Добавить статью
6:03, 23 августа 2012 29130

Курманбек баатыр – тарыхий инсан (уландысы)

Мен сурамжылаган баяндарда калмактар, Арка тараптагы же Түндүк кыргыздарды сүргөндө Анжияндык же Түштүк кыргыздарга, туугандарына карай ооп, тосот кылып согушуп келгендиги, алардын кол башчысы Дөлөн Манап бийдин уулу Жарбаң баатыр болгондугун баяндашат. Кыргыздар оор абалда калгандыгын уккан Курманбек баатыр, Үч-Турпан шаарынан келип, кырк жигити менен аскер курап, Созок ,Көк-Арт өрөөнүндө же тагыраак айтканда (азыркы Саты чөлкөмүндө) аскер кеңешин куруп, согуш ыкмасын такташып, акыркы чечимде ким кол башчы болот,кимдин туусунун астында согушка киребиз -деген суроо туулат. Ошондо Жарбаң баатыр;

-Менин элим запкы жеп,жигиттерим кырылып, тосот кылып согушуп, сүрүлүп келдим,Менин туум астында калмактарга каршы аттанабыз! –дегенде , Курманбек баатыр :

Жарбаң баатыр!-түндүгүңдү кара,кимдин чамгарагыңдын астында турасың,баатыр болсоң ,ашуу ашпай ,калмакты сүрбөйт белең!-менин туум астында калмактарга аттанабыз!-дегенде таарынган Жарбаң баатыр аскер кеңешинен чыгып, жигиттерин согушка киргизбей,аттынын башын буруп ,элин калтырган Кара –Дарыя тарапты көздөй (Тейитбек хандын ордосун карай) чаң ызгытта,жигиттери менен агылып кете берет. Ошондо Курманбек баатыр:

Ха,Жарбаң баатыр, канжыгада көрүшөбүз! ,Кыргыздын туу талашмай атадан калган мурасы .Бирок душман жебедей сайылып, маңдайыбызда турганда,таштап кетишиң саткынчылык, Сатты ! -деп түмөндөгөн калмактарга каршы аттанып,добулбас кактырып жоону беттеп чыга берет, Аккан досуна кабарга ат чаптырат. Аккан, жоокерлерин жөнөтүп, өзү артынан келгенде,согуш талаасында Курманбек баатыр өлүм астында жатканында жолугат, Кап-Согордогу (жердин мурунку аталышы,калмак согушунан кийин Калмак –Кыргын,азыркы аталышы Калмак-Кырчын) кош анда калгандыгы жөнүндө эпосто да айтылат.Курманбек баатыр менен жаңы кыргыз тарыхынан орун алган,окуу программасына кирген Жарбаң баатырдын доорун сүрүштүргөндө,бир мезгилде жашап өткөндүгү тарыхий чындыкка жакындай туюлат. Ал эми аскер кенешмесин өткөргөн Көк-Арт өрөөнүндөгү жер, мурун Сатты!- деп айтылып келсе, азыркы учурда сөз мааниси жалгашып Саты бий жердеген жер ,Саты!-деп аталып келүүдө дешет кылым карыткан, кадыр кутман карыялар.

Жогорудагы тарыхий жазма булактарга ошондой эле эпостун баяндалышына санжырачылардын айкандарына таянсак өзгөчө Баткендик санжырачы, Курманбек баатырдын урпагы, Таймуратов Мамадалы төмөндөгүчө тастыктайт; Кыпчактар тогуз уруу хан кыпчакка бөлүнөт,Алар; Кожомүшкүл, Таз, Шерден, Жаманаң, Алтыке, Омонок, Кармыш, Жартыбаш ( Жалал-Абад шаарын негиздеген адам) Торайгыр. Ал эми Курманбек баатырдын ата-тегин ,урпактарын сүргөндө; Мамадалы, Таймурат, Салибай, Тиллабай, Пинназар, Курбанбай, Артыкбай, Аткетир, Надыр, Кожомүшкүл, Кожомустафа, Кожокошбармак, Торайгыр, Каражан, Сарыжан, Хан Шырдакбек, Сейитбек, Курманбек баатыр, Тейитбек хан, Эшимкан хан түп атасы болгондугун жазат, ушундай тарыхий чен өлчөм (бир өлчөм 25-30 –жыл) жана тактыктарга таянуу менен Курманбек баатыр тарыхий инсан экендиги талашсыз нукура чындык,Буга дилил катары Кытай эл республикасынын Шинжан автономиялык районунун Кашкар шаарында Абдулл Латиф хандын ( Аккандын) 500 жылдык мааракесин 1993-жылы чоң салтанат менен белгилеп,өткөргөндүгүн Кытайдагы кыргыз Манасчысы Мамай Жусуптун айтканы бар.Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенттинин жарлыгы менен 2001-жылы Курманбек баатырдын 500-жылдыгы Жалал-Абад шаарында белгиленип,театрлашкан оюн, Курманбек баатыр» тарыхий драмасы,Эр Курманбек» кыска мераждуу видео фильми(сценарийдин автору Ооганбек-Данбагар,башкы режиссору Бактыкан Ажымаматова,оператору Кадыр Маматалиев) жалпы журтчулукка тартууланган.Бул мааракени да тарыхий тактыкка күбө катары белгилесек болот.

Менин жеке эл аралап изилдөөлөрүмдө жана кыргыз тарыхында Курманбек баатырдын жашаган доору Калмактардын баскынчылык,үстөмдүк мезгилине шайкеш, Ошондой эле Батыш,Чыгыш уйгур элинин так талашуу,бири –бирине үстөмдүк жүргүзүүгө умтулган ынтымаксыз,биримдиксиз убагына туура келет, Курманбек баатыр Батыш уйгур элинин ханы Абдулл Латифтин үзөнгүлөш,жоого бирге аттанган гана досу эмес,хандын жерин жердеп, Үч-Турпан шаарын башкарган, эл аралык мамлелер боюнча кеңешчиси жана өнөктөш акыреттик досу болгон. Кыргыз жана уйгур элинин турмуш жагдайына,улуттар аралык мамлесине шарт түзүп,Улуу Жибек жолуна чыгарып, соода-сатык жүргүздүрүү менен Азия чөлкөмүндөгү элдердин достугун чыңдаган,жакшы жашоосуна өбөлгө түзгөн, тышкы душмандардан коргоогон кеменгер баатыр.

Атасы Тейитбек хандын ордосу Көк-Арт , Созок өрөөнүндөгү азыркы Кара-Дарыя айылынын тегерегинде жайгашып: Анжиян,Ош,Каратегин,Алай,Өзгөн,Кетмен-Төбө, Аксы аймактарындагы кыргыз уруулары, алардын төбөлдөрү менен биримдикте, ынтымакта жашаган, Ата салты боюнча Курманбек ханзаада уулуна, кырк жигит курап берип,Батыш уйгур элинин ханы Абдулл Латифке дос болуусуна өбөлгө түзгөн. Эл үчүн, өз алдынча кам көрүү менен баскынчыларды токтотуунун айла амалын жасап, ар кандай маселени тынчтык жолу аркылуу чечүүгө ык койгон. Бирок, Тейитбек хандын тарыхий жагдайга жана баатыр уулуна маани бербей калгандыгын эпостон сезүүгө болот. Курманбек баатырга, атасынын ат бербей коюшу кыргыз элиндеги « Ат адамдын канаты», жана «Ата каргышы ок»-деген накыл сөзгө шарттап, эл сүйгөн баатырынын өлүмүн каргыш бата сөздөн жана Тоскоол –Ата ( азыркы Сары-Челек ) көлүндөгү тулпардан туулган, тулпар туяк Телторудан издегени баяндалат. Бирок,биз аалымдардын тарыхий далилдөөлөүнө таянсак ( Үсейин ажы,Анвар Байтур,Хайрниса Садык,Махмуд ибн Вели) Курманбек баатырдын өлүмү тек гана кыргыздардын уруу-урууга бөлүнгөн, ,куру намыс тирешүүсүнөн , бийлик,атак-даңк үчүн эрөөлгө чыгуусунан келип чыкса керек!- деген таянакка келсек болчудай.

Мына ушундай тарыхий фактылардан улам,эл оозунда айтылып келген улама сөздөн,уруу-урук сүргөн санжырадан улам ХУ-ХУ1-кылымдарда же Курманбек баатырдын кыл чайнашып, кырчылдашкан мезгилинде, кыргыз калкынын биримдиги,жеринин бүтүндүгү үчүн өмүрүн арнаган Курманбек баатыр сырткы душмандардан коргонуу максатында элдердин достугуна,биримдигине өзгөчө маани берип,уруучулук көз караштан бийик тургандыгын байкоого болот,Буга айкын далил катары теги кыргыз болушкан Тилеке бийди,Байбото караны,Мырза казыны,Курманбек баатырды Батыш уйгур элинин хандары Мухамед хан,Шужайиддин Ахмед хан,Хан Абдулл Латифдер (Аккан) өз шаарларына аким кылып дайындашып,саясый-аскерий,социалдык –экономикалык жагдайларын чыңдашкан. Себеби , ошол доордо Чыгыш аймактарында күч алып келе жаткан баскынчы, Ойрот-Жангур өлкөсүнөн коргонуунун стратегиялык, акылман чечимдеринен болгондугун таанууга болбойт.Тарыхий шартка ылайык, өз элин башка улуттарга сиңип кетүүдөн,тукум-курут болуудан жана жерди алдырып, тентип калуудан сактоого умтулушкандыгын байкоого болот.

Кенже эпос катары элибизге сиңген Сейитбек, Хан Шырдакбек эл сүйгөн баатыр Курманбектин урпактары экендигин ийме булак тарых жана санжыра тастыктап турат. Мына ушул ийме булак, тарыхтын терең кыртыш-катмарларын тазалап,көзүн ачып, мүрөктүн мүрөөн суусуна айландырууну жалаңач-жармач жашаган адабият,маданият жана илимдин адамдарына сүрмө топ кылып таштап койбой,өз киндигин өзү кескен уюткулуу элдин өкүмдарларынын жана мыкты ишкерлеринин руханий дүйнөсүн жалын болуп каптаса,ушулар демилгени колго алса, муундардын,урпактардын дили,жан-дүйнөсү тазаланып,коомубуздун өнүгүүсүнө, аруулануусуна өбөлгө түзөт эле.

Курманбек баатырды фольклордук чыгарма катары эмес, Амир Темирдей, Чыңгыз хандай,Спартактай тарыхий инсан катары адабиятта,маданиятта,кино искусствосунда эл аралык жана дүйнөлүк аренага алып чыксак болот.Ал үчүн мектеп,жогорку ,орто, окуу жайларынын окуу программаларына түзөтүү менен киргизип, тарыхий романдарды жазып,көркөм фильмдерди жаратып, элге тартууласак ,дүйнө элине улуттун жүзүн, айгинелеген болор элек. Ушул багытта казак туугандардан үлгү алуу керек –го !-деп ойлоймун .Себеби « Кыз Жибек», «Көчмөндөр» сыяктуу Казак фильмдери не деген гана керемет.

Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткандай «,,,маңкурут болбой», кара сөздүн зергери ,эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков жазгандай «,,,,адам жолуна шам» болуп берер Курманбек баатырдын тарыхий жүзү адам ойунан ,үмүттүнөн жан-дүйнөбүзгө сиңип , урагыс руханий дөөлөт болуп берер эле!. Өкүмдарларыбыздын руханий жардылыгынан улам, Баатырдын руху дилибизге кирбей,ой -үмүтүбүзгө байланбай, торго түшпөй, оопасыз дүйнөдөн өтүп бара жаткандыгыбыз өкүндүрөт?...

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

23-08-2012
Курманбек  баатыр – тарыхий  инсан
41090

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×