Добавить статью
12:32 20 Августа 2015

Х кылымдагы Саманийлер мамлекети жана «Жаныш, Байыш» дастаны

Автор: Абакир Калыбеков

Х кылымда Саманийлер мамлекети Орто Азияны исламдаштыруунунун борбору болуп, экономикалык жана саясий өнүгүшүнө зор таасирин тийгизген. Кетмен-Төбө өөрөнү бул мамлектеттин бир аймагы болуп шаарлардын массалык түрдө пайда болушу жана өнүгүшү Саманийлер династиясынын мезгилине туш келет. 893- жылы саманид Исмаил бен Ахмед Тараз шаарын багынтып, чиркөөлөрүн мечитке айландырган. Талас өрөөнү саманийлер мамлекетинин курамына кирип, исламдашуу процесси кеңири аймактарда тарай баштаган. Ошондуктан саманилердин тарыхынан Кыргызстан тууралуу көп маалыматтарды алууга болот. Кыргызстандын аймагындагы Ош, Өзгөн, Медва, Хайралам, Насрабад, Селет, Хефдех сыяктуу шаарлар Саманийлер доорундап өнүгүүнүн жогорку дээңгелине жетишкен.

Саманийлер мамлекетинин аталышы Түндүк Афгани-стандагы Балх шаарынан чыккан Саман Худдаттын балдары жана неберелеринин династиясынын атынан чыккан. 806-810-жылдардагы Орто Азияда арабдардын бийлигине каршы Руфи-ибн-Лейстин көтөрүлүшүн басууда эрдиктери үчүн 819-жылы Саман уулдарына жана неберелерине Мавераннахрдын маанилүү аймактарын башкаруу укугу берилген. Саманйилер мамлекети-нин негизделишинин А. Бернштам төмөнкүчө баяндайт. "Араб акимдеринин Ферганадагы бийлиги бошоңдоп, жергиликтүү бийлөөчүлөр менен келишүүгө аргасыз боло баштаган. Асад уулу Ахмед менен Хоросандагы араб акими Гассан ибн-Аббад бирдей даражада турушкан. Ахмед Ферганадагы бийлигин бекемдеп, өзүнүн бир тууганы Нухка бийлигин өткөрүп берген. Ахмед өлгөндөн кийин да, бийлик булардын үй-бүлөсүндө калып, анын баласы Абул-Ашас (864-ж) бийлеп калган. Бирок бул асаддардын бийлигин тахирид Ахмед Абу-Халид үзгүлтүккө учуратып тартып алган. Ахмед ибн- Асад бийлигин тез эле калыбына келтирип "диндин душмандары катары каралуктарды Ферганадан кууп чыккан." (Бернштам А.Н. с. 263-264.)

874-жылы Исмамил ибн-Ахмед Наср бийликке келгенде борборлошкон саманийлер мамлекети түзүлгөн. Борбору Бухара шаары болуп, Хасан Түндүк Иран, Хорезм, Газна, Фергана жана Кыргызстандын батыш аймактары караган. Фергана үч аймакка болунгон. Фергананын түндүгү Вазгий аймагы аталып, Аксыкент, Касан, Жидгал (Чаткал), Кервен шаарлары караган. Фергананын түштүгү Несай аймагы аталып, Ош, Андукен (Андижан), Кокон, Маргалан шаарлары караган. Нарын менен Кара-Дарыянын аралыгы Миян-Рудан (Эки-суу арасы) аймагы аталып, Хайралам, Өзгөн, Насрабад, Хефтех, Бискен, Селет, Шикит шаарлары баш ийген. Миян-Рудандын башкы шаары Хайралам (Кетмен-Төбө өрөөнүндө) шаары болгон. Хайраламда Исмаил Саманинин улуу агасы Абул Хасан Наср туулган. (Кыргызы. Арабские и персидские источники. Б. 1996. .с..32.)

Саманийлер бийлик жүргүзүп турган мезгилде кен, казып алуу, кол өнөрчүлүк, соода өнүгө баштаган. Бардык чоң шаарларда медреселер ачылып, китепканалар иштеген. Илим жана маданият гүлдөп өскөн. Орто кылымдагы Орто Азиялык атактуу окумуштуулар ушул доордо, саманилер мамлекетине баш ийген шаарлардан чыгышкан. Улуу акын, мамлекеттик ишмер Рудаки (858-941-ж.ж.) 40 жыл бою Бухарада Саманийлердин падыша сарайында акындарды жана окумуштууларды башкарып турган. Рудаки жашында тойдо ырдап жүргөн, кийин шаардын 1-ырчысы болгондо вазир Балами Самаркандан Бухарага хан сарайга алып келген. Исмаил Саманинин небереси Наср 80 жашка чыккан Рудакинин көзүн оюуп коет.

Толубай сынчы уламышта Азизканга ак ниети менен кызмат кылганы үчүн көзү оюулат. В.М.Жирмунскийдин маалыматы боюнча Толубай сынчы Кероглунун чоң атасы деп берилген. (Жирмунский В.М. Введение в изучение эпоса «Манас». В кн. Энц. феномен «Манаса»)

Улуу акын, дүйнөлүк адабияттын берметтеринин бири "Шах-Наменин" автору Фирдоуси (949-1020 ж.ж.) Туси шаарында туулган. «Шах-Намеде» сактардын жана персдердин элдик ооз эки чыгармалары жана төрт миң жылдык тарыхы камтылган. Дастандын башкы каарманы Рүстөм кыргыздын элдик оозеки чыгармаларында кеңири орун алган. Эл арасында «Рүстөм колдосун» деген тилек кылуу бүгүнкү күнгө чейин айтылып келет. «Манас» менен «Шах-наменин» окшош мотивдери көп экендигин В.М. Жирмунский менен М.Ауэзов аныктаган (Ауэзов.М.О. О времени возникновение эпоса «Манас». В кн. Энц. феномен эпоса «Манаса». Б. 1995. с.170.).

«Жаныш, Байыш» менен «Алпамыш» дастандарында сюжеттик мотивдердеги окшоштуктар көп экендигин Ж.Субанбеков белгилеген. Алпамыш калмактарга жортуулга барып, туткунга түшүп орго салынат. Байбөрүнүн бакма баласы Ултантаз бийликти ээлеп алып элге кордук көргөзөт. Алпамыш-тын атасы Байсарыны койчу кылып алат. Хандын кызынын жардамы менен ордодон бошонгон Алпамыш кейпин өзгөртүп элине барат. Элине адилеттүү бийлигин кайра орнотот. Мындай окуя Орто Азия элдерине кеңири белгилүү «Юсуп жана Ахмед» аттуу баатырдык повестте да эки бир туугандын баштарынан өтөт. Баатырлардын туткундалышы Көкчөкөз деген чыккынчын аракети менен болот. Кайра элине келишкенде алардын жакындары кордукка кабылышы кыргыз дастаны менен окшош. (Субанбеков Ж . 90-92-б.) Чыгармалардагы окшоштуктар Орто Азия элдеринин кылымдын тереңин карым-катанашыын натыйжасы катары түшүнүү керек. «Жаныш, Байыш» дастанындагы окуялар ушул чөлкөмдөгү элдер менен тыгыз байланыш экендигинин дагы бир далили.

Улуу математик, астроном, ааламдын гелиоборбордук (Ааламдын борборунда Кун жайгашкан) системасынын Н.Коперникке чейин 500 жыл мурда аныктаган Абу-Рейхан Бируни (973-1048-ж.ж.) Хорезмдин борбору Кят шаарында туулган. Бируни Жердин радиусун жана Айга чейинки аралыкты так ченеген. Тарыхчы, этнограф жана географ катары Кыргыз-стан жөнүндө көп маалыматарды калтырган. Махмуд Газнавини-нин жортуулдарына жол баштоочу катары көп катышкан.

Улуу табып, дарыгер Абу-Али ибн Сина (980-1037-ж.ж.) Бухарада туулган. Атасы Балх шаарынан болуп, Нух ибн Мансурдун бийлигинде Бухаранын жанында Хармайсан кыштагынын башкаруучусу болгон. Энеси Хармайсанга жакын Афшина кыштагынын кызы болгон. Наршахинин «Бухаранын тарыхы» деген эмгегинде: Жети-Суудан келген элдер Бухаранын мергенчиликке ынгайлуу токойлуу, суулу жерине туруп калышкан. Алар адегенде боз үйлөрдө, чатырларда жашашкан. Андан кийин там курууга киришкен. Ибн-Сина европеоид жана монголоид расаынын, түркий жана арий кандарынын аралашынан жаралганын аныкташкан. Ибн-Синанын эмгектери кыргыздын элдик табыптарына байыртадан белгилүү болгон. Кыргыз табыптары колдонгон «тинтүүр» деп аталган хиргиялык аспап Ибн-Синанын аспаптарына окшоштугун И.Б.Молдобаев далилдеген. (Молдобаев И.Б. Жаныш и Байыш… с.122.) Жаныш жардар болгондо туура эмес бүтүп калган далысын хирургиялык жол менен дарыланганы дастанда берилген. Кетмен-Төбөдө жана Бадахшан аймактардагы байыркы көрүстөндөрдөн баш сөөктөрдү хирургиялык максат менен ачуу (трепенция) жүргүзүлгөндүгү аныкталган.Бул табылгалар Ибн-Синанын илиминин кыргыздарга кеңири жайылгандыгынын дагы бир далили.

Бул адамдардын эмгектери Орто Азияда гана эмес дүйнөлүк маданияттын жана илимдин өнүгүшүнө өзгөчө доорун аныктап турат. Илим байыркы гректердин доорунда өнүүгүнүн жогорку денгээлине жеткен. Католик чиркөөсүнүн догмотикалык көз караштары жана куугунтуктоолору илимдин өнүгүүсүн көп кылымга чейин тормоздогон. VIII к. баштап ислам дүйнөсүндө илим кайрадан өнүгө баштап, IХ-Х к.к. Орто Азияда жогорку денгээлине жеткен. XI кылымдан баштап мусулман маданиятынын илимий эмгектери европа тилдерине которула баштаган. Европада XIV-XV-к.к. илим жана маданияттын өнүгө баштоосу Орто Азиядагы "кайра жаралуу" доорунун уландысы болгон.

XI кылымдагы Караханилер мамлекети саманийлердин экономикасынын жана маданиятын мурастап калышып жана андан ары өнүктүрүшкөн. Караханилер династиясын негиздөөчүсү Абдулкерим Сатук Түштүк Теңир Тоолук ягама урууларынын чыккан деп эсептешет. Мамлекетти башкаруу ягама, чигил жана карлук урууларынын колунда болгон. Династиянын негиздөөчүсү Сатук-Абдал-Керим Карахан 995-жылы исламды кабыл алат. Анын уулу Муса (төрлөгөндөгү аты Байташ) Исламды мамлекеттик дин деп жарыялайт. 999-жылы Бухараны басып алып, саманиддердин акыркы эмири Мансур ибн Нух II нин бийлигин кулаткан. Караханиддердин доорунда Орто Азияда исламдаштыруу процесси аяктаган, Түрк элдеринин тилдери жана маданияты өнүккөн. Махмуд Кашгаринин "Түркий тилдер сөз жыйнагы", Жусуп Баласагындын "Кудадгу билиг"сыяктуу залкар чыгармалар жаралган. Бирдиктүү мамлекеттин түзүлүшү экономиканын гүлдөп өнүгүшүнө жана жаңы калаалардын пайда болушуна шарт түзгөн. Караханийлер-дин доорунда Борбордук Азияда түрк элдеринин азыркы кездеги расалык тиби калыптанып, мамлекеттик тил катары түрк тили өнүгөт. М.Кашгари кыргыздарды таза түрк тилинде сүйлөгөн элдердин катарында эскерет.

Кытайлык кыргыз тарыхчысы А.Байтур X кылымга чейинки кыргыздар жөнүндө төмөнкүчө маалымат берет. Жаны эранын VII к. Орто Азияда түргөштөр доорунан баштап XIII кылымга чейин Теңир-Тоо кыргыздары түргөш, карлук, караханилер хандыктарынын бийлигинде болду. Бул доордо Теңир Тоо кыргыз уруулрынын маданияты өнүктү жана кыргыз элининин калыптанышына терең негиз салды. Алардын жайытары кеңейип, Тенир Тоо жана Памир тоолорунун эң сонун жайлоолоруна ээ болгон. Бул доордо Тенир-Тоолук кыргыз уруулары биригип бир өңчөй хандык кура алган эмес. Ар бир уруу же бир канча уруулардын өз алдынча бийлөөчүлөрү болгон. "Худуд ул-аалам" деген китепте кыргыз урууларынын башчылары "бий", "ханча", "падыша" деп атаган.(Байтур А. Кыргыз тарыхы. Б. 2003. 181-б.)

Өрөөндүн экономикасы жана маданияты гүлдөп турган мезгили саманийлер мамлекетинин дооруна туура келерин жүргүзүлгөн археологиялык казуулар тарыхый жазма даректер жана элдик санжыралар далилдейт. "Жаныш, Байыш" дастаны менен саманийлер мамлекетинин окуялар, доорлордун сүрөттөлүшүндөгү бир нече окшоштуктарды келтирүүгө болот. Дастан боюнча баатырлардын чоң атасы баш аягына 40 күндүк жолго созулган, 60 шаары бар зор мамлекетти бийлеп турган. Азирети хан келерки жылда боло турган окуяларды алдын ала билген олуя, билимдуу адам болгон. Хандын ордосунда "билимдүү бийлер, кожо, молдо, казы, муфтий, эшендер, мыктуулар топтолгон. Алар менен хан кеңешип иш жүргүзгөн. "Мыктуу" деген сөз саманиддер мамлекетинде колдонулган термин. "Икталары бар Мукталар "- шарттуу жер ээлоочулор аталганы Селbжук вазири Низам ал-Мүлүктун "Сиясат Наме" китебинде жазылган. (Кыргыз ССР тарыхы. Ф. 1973. 145-б.) Демек дастандагы кыргыз ханынын туруктуу мамалекеттик аппарат болгондугун кабарлап турат. Исмамл Самани 974-жылы бүтүндөй Орто Азияны, Түндүк Афганистанды бириктирип турган борборлоштурулган мамлекет түзгөн. Кетмен-Төбө Миян-Рудан (Эки суу арасы) деп аталган Саманийлер мамлекетинин бир аймагы болгонун жогоруда айтканбыз. Саманилер Орто Азияда исламдаштыруу процессин баштап, мамлекеттин экономикасы, маданияты жана илими тарыхта эң жогорку деңгээлине жеткен.

Петербургдук окмуштуу В.Массон саманиддердин мам-лекетине төмөнкүдөй мүнөздөмө берет: «…Саманийлердин мамлекетинин бийлигинин социалдык жана аскердик элитасына көчмөн компаненти кенири киргени жакшы белгилүү. Көчмөн империянын традициялары саманиддердин өлкөсүндө согдалык федерализмди бюрократтык монархия менен алмаштырууда чоң ролb ойногон. (Массон В. Тюрко-согдийский синтез как моделb развития древних сообщество Централңной Азии. Слово Кыргызстана. 30.04.04.) Саманиддер Батыш Түрк каганатынын традицияларын сиңирген жана мамлекеттик түзүлүштө түрк элдеринин таасири күчтүү болгон.

Санжыралар боюнча кыргыздардын ичинен алгачкы мусулман динине киргендер саяк уруулары экендигин кыйыр түрдө айтылат. Саяктардын санжырасы башталганда эле мусулман ысымдары кездешет. Эшен Карек, Шыкмамат (Шайык Махмуд), Молдо Шакир, Ибраим, Жусуп ж.б. Санжыралардагы саяктардын түпкү атасы Байыш баатыр XIV-XV к.к. тарыхый адамдардын аттары менен катар айтылып жүрөт. Санжыра жана башка элдик оозеки чыгармаларда улам кийинки айтуучулар мурдагы окуялар менен кийнки окуяларды аралаштырып айтышат же байыркы бабалардын аттары менен кийинки урпакттардын аттары окшош болгондуктан алмашылып айтылып калган учурлар көп кездешет. Залкар "Манас" дастанында да ар түрдүү доорлордогу окуялар бир сюжетке бириктирилип айтылып калган. Хунн доорундагы Моде хан менен Лилин окуялары, Эне-Сай доорундагы Барсбек менен Яглакар хан окуялары, XIII кылымдагы Каракытайлар менен кыргыздардын арасында согуштар "Манас" дастанынын сюжеттик негизи болгону илимде далилденүүдө.

Саяктардын санжырасында Долонбий менен Муратайдан Телкозуга чейин 16 ата б.а. 400-500 жыл өтөт. Долон бийдин баласы Тагай XIII-XIV к.к. жашагандыгы аныкталган. IX-Xкылымдагы Телкозунун уулу Муратайдын тагдыры Долон бийдин замандашы Муратайдын окуясына аралаш айтылып калган. Санжыра эл арасында оозеки түрүндө гана узак жашабастан, жазуу түрүндө да сакталганбы ойлор пайда болот.

Кыргыздар саманиддер жана караханиддер мамлекекет-теринин курамында турганда бирин-эки сабатуу адамдар санжыра тарыхты жазуу түрүндө сактап калышы толук ыктымал. Аты легендага айланып кеткен IX к. жашаган Үмөт уулу Жайсаң ырчынын саптары бүгүнкү күнгө чейин жетиши бул божомолго күбө болот. Жайсаң ырчынын саптарында кыргыз элинин чачылып, кайра биригишин баяндалган. Бул ырда байыркы Усундар да эскерилет.

Кыз-келинин кадырлап,

Үкү менен сыйладың.

Чачылып кеткен Усундун,

Чар тарабын жыйнадың.

Айгышып келген душманды

Адырдан качкан түлкүдөй

Алгырды салып кыйнадың

Түпкү атаңдын өз журтун,

Түгөл алдың колуңа.

Алыстан келди көп уруу,

Ак калпак сенин бооруңа.

Алар дагы үн кошот,

Аземдеп тарткан чооруңа.

Кегиңди алдың душмандан,

Кереге, уугуң бузгандан.

Айтылып калсын түбөлүк

Ак калпак кыргыз атанып,

Ааламга атың уккан жан.

( Закиров С. Кыргыз санжырасы. Б. !996. 362-б.)

Саманилер династиясынын негиздөөчүсү Саман Худат Түндүк Афганистандагы Балх шаарынын жанындагы Саман айылынан чыккан дыйкан адам болгондугу жөнүндө маалымат бар. (КСЭ. т.5. Саманилер мамлекети. 428-б.) Байыркы кыргыз урууларын түзүүгө катышкан сак уруулары Памир аймагында да жашаган. Санжыраларда жана тарыхый даректерде кыргыздар Бадахшанда, Каратегинде, Гисар, Кулябада кыргыздар жашагандыгы айтылат. Байыркы түрк тилинде «Балх» (Балык)- «шаар» дегенди түшүндүрөт. Орто кылымда түрк уруулары жашаган аймактарда Ордо Балык, Го Балык, Беш Балык шаарлары болгон. Баласагун шаары аталышы "Балык+сыгун" (бекинуучу, коргонуучу шаар ) деген сөздөн келип чыккандыгын Т. Чоротегин болжолдогон.

«Манас» дастанында бул аймакта кыргыздар жашаган-дыгы айтылган:

Балык менен Бадахшан

Башында кыргыз жери экен.

Дөө Кошойго каралдаш

Жүрөйүн деп чамалаш

Керме-Тоону бет алып,

Көчүп Бакай кетти эле

Алты жүз үйлүү эл алып.

Кыргыздын кыйын устасы

Бөлөкбайды кошо алып

Бадахшан, Балык, Керме-Тоо

Арасында турду эле.

(Манас. Ж. Мамайдын варианты. Кыргыздар. IV т. 368-б.)

Кыргыздар ар түрдүү аймактарга тарап, башка элдерге аралашып кеткендиги жөнүндө да «Манаста» эскерилет:

Качып барган кыргызда

Катаган, тейит калкы бар.

Беш ууру кыргыз Ооганда

Бекзаадалар бар анда.

Бир чети бар кыргыздын

Хорасандын четинде

Бүтүн шыгай уруусу

Яркент дайра бетинде.

Букардагы кыргыздар,

Өз тилинен айрылып,

Тажик болгон жайы бар.

(Кол жазмалар фонду. Инв.№278. 36-37-б.)

Бадакшан - Аму- дарыясынын жогорку агымнда Пяндж куймасынын сол жээгинде жайгашкан тоолу аймак. Тохаристан - Балх менен Бадахшандын ортосундагы аймак. Тохарстандын акими арабдар кол салган мезгилде ябгу (жабагыя) титулун алып жүргөн. Жабагылар деп аталган уурулар кыргыздардын курамыына бар.

Араб-перс жазма булактарында Памир, Бадакшан, Балх аймактарында кыргыздар жашагандыгы көргөзүлгөн. Ибн ал–Асирдин «Тарих ал-Камил» аттуу эмгекте 1052-1053 ж.ж. Түндүк Афганистандагы (Памирдеги) окуялар баяндалган. Газнавиддер-дин ири аскер башчысы эмир Хирхиз жөнүндө баян бар. «Индиянын түндүк областында Хирхиз аттуу эмирдин көп аскерлери болгон. Хоросандын башкаруучусу Тогурулбектин иниси Даут Абдрашиддин өлтүрүлгөнүн угуп аскери менен Газнага жөнөйт. Хирхиз алдын тосуп чыгып согушуп, Даут жеңилип качып кетет, аскери Хирхизге багынат». Ибн ал-Асирдин маалыматарында газнавиддердин аскеринин бир бөлүгүн кыргыздар түзүп, уруу башчылары жетектегени айтылган. Абул Фазил Бейхакинин мемуарында газнавиддердин аскери уруу-уруктук түзүлүштө деп эскерилген (Маанаев Э. Сведение Тянb-Шанbских и Памирских кыргызах. В кн. Кыргызы древности и среднеовековие. Б. 1997. с.109.).

Сак-усун доорундагы Кетмен-Төбөнүн Балх-Бадакшан аймактары менен этникалык байланышы Т.П.Кияткинанын антропологиялык изилдөөлөрүндө далилденген. «…костные материалы из сакских могилңников Кетмен-Тюбе характеризует население этого периода как крупных, физически хорошо развитых европеоидов, практиковавших в медицинских целях прижизненную трепанацию черепа. Прижизненную трепанацию мы фиксировали среди восточно памирских саков. Хотелосb бы также отметитb сходство краниологического материала из сакских погребаний Кетмен-Тюбе с болbшой серией черепов из погебания на правобережңе Пянджа в Тохарисане, датированном V в.н.э. Эта серия по нашем мнение, на территории Тохаристана пришлая». (Кияткина Т.П.Антропологические материалы из могилbников долины Кетмен-Тюбе. В кн. Кыргызы. Матер. Междунар. конференции, посвященной 1000-летию «Манас». Б. 1996.с.47.) Байыркы Тохаристанда VI-VII таандык көрүстөндөрдөн табылган баш сөөктөр түрктөргө тийешелүү экендиги аныкталган.

Саманийлер династиясынын негиздөөчүсү Саман Худат деген аттын өзү да түрк элдеринин аттарына окшошуп турат. "Саманчынын жолу" аттуу уламышта Баба-Дыйкан-дын түшүмү мол болгондо батыштан чыгышка саманды көтөрүп келе жатканда чачылган самандан «Саманчы жолу» жылдыздар системасы пайда болгондугу айтылат. Чындыгында дыйканчы-лык Тенир Тоо аймагына батыш элдеринен таралган. Бул уламыш Саман Худаттын ысмы менен байланышы болушу да ыктымал. Кыргыздардын санжырасында моңолдордун түпкү тегинде Самансур деген баатыр нарк-мыйзаамды кыргызга биринчи келтиргендиги айтылат. (Аттокуров С. Кыргыз санжырасы. Б. 1995. 127-б.)

Саманиддер өздөрүн Бахрам Чубиндин тукумубуз деп эсептешет. Бахрам Чубин парфияндык сактардын михрандар уруусунан болгон. Парфияндар б.з.ч.II кылымда сактар жана юечжилер менен бирге хунндар тарабынан Борбордук Азиядан Орто Азияга сүрүлгөн. Сактар, юечжилер, парфияндар Орто Азияны гректердин бийлигинен куткарган. А.Македонский өлгөндөн кийин Персия аймагында Селевкилердин мамлекети түзүлөт. Орто Азияга чектешкен аймактарда көчүп жүрүшкөн сактардын парна уруусунун башчысы Аршак б.з.ч. 250-ж. селевкилердин парфиен сатрапийин (областын) басып алып падышалык наам алат. Анын урматына «түбөлүк от» жагылат. Парфиендер менен парналар жаңы эл түзүлөт. Бул аймак Парфия падышачылыгы аталат. Парфиялыктар менен Тенир Тоолук сактардын маданий-саясий байланыштары жөнүндө тарыхчы Ктесийдин чыгармаларынан үзүндүлөрдү жогорто келтирдик.

Көчмөн парналардын тукумдары азаттар (эркин эл) деп аталып элдин кадыр-барктуу бөлүгү болгон. Парфиянын эли ар түрдүү диндерге ишенгени менен башкы кудайы Күн-Ахурамазда эсептелген. Жашоону булагы «Анахитке» (Умай Эне, Жер-Эне) отурукташкандар сыйынган. Митрага ( Күлүк аттуу Күнгө) көчмөндөр сыйынышкан. (Энц. для детей. Всемирная история. М. 1998. с.52.) Азыркы кыргыздарда «шам жагуу», Умай энеге сыйынуу ырым-жырымдары сакталып калган. Парфиялык азаттар кээ бир булактарда иссидондор, асийлер деп жазылып жүрөт. Сактар саясый арендан кеткенден кийин көтөрүлгөн усун урууларынын ар түрдүү тилдерде жазылышы деген божомолдор бар.

224-жылы перстер парфияндарды талкалаганда 240 атчан жоокер үй-бүлөсү менен аман калат. Алардын аттары да, өздөрү да алтай темиринен жасалган соот кийинген, өткүр кылычтуу, узун найзалуу кыраан жоокерлер болгон. Бахрам Чубин парфиандык сактардын тукумдары. Парфияндар б.з.ч. II кылымда юечжилер менен бирге Борбордук Азиядан хунндардын кысымынан кийин батышка көчө баштаган. Бахрам Чубин шах Хосров Ануширван (түрк Истеминин күйөө баласы) кадырлаган адам болгон. Иранды басып алууну көздөгөн Шер-и Кишвардын (Жаңы-Суук тегин) чабуулун Бахрам Чубин токтотуп, Кишварды жаа менен атып өлтүргөн. Пайкендди камоого алып, Афросиябдын казынасын талап, таажысын кийип, сөйкөсүн тагынып алгаган. Шах менен олжону бөлүшүүдө чырлашып, тактыны тартып алып бир жыл падышалык кылган. Кийин куугунтукка алынып, мурдагы душмандары түрктөргө качып барып, алардын ханы Юн Йолг-тегиндин кызын алып, Балхта жашап калган. VIII кылымда тибет тилинде жазылган географиялык трактатта Балх аймагында "гарга пур" деген уруу жашаганы айтылган. Чубин персче "карга" дегенди түшүндүрөт. Ошол мезгилде өздөрүн "карга пури" деп аташкан саманиддер көтөрүлө баштаган. (Л. Салдадзе. Ибн-Сина. Ташкент. 1983. с. 90-92.) «Пур»-боор, боордоштор же «пури» - бөрү, карышкыр деген кыргыздын сөздөрү байланышарын жана «бурут»- «бөрү» деген сөздөн келип чыккандыгын Ч.Валиханов жана Н.В.Аристов айтып кетишкен. (Аристов Б. Живая старина . 1894. с.438.) И.Бичурин кытай булактарынын котормолоруна берген түшүндүрмөдө: «Азыркы кыргыздар Хотон тоолорунун түштүгүнөн Тибетке чейин «булу» же «боло» деген ат менен VI к. бери эле жашап келген. Болу же булу кыргыздардын кытайча жана моңголчо бурут деген сөзүнүн бузулуп айтылышы» деп жазган.

. «Усун" термин кытай историографиясында "карганын урпактары" түшүнүгүн берүүчү иеороглиф менен жазылганын Т.Чоротегин белгилеген. Бул маалыматтардын усундардын келип чыгышы жөнүндө уламышта карышкыр менен карганын окуясы Бахрам Чубиндин түпкү теги усундар менен байланышы бар деген божоолду далилдейт. Бул даректи Бернштамдын төмөнкү маалыматы толуктап турат" б.з.ч. 50 -б.з.130-ж.ж. аралыгында хундардын чабуулунан кийин түрк маданияты калыптана баштап, жергиликтүү европеоиддик расалык типке моңголоиддик белгилер кире баштаган. Бул доорго Таластагы Кеңкол, Кетмен-Төбөдөгү Жаныш-Булак, Борбордук Тенир-Тоодогу Арпа-Бурмачап, Ферганадагы Исфара, Имран-Сай казанактуу көрүстөндөрү кирет. Бул чөлкөмдөгү маданият усундардын маданиятынын негизинде өнүгүп чыккан.

Хунндар тарабынан сүрүлгөн усундар "юебан" уруу союздары менен VI кылымда Батыш Турк каганатында "чубан" атанган. "Чубан" Чуй суусунун аты менен байланышып, куштун эркеги "чүйлуу "деген сөздөн чыгышы мүнкүн". (Бернштам. с. 208-209.) Кыргыз санжырасында куштардын аты менен байланышкан уруу аттар абдан көп. Санап көрсөк: кушчу, муңгуш, жагалбай, карга аттуу куштардын атынан аталган уруулар бар. «Кыргыз» этнонимин келип чыгышын Ю.А.Зуев karkas-каракуш, бүркүт деген индо-иран сөзүнөн келип чыккан деген гипотезаны айткан. (Абрамзон С.М. с.298.) Кыргыздар кара куштарды ыйык тутунганы этнографиялык материалдарда көп кезигет. Төрөп аткан аял “кара басып” кыйналып жаткан үйгө бүркүтчүнү бүркүтү менен киргизип, жин-шайтандарды кубалатышкан. Кыргыздар Чынгыз-ханга ак шумкар тартуулага-ны тарыхта жазылып калган. Кушту ыйык туткан уруулар сактарда да болгон.

Саманийлердин түпкү теги Тенир-Тоолук усундардан болуп, хунндардын чабуулунда Парфиен, Балх, Бадахшан аймагына сүрлүп барышкан. IХ кылымдын башында бийлик колдоруна тийгенде ата-бабаларын жери Кетмен-Төбөгө көчүп келишет. Өрөөндө дыйканчылык өнүгүп, ири каналдар курулат. "Жаныш, Байыш" дастанында айтылган кыргыз мамлекетинин баш калаасы Үзүр (Улукент) Саман уулдары курган алгачкы шаар болгон. Темир эритүүчү, кыш бышыруучу ишканалары бар Бууракент шаары өсүп чыгат. Саргата кыштагында карапа суу түтүктөрүн чыгаруучу ишкана курулуп, шаарлар таза суу менен камсыз болот. Экономикасы өнүгүп, кубаттуу аскерге ээ болгондон кийин бүт Фергананы бириктирип Саман уулдарынын мамлекетин түзүшөт. Борбору Бухара шаары болгондон кийин Кетмен-Төбөгө «күмүш туткалуу алтын дарбазасы бар ак коргон менен кучалган» Хайралам шаарына Хан Ордосу курулуп Миян-Рудан аймагынын баш калаасы болуп калат. Өрөөндүн өкүмдаары Абул Хасан Наср атасы Ахмед ибн Асаддын керези боюнча Насрабад шаарын курат.

Адам аттары жана жер аттары фарсыча болсо эле иран-дык деп эсептебөө керек. Түрк ханзадасынын иранча аты Шер-Кишвар (өлкөнүн арстаны), Янг-Соук тегин (Жаны Суук) деген чыныгы түркчө аты болгон. Саманиддердин мамлекеттик тили фарсы болгондуктан жер аттары тарыхый булактарда фарсыча жазылып калган. Азыркы кыргыз тилиндеги терминдердин көпчүлүгү фарсы тилинен кирген сөздөр. (караныз: К.Карасаев. Өздөштүрүлгөн сөздөр). Бул ислам дининин таасири гана болбостон; байыркы сак доорунан бери жана XVII к. Бадахшан, Балых, Гиссар, Куляб, Каратегин аймактары менен этникалык байланыштардын таасири деп түшүнүү керек.

ХVII к. кыргыздар Теңир Тоодон калмактар тарабынан сүрүлгөндө Гиссар, Кулябга баш калкалашкан. Махмуд ибн Велинин эмгегинде: «1635-ж. декабрынан 1636-ж. 9-январына чейин Каратегин аркылуу Гиссарга 12 кол башчынын жатекчилиги менен каапыр деп эсептеген 12 000 түтүн кыргыз көчуп келген. 1937-38 ж. өзбектерге 1-жолу Хуталян дубанындагы Кали-Хум чеби багынды. Аким Шах-Гариб өлтүрүлүп, ордуна анын бир тууганы, кичинесинен өзбектердин кароосунда Балхта өскөн Шах-Кыргыз дайындалат. Шах-Кыргыз Бадакшан, Рушан, Каратегинди кол алдына кармап турган.» деген маалымат бар. (Мокрынин В.,Плоских В. Кыргызстан тарыхы. Б. 1995. 501-б.) 1632-жылы Кетмен-Төбөнү калмактар чаап алганда Анжианга, Гиссар, Кулябга көчүп кеткендиги белгилүү. Көч Кетмен-Төбөдөн үч жылда көчүп-конуп жүрүп жеткен. Көчүп барган 12 000 түтүндүн ичинде Кетмен-Төбөлүктөр да болушу ыктымал. Санжыра боюнча 1755-60-ж.ж. кайра көчүп келген Кетмен-Төбөлүктөрдүн көбү Памир тараптан келгендиги, саяктардын көлөп деген уруусунун башчысы Кулябда (Көлөптө) төрөлгөнү санжырада айтылат.

Балхи шаары орто кылымда маданияты өнүккөн шаар-лардан болгон. X кылымдагы физикалык география боюнча маанилүү эмгекттерди жазган Абу Заид Балхи ушул шаарда туулуп өмүрүн өткөргөн. Балхи шаарынын башчысы Ахмед ибн Сахлге вазирлик кызматта жүргөн Абул-Касым Абдаллах ибн Ахмад ибн Махмуд Каби деген адам болгон. Бул адам Абу-Заид Балхинин досу болуп, мусулманчылыктан кыйла алыс чыгармаларды жазган. (В.Бартолbд. Танадалма эмгектер. Б. 1997.347-б) Тоголок Молдонун санжырасында айтылган Кабанын өзбек аялынан туулган Шайых Мухмуд (Шыкмамат) деген уулу менен Х К. Махмуд Кабинин генеологиялык байланышы болушу мүмкүн. Санжырада бул окумуштуу адам болгондуктан Шайых деген наам берилген. Мындай атактуу адам аттары унутулбай кийинки муундагы санжыраларга кошулуп айтыла берген.

Саман уулдары Ахмед ибн Асад жана Нух ибн Асадга Фергана өрөөнүнүн маанилүү аймактарын бийлөө укугу берилгенде өнүгүүгө ыңгайлуу шарттарына карап Кетмен-Төбөнү тандап алышкан. Ахмед ибн Асаддын балдары Абдул Хасан ибн Ахмед Наср жана Исмаил ибн Ахмед (849-907) Хайраламда (Кетмен-Төбө өрөөнүндө) төрөлгөн. 874-жылы борборлошкон Саманилер мамлекетин түзүшүп, башында Исмаил ибн Ахмед турган. Мамлекеттин борбору Бухара болгон. Исмаил Саманинин күмбөзү Бухарадагы Х кылымдагы эң кооз архитектуралык эстеликтерден. Ахмед бен Асаддын буйругу менен Насрабад шаарынын Кетмен-Төбөгө курулушу, Абул-Хасан ибн Ахмед Наср Хайлама (Кетмен-Төбөдө) облусун башкарып тургандыгын далилдейт.

Бир туугандар Абул-Хасан ибн Ахмед жана Исма-ил ибн Ахмедди Жаныш, Байыш баатырлардын прототиби деген божомол пайда болот. Чоң атасы Азрети хан жана атасы Нуркан ысымдары Асад жана Нух деген ысымдар менен окшошот.

Саманийлердин доорунда жашаган, Газнавилер мамлеке-тинин вазири ал-Утубинин (961-1035ж.ж) эмгегинде: «Элик хан Бухараны каратып алганда Нух ибн Мансурдун уулдарын ж.б. Саманийлер тукумун колго түшүрдү жана абакка салды. Бир туугандарды ажыратып кармап, тигилер амал таап качып чыкпас үчүн алардын ар бирин өзүнчө каматтырды. Абу Ибрахим ибн Нух абактагыларды карап турган малай аялдын жардамы менен абактан качып чыкты» деген маалымат бар. (Чоротегин Т. Кыргызстан тарыхы. Б.2002.28-б.) Бул окуя «Жаныш, Байыш» дастанындагы Байыш баатыр кытайлардын колуна түшүүсү жана качып чыккандагы окуя менен салыштырып көрүңүздөр.

Саманилер мамлекетинде Нух ибн Асад эмир болуп турган-да (864-ж.) Карлук уруусунан чыккан тахрид Ахмед бен Абу Халид бийликти тартып алат. Бир тууганы Ахмед ибн Асад бийлигин тез эле калыбына келтирип карлуктарды "исламдын душманы" катары өлкөсүнөн кубалап чыгат. Бул окуяны дастанда Жаныш,Байыш баатырлар Айдын-Көлгө кеткенде кытай кулдар Акжол менен Дарбаз бийликти тартып алган окуяны эске салат. Саманийлер династиясынан чыккан эмир Нух ибн Мансур (976-997-ж.ж.) 13 жашында такка отурган. Дастанда Жаныш 11 жашында такка отуруп, Кайры шаарын курдурган.

Ак-Талаа районундагы Манакелди капчыгайындагы Шыр-дакбектин чеби менен Кетмен-Төбөдөгү Ничке шаарынагы окшоштуктар Х кылымда Ат-Башы, Ак-Талаа аймагы Саманий-лер мамлекетинин курамына киргендигин далилдейт. Тоголок Молдо жазган «Шырдакбек» дастанында чеп карпа түтүктөр системасы менен суу менен камсыз болгондугу баяндалат. Бул чеп- шаар Хайралам жана Насрабад шаарлары менен бир мезгилде болгондугун ырастайт. Азыркы мезгилде бийиктиги 6 м чейин дубалдарынын сакталышы чеп кайра калыбына келтирилип, XVIII к. чейин жашагандыгын болжолдойбуз.

Саманилердин доорунда Тенир-Тоо аймактарын ислам-даштыруу процесси башталган. 893-894-ж. Исмаил бен Ахмед Таласты каратып, кечилканаларды мечитти айланткан мезгилде Теңир Тоодо элдердин көбү ислам динин кабыл ала баштаган. С.М. Абрамзондун эмгегинде Сатук Кара-хан 12 жашында Абу Наср Саманинин таасири менен ислам динин кабыл агандыгы жазылган. Сатук Кара-хан Караханилер мамлекетин негиздейт. Анын баласы Муса (Байташ) исламды мамлекеттик дин катары жарыялаган. 960-ж. Тенир-Тоолук 200 миң түтүн түрк тайпалары ислам динин кабыл алган. «Жаныш-Байыш» дастанында кытай ханынын кызы Желкайыптын мусулман болууга далалаттанышы ислам динин таасири күч алып бараткан доорго мүнөздүү.

Дастанда 6 жыл хан болуп турган Жаныш баатыр кур-дурган Кайыры шаары Аккүргүн дарыясынын жээгинде болот. Тарыхый даректерде жазылган Хайралам (Хаталам, Хайлама шаары) Нарын (Хаталам) дарыясынын боюнда деп берилген. Азыркы кездеги Үч-Терек шаар-урандысы Хайралам деп атоого болот. Шаардын аталышы Мукадасиде туура берилген. Саманийлер доорунда Ош шаары да Хайрул-Булден (Сонун шаар) деп аталган (Бернштам). Кайры шаарында хан ордосу, медресе мунара курулуп, күмүш туткалуу алтын дарбазалуу ак коргон (чеп) менен курчалганы айтылат. Дастандагы бул саптар археологиялык казууларда материалдар дал келет. Тарыхий булактарга жана элдин рухунда сакталган көркөм мурастарыбыз-га таянып, Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Улуукен, Темир Тоо, Насрабад, Хайралам, Бууракен ата-бабаларыбыздын курган шаарлары деп айтууга толук акылуубуз.

Жогоруда тарыхый даректерди дастандагы окуялар менен салыштыруунун негизинде Х кылымда Тенир Тоо аймагында өнүккөн маданият кыргыз элинин салымы зор болгон деп айтууга жетишерлик негиздер бар экен. «Жаныш, Байыш» - сак-усун доорундагы жана орто кылымдагы кыргыз элинин эркиндиги, биримдиги жана мамлекетинин бүтүндүгү үчүн күрөштөрдү баяндаган дастан.

* * *

Урматтуу окурман!

"Жаныш, Байыш" дастаны жана Кетмен-Төбө өрөөнүнүн тарыхында ачыла элек сырлар көп. Жогоруда айтылган ой толгоолор жана божомолдоолор сизди кызыктырса, дастан жөнүндө маалыматтар болсо билдирип туруңуз. Ар кандай кайчы пикирлер болсо "талашкан тактык жаралат», «жакшылар-дын талашынан сыр чыгат," деген элибизде макал бар эмеспи, тарыхыбызды тереңирээк билип калабыз. Эл арасында тарыхыбызга байланышкан уламыштар жана дастандардын белгисиз варианттары болушу толук ыктымал. Уламыштарды жана ар түрдүү божомолдорду илимий негизде жалпылаштырыл-са Байыш, Жаныш баатырлардын гана эмес кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхында чоң жанылыктар табылаар эле.

Кыргызстандын тарыхын кытай, араб, перс, орус жана Европа тарыхчылары зор кызыгуу менен байыртадан бери изилденип келген. Совет доорунда тарыхый изилдөөлөрдүн жыйынтыктары ачыкка чыгарылбай же бурмаланып келгени барыбызга белгилүү. Кыргыз таануу илиминде В. Бартолbд, А. Бернштам, С. Абрамзон сыяктуу залкар адамдардын арбагына кыргыз эли таазим кылуу менен урмат көрсөтүп келишет. Кыргызстандын тарыхы боюнча изилдөөлөрү үчүн жогорудагы окумуштуулар урматталуунун ордуна куугунтукталып келген. 50-кылымдарда А. Бернштамдын "Гунндар тарыхынын" очерктеринен саясый ката табылды деп күнөөлөнүп, окуутучулук кесиптен четтелип, илимий экспедицияларга чыгууга тыюу салынган.

1973-жылы Кыргыз Республикасынын партиялык ак-тивтнде С. Абрамзондун "Киргизы и этногенетические и историко-кулbтурные связи." аттуу эмгеги Т. Усубалиев тарабынан сындалып, "саясий-идеалык жана методикалык жактан ката" деген күнөө коюлган. (Абрамзон С.М. Киргизы…Ф. 1990. С.10.) Коммунисттик идеологиялын "көрөгөчтүгү" кыргыз тарыхы илиминин өнүгүшүнө чоң зыян келирген. Ар тараптан көрсөтүлгөн кысымдардын таасиринен көптөгөн окумуштуулар Кыргызстандын тарыхын изилдөөгө киришкен эмес же айрымдары коммунисттик идеологиянын чегинен чыгуудан жалтанышкан. Эгемендүүлүктүн мезгилинде кыргыз таануу илими кайрадан жаңы тоскоолдуктарга туш болду. Илимпоздор-дун эмгек акылары аз, изилдөө иштерине каражаттар бөлүнбөгөндүктөн Т. Чоротегин сыяктуу чыныгы патриот, таланттуу жаш окумуштуулар чет өлкөлөргө журналисттик кесипке өтуп кетишти.

Кыргыз тарыхындагы чар жайыт көз караштарды жал-пылап, бир нукка түшүрө турган мезгил жетти. Аны жасабасак, кыргыз эли кайсы тарыхка ишенерин билбей башы маң. Кыргыз тарыхы элдин менталитетин аныктоодо жана улуттук идеологияны иштеп чыгууда башкы курал болушу керек. Ушул кезге чейин жарык көргөн кыргызстандын тарыхы боюнча адабияттарда Кетмен-Төбөдөгү археологиялык табылгалар жөнүндө эскерилип, өрөөндөгү орто кылымдагы шаарлар жана анда жашаган элдердин турмушу, маданияты жөнүндө эскеритилбейт. Өрөөндүн чыгаан уулдарынын патироттук сезимдери ойгонсо, бул жүрөк өйүткөн маселени чечүүгө болоор эле. Өрөөндөгү тарыхый-этнографиялык жана археологиялык материалдары чогултулуп, тарыхый-этнографиялык музей уюштуруу милдетин жергиликтүү бийлик колго алуусу зарыл.

Тарыхчылар, фолbклор изилдөөчүлөр жана санжырачы-ларды бириктирген илимий-практикалык конференция өткөрүү менен өрөөндүн жана "Жаныш, Байыш" сыяктуу кыргыздын дастандарынын тарыхын терең үйрөнүп алууга болор эле. Бул сыяктуу иштерди мамлекет тарабынан колдоого албаса, өрөөндүн колунан иш келген ишкер, патирот уулдарынын колунан келе турган иштер.

Кыргыз элинин санжыра-тарыхын алгачкылардын болуп иликтеген, аны кагазга түшүргөн кыргыздын улуу инсаны Осмонаалы Сыдыков мындай деген: "Тарых өткөн калктар-дын алын билип, эмне өнөрү бар эле, эмне кесип менен оокат кылган, кандай мамлекет кандай балакеттерге кириптер болду, мына ошолордон кабар берет. Акмактардын акмактыгын, жакшы адамдардын адилдигин ой барлантат. Ошону менен бирге окуучуларга илим-билим пайда болот.

Жүрөгүндө оту бар жигиттерге тарыхты билүү керек жана ал көп этибар кылынуучу бир илим."

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью
X
Для размещения комментария авторизуйтесь
АКИpress. Новости Кыргызстана, которые интересуют всех.
Закрыть
X
Для размещения комментария авторизуйтесь