Добавить статью
6:27, 2 апреля 2011 15950

Комузчу

Автор: БЕКТУР

Бектур 1971-жыл. Апрель айы. Көлдүайланып келе жатып, Бектур комузчуга жолугуу үчүн Тоң районундагы Тууратам айылына кайрылдым.

Карыя менен көрүшүп, ал-жай сурашып, байыр алып олтурдук. Чай келди. өз ара сырдашып, тереңирээк тааныштык.

– Ата, комузду кантип үйрөн­дүңүз? Төкпөй-чачпай таржымалыңызды айтып берсеңиз, жазып алайын, – деп суроо коюп, калем-кагазымды алып чыктым.

– Болуптур, балам, – деп сакалынан сылап койду да, Бектур карыя аңгемесин баштады. – өзүм бир энеден жалгызмын. Энемдин аты – Кантыке. Тууратам аймагында 1893-жылы тө­рөлгөм.

Сегиз жашымда атам комуз карматты.

өзүбүздүн айылда Кабай уулу Кержек – өзүчолок комузчу эле. Аны айлынан бөлүп, атайы жанына көчүп чыгып, Сыртты ашып барып, Аккорум деген жерге барып кондук.

Бээ байлап, жыйындуу кымызды он күндө ичишти.

– И, Кержек иним, мен көлгө барып, аштык чөптүсугарып, тогуз конуп, онунчу күндө келемин. Ошо тогуз күндүн ичинде бир күүүйрөткүн. Ушуну аткаргын, – деди атам.

– Ошол тогуз күндүн ичинде, бир күүүйрөтсөм эмне бересиң, – деди Кержек.

Ошондо аттан атамдын жалгыз торала аты бар.

– Сен ушул жумушту аткарсаң, жалгыз торала атымды беремин...

Айтылган тогуз күндүн ичинде Кержек мага «Калмак күү» деген күүнүүйрөттү.

Атабыз айтылган күндө, бешимде келип үйгө түштү. Кечинде дөңгө чыгып кымыз ичип олтурушту. Кержек комузун ала барды.

– Баягы убада менен үйрөттүм, – деп комузду мага берип, «Калмак күүнү» черттирди.

– Ие, Кержегим, сен убададан чыгыпсың, мен да ошол айтылган сөздүн убадасынан чыгармын, – деди атам сүйүнүп.

Бөлүнбөй төрт ай бирге жайладык. Төрт айдын ичинде «Селкинчек», «Кер толгоо», «Шыңгыратма» өңдүүкүүлөрдөн алты-жети күүүйрөттү.

Күз болуп, кайра көлгө ашып, Туюктөр деген төрдүн башына келип конушту, кийин кыштоолоп көчкөндө:

– Иниң экөөң кол кармашып жүр! – деп ой-боюна койбой атам атты Кержекке мингизип узатты.

Он жашка чейин ошол кишиден үйрөнүп жүрдүм.

Атам комуз жасатып берди. Балдар сыяктуу коё берип, чүкө аттырган жок. Зөөкүр болуп кетет деп карта, оюн-союнга жибербеди. Бойго жеткен кыздай кармады.

Бир күнүордо аткан жерде, Кыдыңбай дегендин тамынын жанында, Чыныбайдын уулу Баракан дегендин дүкөнүбар эле, эмнегедир ошо дүкөнгө кирип бардым. Бир тааныш жаш жигит попурас тартып туруптур. Ичим кызып:

– Байке, түбүңдүберчи? – дедим.

– Тартагой, айланайын, – деп түбүн берди.

Мен тартып жатканда атам көрүп калбаспы.

– Эй, кубарган акмак, эмне кылып атасың? Кечинде үйгө барарсың!

Күн бата ордо тарады.

үйгө барбай, эсим чыгып, үйдөн ыраак эки бут атым жерде калың чычырканактын ичине жатмак болдум. Карышкырдан эсим чыгып, ал жерге чыдап түнөй албай, жылдыз бирин-серин чыгып калганда, айласыздан үйгө келдим.

Чай ичип тамактанып болгон соң:

– Ой, кулагын делдейткен акмак, мындан кийин экинчи попурас тартканыңды көрсөм, сол көзүңдүчукуп мышыкка, оң кулагыңды кесип эшиктеги кара күчүккө берем. Бир башыңа бир көзүң, бир кулагың жетишет. Бүгүнкүкылган күнөөңдүкечирдим. Токмоктон кутулганыңа сүйүн... – деп катуу зекиди.

Кыш күндөрү. Кутчу айылынын эли жоро ичкенде, комузчу Кошкулаксыз бозо, эттерин жечүэмес эле. Ошол айылдык Шадыбек деген жигит чаап келип, Кошкулак келди деп, учкаштырып алып барып, эл толгон үйгө киргизип:

– Карыялар бобу Бектурга орун берип, араңарга алып олтургула. Кошкулак акесинин күүсүнөн үйрөнсүн... – дей турган.

– Кел айланайын, – деп жандарына алып олтуруп, – оо, Кошкулак акеңдин күүсүнөн жакшы карап олтуруп үйрөн, жаш эмессиңби, – дешчүолтурган карыялар.

Кечинде Шадыбек учкаштырып, үйгө жеткирип кирип коюп кетүүчү. Ошентип жүрүп, Кошкулакты Кудчунун айылынан сегиз жолу көрдүм.

Жумада дайыма Шадыбек алып баруучу. Ал мени кудалап койгон кайын атамдын жээни эле.

Ошол жылдын жай айларында Кошкулак сыртка көчпөй, көлдө Көкбулак деген жерге жайлап калган экен. Атабыз менен теңтуш, курбалдаш өскөн Мамбет Дадабай уулу деген кишиге атам:

– Мобу кубарган акмакты ала барып, Кошкулактын үйүнө түшүрө кет, түнөп келсин, – деди.

Күндүн батышы менен алпарып, Кошкулакка:

– Бобу Осмон теңтушуңдун баласы. Атайы сизге жиберди. Жакшылап комузуңан үйрөт, сен деле картаясың. Ушу балага күүңдүкалтырып кет, – деп табыш кылып, аттанып үйүнө кетти.

– Ой, келгиле! – комузчу кубанып калды.

Дады деген киши биздин айылга жоро-бозого келгенде, Кошкулакка:

– Кошкулактын бир күүсүнө калыңсыз кыз берсе, аздык кылбайт, – деп сын берүүчү. өзүда комузчу эле.

Дады карыянын эки бойго жеткен кызы бар.

– Мен ушу Дадыкемдин кызын алам, – деп куда болмокчу болду.

Жакшы санаалаш теңтуштары: – Улуу кызы жакшы, улуу кызына куда бол, – деп айтышты.

– Мен жакшы кызын албаймын, жаманынын этегинен тилеймин, – деп Кошкулак Каным деген кичи кызына кулдук урду.

Каным жыртык жаман тон кийген, тоногон төөдөй болгон, кийимдери жыртык, ырайы суук кара кыз эле.

Кошкулак ошондо кырк чамалап, барып калган киши болуш керек.

– Менин көлгө калган себебим, ошентип Дадыкем жилигимди чакпадыбы... – деп тамашалап калар эле.

Малдан жалгыз тор айгыры, эки музоолуу ую бар болчу. Ошо түнүКошкулактыкына түнөп, күүлөрүн уктум. Келген сугатчы балдарга:

– Кошикем тоготпой койду деп, көңүлүнө алып, таарынып кетет, күүчертип берейин, – деп, күүлөрүнүн атын айтып, чертип берүүчү. Абактын «Моюнча», «Кашка аргымак» деген күүсүн черткен эле.

Эртеси үйгө кайтып келип комузду колума алсам, эки күүменин сезимимде болуп калган экен. Черттим.

Бир ай чамасы болгондо:

– Эми өзүң көрбөдүңбү, барып кел, «үйрөндүңбү, үйрөнбөдүң бекен, өткөрүп кел Кошкулакка, кандай сын берээр экен? – деп атам атка мингизип жөнөттү.

Түшүп, Кошкулактын үйүнө кирсем, Каным Кошкулактын тизесине сүйөнүп олтурган экен.

– И, Бектурум, келипсиң. Эмне жумушка келдиң? – деп сурады.

– Сизге саламдашып учурашайын, жездемдин күүсүнөн угайын деп келдим.

– И, бая күнүкелдиң эле, колуңа бирдеме кирдиби?

– Бир-эки күүчерттим, толукпу, толук эмеспи биле албай жатамын, – деп «Моюнчаны» черттим.

Ошондо Кошкулак сакалын кармалап:

– И... – деп коюп олтурду.

Комуздун кулагын толгоп, «Кашка аргымакты» черткенде:

– Бали! өмүрлүүбол! Бул экөөнүтең бир-бир кайруу ашык чертипсиң, – деп кубанычта болду. – Мына келипсиң, конуп кетсең болот эле, мен катуу жумушум болуп, бир жакка аттанып жатам. Бүгүн келбейм. Түнөп каламын. Келип-кетип жүр. Мына эжең бар. Бир тууган болуп калдык. «Калмак күүнү» үйрөткөн Кержекеге атаң жалгыз торала атын берген экен. Журтка тынччылык болсо, өмүр берсе, менин колум сенин колуңа калат. Калтырам. Ошондо Осмон мага эмне берээр экен, – деп күлүп, өзүаттанып жумушуна кетти.

Ошону менен он алтынчы жыл болуп, үркүп калып, эл качкандан кырылып, комуз, күүэске келеби, он сегизинчи жылы, Каным да төрөй элегинде Кошкулак ооруп, өлүп калды. Каным бар азыр, Төрткүл колхозунда турат.

Жоон топ болуп үрккөн эл, кайра Турпандан кайтканда бирин-сериндеп, ач-жылаңач болуп, ит көрбөгөн кордукту көрүп, эптеп кайтып жатышты.

Ушинтип, биз кембагалдар Улуу Октябрдан кийин гана көзүбүз ачылып, теңдикке, ырыскыга жетиштик.

Байсерке, Керим дегендер Алматыдан үч ай окуп келишип, Төрткүлгө үч жүз баланы окутуп, сабатсыздыкты жойду. Жаңы окуудан үчүнчүклассты бүтүрдүм.

Жыйырманчы жыл болгондо, Алматыга мен да барып, үч ай окудум, пенсияга чыкканга чейин колхоздо мал багып, ар түрдүүкызматтарында эмгектендим, – деп карыя аңгемесин бүтүрдү.

Бектур Осмон уулунан республикалык радио бир топ күүлөр жазып алган. Алар дайыма эфирден берилип турат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

28-11-2013
Элеттик уздардын алгылыктуу иштери
26679

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×