Добавить статью
21:44, 29 ноября 2015 37443

Ааламдын сырдуу дүйнөсү

Тамырчы болгуча далай азаптарды тарттым.

Мен Сабырбекова Сагынбүбү 1949-жылы Нарын обласынын Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө айлында төрөлгөм.4-класста окуп жүргөн кезимде чоң атам Айдыралы Манас эпосун сатып келип, бизге окута баштаган. Эпосту кечки тамактан кийин саат 1-2ге чейин окуучубуз. Ошентип ошол кыш үч илтикти бүт окуп чыктым Каармандар көз алдымда тартылып эргүү пайда болгон. Кандайдыр бир күч мени талаага чакыра берчү.Кандай шылтоо менен талаага бараарымды билбей тезек терем же саманга барам деп чыгаар элем.Талаада жүргөндө Манас,Семетей,Каныкей деп Манас айткансып ырдай берчүмүн. Үйгө көңүлүм ачылып келчүмүн. Түшүмдө Каныкей апа кирип бир нерселерди айтып күлүмсүрөп сүйлөчү. Ошентип кыйналып жүргөн күндөрдүн биринде саманга барам деп талаага качып чыктым. Саманды шыпырып бүтүп тырмоомду сайып көтөрөйүн деп жатканда жердин астынан эшек минген киши чыга келди. Мен коркконумдан үрөйүм учуп артка чегинип кетсем керек. Тиги аксакал күлүмсүрөп коркуп кеттиңби? Айланайын,айланайын коркпо деди. Сен кимдин кызысың деди. Мен атамдын бир тууганын айтчыбуз Айдыралынын дедим. Ал унчукпай туруп ,анан сен Сабырбектин кызысыңбы? Атың Сагынбүбүбү? Сабырбек каза болуп калбадыбы деди. Мен атамдын каза болгонун эстеп көзүмө жаш алып ыйлагым келип кетти. Ошондо тиги киши “ыйлаба айланайын ыйлаба” деди. Мени соороткондон кийин мен бул жактан тойдон келе жаткам деп койнуна колун салып жүзаарчы алып чыкты. Ошондо ал кишини карап турсам тон жээги көрпө менен жээктелген башында тебетей, белин оштуктарча саймаланган жашыл шайы жоолук менен курчанган экен. Колтугунан алып чыккан жүзаарчысы да дал ошол белиндеги жоолуктай жашыл экен, анын түйүнүн чечип, мага бир тоголок момпосуй, бир төрт бурч печение берди. Муну эч кимге бербей өзүн жейсиң деди. Көз ачып жумганча тиги киши жок болду. Мени эркелетип,жумшак сүйлөгөн атаны мен жакшы көрүп калдым, заматта кайда кетти,эшеги кайда кетти деп издеп көпкө ал жерден кете албай турдум. Акыры момпосуйду эстеп оозума салдым, чайнап жеп даамын алайын дегем. Бирок оозума салганда эле ашказанга чуркап кетип өйүгөнсүп туруп калды. Печениени эстеп, аны чайнап жедим. Үйгө барып чоң апама айттым.Ал киши кыргызчылыкты жакшы түшүнөөр эле. Бабээдин ( 7 нан) жасап куран окуду.Ошону менен талаага анча деле көп чыккым келбей калды. Кимдир бирөөлөр менен туюм аркылуу сүйлөшүп калаар элем. Түшүнчү эмесмин. Онунчу класста окуп жүргөн учурумда таңга маал бирөө менен сүйлөштүм. Мен айттым “Окуюн,турмушка чыгып бала-бакыралуу болоюн-дедим. Канча балалуу болгуң келет деди.Төрт кыз ,төрт эркек балалуу болсом дедим.30 жашка чыкканда баш ийейин деп сүйлөштүм. Окууга университетке өттүм, турмушка чыктым, иштедим, 8 балалуу болдум, 30 жашым да келди. Ошондон баштап кысмакка ала башташты. Күндөрдүн бир күнүндө бир аксакал киши оозума кум куюп кетти. Баарын жутуп алдым да, тура калып, жолдошума айттым, бул эмнеси? Мен карыганда жазамбы?-деген сөз оозума түштү. Жолдошум үн дебей эле ойлонуп калды. Дагы бир күнү таңга маал жыландын башын жеп жутуп алдым, чочуп тура калып кускум келип жүрөгүм айланып кускан жокмун.. анда-санда жыландын башын эстесем эле кускум келип жүрдү.

Бир топ жыл жолдошум каза болгондон кийин балдарды жалгыз өзүм багып чоңойто баштадым.Бир күнү айтышты баш ийбесең балаңды алып кетебиз деди. Аябай коркуп эмне кылаарымды билбей Дүйшөн молдого бардым.Ал ооруларды көрөсүз,болбосо Алла тааланын жазасына каласыз деди.Дем салды. Ошондон кийин үйгө келгенде эле бабалар тегеректеп калышты.Кантип көрөм? Эч нерсе билбесем? дедим. Ал айтты “буту колдон баштаңыз, андан аркысын Алла таалам шыпаа кылат” деди. Ошентип ооруларды көрө баштасам эле түшүм жакшы боло баштады.сентябрга чукул эле таңга маал бир адамдын ачууланган үнү чыкты.Таласка качан барасың деди. Балдарымды окууга киргизип коюп барам деп жооп берип салдым. Ошентип Таласка барып эки түнөп кайттым,келгенден кийин күчтүү боло баштадым.Үч оорулууну айыктырдым. Жумгалдан Сары деген киши мага куда болуп калат,ошол кишини 3 күн окуп,2 күн массаж жасап бастырдым. Кара Суу айылынан 60тан ашып калган киши 3 күндө басып балдары жетелеп машинага салып кетишти. Өзүмдүн атамдын бир тууганы Айдыралынын аялы муун оорудан баспай калган, ал киши бир жумада басып кетти. Анда 1989-1990 жылдар эле. Эплепсия болгон Өмүрбек деген жаш жигит Ак-Талаа айылынан үч жолу көргөндөн кийин айыгып кетти, өмүр бою кармаган жок.1990-жылы аталаш сиңдим Зуурабүбү жүрөк оорусунан айыкты, экинчи өмүр бою жүрөгү ооруган жок, өтүндө да таш бар эле, ал дагы айыкты.УЗИге текшерилсе таш жок болуп чыкты. Балыкчыдан келген жатындан рак болгон келин айыгып кетти.Айлыбызда Толкун деген келин төрөбөй жүрчү, мага көрүнгөндөн кийин төрөп,азыр 5 баласы бар. Ал келиндин 5 жашаар баласы бөйрөгүнөн шишип кетип, шаарга алып бар десе,мага алып келишип 21 күндө айыгып кетти. УЗИге текшергенде шишик жок болуп чыкты. Азыр 9 -класста окуп жүрөт.

1993-жыл болуш керек, мен 2-3 күн аябай кыйналып жаттым. Ошондо бир керемет болду. Эшиктин алдына чоң ак мамы пайда болду да кадимки эле Тайтору байланып калды.Кимдир бирөө атка мин деп буйрук кылды. Атка минсем эле Каныкей апанын киймин кийип калдым деле күн батышты көздөй чаап жөнөдүм. Тоолор ,суулар ж.б. аралап кетип баратып, көлгө туш болдум. Көл чакан туптунук тим эле көздүн карегиндей, тегереги кыпкызыл кум экен. Көлдүн четинде чынар терекке токтодум. Мага көрүнбөгөн башкаруучум, “түш” деди, түшүп атымды чынар терекке байладым. Көлдөн сүзүп өт деди, сүзүп өттүм. Эс ал деди. Эс алдым. Тур деди турдум. Түштүктү көздөй жөнөдүк, жөө кеттим. Бир маалда бийик кара тоого келдик. Күн чыгыш жагында тепкичтер бар экен, тоонун башына чыктым. Ал жерде аркандан эшилип жасалган шаты бар экен. Ошону менен жогору жакка чыгасың деди, шатыны кармап бутумду койоор менен эле чыгып кеттим. Бир маалда капкарангы жерден өттүм. Өткөндө эле жарык боло түштү. Алдымда падыша эки жагында эки нөкөөрү менен тактыда отурган экен. Периштелердин падышасы турбайбы деп ойлойм да жүгүнөйүн, таазим кылайын десем бутум жерге тийбей денем калдактайт. Падыша бир нерсе кылгыла деди. Туруп токтоп калдым.” Сени ким жиберди, адамзат бул жакка келчү эмес эле- деди. Алла таала жиберди го дедим. Оң жактагы нөкөрүнө бир нерсени алып келчи деди , мен жакшы укпай калдым. Ал барып түрмөктөлгөн кагаз алып келди. Окуу деди. Ал жазып окуй баштаганда, менин колума да ошондой кагаз пайда болуп калды. Окусам кадимки эле биздин алфавит менен жазылып турат. Башында Сабырбек кызы Сагынбүбү деген жазуу андан ары менин жашоом жөнүндө экен. Эсимде калганы 8 балалуу болот. Өмүрлүк жары каза болот, бир баласы бакма болот ж.б. бар болчу.

Балдары бактылуу болот, Каныкейден камчы алат. Баланча жашта өлөт деп чекит коюлган экен. Окулуп бүткөндөн кийин: биз акылдашабыз дагы келесиң деди. Кайра көлгө келдим, сүзүп өттүм, жээкте узун аппак дасторкон жайылыптыр дүр-дүйнө тамактар коюлган. Көрүнбөгөн башкаруучум баарынан ооз тийгиниң деди тамактардан жедим суусундук да бар экен андан да ичтим. Болдуңбу ? деди. Ооба. деп баш ийкедим. Атка мин деди,атка минип чаап жөнөдүм да үйгө келдим. Дагы арадан канча күн өткөнүн билбейм. Баягы мамыга Тайтору байланып калыптыр, башкаруучум мингизди. Күн батышты көздөй чаап жөнөдүм. Баягы көлгө дагы келдик , атты чынар терекке байладык,көлдөн сүзүп өттүм, тоого келдик. Шаты менен чыгып жөнөдүм. Бир маалда токтоп калдым. Астымда кең жайык, жай мезгилиндей жап жашыл шибер. Ал жерде уй мүйүз болуп олтурган адамдарды көрдүм. Аксакал кишилер , жаштары да бар кыргызча кийим кийип олтурушуптур.Баштарында ак калпак , кийимдери жап жаңы кулпурат. Мен ачык жерге барып ийилип таазим кылып туруп калдым. Баары алакан жайып дүркүрөп бата беришти.

Үйгө келип калдым.Арадан бир топ жыл өткөндө. Баягы жакка дагы бардым. Анда жалаң элечекчен кыргыз кийим кийген энелер экен.Мени ортолоруна алып бир кийимдерди кийгизкендей болду.Анан бир киши баткан кайыкка салып колумдун үстүнө камчы коюшту.Баягы кайыктай болгон нерсе менен учуп үйгө келип калдым.

Ушул күнгө чейин таң калып ойлоном.

Ушундай кереметтерден кийин жаз мезгили эле. Мен конокко баргам. Куран окутуп Дөң Алыш айылына сиңдимкине барганбыз.Ошол жерде отурсам эле “Ферганадан Софияхан деген апа чыгыптыр”-деп кеп кыла башташты.Алдыларында тамак –аш , арактар стаканга куюп ичип жатышкан.Ошол учурда дасторкон жылып кеткендей болуп, Софияхан апанын элеси көрүнө түштү.Мен силердин отуруп кеп кылып жатканыңыздарды апа көрүп турат – деп жибердим. Анан эмне болгонун билбейм.Бир маалда астымды карасам баары жок арак дасторкон жыйналып калыптыр.

Мени эшикке чык жолугушууга деп чакырды.Мен эшикке чыгып баратканда Манас, Каныкей,Семетей деп эле оозуман дубалар айтылып жөнөдүм. Кыйналып баратып кусуп жибердим. “ Кутту карап таза жерге отур” деди. Мен таза жер таап , кутту карап отурдум. Ошол мезгилде келме келтирип жаттым. Күн батыш жактан Софияхан апанын элеси сүрөт сыяктуу белинен өйдө ак жоолук кара кимсел кийип турганы көрүндү .

Сен , Алланын айтканын аткарып үйдөн чыкпай кыйналып жатыптырсың деди.Мен алланын амири менен келдим : бир топ ( нерселерди) сөздөрдү айтып Каныкейден камчы аласың деп бата берди .Келсем, мен чыкканда мууздап жаткан козунун эти бышып чыгарып жатышыптыр. Ошондо мен канча убакыт отургам . Мага заматта эле, 10-15 мүнөт убакыт өткөндөй сезилген.Үйгө келерим менен кечинде таза үйгө жатасың, сеанс болот деди.Мен жаткандан кийин бир маалда каза болгон күйөөм кирип келип сандан мыкчып калды.Эмнеге минтип жатат, мен ага эмне кылдым эле деп ойлонуп кеттим. Өтө катуу ооруду.Уктап калыптырмын ойгонсом караңгы эч кыймылдабай жатыптырмын,баш жагымда бирөө турганын сезип,көзүмдүн төбөсү менен акырын карасам чоң алп денелүү ,чачы кырылган жалгыз көздүү кишини көрдүм да -а, мени бабалар дарылап жаткан турбайбы – деп ойлоп уктап калыптырмын , ойгонсом таң атыптыр. Боорум аябай ооруксуксунуп калыптыр сурадым : мени эмне кылдыңар деп боорумду көргөздү эхникокок бар экен оюп алыптыр .ошону менен боорум айыгып кетти. Мен алардын келгенин сезип туюм менен сүйлөшчүмүн. Кээде аябай кыйналганда кадимкидей эле “Эмне кылып жатасыңар,кыйналып жатам- деп уруша кетчүмүн. Алар -чыда,аз калды деп жооткотуп коюшчу.

Ошентип мен күндүзгү саат 300-дө Софияхан апа менен жолугуша баштадым. Даарат алып саат 300-дө кутту карап олтурасың- деди. Ар күнү ушул учурда Софияхан апанын элеси кирип келет, бир китептен бир нерселерди айтат. Мен кайталайм. Ошентип күндөр өтө берди. Бир күнү төркүнүңдөгү атаңдын куранын сурап аласың дешти. Ал атам мени багып алган Көлдүн Чырпыктысынан, аты Молдогазы молдолугу бар киши эле. Каза болгондон кийин. апам төркүнүнө куранды ала келет. Апамдын да көзү өтүп кеткен. Куран төркүнүндө калат. Ошол куран сага тиешелүү куранды сурап ал деди. Мен кантип сурайм, куран окуганды билбесем деп көңүлдөнгөн жокмун. Бир жума оорутуп салышты. Кой барайын деп бардым. Барып жөн жайды түшүндүрүп айттым,жатарда бир бабам айтты, куранды бергилери келбей жатат. Бербейт сен унчукпай эле кетип кал. Кийин куранды ал десе да албагын-деди. Айткандай эле куранды беришкен жок,унчукпай кетип калдым. Автобус жок ара талаа менен үйүмдү көздөй жөө баламды ээрчитип кетип бараттым. Ошондо жолдон айтты эми сен куран албайсың, куранды оозуңа салабыз дешти. Мен кантип оозума салат , элге эмне деп айтам деп аябай ойлондум. Эмне учун куранды бербейт- деп таарындым. Ошондо айтты ,элге алла таалам оозума салат деп айтасың-деди. Таң калып келе бердим. Ошол учурдан баштап күз мезгили эле саат 600 –да күүгүм кирген мезгилде жатып калам. Колу-бутум бир нерсе менен таңылгандай болгонун сезем. Чалкамдан жатсам эле потолоктон бир китеп көрүндү анан ал ачылып, өзү эле мен бир нерселерди айтып окуй баштадым. Мен эмнеге окуйм, өзүм аял болсом, кантип үн чыгарып окуйм, кереги жок мага биоток бергениңер эле жетиштүү деп ойлонсом эле ийнедей болгон нерсе менен мээге сайып жиберет. Мен онтоп калам. Туруп кетейин, чуркап кетейин десем байлануумун. Ошентип 1-2 китепти окуп бүттүм. Сыртын көргөзүп баштайт, бирок бул эки китепти тааныган жокмун. Андан кийин үчүнчү китептин сыртын көргөзгөндө кадимки эле күрөң тыштуу куран экен. Бул куран турбайбы –дедим. Аны окуп бүттүм. Анан жаңы китепти алып келип көрсөтүштү. Ал кичинекей кара китеп экен, жазуусу кытайча экен. Ачып окутушту эле, кытай тилине окшотуп окуй баштадым, ошону менен төрт китепти окудум. Тааныганым куран болду. Эми ойлосом жашгылт, бозомук эки китеп Инжил менен Тооратко деп сезем. Ал эми кара китептен жиндердин дубасын окудум деп сезем. Анан мен үн чыгарып оорулуу адамдарды окуй баштадым. Ушундан кийин баспай калган үч адамды окуу менен бастырдым. Алла тааланын керемети менен 1994-1995 жылдары Софияхан апа бабалардын 41 тобу менен кантип иштешүүнүн жолун үйрөтө баштады. Түнкү сеанстарды ж.б. анан мен бир күнү апа сиздин өзүңүздүн кызыңыз бар экен, оорулууларды көргөн касиетиңизди ошого бербейсизби -десем, ал -мен алла тааланын амирин аткарам-деди. Андан кийин жайкы каникул мезгили эле, мага бир планетанын түзүлүшүн көргөзүп эле сен мындан энергия аласың ошол энергия менен элди дарылайсың -деди. Мен аябай ысып-күйүп чыдай албай жерде полдун үстүндө ооналактап сүйлөнүп жатып, үч күндө эс алдым. Кайра эс алгандан кийин дагы бир планетанын түзүлүшүн көргөзүп баштады. Ошентип Ай, Нур, Жаннага, Жаңырык, Терхару, Черхару деген планеталардан нур алдым. Аябай кыйналып оорудум. Арыктап кеттим. Андан соң топ жылдыздар өзүлөрүнүн нурун берди. Кантип иштеш керек экендигин бул нурлар менен кайсы оорулар айыгаарын үйрөтүштү, практикадан өткөрүштү. Бул дүйнөдө мугалимиң Софияхан дешти. Мугалимдик жумушуңду тыштап иштейсиң дешти, мен баш ийбей койдум. Балдарымды ким багат, жети балам болсо , атасы жок болсо,жардам берген киши жок, кимден 5-10 сом береби деп жүрөм, пенсияга чыгайын дедим.Баш ийбей койгонум үчүн 10-15 жылдай оорутуп кыйнашты. Намаз окуганга руксат бербей коюшту. Бирок мен кайда бар десе ошол жактарга бара бердим. Эмне кыл десе аткара бердим. Мисалы: Манас ордого барасың дейт барып келем. Кочкор Атага бар дейт барам. Кызыл Дөбөгө, Тамчы Атага барчумун. Оорулар келсе көрчүмүн, эм түшүп айыгып кетчү. Күндөрдүн биринде таңга маал Көк Жар айылынын батыш жагындагы жол жээгиндеги күмбөздүн астында турган кишини көргөздү. Мен бул киши ким дедим бул сенин бабаң дешти. Алп мүчөлүү, кементай кийген башында бапак, колунда кынсыз кылычты кармап турат, Өңү сары, көзү көк муруту бар киши экен. Бул сенин атаң Манас жашаган убакта жашаган. Манаска чоң жардам берген.Баатыр атам деп айтасың –деди. Андан кийин анын сөөгү ошол мүрзөлөрдүн артында кичине коодой болгон жер бар экен, ошол жерде калган., же көмүлгөн деди.7 бабээдин жасап алып куран окугун деп айтты. Бир күнү түн ичинде ошол сөөгү калган деген жерде көрдүн оозунда жылаңаяк басып жүрүпмүн. Мен корком жыгылып кетем деп жыгылбайсың бас, баса бер-дейт, басып өттүп ойгонуп кеттим.Бутум ысып күйүп чыкты үч күн чыдай албай бутумду сууга салып аттым. Ошондон кийин үн чыгарып ышкырып окуй баштадым. Дагы бир күндөрдө мага бир адамды көрсөтүштү. Карагер жорго ат минген Манас атанын учурундагыдай зоот кийим кийген, башында тулга, карасур өңү жашы 40-45 тер чамасында,ээр токумунун жасалгасы күмүш экен. Бул ким деп сурадым. Бул хан атаң, Манастын убагында жашаган, куран окуп турасың - дешти. Алардын аттары ким? Эмне деп атайм десем , Касиеттүү баатыр атам, касиеттүү хан атам деп атайсың деди. Ошентип атап куран окуйм. Бир күнү түш көрсөм. Адамдын колу көрүндү, манжалары ичке сулуу кол экен, мага ачкыч сунду. Мен айтам ата 2 ачкыч бербейсизби? Жоготуп ийсем эмне кылам- дейм. Жоготпойсуң болот ушул- деди. Ачкычты алып,ойгонуп кеттим да хан атам берди деп сездим. Ошол күндөн баштап, тамыр кармап диагноз коё баштадым. Мен оорулуунун тамырын кармап диагноз коём. Акырындык менен өздөштүрүп кеттим. 2011- жылдан баштап планеталардан кайра келе башташты .Эми жетилдиң жин, шал, сокур , дудук , спид ооруларын айыктырасың дешти.

Башыңа орнотулган антенналар толук кандуу иштейт деп. Башымды дагы оорутуп бирденке кылды. Восток айылында моюнуңа буроолорду орнотконубузду өзүң көрүп билгенсиң. Эми ошолор 6 антенна биригип толук кандуу иштей баштайт.

Бабаларым айтты:- биз сени эмне үчүн кечирдик: “балдарымды кантип багам дегениң үчүн,б,а.балдарың үчүн кечирдик дешти.Дагы бир күн кагаз-карандаш алып

6 планетанын сүрөтүн тарт деди. Мен сүрөт тартканды билчү эмесмин, кантип тартам деп ойлондум. Шашып кагаз таппай бир открытка таптым,колумду кагазга тийгизгенде эле, чыканагымдан бирөө кармагандай болду, колдорум өзү эле ийкемге келип сүрөтүн тарттым.

Ал планеталардын сүрөттөрү булар.

Терхару-“ жашыл аалам” дегенди билдирет.

Бизде баардыгы жашыл өсүмдүктөр менен курчалган. Ошол өсүмдүктөр менен тамактанабыз,эт жебейбиз. Бизде бири бирин өлтүрбөйт. Баардыгы жетиштүү. Силердин жерге барып изилдеп келебиз. Сөзүңөрдү тилиңерди өзүбүздүн тилибизде кабыл алып түшүнөбүз. Бизде сокур, дудук деген оорулар жок жана жугуштуу оорулар болбойт. Башкача айтканда биз оорубайбыз. 200 жылдан 500 жылга чейин жашайбыз. Араздашуу,көрө албастык,бийлик, жер талашуу деген болбойт. Ок дары пайдаланбайбыз. Аң сезимибиз өтө жакшы өөрчүгөн.Турак жайлар да жашыл өңдөр менен салынат. Жашоо шартыбыз эң жакшы ошондуктан сага окшогон адамдар менен байланышып жердеги оорууларды айыктырууга аракеттенебиз.”СПИД” деп аталган ооруну айыктырууга болот. Дуба жана биз берген энергия менен сен түздөн түз биз менен байланышып энергия алып адамдарга берүүгө кудуретиң жетет. Анткени сенин жүрөгүң ак ошол себептен сени тандаганбыз. Биз мындан 23 жыл мурун сага энергия бергенбиз. Эми күчөтүп пайдаланууга убакыт жетти,дагы айтып турабыз. Маалыматтарды жазып тур байланыш 1200 дөн 100гө чейин.

Терхару –жашыл ааалам-сага эмнелерди берет? Бул жашыл түстөгү аалам сени менен байланышып изилдөө салганына 23 жыл болду деп айтканбыз. Ошол жылдардан бери сен жашыл нурларды кабыл алып аларды кандай жол менен пайдалана ала турганыңды даана биле элексиң. Эмесе угуп, жазып тургун, сенин нерв системаларың 6 планета менен байланышып 6 антенна нерв системаларыңа туташтырылган, аны ошол учурда өзүң сезгенсиң, ошол антеннадан 6 нур чачырап турат. Адамдын же оорулуунун тамырын кармаганда оорулуунун дартына жараша нур берилиш керек. Эгерде сен рак оорусун дарылап жатсаң жашыл нур тамыр аркылуу сенин колдоруңдун учу менен кан аркылуу жүгүрүп ооруган жерге барып дарылоо башталат. Андан кийин Жаңырык планетасы жардамга келет. Ага сиздердин ракты дарылай турган кызгылт түздөгү нуру келет.Рактын өөрчүгөн түрүн дарылоого болот. Булар ириң канды тамырлап кеткен учурунда күйгүзүп жоготот.Ошентип анын түпкү тамыры өзөгүнө келип токтойт. Ошол учурда Жаннага жардамга келет. Өзөктү операция жолу менен алып салат. Ошондон кийин 3 күн нур берип тамыр аркылуу дарылайсың. Мына ушундай жол менен дарыланат. Мазды дубалап маткага саласың. Дуба ракты айыктырат. Ага түрдүү нурлар , дубалар берилет.

Черхару.

Черхару – көк жээк дегенди билдирет.Бул планетадан кочкул , жашыл жана көгүш түстөгү нурларды алабыз . Бул нурлар жерде жок.

Биздин келбетибиз адамдар сыяктуу, жашообуз жакшы. Тамак жебейбиз аба менен тамактанабыз. Өңүбүз сертирээк. Ааламда болуп жаткан окуяларды көрүп, билип турабыз.Бул сезимдерибиз аябай өөрчүгөн. Башка планеталарга саякат жасайбыз. Жашоо турмуштарын үйрөнөбүз. Жерге келебиз, жерде адамдар көп түрдүү ооруулар менен оорушат. Жерде жин , шайтандар көп отурукташып алган. Алар адамдарга көп зыяндуу нерселерди алып келишет. Мисалы : аракты , наркотикти адамдардын генин бузуп ооруга көп дуушар кылышат, жана тоо кендеринин иштетүүдө көп зыяндарды алып келет. мисалы: рак, жүрөк оору,шал оорусу ,нерв оору, кандын бузулушу, аллергия ооруулары, абанын бузулушу мунун баарын адамдар өзүлөрү бузуп жатат. Туура эмес иштетүүдөн, мына ушул жагы өзгөчө мааниге ээ. Ичи тардык, көрө албастык, мыкаачылык өтө көп кездешет .Алланын кудуретчилиги, керемети дегенди кабыл алуу жокко эсе . Алланын бар экенин унутуп калышат.Жасаган жаман иштери боюнча алланын алдында жооп берээрин жокко чыгарышат, бийлик, мансап, байлыкка көз артып турушат. Ушул себептүү Алла кезек –кезеги менен адамдарды жазалап турат .

Биз ооруларды айыктыруунун жолун көрсөтүүгө мажбур болдук. Албетте , Алла талаанын амири менен нурлар менен айыктыруу өтө пайдалуу . Булардын зыяны жок.Биз 23 жыл мурун сага энергия берип кеткенбиз . Эми сен кыйналып жатып калыптандың. Сен аркылуу Алла талаанын кереметин адамдарга көрсөтөбүз.Биз алтообуз – Ай , Нур ,Жаннага, Жаңырык, Терхару, Черхару биригип сага жардамга келебиз. Сен эч кандай чочулабай биздин керемет нурларыбызды кабыл алып, оорулуу адамдарга бересиң. Тамырды карма , дубалар окулат, андан кийин оорулууну айыктыруучу нурлар бериле баштайт.Эгерде оорулууда ишенүү сезими жакшы болсо нурларды толук кабыл алат. Айыгып кетет. Күмөндөр болгон оорулуу айыга албайт .Сен аларды көрбөөгө аракет кыл. Аларга энергия өтпөйт . Мунун баары алланын кудуретчилигинен.

Топ жылдыздар.

Биз ааламдын чыгыш жагында жайгашканбыз.Биз менен мурдагы кылымдардагы окумуштуулар дарыгерлер байланышкан,биз байланыша турган адамдарды өзүбүз тандайбыз.Биз топтошуп тургандыктан топ жылдыздар деп аташкан.Ак ниет, бузукулук кылбаган, калп айта албаган адамдарга кайрылабыз .Сени биз 23 жыл мурун эле тандап алганбыз .Сен өзүн билип жана сезип,сыйынып тургансың .андан бери ааламдын сырдуу дүйнөсүндө кабыл ала албай кыйналып жүрүп жетилдиң.Сага кайрылып келдик .

Сен эми жин оору,шал оору,спид оорусун, дудук,сокурларды айыктырып атагың чыгат.Бул ооруларды айыктууруга толук кандуу киришесиң, сен алла талаанын сыноосунан өтүп бүттүң.Биз дагы жардамга келебиз .Сен бизден кара ,күрөң жана темир түстөгү нурларды аласың .

Биз менен байланышканда нерв системаларын менен кабыл алып кара , күрөң,темир түстөгү нурларды тамыр аркылуу жибересиң. Бул нурлар адамдын бузулган нерв системаларына таасир берип ооруларды,дудуктарды жин ооруларды айыктырууда зор милдет аткарат.Көздүн тамырларына жана сүйлөөгө алсыз болуп турган тил жана тамак көңдөйүнө иштешине жардам берип дарылайт.Дарылоодо тамыр кармаш керек .Түнкү сеанстар болот. Жин оорунун нерв системаларынын калыптанышына эске тутуу сезиминин ойгонушуна жардам берип дарылайт жана да шал оорунун айыгышына өтө күчтүү таасир этет.

Жыландар менен туюм аркылуу да үн чыгарып дагы сүйлөшөсүң.Алар менен арбашканда дубаларды алла талаа оозуна салат.Алардын аты жөнү да кайсы даражада экенин айтылат. Алар сага баш ийет.Алла тааланын кудуретчилиги менен сени жыландардын падышасы жана Алманбет ата, Жаңырык планетасы колдоп турат. Жыландар адамдарды сүйлөгүс кылып тилин байлап койгон учурлар кездешет. Дубалар менен адамдын өңүн бузган жараларды денесине беришет ж.б. ооруларды “ала”деген жыландын дубасынан болот. Окуп айыктырасың жана денесине май дубалап сыйпаш керек .Суу дубалап бересиң тамыр аркылуу энергия (нур) жибересиң. Алланын кудуретчилиги менен сүйлөшүү жолу менен жыландарды жер которууга кудуретиң жетет.

Алармага кайсы нурлар оорулууларды айыктыраарын үйрөтүштү. М: сары нур канды суюлтат ж.б. Кочкордо жашаган 62 жаштагы порог сердце менен ооруган аял айыгып кетти. Текшерилгенде сакайып кеттиптир. Цирроз печень 3 стадия болгон аял сакайып кетти. УЗИ ге текшерилгенде таза чыкты.Зоб менен ооругандар бир нече жылдан кийин жолукканда таза айыгып кетишкенин айтышты.Балыкчыдан рак менен ооруган аял айыгып кетти. Негизинен мен азыр тамыр кармайм,диагноз коём, нур менен, дуба окуу менен, суу дубалап ичирүү менен дарылайм. Түнкү сеанс деп аталат, бул учурда оорулууга операция жазалат. Бабалар түнкү 10 30 дан кийин операция жазап кетишет. Төрөбөгөн аялдарга эм түшөт, эррозия менен ооруган Кочкорлук Астра деген келин айыгып, текшерилгенде айыгып кеткени билинди. Кум-Дөбө айылынан Айша деген 67 жаштагы аял бронхиттен таза айыкты.Бабаларым азыр ордоңдон чыкпа жакында Бишкекке жакын жерге барып жашайсың деп айтышкан, бирок качан экенин айтыша элек.Ошол жерде туруп элди айыктыра баштайсың дешти, өзүм кетип калсам оорутуп коюшат, руксат болмоюнча эч жакка чыга албаймын.

Кайсы оорулуулар айыгаарын , планеталардан келген сигналдар боюнча айткандарын айтып үйрөткөндөрүн , жаздыргандары алардын өзүлөрүнүн сөзү менен берилди.

Азыр мен Кочкор районунун Комсомол айылында жашап , ооруулуларды көрүп элге жардам кылам.

Компьютерге жазып, интернетке чыгарган Кайырбек Коңурбаев.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

15-04-2019
Дагы бир жолу Суяб, Баласагын жөнүндө
14721

11-06-2017
Кочкор өрөөнүндөгү жерлердин аталышы.
16638

19-08-2016
Байыркы шаарларды талкалаган Бузулган суу
27081

09-06-2016
Ааламдын сырдуу дүйнөсү. 3-бөлүк. Алымсарык Кулансарык
24367

16-04-2016
Суяб, Баласагун шаарларынын Кочкор өрөөнүндө болмогунун аныктамасы
29203

05-01-2016
Х кылымда Ысык-Колдун чыгышынын чөгүүсү жана регрессия
45461

02-01-2016
Х кылымда Ысык-Көлдүн чыгышынын чөгүүсү жана кургакчылык
14165

29-11-2015
Кочкор ороонундогу аламаат же Баласагын шаарынын жок болуп кетиши
31049

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×