Добавить статью
13:18, 7 апреля 2011 36177

Комузчу

Автор: МУРСААЛЫ

Мурсаалы 1973-жылы сентябрь айында Кыргызстан Композиторлор сою­зу­нун фольклордук кабинетинин башчысы Бектен Бейшембиев, композитор Таштан Эрматов болуп, Жумгал өрөөнүндөгүАрал айылында жашап туруучу комузчу Мурсаалы Турсунбай уулуна барып калдык.

Арал эки капчыгайдын ортосуна жайгашкан кичине гана айыл экен. Айылдын нак түбүнөн күркү­рөп Көкөмерен агат. Туш-тарабы кызыл чап.

Мурсаалы аке менен мен мурдатан тааныш элем, кучакташып көрүшүп, эсендик сураштык.

– Кана эми, үйгө кириңиздер! – деди Мурсаалы аке жол баштап, эшик ачып.

– Бир кезде Абдылас Малдыбаев келип, күүлөрүңүздүжазып кетти беле?

– Ооба.

– Менде жазылган күүлөрдүн тизмеси бар. Ошо тизмеде жок күүлөрдүгана жазып аламын, – деди Бектен кагаздарын ачып.

– Жакшы айланайын. Бирок иним, ошол кезде койдун кылы жок болуп калып, жасалма кыл менен жаздырдым эле. Азыр өзүң көрүп турасың, ичеги кыл. Комуз табында!

– Аксакал, Малдыбаев жазгандар фондуга өтүп кеткен. Кайта алып таштап, ордуна жаңы жазылганды коюуга болбойт.

– Каап! Малдыбаевдин келээрин билгенде кыл камдап койбойт белем! – деди өкүнүчтүү. – Жасалма кыл чыңкылдап угумсуз. Анын үстүнө так сүйлөбөйт. Уккан кишилер кайдан билсин, мааниси жок комузчу экен дейт да! – деди кейиштүү.

Чайланган соң, Бектен жазганга киришти.

– Алды менен өмүр баяныңызды, мүмкүн болушунча толугураак айтып коюңуз?..

– Бай-манаптын күчтүүкези, – деп баштады Мурсаалы аке, – жарды-жалчылар жалданып оокат кылуучу. Колунда мал жок, жазгысын бай-манаптардын айгыр-аттарын, өгүздөрүн алып, күзгүсүн саан үчүн жалдануучу. Кийим-кечелеринин эскисин киет. Сатайын десе, малы жок. Кай бирөө­лөрүэркеги отун алып, аялы казан кармап, отуну менен кирип, күлүменен кошо чыгып жашап келген.

Атам Чомой уулу Турсунбай, Көчөрбай, Сарыкөбөн, Жаманчыл, Апелиш ажы өңдүүжалданып жүргөн.

Абдылдабек деген манаптын казанын эки жыл кармаган. Ошондо казан кармап жүрүп, комуз чертчүэкен.

Атам кийин комузчу, ырчы болуп ар кайсы кырманга, жүн кырккан жерге барып ырдап, тери алып, аны тон жасатып кийип, кийинчерээк тыңыгандан кийин, азыркы Кыргыз ССРинин мектептерине эмгек сиңирген мугалим Кудайбергендин атасы Карымбайдын колуна келет. Ошо кишинин айтуусу боюнча жан багат. Кекилик моюн Чынаалы дегенге жыл маалына бир кой, серкеге жүрүптүр. Арыктап жүрбөй калып, акысын бербегенде качып келет. Артынан кууп келип, атка сүйрөтүп өлтүрөөрдө Карымбай ажыратып калган экен.

«Акысын да албай, аман калганыма сүйүнгөмүн», – деп ыйлап жиберчүэле атам.

Ошондон кийин Мурзабекке беш жыл малай жүрөт. Беш жылдан кийин бир көк байтал берет. Ошол бээ болуп, анын кулуну жорго чыгат.

Мурзабектин Малабек деген эт туурап берүүчүжигити: «Бээси жана кулуну да жорго болуптур», – деп айтып барса, зулум анысын да алып коёт. Ошондо каран түн башыма түшүп, катуу ыйладым дейт.

Комузду болсо үч-төрт жашка чыкканда атама черттирбей эле сүйрөп жүрчүэкемин.

Алты жашка чыкканда «Камбаркан» деген күүнүүйрөндүм:

Кайрып, кайрып черткенде,

Кандай болот Камбаркан.

Кары-картаң угаарга,

Андай болот Камбаркан.

Кызып-кызып черткенге

Кызык болот Камбаркан.

Кыз-келиндер угууга,

Түзүк болот Камбаркан.

Ортон менен ойнотуп,

Чала турган Камбаркан.

Отурган элдин көңүлүн,

Ала турган Камбаркан.

1922-жылы улуу акын Токтогул биздин үйгө келип, комуз чертип, жаман алачыкты эл сыйрып кетишти.

Ошондо үн кошуп ырдап, көп күүлөрдүчертти. Ошол черткен күүлөр эсимде калыптыр, калганын атамдан, Токтогулдун окуучусу Кулманбеттен үйрөндүм.

Кулманбетти Кетментөбөгө атасы жети жашында алып барып, жыйырма эки жашында Жумгалга кайтат.

Кулжабай уулу Сатаркул, Ажар деген акталаалык кыз, Кулманбет үчөө тең Кетментөбөгө барып, комузчу болуп келишет. Кулжабай уулу Сатаркул экөө тең курч устара менен кылды кыркпай чертчү. Булардын чоң аталары Султан, Молдакун, Ыманбай комузчу болушкан.

«Кара күүнүСултанга бергиле!» – деп Токтогул комузду таштап жиберчүэкен.

Токтогул Карой, Каракечедеги Быржы, Дордо, Сандыбай, өскөнбай, Элебес деген туугандарына келип турган.

Экинчи жолу Токтогул жайдын күнү, Суусамырдагы Шалбаа, Балыкты деген жерге Алматай деген баласын айырмачка таңып келди. Кайра Кетментөбөгө Осмонаалы, Көчөрбай дегендер жеткизип кетишкен.

Токтогул чоң дастандар менен бирге, түрмөгө барып келгенин, Эшмамбет менен айтышканын ырдады. Ошондо алтыдан жетиге аяк басып, «Камбарканды» чертип, «Тогуз кайрыкты» чала үйрөнүп, ырын айтып калган. Токтогул ар бир күүнүн аягында ыр кошуп ырдоочу.

Чаар топусу болот экен, ошону эки бүктөп төбөсүнө коюп, так теке секирткендей топуну тумшугуна чейин секиртет. Тумшуктан кайта өйдө жылат, кулагына да келет. Кайрадан жогору чыгат. Ошого күлүп жаткан эл.

Тогуз кайрыктын аягында:

Айымканым-ай,

Алда жаным, ай.

Сейилканым-ай,

Сергек жаным, ай,

Канымканым-ай,

Кайран жаным, ай,

Сүйүмканым-ай,

Сүйдүжаным, ай, – деп коёр эле.

Бети чийкил кызылдуу, мурду учтуураак, салыңкы келген, жазы маңдай, чокчо сакалдуу, тоголок киши экен. Белине узун матадан ороп-ороп коюптур. Кийгени кемсел. Комуз чертерде күрөшчүдөй болуп, кемселдин топчусун чечип, оң колун чыканагынан өткөрө түрүп коёт экен. Анан чертип, ырдап кирет. Күлбөгөн, таңыркабаган адам баласы болбойт. Айласыздан таңыркап, талып калат.

Токомо арналып, бир аз мал байланыптыр. Баласын туугандарына алып келип, ошол мал көрүндүккө жыйналса керек...

Мен сегиз жашымдан дин мектебинде Жаркымбай, Аалы, Ибрамкул деген молдолордон окудум.

Боз үйдө, сыз жерде, чөк түшүп алып окуйбуз. Жаман кара чокой, куур шым, башыбызда малакай. Атам менен энемдин тыңынан оокат кылып жүрдүк.

1929-жылы жер коом шериктиги деп, Жумгалга төрт колхоз уюштурулду. Атам колхозго мүчө болуп кирди.

Кыскасы көпчүлүк букаралардай эле, биздин бак-таалайы­быз Кеңеш өкмөтүорногондон кийин ачылды, – деп Мурсаалы аке өткөн өмүр жолу жөнүндө айтып олтурду.

Бектен комузчудан магнитофонго: «Эшмамбет менен Токтогулдун айтышы», «Калыктын обону», «Эсенаман менен Жеңижоктун айтышы», «Алманбеттин арманы», «Чубактын арманы», «Жаныш-Байыш», «Курманбек», «Акый күү», «Кемпирдин кейиши», «Булбул», «Токтогулдун бий күүсү», «Ашыркулдун арманы», «Сары барпы», «Көксөө кербез» деген ыр-күүлөрдүжазып алып:

– Чертип бергениңизге чоң ыракмат! – деп комузчуга мээримдүүкарады.

– Ошончолук жерден көңүлгө алып келип, күүлөрүмдүалдыңар. Силерге ырахмат, балдарым, – деди Мурсаалы аке ыраазылыгын билдирип.

Мурсаалы Турсунбай уулу Улуу Ата Мекендик согушка катышып, фашисттик баскынчылар менен баатырларча салгылашып, бир бутунан ажырап келген. Согуштан кийинки жылдары ар кайсы кесиптерде үзүрлүүэмгектенди.

Ал комузу менен айыл-кыштактагыларга эрмек болуп, республикалык олимпиадага үзбөй катышты.

Кыргыз ССРинин 40 жылдыгына арналган фестивалга катышып, республикалык радионун фондусуна: «Кер толгоо», «Калматайдын карөзгөй», «үч кыздын арманы», «Бууданкөк», «Жалкын чок», «Мистекан», «Молдо бала беркел, ой», «үчэмчектин бөксө жол», «Таңшыма», «Селкинчек» ж. б. элүүгө жакын элдик күүлөрдүжаздырып кеткен.

1979-жылы февраль айында Мурсаалы аке телестудиянын чакыртуусу боюнча Фрунзе шаарына «Тогуз кайрык» конкурсуна катышууга келген экен.

– Ушинтип чоң чабышка сала тургансып, ала келишти. Район менен район өнөр сынап, беттешет дейт, – деп сөз баштап калды Мурсаалы аке.

өз ара ал-жай сурашкан соң:

– Сиз черткен кээ бир күүлөрүңүздүн тарыхын сурап калайын, «Мистекан» деген күүдө эмне баяндалат?

– «Мистекан» Токтогул чыгарган күү. Мистекан бойго жетип, талашка түшүп калды. Ага бир жылкычы жигит сүй­лөшөт. Анын жеңеси шайдоот, эптегей, жаракөр экен. Жылкычы бала жеңесине кымыз байланып келип турат. Жеңеси экөөнүсүйлөштүрө берет.

Жылкычы менен Мистекандын ортосунда сөз бекийт. Бирок байдын баласына бере турган болот.

Мистекандын жеңеси күйөөсүн ээн жерге ээрчитип алып барып:

– Намысы жок арам, олтур мындай, сен билмексен болуп, мени калп эле урушумуш, тилдемиш боло бер. Шайдоот, тың жигит экен, биз өлсөк жылкычы уул көмөт, – деп кетээрине бир күн калганда эрин көндүрүп, тоого чыккан кишиден ата­йын: «Бүгүндөн калбасын!» – деп айттырат.

– Мен Мистекандан калсам өлгөнүм! – деп эки чаначка кы­мызды толтура куюп алып, түнүменен жеңесиникине барат.

Келин барат да Мистеканга сүйлөшөт.

Кыз сүйүнүп:

– Макул, кийимчен жатайын, атам-апам шекшип калыптыр. үйдөн чыгарбайт, силердикине жибербейт. Андан көрө кантип чыгарып алыштын айласын экөөң тап, – дейт.

Ошону менен сүйлөшүп, кеткенден кийин энеси:

– Ээ Мистекан, келген ким? Баягы сени бузуп жүргөн шүмшүк ойсулбу, эмнеге келиптир?

– Тим эле келиптир. Жеңемдин каарына калбайын деп чыгып кетти.

– И, ошондой десең, бузуктардын тилин албай жүр, айланайын. Атаң экөөбүздүэл-журт кууратат, – дейт энеси.

Энесинин байкоондо санаа тарткан сыяктанып, Мистекандын түрүбашка. Кабак бүркөө, үй-оокат тейлеши, жарма жасашы, сүт бышырышы, тезек калашы бузук, күндөгүдөй эмес.

– Ээ Мистекан, бир жериң ооруп турабы, айланайын, – деп энеси сурайт.

– Жок, эч жерим деле оорубайт. Мен бир шордуумун да...

– Эмнеге шордуусуң?

– Кыз-келиндер менен көңүл ача албасам. Алар шакылыктап ойноп жүрүшөт, мен түрмөчүдөй олтурам, кантип көңүлүм ачылат.

Энеси жылкычынын келээрин билип эки итти босогого байлайт. Эшиктин керегесине тулганы кыстарып, дагаранын ичине таш салып, тулганын бутуна илип коёт. Караңгы түшүп, жатканга кирди.

– Жүр апа, эсим чыгып турат, экөөбүз эшикке чыгалы.

Эшикке чыгып, эки жакты караса эч нерсе көрүнбөйт. Калп эле «жаза олтурумуш» болуп энеси менен бирге үйгө кирип, жеңесинин тили боюнча кийимчен жатты. Кемпир абышкасына төшөк салып, колуна көсөө кармап, кайтарып олтурганын жеңеси байкап кетип турат.

Чыдай албай, үйдүн артына келип:

– Ой, апа, барсызбы?!

– Ооба, бу ким, бармын үйдө.

– Келиниңмин.

– Ии, эмне кылат элең.

– Айылдан бир аз кымыз келген экен, ооз тийсин дедим эле.

Анан эне:

– Бузуку, анткор, туз ургур, кызымды бузуп бүлдүрүп, үйүмө бүлүк салган атасың, – деп жемелеп кирет.

Келин эч сөз кайтара албады.

Бир маалда жылкычы жеңесин, акесин ээрчитип алып:

– Мага караан болуп бергиле, – деп айылдан обочороок жерге барып, атын табыштайт.

– Тобокел деп барып көрөйүн жол болсо, болуп калаар. Ишти баштап, таштап койгондо болбойт. Силер мен үчүн Мис­текандын эне-атасына, айыл-апасына жек көрүнчүболдуңар, – деп экөөнүат-маты менен таштап, шамшарын колуна алып келсе, босогого байланган эки дөбөт «ар» деп жара тартчудай жиберди.

Мистекан келгенин байкап турат. Энеси үргүлөп, кээде ойго­нуп кетип ыргалып, же уктай албай, кызды кайтаруу менен беймаза.

Чыдай албады. Көгөнгө барды да, бир козуну чечип мууздап, короонун ортосуна тең бөлүп, эки итке ыргытты. үйгө кире албай турган жигит эки иттин жибин кыркып жибергенде алар көмүскө жерге кетти.

Эшикти акырын ачса, бекем бекиткен үйгө кире албады. Ыркырап дабыш бере турган ит жок болгондуктан, тартынбай үйдүайланып басып, Мистекан жаткан жерге барды. Жигиттин келгенин Мистекан дароо билди.

– Эшиктен айла жок. Башкача айла таппасаң болбойт, – деди. Түндүктөн секирип түшүүгө мышык эмес. Аргасы кетип туруп, канжар менен Мистекандын тушундагы туурдукту, чийди тилди.

Керегенин саканагын тээп, өйдө чыгып, эки ууктун ортосун кеңитип, ичинен дем алып, керегенин башынан Мистеканды көздөй түшөт. «Жүр, бол!» – деп түшкөн жеринен сырт­ка чыгарып, артынан өзүчапа-чупа ылдам кошо түшүп, тилинген чийди, туурдукту кошуп, кайта жаап, кырчоонун кесилген жерин бекем тартып, түйүп байлап, Мистеканды колунан жетелеп, аттын жанында турган жеңеси менен акесине барса, аттын чылбырын кармап, экөө тең уктап калган.

Акырын ойготуп:

– Мистеканды алып келдим, – дейт.

Төртөө катуу кубанышып, Мистеканды өңөрүп, талпакты астына салып, жылкычы инисин учкаштырып жөнөтүп, жеңеси менен акеси айланып келип, билмексен болуп жатып калат.

Мистеканды тоого жылкыга алып барып, кымыз жыйнап, тай союп, той берет. Жылкычыга келинчек болуп кала берет.

Эртең менен караса кызы жок. Кемпир, көсөө менен күлдүсабайт. Туш-тарабы тилинген.

Жылкычынын тууганы келип, элдик салт боюнча эпке келип, эне-атасын жайлашат.

– Шерменде, шерменде болуп кетип калыптыр, – деп энеси башын койгулап жатып, көнүп калат.

«Мистекан» күүсүнүн баяны ушул.

– «Көксөө кербезчи?»

– Токтогул картайып алы-күчүкетип калганда:

Кара чачым ак болуп,

Картайып келдим Токтогул.

Карчыга куштай балалык,

Кайран жашты жоктодум –

деп ошондо чыгарган арман кербез.

Белди эңкейтип күчтүалды,

Берметтен аппак тишти алды.

Бузулуп урап ороосу,

Булдурттап кызыл тил калды.

Тик бастырбай бүкчүйтүп,

Тиземди алды карылык.

Эки бутту жылдырбай,

Кишен салды карылык.

Дал ортомду бүкчүйтүп,

Мүчөмдүалды карылык.

үстү-үстүнө үшкүртүп,

Күчүмдүалды карылык.

Балдан таттуу ооздо,

Сөзүмдүалды карылык.

Карайлатып тунартып,

Көзүмдүалды карылык.

Токтогулдун күүсүнүн баары эле ыгына жараша сөзү, ыры бар. Кол ойноткон кыймыл-аракети элге жагымдуу.

– Токтогулдун «Сары барпы» күүсүндөчү?

– Токтогул Сибирден элине келип, күчтөндү, алданды, ки­йим-кечелүүболду. Ага-туугандарынын бел байлап, кутказып ала тургандыгына көзүжетти. Келген элдин көпчүлүгү:

– Сизге кол салып, эми айдата албайт. Бербейбиз! – деп эл кубантат.

Жайдын күнүТоктогулга тыңысын деп кымыз алып келип беришет. Ысыкта кымыз ичип, калың токойдо талдын түбүндө жатып, уктап калат.

Током ошол жерге байырлангандан тартып, бир кичинекей чымчык келип, Токтогулду караан кылып, талдын башына уя салат.

Чымчык тууйт. Караса үч эле жумурткасы бар. Бул эмне болоор экен деп, таңыркап байкап жүрөт. Баягы чымчык Токтогулга жакындап үйүр алат, чоочун адамдар келгенде уясына чыга калат.

Эл кеткенден кийин Токомдун жанына келип конуп, ка­раан тутуп, аярлаганын чымчык да сезген өңдүүбир убак жанына сайрайт.

Бир күнүбалапандары ар түрдүүүн менен сайроочу болду.

Күндөрдүн биринде Токтогулдун уктаганынан пайдаланып, жылан сойлоп чыгып, үч балапанын тең соруп коёт.

Уйку-соонун ортосунда жаткан Токтогул чочуп тура калса, сары барпы чымчык муңдуу сайрап, чебеленип турганын көрөт. Бул эмне болду деп тура калып тиктесе, үч балапан жок.

Токтогул тура калганда шарт деп жылан талдын арасына кача берет. Ал жыланды чаап өлтүрүп, дароо жаагын айрып жиберет. Жылан тең бөлүнүп түшөт. Балапандын бирөө көкүрөгүндө, бирөө белинде, бирөө куйругунун учуна барыптыр. Куйругунун учуна барганы эчак өлгөн. Орто жериндеги менен оозундагы бир топко чейин оозун ачып дирилдеп жатып, жаны чыгат.

Током мурда баласынын өлгөнүн, аялы эрге тийгенин, карыган энесинин күйгөнүн, Суван агасынын карыганын, дүнүйөнүн тарыганын ойлоп, бул чымчыктай мен да кор болдум деп, бырпыраган чымчыкты «Сары барпы» атайт. Кайра учуп, конуп ар түрдүүсайрап, удургуп кетип, уясы менен Токтогулду таштай албай, учуп кетип кайра келип сайрап, муңканган өңдөнүп сайраганына Токтогул жашыйт.

Жылан канаттууга, айрыкча куркулдай менен сары барпынын балапандарына өч.

Басынып элден адаштым,

Бутумда кишен шалдырап,

Мусаапыр болуп жөө бастым.

Кор кылдың залим кантейин,

Кошогумдан адаштым.

Капаска түртүп ийгидей,

Залимдер кайсыныңды талаштым?! –

деп «Сары барпыга» өзүнүн муңун кошуп, ушул күүнүчыгарат.

Жай убагында келген, кар түшкөнгө чейин токойдо багышат. Так кутулганга чейин Токтогул жөнүндө көп шимшүүлөр болсо да: «Журт аркасы темир талкуу», – деп көпчүлүк бербей алып калат.

«Кер кашка» деген комузум менен Токтогулдун китеби 1942-жылы 15-сентябрде Сталинградга жети чакырымга жакын жерде эс-учуман танып жарадар болгонумда окопто калыптыр.

– Эми Токомдун «Ботоюндачы»?

– Бай-манаптар биригип,

Сүргөндөгүботоюм.

Байлоодо колум чынжырда,

Жүргөндөгүботоюм.

Топ мыкаачы биригип,

Сүргөндөгүботоюм.

Тозок тартып түрмөдө

Жүргөндөгүботоюм.

Током жыйырма экинчи жылдары кыштын күнүЧолоктерек  деген  кыштоодо  кедей-дыйкан  калың элдин чогулушунда:

– Токо, түрмөдө чыгарган ырың, күүң барбы? – деп эл сураганда биринчи ушул «Ботой» деген күүсүн ырдап, чертип берген. Экинчи түрмөдө эл-журтуман ажырадым, калдайган калың эл-журтумду сагынып «Көкөй кести» деген күүнүчыгардым, – деп экөөнүкалың элге тартуулады. «Көкөйүм кесилди» деген ыры да бар эле.

Айланып көрөр бекенмин,

Ак калпак кыргыз элими,

Алатоо бешик жерими…

Ошондо ыйлабаган киши калбады. Ар түрлүүкордук көргөн, зар болгон күндөрүн кандай бир муңдуу сөздөр менен айтып чертип, комуз кандай кетсе, үнүбирге чыгат.

Элди ыйлатып, бир туруп боорун эзе кумарын жазат…

Ушинтип Мурсаалы аке улуу акын Токтогул жөнүндө берилип сүйлөп, күүлөрүнөн чертип берди…

Булак: Эл шайырлары. Адабий маек / Түз. Буудайбек Сабыр уулу Б., 2008

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×