Добавить статью
9:47, 24 мая 2011 22221

Кыргыз качан мусулман болгон?

Тарыхта кыргыздын качан мусулман болгону анык эмес. Мусулманчылыкты Орто Азияга арабдар ээрчите келип, элди, жерди, шаарды каратканына ыраазы болбостон, мусулманчылыкты таратууга аракет кылышкан. VIII кылымдын ортосунда Амир-Насир Кашкарга жете барган. Ошол чакта андагы эл мусулман динине кирбесе да, мусулманчылыктын таасирине өткөн деп айтууга мүмкүн. Тарыхтын кабарына караганда 960-жылдагы Кашкардагы Караханилердин падышасы бүткүл Орто Азияны Хивага чейин алып, Өзгөн шаарын борбор кылып турган. Сатык, Бугра хан заманында Орто Азияда 200 миң үйлүү киши мусулман болгон. Сатык, Бугра хан өзү түшүндө Мухамбетти көрдүм деп, өзү динге кирген. Күн чыгыш калкындагы расим эгерде падышасы динге кирсе, кол алдындагы элди күч менен бирге киргизгени көбүрөөк учурайт. Орто Азияда 1044-жылы 19 миң үйлүү түрк мусулман болгон.

X кылымда Бухарадан Кытайга саякат кылган Саям (Жаан көзүүчү)  Небадулевдин кабары «мусулман болбогон кыргыздардын өз дининче тизмелер (теспе) окуганын көрдүм» деген. Мусулман болбогон кыргыз дегенине караганда ал заманда кыргыздан мусулман дининде барлыгын көрсөтөт. Буга дагы бир далил — бир кабарда мындай деген: арабдар күн чыгыш Жавропанын соодасын өз колуна алган соң, Уйгур мамлекетин бойлой Кытай менен соода жүргүзгөн. Ошол чакта кыргыздар араб соодагерлерине жардам көрсөтүп, араб кербенине каршы чыккан уйгур жана башка көчмөн элден коруп, аларды сактап турган. Кыргызга арабдар айырбаш соодасын жана мусулманчылыкты ала келген, — дейт. Чынгыз хандын Жагатай деген баласынын тукумунан Токлук Темир 1348-жылы Орто Азияга падыша болгон. Көбүнчө Жети-

Суунун күн чыгышы менен Синтизианга өзү мурун Шамани дининде болуп, соңунда 24 жашында мусулман динине кирген. Жогоруда айтып өткөндөй бул кабарга караганда эгерде падышасы мусулман динине кирсе, анын букара эли дагы динге кирбеске чара жок. Ошонун мисалы, кыргыз дагы анын заманында динге кирмеги мүмкүн.

Кытай кабарына караганда 1408-жылында Жети-Сууда ойрот жана мусулман көчмөн, тиккени боз үй, ичкени кымыз, жегени эт түрк эли турат деген. Токлук Темирдин баласынын баласы Моголстандын 1416-жылында өлгөн Мухамбет деген ханы өз кол алдындагы элди мусулманчылыкка күч менен киргизген. Башына селде салынбаган киши болсо, башына мык каккан. Азыркы түн жак Кыргызиянын жери анын кол алдында болгон. Атбашыдагы Ташрабатты ушул Мухаммет салдырган. 1505-жылындагы Ысык-Көлдөгү кыргыз ханынын аты Мухаммет Хайдар болгонуна караганда анын өзүн жана элин мусулман болгон деп айтууга мүмкүн . Бирок тарыхчылар ал кыргызды мусулман болбогон дешет. Кыргыздын айтуунда Адигине менен Тагай анык мусулман болгон. Эгерде Ысык-Көлдөгү кыргыз Шамани дининде болсо, Тагай мусулман боло туруп, Шамани болгон кыргызга көчүп келбесе керек эле. Жана мусулман болбосо мусулман ханы Рашит кыз бербейт эле. Азыркы Лейден университетинде сакталган кол жазмада 1582-жылында кыргызды кафыр эмес, мусулман,эмес деген. Буга караганда аларды анык мусулман болгон деп айтууга мүмкүн. Бирок көпчүлүгүнөн эски шаманилик таасири калбаган. Стамбул түркү Сайхи деген 1582-жыл жазган китебинде: «казак мусулман болуп, анапия мазабынан саналып, кыргыз кафыр дагы эмес, мусулман дагы эмес», — деп жазган. 1635-жылында Тажикстанга (Ыссар) Каратегинди басып барган 12 миң түтүн кыргызды өзбек тарыхчысы Махмуд Валийинин айтуунда кафыр деген. Мунун билбей жазган себеби, эгерде ал кыргыздар кафыр болсо, Шаманилик диндеши калмактан качып мусулман мамлекетине барбас эле.

Карыялардын кабарына караганда кыргыздар мурун мусулманбыз деп эсептелсе да, Анжиян-Алайга качып барганда (1685—90) мусулманчылыктын жолуна чындап түшкөн, — дейт. Мунун чындыгы кыргызда араб аттары бирин-серин ошондон башталат.

 Менин пикиримде кыргыздын мусулман динине киргени X кылымдан башталып, мусулманбыз деп айткан менен абыдан мусулман болбостон, көбүкчө шаманилик таасиринде болгон. Кыргыздын мусулман динин күчөтүп кетпеске себеби:

1. Кыргыз көбүнчө могол-калмакка карап, букара болуп туруп, алар менен өтө аралаш туруп жана сөөктөшүп кеткендиги.

2. Көчмөн болгондуктан мечит, медиресеси жок болуп, балдарынын дин тууралу тарбия албагандыгы.

3. Мусулман мамлекеттери менен дайым жоо болуп, алардан мусулмандык таасирин албагандыгы.

4. Кандай гана болбосун динге кыргыздын салкын көз менен карагандыгы.

5. Енисейден, Алтайдан бириндеп келип турган кыргыздар шаманиликте болгондуктан, анын таасири мындагы кыргызга тийгендиги. а) орус оторчусу келбестен мурун тун жак Кыргызияда жазуу билген бир дагы кыргыз болбогон. Намаз окуганы миңден бир болгон. Айыт намаздарына түшпөй калса, 40 кара таш оодарып койсо, намаз окуганча болот экен деп, кырк кара ташты оодарып жүрүп кеткен. Орус оторчусуна караган соң Казандан татар молдосу, Кашкардан уйгур молдосу, Ташкент— Ферганадан өзбек молдосу келип, кыргызга дин жолун билдире баштаган (орозо, намаз, үшүр, зекет, жаназа, доорон, нике). Орозону ач пайгамбар чыгарган экен дешип, күнгө көрүнбөй тамак ичсе, шариат буйрат экен дешип, күндүз түндүгүн чылк чүмкөп алып, тамагын иче берген кыргыз көп болгон. Бир канчалык киши намаз окуса, имам болор кишиси болбостон, жарыя окуй турган жеринде купыя окуган. Эмне үчүн жарыя окубадыңыз десе, ачык окуган мактанчылык дейт, ушул себептен ичимден купуя окудум дегени көп болгон. Кыргыз мусулман дининде бошоң экенин билип, падыша заманындагы миссионерлер: Остороумов, Червенский ж. б. кыргызды шамани дининде деп жазган; уйгурлардын молдолору кыргыз арасында динди жетиштирерлик кылып, аракет кылгандыгы ошондон көрүнүп турат. Маселен: Сарбагыш кыргызынын Түлкү Ныязбек уулу жайлоого Текеске көчуп барганда 1875-жылы катын-баласына, эл-журтуна коштошбостон, үйүндө соода кылып жүргөн уйгур молдосу менен ажыга жүрүп кеткен. Кыргызда мындан мурун ажыга кеткен киши болбостон, бул окуя биринчи болуп эсептелген. Кашкарга жакын турган үчүн түн жак Кыргызияда Атбашы районунда Черик уругу кыргызда Кашкарлык молдолорунун таасири менен кишилеринин 40 процент аттарында аты Ахун коюлуп кеткен. Демек, кыргыз мындан нече жүз жылдар мурун (X кылымдан баштап), аныгы Адигине Тагай туулгандан (1460 -70) баштап, мусулман динине кирсе да, алар да 1870-80-жылдар чамасында шаманилик, кутка табынуулук өтө зор болгон. Ошондо да өздөрүн чын мусулман деп билген.

1880-жылдарда кутка табынуу расими кыргыз арасында жана куттун барлыгы 10 процент бар экенин мен өз көзүм менен көрдүм тарых боюнча маалим болду. Маселен:

1. Биздин эрадан 200 жыл мурун Гунлар менен согушуп жеңилип, Тянь-Шанга келип, Ысык-Көлдү ордо кылып турган усун кыргыздарын жогоруда көрдүк.

Бул 120 миң үйлүү усундар келбестен мурун бул жерде «Сак» эли туруп, аларды усундар күн батышка сүрүп жиберген. Сактын калган саркындысы азыркы кыргыз арасындагы саяк уругу. Усундар кыргыздын эл бийлеген уругунан болуп, мамлекети кыргыз мамлекети болуп аталган.

2. Котон тоолорунда «булу» деген кыргыздар туруп, кийин биздин эранын III кылымында Аксуу-Турпан чөлкөмүнө келип орношкон. Булардын келгенине караганда, Аксуу, Турпан өлкөсүндө мурунтан кыргыз бардыгы этимал, эгерде жок болсо Усун кыргызынан четтеш турмак үчүн келсе керек.

3. VII! кылымда Чүй боюнда Карлук түрктөрүнүн ичинде Асык-Күчүк деген эл турган. Азыр да кыргыз ичинде асык деген урук бар. Анын ичинде майда уруусу күчүк деген бар. «Аз» уругу кыргыз болбосо да кыргыз менен жакындашып бирлешип турганы VIII кылымдын башындагы орхон түрктөрүнүн кыргызга чабуул кылганынан көрүндү. Карлук менен Енисей кыргызы өтө катыштуу болуп, хандары кыз алышып, сөөктөшүп турган.

4. IX ыкылымдагы Диванил лутати түрктүн автору Махмуд Кашкарынын айтуунда кыргыз Тянь-Шань чөлкөмүндө болгон.

5. Орхон Алтайдан бүткүл түрк тукуму Орто Азияга Х-ХI кылымдарда келген. Радловдун кабарында ушулар менен кошо кыргыздар дагы келген. Буга бир далил Енисейдеги кыргыздын улук мамлекети, аныгы — кыргыз деген сөз. Чынгыз хандын заманына жете билинбей калат.

Кыргыздын улук мамлекетинин доорунда Күн батыш Кытайдагы Үч-Турпан, Аксуу өлкөлөрү кыргызга тийиштүү болгон.

Даядаган Инаш Азимов

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×