Добавить статью
10:30, 28 августа 2012 176118

Манас жана тарыхый чындык

Уландысы - 3-макала

Манас баатырдын тарыхыйлыгы жана

“Манас” эпосунун жаралуу доору жөнүндө божомолдор

Төртүнчү божомол

Манас эпосунун 1000 жылдыгына карата 1995-жылы өткөн мааракеге арналган симпозиумдун материалдарында “Манас” эпосунун алгачкы издерин биздин заманга чейинки доорлордон издеген божомолду А.Бакиров аттуу изилдөөчү айткан эле (Бакиров А.А. Исторические этапы развития эпоса "Манас"// Эпос "Манас" как историко-этнографический источник. Тезисы международного научного симпозиума, посвященного 1000-летию эпоса "Манас" - Бишкек, 1995.- 5-6-бб.). Мындай пикирди алгачкы кыргыз тарыхчысы Белек Солтоноев да өз убагында белгилегендигин айтпай кетүүгө болбос. Ал “Манас” эпосунун жаралуу доорун кыргыз тарыхындагы б.э.ч. 210-жылдан б.з. XVI-XVII кылымдарындагы калмак чапкынына чейинки он ири тарыхый окуялардан издөө керек деген ойду айтып, ошол эле учурда эпостун алгачкы ядросунун жаралышын алгачкы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу мезгилине (б.э.ч. III кылым) алып барып такаган (Солтоноев Б.С. Кызыл Кыргыз тарыхынан// Ала-Тоо, - 1988. - №11. стр. 118-119.). Б.Солтоноев талас кыргыздарынын санжырачыларынын Манастын келип чыгышы боюнча айткандарынан эки мисал келтирет. Биринчисинде, кара-кытайлар Алматынын жанындагы Кара-Кыштак аттуу айылга чабуул коюшканда кыпчактардын локуш уруусунан Манас аттуу баатыр келип, Намангандын Кара-Кожосу менен биригип, кара-кытайларды талкалагандыгы жөнүндөгү уламышты, экинчисинде кыпчактардын жети кашка уруусунда Манас аттуу баатыр болгондугу жөнүндө уламышты жазып калтырган (Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. – Б., 1993 - 138-б.).

Эгемендик доорунда “Манас” эпосу б.з.ч. жана б.з. башында хуннулардын жана гунндардын доорунда пайда болгон, Манас баатыр хуннулардын падышасы Модэ-Шаньюй болушу мүмкүн деген көз карашты биринчи кезекте жазуучу-изилдөөчү, кыргыз фольк-хистори жанрынын көрүнүктүү өкүлү О.Айтымбетов айтып чыкты. Ал: «Манас-байыркы кара кыргыз тарыхынын Энциклопедиясы» деп таанып, хуннулар оң канат кыргыз, ал эми алардын ханы кадимки Манас, Мете хан болгон деген божомолду жазат (Айтымбет О. Кара-кыргыз.1-3 китептер.- Б. 1994-1995.). Ошол эле учурда ал Алмамбеттин прототиптери катары б.з.ч. 195-жылы аскери менен хуннуларга (кыргыздарга) колушуп, Маодундун (Манастын) сунушу менен дунху элине башчы коюлган Лу Гуань же б.з.ч. 99-жылы 80 миң адамдан турган хунну армиясы менен өзүнүн 5000 гана жөө аскери менен каршы турган кытай колбашчысы, баатыр Ли Лин болушу да мүмкүн дейт (Айтымбет О. Кара-кыргыз.1-3 китептер.- Б. 1994-1995.//Пикир К.Сыдыкованын Кыргыз тарыхынын (Б., 2007) китебинин 78-б. алынды.). Кийин Ли Лин хуннуларга кызмат кылып, кыргыз ээлигине башчылоык кылган. Тарыхый маалыматтарда Улуу Кыргыз Дөөлөтүнүн кагандарынын түпкү аталары так ушул Ли Линден тарагандар деген божомол да бар.

Хунну империясын негиздеген Тоуман хан эпостогу Манастын чоң аталарынын бири Түмөн хан, анын уулу Модэ бул Манас деп эсептешет. Моде б.з.ч. 203-174-жылдары 29 жыл Хунну империясын башкарып, мамлекетти тартипке келтирген, укмуштуудай күчтүү армия түзгөн инсан. Ал Кытайга бир нече ирет кол салып, бирок аны толук ала алган эмес. Кытайды талкалаган анын уулу б.з.ч. 174-165-жылдары бийлик жүргүзгөн Лао-Шань болгон. Бул фактынын Манас баатыр кытайды жеңе албай, анын уулу Семетей эр жетип күчкө толгондо атасынын бардык душмандарын жеңген окуяга үндөшүп кетерин негиз кылышат. Кытайлыктар Модеге жагалданып “Шаньюй” деген титулду ыйгарышкан. “Шаньюй” которгондо “Асман менен жерден, күн менен айдан бүткөн” деген маанини туюнтат. “Манас” эпосунда Манас баатыр “Айың менен Күнүңдүн бир өзүңөн бүткөндөй, Асман менен Жериңдин тирөөсүнөн бүткөндөй” деген саптар ушундан улам сыпатталып айтылып калган деп айтышат (Осмонов Ө. «Манас» эпосунун тарыхый окуялар менен байланышы.// И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жарчысы.-№ 4.-Б.,2012.-95-102-бб.).

Кыргыз фольк-хистори жанрынын дагы бир, Орозбек Айтымбеттен да ашып түшкөн өкүлү журналист К.Сыдыкова: “Теңирден дүйнөдө эки ыйык китеп жаралган: бири оозеки «Манас» дастаны, экинчиси - жазма улуу «И-цзин» китеби. «И-цзин» бүт дүйнөгө «Книга Перемен» деген ат менен белгилүү. Дүйнөлүк Улуу Китеп. Манастын купуя китеби! «Ай менен Күндүн бир өзү», Теңирден уюп түшкөн Телегейи тегиз Манас – «И-цзин». Бул китеп кытай сиңирген кыргыздарга түшкөн. Теңирден уюп, куюлган Купуя Манас бул китептин өзөгүн түзөт. Материалдуу-идеялуу бүкүлү, бүтүмү. Дүйнө-Теңди уютуп турган Манас касиет...” (Сыдыкова К. Кыргыз тарыхы: Илимий тарыхый эмгек. 3-басылышы.– Б., 2007, 7-б.) деген сөз айкаштары аркылуу Манас баатыр жөнөкөй реалдуу адам эмес, убакыт жана мейкиндик ченемине баш ийбеген укмуштуудай феномен катары сүрөттөйт. К.Сыдыкованын пикиринде Манас кыргыз тарыхында бир нече жолу жаралып, “элге келген”. Ар кандай доордо ар түрлүү аттар менен келген деп жазат (Афросиаб, Маодун жана башка).

Ушуга окшогон пикирлерди, К.Мусаев (Мусаев К. История Великой Кыргызской империи. –Б., Ала-Тоо, 1999. Ошол эле автор. История великой кыргыз-кыпчакской империи. Б.: 2002.), Чоюн Өмүралиев (Өмүралиев Ч.Теңирчилик. –Б.,1994.), Н.Абдрахманов (Абдрахманов Н. Улуу баян.-Бишкек, 2007, 600 б.), А.Жакшылыков (Жакшылыков А. Эстутум: Кыргыз Көчмөн Цивилизациясы. Манас дүйнөтааным. -Бишкек, 2005. 472 б.) сыяктуу фольк-хистори жанрынын башка бир өкүлдөрү да айта баштады.

Ал эми Т.Оторбаев аттуу изилдөөчүнүн “Манас” эпосунун жаралышын хунну доорундагы Мете хандын мезгилине таандык, ал эми Манас б.э.ч. 29-жылы туулган тарыхый инсан деген пикир айтуусу менен жогорку көрсөтүлгөн фольк-хистори багытынын өкүлдөрүнөн да ашып түштү (Оторбаев Т. Манас Ата тарыхы. – Талас. 1992. -3-4-бб.).

Хуннулардын падышасы Моде шанүй Манас баатырдын өзү болгон деп эсептеген окумуштуулар төмөнкү аргументтерди келтиришет. Хуннулар менен кытайлыктардын 200 жыл чамалуу оомалуу-төкмөлүү кармаштарында Цинь империясынын башчылары бүткүл кытайды бириктирип, күч топтоп хунндардын ордосун талкалап, аларды туш тарапка качууга мажбур кылгандыгы тарыхта маалым. Ошондо хуннулардын бир бөлүгү Алтайга сүрүлгөн делет. Айтылып жаткан божомолдун жактоочулардын бири Ж. Саякбаевдин пикири боюнча (Саякбаев Ж. Кыргыздардын жаралышы жана бүткүл Евразияга тарашы.-Б., 2011.) кытайлар чапкан хуннулар - кыргыздар. Ошол хуннулардын кыргыздар экендигин автор сегиз аргумент менен негиздөөгө аракет кылган. Алтайга сүрүлүп келген кыргыздар кайрадан күчүнө кирип, жергиликтүү уруулар менен бирге 24 урууну бириктирген. Бул бирикмени кытайлар “хунндар” деп атаган. Хунндар кытай тилинен которгондо “Күн хандын тукумдары” дегенди түшүндүрөт. Күн хан Өгүз хандын улуу баласы, ал эми “Манас” эпосунда кыргыз каганатын негиздеген Манас, Бакай, Чубак, Сыргак ж.б. Күн хандын тукумдары болгон имиш (Саякбаев Ж. Кыргыздардын жаралышы жана бүткүл Евразияга тарашы.-Б., 2011.).

Манас баатырдын тарыхыйлыгын байыркы сак жана хунну доорлорунан издеген изилдөөчүлөргө белгилүү демократ жана коомдук ишмер, азыркы учурда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Манас таануу” кафедрасын жетектеп жаткан Т.Тургуналиев да кирет. Анын демилгеси менен “Манас эпопеясы” боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, эл аралык кор түзүлүп, колубузда турган жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн “Манас таануу” окуу куралы даярдалган. Т.Тургуналиев уюштурган Манас эпосу боюнча илимий конференциянын материалдарынын ичинде анын “Кыргыз мамлекеттүүлүгү качан пайда болгон?” деген макаласы орун алган. Анда “Байыркы замандардын замандарында кыргыздар «падыша урууларын», «чөл империяларын», каганаттарын түзгөн элдерин бири деп айтууга негиз бар. Мүмкүн, Геродот атап кеткен Таргитай падыша (Геродот. История. В девяти томах. Кн. 7. – М.: «Ладомир», «АСТ», 1999, 237-б.) (Таргытай) биздин түпкү улуу атабыз, ал баш болуп курган мамлекет кыргыздардын эӊ алгачкы мамлекети болгону шек туудурбайт” (Тургуналиев Т. Кыргыз мамлекеттүүлүгү качан пайда болгон?// И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жарчысы.-№ 4.-Б.,2012.-11-14-бб.), деп айтуу менен Манас баатырдын жашаган мезгили ошол сак дооруна барып такаларын божомолдойт.

Манастын тарыхыйлыгын тикелей айта албаса да, анын жаралуу доорун боолгологон коомдук ишмер, фольк-хистори тобунун белгилүү өкүлү Дастан Сарыгулов манасчы Сапарбек Касмамбетовдун: «Эр Манастын сыр найза, Учун соккон колодон, өткүр, бекем, курч кылып, ичине болот сологон. Сабын алган кайыңдан, сыртын кармап тарамыш, бир Теңирге сыйынган. Чымын консо – чыңк эткен, чырпык тийсе – кадимки чагылгандай чарт эткен» деген саптарына таянып, окуя – коло дооруна таандык болуп жатат, ошондуктан Манастын доорун Андрон дөбө маданияты мезгилине (б.з.ч. II миң жылдан – б.з.ч. бир миң эки жүз жылдар аралыгында) алып барып такайт. Андан ары ал Алтай цивилизациясы менен Шумер цивилизациясынын тикелей байланышы бар деген пикирде “Шумер өлкөсүндө калай жок, колону ал жерге Алтайдан кеткен адамдар алып барган. Сумер деген ыйык тоонун атын сактап жаңы өлкөнүн атын Сумер (Шумер) деп аташкан” деп жазат (Сарыгулов Д. Кыргызы, история, кризис…kg.at.ua/articles/sarygulov_book.doc.).

Божомолдун бул тобунун өкүлдөрү негизинен тарыхчы эмес манастаанучулардан, көбүнесе фольк-хистори жанрынын өкүлдөрүнөн турат. Алардын басымдуу көпчүлүгү Манас баатыр тарыхый инсан, болгондо да биздин заманга чейинки доорлордо жашап өткөн, ал эми “Манас” эпосунун жаралуу доору да ошол замандарда эле башталган десе (Б.Солтоноев, А.Бакиров, О.Айтымбетов, Т.Тургуналиев, Т.Оторбаев, Д.Сарыгулов), кай бирлери Манас баатырды мифтик персонаждан да жогору коюп, ал кудай сымак адам катары байыркы кыргыз мамлекетин, империясын башкарган тарыхый инсан катары сүрөттөгөндөр да жок эмес (К.Сыдыкова, К.Мусаев, А.Жакшылыков, Ч.Өмүралиев, Н.Абдрахманов).

Бешинчи божомол

Мурунку божомолдордон кескин айырмаланып, айрым иизлдөөчүлөр Манас баатыр реалдуу адам эмес, ал эми “Манас” эпосунун башаты байыркы мифтерден, мифологиядан тамырлап чыгат деп эсептейт. Мындай пикирди орус-советтик көрүнүктүү окумуштуу-адабиятчы П.Н.Берков да 1960-жылдарда эле айткан болучу (Берков П.Н.. Алтайский эпос и «Манас». — В кн.: Киргизский героический эпос «Манас». М.: Изд-во АН СССР, 1961, с. 235—256. Ошол эле автор. Алтайский эпос и «Манас»//Проблемы исторического развития литератур: Статьи / Сост. Н. Кочеткова и Г. Фридлендер. — Л.: Худож. лит. Ленингр. отд-ние, 1981. с. 443—464.; Ошол эле автор. Идея родины в «Манасе».//В кн.: Манас: Героический эпос киргизского народа. Фрунзе: Илим, 1968, с. 192—202.). Эгемендик доордо “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына арналган жыйнактагы макаласына караганда Манас баатырды тарыхый инсан катары эмес, мифологиялык башаттардан куралган руханий феномен катары сүрөттөгөн изилдөөчү М.Мамыров болгон. Ал XIII кылымга дейре “Манас” сөзү ысым катары кеңири колдонулуп келген деп, ага Тоораттагы, Индия мифтериндеги терминдерди мисал кылат да, орто кылымдарда “Манас” термини өзүнүн популярдуулугун жоготуп, мифологиялык персонажга айланган деп жазат. Демек, окумуштуунун пикиринде “байыркы мезгилдерден бери Манасты ондогон уруулар Теңир-кудайга тете болгон мифологиялык баатыр катары түшүнүп келгендиктен, биз “Манас” эпосу мифологиялык башаттарга негизделген деп эсептейбиз” деп жыйынтык чыгарган (Мамыров М. «Манас» — эпос, возникший из мифа.// Эпос "Манас" как историко-этнографический источник. Тезисы международного научного симпозиума, посвященного 1000-летию эпоса "Манас". - Бишкек, 1995. -115-116-бб.).

Бул пикирге шайкеш божомолду Кыргыз Эл жазуучусу, адабият таануучу, профессор М.Борбугулов да жазат (Борбугулов М. "Манас" эпосу:башаттары, эволюциясы. – Б., 2004. - 160 б.). Окумуштуу Манас эпосунун байыркы башаттарын антикалык доордон издөө менен Манастагы айрым идеялар, элибиздин дүйнө кабылдоо өзгөчөлүктөрүнүн эволюциялык өсүп-өнүгүш жолу Манас тек мифтик тамырдан келип чыккандыгын айгинелейт деп жазат.

Түркмөнстандык окумуштуу, байыркы тексттердин купуя сырларын ача билген (расшифровка) адис Аразбай Ураев «Манас» эпосунун жаралышына 1000 эмес, кеминде 2500-3000 жыл болгон деп божомолдойт. Анын В.Радлов 1896-жылы жарыялаган “Манас” эпосунун үзүндүлөрүндөгү идеяларды, адам аттарын, топонимдерди изилдеп, анын негизинде эпос сюжеттик жагынан байыркы мезгилден ушул мезгилге чейин идеялык принциптерин өзгөртпөй келген деп эсептейт. А.Ураевдин ою боюнча эпостун түпкү негизинде биринчи адам Мана (первочеловек Мана) жөнүндөгү арийлик миф жатат Анда негизги идея жамандык менен жакшылыктын күрөшү болуп, ошондуктан бул анын архаикалык эпос экендигинен кабар берет дейт (Ураев А. О феномене “Манас”.// Караңыз: http://www.eposmanas.ru/?page=32).

Манас баатырдын тарыхыйлыгы менен анын жаралуу доору жөнүндө божомолдогондордон да ашып түшүп, “Манас” эпосу катардагы эпикалык чыгарма эмес, ал дүйнө таанымдын уңгусу, сакралдык феномен деп тастыктаган коомдук ишмерлер да жок эмес. Андай көз караштагылардын ана башында искусствонун белгилүү чебери Б.Шамшиев да турат. Ал: мен «Манас» - бул улуу эпос экендигин жакшы түшүнчүмүн, бирок 40 жылдан ашуун изденүүдөн кийин анын эң байыркылыгына жана таңкаларлыктай улуулугуна эми гана түшүнүп келе жатамын дейт (Шамшиев Б. Статья длиною в жизнь. Интервью.// 06.04.2006, источник: Размах.ру: http://www.razmah.ru/showarticle.asp?id=2892). Биринчи киносу Манас жана улуу манасчы Саякбайга арналып, кийин дүйнөдөгү таланттуу 100 режиссордун катарына Т.Океев менен катар кирген бул киночу ишмер "Манас" бир жагынан дастан, бирок түпкүлүгүндө культтук нерсе. "Манас" илгерки бардык диндерге чейин чыккан биринчи культ. Башкалар Адам, Ева дешет. Алардын аттары бар. Манас атам - Манас дадам - Манас адам. Каныкей эне, бул илгерки шумердик проформа. Каныкей Эве, евтин (очоктун) ээси, Ев-Ева. Манас жер жүзүндө биринчи пайда болгон адам, Ман, Ману (Шамшиев Б. Казакстанда кино тартам //Таңкы азаттык (3-чыгарылыш) Бейшемби, Август 16, 2012 Бишкек убакыты: 10:52) деп түшүнөт. Андан ары Б.Шамшиев байыркы кыргыздардын кудайга чыйынуусун төмөнкүдөй чечмелейт: «Асман, Манас, Алас - ар балээден калас!» Алла - Кудай Бак берген Ай Ата - Аз ээси, Улуу Умай эне - Жер, Эл Энеси, Ыйык кут - Манас баласы. "Манастагы" «Бакай» бул «Бак берген Ай Ата». «Алла» деген соз кайдан чыкты? «Ал» деген сөз бул Күч (энергия). Ошол Күч (энергия) жерге космостон тике (вертикально) түшөт. Эми космоско Жерден кайтарылган энергияны «Ла» дейт. Экөө бириккенде – «Алла» болуп калат да, «жашоо», «өмүр» дегенди билдирет! Ошентип, Манас төрт диндин: буддизм, иудаизм, христианство, исламдын түпнегизи болуп саналат (Шамшиев Б. Загадка знака Манаса. В Киргизском эпосе "Манас" описана… Шамбала//Караңыз: Общественный рейтинг. 26 августа 2004 г. | № 32 (204). Ошол эле автор. Иисус – сын Манаса. //Караңыз: Общественный рейтинг. 2 марта 2006 г. № 8 (279).

Жыйынтыганда “Асман” бул энергия. Манас - дух. Алас деген мыйзам. Белгилүү француз мифологу Жорж Дюземилдин (Дюземил Жорж. Мифы и Боги индоевропейцев (Georges Dumеzil " Mythes et Dieux des Indo-Europеens ", Flammarion, Paris, 1992.)  биримдиктин үчилтиги тууралуу теориясына таянсак Асман, Манас, Алас мына ошол үчилтик болот. Энергия, дух, закон – армия, эл жана жрец-башкаруучулар (Шамшиев Б. Казакстанда кино тартам //Таңкы азаттык (3-чыгарылыш) Бейшемби, Август 16, 2012 Бишкек убакыты: 10:52).

Б.Шамшиев байыркы мезгилде Анлантида сыяктуу жок болуп кеткен адамзатка тийешелүү улуу цивилизациянын бири бул белгилүү орус сүрөткери Н.К.Рерих издеген табышмактуу Шамбала өлкөсү болгонун баяндайт. Н.К.Рерихтин Шамбаланы Тибет тоолорунун арасында жашаган Куэнь-Лунь кыргыздарына байланыштырган жол эскермелери сакталып калган. Манастын издерин Орто Азиядан, Түштүк Сибирден эмес, Тибеттен издөөнү туура деп эсептеген Б.Шамшиев, Н.К.Рерихтин Улуу Гималай тоолорунун койнундагы түбөлүк өлбөс адамдар эсептелген махатмалар жашаган ак карлуу, сырдуу өлкө Шамбала жөнүндөгү эскермелеринин негизинде орус географы А.В.Станишевский менен этнограф С.Абрамзон (Решетов A.M. СМ. Абрамзон – исследователь центральноазиатских киргизов.// Этнографическое обозрение, 2001 № 1., 145-б.) эскерген тибет кыргыздарынын (ладак кыргыздары, санджуй кыргыздары, Кашмирге жакын жайгашкан Кыргызджангал айылы) руханий мурастарына кайрылуу илимге чоң салым кошоор эле деп ойлойт. Кытай археологдору тарабынан Такла-Макан чөлүнөн европалык расага таандык мындан 4 миң жыл мурун жашаган мумиялардын табылышы, алардын байыркы кыргыздарга тийешеси бар экендиги далилденсе, анда кыргыз этногенезин Тибет багытына буруу туура болор эле деген пикирди айтат (Шамшиев Б. Загадка знака Манаса. В Киргизском эпосе "Манас" описана… Шамбала//Караңыз:

Общественный рейтинг. 26 августа 2004 г. | № 32 (204)).

Б.Шамшиев мындан 6 миң жыл мурунку акыркы муз каптоо дооруна чейин азыркы Такла-Макан чөлүндө өздөрүн “эр” деп атаган арийлер-кыргыздар укмуштуудай цивилизацияны түзүшкөн деген божомол айтат. Ал өлкө илимде Шамбала деп аталып, так ошол өлкөдө Биринчи адам кудай - Манас төрөлгөн болуу керек, ошондуктан Тибетте “Манастын” руху жана духу сакталып, ал Индиянын философиялык окууларынын негизин түзгөн деген пикирде (Шамшиев Б. Загадка знака Манаса. В Киргизском эпосе "Манас" описана… Шамбала//Караңыз: Общественный рейтинг. 26 августа 2004 г. № 32 (204) Ошол эле автор. Иисус – сын Манаса. //Караңыз: Общественный рейтинг. 2 марта 2006 г. № 8 (279).

Чынында кыргыздардын Тибет менен болгон  этногенетикалык тарыхый жана маданий байланышы 1-чи миң жылдыкта эле калыптанышы мүмкүн экендигин белгилүү этнограф, кыргыз таанучу С.М.Абрамзондун  «кыргызда жылан, курт чакканда, алардын уусун кайтаруу үчүн «Көкүнөрдүн көлүнө көч, какшаалдын чөлүнө көч» деп айтылган ырымы бар» деген маалыматы (Абрамзон СМ. Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи. Л., 1971.-57-б.) далилдеп турат. Сөз түндүк-чыгыш Тибеттин этегиндеги Цинхай провинциясында жайгашкан Кукунор көлү жөнүндө болуп жатат. А.Н.Бернштам дагы өз мезгилинде Тибеттин этегиндеги аймактарда  жашаган  VIII-IX кылымдарга таандык кыргыз уруулары туурасында белгилеген (Бернштам А.Н.Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы жана археологиясы боюнча тандалма эмгектер /Түзгөн, алгы сөзүн жазган жана которгон Мамбеталиев С. Б., 2004, 3,5,8-баптар.). Ал эми лингвист С.Е. Маловдун изилдөөсү боюнча Лобнор тили түздөн-түз байыркы кыргыздардын тилинен улам келип чыккан делет (Малов С. Е. Енисейская письменность тюрков. М., Л., 1952.).

Кыргыз тарыхында Тибет менен Енисей кыргыз каганатынын байланышы болгону белгилүү. Мисалы, атактуу Барс-бектин бир тууганы б.з. VIII кылымынын башында Тибетке жиберилип, кайтпай калган. Н.К.Рерихтин бир тууганы тарыхчы Ю.Н.Рерих Тибет эпосу Гэсарды изилдеп жатып, анда тибет тилинде “сера” деп аталган жалгыз мүйүздүү носорог жөнүндө айтылгандыгын эскерген (Молдобаев И.Б. Гипотеза о применении носорогов в боях (Эпос «Манас»  о некоторых вопросах военной организации кыргызов) // Мээрим. 1998. № 1.-20-23-бб.). Ал эми “Манас” эпосунда “керик минген жалгыз көздүү Мадыхан” жөнүндө маалымат бар. Демек, баатырдык эпостордун байыркы доорлордо жаралыш процессинде Түштүк Сибирь менен Тибеттин көчмөндөрүнүн, тагыраак айтканда тибеттиктер менен кыргыздардын байланышы байкалып тургансыйт. Кыскасы, кыргыздар батышынан түндүк Кашмир, Каракорум, Такла-Макан, түндүгү Хотан, Лобнор, Күкүнөр, түштүгү Аксай-Чин, Раскем дарыяны жердеп Куэнь-Лунь тоо кыркысын бойлой кеткен тилкеде байыртан эле жайгашкандыгын айтууга толук мүмкүнчүк бар (Байымбетов А. Бабалар байырлаган жерге сапар//Караңыз:«24.kg» MA, 20.06.2012-ж). 

Манасты руханий феномен катары түшүнгөн пикирди Б.Шамшиевдин уулу Чынгыз Шамшиев жазууда. Ал: “Байыркы римдиктердеги Янус менен Юпитер, арийлердеги Митра менен Варун, авеста мезгилиндеги Багу Мана менен Аса сыяктуу эле кыргыз элинин мифологиясында жогорку персонаждар катары акылман Бакай менен алп Манас жашап келет. Чынын айтканда Манас – бул айлан-көчөк дүйнөнү тартипке алып келүүчү кудай сымак жашоонун башаты менен аны тануунун күчүн тең салмакта кармап турган феномен. Ал кыргыз элине жыргалчылыкты белек кыла алуучу фактор”, дейт (Шамшиев Ч.Индоевропейский миф и эпос “Манас” // Караңыз: http://www.kyrgyz.ru/?page=247).

Коомдук ишмер, “Манас Ордо” коомдук бирикмесинин Президенти А.Усупбаев да Манасты улуу руханий феномен катары баалап келет. Ал көчмөндөрдүн дүйнө таанымында үч нерсе ыйык, алар: Теңир кудай, айлана-чөйрө жана жаратылыш, бабаларга сыйынуу культу. Көчмөндөрдүн дүйнө таанымында чечүүчү фактор бул космосту, асманды, башкача айтканда Теңирди баарынын жогору жана ыйык койгон космоцентризм. Ал эми Манас – бул Теңирге тете феномен (Усупбаев А. Президент общественного объединения "Манас-Ордо" , к.т.н. "Эпос "Манас" - как один из древних космоэкологических источников культуры кочевников Азии"//Караңыз: www.presskg.com/forum/10/1112_12.htm) деп санайт.

Жыйынтыктап айтканда бул топтун өкүлдөрүнүн айрымдарынан башкасы (П.Н.Берков, М.Мамыров, М.Борбугулов) Манас баатырдын тарыхыйлыгын негизинен танышпайт да, бирок бул жөнүндө так божомол беришпейт. “Манас” эпосунун жаралуу доорун бул топтун ичиндегилерден бир гана түркмөнстандык А.Ураев тактоого аракет кылат. Калгандары тек, Манас бул – ыйык феномен, ал эми “Манас” эпосунун башаты индоевропалык мейкиндикте калыптанган мифологиялык жана философиялык баалуулуктарга барып такаларын аныктоого аракет кылышат.

Уландысы бар

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

07-09-2012
Манас баатырдын прототиби жөнүндө
96503

07-09-2012
"Манас” эпосунун өзөктүү окуялары жана аларда кыргыз тарыхынын чагылышы
158222

03-09-2012
Манас баатыр тарыхый инсанбы?
144384

03-09-2012
Манас баатырдын тарыхыйлыгы
138896

31-08-2012
“Манас” эпосунун жаралуу доору жөнүндө божомолдор
136039

04-10-2011
Үчүнчү доор - Курманжан датка дасыккан саясатчы
156937

04-10-2011
Экинчи доор - Курманжан датка саясий ишмер
163138

03-10-2011
Алымбек датка жана анын Курманжанга болгон таасири
153354

03-10-2011
Курманжан датканын феномени
177351

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×