Добавить статью
11:47, 6 апреля 2011 156789

Жомокчу

Курбалаалы Кыргызстандын түштүгүндөгүАксыда өз журтунун урмат-сыйына, кадырлоосуна өзүнүн сөзмөрдүгү, айылдагы жамандык-жакшылыкка билермандыгы, балбандыгы, мергенчилиги, калыстыгы менен таанылган Курбан Кайназар уулу кылым башында 1899-жылы Аксынын Карасуусунда кеч күздө жарыкка келген экен.

Атасы Кайназар Мамбет уулу чоң, апасы кичирээк киши эле. Ага караганда Курбан кичине болчу. Атасы чокчо сакал, узун бойлуу, ак жүздүү, көп деле сүйлөбөгөн жоош киши эле.

Апасы Тажи Ашираалы кызы, төркүнүбагыш, Коштөбөдөн, орто бойлуу, кара тору, чачы куду билектей, жаш убагында жерге тийчү. Кийин элүүлөргө барганда балтырына барчу эле. Чачын жууганда билегине ороп алып жуучу. Бирөөгө жамандыгы жок ургаачы эле.

Ал жаштыгында атасы орто дыйкан болду. Ошонун дөөлөтүндө ат жалын тандап мингенден баштап эле жалгыз уул болду. Бурма аттуу эжеси андан үч жаш улуу эле. Жашында эле балдар менен күрөшүп, күрөшкөндө жыгып, жарышкандан чыгып кетээр эле. Он жети жашында үйлөндү.

Атасы Кайназар ошол кездеги элдин ичинде оокаттуу адамдардан болуп, өзүжер кезип, көптүкыдырган, көптүкөргөн сөзмөр, меймандос адам эле дейт. үйүнөн ар дайым ырчылар кетпей, Кетментөбөдөн Токтогул, Эшмамбет, айылдагы Жеңижок (өтө), Ниязаалы комузчу, Нурмолдолор ары-бери өткөндө конуп, ырдап өтүшчүэкен. Улуу акын, комузчуларды көрүп, алардын шаңшыган ырларын угуп, айрымдарын жаттап, ырдап жүргөн Курбандын бала кези таланттардын арасында өтүптүр.

Айрыкча Токтогулдун сүргүндөн кийинки өмүрүндө Аксыда жашап, Кайназарга үч жылдай коңшу турушу, Жеңижоктун өмүрүнүн акыркы жылдары, айрым айтыштар Курбан Кайназар уулунун эсинде жакшы сакталган.

Октябрь революциясынан кийин Кыргызстандын түштүгүндө да Совет бийлиги орноп, эмгек артелдери уюшула баштаганда алгачкылардан болуп мүчө болуп кирген. Отузунчу жылдарда колхоздо Курбан Кайназар уулу арабакеч, малчы, эсепчи, колхоздун башкармасы болуп иштеген. Ошол кездерде эл оңоло түшүп, ар түрдүүулуттук оюн, мелдештер өтүп турган. Эл арасында таамай күрөшүп, биягы жедигер, тиягы Наманген, Чаткал, Таласка чейинки аралыктардагы улакчылардын көбүн алдыга түшүрчүэмес экен.

Согуш алдында Караван аскер комиссариатында иштеп калат да, согуш мезгилинде айыл граждандарын согушка окутуп, даярдоодо өз салымын кошот. Пача-Ата, Тоскоол-Ата тоо араларында жайдыр-кыштыр аскерге даярдоо пункттары иштеп, жүздөгөн адамдарды жаңы топтор менен жөнөтүп турган.

Согуштан кийинки жылдарда эл оор турмуш, ачкачылык, кыйынчылык күндөрдүкөргөнүбелгилүү. Мына ошол жылдары Курбан улакчы, мергенчиликтин сырларын үйрөнүп, өз айылын эт менен багууга жараган.

Мындан башка да Курбан Кайназар уулунун эл арасында ар түрдүүбалбандык, чечендик окуялары айтылып жүрөт.

Кайназар уулу Курбандын 80 жашына чейин бир дагы тиши түшкөн эмес. Курбан карыянын кол өнөрүда көпчүлүккө таанымал болгон. Ээрди куш баш (кайыңдын, талдын жоон айры бутактарынан туюк чаап, төөнүн терисинен ийлеп, каптап, мыктаган), талас ээр (бул ээрди төрт бөлөк чаап даярдап, кийин бириктирип кадап, жасалгалап бөлгөн) кылып чапканды билген. Анын көп ээрлери Аксынын калың катмарына тараган. Күмүштөн чабылган алгачкы ээри 1951-жылы тун уулуна арналып, азыркы күндө маркум уулунун Кочкоратадагы үйүндө турат. Ошондой эле кыргыз үйгө кереге, уук, атка жүгөн, басмайыл, көмөлдүрүк, быштаң жасап, токуганды жакшы билген. Жаш кезинде ар дайым куш таптап салып жүрсө, акыркы жылдары үйүндө куш түлөтүп таптап, эрмектеп отурган.

өзүкыргызча, арабча, латынча жазат, орусча, өзбекче, казакча сүйлөп, жооп бергенди өздөштүргөн.

Курбан Кайназар уулунун эки кыз, үч уулу болгон.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

22-04-2011
Шакираб-Шариф (жомок)
115401

06-04-2011
Жомоктор топтому
100777

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×