр балам  мында мага жакын кел деди. Куржундун оозу ачылып  андан чекеси суусардын териси менен, төбөсү кызыл кымкап жабылган, бөрктү Шүкүргө кийгизди. Үстүнө кызыл көк ою түшүрүлгөн желекти кийгизип ,белине атасы Күнандан калган каүхар кемерди өзүнүн белинен чечип Шүкүргө такты. Сыртынан илбирс тонду жапты.Сырты алтын жалатылган кындан кош миздүү  кылычты сууруп чыгып  мына балам  бул буваң Кунандан калган жоо жарагы ,муну менен сен бирөөнүн канын агызба, катылгандын жообун бер деп кылычты колуна карматты.Кана туугандар ООмин! Бүгүндөн баштап Шүкүр элибиздин атасы. Оорубузду колдон алып, өйдөдө өбөк  ылдыйда жөлөк болуп, кара кылды как жарган эл атасы бол кудайым сени колдосун деп бата тиледи. Арадан жылдар өтүп,Шүкүр Улук катын элинин зоболосун башка элдерден кем калтырбай, чоң атасы Аликенин айткан керездерин  так аткарып , эл бийлөөнүн татаал ары түйшүктүү оор милдетин аткарууда,өзүнүн алла таала берген жөндөмдүүлүгүн билгичтик менен колдонуп эл алдында  чоң ишенимге ээ болду.

Жайдын толуп турган кези. Жол чырак жайлоосунун тээ бери  башында олтурган бийдин айылы, бүгүн эрте менен журт которуп, Загыра жайлоосуна көчүүгө камдана баштады. Түшкө чейин үйлөр, чечилип мал айдалып, элдин алды Загыра жайлоосуна жетип келишти. Көчтүн алды болуп келген Шүкүрдүн  үйү жылдагы ордуна тигилип, айланасына башка үйлөр тигиле баштады.Үйдө олтурган бийдин үстүнө эшиктен кызматчы жигит кирип бий ата, сырта сизди жылкы караган Чоко сурап жатат деди. Аа кирсин айтып кой деди. Кара суурунан келген кара сакалы койуу, кичинекей көздөрү, адамга тик караган кадала тиктеген  орто бойлуу Чоко, салам айтып үйгө кирди. Ии Чоко балам  кандайсын,  эмне жумуштап, деги тынчылыкпы?- деп суроолу карады.Колундагы камчысын өтүгүнүн кончуна кыстара койуп колун бооруна ала, бий ата Кокондон кырк жигит жасоолчулар салык жыйноо үчүн келе жатышыптыр. Бүгүн кеч бизге да келип калышат окшойт. Ии эмнеси бар экен, келсе келе берсин, салыктан карзыбыз жок, былтыркы жылы баарын берип кутулганбыз.Эми эртең жайлоодон жакага түшкөндө салык төлөөр убакыт келет, ошондо төлөйбүз. Балам андан кам санаба,кошуна айылдар мен билгенден эки жылдан бери төлөшө элек, ошолорго келишсе керек деп Чокону ынандырды. А бизге келсе эмне кылабыз? Бий күтүлбөгөн суроого, эмне кылмак элек конобуз дешсе жакшылап коноктоп, эртеси узатып коебуз. Айткан сөзгө ынанган Чоко мейлиңиз сиз айткандай эле болсун деп чыгып кетти.Кокон бийлиги тээ илгертен эле, Улук катын элине, сый урмат көрсөтүп, чоң атасы Алике бий менен жакшы мамиледе болуучу. Эртеси күнү күн чашке ченде, жылкычы Чоко сырта жүргөн Шүкүргө чаап жетип келип, бий ата кечээги келген кырк жигит жайлоодогулардын баарынан карызы болсо, болбосо дагы алдын ала салыгын төлөтөбүз деп мал жандын эсебин алып жатышыптыр деди.Кырк жигиттин башында турган жаңы шайланган неме бөрк ал десе баш алчуудай көрүнөт, эмне кылабыз деди. Төмөнкү айылдарда күч көрсөтүшүп,бирин экин адамды ур соккуга алдыртып, экөөнү өлтүрүп салышыптыр деп уктук. Мейли ишиңерди кыла бергиле мен өзүм да сүйлөшөм алар менен.  Кол алдындагы жигиттерине жете келген Чоко,Көкчөгөз, сен жылкыны жигиттериң менен калмак ашуунун белинен ашырып эки күн ошол жакта болгула. Чырмаш сен жандыктарды  байпак мазардын үстү жагындагы  көмүр чыккан колоттун ичиндеги арчалуу  төргө айдап барып кама. А мен өзүм бодо малды,саандарын алып калып,субайын Загыранын төрүнө айдап ошол жакта багам деп бардыгына жумуш дайындады. Салык алганы келген кырк жасоолчунун башчысы жаңы дайындалган Салих байвачча,баш болгон жоон топ хан өкүлдөрү намаздигер кеч, Загыра жайлоосуна жете келишти.Атайын тигилген он эки канат боз үйгө келген  меймандар конок боло башташты.Кабак ачпай алдына койулган тамактан ооз тийимиш болуп, бутун узун сунуп, жанбаштаган Салих байваччанын үстүнө, Шүкүр салам айтып кирип барды.АА алеки салам, ордунан козголбогон Салих Шүкүрдү сынай тиктеп,  мындай олтур деп колу менен өзү олтурган жайдын төмөн жагын көрсөттү. Келиңиздер, кандай урматуу ханыбыз эсен аман турушабы деп сураган Шүкүргө жооп болгон жок. Канча жылкың, бодо малың жандыгың жериң бар экенин өзүң жакшы билесиң. Ошолордун салыгын бүгүндөн төлө.Болбосо эмне болоорун өзүң билесин деп унчукту байвачча. Мен өткөн жылдын салыгын убагында төлөгөм карызым жок. Бул жылдыкын  эртең жакага түшкөндө төлөйм деди Шүкүр. Сенин карызың барбы жокпу ал мени кызыктырбайт, мен салык өндүргөнү келдим, сени көргөнү келген жокмун деп орой сүйлөдү.Андан көрө бозодон,шараптан күчтүү, күчтүү кылып алып кел жигиттер чарчады жокшылап эс алайлы.Башынан көптү өткөргөн Шүкүр, алдындагы хандын өкүлү менен кайым айтышуу пайдасыз экендигин түшүнүп, унчукпады. Сыртка ойлуу чыккан Шүкүрдү, эшик алдында турган Мамбет баш болгон жыйырмадай жигиттер тосуп алышты. Бий ата эмне сабырыңыз суз, тигилер эмне деп жатышат?Ие балдар эч теме эмес бары жайында, жумушуңарды аткара бергиле,конокторду жакшылап сыйлагыла деп үйүн көздөй жөнөдү.Намаздигер намазынан кийин сыртка чыккан Шүкүргө тээ төмөн жактан коноктор үчүн тигилген боз үйдөн чыккан ызы чуу мылтыктардын атылганы, өкүрүк бакырык тополоң болуп жатканы угулду. Аңгыча атын чаап жетип келген Алакчандын чоң баласы Мамбет бий ата тигилер чектен чыгып, эки жигитибизди сабап, кызмат кылган келиндерге тийише баштады эмне кылсак деди. Аларга тийбегиле, таяк жеген жигиттерди өзүңөр карап, меймандардын айтканы менен болгула. Алардын айтканы менен болушуп, тим койушту. Бир оокумда үйдөн сыртка чыкан коноктор сыйга жатпаган жооруктарды башташты. Кызмат кылып жүргөн келиндерди жылгаларга сүйрөй башташты. Айрым келиндердин башындагы элечегин жулуп алышып, обочороок жерге койушуп, мылтыктары менен элечектерди ата башташты. Бир келинди алып келишип сен элечекти кийип тур учура атабыз дешти. Ай ким бар мени өлтүрө турган болушту деген келиндин кыйкырыгына эч ким жооп бербеди. Ай Жакшылык атанды айт мени атып өлтүрмөй болушту деген келиндин кыйкырыгына апасынын үнүн алыстан тааныган он эки жаштагы өспүрүм, апакелеп чуркап келе жатканда жасоолчунун бири кылычын суруп алып баланын алдын тосту. Чуркап келе жаткан балага шилтенген кылыч оң мүрүнү шылып түшүп кан жая берди. Бакырып ыйлаган бала апакелеп ала салып жатып калды. Баланын үстүнө үйрүлүп жүгүрүп келген келин жайнаган канды көрүп эстен танды. Түн бир оокумда сырттан угулган аттын дүбүртүнө кулак салган Шүкүр сыртка өзү чыкты. Атан түшкөн Чоко, жасоолчулардын абийирсиз жоорунсуз кылык жолуктарын айтып токтоно албай турду. Акыркы жылдары ушул хандын салыкчыларынын жоосунсуз кылык жоруктары, кордуктары кечээки болгон окуя, кошуна айылдагы бой жеткен эки жигитти хандын өкүлүнө каршылык келтирди деген шылтоо менен өлтүрүп жазалаганы, бийдин көнүлүн өйүп сар санаа кылып турган. Азыр Чоконун айтканы, айрыкча келидерге жасаган кордуктарын, күнөөсүз жаш баланы кылыч менен чаап жибергенин укан Шүкүр бий эч кечире албай терең ойго батып тунжурап турду. Бир убакытта Шүкүр бий, Чокого бирин калтырбай жок кылып көөмүп салгыла дегендей ишарат берди. Бийдин кыймыл аракетинен кашынын серпилгенинен айттырбай түшүнгөн Чоко колун боруна алган бойдон үн катпай чыгып кетти. Чоко окуя болуп жаткан боз үйгө барып жигиттерине хандын жасоолдорун жазалоого буйруду. Салыкчылардын бардыгы өлтүрүлүп казылган аңга көмө башташты. Отуз тогуз жасоол көмүлүп ичинен бирөө жок болуп чыкты. Кичин

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

26-03-2012
Алике бий тууралуу баяндама
35224

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×