Добавить статью
10:06, 30 марта 2011 6015

Кыякчы

Автор: МААМЫТ

Маамыт 1978-жылы жай айында Каракулжада жашап туруучу кыякчы Маамытка барып калдым. Бул карыяга мындан он беш жыл илгери Фрунзе шаарынан кездешкен элем. Ал келишинде радиого бир нече кыяк, комуз күүлөрүн жаздырып кеткен.

Эсендешип көрүшүп, жетине албай алма багынын арасына шырдак салдырып, жанына кыяк-комузун коюп, турмуш-тиричилигинен кеп салып олтурду. Ал өзүжөнүндө буларды айтты:

– 1909-жылы Миңөрүк кыштагында туулгам. Он үч жашымда атам, энем – Зубайда, агам – Төлөн, эжем – баары бир жылы кайтыш болду. үйдө жездем экөөбүз калдык. Ушинтип айла түгөнгөн учурда Маатай, Калмурат, Борош деген агаларым келип:

– Жетимди бер, – деп мени алып кетишти. Калмурат абамдын үйүндө жүрүп, эки өгүз, беш бээсин багам.

– Кыкты күрөбөйсүң, өлүгүңдүкөрөйүн!– деп жеңем атала бербей каргайт.

Он төрткө чыкканда Басыз деген жерге барып, Калматтын колунда болдум. Ал кишинин төрт өгүз, тай туягы менен он чакты жылкысы, элүүкою бар экен. Ушуну бак деп, кошуп берди. Калматтын бир колоттун ичинде жыйып койгон үч миң боо чөбүбар. үйгө келбей, айткан маалда айдап барып, чөбүн чачып, ак карда колоттун ичинде, чөптүкөңдөй кылып алып, кашек төшөнүп, титиреп жалгыз жатам. Бир маал баласы оокат жеткирип, баса берет. Берген оокаты жети күндүк ачыма максым.

– Койду карышкыр келип жарып, малды кыйратып кетпесин, уктабай карап жаткын, – дейт. үч ай коктунун ичинде жалгыз өзүм жан сактадым. Чачым өсүп, чачымдын түптөрүаппак сирке, бит басып, кийген таар чепкен, таар шым кыпкызыл этимди өйкөп, баса албайм. Бутума бир жылкынын ийленбеген бучкагынан тигип берген чокою кургаганда катып калат. Кийин үйүнө барсам, кийим бербей биттеп кетипсиң деп, сарайдагы акырдын ичиндеги кашекти төшөп, жатып жүрдүм. Жаз болду. Мал баккан колоттун ичинде чөптүн жугу бар.

– Ошо чөптүн жугуна өгүздүбаккын! – деп эки өгүздүколума берди. «Он танап жерди айдап, арпа себебиз», – деп жер айдашты.

Бир жаңгактын түбүнө жерди көөлөп, үңкүр кылып алдым. Басыздын жаңгагы калың. Ошол жерде жатып, кош айдап, түндөсүөгүзүн агытып жиберем. Чарчаганда уктайм. Жапайы доңуз келип, капталымды түртүп, бир чым башыма кулап түштү. Колума алып жүргөн отун кесип жакчу балтам бар эле. Тумшугу менен доңуз түртүп, башыма чым кулап түшкөндө чочуп кетип, ыргып туруп, балтам колумда экен, чаап ийсем бир доңуздун көчүгүнө тийип, чыңырган бойдон кетти. Коркуп жаңгактын башына чыгып, таң атканча олтурдум. Эртеси кожоюнум Калмат барды.

– Доңуздан да киши коркот бекен, кишинин айбатынан качат. Жатып иштейсиң, – деп зекип койду.

– Доңуз жарып кетет! Жатпаймын. Кетем! – деп качып кете бердим.

– Сен кетем дейсиң! Берген нанымдын карысын чыгарбадың! – деп ат менен согончоктотуп тебелетип, камчы менен баштан ары чапты. Камчысы тийип, бетим бүлөөдөй көгөрүп, жондоно түштү, уруп келатат. Белге чыкканда мал издеген эки адам келди.

– Ой, сен эмне муну токмоктоп келатасың, уурубу?

– Балам, жаш, кош айдатканга алып келдим эле. Оокаты жок экен, алтымыш кадак арпа бердим эле, эми качып кетип баратат, – деп жалган айтты.

– Алтымыш кадак арпа берген эмес! – дедим мен. – Беш-алты күн малымды карашып бер деп, кышы менен малын бактырып, кетем десем токмоктоп жатат.

– Кайсы жерлик тууган болосуң? – деди эки атчан.

– Бөрүболом.

– Ээ басыз, бу бөрүбир уруу эл, урук-тууганы бар. Башы-көзүшишип барса, туугандары келип үйүңө өрт коюп иет. Уралбайсың!.. – деп экөө ажыратып жиберди.

Экөө аркасынан келип:

– Кимдин баласы, кайсы топтон болосуң?

– Сулайман бийдин тобунанмын. Асан деген кишинин баласымын.

– Илгертен бери жакшы тааныйбыз, менин атым Касым, – деп айтты да, ээрчитип келип үйүнө кондурду.

Мындан соң Аттокур акемдин колуна келип, экөөбүз оокат кылдык. Сайда азыраак жерине маке жакшы чыгып, макени жыйнаштырып, он беш чейрек жүгөрүалдык. Жазга чыккандан кийин, алты кадакты бир улакка берип, эчкилүү, уйлуу болуп оңолдук.

1930-жылы колхоз курулганда колхозго мүчө болуп өтүп, усталык кесипте эмгектендим. Ал кезде терек, карагай жок, тоонун ийри ак чечектерин жүктөп келип, сарай жаптык.

Улуу Ата Мекендик согушка 1942-жылы 25-майында кетип, 1947-жылы февралда кайтып келдим. Келгенден кийин колхоздун ар кандай иштеринде иштедим.

– Кыякты кимден үйрөндүңүз?

– өзүм ышкыланып үйрөнүп калгам.

– Канча балаңыз бар?

– үч балам бар. Улуусу – Бөкө өзүбүздүн Совет районунда иштейт. Төлөнбай – Фрунзеде мектепте мугалим, Муса – политехникалык институтту бүтөт.

– Жакшы экен... Эми аке, айрым күүлөр жөнүндө сурап калайын. Маселен, «Жетим баланын арманын» айтсаңыз?

– Бул эл күүсү. Илгери бир баланын эне-атасы өлүп, бир агасынын колунда калат. Куурай терип келбейсиң деп жумшайт. Бутунда эчтеме жок, буттары жарылып, кан чыгып, баса албай ыйлайт. Эчкинин терисинен, эски чаначты бутуна чокой кылып берсе, үч күнгө жетпей жыртылат.

– Сен жыртып саласың! – деп урганда, жыңайлак койду айдап, козусун кармап көгөнгө байлайт.

Бала ыйласа:

– Мен атаңды жыга чаптым беле? Ичкен оокатыңды актабайсың, кысталак! – деп кекетет.

Бала нес болуп, ыйлап жүрөт. Той чыгып калса:

– Сен койду карагын, биз тойго барып келебиз, – деп балдарын учкаштырып кетет. Ал тил албаса:

– Бизге тил албай койду! – деп аялдары ушактайт.

– Сен тил албайсың, кысталак! – деп урат. Бала өлөрүн санап:

Жар көчүлсө суу бөгөйт,

Жалгыз өлсө, ким жөлөйт.

Муз көчүлсө суу бөгөйт,

Мусапыр өлсө, ким жөлөйт, –

деп айтып ыйлайт.

– «Бекташ» деген күүдөчү?

– Бекташ калмактар менен кармашып жүрүп, жалгыздыктын айынан мерт болот. Ошондо аялы Зууракандын алты айлык боюнда бар экен. Кырк жигити уктап, барбай калат. Дүрбүменен карап туруп: «Кырк жигити болсо, Бекташ бизди койбойт го», – деп калмактар каптаганда Бекташ кырк жигитин чакырып, качырып кирет. Аты күлүк экен, кайрат менен калмактардын чекесинен кыйратып кирген бойдон кармашып, он күн урушкандан кийин аты чарчап калат да, өзүчаптырып коюп, чала жан болуп жатып өлөт.

Аялы үч айдан кийин Бекташтын кабарын угуп:

Ойдуң жер тегиз карагат,

Ойронум Бекташ ала жат.

Кыраңдуу жер карагат,

Кырчыным Бекташ ала жат, –

деп кошкон экен.

– «Кара күүдөчү?»

– Эргел, Сергел деген ага-ини болуптур. Эргел – агасы, Сергел – иниси.

Акеси эң кичүүсүМамытбекти колотко жаткызып, беш жүз кой баккызат. Иниси – кыякчы, дайыма кыягын ала жүрөт. Кыяк тартканда жеңесине:

– Кокустан талаада ууру-каракчы келип калса, колумду байлайбы, же өзүмдүөлтүрөбүкыйкырайын десем добуш чыгартпайт, жеңе угуп кой, кыякка салып, Эргел-Сергел күүнүтартамын, – дейт.

Айтканындай ууру келет. Эки колун артына байлап, кыягын ээр кашка илдирип айдап жөнөп, үйдүн үстүнө келгенде:

– Кыякты тартып берейинби, акелер? – дейт экен.

– Шырп алдырбай, тымызын айдап кетели, – дейт бирөө. Дагы бирөө:

– Колун бошотуп кой, эл көп экен ууру экен деп ойлобосун, тамаша салып жөнөйбүз, – дейт.

– Колун чечип, кыягын берет. үйдүн үстүнө келип калганда ушуну тартат. Жеңеси угуп, башын көтөрүп тыңшайт.

– Уулдун кыягын уктум. Ууру келип, айдап кетип баратат. Төөмойнок кыраңдан өтүп кетти, кыяктын үнүугулбай калды.

«Эки колум артыма, куушуруп туруп байлады,

Эки көзүм жайнатып, бел ашырып айдады» –

деп тартты. Тез жет! – деп күйөөсүн ойготот.

Байгеге чапкан күлүк атынын бутундагы кишенди чыгарып таштап, ага-ини экөө кылычты алып жөнөшөт.

Төөмойнокту капталдатып, белге жакындап калыптыр.

– Тос эле, тос! – деп ошо жерде эле жок нерселерди чакырат.

– Бизди ороп калган экен, – деп уурулар кошту таштап качат.

Акелери жетип:

– Эмне болду? – десе, инисинин колу байлануу.

Ушинтип акелери ажыратып келет.

– «Алпкаракуш» деген күүдөчү?

– Бул да эл күүсү. Алпкаракуш чынар теректин башына жылда тууйт. Көлдөн ажыдаар чыгып, балдарын жеп коёт. Ошондо наалыш кылып:

Жылда туусам, жылда жок,

Айда туусам, айда жок.

Ажыдаарга не жаздым! –

деп канаты менен жер чапкылап турган экен...

Кечинде үй алдындагы секиге келип олтуруп, далайга че­йин сүйлөшүп, сагынычты жаздык. Ойлоп көрсөм, бул адам да башкалардай эле башынан өткөн муң-зарын, кубанычын күүгө салган чебер кыякчынын бири экен.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×