Добавить статью
12:12, 5 декабря 2014 75791

«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (7-бөлүк)

Долон бийден тартып Тынымсейит уруусуна чейинки генеалогиялык таблица

141204_1

Уландысы, башы 6-бөлүктө

... Термечиктин жетинчи аялынан (калмактан) – Бечел, Бочу. Бечелден – Мамбет андан Жумалы, Токтомуш. Бочудан – Дүйшө андан кыздар бар. Ошентип Термечиктин тукумдарынын таралыштарын аяктадык, эми Токтогулдун экинчи уулу Дөрбөндүн урпактарына кезек берсек. Дөрбөндөн – Дөөлөтжан, Былтыр. Дөөлөтжандан – Шүкүр, Көбөш, Быржы. Шүкүрдөн – Алыбай, Карача, Кубат. Алыбайдан – Бекжан андан Бейшеналы, Казы, Кабыл. Бейшеналыдан – Жусуп, Жунус, Үсөн, Бакыт. Казыдан – Турсунбек, Кадырбек, Садырбек, Мирбек. Кабылдан – Надырбек, Миңболот, Нурбек.

Карачадан – Мырзатай, Ысатай, Тойчу. Мырзатайдан – Абдыразак, Бегалы. Абдыразактан – Абдырай, Ысмайыл. Абдырайдан – Качкынбай, Кыдыкбай, Нарынбай. Бегалыдан – Ибрай. Ысатайдан – Абдыкерим. Шүкүрдүн Кубатынан – Көкө, Качы андан Акун, Касымалы. Акундан – Молдогазы, Мамытказы, Шергазы. Молдогазыдан – Султан, Алтынбек, Бейшебай. Мамытказыдан – Бекен, Өмүке, Касымбет, Калыбек, Нурлан. Көкөдөн – Балкыбек, Рыскулбек, Мырзабек. Балкыбектен – Алымбек, Жакып, Жумакадыр, Сыдык. Рыскулбектен – Өмүркан андан Элтуйбас. Мырзабектен – Иса, Саадабек.

Дөөлөтжандын Көбөшүнөн – Капсалаң, Караболот, Карпык. Капсалаңдан – Өмүр, Адыл. Өмүрдөн – Муса, Аалы. Мусадан – Турдалы, Мукаш, Калый, Кадыр, Меңдибай, Жумалы. Мукаштан – Муратбек, Алмазбек, Моңолбай, Казыбек. Калыйдан – Сагынбек. Кадырдан – Молдобек, Койчубек, Келдибек, Эркинбек. Меңдибайдан – Акылбек, Камчыбек, Кабылбек. Жумалыдан – Анарбек, Чынарбек, Улан. Караболоттон – Өмүралы, Мүсүралы, Мамбетакун, Алым андан Казы. Карпыктан – Кадыракун, Жумагул. Кадыракундан – Мүсүркан, Жакыбакун, Исак, Исакан. Мүсүркандан – Мадий, Мукаш, Нарынбек, Керимбек, Кубанычбек. Жумагулдан – Мамырбек, Абдыжалый, Наамат, Акмат. Мамырбектен – Абдыкалый.

Дөөлөтжандын кийинки уулу Быржыдан – Арык, Чоной, Абыш, Шубакай, Асанбай. Асанбайдан – Нуралы, Өмүралы, Кул, Акмат, Жээналы, Орозалы. Нуралыдан – Мамыт андан Кыдырмыш, Мукаш, Майраш, Майрам. Өмүралыдан – Саманчы андан Элтуйбас андан Бактыбай, Меңдибай, Жакшылык, Мукаш. Кулдан – Тогузбай андан Ибрай, Мукаш, Бейшек. Акматтан – Тазабек, Кыдырмыш, Шаа.

Эмки сөз Дөрбөндүн экинчи уулу Былтырдан – Бапа, Койчуман, Чокмор, Чонтук. Бапанын үч аялы болуптур, биринчи аялынан – Бекболот, Чалыр, Кожобек андан Токтосун андан Жапар, Калый. Экинчи аялынан – Асан, Шадыкан, Каролу, Бекбоо андан Соронбай, Иманакун андан Жалый, Муртаза. Үчүнчү аялынан – Майрык, Кабылбек, Адыл. Майрыктан – Өмүралы, Догдурбек. Кабылбектен – Байсын, Байсымак. Байсындан – Сыдыгалы, Султаналы. Байсымактан – Сат, Намат, Карып. Адылдан – Кыдыралы, Осмоналы. Кыдыралыдан – Канымет, Нурбай. Осмоналыдан – Абдыкадыр, Аалы.

Абдыкадырдан – Абдыкерим. Былтырдын экинчи уулу Койчумандан – Байчубак, Акчубак, Алдаяр, Төрөгелди. Байчубактан – Байчерик андан Жакып, Абдыжапар, Арун. Акчубактан – Супу андан Мамыркан, Мукаш, Мамбет. Алдаярдан – Асылбек андан Сапарбай андан Төлөсүн, Ишенбай, Асек. Төрөгелдиден – Орозалы андан Турганбай, Үмөт, Асек, Жакшылык. Былтырдын үчүнчү уулу Чокмордон – Жаманак андан Алтымыш, Жетимиш. Былтырдын төртүнчү уулу Чонтуктан – Атагелди, Медер, Мерген. Атагелдиден – Ногой, Арык андан Муканбет, Мамбет. Мергенден – Усубалы андан Кубаныч. Ушуну менен Дөрбөндүн тукумдарынын таралышын аяктадык, эмки кезекти Токтогулдун үчүнчү уулу Чыйбытка берсек.

Чыйбыттан – Атасары, Айдарбек, Абылаке, Мамаке. Атасарыдан – Менкулу, Момун, Боогачы. Менкулудан – Атакара, Сүйүнбай, Байкуту, Булан. Атакарадан – Кыргызбай, Турсунакун. Кыргызбайдан – Өмүргазы. Турсунакундан – Сүйүндүк. Сүйүнбайдан – Төрөгелди, Кожокелди, Темир, Шамыркан. Төрөгелдиден – Асанбек андан Макеш, Мамбет. Кожокелдиден – Буке, Мусабай, Кадыралы андан Бейшебай. Темирден – Ибирай, Кутуке. Ибирайдан – Дөгөчү. Кутукеден – Мамыркан андан Чынгыш, Жумабек. Байкутудан – Медер, Күрөңкөй, Байкүчүк, Өзүбек. Байкүчүктөн – Жолдош, Турганбай. Жолдоштон – Дүйшөк. Менкулунун эң кенже уулу Буландан – Бектур, Бектемир, Бексултан. Бектурдан – Муса, Мүсөк.

Бектемирден – Ыса, Ыскак. Ысалан – Жээнбай, Асек, Көчкөналы, Акматалы. Бексултандан – Токо. Атасарынын экинчи уулу Момундан – Элтойду, Күнтууду, Бейиш. Элтойдудан – Жаанбай, Ордобай. Жаанбайдан – Акмат. Ордобайдан – Жумакадыр. Күнтуудудан – Жээнбек, Касымбай, Чыныбай. Жээнбектен – Өмүр, Усуп, Кутуке. Касымбайдан – Кендирбай, Нарынбай. Бейиштен – Деркенбай, Дыйканбай андан Жумагул, Жунусалы. Жумагулдан – Барктабас, Сыды. Атасарынын үчүнчү уулу Боогачыдан – Токсаба, Кулмырза, Кулеш. Токсабадан – Ыманбек, Асылбек, Молдокан, Сопукан, Меңназар. Кулмырзадан – Байгазы, Эшманбет. Кулештен – Нурманбет.

Эми Чыйбыттын Мамакесинен – Сапа, Чоро, Норузбай. Сападан – Дөөлөт, Сарбаш. Чородон – Ниязбек, Намазбек. Норузбайдан – Илепес, Таалабай. Чыйбыттын Абылакесинен – Эсенбай, Мурут. Эсенбайдан – Таштанбек, Кооман, Шоңколой. Муруттан – Качыке, Карынбай, Токсаба. Качыкеден – Бакты, Шапак. Бактыдан – Исак андан Кадыр. Шапактан – Желдеңбай, Иманбай. Карынбайдан – Чанай. Токсабадан – Мамбетакун, Курманакун. Чыйбыттын Айдарбегинен – Наамат, Тотой, Бытыгый. Нааматтан – Бойток(молдо). Бытыгыйдан – Байсымак, Алай. Ошентип Чыйбыттын тукумдарынын таралышын дагы болушунча аяктадык, эмки кезек Токтогулдун үчүнчү аялы Канымкүл энеден туулган Акбагыштан алты уулунда, алар: Сырымбет, Орус, Байказак, Үркүнчү, Кутуш, Моңко.

Сырымбеттин төрт аялы болгон экен, биринчи аялы Жылчымыштан – Бактыбай, Чөндөлөй, Карбос. Бактыбайдан – Мүсүрап, Адылбек, Осмонбек, Эдилбек, Таштанбек. Мүсүраптан – Токтомуш, Ибрайм, Алдаш, Медер. Токтомуштан – Түркмөн, Арык, Күтүгай, Койчуман, Тентимиш. Ибраймдан – Асан, Турганбай. Алдаштан – Мамбетакун, Алымбай. Медерден – Кебекчи, Саманчы андан Сатыбалды. Адылбектен – Абайылда, Турду, Жаманкөз андан Тоту, Асанакун. Осмонбектен – Шадыкан андан Манапбай, Ысагалы, Акималы андан Саякбай. Эдилбектен – Норусек, Жанбоо. Норусектен – Сагындык, Данияр, Эсенгелди. Жамбоодон – Жыйынбай, Конокбай. Таштанбектен – Качкынчы, Кырбаш, Бейшеке. Эми Сырымбеттин экинчи уулу Чөндөлөйдөн – Курман, Турум, Дөөлөт, Абдыбек, Иса, Өмүралы. Курмандан – Сөлпү, Сүйүнбай, Ашымбай, Касмалы, Кожоке, Асанбай. Исадан – Айдыралы, Кыдырма андан Канат.

Өмүралыдан – Сүйүндүк, Мамаке, Үсөкө. Турумдан – Мураталы андан Кыштообай андан Асанакун, Малик. Дөөлөттөн – Мамадилде андан Асанаалы андан Байтемир (акын-жазуучу), Адилет, Бирназар, Турдумамбет, Шапак, Дуулат, Акымбек, Тазабек. Шапактан – Болотбек, Жаныбек андан Касмалы, Кадыркул, Алымкул. Тыныбектен – Ыманалы андан Жишек андан Мортук. Карыбектен – Осмоналы андан Мукаш андан Жумабек, Жаныбек андан Мамбетмуса. Акымбектен – Үмөт, Тоймат андан Айдек, Абдылда. Тазабектен – Ыбрай андан Жумагул андан Эсенгул (кыргыз эл акыны) андан Максат, Кумарбек, Анарбек. Чөндөлөйдүн кийинки уулу Абдыбектен – Бектур, Карач андан Мамыт, Балык, Акмат, Чакырбай, Султан.

Сырымбеттин үчүнчү уулу - Карбостон – Төрөкан андан Токтокожо андан Абдыралы, Асаналы андан Тойчубек андан Жанболот. Сырымбеттин бакма баласы Сарбагыштан – Эшим, Кубатбек, Нияз. Эшимден – Алтынбек, Шаймерген, Дүрбөлөң. Кубатбектен – Такырбаш андан Өзүбек андан Машан, Сооданбек, Исмайыл. Сооданбектен – Кадыралы. Исмайылдан – Сарбагыш. Нияздан – Иманкул, Айтбай, Дүрдүшбай. Иманкулдан – Айтманбет андан Карагул, Жакшылык.

Сырымбеттин экинчи (калмак) аялынан – Эсенаман, Элчибай, Эсенбай. Эсенамандан – Кыдырбай андан Мамыт андан Кудаш, Акимша, Обол, Акеша, Дүйшө. Элчибайдан – Орозалы андан Шаймерден, Чоро. Шаймерденден – Марс. Эсенбайдан – Ногой андан Түгөл, Козуке. Түгөлдөн – Байчерик, Мамыркан, Карача. Козукеден – Темир, Кубат андан Жакшыбай, Чынгышбай. Темирден – Каракойчу.

Сырымбеттин үчүнчү Алатай аялынан – Берик андан Төрөгелди андан Саманчы. Сырымбеттин төртүнчү аялынан жалгыз Төлөмүш. Төлөмүштүн да төрт аялы болуптур, биринчи аялы Сыргадан – Самтыр андан сегиз уул: Нарбото, Канай, Бердибек, Байтик, Албан, Дуулат, Надырбек, Жангарач. Нарботодон – Эсенкан, Мамырбай, Арзымбай, Байсын, Куттубай. Эсенкандан – Ыбрай, Акматбек. Ыбрайдан – Ашыке андан Эрнисбек. Акматбектен – Асек. Арзымбайдан – Бектурган андан Токторбай. Байсындан – Жаманак, Бактыгул, Турганбай, Курмаш, Асек. Куттубайдан – Байсеит, Султаналы, Курманалы, Усупбек, Дүйшөгазы. Самтырдын экинчи уулу Канайдан – Молдалы андан Ажыгул, Асан. Ажыгулдан – Жусуп. Асандан – Үсөн(Академик). Самтырдын үчүнчү уулу Бердибектен – Өмүрзак андан Акмат андан Токтосун, Майрамбек. Самтырдын кийинки уулу Дуулаттан – Мүсүралы андан Дүйшө, Керим, Карагул. Самтырдын кенже уулу Жангарачтан – Асылбай, Сыдыкбек.

Эми Төлөмүштүн экинчи аялынан жети уул: Даакы, Найман, Олжоболот, Жабагы, Кожомжар, Чоң, Карасарт. Даакыдан – Качыбек андан Тентимиш андан Какелең, Термечик. Наймандан – Сатылган, Мамбет, Жолон. Сатылгандан – Касым андан Жумакадыр, Төлөмүш, Өмүр. Мамбеттен – Турганбай андан Асек. Жолондон – Абдыкадыр. Олжоболоттон – Кыдык, Саке, Үкү, Бечел. Кыдыктан – Карымшак, Малай, Жанузак, Жакшылык, Деркембай. Карымшактан – Жумакадыр, Мамбет, Кадыр, Жаманак. Малайдан – Ырысбай, Батыркан. Жанузактан – Түмөнбай. Жакшылыктан – Чанды. Деркембайдан – Тыбын, Абдылй. Олжоболоттун Сакесинен – Орозбай, Тыналы, Жаныбек. Орозбайдан – Жусуп, Айып. Жусуптан - Касен.

Айыптан – Абылгазы(Абыкен), Үсөн, Ысмайыл. Тыналыдан – Сүйүндүк(молдо) андан Жетигул. Жаныбектен – Мамбетакун андан Мукаш. Олжоболоттун Үкүсүнөн – Ажыбек, Барыктабас. Ажыбектен – Өмүралы. Барыктабастан – Турсунакун андан Мурат, Сурап. Олжоболоттун Бечелинен – Турду, Мамбет андан Жутабай. Төлөмүштүн кийинки уулу Чоң (баатыр) дан он уул: Сазан, Саркөбөн, Кудайкелди, Аттокур, Үсөнбай, Сарыбай, Эшимбек, Эралы, Эшкожо, Шайылда. Сазандан – Орозбек, Турусбек. Орозбектен – Өзбек. Турусбектен – Эсенгул. Саркөбөндөн – Кулназар андан Аалы андан Кудайкул.

Кудайкелдиден – Мамбеталы, Жунушакун. Мамбеталыдан – Шаршеналы, Шейшеналы. Аттокурдан – Иманбай, Түмөнбай, Акматбай. Иманбайдан – Насырамбек. Акматбайдан – Мукаш, Токтобай. Үсөнбайдан – Жанай, Эралы. Жанайдан – Куту, Турду, Мамбет, Сулайман, Мамбетсакы, Каракүчүк. Кутудан – Апай. Мамбетсакыдан – Кудаш. Каракүчүктөн – Асангазы андан Жеңишбек, Темирбек. Сарыбайдан – Көбөнбай, Үкүнбай андан Акмат. Эшимбектен – Маданбек, Мадамил. Маданбектен – Табылды андан Данияр, Болотчун. Мадамилден – Асанбай андан Жекшенбай. Эралыдан – Бекбо, Ысрайыл. Бекбодон – Зоотбай андан Амантур. Ысрайылдан – Кады.

Эшкожодон – Суран, Маадан, Жусупакун. Шайылдадан – Сүйүмбай, Абдыраман, Байбото, Бейшеке, Алдаш, Жанбото, Багыш. Абдырамандан – Токон. Байботодон – Койчуман, Касмакун, Молдоайып андан Айдаралы. Бейшекеден – Ормотой, Мүдүн. Алдаштан – Абдылда, Мамбетказы. Абдылдадан – Борончу, Бороналы, Молдосадык. Мамбетказыдан – Кабыл, Салкын. Жанботодон – Кудайберген, Баке, Бактыяр, Дегенбай, Бообек, Эгенберди, Өмүракун. Кудайбергенден – Орозбай андан Асанберди. Бакеден – Асанакун. Бактыярдан – Токтомуш. Бообектен – Муканбет, Алдаяр. Муканбеттен – Исак. Алдаярдан – Кадырбек.

Төлөмүштүн кезектеги уулу Кожомжардан – Аргын, Булан, Мусакожо, Баялы. Аргындан – Шоорук, Саалы, Шааке. Шооруктан – Бекбо, Бектур. Бекбодон – Кененбай. Бектурдан – Султан, Касымалы. Саалыдан – Жакып, Дүйшөнбү, Эсенгул, Кален, Садыбакас, Абдылда. Жакыптан – Токтомуш, Токталы. Дүйшөнбүдөн – Орозакун. Эсенгулдан – Кадыракун. Календен – Жаманак, Кубаш. Садыбакастан – Абдрай, Карып. Аргындын Шаакесинен – Букара, Карагул, Султанмамыт, Тана, Муканбет, Султангазы. Эми Кожомжардын Буланынан – Чынгыш, Сапал, Шамен, Байтели, Байгазы. Чынгыштан – Садыр, Алсеит, Акбагыш, Максүт. Садырдан – Адыл, Бакас. Алсеиттен – Абдыралы, Абдылдабек, Турсунбек. Акбагыштан – Абдыракман. Сапалдан – Токонбай андан Кыдырбай, Жумакадыр. Максүттөн – Анарбек, Бактыгул.

Бактыгулдан – Жума, Асан, Үсөн, Эркин, Нарынбек, Кусеин. Буландын кийинки уулу Шамендан – Надырбек, Түкү. Надырбектен – Акматбек, Айдарбек. Акматбетен – Шады, Улан. Түкүдөн – Төрөгелди, Асангазы. Төрөгелдиден – Алымкул. Буландын Байтелиснен – Сыдыкбек, Мааданбек, Асанбек, Багыр, Качкынбай. Сыдыкбетен – Токтобек. Буландын эң кенже уулу Байгазыдан – Байтик андан Байгазак, Бактыгул. Байгазактан – Апакай, Абыталип андан Эсенгелди. Эми Кожомжардын кийинки уулу Мусакожодон – Аалы, Айдар, Султангазы, Шабдан. Аалыдан – Кыдырмыш андан Нарынбек. Айдардан – Ыдырыс. Шабдандан – Шермат, Нурманбет.

Кожомжардын эң кенже уулу Баялыдан – Мейман, Кыргызбек андан Кубаш. Ал эми Төлөмүштүн кийинки уулу Жабагыдан – Солтоной, Солтонгелди, Абадан, Абылай. Солтонойдун эки аялы болгон, биринчи аялынан – Ырысменде, Кудайменде, Эсенгул, Рыскулбек. Ырысмендеден- Кадыралы, Мүсүралы. Кадыралыдан – Асанбай, Бекибай, Турганбай, Кеңешбай, Мажик, Бейшенакун. Кудаймендеден – Ниязбек, Кыяз. Ниязбектен – Ысрайыл, Асанбай(Ормон), Сексеналы. Ысрайылдан –Кеңеш. Кыяздан – Арзым, Кадыр, Баймогол. Арзымдан – Мамий. Кадырдан – Карыбек, Таштанбек. Баймоңолдон – Субан, Кубан, Каныбек. Солтонойдун экинчи аялынан – Ажыбай, Аалыбай, Алманбет, Нурманбет.

Ажыбайдан – Мысаймалы андан Табылды, Тилемиш, Тынчтыкбек, Кылычбек, Төлөш, Болот. Алманбеттен – Өмүрзак, Мамбеталы. Нурманбеттен – Акмат андан Шамий, Бакыт. Эми Жабагынын экинчи уулу Солтонгелдиден – Ормон, Каба. Ормондон – Байбура андан Токтосун. Кабадан – Медер, Токторбай, Карабай. Медерден – Бейшеналы.Токторбайдан – Жумалы, Дүйшөналы, Султанбек андан Кулубай андан Оңдон, Орозакун. Жабагынын – кийинки уулу Абадандан – Бекназар андан Асаналы, Элтуйбас, Ысрайыл. Асаналыдан – Кылыч. Элтуйбастан – Шаршек. Жабагынын эң кенже уулу Абылайдан –Түркмөн, андан Акун, Жумагул(Кулчумат), Омүралы, Ысыгалы.

Ал эми Төлөмүштүн экинчи аялынан төрөлгөн эң кенже уулу Карасарттан – Баракан, Шадыкан, Мондош, Кыдырша, Байгабыл. Баракандан – Бекбоо, Өмүралы, Үсөнакун, Үсөнбек, Төлөн, Искен. Шадыкандан – Аламан, Сопу, Аскар. Сопудан – Үсек, Асек, Өмүр. Аскардан – Жусуп, Жунус. Мондоштон – Боко андан Осмон, Карасарт. Эми Төлөмүштүн үчүнчү аялынан(калмак) – Божонбай жалгыз. Божонбайдан – Султанбек андан Мамбеталы, Бобуй андан Орозбай, Бородой,Орозалы. Ошентип Акбагыштын биринчи уулу Сырымбеттин тукумдарынын таралышын аяктадык, кезек экинчи уулу Орустун тукумунун таралышында.

Орус эренкабыргадан (Турпандын жайлоосу) кайтканда Койчу, Тойчу деген эки уулу менен чыгат. Жолдо Тойчусу өлүп калып, эми кудай ак жол бере көр, жолубуз ачык болсун деп, - тилек кылып келе жатып, аман эсен элге келгенде уулум Койчунун жолу ак болду – деп калат. Ошону мнен бара – бара баланын мурдагы аты Койчу көп айтылбай “Акжол” аталып кетет.

Акжолдон(Койчудан) төрт уул: Бекмурат, Майты, Жамгырчы, Төлөнбай. Бекмураттан – Ботокан, Чолур, Ногой, Бейше. Ботокандын биринчи аялынан – Көрпөш андан Эгенберди, экинчи аялынан – Мүсүркан, Тулпар. Мүсүркандан – Жусуп. Тулпардан – Саламат. Чолурдун биринчи аялынан – Эликбай андан Аалы(соц.эмгектин баатыры) андан Кады, Асан, Үсөн, экинчи аялынан – Жунус андан Алымкул. Бекмураттын Ногойунан – Маты андан Асангазы. Бекмураттын эң кенже уулу Бейшенин биринчи аялынан – Эшкулу андан Эшкожо андан Ибрай, Жума, экинчи аялынан – Калдар, Үмөт андан Таабалды андан Өмүр, Өмүралы, Жумалы, Төлөгөн. Өмүралыдан – Сарыгул. Төлөгөндөн – Осмон.

Акжолдун экинчи уулу Майтыдан төрт уул: Кангелди, Эсенгелди, Исабай, Нусуп. Кангелдиден – Сатыбалды андан Бакый андан Эсен. Эсенгелдиден – Эралы, Шералы, Боталы, Түлөке. Шералыдан – Акмат. Боталыдан – Мамыт. Түлөкеден – Жайлобай. Исабайдан – Нурманбет. Акжолдун үчүнчү уулу Жамгырчыдан – Сасык андан Эркинбай андан Элебес андан Иманалы(Каратеке).

Акжолдун төртүнчү уулу Төлөнбайдан – Жанай андан Турсалы, Айдаралы. Ал эми Орустун экинчи аялынан – Кенетай, Меңдибай. Кенетайдан – Кожогелди, Турдумамбет. Кожогелдиден – Бөжөк, Жантай, Телтай, Мамажан, Баялы. Бөжөктөн – Шери, Нуркалы, Байгазы. Шериден – Омор, Токтор. Нуркалыдан – Касымбек андан Асанкожо, Сарбагыш, Сырымбет, Токтогул, Токтогазы, Мырзабай, Кенжебай. Асанкожодон – Мирлан. Сарбагыштан – Уланбек, Урмат, Узакбек. Сырымбеттен – Нурлан. Токтогулдан – Руслан, Мирстан, Үрүстөм. Токтогазыдан – Тынчтыкбек. Мырзабайдан – Рысбек. Бөжөктүн үчүнчү уулу Байгазыдан – Максүт андан Осмон.

Эми Кожогелдинин экинчи уулу Жантайдан – Төрөгелди, Ботояр. Төрөгелдиден – Тентимиш. Ботоярдан – Кыдыр, Жуманазар. Кожогелдинин үчүнчү уулу Телтайдан – Эсенгул, Сулайман. Кожогелдинин төртүнчү уулу Мамажандан – Акун, Алыке, Мамыр андан Бейше, Турсунбай. Акундан – Капар. Кожогелдинин бешинчи уулу Баялыдан – Сыдык, Шаршек.

Эми Кенетайдын экинчи уулу Турдумамбеттен – Акбото, Орозобай. Акботодон – Аалы. Орозобайдан – Дүйшемби, Исмайыл. Ал эми Орустун экинчи уулу Меңдибайдан беш уул: Беки, Шара, Кончой, Бердикожо, Кебек. Шарадан – Убал, Айтбай, Алдаш. Убалдан – Катырай, Молдояр. Катырайдан – Ысагалы. Молдоярдан- Эсеналы. Айтбайдан – Карагул, Калыгул, Койчуман. Алдаштан – Темиркан, Адылбай, Сонунбай, Чаргынбай, Койгелди андан Аблас. Сонунбайдан – Мамбеталы. Темиркандан – Абыке. Адылбайдан – Сыдык. Меңдибайдын кийинки уулу Бердикожодон – Балжык, Чүкө. Балжыктан – Токтобай, Төлөсүн, Султан. Меңдибайдын кенже уулу Кебектен – Малдыбай андан Жалмамбет, Курманалы. Жалмамбеттен – Шадыкан, Абдылда, Тентимиш. Шадыкандан – Асанкул. Тентимиштен – Бейше, Шарше. Курманалыдан – Кыдың. Ушуну менен Акбагыштын экинчи уулу Орустун тукумунун таралышын аяктадык, кезекти үчүнчү уулу Байгазака берели.

Байгазактын биринчи аялынан төрт уул: Оңош, Натуй, Эрназар, Сокур(Кудайбакты). Оңоштон – Эсентай, Токоной. Эсентайдан – Атакан, Чыныбай. Атакандан – Бекмурат, Бекмат, Туру, Алыбай. Бекматтан – Мамыт, Жумамүдүн, Мамыркан. Бекмураттан – Касмалы, Мамбетакун. Турудан – Калча, Кадыр, Токтогул, Карагул. Эснетайдын экинчи уулу Чыныбайдан – Ысак андан Ажыбек. Ал эми Оңоштун экинчи уулу Токонойдон – Абдан, Бабыкан. Абдандан – Алдаяр, Токо, Бейиш, Алдаш. Алдаярдан – Абдракман, Аалы, Султангазы. Токодон – Исак, Музокерим. Токонун кичи аялынан – Ыбрай, Айдар, Асанбек, Үсөнбек. Ыбрайдан – Сагындык. Үсөнбектен – Сыдык. Алдаштан – Салиян андан Элтуйбас, Жусуп, Асаалы. Элтуйбастан – Жеңиш, Нияз, Калыбек. Токонойдун экинчи уулу Бабыкандан – Зарлык.

Эми Байгазактын экинчи уулу Натуйдан – Жамболот, Жалбы, Ажыбек, Чоткара. Жамболоттон – Кыштобай, Карасай, Куланабды. Кыштобайдан – Мамбетиса андан Эсен, Мукаш. Жалбыдан – Куттубадам. Ажыбектен – Мамбеталы, Салмаке, Жумабай, Кожобай. Кожобайдан – Асек (кыргыз элинин залкар ырчысы) Жумабай багып алган, андан Талант. Чоткарадан – Орозобек, Алымбек, Жылкыайдар, Токсаба, Кудайберген. Орозобектен – Калмурза. Алымбектен – Сопу. Жылкыайдардан – Кенжебай. Кудайбергенден – Жамансары.

Байгазактын үчүнчү уулу Эрназардын биринчи аялынан – Усуп, Ысмайыл, Абылай, Карала, Чоңбаш. Усуптан – Кубатбек, Айтымбек, Бошкой. Кубатбектен – Көксай, Кылыч андан Абдрасул, Мукай. Көксайдан – Садыбакас. Айтымбектен – Турсун андан Жокей. Бошкойдон – Алый, Кыдыр, Балжык. Алыйдан – Абыке. Кыдырдан – Календер, Кашкар. Эрназардын Ысмайылынан – Чынгыз, Бөкөй, Шералы. Чынгыздан – Албан, Баракан, Чаргын. Албандан – Айдаркан, Өмүрзак. Баракандан -Султанкерим андан Бексултан, Бектурган. Чаргындан – Шералы, Ысабек. Шералыдан – Канкелди, Масукелди, Түлөке андан Касым андан Бактыгул. Ысабектен - Тентимиш, Асан, Ашырап андан Мамбетказы, Керим, Ыбырай. Эрназардын кийинки уулу Абылайдан – Кыдык, Белек. Кыдыктан – Талип андан Жакеней, Сулайман, Абдыжалил, Батыркан. Абдыжалилден – Токтогон, Карабай, Мамбетказы. Эрназардын төртүнчү уулу Караладан – Саманчы, Сыдык. Ал эми эң кенже уулу Чоңбаштан – Жакып, Кудайберген андан Барктабас.

Эрназардын экинчи аялы Тумардан – Анатай, Канай. Анатайдан – Адыгине андан Досмамбет, Сары. Досмамбеттен – Жумакадыр андан Малай, Алай, Жанай. Канайдан – Түнгатар андан Мамбеткул андан Турсунказы. Байгазактын кенже уулу Сокурдан(Кудайбакты) – Саринжи, Койчуман. Саринжиден – Жаңыбай, Өмүр, Калкуулу. Жаңыбайдан – Черикчи, Мааданбек, Сыдыкбек, Байгазы, Чыйылдак. Черикчиден – Ысаке андан Кыдырмыш. Мааданбектен – Бейше. Сыдыкбектен – Садыбакас, Кадыралы, Чылабай. Өмүрдөн – Мамырбай андан Эдил, Бакты, Муса(думаналар). Калкуулудан – Балбай андан Тагай андан Жолоочу, Бопуй, Шаршеке, Шаршенби.

Сокурдун экинчи уулу Койчумандан – Качыбек андан Мамытбек, Макай, Асанкул, Ысмаке. Асанкулдан – Алтымыш андан Жумадил, Чынгыз, Автандил, Сыргак. Ысмакеден – Муканбет. Байгазактын экинчи аялынан – Үчүкө, Түлкү. Үчүкөнүн тукумдарынын таралышы туралуу так маалымат жок экен, азыркы кезде турган тукуму бир гана Абдыраев Жумак деген маалымат алдык, ал эми Түлкүдөн – Дөөлөт андан Кермакун, Сооронбай. Кермакундан – Расул. Сооронбайдан – Муслим андан Курманакун, Эсен. Мына ошентип Байгазактын тукумдарынын таралышын дагы аяктадык, эмки кезек Акбагыштын төртүнчү уулу Үркүнчүдө.

Үркүнчүдөн – Бердике, Шопок, Божокой. Бердикенин тукумдарынын таралышы туралуу тагыраак маалыматтар жок экен, негизи тукумдары өзү эле аз санда окшойт. Алсак Орто – Нура, Орто – Саз, Сарбулак айылдарында Рыскулдун уулу Кадыр, Болотбектин балдары Сасыке, Үсөналы, Кулназардын уулу Ысмайыл, Сүйүнбайдын тукумдары Манас, Малабек. Манастан – Асанкожо, Малабектен – Өмүр андан Мамбет, Өмүралы бала – чакалары менен жашап турушат баары бириксе 15-20 түтүнгө жетет деген гана маалымат алдык. Ошентип Бердикенин тукумдарынын таралышы аяктады, Үркүнчүнүн экинчи уулу Шопоко кезек узаталы.

Шопок өзү баатыр киши болгон экен. Мамаке баатыр экөө жаш кезинде Дин ислам үчүн болгон согушта Канкожонун аскерине жиберилип, согушта экөө тең өзгөчө эрдик көрсөтүшүп Канкожодон бата алышып кайтышкан экен. Ошондо Канкожо берген батам Мамакеден өтүп Шопоко тийип токтоду, Мамакени кыяматта дагы арбагым менен колдоп аламын деген сөздү айткан дешет. Согуштан кайтып келе жатышып Эреше хандын колуна түшүп орго салынат. Андан мелдеште хандын атагы чыккан чоң балбаны менен күрөшүп, аны жыгып жеңиши менен кутулушуп ордон чыгарылып өз элине кайтып келишет. Кийин Шопок өтө бай киши болуп, Сан Карабоз аталган жети миңдей жылкы күткүп, кадыр-баркка жетип жүз он жаштан ашык жашап өлгөн экен.

Шопоктун үч аялы болгон экен, алар: Айтбек, Таңсык, Марча. Тукуму көп болгондуктан Шопок атанын тукумдары ушул үч эненин аттарынан таралат. Айтбек энеден жалгыз Чоро төрөлөт, анын эки аялы болгон – Ардак, Тотукуш. Ардак байбичесинен төрт уул төрөлөт: Алжан, Буйлаш, Ботбай, Көлбай. Алжандын төрт аялы болгон экен – Деилда, Макмал, Бермет, Балпаке. Деилдадан төрт уул төрөлөт: Керим, Түлкү, Байшери, Наматкан. Керимден – Ниязбек, Аалы, Түмөнбай. Ниязбектен – Чоңата андан Оңой. Аалыдан – Кудаяр. Түмөнбайдан – Мамбетназар. Түлкүдөн – Такырбаш, Нарынбай, Өмөр. Такырбаштан – Алакун андан Дүшенакун. Нарынбайдан – Абдразак. Алжандын Байшери деген уулунан – Досмат андан Жаманкул, Кыштобай, Байтик андан Жумакун. Алжандын кенже уулу Наматкандан – Мама, Байбосун. Мамадан – Азим андан Асек, Асанбек. Байбосундан – Сады андан Мукаш.

Эми Алжандын экинчи аялы Макмалдан – Ботокан, Найман. Ботокандын эки аялы болгон, биринчи аялынан – Шералы, Баялы, Байгазы, Эшкожо, Черикчи. Шералыдан – Турдуке, Бектур, Турдукожо. Бектурдан – Ишен, Жакен. Ботокандын экинчи уулу Баялыдан – Жумакожо, Мамыт. Ботокандын кийинки уулу Байгазыдан – Өмүрзак, Өмүркан. Өмүрзактан – Кадыр андан Жээналы, Эмилбек. Ботокандын төртүнчү уулу Эшкожодон – Байымбет, Шамбет. Ботокандын кенже уулу Черикчиден – Кулжыгач андан Койлубай, Жакшылык. Койлубайдан – Абдыразак андан Шерманбет, Капар.

Ботокандын экинчи аялынан – Жангазы, Калыкбек, Малдыбай. Жангазыдан тукум жок экен, Калыбектен – Аскар. Ушуну менен Ботокандын тукумдарынын таралышын аяктап, Алжандын Макмал аялынан төрөлгөн экинчи уулу Наймандын тукумдарына кезек берели. Найман үч аялынан он бир уулду болуптур. Биринчи аялынан Ысман андан Турганбай, Жунус, Жакшылык. Наймандын ортончу аялынан – Осмон, Калмат, Нурмат, Канат, Каратал, Карагул. Наймандын үчүнчү аялынан – Бирманбет, Көжөбаш, Ыстамкул.

Ал эми Алжандын үчүнчү аялы Берметтен эки уул төрөлөт – Кожобек, Кылжыр. Кожобектен – Канаша, Качыбек. Канашадан – Тентимиш. Качыбектен – Мамбет андан Шарше, Амантур. Эми Алжандын төртүнчү аялы Балпакеден – Шүкүркан жалгыз андан Мамбет, Сарбагыш, Багышбек. Сарбагыштан – Абдылда, Асан, Үсөн, Эсен. Ошентип Алжан уулунун таралышын аяктадык, эми Чоро атанын экинчи уулу Буйлаштын тукумдарына кезек берели.

Буйлаштын эки аялы болгон, биринчи аялынан беш уул: Атакан, Бабакан, Кулпу, Сулпу, Молдо. Экинчи аялынан Арстанбек жалгыз. Атакандын дагы эки аялы болгон, биринчи аялынан – Мамбеталы, Каптагай. Мамбеталыдан – Сакетай. Каптагайдан – Жамангул. Атакандын экинчи аялынан – Чекир, Төлөгөн. Чекирден – Бусурманкул, Ороң. Эми Буйлаштын экинчи уулу Бабакандан – Абдрасул, Турду, Саадабай, Алым. Абдрасулдан – Акматбек. Саадабайдан – Таабалды андан Эсенкадыр. Ал эми Буйлаш атанын экинчи аялынан атагы Кыргыз журтчулугуна аттын кашкасындай таанымал, акын, комузчу, залкар ойчул Арстанбек жалгыз дебедикпи, андан Көчөр андан Мамбет, Касен, Ысмайыл. Ысмайылдан - Жөлөгөн андан Мурат. Ушуну менен Буйлаш уулунун таралышын аяктап жатып айта кетчү нерсе, бул атанын үч уулунун тукумдарынын таралышы жөнүндө маалымат жок экен, толугураак жазганга аракет кылдык.

Уландысы 8-бөлүктө

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (8-бөлүк)
41352

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (6-бөлүк)
67601

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (5-бөлүк)
57840

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (4-бөлүк)
77199

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (3-бөлүк)
64973

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (2-бөлүк)
75635

05-12-2014

«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (1-бөлүк)

70459

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×