Добавить статью
8:50, 8 апреля 2011 94486

Жомокчу

ормонбай 1903-жылы Кетментөбө аймагындагы Каратектир деген жерде төрөлгөн.

Булар Ничке деген жерде жашайт. Балалуу-чакалуу болуп өскөндөн кийин Кулжабай Таттысарыдан чыккан Ниязбек бийге масалат салат.

– Эки атанын баласы биз бөлүнүп албайбызбы, кичинекей Ничкеден батышпайбыз го эми, балалуу-чакалуу болдук. Каратектирге арык чыгарып алалык, – дейт.

Кышы менен макулдашып жүрүп жазында:

– Арыкчылыкта кантип чабабыз, мен кыбачы алып келемин, күзүндө чабабыз, – деп жайлоого көчүп кетип калыптыр.

– Бий убадаңда турбадың, баары бир мен чыгарамын – деп, беш инисин ээрчитип, Каратектирге барыптыр. Арык чыга турган төш таштуу. Бир дыйканды ээрчитип келип, бир теше жерге коон, бир теше жерге дарбыз айдаптыр.

– Арыгың чыга элек болсо, суусуз жерге айдайбызбы?

– Коонуң гүлдөп, тарууң баш алганча мен сууну чыгарып берем.

– Болуптур, – дейт.

Аны айдатып коюп, беш иниси менен арыкты баштайт. Сууну ээрчитип жүрүп олтуруп, кырк бир күндө коон-дарбыз менен таруунун кулагына жеткириптир.

Суусамырда жаткан Ниязбек бийге капка салбай, сызмага артып туруп:

– Баягы суу чыкпаган жердин коон-дарбызы – деп, эки тордомо коонду жиберипир.

Ниязбек уялганынан бир бээ жетелеп, бир койду өңөртүп, жетип келиптир.

– Мага караганда сен туруктуулук кылдың. «Баатыр табат, байман жейт» деген макал бар. өзүң каалаган жерди ал. Калганын бөлүштүрүп алалык. Арыктын аты Байбагыш арык болсун. Бала-чакаңарга чейин мурап, арыктын ээси силерсиңер – деп, ынтымак менен күзүндө келип, там-таш, сарай салып отурукташат.

Кулжабай дыйкан, момун, арык казып берип, эл үчүн кызмат кылган.

Ормонбай сегиз жашка чыкканда атасы каза болду.

Он бир, он эки жашында Култай, Мааша, Асан молдолордон арабча окуду. Булар окутканда жалаң эле китепти окутчу. Кагаз жаздырчу эмес.

Булардан кийин өскөнбай молдо окутту. Ал киши сабаттуу киши экен.

– Сен молдо болсоң, бирөө кат жазып бер десе, эмне дейсиң, – деп иш кагаздарынын баарын үйрөттү. Бүтүп чыгып эле катчылыкка жарай баштады.

1926-жылы Торкендеги жаңы ачылган мектепке кирди. Сабаты ачылгандар барып эле төртүнчүкласстан окуп, ошол эле жылы башталгыч мектепти бүтүрөт. Торкендин мектебинде окуп жүргөндө күндүз окуп, кечкисин сабатсыздарды окутту.

1927–1928-окуу жылында өзүнүн Каратектирине мугалим болот. Каратектирге дагы эл көчүп келип, алар жогорураак жагына орношкон. Мектеп жок. Жогорку эл төмөн келбейт. Төмөнкүэл жогору барбайт. Ошондо ортодо үмөтаалы уулу Эркинбайдын ортосу далис, эки бөлмө үйүбар эле. Ошону исполком чакырып:

– Мектеп жок болуп жатат, сен үйүңдүбергин мектепке, – деди.

Мектепке ошону алып берди. Эки класс кылып, Танаалы уулу Жөкүш экөө окутту балдарды. Кечкисин сабатсыздарды окутат.

Ал 1929–31-жылдары Жалалабад педагогикалык техникумуна сырттан окууга кирди.

1931-жылдын күзүндө Кетментөбөгө келди. Келсе өз айылында «өспүрүм» деген колхоз жаңы уюшулуп жатыптыр. Ошо жерден башкарма болуп шайланат.

Ошентип, колхоз уюштурууга алгачкылардан болуп киришип, пенсияга чыкканга чейин белсенип эмгектенди. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

22-04-2011
Жомоктор топтому
91104

08-04-2011
Жомоктор топтому
92857

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×