Добавить статью
8:36, 20 апреля 2011 100921

Жомоктор топтому

КАШКУЛАК

Илгери бир өткөн заманда Абалкан кандын тушунда бир абышка-кемпир эптеп жашап жүргөн экен. Абышка жалгыз кер байталын минип алып, күндө койгон капкан-тузагына эмне түшсө ошону үйүнө алып келип, кемпири экөө күн кечирет. Күндөрдүн биринде абышка капкан салган жерине келсе, капканга кашкулак түшүп калыптыр. «Куда кааласа кемпир экөөбүзгө эки-үч күндүк оокат табылды» – деп, ичинен кымылдайт да, капкандын казыгын сууруп, кашкулакты өлтүрмөк болот. Ошондо кашкулакка тил бүтүп:

– Айланайын, ата, мени өлтүрө көрбө, сизге бала болоюн, кемпир экөөңдүата-эне деп, колумдан келишинче сизди багайын – деп, жалынып-жалбарып, абышканын алдына жыгылып ыйлайт.

Абышка өмүрүндө мындай укмушту көрбөгөн неме нестейип, эси ооп жыгылат. Бир маалда эсин жыйып караса, жанында кашкулак, капканга чаптырган бутун кармап ыйлап отурат. Абышка көптүкөргөн кыраакы адам болгон соң, эмне болсо да бул кашкулакты кемпирге тирүүалып барайын деп, капкандан чыгарбай сүйрөп жүрүп отурат, зоонун түбүндө отурган үйүнө келип:

– Оо, кемпир, мен бир укмуштуу нерсеге кабылдым, келип көрчүсен! – деп, кемпирин чакырат.

– Бул кашкулак семиз экен, эки-үч күндүк оокат таапсың абышка, андан көрө тез сой, шорпо жасай коёюн – деп, кемпир шыпылдайт.

Ошондо кашкулакка кайра тил бүттүп:

– Айланайын, энеке, андай дебеңиз, мени бала кылып алыңыз, силерди багууга жарайм – дегенде, кемпир көзүнүн жашын көл кылып ыйлап, эси ооп жыгылып түшөт. Абышка кемпирге суу чачып, эсине келтирип туруп:

– Көрдүңбү, кемпир, өмүрүыңаа деген баланын үнүн уккан жок элек, бала болоюн деген сөзүнө кубандым, ушуну бышырып жегенде кай муратка жетет элек, андан көрө коё берейин – деп, кашкулакты капкандан чыгарып коёт.

Ошондо кашкулак ата-эне деп, абышка-кемпирге жүгүнөт да:

– Мен сиздерге тез оокат таап келейин – деп, кашкулак желе-жорто жөнөп кеткен экен. Ошондо абышка-кемпирдин мууну бошоп, ыйлап отурушат. Абышка капканды сүйрөтүп үйгө келгенде, кеч кирип калган. Кашкулак ата-энеме оокат таап келем деп кеткенде, караңгы түн түшкөн болуп калат. Бир маалда шарт эшиктен кирип келип:

– Мына сиздерге оокат! – деп, көп кекилик-чилди абышка-кемпирдин алдына таштап коёт. Абышка менен кемпир аябай таң калып, кекилик-чилди колдоруна кармап көрүп:

– Чын эле кекилик-чил экен – дешип, таң калышат да, кашкулакка карашат. Ошондо кашкулак жылтыраган курч көздөрүн күлүңдөтүп:

– Сиздерге ыракмат, мени өлтүргөн жоксуңар, эми мен сиздердин балаңармын, мындан кийин өзүм багам силерди, – дейт.

Ошондо шордуу абышка-кемпир көздөрүнө жаш ала ыйлап:

– Мунусуна да шүгүр – деп, аябай сүйүнүшөт. Ошентип, абышка-кемпирди Кашкулак баласы түн ичинде таштын коңулунда жаткан кекилик-чилди секин кармап келип, кекилик-чилдин этине карк кылып, абышка-кемпирди бага баштайт. Күндөрдөн күн өтүп, айдан ай өтүп, жыл мезгили болгондо, абышка кемпирдин жүзүжаркып, балпайган аппак кемпир-чал болуп, анча-мынча мал күтүп, турмушу оңоло баштайт. Жамандык жерге жатабы, бул аңыз элдин кулагына да жетет экен. Ошондо эл ичиндеги акылмандар «кайыптан жардам болуп, баягы бала көрбөгөн шордуу абышка-кемпир бир Кашкулак бала көрүптүр» дешсе, кээ бир адамдар: «Жок андай эмес, кемпир түн ичинде ыйлап отурса, бир адам келип, бала кылып ал деп, колуна кашкулакты берип, көздөн кайым болуптур» – деп, түрдүүайыңды айтышат.

Ошондо абышканын Кашкулак баласы атасына мындай дейт:

– Ата, сиз зоонун түбүндө жалгыз отурбаңыз, эл аралап конуңар – дейт экен.

Кемпир-чал баласынын тилин алып, эл аралап конот. Бир күнүабышка кер байталды токуп минип, айыл аралап конуп калган экен.

– Мен да барам, – деп, ошондо Кашкулак уулу атасынын артынан желе-жорто кошо жөнөйт. Айылга жакындаганда, айылдын иттери абалап үрүп, кашкулакты тегеректейт, ошондо абышка коркуп кетип иттерге тап бергенде баласы:

– Ата, убара болбой, жөнөй бер, бул иттер мага жолой албайт, – дейт.

Абалап келген топ итке кашкулак тишин ырсайтып койгондо, иттердин баары коркуп, туш-тушка качат.

Айылдын адамдары кашкулакты көрүп, таң калышат да:

– Ээ, аксакал, сен бул кашкулакты эмне ээрчитип жүрөсүң? – деп, шылдыңдай башташат.

Кашкулак адамча сүйлөп, адамдарга кайрылып:

– Силер эки аяктуу макулук болсоңор, мен төрт аяктуу макулукмун, менден силердин кандай артыкчылыгыңар бар? – деген экен.

Көпчүлүк адамдар көзүнөн жаш чыкканча күлсө, кээ бир адамдар эси чыгып үйлөрүнө качат.

Мына ушундай аңыз угулуп, кандын шаарына да жетет, күндөрдүн биринде кандын желдети келип, абышкага мындай деген экен:

– Сизди кашкулак баласын ээрчитип келсин деп кан чакырып жатат, – дейт.

Абышка-кемпир нары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп балама зыяны тийбес бекен дегенде, кашкулак баласы:

– Ата, коркпой бара бер, оозуңа эмне кирсе, ошондой сүйлөй бер, менден кеп сураса, өзүм жооп берем, – дейт.

Ошентип, абышка баласын ээрчитип кандын шаарына келген дейт. Ошондо кан кашкулак ээрчитип келе жатканда абышканы көрсүн деп он жети жашка чыккан ай десе ай, күн десе күндөй болгон сулуу Айпери деген кызын чакырып, кашкулакты көрсөтөт. Кашкулактын чоңдугу иттен чоңураак боло турган. Айпери сулуу кашкулакты таңыркап карап турганда, абышка салам айтып, канга жүгүнүп, ырайым тилейт.

Кашкулак да канга таазим кылып, Айпери сулууга жүгүнүп:

– Кандай жакшы жүрөсүзбү, Айпери сулуу? – дейт.

Кыз селт этип, атасын карайт.

– Менин атымды кайдан билет бул шумпай, – дейт. Ошондо айткан сөзүн биле койгондо:

– Сиздин сулуулугуңуз ай сыяктуу экен, ошондуктан атыңыз Айпери болсо керек деп айта салдым, каныша – деген экен.

Кан айран-таң калып абышкага:

– Бул кашкулакты кайдан таптың, чының айт, калп айтсаң, тилиңди кесип салам! – деп коркутат.

Абышка коркконунан айтмакчы болгондо, Кашкулак уулу:

– Каным, баш кесмек бар, тил кесмек жок! – дептир.

Айдан ай өтүп, жыл маалы болгон кезде, Кашкулактын аябай өңүазып, арыктап кетет. Кыраакы абышка-кемпир баласына жалынып-жалбарып:

– Эмне үчүн мурункудай өңдүүболбой, арыктап кеттиң? – деп сурашат.

Кашкулак баласы: – Мен кандын кызына ашык болуп калдым, кандын Айперисин мага алып бер, – дейт.

Абышка-кемпир коркуп: – Кокуй, балам, андай дей көрбө, кан кызын бизге бербейт, – дейт.

Ошондо Кашкулак уулу чочуп кетип:

– Ата, кокуй дебеңиз, мен Айперисиз жашай албаймын, андан көрө канга жуучу болуп барып келиңиз, – деген экен.

Ошондо кемпир-чал ойлонуп отуруп:

– Барса барайын, бирок мени өлтүрүп койсо, энеңди жакшы багып ал, – дейт.

– Ата, эч ойлонбо, канга мен жуучу болуп келдим, кызыңды менин Кашкулак уулума бер деп ачык айт. Коркпо, эмне десе да мага айтып кел, – дептир.

Абышка кемпири менен акылдашып, кер байталга минип, кандын шаарына жөнөп кетет.

Көп узабай кандын шаарына келип:

– Мен жуучумун, жуучулукка өлүм жок! – деп, кандын дарбазасын каккылайт.

Кандын обозгерлери мунарада кан менен сейилдеп отурганда, кароолчусу канга кирип, абышканын жуучулугун угузат. Кан обозгерлери менен сурак кылуучу жайга ээрчитип келип, сурай баштайт:

– Кандай жуучусуң! Кимге? Эмнеге жуучусуң? – деп сурашат.

– Каным, кызыңды менин Кашкулак уулума бергин? – дейт.

Кандын ачуусу келип:

– Мына бул акылсыз чалды айыбы үчүн буту-колун чагып, байталына артып, коё бергиле, озондотуп! – деп буйрук кылат.

Обозгерлер жигиттерин чакырып алып, абышканы карматып, буту-колун ташка койдуруп чагып, эсин оодарып кер байталга таңып, коё берет.

Кер байтал абышканын өлүктөй денесин көтөрүп келе жатканда, кемпири көрө коюп, өкүрүп-бакырып:

– Кайран абышканы өлтүрүп коюшкан экен! – деп ыйлайт.

Кашкулак баласы желе-жорто байталга жетип:

– Эне, атам тирүүэкен, ыйлаба, – дейт да, – үйгө төшөк сал, атам уктап эле тура калат, коркпо, – деп, байталдан абышканы түшүрүп, кийирип, жаткызып коюп, энесине от жагып, оокат жасоого буйрат.

От жагып, оокат асып коюп, кемпир үйгө кирсе, абышка чүчкүрүп-бышкырып:

– Мен уктаган экенмин, кемпир – деп, күлүп коёт.

Абышка буту-колун кармап көрүп, өзүнчө кобурайт:

– Тобо, мени чалажан кылып, буту-колдорумду ташка коюп чакпады беле, эми карачы, кемпир, эч жерим оорубайт, – деп таң калат.

Жанында отурган Кашкулак баласы:

– Ата, мен жуучумун, жуучумун, жуучулукка өлүм жок деп, дагы бара бер, – дейт.

Абышка-кемпир башын ийкеп, макул болушат.

Көп кечикпей шаарга жетип:

– Мен жуучумун, жуучумун, жуучулукка өлүм жок! – деп, кандын дарбазасын каккылайт.

Ошондо Абалкан аттуу кан обозгерлери менен таң калып:

– Эми муну өлтүрүп туруп, байталга таңып, коё бергиле!- деп, обозгерлерге буйрук берет. Обозгерлер желдеттерин чакыртып, абышканы кыйнап өлтүрүп, белден омкоруп туруп эки бөлүп, байталга жүктөп коё берет.

Кер байтал абышканын өлүгүн көтөрүп, үйүнө келет. Кемпир абышкасын өлтүрүп, эки бөлүп теңдеп, байталга артып коё берген экен, – деп ыйлайт.

Кашкулак баласы:

– Атам өлбөйт, тирүүэле экен, – деп, мурункусундай төшөк салдырып, жаман алачыкка жаткызып коёт. Кемпир ыйлап отурса, абышка чүчкүрүп-бышкырып тура калып:

– Тобо! – деп, жакасын карманат, кемпири да көзүнө ишенбей, абышканы улам-улам карайт.

Эртеси баласы атасына:

– Баягы жуучулугуңду айтып, канга бара бер, ата, – дейт.

Абышка дагы шаарга жөнөйт, бат эле кандын шаарына жетти: – Мен жуучумун, жуучулукка өлүм жок! – деп дарбазаны каккылайт.

Кан обозгерлерин чакырып алып:

– Муну кандай өлтүрсөк, болбой эле келе берет экен, эмне кылабыз? – дейт.

Ошондо башкы обозгер:

– Таксыр, муну өлтүрүп туруп, күлүн көккө сапырып ийип, бир чымчым күлүн чүпүрөккө түйүп, байталдын куйругуна байлап туруп, байталды коё беребиз. Анан кандай болоорун көрөбүз, күчүжетсе тирилип көрсүн ошондо.

Кан обозгердин акылына макул болуп, абышканы өлтүрүп, өрттөп, күлүн көккө сапырып, бир чымчым күлдүчүпүрөккө түйүп, кер байталдын куйругуна байлап коё берет. Байтал жүрүп отуруп абышканын жаман алачыгына жетип келет. Кемпир көрө коюп:

– Абышка жок, чындап өлтүргөн экен. Эми эмне кылабыз? – деп ыйлап, баласын чакырат.

Кашкулак жыттап-жыттап көрүп:

– Атам кошо эле келиптир, эне – деп куйругундагы түйүнчөктүчечип алып: – Мына атам, төшөк салың, – дейт.

Кемпир шаша-буша төшөк салат. Баласы баягы бир чымчым күлдүтөшөккө коюп:

– Атам уктап турат, – дейт.

– өх! – деп абышка тура калат. Абышка бүткөн боюн карап көрүп: – Жуучулукка өлүм жок, – дейт.

Эртеси атасын эптеп тургузуп:

– Ата, канга дагы бар, – деди.

Атасы макул болуп, шаарга жөнөп кетет. Бат эле кандын дарбазасына жетип:

– Мен жуучумун, жуучумун, жуучулукка өлүм жок! – дейт.

Ошондо кан чочуп кетип, жакасын кармап:

– Кудая тобо, кандай өлтүрсөм да болбой, тирилип жатат, – эмне кылаарын билбей, мурдагыдай абышкага жаман сөз айтпай туруп, өзүнүн жан-жөкөрлөрүн, акылдуу айлакерлерин, билерман обозгерлерин чакырып алып, мындан кандай кутулаарын айтып, кеңешке чакырат.

Ошондо бир акылдуу обозгери:

– Каным, муну өлтүрүүгө болбоду, эми таксыр, мындай тапшырма берели, кандын ордосунун алдына бир мунар терек, бир чынар терек орнотсун. Анын түбүнө бир май көл, бир сүт көл орнотсун, экөөнүн балыгы бир көлдөн экинчи көлгө бири-бирине секирип түшүп турсун. Андан кийин колотто жалаң кой болсун, бул коктуда топоз, бул коктуда жалаң жылкы, бул жерде жалаң төө болсун, булар санаса адам санай албагыдай көп болсун, жанагы мунар терек менен чынар теректин ортосуна алтындан так орнотулсун, ошого отуруп кан май көл менен сүт көлдөн секирип ойноп жаткан балыкты көрүп тургандай болсун, ошонун баарын аткарса, кандын кызы Айперини абышканын уулуна беребиз, – деген экен.

Кан көп ойлонуп туруп:

– Болуптур, ушуга макул болбосо, кызымды берем, кан сөзүэки болбойт, баарын даярда, – деп абышканы чакыртып, кан абышкага убада берип, бүт элге жарыя кылат. – Муну орундатпасаң, өмүрүң өткөнчө уулуңду, кемпириң үчөөңдүзынданга салып чиритем – дейт.

«Кемпир экөөбүз го карыдык эле, ушунча жылдан бери багып жүргөн уулум эмне болот?» – деп капаланат. Кер байталга минип, абышка тез үйүнө кайтат.

Абышканын келгенин баласы көрө коюп, аябай сүйүнүп:

– Ата, эмне деди кан? – деп сурайт. Анда атасы капаланып, кандын буйругун төкпөй-чачпай баарын айтат.

– Эч капа болбо, ата, арзан эле жумуш тура, – дейт, анда баласы.

– Балам, муну кандай табабыз? – дейт атасы.

Ошондо кер байталга абышканы мингизип алып, кемпирди учкаштырып, алачыкты кашкулак баласы көтөрүп, азыноолак малын айдап, кандын шаарына жакындап келип, алачыкты тигип жатып калышат.

Эртеси кеч киргенде, кер байталды мингизип алып, өзүартынан ээрчип жөнөп кетишет. Түн киргенде шаарга кирип, кандын дарбазасына келип токтоп, эч кимге көрүнбөй, кер байталды атасына сойдуруп, калдасын кесип алып:

– Бир кулагын мунар терек, бир кулагын чынар терек бол! – деп жерге сайып коёт, саяр замат мунар, чынар терек пайда болот. Эки көзүн чукуп алып, эки теректин түбүнө коёт.

– Бириң май көл, бириң сүт көл бол, – дейт.

Эки көл даяр болот, жалын кесип алып, кылды майда кыркып:

– Балык бол! – деп, көлгө салар замат балык болуп ойноп, биринен бирине секирип турат. Кер байталдын башын жара чаап, ортосуна коюп: – Алтын так бол, кан отургандай, – дейт, ал да даяр болот. Кан-жинин, бок-сагын ар колотко чачып:

– Кой, уй, жылкы, төө бол, – деп кобурайт. Айткандай кокту-колотко түрдүүмал пайда болот. Төрт шыйрагын төрт жерге сайып, төртөөң төрт алтын мамы бол, кандын күлүк аттары байлангыдай болсун, – дейт. Ал дагы орундалат.

Абышка баласына аябай таң калып туруп сүйүнүп:

– Ыракмат, балам, өнөрүңө, – дейт.

– Эми этти мага арт, ата, калдасын кошуп – дегенде абышка Кашкулакка бир байталдын санын сан, колун кол кылып майдаланган этти бүт артат. Баласы:

– Ата, секин эч кимге көрүнбөй келе бер – деп, өзүжеле-жорто жөнөйт. Этти кер байтал байланган жерге илип коюшат да, жатып калышат. Бир маалда байтал кишенейт экен, ошондо абышка чочуп ойгонуп, эшикке чыкса байтал байланып турат. Атасы сүйүнүп, кемпирге кеп кылып отурганда, Кашкулак баласы ойгонуп, күлүп турганын көрүшөт.

Аңгыча болбой кандын чабагандары абышканын жаман алачыгына чаап жетишип, сүйүнчүайтат:

– Оо, сүйүнчү, шордуу абышка, сенин кашкулак уулуңа Айперини бермек болду каныбыз, бүгүндөн калбай тез алып келгиле. Сизге айткан бардык буйругун аткарып коюпсуз, малдын көптүгүн айтпа, тез жөнөңүз! – дешет, ошондо абышка-кемпир Кашкулак уулун соксоңдотуп кандын ордосуна жөнөйт.

Ошондо кандын кудасын тособуз дешип кан өзүбаштап кырк обозгер келген экен. Кандын ордосунун жанына төрт чоң ак үй тигилиптир, бирине абышка-кемпир кирди. Бирине күйөө бала кирет.

– Күйөө бала дегенибиз качан келет – дешип, кандын кызынын кырк кызы зарыгат. А Айпери болсо ыйлап:

– өлөмүн! – дегенден башканы айтпайт. Күйөө дегенибиз баягы Кашкулак соксоюп өргөөдө жалгыз отурат.

Кан кудасына келип:

– Эми сиз баарын орундаткан экенсиз, кырк күн тоюн берем, аземдеп туруп үй салып, кызды кийиребиз. өзүңүз келип уулуңуздун урматын көрүп жата бериңиз, – деп чыгып кетет.

Кандын кызы нөөкөр кыздарын жанына чакырбай, өзүжеңелери менен күйөө бала отурган өргөөгө кирип келет. Ошондо:

– Сулуу, эмне ыйлайсың? Сен мындай кылба. Мен сенин көөнүңө толгудай күйөө баламын, эч капа болбо! – дейт.

Кыз ага болбой:

– Саксайган өлүксүз, нары тур, сен кантип мага күйөө боло аласың – деп шылдыңдап күлөт.

Ошондо кашкулак:

– Эртеңкиге чейин мени менен болсоң, ыйламак турсун сүйүнсөң, андан көрө өлөмүн деп коркутпай, чыда, – дейт.

Кыз аябай таң калып, сүйлөгөн сөзүкызга укмуштуудай жагып, кызды тер басып балкытат, ошентип отуруп кыз уктап калат. Кыз ойгонгондо, жанында соксоюп кашкулак отурат, башка эч ким жок. «Мени шылдыңдап жатабы, же чын эле күйөө болуучу неме ушубу? Кашкулак деген макулук кантип мага күйөө бала боло алсын. Атасы ушунча дүйнөнүтапканына караганда мында бир керемет болбосун» – деп ойлойт да, Кашкулак күйөөсүн карайт, карап туруп шолоктоп ыйлайт.

Күн кеч кирип калган убак эле. Кыздын эки жеңеси боло турган, бири ынак жеңеси, бири чунак жеңеси. Чунак дегенибиз ар нерсени көп билген ушакчы, ичи тар жеңе, ынак жеңеси кызга жанкеч боло турган. Кыздын күйөөсүкашкулак болгондуктан, жеңелеринен башка эч ким киргизилбеди жана үйгө жан адам жолотподу. Кан менен каныша кыздан кабар албады, дүйнөнүкөрүп, пайгамбар жолдон адашат болуп, көрүп турган көздөрүнө ишенбей, мунар терек менен чынар теректин жанындагы алтын такта экөө жанаша отуруп, май көл менен сүт көлдүн бирине бири секирип ойноп жаткан балыктарды тиктеп, айран-таң. Күүгүм кирип, кыз-күйөөнүн өргөөсүнө чырак коёр маал болду. Ынак жеңеси чырак коюп, кызга ар түрдүүкеп-кеңеш берип отурат. Он эки канат ак өргөө эшигине каалга орнотулган алтындан. Кеч киргенде кыздын сулуулугундай айдын шооласы пайда болду. үй ичинде түн ортосу ооп калган кезде, кызды төшөк салып жаткырып коюп, ынак жеңе ак өргөөнүн каалгасын тыштан кулптап, жөнөй берди, кыз төшөккө жатып, кашкулак күйөөсүн карап отурат. Кашкулак кыздан жатууга уруксат сурады. Кыз жийиркенген сыяктуу Кашкулакка карап:

– Ушул кебетең менен кантип менин койнума жатасың? – деп, тескери карап ыйлады. Ошондо бала кашкулак кепти оңой эле чечип ийди. үйдүн ичи жарык боло түштү. Айпери сулуу кайрылып караса, адам баласы көрбөгөн бир сулуу жигит маңдайында турат. Ошондо кыз эси эңгиреп, эстен танат. Баягы ынак жеңеси шордуу кыз деп, ыйлап бара жаткан эле, кайрылып караса, үй жарык болуп турат. Аста басып келип караса, бир сулуу жигит кыздын чачын сылап, күлүп турат. Баланын сулуулугу үйдүжарык кылып турган экен. Жеңеси сүйүнгөн бойдон күйөөсүнө айтат. Күйөөсүкелип көрүп, атасы канга айтат. Кан-канышалар билгизбей келип көрүшүп, аябай таң калып, сүйүнгөндөн ыйлап жиберишет: «Кызыбыздын багы ачылган экен» – дешип, сүйүнүп жатып калышат.

Ал эми кыз менен бала көпкө сүйлөшүп отуруп, бири-бирине ыраазы экенин билгизип, махабаттын кызыкчылыгына батышат да, уктап калышат. Саар менен кыз ойгонсо, күйөөсүтөшөктөн туруп, кашкулак кепти кийинип алыптыр. Ошондо кыз:

– Муну кийбей эле койчу? – деп суранат.

Бирок бала макул болбойт:

– Жок, мен качан гана бүт сындан өткөндө таштайм, болбосо күн менден уялып, жарык шооласын жоготот. Биз күнөөгө батабыз, жаным, ашыкпа, – дейт.

Экөө сүйлөшүп отурганда, ынак жеңеси келип, кыз-күйөөгө тамак берет. Кайта кетеринде чунак жеңеси келип кызды:

– Кандай, күйөө жактыбы? – деп какшыктайт.

Кыз көзүнүн жашын төгүп ыйлайт. Чунак жеңеси кетип калат. Ошондо Айпери сулуудан күйөө: – Эмне ыйлайсың? – деп сурайт.

– Ушул жеңемен корком, бул билбеген балаа жок, айлакер неме, ушунун залалы тиеби дейм – дейт. Күйөөсүойлонуп туруп:

– Эч нерсе эмес, мунун айлакерлиги көп болсо да алты жылдан ашпайт. Андан кийин биз түбөлүк жашай беребиз, – дейт.

Кыз алты жыл дегенге көп түшүнө бербейт.

Алиги чунак жеңеси келип, күйөө-кызга ар түрдүүсөз сүйлөп отуруп, түн ортосу болгондо:

– Мен кетейин, – деп, эшикке чыгып, каалганын тышынан кулптап, үйдөн алысыраак барып кайта караса, үйдүн ичин жарык шоола каптап турат. Кайта келип караса, ай десе аркы жок, күн десе көркүжок бир сулуу бала кыз менен кучакташып отурат. Көпкө отуруп махабат кызыкчылыгына батып, уктап калышат. Алиги чунак жеңеси секин келип, күйөө баланын кашкулак кебин коломтого өрттөп жиберет. Күйөө бала башын көтөрө калып, куш болуп түндүктөн учуп кетет. Кыз күйөөсүучуп кеткенин көрүп, аябай ыйлайт. Чунак жеңеси качып кетет.

Саар менен ынак жеңеси келсе, кыз ыйлап отурат. Кашкулак күйөө жок. – Оо, кыз, күйөө кана? – деп, жеңеси сурайт. Чунак жеңеси коломтого салып өрттөгөнүн, күйөөсүкуш болуп түндүктөн учуп кеткенин айтат.

Кыздын агасы, кан-канышалар кыздын чунак жеңесин суракка алат. Ал эч сыр айтпайт, ошондо кан кызына кылган кыянатчылыгы үчүн келинин – кыздын чунак жеңесин кырк азоо байталдын куйругуна байлатып, сүйрөтүп өлтүрткөн экен.

Баягы кашкулак баласынан ажыраган кемпир-абышка боздоп ыйлап, башын ташка койгулап, баласын көрөр бекенбиз дагы деп ыйлоодо.

Кан болсо, эмне кылаарын билбей, ойлонууда. Мунар терек менен чынар теректеги тактын үстүндө канышасы экөө жакасын муунта кармап отурат. Кыз болсо ыйлай берип, эси эңгиреп, эки күндө өңүнөн азды. Ошондо кандын кызы ата-энесинен кашкулак кеп күйөөсүн издеп жөнөөгө уруксат сурайт экен.

Кан кызына күлазык камдап, темирден чокой, темирден таяк жасатып берип, кызын алыскы сапарга узатат. Кыздын кашкулак кеп күйөөсү эгер менден ажырап калса, алты жылга чейин көрбөй калышы мүмкүн, алты жыл издеп калса, мени таап калышың мүмкүн деп, мурда экөө махабат кызыгына батып жатканда сүйлөшкөндө эскертип айткан болучу.

Кандын кызы ата-энеси, тууган-туушкандары менен кош айтышып, жолго чыгат. Бир нече күн, бир нече жыл жол жүрүп кете берет. Ак кар, көк муз басат. Ошентип, алыскы жолду беш жыл басып, алтынчы жылга аяк басканда мелтиреген түз талаага туш келет. Кыздын алдынан сакалы аппак, өңү-түсүаппак, узун бойлуу бир абышка жолугат.

Кыз чочуп кетет:

– Ата, жакшысызбы? – деп, салам айтыптыр. Абышка сөзгө келип:

– Ээ, кызым, эмне кылып ээн жер, эрме чөлдө өңүңдөн азып кыйналып, мынча не азап түштүбашыңа? – деп сурайт.

Кандын кызы башынан өткөргөнүн, акырында ошол кашкулак кеп күйөөсүн издеп жүргөнүн айтат.

Жолоочу абышка ойлонуп туруп:

– Кызым, көп кыйынчылык тарткан экенсиң, мен сага жыкшылык кылайын, жакшы угуп, түк эсиңден чыгарба, – дейт. – Ушул жол менен жүрүп отурсаң, бир зоонун түбүндөгүбоз алачык учурайт. Ал алачыкта бир желмогуз кемпир жашайт. Сени көрүп күтүп отурат эшигинде. Ал кемпир: – Ээ кызым, өңүңдөн азып, мынча неге кыйналып, жол кезип жүрөсүң, башыңа эмне кыйынчылык түштү, – деп сен барарың менен сурайт. Ага эч сырыңды айтпа, сырыңды айтсаң, сени жеп коёт. Ошондуктан мен эл-жеримден адашып жүргөн бир мусаапырмын, – деп, ыйлай бер. Мени кыз кылып ал дегин, ошондо үйүнө киргизет. Киргизери менен үйдүүрпөңдөтүп катуу шамал болом. – Быягын карма, тыягын карма, – дейт кемпир. Аягын карма десе аягын, тыягын карма десе тыягын карма. Бирок таң атканча үйдүучурган катуу шамал боло берет. Экөөң тең алдан тайып, шалдырап чарчай баштаган кезде, таңды атырам, ошондо чарчаган кемпир сенин алдыңа башын коюп, кызым чачымды жул, – дейт. Сен чачын карап отура бер. Кемпирдин көзүбозоруп, аппак болуп чыгат, ошондо кемпирдин уктаган мезгили ошол. Эгер кемпирдин көзүкызарган болсо уктабаганы, агарганын байкасаң, тырышып кал деп, бүжүрөп жаткан денесине сыйпалайсың деп, кыздын колуна бир кара кыл берет. Көзүагарган кезде, ырымдап сүйкөп калсаң, ошол кыл кемпирди бүт тырыштырып, ордунан тургузбайт. Сен дароо үйдөн качып чыгып, күн чыгышты карай жол жүрөсүң, ошентип, кемпирден кутуласың, болбосо андан кутулуу кыйын, сени үйгө киргизери менен мен шамал болуп учурбасам, жеп коёт. Эми, кызым, кош бол, дагы эсен кутулсаң, жолугушаарбыз – деп, батасын берип, абышка көздөн кайым болот.

Кандын кызы ушунчалык айран-таң калды, кете берди. Бир кезде алды жагын караса, укмуштай сонун түрдүүтүстө бир кызарып, бир карарып, бир бозоруп кубулган сыяктуу жылгансып турган зоого туш келет. Чын эле түбүн караса, бир боз алачык турган экен. үйдөн жети баштуу желмогуз чыга калып алдын тосуп:

– Ээ, кызым, алдан тайып, өңдөн азып, мынча не азап түштүбашыңа? – дейт.

Кыз сырын айтпай:

– Ээ, энеке, элимден-жеримден адашкан бир мусаапыр кызмын, – деп ыйлайт.

– Кой, кызым, үйгө эрте кир, каның толсун, жаның толсун, – деп, кемпир эшик ачат, үйдүн ичинде бир соку (минер аты), сокбилеги (камчыланар камчысы) гана бар. Башка эч байлык, же өзүнөн башка жан жок экен. Кыз бир имерип карагыча эле шатырап шамал боло баштады. Кемпир жан алакетке түштү. А кыз карма деген жерин кармай берди. Таң атканча шамалдын катуулугунан үй менен кармашып чыккан кемпир, кыз чаалыгып-чарчаган кезде таң атты.

– Кызым, чачымды жул, – деп, желмогуз кемпир башын жерге койду.

Кыз кемпирдин чачын карап отурду. Бир убакта кемпирдин көзүн байкаса, көзүчын эле бопбоз болуп агарып калат. Баягы абышка берген кара кылды ала коюп, бүрүшкөн буту-колуна сүртөт. Тырышып калсын деп тилейт. Кыз эшикке качып чыгат. Кемпир мындай дейт:

– Оо, оңбогон кыз, каныңды бир аз толтуруп туруп жейин дедим эле, тилегиме жетпей калдым! – деп, бакырат, тырышкан неменин буту-колу жазылбай, ого бетер тырышып кала берет.

Кыз күн чыгышты бет алып жөнөй берет. Күндөп-түндөп жүрүп, күндөн-күн, айдан ай өткөн кезде, баягы узун бойлуу аппак сакал абышка экинчи жолу кезигет.

– Ээ, кызым, эсен-аман келе жатасыңбы? – дейт.

Абалкан кандын Айпери сулуу:

– Ооба, ата, сиздин жардамыңыз тийип, өлбөй тирүүкеле жатам, – деп ыйлайт.

– Ээ, кызым, көп жашык киши мурадына жетпей калат, андан көрө ыйлабай, кайраттуу бол! Эми кызым, көп кечикпей мындан көп жол жүргөндөн кийин дагы бир түз талаага туш болосуң, ошол түз талаанын орто ченинде такыядай болгон дөңсөө бар, дөңсөөнүн нары жагына өтсөң, бир он эки канат ак өргөө тигилип турат. Ошол үй сенин күйөөңдүн жашап турган турагы. Баягы экөөңөр кыз-күйөө болуп жүргөндө тигилген өргөө. Жигит да сени унутпай жүргөн кези. Алты жылда жолукмак экенсиңер, ага аз убакыт калды. Ал жигиттин кабары мындай: перинин кызынан туулган бала. Толгоо тартып жүргөн убагында адамзааданы көрөм деп, пери кызы жер кыдырып учуп жүргөндө, Абалкан кандын короосун көрөт, ошол жерде сен жаңыдан төрөлгөн элең. Ошондо перинин кызы да хан атаңдын кан сарайындагы мунарага чыгып төрөп, эркек төрөйт. Бир сени, бир уулун карап, экөөңдүн тең окшош жана сулуу болгонуңарды карап отуруп, перинин кызы ушул экөөңөрдүн өмүрүңөр бирге болуп, жашоого турмуш менен алышып жүрүп баш кошот экенсиңер. Менин уулум адамзаада Айпериге баш кошот экен. Ошондуктан атын Актилек, – деп коёт. Кашкулак кеп жамынган баланын аты – Актилек. Сенин сүйгөн жигитиң ошол он эки канат ак өргөөдө жашайт. Сен түз эле барсаң, аны кармай албайсың, жашынып бар. Он эки канат ак өргөөгө кирсең, сол капшытта алтындан туур көрүнөт, ошол туурдун алдына өзүңдүн боюң менен тең ор каз да, үстүн чөп-чар менен бекитип, ичине кирип жата бересиң, сен барган кезде Актилек башка жакка учуп кеткен болот, – деп кыздын колуна жибектен тор берет. – Качан сен орду казып бүткөндөн кийин, үстүн эптеп чөп-чар менен бекитип жата бер, куш болуп учуп жүргөн күйөөң келип конот. Же болбосо адамзааданын жыты жыттанат деп, үйдүайланып уча берип, акыры адамзаада кайдан келмек эле деп, учуп келип туурга конот. Конуп алып өзүнчө сүйлөйт. Уктадым, уктадым, – деп, сүйлөп калат. Көзүачык турат, бирок уктадым дегени уктабай турган учуру болот. Андан кийин уктаганым жок, уктаганым жок дей берет, ошол уктаган кези. Сен торду башынан алыс ыргыт. Ошондо жигит торго түшөт, тор-мор менен сени көтөрүп асманга алып учуп чыгат, сен коркпо, тордун учун белиңе байлап ал, кошо уча бересиң. Көзүңдүбекем жуумп аласың, качан гана күйөөң сени көзүңдүач деп үч айтпаса, эч ачпа, ошондо үч ак көгүчкөн кошо жандай учуп келип, биринчи көгүчкөн мындай дейт:

– Ээ, шордуу, чачы узун, акылы кыска жан, көзүңдүач, өлөсүң, ушундай жигиттин артынан кошо учуп, сен куш боло албайсың, ач көзүңдү, – деп кобурайт, сен да көзүңдүачпа. Ошондо экинчи көгүчкөн мындай дейт: – Койгула, кыздар, чачы узун, акылы кыска – деп кандын кызы Айперини айтпагыла, кантсе да шордуу перинин уулу Актилекти сүйүп калса кантсин, экөө тең бир күнүжерге түшкөн тура, бирге төрөлүптүр, – дейт. үчүнчүкыз айтат экен, бир күнүтөрөлгөнүмындай турсун, экөөнүн окшоштугун айтсаңар, экөө тең сулуу, жүзүнөн жарык шоола чачылат. Бул кыз төрөлгөндө, баланын энеси келип ушул кыздын кан сарайындагы мунаранын башына Актилекти төрөп, перинин кызы кандын кызынын бетине түкүрүп кеткен. Экөө окшош болгону ошо дешет. Биринчи кыз анда кызды өлүмдөн сакташ керек, болбосо кыз куш конгондо жерге катуу тийип өлөт. Ошондуктан үчөөбүз тең Айперинин көкүрөгүнөн жөлөп, аягынан көтөрүп, куш коноордо жардам кылалы дешет. үч кыз макул болуп, кызды үч жерден көтөрүп уча баштайт да, кушка карап (үчөө тең пери кыздар, ак көгүчкөн) ушунча жерден сени сүйүп, убара тартып, кыйналып жүрсө, сен эркекмин деп коркойбо, секин жерге түш, ыңгайлуу жерге кон деп, үч ак көгүчкөн кушка айткан экен. Ошондо перинин уулу Актилек пери кыздардан уялып, эсен-аман түшүрөт. Көзүңдүач! – дейт үч жолу, ошондо баягы кашкулак күйөөң кашкулак кеби жок эле, кадимки адам сыяктуу жаныңа пайда болот деген экен. Бирок өзүңө өзүң сак бол, менин айтканымдын бир эле жеринен жаңылсаң, куш колго түшпөйт, менин сөзүмдүкөкүрөгүңө бекем түй дагы жолугушууга чейин, кош кызым – деп, көздөн кайым болот.

Ошентип, Абалкан кандын кызы Айпери күндүр-түндүр жол жүрүп кете берет, күндөрдүн биринде баягы аксакал айткан такыядай дөбөгө туш келет. Дөбөнүайланып келсе, кадимки кыз-күйөө болуп, кашкулак кеп менен бирге отурган ак өргөөгө туш келет. Ичине кирсе, чын эле сол капшытта алтындан орнотулган туур турат. Кыз туурдун алдына түшүп, үстүн эптеп чөп-чар менен жаап алып, жата берет. Бир убакта байкаса, шуулдаган бир нерсе учуп келип, үйдүайлана берип:

– Ээй, адамзааданын жыты жыттанат, – деп, туурга конбой, уча берет. Эки, үч күндөн кийин: «Адамзаада кайдан келмек эле» – деп, туурга келип конот, түн ичинде куш конору менен үйдүн ичи жарык болуп калат. Бир оокумдан кийин, уктадым-уктадым деп, өзүнчө кобурайт. Андан кийин кайта эле: Уктаганым жок, уктаганым жок, – деп калат. Ошондо кыз торду куштун башына ыргытат. Куш торго түшөт да, чочуп кетип, он эки канат ак өргөөнүн түндүгүнөн уча качат. Кызды көтөрүп учуп, көп күн жүрөт. Бир кезде үч көгүчкөн шакылыктап күлүп, жандан учуп, кушка жана кандын кызына сүйлөй баштайт.

Биринчи кыз: – Чачың узун, акылың кыска шоордуу кыз, перинин уулу сага теңби, көзүңдүач! – дейт, кыз катуу жумган көзүн ачпайт.

Анда экинчи кыз: – Койчу, шоордуу деп кемсинтпе, кандын кызы Айперини – дейт.

үчүнчүкыз: – Булардын сүйүшүп калганына мындай себеп болгон: перинин кызы толгоо тартып, төрөй турган убагында, ушул Абалкан кандын сарайындагы мунарага келип, уулдуу болгон. Адам пендесин көрөм деп учуп жүрүп, ушул кан сепилинде Актилек тилеп жүрүп, Актилекти төрөгөн – дейт.

Ошондо биринчи кыз: – Андай болсо үч тарабынан көтөрүп кошо учалы, кушту кондуралы, – деп сүйлөшөт.

Бардыгы абышканын атканындай болот. Перинин кыздарынын сөзүн угуп, перинин уулу Актилек уялып жерге түшөт да, кандын кызына:

– Көзүңдүач! – дейт, үчүнчүжолу кыз көзүн ачса, баягы өзүнүн сүйгөн жигити күлүп, маңдайында турат. Көгүчкөндөрдүкараса, аппак үчөө үч жерде жатат, аппак көгүчкөндөрдүн мойну, канаттары көгөргөн. Ошондон кийин көгүчкөндөр көгөрүп калган экен.

Көгүчкөндөр кош айтышып, учуп кетишет, кыз менен бала бирин бири кучакташып, жытташып калган экен. Он эки канат ак өргөөгө экөө кирип, көпкө жашап турушат. Чексиз азап тартып жүрүп кошулган эки жар биринен бири ажырабай көпкө ак өргөөнүн эшиги ачылып, баягы узун бойлуу аппак сакал адам кыз менен жигиттин үстүнө кирип келип, мындай дейт:

– Кызым, ата-энең сенин кеткениңе алты жыл болду деп, жол карап зарлап, бир көрсөк арманыбыз жок эле жалгыз кызды, – деп, ыйлап отурат. Ата менен эне – адам баласынын айы менен күнү, аларды унутпа, кызым, башка кеп айтаарым жок сага. Ал эми Актилек балам, сенин энең пери кызы ушул адамзаада Айпериге кошулду. Бирге төрөлгөн курбулар эле, кийин чоңойгонуңда кыздын ак сарайына күндө учуп барып жүрүп, кызды каттуу сүйүп калган. Эми тилегине жеткен окшойт, келбей калды. Мен он эки ай көтөрүп чоңойтконума ыраазымын, адамзаада Айпери менен чексиз сүйүшкөндөр бирге жашай беришсин, менин уулумдан төрөлгөн балдар ушул экөөңдөй болуп сүйүүсүнө жолтоо болбой, эркин жашасын, – деп ыраазы болуп отурат. Кана эми, кандай кыласыңар? – дейт.

Актилек менен Айпери тура калып жүгүнүшүп, урмат көрсөтүп: – Бизди ошол кан сарайына тез жетүүгө жардам бериңиз, – дешет. Баягы аксакал адам мындай дейт:

– Силер он эки канат ак өргөөдөн чыгып, бир күн жөө жүргүлө, ошол жерде алтын булак кезигет. Суудан ичип, бетиңер менен колуңарды жууп, суусу кургаган кезде экөөң тең бир деп кадам шилтесең бир жылдык, эки деп аттасаңар эки жылдык, үч деп бассаңар үч жылдык, төрт деп бассаңар, төрт жылдык, беш деп аттасаңар беш жылдык, алты деп аттасаңар алты жылдык жол басасыңар. Ошентип, кызым келген алты жылдык жолду алты аттоо менен өткөрөсүңөр да, кан шаарына жетесиңер. Алты аттоо менен алты жылдык азап мээнетиңер сап болот. Бирок мээнетсиз жашоо ырахатсыз, алты сапар басуу менен алты жылдык жол сап болот… Мээнитсиз ырахат жок. Актилек сен адам пендеге кошулуп, сүйгөнүңө жеттиң. Бирок адамдык сапат бирөөнүн акысын жебөө, өз адамгерчилигин бирөөгө сатпоо, туура жолдо туура жүрүү, жаман-жакшыны таразалап билүү, бирөөгө чоңсунбоо, булар адамгерчиликтин чоң милдети, пери менен адам пендесинин ыйык милдетине доо кетирбей, түбөлүккө ынтымактуу жашап өткүлө, балдарым, оомийин! – деп, бата берип, көздөн кайым болот.

Чексиз сүйүшкөн эки жар бири – пери, бири – адам пенделер кол кармашып, бир күн жол жүрүшөт. Баягы алтын булакка келип, түнөп калышат. Эртеси эрте туруп, бети-колду таза жууп, суудан ичип, бети-колунун суусу кургагандан кийин алты жолу атташат, ошондо чын эле алты жылдык жол сап болуп, кандын шаарына жетип калышат. Шаарга кирери менен, шаар эли кандын кызын таанышып, канга сүйүнчүайтышат. Кан сүйүнүп, ак сарайынан чыга калса, баягы мунар терек, чынар терек май көл, сүт көл калыбына келип калат. Кан менен каныша чексиз сүйүнүшүп, кыз күйөөсүн урмат-сый менен тосуп алышат. Ошентип, хан дүйүм элди чогултуп, кырк күн оюн, кырк күн тоюн берип, күйөө баласы перинин уулу Актилекке кандыгын берет. Актилек баягы карып болгон ата-энесин алып келип, алтындан ак сарай салдырып, жыргап-куунап жатып калышат. Кийин бала менен кыздын башынан өткөн тарыхын китеп кылып, казынага салдырган экен. Ошентип, чексиз сүйүшкөндөр пери менен адам баласы адилеттик менен эл башкарып, казынанын оозун ачып, кедей-кембагалдарга бөлдүрүп берип, байы жок, кедейи жок, теңдик заман куруп, ушул күнгө чейин жашап калышкан экен.

КАРЫШКЫР ЖЕГЕН АДАМ

Илгери-илгери бир замандын заманында Омор деген катуу каардуу, оңой менен адамдын сөзүнө ишенбеген текебер хан болот. Омор хандан атасы Жамаке хан жети катын алып, эч кимиси төрөбөйт. Кан жети катындын жетөөнүтең:

– Силер төрөбөйсүнөр – деп, коё берет.

Андан кийин бир күнүЖамаке хан: – Мага ким эркек төрөп берсе, мен ошо кызга үйлөнөм, – деген жарлыкты жөнөтөт.

Ошондо бир кембагалдын кызы, атасына:

– Ата, сиз ханга барып, менин кызым эркек төрөйт, бирок кем акыл жаралат. Ошого көнсөңүз, сизге берейин деп айтыңыз, – дейт.

– Болуптур, эмне болсо да, мен куубаш хан атка конбой, уулдуу болсом – деп, кан макул болот. Чалга карап хан мындай дейт: – Кыздын акысына эмне аласың? – дейт.

– Бир баштык алтын – деп, кол башындай кичине баштык көрсөтөт. Кан обозгерин чакырып, абышкага казынадан алтын салдырат. Кандын казынасында алтын-күмүштүбүт салдырса да толбой калат.

Кан айран калып, жети баштуу желмогуз кемпирди чакырып:

– Бул эмне деген баштык, эч толтура албадык, – деген экен.

Ошондо мастан кемпир:

– Бул баштык адамдын көз майынан алып жасалыптыр, муну толтуруш оңой, ханым, – деп, жерден эки ууч топуракты баштыкка салары менен, баштык толуп калат. «Көзүң топуракка гана тоёт, башка эч нерсеге тойбойт» деген макал ошондон калган экен.

Ошентип, Жамаке хан кедей чалдын жалгыз кызы Жамыйланы аялдыкка алат. Күндөн күн өтүп, айдан ай, жылдан жыл өтүп, хандын канышасы Жамыйланын боюнда болот. Көп узабай ай күнүжетип, кандын канышасы эркек төрөйт. Жамаке кандын баласынын атын Мурад болсун деп Мурадша коёт.

Мурад үч жашка жетип-жетпей апасы Жамыйла дүйнөдөн кайтат. Бир жылдан кийин Жамаке хан дагы бир обозгердин кызына үйлөнөт. Обозгердин кы

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

20-04-2011
Жомокчу
5153

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×