Добавить статью
6:34, 22 марта 2011 41934

Манасчы

Автор: САЯКБАЙ

Саякбай 1961-жыл. Жай айлары. Фрун­зе шаарындагы Тоголок Молдо паркына барып калсам манасчы Саякбай карыя бир топ адамдардын арасында сүйлөп жаткан экен.

Саякбай ата мурунку айткан аңгемесин бүтүрүп, Оболбек аттуу мүнүшкөр жөнүндөгүаңгемеге түштү.

– Биздин атабыз Шапак баатыр, – деп баштады Саякбай ата, – сырттагы Көкжар деген жерден бир бүркүт кармап, Менмурат деген инисине берет. Ошондо түлөгүтүгөнгөн, барчын болуп калган бүркүт экен. Ошону жыйырма жети жыл түлөтүп, төөнүкомдотуп алып жүрөт. Бүркүтүкөзүнө көрүнгөндүалат.

– Ой, эми бул жарыктык малыма мал, башыма баш кошту. Коё берейинчи, – деп семиртип туруп, коё берет.

Коё бергенге беш жыл өтөт. Арык тукумунан каратакыя Оболбек деген бир сынчы киши чыккан.

үч жолдош менен келсе, көлдүн күңгөй тоосунда үч бүркүт асманда айланып турганын көрөт.

Ошондо Оболбек аке:

– Ой, силер бирдемени көрдүңөрбү? – дептир.

– Сен көргөндүбиз көрбөй койчу белек. Асманда үч бүркүт айланып турат.

– Ошол үч бүркүттөн тааныганыңар барбы? Ой, тетиги көч жагында айланып турганы Менмураттын Сареги турбайбы.

– Ок, карабашыңды жеген Оболбек, кудайды карап айтсаңчы. Шапак барчын кезинде кармаса, Менмурат жыйырма жети жыл түлөтсө, ал өлбөс мүрөктүн суусун ичкен бекен!

– Ой, ушул сөзүм жалган болсо, отун-алып сууңарды куя­йын, минип турган атымды берейин, сөзүм чын болсо, силер эмне берет элеңер?

– Биз да отун алып, сууңду куюп, атыбызды берелик.

Ошондо башына кийип турган түлкүтумакты алып, чырга кылып, үч чылбырды улаштырып, бүркүттүкарап туруп Оболбек:

– Сен Сареги мен Оболбек элем. Айбан да болсоң асыл элең, колумдан нечен даам бердим эле, – деп чырга тартып, кыйкырып жөнөгөндө, асмандан эки бутту салып жиберип, көөкөрдөй болуп качырып келип, чырганы эңип алып, көтөрүп барып, чырганы таштап жиберип, Оболбектин башынан үч айланып, шаңшып-шаңшып кайта бүркүттөргө кошулуп кетет.

– Кандай тааныдыңыз? – деди жолдоштору.

– Канат ирмегенден тааныдым. Жетөгүз, Сүттүүбулак деген жерден ак калтар деген түлкүчыкты. Көл айланасындагы бүркүтчүлөр баягы калтарды эч алдыра албайт.

Баратып эле тыяк-быякка буйтап кетип, элдин баары ыза болуп келишет.

Ошондо Сареги менен Менмурат сыртка кетип жок экен.

Сыртта бүркүт салып, тамаша кылып, Сарегинин алган карышкыр, түлкүсүн бир төөгө жүктөп, Менмурат келет.

Бая ыза болгон бүркүтчүлөр Менмураттын келгенин угуп:

– Мынабу Жетөгүз, Сүттүүбулактан бир ак калтар чыкты, бүркүттүн баары барбай койду, бүркүттөрдүбашынан аттап, баарыбызды бозортту. Жүр, Сарегиңди алпарып көрсө­төлү. Кызыгын көрөлү.

– Кайсы убакта чыгат?

– Түштөн кийин.

Менмурат Сарегин алып жөнөйт.

Барып кырга чыгып турушканда, Сүттүүбулактын бир кемеринен ойноп, секирип түлкүчыкты.

Ойноп чыкканда Сарегинин томогосун Менмурат тартып алды.

Ошондо Сареги калтарды карап, силкинип, эстеп-эстеп Менмураттын колунан учту. Түлкүгө да, эч нерсеге карабай, көлдүкөздөй сабалап кетти.

Ак калтар же качып кетпей, же бекинип калбай, өзүнөн өзүсекирип тура берди.

Бир оокумда караса, күн күркүрөгөндөй болуп асмандан эле үн чыгат.

Чөйчөктөй болуп, эки бутту салып жиберип, канатты кайкайтып, качырып калды.

Бүркүт жакындап калганда, ак калтар чыдай албай качып калды. Ошондо бир топ ит мурун бар экен. Ит мурунду ак калтар тегеренгенде, алдыдан торой качырып, ак калтар теке маңдай чыга түшкөндө, баштан алат.

Ак калтарды алдык, намыс колго тийгендей болду. Алып мындай чыккандан кийин, сол көзүн эле кыса берет, жаш куюлат, бул эмне жаныбардын көзүнөн жаш куюлат десем, ит мурун чабыла түшүп, ит мурундун тикенеги сол көзүнө кирип кетиптир.

Ошондон сол көзүкарама сокур болуп калган. Баягы карама сокур канатын эки ирмеп, таза көз жагын бир ирмегенден билдим. Мына, баатырлар Менмураттын Сарегинин өнөрүушундай. Мөрөйүмдүбергиле, баатырлар, – дейт Оболбек.

Беркилер мал союп, эл чакырып, Оболбектин ыраазычылыгын алышат.

Мына, Оболбек сынчы ушундай болуптур, – деп Сакем ордунан туруп, үйүн көздөй жөнөдү.

* * *

Эртеси кечке маал келсем, таягын таянып, Тоголок Молдонун эстелигин көздөй жогорулап бараткан экен. үч-төртөө ээрчип алыптыр.

Бир бош орундукка келип олтурушту.

Сакем аны-мунудан кеп салып олтуруп, сөздүн багыты саяп­керлерге бурулуп кетти.

– Айман элдин баарына маалым сынчы экен. – Сакем аңгемесин улантты. – Бир күндөрдө Айман сынчы үйүндө олтуруп, бир табыш угуп:

– Ой, балдар, карагылачы, ак таман жел кайык деген жыл­кынын табышы угулду, – дейт.

Балдары чыгып караса, эч караан байкалбайт.

– Ой, ата, келаткан киши же чууруп жаткан жылкы жок, – деп үйгө кирет.

– Ой, балам, байкап жакшылап кара, келе жаткан киши барбы? – дейт. Жана балдары чыгып карашса, үч-төрт киши келе жатканын көрөт.

– Бир топ жерде үч-төрт киши келе жатат, – дешет.

– Карагыла, ким экен келаткан?

– Аке, чиркей Кенжебай экен.

– Ии, Кенжебай төө баштап, тогуз берип жатып, бирөөдөн күлүк алды деди эле, ошо го?

Кенжебай келип түшүп, салам айтып кирет.

Киргенден кийин:

– Келип калыпсың!

– Айман аке, бирөөнүн күлүк атын алдым эле, керекке жарайбы, ошону сизге көрсөтөйүн деп келдим. Нарында бир чоң ат чабыш бар экен. Ошого алып барып, чапсак жараар бекен? Жарайт десеңиз, азыр чабууга бир топ бар экен, алып барсам деп турам, жарабайт десеңиз, убара болбой эле койсом. Тышка чыгып көрүп бериңиз? – дейт.

– Ээ, Кенжебайым, айтканың ырас, болсо көргөн жерде көрөрбүз. Ашыкпа, бир мал алып келип, бата кылдыралы.

– Ой, Айман аке, малды жөн эле коюңуз, жаңыдан алган күлүк кызык болот эмеспи. Малды коюп, атты көрүп бериңиз.

– Ой, Кенжебайым ай, атадан айрылган баланын тону болбойт, тамакка карабай ашыккан жигиттин жолу болбойт. Талаптанып ат алсаң, даяр тамакты таштап койсоң, жолуң болобу? – деген экен.

Малга бата кылып, талаага чыгып, атты көрсөтөт.

– Атың кайсы?

Сатып алган атты көрсөтөт.

– Ой, Кенжебай, атың ушубу?

– Ушу.

– Болбой калды го...

Айман аке өзүнчө ойлоно калып:

– Бу кандай иш деп эки жагындагы башка аттарды караса, көп аттардын ичинде сары сирке басып, туйтуйган тору асый туруптур.

– Ой, тиги тору асый кимдики?

– Айман аке, ал деле биздики.

– О, күлүк ушу турбайбы.

– Ой, Айман аке, бул көрүнгөн койчу, уйчу минип алып, баспаса башка койгулап, малга минип жүргөн бир жаман асый. Миң чапса, бир баспаган ушул кантип күлүк болсун?

– Ой, Кенжебайым, эсиң жок экен го. Шайыр болбой жигит болбойт, кашаң болбой күлүк болбойт. Болоор жигит айы­лына алынып, элге билинет. өпкөсүкөпкөндө, күлүк жүгүрөт. Бу торунун керемети ичинде, сен билбей турасың, тартчы бери. Тору асыйды азыр желдирчи, – деген экен.

Желдирсе, кыйшалактап желбейт.

– Ой, Айман аке, ушуну күлүк деп алжып калгансызбы?

– Айтканга ишенбей турсаң, ак таман, жел кайык деген жылкы ушул.

Айтканым ырас болсо, бир белгисин көрсөтөйүн, бутун көтөргүлө. Туягынын жүрөгүндө ак сызык болот.

– Көтөрчү! – дегенде караса, туягынын «жүрөгүндө» тартып сызып койгондой сызык бар.

– Сен тиги алган атыңды коюп, ушуну байла.

Ошону менен баягы тор асыйды сүт берип байлап, акыры Нарынга алып келип чабат.

Төрт арым эл чогулуп, не бир коо бузган күлүктөр, куйругун түйүп, көкүлүн шүйгөн аттардан жетимиш ат келет.

Бүгүн айдап барып, талаага түнөтүп, атты эртең коё бергиле, коно айдайт.

Эртеси ошол тору асый чыгып, Арча тору атанат.

Айман аке ушундай сынчы экен, – деп Сакем аңгемесин бүтүрдү.

– Бали, сынчы болбосоң коё кал! – деп койду олтурган адамдардын бири.

Дагы бир күнүкелсем, Сакем бүркүттүн баатырдыгы жө­нүндөгүаңгемени айтып олтурган экен.

– Бир мерген коктуну өрдөп келе жатып, бир четинде бүр­күттүн текөөрүтурганын көрүп барса, четиндеги кармаган бойдон катып калган бүркүттүн чеңгели экен. Быяк денеси жок. Кармаган бойдон жулунуп калыптыр. Түк түшүп, сөөгү, тырмактары бар экен. Камандыбы же андан чоң жаныбардыбы алып, токтотом деп четинди кармаганда жулунса керек, – деп бизге түшүндүрдү.

Кийинки күндөрүреспубликалык радионун музыкалык редакциясынын көркөм советине Сакемди кез-кезде чакыра коюп жүрүштү.

Бир күнүСакем кыякчы Датка Шааке уулунун күүлөрүн угууга келди.

Күүнүкумарданып, өтө толкундануу менен угуп жатты:

– Короого чыгып келейинчи… – дегенинен мен сыртка жол көрсөтүп кошо чыктым.

Сакем кайта бат эле күүугузулуп жаткан бөлмөнүкөздөй жаш балача жүгүрдү.

– Көбүөтүп кеттиби, айланайын!? – деди Сакем энтиккен бойдон көчүк коюп жатып.

– Шашпай эле келсеңиз болмок. Кайта угузуп беребиз баш жагынан угузчу, – деп редакциянын башкы редактору Эгембердиев Жумакадыр үн режиссёрго кайрылды.

Ал жигит пленканы артына түрүп, Сакем укпай калган күүлөрдүугузду.

Күүугузулуп бүткөндөн кийин Сакем олтургандардын ичинен озунуп:

– Бул кыякчыдай кыякчы экинчи туулбайт. Эчен кылымдар мурун жер алдында калган күүлөрдүжарыкка алып чыккан турбайбы!..

Мен көп кыякчыларды көргөм. Чыны бул кыякчыдай тарта алчу эмес, – деп Сакем бир топ тийиштүүсөзүн айтты.

Көркөм советте олтурушкан жазуучулар Түгөлбай Сыдыкбеков, Темиркул үмөталиев, Сооронбай Жусуев, Ашым Жакыпбеков, композиторлор, радионун кызматкерлери Сакемдин сөзүн кубаттап кетти.

Датканын кырк күүлөрүбир добуштан фондуга кабыл алынды.

Бирок бул күүлөр бүт дайынсыз жоголуп кетип, Датка ата бир жылдан кийин кайтадан экинчи ирет келип жаздырган.

Датканын күүлөрүнөн кийин комузчу Калботой уулу Курбаналинин күүлөрүнө да Сакем жогорку бааны берип:

– Бул киши чыныгы комузчу экен. Бишкекке келсе, мага бир кезиктирчи. өзүм комузчуларга ээрчитип барып көрсө­төйүн, – деди.

Күндөрдүн биринде Кыргызстан мамлекеттик университетинде манасчы Саякбай Каралаев, кыякчы Саид Бекмуратов, комузчулар Чалагыз Иманкулов, Мекиш Баатай уулу ж. б. өнөрпоздор менен жолугушуу болмок.

Жолугушууга Сакемди ээрчитип алып барып калдым.

Университетке кирээрибиз менен бизди бир жигит ээрчитип алып жөнөдүэле, ректор Салмоорбек Табышалиев бизди босогодон каршы алып:

– Саке, келгениңиз жакшы болду, – деп кабинетине киргизип, – сиз кыргыздын чоң манасчыларынын бирисиз. Ысмыңызды уккан менен көрө элек жаштар көп. Чакырып алып кыйнабайбыз, «Каныкейдин Тайторуну чапканын» бир таштап коюңуз.

Жолугушууда Сакем айрыкча берилүүменен Каныкейге Тайторуну чаптырды.

Күндөрдүн биринде Сакем токтотуп, мени жанына жакын олтургузуп алып:

– Бостери деген айылда Рысменди уулу Ашымаалы деген чоң комузчу бар. Мен сыяктуу карыя. өтө так, көркөм чертет. Ушу кишинин күүлөрүн радиого жаздырсаң! – деп мага өтүнүч сөзүн айтты.

– Сиздин жаныңызда жүрүп эле, айткан сөздөрүңүздүмагнитофонго жаза бере турган экен... – деп Сакеме кайрылдым.

Сакем кечкурун үйүнүн жанындагы бакка чыгып, эс алып жүргөн адамдарга күн сайын түгөнбөс кендей болгон элдик уламыштарды, жомокторду, мүнүшкөрлөр, саяпкерлер жөнүн­дөгүаңгемелерин, көргөн-билгендерин төгүп айтып берип олтураар эле. Бир айткан сөзүн кайталабай, улам жаңысын баштоочу. Укмуштуудай болгон түгөнгүс сөз байлыгын өз убагында терип-тепчип, толук жазып калган эч ким болбоду. Сакемди көрүп-билип, ошол жерде жакын жашаган адамдар: «Сакем кеткенден кийин бул бак ичи көрксүз болуп калды» – деп ушу күнгө чейин кейип кеп кылышат.

Сакем бапылдап сүйлөгөн, ичине кир сактабаган, ак пе­йил, ак сакалга да, балага да теңтуш, чулуйган кара мурут, көзүбадырайган, кара тору, шайыр, кандай айтса жараша турган киши болучу.

Манасчы Саякбай Каралаев Ысыккөлдүн кылаасындагы Акөлөңдө 1894-жылы туулуп, ошол жерден чоңоюп, жаш күнүнөн «Манас» айта баштайт.

Октябрдын төңкөрүшүнөн кийин, ыктыярдуу кызыл гвардиячы болуп, 1921-жылга чейин Кызыл Армиянын катарында актарды талкалоого катышат.

1921–1931-жылдары Совет бийлигин орнотуп, чыңдоого иштиктүүкиришип, селолук Советтерде председателдик кызмат өтөйт.

Саякбай: «Манас», «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүн эң таланттуу айтып, эл ичинде зор атак-даңкка жетишет. Ал ошондой эле «Төштүк» эпосун, «Бүркүт жөнүндө баян», «Келгин куштар», «Томор мерген», граждандык согуш мезгилинде өз башынан кечирген турмуштан «Унутулгус күндөр» деген чыгармаларды айтып берип, жаздырткан.

Ал 1971-жылы 7-майда 77 жаш курагында дүйнөдөн кайт­кан.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×