Добавить статью
12:01, 4 марта 2015 61601

Кокон хандыгын изилдөө жана кыргыз тарыхнаамасы.

Талаш маселелер жана изилдөө перспективалары (уландысы)

уландысы...

Дагы бир уламышка көңүл бөлөлү. Кожо-Бакырган-Сай массивинде Чарбак деген кыштак бар. Анын тургундары кыргыздар. Жергиликтүүлөрдүн пикиринде “чарбак” деген сөз тажик сөзү “чор-бок (төрт чарчы бак)” деген маанини эмес, “чор бек (төрт бек)” деген маанини берерин айтышат. Жергиликтүү санжырага караганда бул жер өзүнүн абасынын тазалыгы, жаратылышынын кооздугу боюнча алдына эч жерди салбай, кезегинде Захреддин Султан Бабурдун да келип эс алгандыгы жөнүндө Рахим Джалил аттуу тажик акынынын «Пулат жана Гулру» аттуу поэмасында эскерилет.Ал жерге алгач төрт кыргыз беги отурукташып, алардын бир өпкө ооруу болуп, жер шартынын ыңгайлуулугунан айыгып кетет экен да, ошол төрт бектен тарагандар ошол жерге отурукташып, XIX кылымда Чарбак деген кыштакка айланган экен.

Жалпысынан орус колониалдык чиновниги Н.С. Лыкошиндин маалыматы боюнча 1905-жылы Чапкылык болуштугунун 8 отурукташкан кыштагында 1206 кожолук болуп, алар 4458 жан тургундарды түзгөндүгү жазылып калган.

Исфана аймагында XVIII кылымдын башында эле бир катар айыл-кыштактарда жарым көчмөн кыргыз тургундары жашагандыгы изилдөөлөрдөн белгилүү. XIX кылымдын материалдары боюнча Кулунду жана Кара-Жыгач кыштактарында ичкилик кыргыздарынын маллалар, абагат, каңды, эшкара, найман уруулары турса, Булак-Башыда чапкылдыктар, тейиттер, ошондой эле бакбек, салимбек, ажыбай, жапар, кытай, тайлак жана башка майда уруктар жашаган. Мирзопочо айылында майда уруктар: бөксө-гэлбелер, карамалдар, тоо-бөксөлөр, чөл-бөксөлөр, ок-эчкилер, эчки баштар, кечиктер турса, Чимген айылында калдарлар жана алтынчылар, эшкаралар, андыстан, годжаш, айткулу, кенже жана жалаңтөш уруктары жашаган. Чалдыбалды айылында болсо карамалдар менен майда уруктар бешбала, боз калак турушкан. Сүлүктүнүн айланасында мала, кызыл аяк, карамалдар жана башкалар жашашкан.

Азыркы Исфана шаары бул аймактагы эң эзелки шаарлардан болуп саналат. Тарыхчылардын тастыктоолору боюнча XVI кылымда пайда болгон Исфана конушунун жанында Мурза-Патча, Самат, Чимген, Ак-Булак, Тайлан, Голбо жана башка айылдар болгон. Жергиликтүү элдик этимология боюнча “исфана” аталышы “токтоочу жай, оорук” маанисин алат экен. Чынында Исфана батышы Түркстан кырка тоосу, чыгышы Маргалаң, Кокон аймактары, түштүк-чыгышы Исфара, Ягноб, Каратегин, ал эми түштүгү Кожент, Оро-Төбө, Жызак менен байланыштырып туруучу “тогуз жолдун тоому” болгон. “Исфана” атынын келип чыгышы, анын түптөнүшү жөнүндө кызык уламыштар бар. «Лейлек жана лейлектиктердин тарыхы» атуу китепте Исман аттуу Кокон хандыгынын бир кыргыз беги хандан таарынып, ушул жерге келип туруп калат. Исман мергенчилик кылып, дыйканчылык да жасап, үйлөнүп, тегирмен куруп, анын ооругунун жанынан Кокондон Самарканга карай кербен жолу өтүп турган. Кийинчерээк Исман бул жерге кербен сарай салып, ал “Исмандын станы”, “Исмандын бекети” же “Исман жер” деп атала баштаган экен. Ошентип, ал кыштак кийин “Исмана” (Исфана) деп аталып калыптыр.

Исфана аталышынын келип чыгышынын башка бир уламыштарында анын аты бир замандарда бул жерде түрк-осмондорунун жашап тургандыгына байланыштырышат. Уламыштардын дагы бири тажиктердин “асп” деп жылкыларды аташына, бул жердик кыргыздардын асыл тукум күлүк аттарды өстүрүшүп, ошондуктан бул жер “Усбани”, “Асбания”, мааниси боюнча “жылкысы көп жай” деген сөздөн келип чыккан деп божомолдойт. Дагы бир санжыралык пикир “исфан” деген термин фарсиче “жыты аңкыган жер” деген маанини бергендиктен, кийин бул жер “исфан” кийин Исфана деп аталган деп тастыктайт. Илимий таризде изилдеген Тажикстандын белгилүү окумуштуусу академик Н.Негматов Исфананы биздин замандын биринчи миң жылдыгынын орто ченинде өкүм сүргөн Уструшана мамлекетинин түндүк аймактарында жайгашкан Аспаникат шаарына байланыштырат.

Исфанада эзелтен бери эле көп улуттуу калк жашап келген. Ал аймакка талааларда кыпкызыл болуп өскөн кызгалдакка кызыгып, далай адамдар келгендиги жөнүндө аңыз кептер бар. Ошондуктанбы, айтор кызгалдакты тажикче “лола”, “лолак” деп атагандыгынан Исфананын аймагын Лейлек деп атап калышкан делсе, ал жерлик кыргыздардын пикири боюнча бул аймакта көп сандаган илек-илек (аист) кушу ар жылы кыштап тургандыктан аймак Лейлек деп аталган деп тастыкташат.

Исфана аймагында жайгашкан Гордой кыштагынын аталышы жөнүндө уламыш да кызык. Бир кыргыз дыйканы бийик тоолуу аңыздарда да эгин эгүүгө боло тургандыгын уулуна үйрөтүп, дыйкандын уулу “менин түшүмүм гороодой” болду (ичкилик диалектисинде мыкты болду деген мааниде) деп мактанып жүрүп, кыштак “Гордой” аталып калган делет. Кезегинде бул кыштактын башчысы ичкиликтердин “бөксө” уругунун бийи Эгемберди 1752-жылы күзүндө Беш-Арыкта өлтүрүлгөн Кокон ханы Эрдэне бийдин агасы Баба бийге кызмат кылып, анын коошунун кол башчысы болгон экен. Эгемберди бий Баба бектен Гордой кыштагын сурап алган делет.

Бул аймакта жайгашкан Баул кыштагынын келип чыгышы да жогоркудан кем эмес уламышка ээ. Кезегинде бул тоо койнундагы кооз өрөөндө Амир Темир Көрөгөн аскер топтоп, Самарканга жортуулга даярданып жүргөндүгүн Захреддин Султан Бабур “Бабур-намэ” китебинде эскерген. Бабур да бабасы Темир сымак бул жерде чеп куруп, ал жер Туңгуюк деп аталган экен. Кийинки замандарда Бабурдун атагы менен кыштак Баул деп аталып калыптыр. Кыштак бийик чокулар менен курчалган, арчалуу кооз өрөөндө жайгашып, ал жерди туруктаган ичкилик кыргыздарынын каңды уруусу Ат-жайлоо, Бөрү, Корбоз, Терс-Конуш, Уат, Ором, Кырк-Булак жана башка жайлоордо мал багышкан.

Ошентип, Сыр-Дайранын батыш жээгиндеги жерлер, Курама-Карамазар тоолору, Могол-Тоо кырка тоосунун аймактары Кокон ээлигинин алгачкы чөлкөмүнүн ичинде турган жана ал жерлерде жашаган көптөгөн көчмөндөр жана анын ичиндеги кыргыздар биринчи күндөн баштап эле болочок хандыктын жарандары болгон деп эсептөө туура. Бул тургундар жөнүндө тийешелүү материалдар бир катар эмгектерде айтылат.

Ал эми азыркы Өзбекстандын Анжиян облусунда Асаке аттуу шаар, Атакара, Ботокара аттуу ири элдүү кыштактар бар. Асаке анжыян кыргыздарынын кеч орто кылымдагы бир ордосу катары саналып келгендиги, атүгүл Анжыян “Араник” деген ат менен Манастын бабасы Ороздунун бай тактысы болгондугу кыргыз элинин улуу эпосунда айтылат. Санжыра боюнча саяктын Байболотунун экинчи уулу Асаке өйдө чектиx болжол менен ХV-ХVI кылымдарда Анжыяндын чыгыш жагында туруктап жүрүп өлгөн. Анын кыштоосу кийин отурукташкан чоң кыштакка айланып, ага Асаке деген ат берилген. Кийинчерээк Кокон хандыгында отурукташкан сарт калкынын саны өсүп, кыштактар арбыганына байланыштуу кыргыздар акырындык менен жайыты кененирээк элетке сүрүлө берген. Ал эми Асакенин кыштоосу XIX кылымдын орто ченинде сарт калкы жыш жашаган шаарга айланган.

Асакенин абаларынын бири Сарыдан Атакара жана Ботокара. Атакара азыркы Избаскенди жердеп, ал эми Ботокара Анжыяндын түндүк-чыгыш тарабын туруктаган. Аялдары өзбек болгондуктан кийинчерээк алардын урпактары өзбектерге аралашып кеткен. Бирок, эзелки кыштоолор акырындап отурукташкан чоң кыштактарга айланган да аттары ушул мезгилге чейин сакталып калган. Ботокаранын мекени болгон Ботокара кыштагында Искак-Полот хан 1875-жылдын 27-сентябрында экинчи жолу ак кийизге салынып хан көтөрүлгөндүгүн эске сала кетүү ашыктык кылбайт.

XVIII кылымдын 60-жылдарынан баштап, азыркы Кыргызстандын түштүк аймактарынын Кетмен-Төбө менен Тогуз-Торо өрөөндөрүнөн башкасы тегиз Кокон мамлекетинин курамына кирген. Демек, бул маалыматтардын негизинде түштүк кыргыздарынын Кокон хандыгынын курамында дээрлик 160 жылдан ашуун мезгилде жашап келгендигин тастыктоого болот. Бул жерде кыргыздар узак жылдар бою хандыктын курамында тургандыктан өздөрүн толук кандуу Кокон хандыгынын жарандары катары сезгедигин баса белгилөөгө болот. Ондогон фактылар муну далилдеп тургандыгын китебибиздин кийинки баптарынан тастыктоого мүмкүндүк бар.

Кокон хандыгынын XIX кылымдын биринчи жарымында күчөп турган мезгилинде ферганалык элет кыргыздары түрдүү экономикалык, саясий жана социалдык себептерден улам өрөөндүн түшүмдүү жерлеринен айрыкча Алим хандын (1799-1809) мезгилинен баштап акырындык менен тоо этектерине карай сүрүлүп чыгарылган. Натыйжада, ХIХ кылымдын орто ченинде кыргыздар Фергана өрөөнүнүн ортолугунда жайгашкан түздүктөр «сартиййа» деп аталып, демографиялык жактан улам көбөйүп олтурган отурукташкан эл катмары тарабынан ээленген. Кыргыздардын эзелки ата конуштары болгон Асаке, Анжыяндын жанындагы Мундуз, Бото-Кара, Ата-Кара, Избаскен жана башка жерлер, Фергана өрөөнүнүн түздүктөрүндөгү кыргыздардын жашап өткөндүгүн билгизген көптөгөн топонимдер бул процесстен кабар берет.

XIX кылымдын 20-30-жылдары Кокон хандыгынын курамына кыргыздардын түндүк аймактарынын баары кирген. Бирок, Кокон хандарынын бийлиги бул аймактарда түштүк жактардагы фергана кыргыздарына караганда “номиналдуу”, “жарым-жартылай” болгондугун белгилеп кетишибиз абзел.

Ошентип, 167-жыл өкүм сүргөн Кокон хандыгынын тарыхында түштүк кыргыздары хандыктын курамында 160 жылдан ашуун чамасында жашап турушса, таластык, кетмен-төбөлүк, теңиртоолук, чүйлүк кыргыздар 35-40 жылдай, ал эми ысыккөлдүк кыргыздар 25 жыл чамалуу болгондугун тастыктоого мүмкүн.

Эми ошол кездеги кыргыздардын санына сереп салып көрөлү.

Орус окумуштуулары, мисалы Н.А.Аристов XIX к. орто ченинде Кыргызстанды жана коңшулаш аймактарды жердеген кыргыздардын саны баардыгы болуп 75439 түтүндү же 311511 кишини түзгөн деп божомолдойт. Анын кийинки бир эмгегинде кыргыздын саны 354388 кишиге жеткени айтылатxii. М.Венюков болсо XIX к. орто ченинде Ала-Тоолук жана Чыгыш Туркестандык кыргыздардын саны болжол менен 350000 кишиге жеткен деп эсептөө керек деп жазатxiii. Ошол эле мезгилде жалпы кыргыздын саны 500 миңден ашкан деген ойду айткан булактар да бар.

Биздин оюбузча орус окумуштуулары ошол кезде отурукташып калган, Кокон хандыгынын толук кандуу жарандары болуп эсептелген ферганалык кыргыздарды, азыркы Өзбекстандын Жизак аймагындагы Заамин, Бакмал тоолорунун кыргыздарын, Коженттен ары Оро-Төбө, Бадахшан, Гиссар, Памир, Каратегин, атүгүл Самарканд кыргыздарын, Ташкендин атрабындагы Бука чөлкөмүнүн кыргыздарын эсепке албагандыгы ачык эле байкалып турат.

Айрым авторлордун, мисалы, Л.Ф.Костенконун 1876-ж. жыйнаган маалыматтары боюнча Алай өрөөнүндө 1225 түтүн муңгуш уруусу, 3145 түтүн адигине уруусу, алардан үч эсе арбын ичкилик уруусу же 80 миңден ашык адам жашаган. Самарканд облусунун Кожент уездинде ошол жылдарда 1874 түтүн (7500 киши), Жизак уездинде 5899 түтүн (30 миңге чукул киши) кыргыз тургандыгы жөнүндө маалымат сакталган. Башка бир булакта Фергана облусунда XIX к. 80-жж. башы ченде көчмөндөрдүн саны 127 миң кишиден ашкан делип жазылган. Албетте, бул санга кыпчактардын, түрктөрдүн, казактардын, айрым көчмөн өзбектердин да кирип кетиши толук мүмкүн. Ошентип, тилекке каршы Фергана чөлкөмүндөгү калктардын, анын ичинде кыргыздардын саны жөнүндө так маалымат жок.

Ошондой болсо да чыгыш таануучу А. Кундун болжолдуу маалыматын колдонууга болот. Автордун кокон чиновниктеринин оозеки берген маалыматтарына таянган эсеби боюнча 1870-жылдары Фергана чөлкөмүндө 132000 түтүн отурукташкан жана 60000 түтүн көчмөн калк жашаган. Алар 960 миң адамды түзгөн. Бул сандар чарбалык жагынан алынса да 132 миң түтүн отурукташкан калктын эсебине 1870-жылдарга чейин отурукташууга үлгүргөн кыпчактарды, кыргыздарды, шаар калкы тажиктерди, түрктөрдү жана башкаларды кошуп жиберсек хандыкта сарт жана өзбек калкы менен көчмөн кыргыз жана кыпчак калкынын саны бирдей эле болуп калат. Демек, көчмөндөрдүн курамына 1870-жылдары бир аз гана казактарды, каракалпактарды киргизбесек, аларды негизинен кыргыздар жана бир аз кыпчактар түзүшкөндүгүн байкоого болот.

1884-жылкы Фергана облусунун обзору боюнча облустагы көчмөндөрдүн жалпы саны 127419 болгон, ал 25484 түтүндү түзөт. 1881-жылга Чуст ойозунда – 2406 түтүн, Наманган ойозунда – 3063, Анжиян ойозунда – 10470, Ош ойозунда – 4747, Маргалаң ойозунда – 1610 жана Исфаройозунда – 5128 түтүн болуп, бары биригип 27424 түтүн элди түзгөн. Г.Яворский аттуу изилдөөчү 1884-жылдан кийинки маалыматтардын негизинде Фергана облусунун бардык көчмөндөрүн санын 110000 киши деп эсептеген. Албетте мунун ичинде кыпчактар, анча-мынча казактар жана каракалпактар да кирип кеткен. Ферганалык кара-кыргыздарга Памирде жашаган 250 түтүн, башкача айтканда 1500 чамалуу кара-кыргыздарды да кошуп коюга болот.

Мындан тышкары Самаркан облусуна караган Кожент ойозунда 1887-88-жылдары 1874 түтүн, ал эми Жызак ойозунда 5899 түтүн кара-кыргыздар болгон. Кожент ойозунун ачендиги А.А.Кушакевичтин жана Токмок ойозунун ачендиги Г.С.Загряжскийдин пикирлери боюнча Кожент аталган кара-кыргыздар кийими, салт-санаасы боюнча сарттарга жакындашып кетишкен.

1873-жылы Түркстанда болгон орус окумуштуусу М.И.Веньюков болсо Чыгыш Түркстандык жана Ферганалык кыргыздардын жалпы санын 700 миң деп болжолдогон.

Ал эми немец ориенталисти Петцольдт кыргыздардын санын 1 миллионго жеткирип, анын жарымынан ашыгы орус ээликтеринен сыртта жашайт, орус түркстанында болсо 475 миң адам бар деп эсептеген.

Бул санга жакын маалыматтар архивдик булактарда да сакталып калган. Маселен, Кокон ханына каршы Фергана кыргыздарынын кыргыз уруу башчылары 1873-жылдын 15-ноябринде Кожент ойозунун башчысы барон Р.И.Нольдеге көтөрүлүштүн чыгыш себебин билдирген кат беришкен. Ал каттын маалыматтына караганда, көтөрүлүшкө 42 уруу же 132500 түтүн кыргыз, кыпчактар катышкан. Эгер ар бир түтүндү кары-картаң, жаш балдарды кошкондо орточо 4-5 кишиден турат деп эсептесек, анда көтөрүлүшкө тиешеси бар калктын саны 530-650 миң адамды түзмөк.

Албетте, ал кезде Фергана өрөөнүндө мынча кыргыз жашаган эмес, чамасы тизмеге кыпчактар, көчмөн өзбектер, түрктөр жана каракалпактар да кошулган болсо керек. Муну К.Үсөнбаевдин изилдөөлөрүндө 42 уруунун кай бирлеринин аттарын бериши менен тастыктоого мүмкүн. Мисалы, басыз, мундуз, найман, кесек, тейит, кыдырша, бостон, каратейит, кутлук-сейит, кызыл-аяк, жору, бөрү, тооке, монгуш, кыпчак, кыргыз-кыпчак, кытай, абагат, каман, тамга, саяк, катаган нойгут, кушчу, карабагыш жана башкалар.

Алай кыргыздарынын мундуз уруусунун атынан 1874-жылы Түркстан генерал-губернаторуна жазылган дагы бир катта кыргыздар менен кыпчактардын жалпы саны 200 миң түтүнгө жетет деген маалымат бар. Эгер бул санды дагы жогоркудай ыкма менен аныктасак, Ферганадагы эле кыргыздардын жан саны 1 миллионго жетип турат.

Кыргыз-Түрк Манас университетинин профессору Д.Сапаралиевдин изилдөөсүндө XIX кылымдын экинчи жарымындагы кыргыздардын жалпы саны боюнча тактоо аракети болгон. Анын изилдөөсүндө XIX кылымдын 70-жылдарында Кыргызстандагы бардык кыргыздардын саны 1-1,2 миллион адамды түзүшү мүмкүн деп жазат.

Жогорку маалыматтар, айрыкча бардык кыргыздардын Өзбекстандагы жана Тажикстандагы кыргыздарды эсепке алуу менен дээрлик үчтөн экисинин 160-жылдан ашуун мезгилде Кокон хандыгынын курамында болгондугу, алардын аң-сезиминде Кокон мамлекетинин жарандары деген “өзүн-өзү таануу (идентификация)” калыптангандыгы, ондогон Нүзүп бий, Алымбек датка, Алымкул лашкер башы, Искак Полот хан, Абдылдабек сыяктуу атактуу кыргыз бийлеринин жана инсандарынын Кокон хандыгынын бийлик сересине татыктуу жана байсалдуу чыгуу аркылуу “мамлекет үчүн”, “эгемендик үчүн” деген идеянын астында керт башын сайган фактылары Кокон хандыгы “кыргыз мамлекеттигинин бир көрүнүшү” катары болгондугун айкын тастыктап турат. Бул фактылар кийинки баптарда кенен далилденет.

уландысы бар...

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-03-2015

Кокон хандыгын изилдөө жана кыргыз тарыхнаамасы.

Талаш маселелер жана изилдөө перспективалары (аягы)

50857

04-03-2015

Кокон хандыгын изилдөө жана кыргыз тарыхнаамасы.

Талаш маселелер жана изилдөө перспективалары

66339

26-02-2015

Кыргызстан XIX кылымдын ортосунда: геосаясат, эл тагдыры, Боромбай (Улуу инсандын 225 жылдыгына карата)

57981

05-01-2015
Мамыр Мерген уулу – кыргыз элинин азаттыгы үчүн жанын берген баатыр инсан
69481

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×