Добавить статью
9:04, 5 декабря 2014 57883

«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (5-бөлүк)

Уландысы, башы
1-бөлүктө, 2-бөлүктө, 3-бөлүктө, 4-бөлүктө

Меңдибек уруусунун таралышы

Бактыгул атанын үчүнчү аялы болгон Меңдибек энебиз эки уул төрөйт алар – Конок, Байкөчөк. Коноктон – Өмүр, Кылжыр. Өмүрдөн – Алдаш андан Жакып, Усуп. Жакыптан – Нарынбек, Усуптан – Ысмайыл, Жумалы. Ысмайылдан – Жээнбек, Асанбек, Ырысбек, Жапы, Шүкүрбек. Жумалыдан - Кеңешбек, Жеңишбек. Коноктун экинчи уулу Кылжырдан – Жангарач, Рай, Бабык, Байсал, Байтик. Жангарачтан – Жамгырчы андан Дөлөс, Дөлөстөн - Эсенбек, Эсеналы. Эсенбектен – Жарашбек. Райдан – Тойтуке, Жумабай. Тойтукеден – бир эле кыз калган. Жумабайдан – Абылмажын андан Темирбек, Болотбек. Бабыктын биринчи аялынан Жумакун, Усубакун. Жумакундан - Абдылда андан жалгыз эле кыз калган Зина. Усубакундан – Турсуналы андан Нарынбек.

Бабыктын экинчи аялынан Салакун, Сактан, Үсөн. Салакундан – Жамаке андан Жаманкул, Ниетбек, Асанкул. Сактан, Үсөндөн тукум жок. Байсалдын тукумдарынан толук маалыматыбыз жок Ысык – Көлдө, Каракол шаарында турушат деген божомолдор бар. Ал эми Байтиктен эки эле кыз калгандыгы белгилүү болду. Ушуну менен Коноктун тукумдарынын таралышын аяктайбыз. Эмки сөздү Бактыгул атабыздын экинчи уулу Байкөчөктөн баштасак. Байкөчөктөн – Бекболот, Жаныке. Бекболоттон – Карагул, Бөлөкбай. Карагулдан – Төлөгөн, Жума. Төлөгөндөн – Абдыкайыр андан Токтомамыт, Токтоназар, Токтор. Toктомамыттан – Дүйшөнбек, Бакытбек, Майрамбек, Замирбек, Кубанычбек. Токтоназардан – Талантбек. Токтордон – Мирланбек, Нурбек. Жумадан – Үсөнакун андан Абдыназар, Абдысатар. Абдыназардан – Акылбек, Ниязбек, Алтынбек.

Абдысатардан – Азамат, Максат. Бекболоттун экинчи уулу Бөлөкбайдан – Аалы, Саалы, Тынаалы. Аалыдан – Тентимиш андан Асанкадыр, Кадыш, Кадырбек. Асанкадырдан – Бакы, Кадыштан – Сапаш, Капаш, Кадырбектен – Бектур, Эсентур, Амантур, Бакыт. Саалыдан тукум жок. Тынаалыдан – Бакас андан тукум жок. Ошентип Бекболоттун тукумдарынын таралышынын аягына чыктык.

Байкөчөктүн экинчи уулу Жаныкеден – Айтбай, Эшим, Араке, Тоошар. Айтбайдан – Аким, Чоткара, Бердике. Акимдин биринчи аялынан Богорстон, Осмон, Маадаке, Саадаке. Богорстондун тукумдарынан маалымат жок, эл үркүндө бул киши Кытайда калып калган деген уламыштар бар. Осмондон – Дүйшөбай, Чымырбай. Дүйшөбайдан – Кыдырмыш андан бир кыз бар Калыйбүбү. Чымырбайдан – Кусеин андан балдар бар маалыматыбыз жок. Акимдин Маадакесинен тукум жок экен, Саадакеден эки кыз калыптыр Сонунбала, Бурулуш. Акимдин экинчи аялынан Ыман, Ташыбек. Ымандан – Талканбай, Кулбарак. Талканбайдан – Ыйбак, Жайнак. Ыйбактан – Маамыткан, Мааткерим. Маамыткандан – Мамырбек, Надырбек, Арстанбек.

Мамырбектен – Улан, Бакы. Надырбектен(Табылды) – Кубанбек, Майрамбек, Самат. Арстанбектен – Магдыбек, Бекболот, Жанболот. Ыйбактын экинчи уулу Мааткеримден – Сагынбек. Эми Ымандын экинчи уулу Кулбарактан – Мүсүралы, Сары, Жакшылык. Мүсүралыдан эки кыз калган Чыңга, Жамыгүл. Сарыдан – Каптагай, Сүйүндүк. Каптагайдан бир кыз калган, Сүйүндүктөн тукум жок. Жакшылыктан – Касей андан бир эле кыз калган аты Сабыр. Эми Акимдин Ташыбегинен – Орозаалы, Өмүркан. Орозаалыдан – Курманбай, Рысбай. Курманбайдан – Эралы андан Мукалаң, Садыбакас, Абдылда, Мөкүш, Нарынбек.

Рысбайдан тукум жок. Ташыбектин Өмүрканынан жалгыз кыз калган Батый. Ушуну менен Аким уулунун таралышынын аягына чыктык. Эми Айтбайдын экинчи уулу Чоткарадан – Калча, Карымшак. Калчадан – Бокчу, Бекбоо, Жылкычы. Бокчудан – Турусбек андан тукум жок. Бекбоодон – Казак, Шарше. Казактан – Жаныке андан Бөкөнбай андан Азис. Шаршеден – Зарлык андан Адилет, Абай. Адилеттен – Алишер. Жылкычынын биринчи аялы, байбичеси Макетайдан – Шаршенби андан Маатказы андан Уланбек, экинчи аялы Асылкан энеден Кадыр, Кадыралы. Кадырдан – Мырзабек, Муратбек, Жаңыбай, Төлөгөн, Бакытбек, Азамат.

Мырзабектен – Урмат. Кадыралыдан – Сталбек, Медербек, Кубат. Чоткаранын экинчи уулу Карымшактан - Ырсалы анын биринчи аялы, байбичеси Бүбүкан энеден Кусеин андан беш кыз бар Токтобүбү, Тамара(белгилүү диктор,Кыргыз эл артиси), Нарынкүл (илимдин кандидаты,профессор), Базаркүл, Үпөл, ал эми Ырсалынын экинчи аялы Үмүтөр энеден Торгой андан Жаныбек, Канатбек, Муратбек, Максат. Ошентип Чоткаранын тукумдарынын таралышынын да аягына чыктык, эмки сөз Айтбайдын үчүнчү уулу Бердикенин биринчи аялынан Төлөмүш андан Абдыракман андан Жусуп андан Аскарбек, Асанбек, Кубат. Бердикенин экинчи аялынан Чечей, Жаңыбай. Чечейден – Деркенбай андан жалгыз кыз Калия. Жаңыбайдан дагы жалгыз кыз Сонумкан. Бердикенин үчүнчү аялынан Кербенбай, Матай. Кербенбайдан – Абылмажын андан Мукаш андан Туратбек, Тургунбек.

Матайдан – Курманбек андан Акен, Бейшек, Бейшеналы. Ошентип Жаныке атабыздын улуу уулу Айтбайдын тукумдарынын таралышын жыйынтыктап, экинчи уулу Эшимдин урпактарынын таралышына кезек берсек. Эшимдин биринчи аялынан Дейди, экинчи аялынан Кулчу, Борош, үчүнчү аялынан жети эркек бала төрөлөт, көз тийбесин деп ырымдап “Жети таз” деп коюшат. Дейдиден – Осмон, Аалы, Мамбет. Осмондон – Дүйшөбай андан Дамбылдай, Сыдык. Дамбылдайдан – Эшенбек андан Эсенгул, Бердигул. Сыдыктын биринчи аялы Ажардан Жумабек андан Жыргалбек, Максат, ал эми кийинки аялы Гүлшарадан Жумадил андан Турар. Дейдинин экинчи уулу Аалынын биринчи аялынан Кыдырмыш андан тукум жок, экинчи аялы Бүбүдөн Абдыбалый андан Мурат белгилүү кино тартуучу (оператор) Бишкекте турат. Дейдинин үчүнчү уулу Мамбеттен – Асанакун андан Бакас андан Владимир, Болот, Темирбек, Өмүрбек, Мырзабек. Эшим атанын экинчи аялынан Кулчу дебедикпи, Кулчунун биринчи аялынан Жаманак, экинчи аялынан Атакан, Шоңко, үчүнчү аялынан Ботокан, төртүнчү аялынан Ботбай. Жаманактын үч аялы болгон экен, биринчи аялы Набаттан – Чылабай, Чыңгыш, Маасыркан. Чылабайдан – Караменде, Карач. Карамендеден – Абдылда андан Наамат, Райманкул, Казыбек, Жаныбек, Нурлан.

Карачтан – Асанкадыр бул киши согуштан кайтпай калган экен тукум жок. Чыңгыштан – Бегетай анын биринчи аялы Чачыкейден Бейше, Асанбек. Бейшеден – Арзыбек, Арзыкул. Арзыбектен – Нарынбек, Өмүрбек, Максат, Томсон. Арзыкулдан – Жолдошбек, Батырбек, Бакыт, Майрамбек, Кубанычбек, Жыргалбек, Рысбек. Асанбектен – Арзымбай, Арзымат. Арзымбайдан – Таалайбек, Темирбек, Болот. Арзыматтан – Иличбек. Бегетайдын экинчи аялы Айымкандан Абакир, Жумаш. Эми Жаманактын үчүнчү уулу Маасыркандан – Молдозайыр, Нарынбай, Назарбай. Молдозайырдан эки кыз калган Айша, Керез. Нарынбайдын биринчи жеңе - аялы, байбичеси Шаарымкандан Саркел андан Жаныш, Абдыралы, Мураталы, Темирбек, экинчи аялы Бүбүдөн үч кыз Турду, Сайракан, Акен. Назарбайдан – Муканбет андан Сагыналы андан Замирбек, Нурланбек, Мирланбек, Жыргалбек, Адилет.

Жаманактын экинчи аялы Канымдан үч уул төрөлөт Рыскулбек, Бакай, Корголбай. Рыскулбектин биринчи аялынан Чоло, Жаанбай. Чолодон – Акун, Исак, Мамбетакун, Исакбек, Белек. Акундан – Бекибай, Бекмурат, Кабакбек, Бегимат, Дүйшөнбек, Жыргалбек, Алтынбек, Исактан – Макмал, Мамбетакундан – Нурлан, Исакбектен – Мирбек, Белектен – Эрик, Эркинбек. Жаанбайдан – Көбөк, Ажыбай, Шаршенби, Ажымат. Көбөктөн эки кыз калыптыр. Ажыбайдан - Жалый, Абдыкадыр. Жалыйдан – Тариэл, Динислам, Абдыкадырдан – Арстанкул, Шейшенкул. Шаршенби согушка кетип кайтпай калыптыр. Ал эми Ажыматтан – Арстанбек андан Кубан.

Рыскулбектин экинчи аялынан Койсары, Күчүк, Саккулак. Койсарыдан эки кыз калган Үрпиян, Насип. Күчүктөн – Капар андан Нурлан, Мирлан. Саккулактан – Карганбек. Жаманактын экинчи уулу Бакайдан тукум жок, үчүнчү уулу Корголбайдан - Урумкан, Токтокожо. Урумкандан – Муканбет согуштан кайтып келбей калган. Токтокожодон – Абдыкасым андан Мамыр андан Жолдошбек.

Жаманактын үчүнчү аялы Бурмакеден төрт уул төрөлөт Кудайберген, Доржу, Кожобек, Түмөнбай. Кудайбергенден – Сырдыбек, Карыбек. Доржудан – Турсун андан Бакен андан Асылбек, Аскарбек, Акылбек. Ал эми Кожобек, Түмөнбайдан тукум жок.

Жогоруда Кулчунун экинчи аялынан Атакан, Шоңко дебедик беле, эмесе Атакандын үч аялы болгон экен, Биринчи аялынан Канай, Жанай. Канайдан бир кыз эле калыптыр, Жанайдан – Сарт, Кыдырбай. Сарттан – Ырысбай, Кыдырбайдан эки кыз бар экенин билебиз калган балдары тууралуу маалымат жок Жанайдын тукумдары Ыссык – Көлдө турушат экен. Атакандын экинчи аялынан Өмүркан андан Усупбек, Акматбек, Аалы. Усупбектен – Шокен андан Кубанычбек андан Бакытбек, Мыктыбек, Темирбек, Ырысбек. Акматбектен – Асангазы, Асанбек. Асангазыдан биринчи аялы Майрамкүл эжеден Малик, экинчи аялынан Суроо. Асанбектен – Эмилбек, булар дагы Көл тарапта турушкандыктан калган балдары туралуу маалымат жок. Аалынын биринчи аялынан Жумадил андан Эркинбек андан Алмаз, Болот, кийинки экинчи аялынан Мурадил. Атакандын үчүнчү аялынан Ысмайыл андан Маматкул(Бакай), Маматбек, Бейшебай. Кулчунун экинчи уулу Шоңкодон – Шералы, Байбол. Шералыдан – Акен андан Мырзабек, Таалайбек, Камчыбек. Байболдон – Табылбек андан Талантбек, Максатбек, Медетбек.

Кулчунун үчүнчү аялынан Ботокан деген элек, андан Өмүр, Нурбай. Өмүрдөн – Муса, Алик, Иса. Мусадан – Малай андан Нарынбек, Адылбек, Бакытбек. Аликтен – Токтогул, Токтобек, Тыныбек. Исадан – Жаныбек. Нурбайдан - Туйбас, Кулмат, Жолдошбек. Туйбастан – Төлөмүш, Керимбек, Каныбек. Кулматтан – Орозбек. Жолдошбектен – Адилет.

Кулчунун төртүнчү аялынан Ботбай эмеспи, андан Адымомун, Шайылда. Абдымомундан жалгыз кыз Токтокан. Жогоруда Эшим атабыздын экинчи аялынан Кулчу, Борош деген элек, Кулчунун тукумдарынын таралышын аяктап, эми Бороштун тукумдарына кезек берели.

Бороштон – Садыр андан Субанбек андан Майрык, Жакып. Майрыктан – Молдоказы, Султанказы. Молдоказыдан – Уранбек, Бакытбек, Кенжебек, Кайрат, Кубан, Султанказыдан – Ильяз, Нияз, Кыяз, Алмаз, Нарынбек. Ильяздан – Данил. Жакыптан – Бектурган, Турдубай. Бектургандын балдары тууралуу маалымат жок, Турдубайдан – Сүйүндүк, Сүйүнбек, Темирбек, Курманбек. Ошентип Эшим атабыздын экинчи аялынан төрөлгөн Кулчу, Бороштун тукумдарынын таралышын аяктап, үчүнчү аялынан жети бала төрөлгөн деген элек, эмесе жети таздардын тукумдарынын таралышына кезек берели алар: Калпа, Турпанбай, Төлөнкожо, Туту, Сагынбек, Молдакун, Котур.

Калпа – ажы болгон киши экен турган жери, бала – чакасы жөнүндө маалымат жок экен. Турпанбайдан – Каргалдай, Чолпонбай. Каргалдайдан – Турар, Дүйшек. Турардан – Мады, Максат. Төлөнкожодон – Абакир андан Желдең. Тутудан- Касым, Ишенакун. Касымдан тукум жок, Ишенакундан – Жакшылык, Жакып Жети – Өгүз районунда турушат. Сагынбектен – Коңурат андан Муканмедий андан Өмүрбек, Мелис, Эрнис, Талантбек, Майрамбек, Маратбек. Молдакундан – Жумабек. Котурдан эки кыз калган.

Ошентип Жаныке атабыздын экинчи уулуу Эшимдин тукумдарынын таралышын да жыйынтыктадык, эми үчүнчү уулу Араке, төртүнчү уулу Тоошар жөнүндө сөз кылсак, чоң үркүнгө байланыштуубу, же башка себептер болгонбу булардын тукумдары жөнүндө маалымат табалган жокпус.

Урматтуу окурман Ыссык – Көлдүн Жети – Өгүз районундагы Кабак айылынын тургуну билим берүүнүн ардегери ардактуу аксакал карыябыз Эсеналиев Калкабай авабыздын Кабак айылынын 80 жылдык мааракесине арнап 2007 – жылы жарык көргөн китебинде Кабак айылында бир канча түтүн Меңдибек уруусунан жашаарын жазып калтырган. Мен ошол Меңдибектерди ушул жерге кошуп кетүүнү туура көрдүм, себеби жогоруда кээбир аталарыбыздын урпактары жөнүндө маалымат табалбай Көл тарапта жашайт деп угабыз деп кеткен элек, кандайдыр бир деңгээлде толукталат деген ойдобус. Ошонтип Кабак айылында жашаган Меңдибектер: Бактыгул атабыздан Конок андан Кылжыр андан Ормотой андан Жанузак, Орозаалы, Кожобек, Сулайман. Жанузактан – Асанаалы, Карыбай, Шерип, Амантур. Асанаалыдан – Жумакан, Бейшекан. Карыбайдан – Жумагалый, Асек, Болот. Шериптен – Шарше, Эсенгул, Ырыспай, Кенжебай. Амантурдан – Ырыскул, Дүйшөкул, Бейшенкул. Сулаймандан – Касымакун андан Асек, Ашырбек, Ошурбек, Болотбек, Темирбек, Камчыбек, Курманбек.

Ошондой болсо дагы элибизде илгертен калган уламыш сөз бар “Жаныкеден жалпы Меңдибек” деген, анткени “Меңдибек” уруусунун 70 пайызынан ашыгы Жаныке атанын тукумдары түзөт экен, ошондуктан ушинтип айтылып калса керек. Эмесе урматтуу окурман Жаныке атабыз жөнүндө уккан уламыш окуяны ушул жерге кыстарып айтып кетүүнү туура көрдүм. Бул окуя туралуу атам раматылык айтып, элге кеп салып отурган жерин уккан жерим бар эле. Жаныке атабыз өзү келбеттүү баатыр мүнөз, кенебеген, дүнүйөгө – байлыка көп кызыкбаган адам экен. Күндөрдүн биринде жакшы санаалаш бирөө союп жеңиз деп, балдарынан өңөртүп козу берип жиберет. Козуну кеч курун алып келсе керек, атабыз короодо жуушап жаткан койлорго коштуруп койот. Короодогу койлор, жоон топ мал агасы Бекболоттуку болот, а киши малдуу, жандуу бай киши экекен.

Эртеси эртең менен койлорду жайытка чыгараарда, чоочун маараган козуну көрүп, жайыттан жоголуп кетпесин балким керектеп калып жүрбөсүн деген ой менен болсо керек, айтор козуну Жаныке атабыздын боз үйүнүн туурдугунун боосуна байлатып койуп, койлорду жайытка чыгарып кетишет. Жаныке атабыздын байбичеси эртең менен аттанып кетип жатып “Жалгыз кой жан кейитет, эки кой этек жыртат” байлап койгула деген кайнагасынын сөзүн угуп калат, бирок маани бербей койот, биртоп убакыт өтсө керек эшике чыкса үйдүн жанында туурдуктун боосуна чалынып муунуп өлүп жаткан козуну көрөт. Баардыгын Жаныке атабызга айтат, ал киши агасынын мындай кылганына абдан нааразы болот, мылтыгын асынып жөө-жалаң тоо тарапка бет алып агасына таарынып кетип калат. Эртеден кечке баспаган жери колбай чарчайт, ачка болот, атып алып жок дегенде боорун куйкалап жейин деп эч нерсе жолуктуралбай койот. Убакыт билимбей күн кечкирип караңгы кирип кетет, чарчагандыктан ыңгайлуу жер издеп, эс алып таң атырууну чечет.

Канча убакыт өткөнү белгисиз, уйку-соонун ортосунда жатса, бир аксакалын жайкалткан салабатуу адам келип “Олдо айланайын балам мынча эмне жаныңды кыйнадың, бул жердеги булака бир балык салып койдум, куйкалап бышырып жеп өзөк жалга, андан ары жапсарга Айманбосту үч буттап чидер салып койдум ат кылып мин, аркы дөбөнүн капталында он эки айры бугу турат аны атып ал” дейт, чочуп көзүн ачып тура калса, таң агарып жерге жарык кире баштаган экен, айланысында бир да жан көрүнбөйт. Өңүмбү же түшүмбү деп, деңдароо болуп отурса шылдыраган суунун үнү угулат, таң калып түндө ичээрге суу таппай койдум эле деп, нары жака басса булактан шылдырап суу агып жатат, ичинде бир балык сүзүп жүрөт, жүзүн чайып балыкты куйкалап жеп каниет алат.

Ойлонуп отуруп таң калат, кудая тобо аксакалдын айткандарынын биринчиси туш келди, эми атты тушап койдум дебеди беле деп, каптал жака басса, жапсарда жал – куйругу төгүлгөн, тулпар сындуу бир боз ат оттоп турат, көргөн көзүнө ишенип-ишенбей, аттын тушамышын чечип канжыгага байлап, минип алып, эми бугу бар дебеди беле деп дөбөнү айланып бастырса чын эле мүйүздөрүн каркайткан бир бугу жуушап жаткан болот, акырын өңүткө отура калып атып алат. Бугуну шашпай сойуп, этин толук артынып алып айылга келет. Катар-катар казан астырып бугунун этин бүтүн салдырып, айылдын элин бүтүн чакырып түлөө берет, айыл аксакалдарына болгон окуяны төкпөй-чачпай толугу менен айтып берет.

Ошентип бул окуя бат эле эл-журтка тарап кетет, Жаныке баатырга Кыдыр-Алейсалам өзү жолугуп тартуу бериптир деген улуу ой эл арасында чабыттайт. Ырым болсун биздин тукумдарга да шыбагасы тиер деген ой менен мал тартуулап келип, бугунун мүйүзүн бир уруунун билерманы суратып кетет. Күндөрдүн биринде жалпы кыргыз элине белгилүү журт башчылары чогулуп, башка бир чоң өлкөгө элчи жибермек болушат, ал жака барууда бир чоң сууну кечүү керек экен, бул сууну жөнөкөй аттар кече албайт кандай кылабыз деп баштары ооруганда, кеңешке катышкан билермандардын бирөө, муну кечсе Тынымсейит уруусунан Жаныке баатырдын “Айманбосу” кечет, башка ат кече албайт дейт.

Андай болсо жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн каалаганын берели атын берсин деп чабаган жиберишет, атабыз Кеминден келген чабарманга “Айманбосту” кармата берет. Аттын үч бут чидери үйдө калып калган экен, аны уккан дагы бир уруунун билерманы кадыр салып суратса ага бердиртип койот. Ошентип бул окуяны жыйынтыктап атам айтып калаар эле, Жаныке атабыздын кең пеил, кенебестигинен “Айманбосту” алган уруу аттан түшпөй эл башы болуп келе жатышат, ал эми мүйүз менен чидерди алгандар бардар жашап, малдуу- жандуу болуп тукумдары өнүп- өсүүдө. Жаныке атабыздын тукумдары “Өлдү-өлдү дегенде өл балыкпыс” жалгыз кана куйкалап жеген балыктын паанайы менен калганбыз, биздин тукумдар өтө байып элден алдыга озуп кетпейт, жакыр жашап элден артта калбайт, элдин жоон ортосунда жашообус өтөт – деп келип эрте туруп талыкпай эмгектенген гана адам өз мүдөөсүнө жетет, жакшы жашагыңар келсе, жалкоо болбогула – деп айтаар эле.

Эмесе туугандар Жаныке атабыз жөнүндө бул уламыштуу окуяны жыйынтыктап жатып, айта кетүүчү нерсе атам раматылык жогорудагы окуялардагы атты, чидерди, мүйүздү суратып алган уруу башчыларынын аттарын, кече турган суунун атын өз аттарынан атап, окуяны кенен айтчу эле, менин эсимде толук калбагандыгына абдан өкүнөм.

Мына ушунтип Бактыгул атабыздын үчүнчү аялы Меңдибек энеден тараган “Меңдибек” уруусунун таралышына, ошону менен жалпы эле Бактыгул атабыздын тукумдарынын таралышына күбө болдук, мен өзүм дагы ушул уруудан болгондуктан болгон мүмкүнчүлүгүмө жараша толугураак тактаганга аракет кылдым, айрым бир мүчүлүштүктөргө жол берилген болсо туугандарымдан алдын – ала кечирим сурайм, тактоого көмөк көрсөткөн туугандарыма ыраазычылык билгизем. Эмки кезекти Шалтак атабыздын экинчи уулу Кабактын урпактарына берсек.

Кабактын тукумдарынын таралышы

Кабак өзү заманында баатырлык кылып элин, жерин коргогон, көл элине кадыр – барктуу, жалпы журтубузга белгилүү адам болгон экен, ошондон улам урпактары Кабак атасынын атын өчүрбөй, ал киши жашап өткөн Жети – Өгүз районундагы “Кабак” айылы ошол кишинин атынан аталып калган экен. Кабактан – Калча, Түлөбай, Түшөбай, Кемел. Калчадан – Беккулу, Бекназар, Байтору. Түлөбайдан – Мортук, Молор, Акжаак. Түшөбайдан – Эсенбай андан Сарытай, Култай, Бердибек. Кемелден – Байбото, Суранчы, Тилеш. Эми Калчанын улуу баласы Беккулудан – Ногой, Бейиш, Шаабото, Таттыбай. Ногойдон – Үрүстөм, Ырай, Балбак. Үрүстөмдөн – Жамгырчы, Айтымбет, Телтай, Канадан, Төлөгөн. Жамгырчыдан – Алдаке, Келдике, Кызай, Тынай, Тынаалы. Алдакеден – Ишенбай, Казакбай. Ишенбайдан – Курманаалы. Келдикеден – Чакибаш, Эсенгелди, Эсенаалы, Кырбаш, Абылас. Чакибаштан – Турпан, Муса андан Эстелик, Болотбек.

Эсенгелдиден – Асей, Сокий. Эсенаалыдан – Кадыр, Бейшенбай, Калкабай андан Жолдошбай, Анарбек, Данияр, Туратбек. Кырбаштан – Баир, Касым. Бакирден – Руслан, Нурлан, Султан. Абыластан – Казы, Совет. Казыдан – Бактыбек, Самый, Райымбек. Советтен – Нурбек, Көкө, Кайрат. Жамгырчынын үчүнчү уулу Кызайдан – Шеримкул, Алымкул, Муканбет. Шеримкулдан – Эгенберди, Талаш, Талант. Алымкулдан – Мурат. Муканбеттен – Марат, Кубат. Жамгырчынын кийнки уулу Тынаалыдан – Сагын андан Темирбек, Эсенбек, Эмилбек, Эдилбек. Эми Үрүстөмдүн Экинчи уулу Айтымбеттен – Саркуш, Кашкелең, Мамбет, Таки, Чаки. Саркуштан – Кыдык андан Муканбет, Кумарбек, Күйпү. Кашкелеңден – Касый. Мамбеттен – Калыйкан. Үрүстөмдүн үчүнчү уулу Телтайдан – Ындыке андан Асан, Үсөн, Бачатай. Асандан – Бекжан, Бурганак, Шопок. Бурганактан – Бактыбек, Акылбек, Бектөрө, Руставели, Рыскул. Шопоктон – Аскар, Жалил, Жакшылык. Үрүстөмдүн кийинки уулу Канадандан – Шоорук, Кыдырган, Алма, Токтобек. Шооруктан – Сокубаш андан Ырысбай, Ырысаалы, Мукай, Мусабек, Сыртбек, Кулубек. Кыдыргандан – Саты, Өмүр, Текен, Дайыр.

Сатыдан – Төлөн. Өмүрдөн – Тилек. Текенден – Таалай. Дайырдан – Зарлык, Марат, Максат, Кубанычбек. Эмки кезекте Ногойдун экинчи уулу Ырайдан – Адыңчы, Жанузак. Адыңчыдан - Оторбай, Сооронбай, Сооданбек, Өмүрзак, Саадан. Сооронбайдан – Калча. Сооданбектен – Калый, Байпак, Кудайберген, Асанбай. Саадандан – Турганбай. Ырайдын экинчи уулу Жанузактан – Урабай, Мамырбай, Жумабай. Урабайдан – Кадыр, Тентимиш, Жүдөмүш. Мамырбайдан – Асан, Үсөн, Касен, Совет. Ал эми Ногойдун үчүнчү уулу Балбактан – Сарбагыш андан Өмүрбек андан Ташбай, Сапарбай. Ташбайдан – Уркалый, Мукай, Абдыкалый. Уркалыйдан – Замир, Дамир, Алмаз, Анарбек. Мукайдан – Кубанычбек, Сапарбек, Медербек, Акылбек. Абдыкалыйдан – Самат, Марат. Биз жогоруда Кабак атабыздын улуу уулу Калчадан Беккулу деген элек андан Байдалы андан Кожо, Куттукожо. Кожодон – Бекбай, Токбай, Ботбай. Бекбайдан – Токой андан Керез, Батый. Токбайдан – Дыйканбек, Дыйканбай, Шыйкынбай. Дыйканбектен – Асан, Намаз. Асандан – Жакый андан Жеңишбек, Жаныбек, Данил, Дайыр, Шайымбет.

Дыйканбайдан – Дүйшөкө андан Бейше, Абдыкадыр, Шайлоо. Шыйкынбайдан – Ырыскелди андан Базаркул, Чолпонкул, Темиш, Майрамбек, Урмат. Куттукожодон – Итбай андан Сулайман, Өмүр, Иван. Сулаймандан – Акун, Жусуй, Ыбыш, Ысман, Бектурган, Эркин. Акундан – Кеңеш андан Канат, Нурбек. Ыбыштан – Ыйманбек. Ысмандан – Асылбек. Бектургандан – Мырзабек, Болотбек, Исабек, Камчыбек, Касымбек. Эркинден – Айбек, Таалайбек. Беккулунун экинчи уулу Бейиштен – Кадыр, Качыке. Кадырдан – Ороз, Усупмамбет. Ороздон – Туртемир, Кудагелди, Аламан, Чоңбаш. Туртемирден – Аманбай, Узакбай, Эшен. Аманбайдан – Жакып андан Шакен, Жетимиш. Узакбайдан – Акун, Ыйман, Бексултан. Эшенден – Шалтак андан Жапый, Абдылда, Жумаалы, Саадабай, Кусейин. Абдылдадан – Турсунбек, Жапыраалы андан Асылбек, Касымбек. Саадабайдан – Турсунаалы, Шераалы, Эсентур, Сурмаалы. Кусейинден – Уркасый, Кадыш, Кыдырмыш, Жүдөмүш, Жаныбек.

Эми Узакбайдын улуу уулу Акундан – Асанкадыр. Экинчи уулу Ыймандан – Баты. Үчүнчү уулу Бексултандан – Жумгалбек (ЦКнын, Обкомдун биринчи катчысы, кийин вице – премьер министр болгон), Кадырбек. Жапыйдан – Жеңиш, Байыш, Жаныш, Кеңешбек, Нурбек. Желдеңбайдан – Бакыт, Акылбек, Максат, Урмат. Турсунбектен –Турдубек. Жапыраалыдан – Асылбек, Касымбек. Эми Ороздун экинчи уулу Кудагелдиден – Аламан, Таабалды. Аламандан – Алмакун андан Мукамбетаалы андан Жыргал. Эми Кадырдын экинчи уулу Усупмамбеттен – Бектур, Мамат. Бектурдан – Асанбай, Көбөк. Асанбайдан – Жапар, Жапыраалы. Көбөктөн – Жумаш андан Орозобек. Маматтан – Бообек андан Дүйшө, Султанмаамыт, Мукамбет. Эми Кадырдын үчүнчү уулу Качыкеден – Атагелди, Сарыбай. Атагелдиден – Акжан, Барманбек, Кулаш, Буйлаш, Арстанбек, Ыстанбек. Арстанбектен – Жумаакун, Мусаакун, Акелей. Жумаакундан - Кадырбек, Айтбек, Догдурбек. Мусаакундан – Жыргалбек, Мырзабек. Акелейден - Бекбоосун, Базарбай, Турдубай. Кулаштан – Сыдыкбек, Кыдыкбек, Осмонбек, Мааданбек, Токтакун, Молдакун, Стамбек, Байтору. Сыдыкбектен – Казыакун, Касымалы, Кадыраалы. Осмонбектен – Бейшенаалы. Мааданбектен – Турпан.

Токтакундан – Асангул, Эсенгул, Казы, Ырайымкул. Молдакундан – Турсун. Стамбектен – Жумакадыр, Качкын, Койчуман. Качкындан – Ырысбек, Курманбек, Турат, Ишенбек, Төлөн. Койчумандан – Таалай, Абаз, Акмат. Байторудан – Салыбек андан Ысмайыл, Медер. Медерден – Багыш, Бектур. Багыштан – Жаңыбай андан Көкшалкы, Карыбай. Көкшалкыдан – Ботбай андан Дүйшөнаалы, Дүшөбай. Карыбайдан – Мурат, Кубат. Бектурдан – Асанакун андан Асанбек. Эми Беккулунун кийинки уулу Шааботодон – Жантөрө, Жангарач, Алтыбай, Абылай, Манап, Тагайбек. Жангарачтан – Чыны, Түмөнбай. Чыныдан – Адыл, Иманакун, Абдырахман, Ыбрай. Адылдан – Үмөтаалы, Асанкан. Иманакундан – Жакыпбек, Токон.

Абдырахмандан – Шергазы. Ыбрайдан – Сабырбек, Муратбек, Салыкбек. Шааботонун үчүнчү уулу Алтыбайдан – Байсары, Эшимбек, Акынбек. Байсарыдан – Сатыбалды. Эшимбектен – Кадыракун, Үсөн, Асанакун. Шааботонун кийинки уулу Манаптан – Токсаба, Кочорбай. Токсабадан – Мансур, Ысрайыл. Кочкорбайдан – Абдылдабек, Бегаалы, Асанаалы. Абдылдабектен – Шермаалы, Мүсүраалы, Муратаалы, Керимкул, Эсенкан. Бегаалыдан – Канат андан Асанкул. Эми Шааботонун кенже уулу Тагайбектен – Абдрей, Карасарт. Абдрейден – Дүйшаалы. Карасарттан – Жаныбек. Ушуну менен Калчанын улуу уулу Беккулунун урпактарын болушунча жыйынтыктап Калчанын экинчи уулу Бекназардын урпактарына кезек берели. Бекназардан – Ниязбек, Эмилбек, Акылбек. Ниязбектен – Кулатай андан Сартай, Бозумбай, Божокой, Черик. Сартайдан – Ормонбек, Жеңиш, Бекбоо. Жеңиштен – Кудаке. Бекбоодон – Иманакун, Өмүракун. Иманакундан – Шайлоо, Жайлоо.

Өмүракундан – Мелис, Жеңиш. Бозумбайдан – Токтоболот андан Балтабай, Аалы. Балтабайдан – Бейшебай, Мукаш, Калыйбай. Бейшебайдан – Эсенаман, Ысмайыл, Табылды. Мукаштан – Абыл, Бакыт, Дамир, Марат, Аскат, Кубат. Аалыдан – Шаршебай, Эркин. Шаршебайдан – Илич, Кылыч. Эми Кулатайдын үчүнчү уулу Божокойдон – Турдуболот, Майты андан Карагул, Сарыгул, Асангул, Эсенгул. Эми Кулатайдын кенже уулу Чериктен – Абды андан Малдыбай, Калжы, Турус. Малдыбайдан – Ырыскелди. Калжыдан – Акиш, Дүйшөбек. Турустан – Закир, Асангазы. Ал эми Бекназардын экинчи уулу Эмилбектен – Токтоболот, Бозумбай, Шаамырза. Токтоболоттон – Алсейит, Байсейит андан Ишенбай, Мистекан андан Эстелик. Шаамырзадан – Кожобай андан Ыйманбай, Көчөрбай, Канаш. Биз ушуну менен Кабак атабыздын улуу уулу Калчанын урпактарынын таралышын болушунча жыйынтыктап эмки кезекти Кабактын экинчи уулу Түлөбайдын урпактарына берсек. Жогоруда Түлөбайдан – Мортук, Молор, Акжаак деген элек, анда Молордон – Жангороз андан Иса, Бейшеке. Исадан – Мукамбет (Убагында Обкомдун биринчи катчысы, ички иштер министри болгон) андан Шайымбет, Айбек, Асылбек, Болотбек. Бейшекеден – Мусаалы, Жумаалы.

Жумаалыдан – Токтогон, Тыныбек, Мырзабек, Кумарбек, Кадырбек, Калыбек, Ынтымак, Айдарбек, Сүйөркул, Урмат, Чынасыл. Эми Түлөбайдын кенже уулу Акжаактан – Муратбек, Абайдылда, Доскулу. Доскулудан – Кул, Куланбай, Ордобай, Тиленбай, Асанаалы. Кулдан – Жээнбай андан Асанакун, Ыйман, Качкын. Асанакундан – Жумаш, Дүкөн, Айтбай. Ыймандан – Султан. Куланбайдан – Ыйманаалы, Абдрахман, Орозобек. Ыйманаалыдан – Кадырбек, Адырбек, Турусбек. Абдрахмандан – Сабырбек, Мундузбай. Орозобектен – Токтобек, Тынчтык. Эмки кезек Кабак атабыздын үчүнчү уулу Түшөбайга келип жетти. Түшөбайдан – Эсенбай деген элек андан Сарытай, Кулунтай. Сарытайдан – Мекетай андан Темирбек андан Жума, Жумаалы. Жумаалыдан – Кадыркул, Аскар, Асылбек, Калысбек, Таалайбек, Бактыбек, Жаныбек, Байышбек, Акылбек, Жаркынбай. Жаркынбайдан – Абылгазы, Абдымат, Абдылда, Асанакун, Токтогуш, Токтогул. Кармышактан – Өмүраалы, Жанаалы, Орозаалы, Дүйшөнаалы. Өмүраалыдан – Касымаалы андан Бейшенаалы, Төлөгөн, Бакен, Жеңиш. Жанаалыдан – Киреш, Саяк. Орозаалыдан – Азамат. Дүйшөнаалыдан – Алтынбек, Жолдошбек. Ушуну менен кезекти Кабак атабыздын кенже уулу Кемелге берели. Кемелден – Байбото, Суранчы, Тилеш, Кул деген элек. Анда Суранчыдан – Көкүмбай, Байсал, Калыбай. Калыбайдан – Сыдык андан Мыды, Абдырай. Тилештен – Жумабай андан Абдразак. Кулдан – Шайылда андан Ылай, Арыкбай.

Ошентип Кабак баатырдын тукумдарынын таралышын колдо болгон маалыматтарга жараша аяктайлы, мындан сырткары Кабак айылында бир канча түтүн Кызыл таз жана Меңдибек уруусунан жашаары белгилүү болду. Урматуу Кабактык туугандарым бул маалыматтар негизинен ушул Кабак айылынын тургуну ардактуу карыябыз Эсеналиев Калкабай авабыздын 2007 – жылы Кабак айылынын 80 жылдык мааракесине карата жарык көргөн китебиндеги маалыматтарды негиз кылып алдык, айрым мүчүлүштөргө жол берилген болсо кечирим сурайбыз. Ушуну менен жалпы эле Шалтак атабыздын урпактарынын таралышын жыйынтыктайбыз, эмки кезекти Тынымсейит атабыздын үчүнчү уулу Мортуктун тукумдарынын таралышына берели.

Уландысы

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (8-бөлүк)
41393

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (7-бөлүк)
75853

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (6-бөлүк)
67688

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (4-бөлүк)
77256

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (3-бөлүк)
65038

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (2-бөлүк)
75727

05-12-2014

«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (1-бөлүк)

70623

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×