Добавить статью
13:01, 13 ноября 2014 7517

Токмоктор

(Авааттын 9-уурусунун бири токмок аталат жана 11 шаардын кирпичин даярдаган, ошондой эле Евразия континентинде 7 шаар токмок аты менен курулган. Ал эми 11-чи шаар Таджмакал туурасында)

Улуу дөрбөң ата учурунда - улут аталган Аваат, Авааттан Токмокко чейин - уруу, Токмоктон Жамантыга чейин урук, уул же тек тобун Жээнбай баштаган Айтпайдын 5 уулу баштап берет. Ошол Айтбайдын урпагы катары өзүмдүн ата тэгим төмөндө мисал келтирилди.

Адам ата

Адам-ноо жана Обо энеден

(жараткандын биринчи от жаккан пендеси — Аваат)

Аваат-9

Могол, Токмок-Тоушкан, Уста-Катай, Кыдырша-Жой, Ботон (бүтүн жаннат), Адалакы-Төлөбай, Чолой-Шадек, Гүжөөн-Буйдалы, (Төлөбай, Шадек, Тоушкан, Катай, Буйдалы, Көчөк, Жетиген)

Токмок - 3 (5)

(Жаманты, Шекили, Досбол, Мурунбай, Жетиген)

Токмоктон - Жамантыга чейинки 100 атанын акыркы 7-ата аталат жана 91 ата катарынын уруу жана урукка бөлүнүшкөндөн улам алардын бардыгынын эле аттары айтылбай келгендиктен белгисиздери да бар.

92 жети ата Көкө мерген. (К+К+Н)

93 жете же алты ата - Итигул

94 пушту – Толубай

95 жото – Токтогул

96 буба - Андакул

97 баба - Набек

98 чоң ата - Чокур (Шүкүр-Калбай)

99 ата - Абдрахман -2

(Жаманты, Жетиген)

100 бала - Жаманты (жамантык)

Калдыргач бий 2

Шырым-Шырдак 3

Төрө (Төрөбай) - Төлөк (Төлөкбай) 4

Чакан – Чыйбыл 5

Ашыр-Көчөк 6

Айт-падачы (Айтбай -5) 7

(Жума, Эшимбек, Мурзабек, Жээнбай, Полот).

1 Жума (Каль Жума-3) 8

(Нурмат, Досмат-төрага, Жусуп, каль Азим.)

2 Досмат (даткалык-төрага) -7

(Абдрахман-көкнар, Нурзумбет-жасоол, Мурзакул-бозго, Тагайбек, Халматбек, Назирбай, Мукарамбай)

3 Халматбек -2

(Садык, Саликазы)

4 молло Садык -1

5 Азимбай -2

Бурхан Пахридин (Паахыр-3)

6 Пахридин-3

(Абдижалил, Абдиразак, Абдикалык)

7 Абдижалил - 5

(Абдихалил, Абдрашит, Абдилазим,)

8 Абдрашит -5

9 (Авазбек, Азатбек, Айтымбек)

Сөз башы

Биз ХХI кылымдын эшигин ачып, Жер шаарындагы техникалык прогресстин, бийлик жүргүзүү саясатынын акыркы II кылым ичиндеги күн батыштан «келген» адам баласынын жетишкендиктеринин күбөсүбүз, анткени техникалык прогресстин продукциясы от жагат, анын жардамы менен «темир ат» даярдап, ал «атты» бир эле жер бетинде минбестен, асмандата учуруп, адам затынын асмандагы Айга колу жеткенин жана айдын үстүн техникалык өсүп-өнүгүүсүнөн сыналгы - телевизор аркылуу көрүп, үйдө сыналгы жанында отуруп кеп сала сындап сыпаттап калбадыкпы.

Мына ушундай даңазалуу прогрессте кыргыздардын салымы барбы, эгерде болсо канчалык деген суроо сала ой калчап тарыхтан из издеп көрсөк.

Массалык маалымат каражаты (ММК), күч алып кулак менен көзгө зор келип мээнин кызматы күчөп, ошол эле мезгилде оңойуна качыра башкаларды ээрчип кетүү шарты азгырып турганда, саясат иши бирин экинчисине кайраштыра, күчтүүлөр жана амалкөйлөр өз ишин «башканын колу менен жүргүзүп» жатканда кыргызга кыйын эле болуп калбадыбы. Ошондон улам Кыргыздын коммунисттерче келечектүү идеологиясы жок, аны түзүү керек деп чыккан эргулдарыбыз да толтура.

Ошол эле мезгилде тарыхтагы Кыргыздын изи бурмаланып, тепселип, өңү өзгөрүп кеткенин иликтей изилдей алдыкбы? Мен бул багытта идеология өзөгү болгон боз үйдүн курулуш негизин түзгөн жыгач жасалгалардын өз ара жалгай жайгаштыруу эрежесин ойлоно окуй билген куйма кулак кишилерибиз жаш муун кулагына куя айта алдыкпы?

Кыргызда мен билгенден турак үйлөрдү үчкө бөлө айтылат, эң кичине 4 канат үй — боз үй, 6-8 канат кыргыз үй, ал эми 10 жана андан жогору канатка жеткире курулган чоң көркөмдөп жасалгаланган үй, ак өргө аталуу менен байлыгына чиреңген кишинин үйү, ошондой эле байлар ортосунда кудалашууда да кызына ак өргө түрүндө сеп берилген.

Боз үй, бешбармак азыркы биздин тилибиздеги ардактуу даражага коммунисттик замандын идеологиялык таасиринин натыйжасы катары баалайт элем. Анткени, кедей-дыйкан бүлөсү гана боз үйдө турмуш кечирген, эгерде «кыргыз үйдө же ак өргөдө төрөлгөм» - дештин өзү «мен байдын баласымын» деп өзүнүн байлык даражасын моюнга алуу эмес беле, ал эми нарынды беш бармактап колу менен жегендиктен «нарын» сөзү - бешбармак болуп чыга келбедиби.

Тарыхый мааниде боз үй кыргыздын турмушундагы көөнөрбөс мурастык идеологиясын даңазалоочу «айкели же статуясы» катары кабылданып келген, бирок заман өзгөрө аны менен бирге идеологиясы да өзгөрүп азыркы абалга жете кыргыздын башкы идеология маңызы анын боз үйүндө «көркөмдөлө жазылып коюлган окуу адебинен четтеп, идеология багытында сабатсыз болгондугубузда болуп жүрбөсүн», анткени кыргыздын «эки жарты бир бүтүн» - накыл сөздүн турмуштагы орду жана келечек багытынан кэп салып көрсөк.

Боз үй төрт канат кереге коргонуна 41 уук байланып, уук учу чамгаракка же түндүккө сайылат, терезеси да моорусу да көктү карап турат жана туурдук менен ачып жабылат.

Кудалаша атасы алып берген келинчеги менен ымалаша тил табышып, эркек менен ургаачынын келечекке болгон бир багыттагы көз карашынын жанашышы жана жуурулушу же эки жартынын бүтүндөлүшү. Кереге негизи эки жыгачтын өз ара айкалышын бир «калыпка» куйгандай тигиштеп - темгектеле ширелиши эле эмес алардын каалагандай керектүү форма берилишинен жыйыла - жазылуусу менен кереге жыгачтар ортосундагы пайда болгон тешик: кереге көз же ромбик формасында болуу менен жогорулай - келечекке умтулуу багыты, бул тукумду улоо аркылуу боло тургандыгында экендигин ачык-айкын көрсөтүүдө.

Ал үчүн биринчи эркек бала болушу сыймыктуу, бирок ал өзүнө тең ургаачыны табууга муктаж экендиги менен эки жарты бириге жаңыланарынан кабар берген так сандагы ууктар. Ал уук өз кезегинде ургаачыны элестеткен чамгарак тешигине сайыла, ал ургачы менен эки жарты - биригүүсүнөн түндүк ортосунда каршы-терши чырымдата так санда гана коюлган чабактар, үчүнчү же небере катарына кезекти бийиктете өткөрүп берген болуп жатпайбы. Ошентип эки-үч жолу кайталанган «эки жарты жаңыра бүтүндөлүү менен жаңы жарты эркек пайда болсо тукум улана, улам бийиктеген сайын турмуштун ачуу-таттуусу аралаш үй ичинде жагылган от түтүнүнө бөлөнө-булана өрчүй берерин кабарлап тургандыгын окуй билүү ар бир кыргыз баласынын башкы милдети катарындагы озипасы эмес беле.

Учур мезгил саясатын багыт күчүнө жараша, илгеркилердин мурастык сөзү «ургаачы күл менен шыпырындыны үйдөн аралаштырбай эки бөлөк алып чыгып эки башка төгөт, эркек боз үйдүн жасалгасын куроодо эки жарты бир бүтүн маанини унутпайт» - деген мурастык сөздү урпактарга жеткире алдыкпы?

Ошол айтылган мурас сөз мааниси «аралашты» - дегенче «жакшы-жаманың» аралаша ырк бузула, ынтымак жоголуп, азыркы биз башыбыздан кечирип жаткан турмуштун образына туушугуну сыпаттала айтылып келгенин байкоого болот. Мисал катары жогоруда айтылган боз үйдүн жасалгалоо эрежесинде чамгарак ургаачыга таандык болсо, туяк ээси эркек так сан менен белгиленип келген уук, түндүктүн түтүнгө же турмуш агымына буулануучу балактары так санда - эркек бала эмес жуп - кыз болуп, аялдар заманынын жарчысы болуп калбадыбы, ошондой какаганга муштаган болуп ММК да аял заты өз ара жана эркектер менен болгон саламдашуу адеби мода болуп эркек алып баруучулар «арбаңыздар» - деп аял затынан башканы көзгө илбей калбадыбы.

Тилекке каршы, биз бир эле күнүмдүк турмуштун «жакшы менен жамандын» - белгилерин аралаштырбастан кыргыз турмушунун өзөгү болгон санжырабызды да өз корообуздун «кочкорун» мактап - жактап, кала берсе түп атаны унута аты чыккан «кочкорду» эш тута - уруу атын да ага ыйгара, «улут-уруу-урук-уул» сөздөрдүн маани маңызын аралаштыра маңкурттук жолго түшүп албадык бекен?

Экинчиден, сөз убакыт өткөн сайын саясат агымына жараша жер суулардын аттары бурмаланууда жана перс кыргыз тилдеринин өз ара жуурулушу жана өсүшү багытындагы кеп «жер, суу аттары жана санжыра сабактары» бөлүмүндө улансын.

Токмоктор

Токмоктор 9 уруу Абат - Аваат, Манаста Набат ал эми Европада «аббатство» түшүнүгү да Аваат журтчулугу менен үндөш эле болбостон чиркеле тектеш жагы да бардай сезилет жана эзелтеден бери айтылып келе жаткан терминдер катарына кирет.

Эгерде, Аваат сөзү Алланын биринчи от жаккан пендеси катары сыпатталып үнкүр ичин от жага жылытуу менен турган жерин аваат кыла өздөштүрүп, ата мурасы от жагуу адатын өздөштүрүп эле калбастан, оттун жылуулук чыгаруу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жетишкендигин баса айтуу ашыкчалык кылбас. Анткени жөнөкөй очоктогу от 400-600 градустан жогору тап бере албайт, ал эми токмоктор көмүр өчүрүп, ал көмүр менен чоюн ээритип (1000-1100 град), - известка бышырып (1450 град.), курулуш технологиясын азыркы деңгээлге чейин көтөргөн адистикти өздөштүрүү менен «токмок» атка конгон деп айтылып келет, карт санжыра санагында.

От боюнча биринчи от жагуу озипасы да Аваатарга туура келет, анткени Шадимир тоосундагы стронций элементи казылып алынган, ал кен Канигут шахтасында ишке ашкан. Шадимир тоосундагы кара таштын от учкунун чыгаруу жөндөмдүүлүгүн байкап кыргыздын биринчилерден болуп колдонгондугунан кабар берет, мисал катары менин таятамдын ата-бабадан калган таберик таш деп аздектеп колдонуп жүргөн кара чакмак ташты мен да көрүп калганмын.

Азыркы учурда токмок сөзүн мушташканды маш кылган өспүрүм балдарга гана таандык катары кабыл алып келебиз, бул тууралуу Сабыт Рахматулла уулу да маалымат берет, бирок илгеркилер токмоктордун токмоктоо менен кирпич ылай - баткагына серкенин ич майы менен көмүр жана известка аралаштыра стандарттык формасын берүү үчүн токмоктоо өнөрүн өздөштүргөндүгү үчүн «токмок» атка татыктуу болгондугу тууралуу уламыштар бар.

Бекеринен Евроазия континентинде 7 токмок аттуу шаар курулушунун орду аталып 11-си Индиянын Агра шаарындагы (Тажымал) Таджмакалдын курулушу улуу Могол заманында болгондугун, ал курулушту Моголдун Жабакы уругунун өкүлү Ош пиримдик султан Бабур жетектегени белгилүү.

Токмоктордун курулуш технологиясын өздөштүрүүдө Баткендин Самаркандек айылынын күн батыш жагында 10-15 км аралыкта Сарыташ аттуу өтмөктө Токмоктордун 10 дон ашуун мешинин урандысы жана көмүр казып алган шахтасы бар.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×