Добавить статью
22:16 9 Сентября 2015

«Алтын комуз» баш байге сыйлыгы ыйгарылды

Бир жылга жакын «Ак таңдай» теледолбоорунун алкагында «Алтын комуз» байгеси, ЭлТР МТРКасында Бишкек – Ош телекѳпүрѳсү аркылуу болуп келди. 2014-жылыдын 3-ноябрынан башталып, айтылуу Ош шаарынын Сулайман тоосунун тарыхый – маданий музей комплексинин астында 29-август күнү жыйынтыкталды. «Ак таңдай теледолбоордун «Алтын комуз» байгесинин негизги максаты, кылымдан-кылымга, атадан-балага, устаттан-шакиртке уланып келе жаткан – тѳкмѳлүк ѳнѳр салттарын жандандыруу, мындан ары ѳркүндѳтүү жана элибиздин ичинде рухий дүйнѳсүн байытуу болгон. Айтыш ѳнѳрүндѳ, акындарга Бишкек-Ош телекѳпүрѳсүндѳ бир жылга жакын тема берүү менен жанданып отурду. Ар бир айтышка катышкан акындарга, аткаруу чеберчилигинде берилген темаларды ачып ырдоо талабы коюлган. Анда, аткаруучунун темага жараша ырынын мазмундуулугу, уйкаштыгы, айтайын деген оюнун тереңдиги, үндүн мукамдуулугу, тилинин тактыгы, ата-тарыхына кайрылуусу эске алынды. Айтыш убагында ар кандай азил-тамаша, алым-сабак, бири-бирин улап кетүү, табышмак сындуу суроо берип ырдоо жагы каралган.

Айтыштын шарты 5 айлампадан туруп, ар бир айтышта алган упайларына карата калыстар тарабынан мыктылары тандалып жатты.

Ат салышкандардын алгачкы арышында 5 айлампага карата 32 акын чыккан болсо, «Алтын комуз» байгесине жыйынтыгына келгенде 5-айлампага 4 акын тандалып алынды, алар: Мамел Исраилов, Абдыкайым Ашымбаев, Рахматулла Козукеев жана Турат Жумевдер. Конкурустун жобо, шарттарында – Республиканын бардык аймагында улуу муундан баштап ѳнѳргѳ шыктуу жаш акындыдар катыша алышты. Айтыштын жүрүшүндѳ кѳрүүчүлѳрдүн пикирлери эске алынып, СМС аркылуу баалар берилгенден кийин, жыйынтыктоо баалары калыстардын кароосуна берилген.

Ошентип 29-август күнү, Ош шаарынын айтылуу Сулайман тоосунун астындагы тарыхый – маданий музей комплексинин жанына келген ѳнѳрпоздордун, күйѳрмандарынын саны да арбын болду. Алар, бир жыл бою уланып келген акындардын теледолбоор сынагында, баш байге кимге ыйгарылар экен, ээси ким болор экен дешкендери, ар биринин маанайынан билинип турду. Кечки саат: 9-00 алып баруучу акындар: Абдибали Акимбеков, Шекербек Адыловдор комуздун коштоосунда салттуу айтыштарды ачып берип, келген кѳрүүчүлѳрдүн сүймѳнчүлүгүндѳ болушту. Келгендерди кѳңүлүн түнкү 24-00 саатка чейин оюн – тамашага бѳлѳштү. Күйѳрмандар ордуларынан жылбай, жыйынтыктоону аягына чейин күтүштү.

Салттуу айтыш кароо-сынагы, ЭлТР МТРКдан түз эфир аркылуу бүтүндѳй кыргыз теле кѳрүүчүлѳрүнѳ тартууланып жатты. «Ак таңдай» теледолбоорунун «Алтын комуз» байгесинде айтышкан акындардын айтыштарын аныктап берүүчү калыстардын курамында: КР эл артисти, кинорежиссер – Болот Шамшиев, КР эл артисти, обончу, композитор – Түгѳлбай Казаков, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер – Сатыбалды Турапов, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстан улуттук жазучулар союзунун тѳрагасынын орун басары – Тынчтыкбек Нурманбетов, Педагогика илимдеринин доктору – Сатканбай Момуналиев, тарыхчы, жазуучу, комузчу – Кайнарбек Бийлибаев, Ош шаардык маданият бѳлүмүнүн башчысы – Топчубай Досбаевдер болушту. Калыстардын курамы СМСтен келген бааларды эске алып, жыйынтыктоодо ар бир калыстын берген упайлары аркылуу кошо жыйынтыкталды. Жалпы жыйынтыкта: Мамел Исраиловго – 112, Абдыкайым Ашымбаевге – 126, Рахматулла Козукеевге – 145, Турат Жумаев – 130 упайга ээ болушту. Айтыштын шарты боюнча - 1,2 орунду алгандар гран при байгесине ат салышмак. Алар: Рахматулла Козукеев менен Турат Жумаевдер болду. Бул ат салышта Рахматулла Козукеев - 261 упай, Турат Жумаев – 232 упай топтошту. Жыйынтыгы, алынган упайларына карата орун бѳлүш болду: Мамел Исраилов – 3 орун, 20000 сом, Абдыкайым Ашымбаев – 2 орун, 30000 сом, Турат Жумаев – 1 орун, 40000 сомдун ээси болду. Ал эми кѳпчүлүктүн күтүүсүндѳ, гран при - «Алтын комуз» баш байгени Рахматулла Козукеевге ыйгарылып, кошумча 50000 сомдун ээси болду. Мындан тышкары, «Ак таңдай теледолбоорунун «Алтын комуз» байгесине жигердүү катышкан 50 адамга, анын ичинде калыстардын курамы жана уюштуруучулар алтын медалдар менен сыйланышты

Ушундай жыйынтыктар ѳзүнѳн ѳзү эле жарала койгон жок. А дегенде, аны ойлоп табуучу, акын – Абдибали Акимбеков: «ѳз оюмду ЭлТР МТРКнын жетекчиси Максуда Айтиевага келип айтып, андан колдоо тапкандан кийин, демѳѳрчүлѳрдү издеп табуу оңой-олтоңго турбады. Ушундай иштерди туура түшүнүп, демѳѳрчүлүк кылгандар: Кадамжай районун акими – Мадумаров Актем, коомдук ишмер – Орозбек Акимбаев, ишкер – Жаманкул Калдыбаевдердин ысымдарын атап кетүү, мактоого арзырлык» дейт.

Алибетте, ушул телебоорду иши жүзүнѳ ашырууда алып баруучу акындар: Абдибали Акимбеков, Шекербек Адыловдордун эмгектерин айтпай кетүүгѳ болбос. Ар бир берүүнү алып барууда – жан дүйнѳлѳрү менен күйүп, бүгүнкү эфир кандай болор болду экен дешип, берилген темаларды эфир алдында астын ала ѳзүлѳрүнчѳ бир сыйрадан карап чыгышып, катыша турган акындар менен калыстардын келер-келбесин тактап туруштун ѳзү эмне деген жоопкерчиликти, түйшүктү талап кылат. Мен, катышып келген калыстардын мүчѳсү катары кѳргѳн-билгенимден улам айтып жатам. Буга кошумча, «Иш чараларды башынан баштап колдоого алгандар: Ош шаарынын мэриясы, Ош обласынын акимчилигинин жетекчилери, кызматчы – адистеринин кошкон салымы зор болду» деди, Ош шаарынын маданият бѳлүмүнү башчысы Топчубай Досбаев.

Баткен обласынын, Лейлек районундагы Исфаналык уста – Курманбек Орозбаевге ѳрүк комузду атайын чаптырып, Москва шаарын алып барган меценат – Ниязбек Айбашев менен маектешкенимде, «21 гр. алтынды 4 кабат кылып каптаттым, ушул иш мага оңойго турган жок» деди. Ниязбектин жасаган ишин, бир-эки сѳз менен жеткирүү кыйын. Белгилей кете турган жагдай, дүйнѳлүк кылдуу аспаптардын ичинен кыргыз «комузун» биринчилерден болуп алтындан каптатып, кароо-сынакта биринчилерден болуп «гран-при» сыйлыгына байге катары тапшырылыштын ѳзү, улуу тарыхый окуя дешке болот. Байыркы кѳчмѳн кыргыз, бүгүнкү күндѳ ѳзүнүн ким экенин улут катары, «комуз» аркылуу дүйнѳ элдеринин музыка сүйүчүлѳрүнѳ даңазалап, бийик деңгээлге жеткирип алыштын ѳзү – чоң жетишкендик десек сыймыктуу болот. Ырахмат, Абдибали Акимбеков менен Ниязбек Айбашевдерге! Бири идея кѳтѳрсѳ, экинчиси «алтын комуз» байгесин иш жүзүнѳ ашырганына жана ЭлТР МТРКасынын жетекчиси Максуда Айтиевага.

29-августа, Ош шаарына келеген кароо-сынактын күйѳрмандарына жана жалпы теле кѳрүүчүлѳргѳ – оюн-зоок тартуулашкан ѳнѳрпоздор: Ош областык С.Ибраимов атындагы театры, Жала-Абад шаарынын элдик ѳнѳрпоздору менен ЭлТР МТРКасынын тейлѳѳчү кызматкерлери мыкты саамалыктарын кошту. Ийгиликти жарата бергиле, кыргыздын мыкты уул-кыздары демекчимин!

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

Сырдуу сандыкта Жеңижоктун кол жазмалары болуп жүрбөсүн?

Залкар комузчу-композитор Муратаалы Күрөңкеевдин теги

Кыргыз энциклопедиясы бир ууч адамдардын чечими менен жоюлуп калабы?

Үчүнчү дүйнөлүк согуш небак эле башталган

Полот хан - Искак молдо Асан уулуна карата тарыхый тактоолор

X
Для размещения комментария авторизуйтесь
АКИpress. Новости Кыргызстана, которые интересуют всех.


Закрыть
X
Для размещения комментария авторизуйтесь