Добавить статью
6:03, 22 марта 2011 14027

Кыякчы

Автор: ИМАНКУЛ

ИМАНКУЛ Кочкор районундагы «Чолпон» совхозунда кыргыздын байыркы кылкыягын кубулжутуп мукам тарткан кыякчы Мырза уулу Иманкул жашаган. Иманкул 1889-жылы ушул өзүжашап турган аймакта төрөлгөн. Иманкулдун атасы Мырза, чоң атасы Какыбай өз доорунда чебер кылкыякчылар болушкан.

Иманкул жаш күнүнөн букара кембагалдардын тарткан жапасына боору ачып, зулумдардын элди кандайча эзгендигин жек көрүп өсөт. Ал жаш күнүндө күүнүжакшы көрүп, комуз чертет. Атасы Мырза Иманкулду эркелетип бетинен өөп, маңдайынан сылап:

– Кыякты үйрөн, менин күүмүн башын эле кайрып алсаң бир топ кыякчылардан өтүп кетесиң, – дей турган.

Иманкул он төрт жашка чыгат. Мырза уулу Иманкулга биринчи жолу Турап сурнайчынын «Керөзөн» деген күүсүн, мындан соң өзүнүн «Сейилме» деген күүсүн үйрөтөт.

Ушинтип күндөн күн өткөн сайын күүлөрдүкөп үйрөнүп, кыякка машыга баштайт.

1916-жылы эл менен кошо үркүп, Турпанга жетишет. Ал жерде атасы Мырза өлөт. Мындан арылап, Кызылөстөн, Азык деген жерге чейин барып, кайра тартышат.

Туулуп-өскөн жерди карай кайтып келе жатканда, жолдо бир дарактын түбүнө келип, эс алып олтурушат. Кыякты Иманкул дарактын бутагына илип коёт. Иманкул кыякты агам алды го, агасы иним алды го деп ойлошуп, кыякты унут калтырган бойдон кете беришет.

Бир жерге келишкенде, эл чогулуп:

– Кайрандын кыягын бир тартып кой! – деп эл чуулдашат.

Ошондо Мырза кыягын издесе, жок болуп чыгат.

– үч консоң да алып кел! – дешип, эл жанына бир бала кошуп, Мырзаны артын көздөй кыякты алып келүүгө жиберет.

үч күнчүлүк жол жүрүп барса, жолдо өткөндөрдүн бирөө алып кетсе керек, кыягы ордунда жок.

– Кыяк жок! – деп кайта келишет.

Эптеп өлбөстүн күнүн көрүшүп, Кочкор аймагына келишет. Арадан суулар агып, күндөр учат.

Күндөрдүн биринде бирин-экин тууганынын аман-эсенин билейин деп Кеминге келип калат. Олжобай деген тууганынын үйүнөн кыякчы Муратаалы Күрөңкөевге жолугат. Салам айтып эсендешкенден кийин Иманкулдан:

– Ээ, балам, кыяк тартасыңбы? – деди Муратаалы жаны калбай.

– Чала-була үйрөнүп келе жаттым эле, кыягымды жоготуп алып, эми кыягым жок. Бир аз кемип калдым.

– Балам, тээтиги кыякты алып келчи? – деди төрдө илинип турган кыякты көрсөтүп.

Иманкул кыякты алып келди. Муратаалы «Керөзөндү» безелентти.

– Балам, тартчы! – деп, кыякты Иманкулга сунду. Кыякты колуна алып Иманкул удаасы менен эки күүтартат. Муратаалы аябай кубанат. Жеткен чебер уста Олжобай карыя да кубанып:

– Бир кездерде кыякты атаңа мен жасап берген элем, муну эми сен алгын, – деп Иманкулга кыякты берет.

Иманкулдун Кеңеш өкмөтүорногондон кийин гана бактысы ачылды. Ал кайсы гана иште болбосун жанын аябай кайраткерлик менен эмгектенди. Он жылдан ашык Суусамырдын Көкөмерен капчыгайында Кызарт жолунда үзүрлүүиштеп, бир нече жолу ударник болот.

Чоң Чүй каналын дагы казышат, колхоздо иштейт. Фрунзе шаарында болуп өткөн өздүк көркөм чыгармачылыктын республикалык кароолоруна дайыма катышып келген.

Иманкул карыя радионун алтын фондусуна он тогуз күүжаздырып кеткен. Эми кыякчынын айрым күүлөрүнө токтололук.

Эски заманда Бекташ деген азамат чыгат. Кокустуктан жоо колдуу болуп каза табат. – Инисинин өлгөнүн эжесине угузганда эжеси жулкунуп ыйлап:

Карангүн Бекташ, бир боорум,

Эликтер жүрбөс кыядан,

Бирөө бир эркек, бирөө кыз,

Элкин элек уядан.

Жаңырык жүрбөс кыядан,

Жалгыз элек уядан, –

деп кошуп келгени күүдө баяндалат да, «Бекташ» деген күүкелип чыгат.

«Тор кашка ат». Бир жардынын жалгыз аты болот. Чабыш­та чыгып байгени ала берет. Кийинки чабышта күйүгүп өлөт. Агасы аты жок калганда карындашынын кейигенинен күүчыгат.

«Коңурала». Уйдун күлүгү– Коңурала ат менен жарышып, алдыга озот. Бирок ат улам катуулап жүгүрүп, баса турган болуп келе жатканда: «Чыгып келе жаттым эле, аз жерден бастырып жибере турган болдум», – деп өпкөсүн кагып, солуктап келе жатып, арман кылганы күүдө таптак сүйлөтүлөт.

«Тору айгыр». Илгери өткөн заманда күңгөйдөгүКаба тескейдеги Алакөгө кудалашат. Берген калыңы бүтүп, каадасы жетип, келинди бер дегенге келет.

– Каадаң жетип, малың бүткөн менен меники бүтө элек. Сураганымды бересиң. Колуңдагы үйүрдөн тору айгырды бер, – деп шарт коёт.

Айласыздан тору айгырды берип, келинин алат.

Тору айгырды күздө берген. Келерки жазда, үйүргө кошулар убак келет. Тескейде кыздын атасынын үйү, кудасы күң­гөйдө. Бээ кулундап турган убактысында тору айгырды бээге кошуп, айгыр салат.

Баякы бөлгөн бээге карабай, тору айгыр качат. Жолу тосмолонгондо көлгө кире качкан экен.

Күңгөйдөгүлөр көлдүн жээгинен карап турса, көлдүн ичинен каргадай бир нерсе байкалат. Жакындап келип көз жиберсе, жылкынын башы келе жаткансыйт.

– Ой, тобо ой, тору айгыр болбосун! – дейт бирөө.

– Тору айгыр кантип көлдүтуура кечип келмек эле, – дейт экинчиси.

Көл четине жакындаганда, баягы өзүнүн үйүрүндөгүтай-кулуну, бээлери чубурап, чуркурап, жакындаган сайын кишенешет.

– Ой, жарыктык Камбар ата, тору айгыр окшойт, – деп таңыркап турганда, тору айгыр көлдөн чыгып, үйүрүнө кошулган экен.

Калыңга алган кудасы, көлгө кирип өлдүдеп түңүлүшүп, кийинки жылы тору айгырдын чыкканын билип:

– Мурун берген айгырды эми бербейсиңби? – деп калат.

– Берген менден калган жок. Тору айгырды токтотуп албадыңар. Айгыр көлгө түшүп өлүп калса, кантет элең. Бербейм эми! – деп жооп айтат.

Көлдүн күңгөйүндөгүошол жер Торуайгыр деп аталып калганы ошондон.

– Ошол жерден түштө качканда, күүгүмдө тиги өйүзгө чыккан. Бул эмне деген жылкы, – деп эл таң калышкан экен.

Күүдө бул айтылган окуя сүрөттөлөт.

«Аккуунун учушу» деген күүсүндө Иманкул Ысыккөлдө сүзүп жүргөн Аккуу асмандагы Аккууну көрүп, уча турган болуп кукуктаганы, мындан соң акырын канатын күүлөп бара-бара катуу зыпылдап учканы кыяктын күүсүндө чеберчилик менен берилген.

Иманкул Октябрь революциясына чейин кыргыз элинин муң-зарын тартып келсе, азыр элибиздин жыргал турмушун баяндаган «Бактылуу жаштар», «Улуу күн» өңдүүкөптөгөн күүлөрдүчыгарган. Ал күүлөрүндө партиябыздын эмгекчи элди бакты-таалайдын кучагына бөлөп, жаш жеткинчек муундарыбызга бардык мүмкүнчүлүктөрдүкеңири ачып бергендиги айтылат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×