Добавить статью
8:08, 19 апреля 2011 25214

Жомоктор топтому

ХАНДЫН БАЛАСЫ

Илгери атагы алыска кеткен, гүлдөп өнгөн бир шаарда кадырлуу хан жашаптыр. Хан эл башкарып, эл бийлеп, башка хандар менен ынтымакта жашап, өмүрүн өткөрүп келиптир. Бирок ханды сарсанаа кылган бир ою түк тынчтык бербей, бүлүк салчу экен. Хан бир топ жашка келип калганына карабай, перзентсиз жүрүптүр. Бала деп сурабаганы, барбаган жери калбай жүрүп, акыры аялынын боюна бүтүп, ай-күнүжеткенде мончоктой уулдуу болуптур. Хан зор бактыга кубанып, эл чакырып, байлыгын чачып, чоң той берет. Уулун эч кимге көрсөтпөй, өзүнчө бактырып, бапестеп өстүрө баштайт. Арадан бир топ жыл өтүп, хандын уулу эр жетет. Падыша ойлонуп отуруп: «Көзүмдүн тирүүсүндө уулумду үйлөнтүп коёюн» – деп чечет. Хан уулун чакырып, кеңешин айтат. Анда бала атасынын кебин макул көрүп, өтүнүчүн ортого салат. Хан уулунун өтүнүчүн аткарарын билдирет.

– Мени эгер үйлөнтсөңүз, өзүм тандаган бир кызды алып бериңиз да, эч адам барбаган тоонун арасындагы көлгө алып барып, жай салдырыңыз, – дейт уулу.

Хан катуу кайгыга батат, бирок сөз берип койгон соң, аткарууну эп көрөт. Ошентип, уулуна өзүтандаган кызды алып берет да, эч ким барбаган тоонун арасындагы көлдүн үстүнө мунара курдуруп, аларды жеткизип таштайт.

Ай айга созулуп, жыл жылга айланып, өтө берет. Кыз менен жигит кубалашып ойноп, жигит талаадан кийик атып, аң уулап, балык кармап, анда кыз аны дайыма зарыга күтүп, кусалана коштошуп, сагыныша көрүшүп, күндөр өтөт. өткөн мезгил билинбей, жигит таамай аткан чоң мерген, кыз толгон айдай толукшуп, бой тартып, ашкан сулуу периге айланат. Жигит ууга бир кеткенде көп күнгө жоголуп, дайыма олжолуу кайтып жүрөт. Ошол жигит ууга кетип жоголгон күндөрдүн биринде, кыз мунарадан түшүп келип суу алып жатса, көлдүн аркы өйүзүнөн бир караан көрүнөт. «Эрим келаткан экен» – деп, аябай кубанып:

– Тезирээк кел! – деп кыйкырат.

Караан көл менен сүзүп жөнөйт. Жакындашып келгенде караса, башка жигит. Кыз коркуп кетет да, жогору көздөй качып чыгып, шатысын тартып алат. Тигил неме кайтып, артын көздөй сүзүп жөнөйт. Бул караан дагы бир мамлекеттин ханынын эрке уулу эле. Жигит ошол замат элине чаап келип, ордого кирип жатып алат.

Ордунан турбай, эчен күн даам сызбай коёт. Хан табыптарды чакыртса, эч кимиси жигитти оору дебейт.

Ошондо жигит алыс бир тоонун арасынан сулуу перини көргөндүгүн, ансыз бул дүйнөдө жашай албастыгын, эгер ага жетпесе, өзүн өзүөлтүрүп саларын айтып, зар какшайт.

– Ошол көлдүким билет? – деп, хан элин чакыртып сурайт.

Элден эч сөз чыкпайт.

– Ханым, ат башындай алтын, күчүк башындай күмүш берсең, мен таап келем – деп, эл ичинен бир кемпир чыгып айтат.

Хан кемпирдин айтканындай кылып, жолго чыгарат. Кемпир эшегине эмерегин артып көп жүрүп, акыры көлгө жакындаганда эшегинин бутун таш менен уруп сындырып алат да, муңканып ыйлап, мунарага жакындап келет. Зеригип олтурган кыз кемпирдин абалын көрүп, мунарадан түшүп келет. Кыз зар какшаган кемпирден иштин жөн-жайын сурайт. Кемпир алыстан келатканын, башка бир кандыкта жалгыз сулуунун жашагандыгын, ошого баратып минтип буту сынып ара жолдо калып олтургандыгын айтат.

– Жашыбаңыз – деп, кайрат айтып, кыз кемпирди сооротот да, – эми эшегиңиз айыкканча мында жүрө бериңиз, – деп үйүн көрсөтөт.

Жигит уудан кеч келип, үйүнө кирсе, кемпир отурган болот. Аялы анын жөн-жайын айтат.

– Жакшы болуптур, сага эрмек болот, жалгыз отуруп зеригип жүрдүң эле – деп, жигит аябай сүйүнөт.

Ошентип, күндөр уча берет. Арадан бир топ мезгил өтүп кетет. Жигит баягысындай эле айлап ууга чыгып, көп түндөрүкелбей, көбүнчө олжолуу кайтып, күн кечирет. Ал эми кыз болсо, баягысындай эле эри келгиче кусаланып, кемпирге көп бой бербей, өзүнчө жүрө берет.

Күндөрдүн биринде жигит бир топ күнгө кеткенин билип, кемпир сөз баштайт.

– Кызым, – дейт кемпир, – деги силерге түшүнбөйм, бул эмне деген жашооңор. Элден алыс, жалгыздап минтип азап чегип, эмнени ойлоп жүрөсүңөр. Ана жашоо деп биз жактын кыздарыныкын айт, каштарын жиптей чийип, эндик-упа сүйкөнүп, дүйүм-дүйнө алтын, күмүштөрдөн: билерик, седеп, шакек, шөкүлө дегендерди тагынып алышса, анык эле перилердин өзү, мына – деп, анча-мынча атыр-упа, эндигин кызга берип, аны жасап коёт.

Кыз күзгүдөн өзүн көрүп, андан бетер сулуу болуп тургандыгын байкайт. Ошентип, кемпир кызды күндө сөзгө салып, арбай берет, арбай берет.

– Сен минтип кусаланып жүрө бербе, мен сага бир сулуу десең сулуу жигит табамын, а сен эриң кеткенде ошол жигит менен ойноп жүрө бер – деп, бир күнүайтат.

Кыз ага макул болот. Куу кемпир буга ичинен жым дей түшөт да, эртеси жигитти алып келет. Хандын уулу кызга эң бир сонун жалтылдаган буюмдарды көрсөтөт. Кыз аларга башы айланып, чексиз кубанычка батат. Жигит менен кубалашып ойноп, көңүл ача баштайт. Күндөр айга созулат. Кыздын эри ууга чыгып жоголуп кетип, баягысын өзгөртпөйт. Беркилер мергенге кеткенде шапар тээп, көңүл ачышып, мерген жигит келгенде, берки хандын уулун сандыкка бекитип коюшуп, жүрө беришет.

Бир күнүжигит ууга жөнөп жатып, жолдон бир иреңи суук, сапсайган кара кишини көрөт. Тиги мерген эч көрүнбөй артка качып келип, бир чоң арчанын башына чыгып кетет. Көп өтпөй алиги иреңи суук адам да арчанын түбүнө келип, отуруп алат. Анан тебетейин алып, ичинен бир ийнени сууруп алып, бир нерселерди жобурап, жерге сайып коёт. Аңгыча ийненин ордуна эң бир сулуу кыз пайда болот. Кыз ийиле тиги кара немеге таазим кылып, жанына отурат. Ошентип, экөө бир топ кучакташып ойногон соң, тиги киши кыздын тизесине башын коюп уктап кетет. Ал уйкуга киргенден кийин кыз да жакасынан бир ийне сууруп алып, бир нерселерди айтат. Ошол замат сулуу жигит тура келет. Кыз акырын кара кишинин башына ташты тартып коюп, жигит менен ары көздөй токойго чуркап жөнөйт. Кыз-жигит көпкө кубалашып ойноп, элжиреше сүйүшүп жүрө беришет.

Мерген жигит түшүп келейин деп, кайра: «Эмнеси болсо да окуянын аныгын көрөйүн» – деп отуруп, үйүжагын караса, көлдүн жээгинде өзүнүн аялы менен бир бейтаныш жигит кубалашып күлүп жүрүшөт. Мерген буга таң калат. Аңгыча берки кыз келип, тиги жигитин бир нерселерди айтып, ийнеге айландырып, жаасына саят да, кара кишинин башын тизесине коюп, отура кетет. Көп өтпөй кара киши ойгонот да, кызды ийнеге айландырып, жаасына сайып жөнөп калат. Бул убакта кеч кирип калган болот. Мерген дароо дарактан түшүп:

– Бас, алдыма түш! – деп, тиги кара немеге мылтыгын кезеп, айдап алат.

Айдап үйүнө келет да, кемпирге бүгүн жети адамга тамак даярдоосун айтат. Кемпир аң-таң калып, жигитке карайт. Жигит сөзүнө бек турат. Ошентип алар тамакка олтурат. Ошондо жигит мылтыгын алат да, чоочун адамга сундуруп:

– Тап жанагы кызды, болбосо атып өлтүрөм! – дейт.

Тиги киши эч нерсени билмексен болуп, ийинин куушурат. Жигит мылтыгын октоп, тигинин маңдайына такайт. Кара киши коркуп кетип, тебетейиндеги баягы ийнени алып, бир нерселерди жобурап, жерге саят. Дароо сулуу кыз пайда болот. Эми мерген жигит кыздын маңдайына такап, жанагы бирге ойногон жигитин табуусун буюрат. Кыз бир аз тарткынчыктап туруп, жакасынан ийнени алып, кереметин көрсөтөт. Жигит да пайда болот. Эми мерген жигит тиги үчөөнүтең досторконго олтуруусун өтүнөт. Баары олтурушкандан кийин жигит кемпирди чакырат, алыстан көргөн, аялы менен ойногон жигитти табуусун өкүм кылат. Кемпирдин өңүмиң түргө бузулуп, ар нерсени айтып актанат.

– Мен бир кандын вазиринин кызы элем – деп, биринчи болуп, кара киши ийне кылып сайып алган кыз сөз баштайт. – Бул жигит кандын уулу. Экөөбүз кичинебизден эле бир чоңоюп, бир өстүк. Ошентип жүрүп экөөбүз сүйүшүп калганбыз, кийин билинди. Биздин үйдө бир кемпир боло турган, ошол кемпир мага кичинемден ар кандай айла-амалды, сыйкырчылыкты үйрөтүп жүрчү. Биз эрезеге жетип, тилектерибиз орундалар чакта жанагы кара киши мени уурдап кетти да, дайыма өзүменен ала жүрчүийнеге айландырып салды. Мен да көп каршылык көрсөттүм. Бирок тигинин сыйкыры меникинен ашыкча болуп чыкты. Айлам кетип, сүйгөнүмдөн ажырап калуудан коркуп, бул жигитти да мен ийне кылып сыйкырлап алдым – деп кызык сөзүн аяктады.

Мерген колуктусун издеп таппай калат. Ал баягы өзүкөргөн жигит менен качып кеткенине көзүжеткенден кийин, тигилерди калтырып, мунарадан чыгып кетип, элине келген дейт.

ЭТИРМАТ ДӨӨ

Илгери-илгери Гаршас деген хандын жападан жалгыз уулу болуптур. Күндөрдүн биринде хандын уулу уудан келатып, бир үңкүрдүн эшигинен кийик көрөт. Антип-минтип аткыча кийик качып, үңкүрүнө кирип кетет. Жакындап барса, үңкүрдүн ичинде айдай сулуу кыз турат. Жигит салам айтпай эле кыздан жанагы кийиктин кайда кеткендигин сурайт.

– Ошол мен да! – деп, кыз кийикке айланып, качып жөнөйт.

Ойду ой дебей, тоону тоо дебей, суулар кечип, жигит кийикти кууп кете берет. Акыры эчен убак куугандан кийин кийик кандын ордосунан алыс жердеги атайын курулган чебине ашып түшүп кетет. Чептин бийиктиги сегиз кез, жигит кире албай туруп калат. Арттан келген жигиттер дароо эле чепти ороп алышат. Бул жөнүндө канга да кабар жетип, бүт элин жыйнап келет да, кармоого буйрук берип:

– Кийикти эч кетирбей кармагыла, эгер кимде-кимдин башынан аттап качып кетсе, ошонун башы алынат.

Эл жакындап келгенде кийик Этирмат деген дөөнүн башынан аша секирип, качып жөнөйт. Кийикке кошулуп Этирмат да качат. Артынан кандын желдеттери кууп жөнөйт. Куугун эчен күн, эчен айга созулат. Бир күнүкачкандын алдынан чубалжыган кербен жолугат. Алдында топ-топ атчандар болот. Бул бир кандын уулу болгон экен. Этирмат жетип, ханзаданы айлана качат. Аңгыча куугун да жетип келет. Ханзада эмне себептен булардын минтип жүргөнүн сурайт.

– Эгерде, – дейт Этирмат болгон окуяны айтып, – мени өлтүрбөсө, ошол кызды табышты билет элем, мени эптеп алып калыңыз, таксыр, – деп жалынат.

Ошондо жаш ханзада куугундун башчысына:

– Менин кербенимди, бүтүн алтын-күмүш байлыгын ал, бул дөөнүмага бер, ханга өлтүрдүк деп айтып баргыла, – деп, сөз салат.

Куугунчулар макул көрүшөт. Ошентип, Этирмат ханзада менен калат. Ошондо Этирмат дөө ханзададан не жүргөнүн, эмне иш менен кербен тартып келатканын, дөөнүн кандай кереги тиерин сурайт.

Анда ханзада Чынмагын деген шаарда дүйнөдөгүэң сулуу кыз барлыгын, ошол кызга үч жылдан бери жол жүрүп келаткандыгын айтат.

– өкүнүч! – деп, кейип жиберет дөө. Сен эң кыйын нерсеге баш коюпсуң. Ал кызга жетиш деген жокко эсе нерсе. Антсе да мени өлүмдөн алып калдың. Мен гана эмес, эчендеген дөөнүн пулун төлөп койдуң окшойт. Эми сен үчүн өлгүчө бар күчүмдүжумшап көрөйүн. Эми мага кырк күн мөөнөт бер, кырк күн уктоого тийишмин. Андан кийин кырк күнү-түнүжолго түшүп издейм – дейт.

Ошентип, дөө бир үңкүргө барып, катуу уйкуга кирип кетет. Ханзада кырк күнгө чейин анын жанынан кетпей, жан багат. Кырк бир күн дегенде дөө оор үшкүрүп тура келет. Туруп ханзаданын кырк күндө чогулткан эт-оокатын дароо эле жеп коёт.

– Эми жолго чыгам, кырк күн мени күт, эгер андан кечиксем, кете берсең болот, анда менин өлгөнүм – деп, дөө тоюп, жигитке кайрылып жолго түшөт.

Чынмагын хандыгын көптөгөн тоскоолдор тосуп турчу экен. Этирмат көп күн жүрүп, биринчи көпүрөгө туш болот. Көпүрөнүн ар бирин бештен сакчылар кайтарчу экен. Көпүрөнүн үстүндө теңгедей жер калбай коңгуроо илинип коюлуптур. Эгер бир коңгуроо шыңгыраса, бүт хандыкка угулчу экен. Этирмат кубулуп балага айланат да, оозуна суу ууртап, эч кимге көрүнбөй коңгуроолордун ичине суу бүркө берет. Акыры коңгуроолор толгондон кийин чымынга айланып учуп өтүп кетет.

Андан ары барса, кырк чал жол карап отурган болот. Этирмат дароо кайырчыга айланып, алыстан сайрап барат. Аларга салам айтат. Алар Этирматтан кайдан келгендигин сурайт. Этирмат дубана Мажуруп деп өзүн тааныштырат. Ушул жактан экен, тириликтин айынан мында келгенин кабарлайт.

– Муну өлтүрүш керек, бул бир Чынмагынга өтөм деген аяр болуу керек – дейт бир кары.

Кечинде кесел болуп окустап калат.

– Кой, бул жаман кесел го, алыс тоого алып барып таштайт.

Этирмат андан ары жолго түшөт. Андан ары жолдо кырк кыз жолугат. Кыздарга жаман кийим кийинген жетим кыз болуп көрүнөт. Кыздар аны түртүшүп, кандай неме деп жийиркенишет.

– Койгула, от жаккыч болсун! – дейт кыздардын бири.

Кыз от жагып, суу ташып калат. Акырындап кыздарга аралашып, ар кандай оюндарды уюштурат. Дүмпүлдөк, селкинчекти көрсөтөт. Кыздар Этирматка үйүр ала башташат. Кыз көз таңмай, өзүн өзүбайламай оюндарын үйрөтөт. Бир күнүкыздардын баарын өздөрүн өзүнө байлатып таштап, андан ары жөнөйт.

Дагы жол жүрүп, кырк жигит тоскон жолго туш болот. Аларга жаман кийинген жетим бала болуп көрүнөт.

– Ата-энем өлүп, жетим калдым. Эптеп жанымды алып калгыла, ат баккыч болоюн – дейт аларга.

Жигиттер ыргылжың болуп, акыры макул болушат. Жигиттер күндө байге чабышып, көк бөрүтартышчу экен. Байгеде Этирмат кимдин атын бакса эле, ошол биринчи чыга берет. Ошентип, Этирмат сыйга бөлөнүп, кадыры ашат. Дөө жигиттердин аттарынын бардыгын ээликме кылып таптайт. Бир күнүбайгеде кырк жигиттин аттары бүтүн ээлигип, жигиттерди дайынсыз ала качып кетет.

Этирмат андан ары жүрүп олтурат. Эми алдынан кырк кабанаак ит чыгат. Дөө жигиттерде жүргөндө сөөктөрдүжыйнай берген экен. Иттерге сөөктөрдүыргытат. Андан ары өтүп жолго түшөт.

Акырында барса учу асманга жеткен чынар теректин түбүндө жети баштуу ажыдаар кайтарып турат. Ошол теректин башында алтын капаста кыз отурат. Алтын капасты Семурук карап кайтарат. Этирматтын айласы кетип, муну ойлоп табат. Бир оонап, он беш баштуу ажыдаарга айланат. Муну көргөн жети баштуу ажыдаар: «Бизди алмаштырууга кан жиберген экен» – деп, баштарын ийип, таазим кылып, чынарды таштап кетет. Этирмат дароо кушка айланып, чынардын башына чыгаарда Семурук дөө көрүп калат. Этирмат өзүнө келип, Семурук дөө менен кармаша кетет. Ошондо Этирмат:

– Семурук, сен да колго түшкөн байкушсуң, ушул бир кызды кайтарып отурганыңда не пайда. Сенин да урук-туугандарың бар. Андан көрө кызды ханзадага алып барып берип, Көйкапка кетели – деп ийге келтирет.

Ошондо Этирмат санаса, чыкканга отуз тогуз күн болгон экен. Алар ошентип кызды капасы менен алып учуп жөнөшөт. үч күн дегенде үңкүргө учуп жетишет. Семурук дөө адам көрсө эле жутуп жиберчүэкен. Этирмат балдарды ага көрсөтпөй Семурукка жооп берет. Семурук сүйүнүп учуп кетет.

Жигит түңүлүп калган экен. Этирматты көрүп, аябай сүйүнөт. Ошондо дөө мындай дейт:

– Силер, эми бара бергиле, мен кырк күн уктаймын. Кырк күндөн кийин артыңардан жетип барам. Кырк күнгө чейин ушул иттин артынан калбагыла – деп бир ит берет. – Кырк күндөн кийин силерди өзүм жеткирбесем, жолдо кыздын атасы ар кандай тосмолорду койгон, андан өтө албайсыңар. Иттен адашпагыла – деп кайта-кайта тапшырат.

Кыз-жигит жолдо чатыраш ойноп баратышып, бир күнүалаксып иттен адашып калышат. Андан жүрүп олтуруп, түндө бир эски сарайга туш болушат. Кайра тартууну ойлонот, бирок арткы жолду да билбей коюшат. Аңгыча сарайдан бир адам чыга калат.

– Ээ, бизге мындай жемиш, даяр болобу! – деген үн чыгат сарай тараптан. Короосунан караан чыга калып эле, жигитти кармап колтуктап, сарайга кийирип кетет. Сүйүнгөнүнөн тиги кызды байкабай калат. Кыз бадалга кире качат. Көрсө, ал жерде жети бир тууган дөө жашачу экен. Жигитти чоң жыгач челекке туздалган сууга салып коёт.

Эми сөз ит жөнүндө болот, ит артына карабай жүрүп баратып, суусап жол боюна отура калса, артында тигилер жок. Ошол жерден адашканын билип, артка Этирматка карай чуркайт. Этирматка жетип, ары жагынан, бери жагынан булкат, дөө ойгонбойт. Акыры оң бутунун балтыр этин жулуп алат. Ошондо дөө чочуп кетип ойгонот да, дароо иштин жайын түшүнөт. Ошол замат учуп жөнөйт. Этирмат баягы сарайга жетип:

– Сүйлөш! – деп бакырат.

– Сүйлөй тур! – деген сарайдан сөз чыгат.

Аңгыча дөөлөрдүн бири чыгат. Сүйүнгөн дөө Этирматты да кармап кирем дегенде, Этирмат тигинин башын жулуп ыргытат. Ошентип, алты жолу ыргытып, кыйкырып алтоону тең жайлайт.

– Сүйлөш! – деп, жетинчи жолу бар үнүнчө кыйкырат. «Сүйлөй тур» деген үндөн тоолор көчүп, жер жарылат.

– Ким! – деп, кыйкырат сарайдагы дөө.

Этирмат атын айтат. Жетинчиси ошондо жүгүрүп чыккан экен. Ошондо экөө алыша кетет. Кыз да жетип келет. Эки дөө эчен күн алышкандан кийин Этирматтын алы кете баштайт. Ошондо кыз теке чылбырын тиги дөөнүн бутуна ороп, атка байлап, бутун тартып жөнөйт. Жетинчисин ушинтип өлтүрүшөт.

Сарайга киришсе, жигит өлүм алдында жаткан болот. Дароо сууруп алышып, таза сууга салышат. Жигит үч күндө араң эсине келет.

– Бул канча адамдын башын жеген суу! – деп, Этирмат жыгач челекти чаап сындырат.

Ошентип, үчөө ошол жерге көпкө жашап калышат. Ханзада менен дөө күндө ууга чыгып жүрүшөт. Ар дайым дөө кетээрде кыздан сарайдын бир эшигин эч ачпоону сурап жүрөт.

Күндөрдүн биринде, кыз кир жууп отуруп, оюна сарайдын бир эшиги түшөт да, ачууну ойлоп кызыгат. Акырын барып ачса, бир кара, бир сары торпок байланып турат. Эшиктин алдында турган кара торпок жалына баштайт.

– Айланайын, бизди чечип кой, биз да бир карыппыз, бизди жети бир тууган дөө көп жыл мурда ушундай кордукка салган – деп, какшайт. Кыз кара торпокту чечип, сарайына барганда кара торпок дөөгө айланып, кызды: – Сары торпокту чечпе, – дейт.

Бирок кыз ошол учурда чечип койгон болот. Ошол замат экөө тең дөөгө айланып, кызды кармашып, учуп кетишет. Көрсө бул эки дөө да бир учурда кызга сапар тартышып келатканда, жети дөө колго түшүрүп, торпок кылып байлап койгон экен. Эми максаттарына жетип, учуп кетишет.

Дөөлөр кызды алып барышары менен кыз коркуп кетип, төрөп коёт. Түндө кыз жатып түш көрөт. Түшүндө Этирмат дөө:

– Кара дөөгө тишим ооруп жатат, – деп айт. Дабасына Шахирстан деген чөлдө ит жеген жарты төө жатат. Ошонун бир кабыргасын сөгүп алып күйгүзүп, күлүн бассам тишим басылат экен деп айт, – дейт.

Кыз түшүн кара дөөгө айтат, ал айткандай аткарат. Этирмат дөө ошол жарты төөнүн этине келген болот.

– Жарты төөнүкайтып ордуна жеткирип кел, – деп айтат кара дөөгө кыз.

Дөө төөнүалып кетет. Ошондо Этирмат туруп, мындай акыл үйрөтөт.

– Кара дөө келгенде уулуңду чымчып ыйлата бер, – дейт. – Неге ыйлайт деп сураса, кара дөө жанын айтсын, мен ага жанымды кошом деп жатат де.

Аңгыча кара дөө келет. Кыз Этирматтын айтканын кылат. Ошондо дөө: жердин жети түбүндө эки тоо бар экенин, эки тоонун түбүндө чоң көл бар экенин, көлдүн түбүндө жагал кийик отторун, кийиктин ичинде тешик үңкүрдүн ачкычы бар экенин, ошол ачкычтын оордугунан кийиктин ичи салаңдап, жер чийип калгандыгын, эгер үңкүрдүачса, бир кара, бир сары кептер отурарын, ошол эки кептер эки дөөнүн жаны экенин айтат.

– Уулум, жанын сары кептерге кошпой, кара кептерге кошсун. Эптеп сары кептерди өлтүрө келсин, – деп табыштайт.

Бул сөздөрдүн баарын Этирмат угат да жолго түшөт. Этирмат кара дөөнүн айтканындай кылып кийикти өлтүрүп, ачкычты алып, үңкүрдөгүкептерканага барат. Кептердин карасын дароо өлтүрүп, сарысын мойнунан сыга кармап, сары дөөгө келип:

– Сары дөөгө жан керек болсо, жерге түшүрүп кой, болбосо өлүмүң менден! – деп өкүм кылат.

Сары дөө үчөөн жерге алып түшөт. Этирмат көп жүрүп тигилерди өзүнүн үйүнө, Көйкапка алып барат.

– Келиндүүболдум! – деп, дөөлөргө жар салып, кырк күн той берет. Кыз-жигит алтын уук, күмүш кереге, ак өргөө көтөрүп берет. Этирматтын улуу келини тиги экөөн көрө албай жүрөт.

Адам баласына эле үйрүлүп түшө берет, – деп, кайнатасына нааразы болот. Эптеп адам балдарын өлтүрүүнүойлойт. Улуу келини бир чаян табат да, кыз-жигит күндө жуунчу сууга салып коёт. Дагы бир күнүкыз эртең менен жуунуп жатканда Этирмат суудагы чаянды көрүп калат. Чаян кызга жармашарда Этирмат жетип, чаянды кагып жиберет. Чаян жанчылып, бир тамчы каны кыздын бетине жабыша түшөт. Кыз дароо эси ооп жыгылат. Этирмат айласы кетип, кыздын бетиндеги канды соруп түшүрө баштайт.

Ошол учурда Семурук асмандан учуп келет да, улуу келин бекитип койгон чаянды алып чыгат. Окуяны башынан айтып берет. Этирмат улуу келинин кууп жиберет. Кеңешип олтурушуп Семурук кыз-жигитти өз мекенине жеткирүүнүсурайт. Ошентип, Семурук адам балдарын өз өлкөсүнө алып жөнөгөн экен. Семуруктун таскагынан кээ кезде жылдыздар кагышып, учуп барат имиш. Бул бизге түндө көрүнүп жүрөт, – дейт.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

19-04-2011
Жомокчу
22371

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×