Добавить статью
6:14, 14 июля 2015 0

Кайырбек Коңурбаевдин «Кочкор өрөөнүндөгү аламат же Суяб шаарынын жок болуп кетиши» аттуу макаласына пикир

Тарых илимдеринин кандидаты, белгилүү археолог Кубатбек Табалдиев «Кыргыз Туусу гезитинин 2009- жылдын 25- 29- декабрындагы № 97, 98- сандарына жарык кѳргѳн «Тарых эстеликтеринин тонолушу, акыл- эсибиздинжоголушу» деген макаласында бүтүндѳй Кыргызтандагы талкаланып, тонолуп жаткан тарых эстеликтери жѳнүндѳ гезит окурмандарына илимий кѳз караштагы эң актуалдуу маалымат берген. Белгилүү археолог бул макаласында Кочкор районундагы Кум- Дѳбѳ айылында (жергиликтүү элде Тѳрт- Күл шаар чалдыбары делет) уникалдуу тарыхый эстелик Кочкор-Башы шаар чалдыбары жѳнүндѳ мындай дейт: «11- кылымда Орто Азиянын окумуштуу филологу Махмуд Кашгаринин картасына түшкѳн Кочкор- Башы шаарынын акыркы курулуштарынын дубалдарын жергиликтүү элдин урпактары кыш куйганга жумшап жатышат.

Элибиздин тарыхый мурастарынын баалуулугун түшүнгѳн, илимге сенсациялуу жаңылыктарды бере турган бул буюмдарды эч жерин бүлүнтпѳй, сындырбай сактап келген

Кайырбек Коңурбаевдей Кум-Дѳбѳлүктѳргѳ ыраазы болдук. Жер астында таш жана кыш коридорлор бар экендигин кѳргѳндѳр да бар. Эгерде окумуштуулар тарабынан изилдѳѳ, археологиялык иштери жүргүзүлсѳ бул жерден элибиздин тарыхын тастыктаган, уникалдуу эстеликтер чыгып, кѳптѳгѳн сенсациялуу илимий ачылыштар болоору шексиз. Илимий ачылыштын негизинде кыргыз эли тарыхый, маданий зор байлыкка жана нарк насилдүү каада- салтка ээ экендигин дүйнѳ эли таанып билет эле. Бул ишке мамлекеттик деңгээлде тез арада маани берилип, колго алуу жүргүзүлсө жакшы болоор эле. Кайырбек Коңурбаев тарыхый маалыматтарга таянып, иликтеп жазгандай чын эле байыркы Суяб шаары ушул болуп жүрбөсүн?

Юлий Худяков чоң ачылыш жасаган.

Кочкор районунда капыстан эле табылган табылганы мектеп музейине коюшуп, анын натыйжасында кийин сыры ачылып, илимге жаңылык алып келген учурлар да болгон. Ѳңү сары, кѳлѳмү сырт кийимдин топчуларынан кичине, кыргыздын улуттук оймолоруна окшогон оймо- чиймелери бар үч буюмду айыл четинен жер тѳлѳ казып жаткан адамдар таап алган. Аны Кочкор районунун Кара- Саз айылынын Сагынбай Орозбак уулу атындагы орто мектебинин ошол кездеги тарых сабагынын мугалими Сартбаев Темир агай мектептеги ѳзү түзгѳн тарых музейине экспонат кылып койгон. 1995- жылдары ошол кездеги жаш археологдор Кубал Табалдиев, Ороз Солтобаевдин экспедициясы менен айылыбызга кошо келген белгилүү орус окумуштуусу, академик Юлий Сергеевич Худяков дагы музейге келип кѳрүшкөн.

Худяков мындай деп айткан: «Бул буюмдар 8-10- кылымдарда кѳрүстѳнгѳ коюлган абройлуу аскер башчысынын чин даражасын кѳрсѳткѳн , кемер куруна тагылган белги- шѳкѳттѳр болгон. Аларды уста- зергерлер колону (бронзону) калыпка эритип куюу жолу менен жасашкан, так эле ушундай буюмдарды Эне-Сайдагы, Алтайдагы кѳрүстѳндѳргѳ археологиялык казууларды жүргүзүп жатканда да тапканбыз». Андан кийин бул табылга илимге сенсациялуу дагы бир жаңылык кошкондугун, музейге абдан туура коюлгандыгын айтып, аны сактап келген мугалимдерге ыраазы экендигин билдирди.

Тээ илгери Алтайдан Теңир-Тоого чейин зор аймакты жердеген кыргыздар же ошол аймактардын ортосунда байма- бай жүрүп турган карым-катнашты топчудай болгон бул буюмдар азыр да мектеп музейинде сакталууда. Бул байыркы көрүстөндөн эле табылган кичинекей буюм эмнеден кабар берип жатат.

Жер астында калып эмдигиче изилденбей, Кочкор – Башы шаар чалдыбарынын канчалаган сырлары ачылбаган бойдон айдоо аянттарына айланып, үстүнө короо-сарай, турак жайлар курулуп жатат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×