Добавить статью
5:12, 30 мая 2011 14826

Бугу кыргызы эмне үчүн бугу аталды?

Эң эски заманда Котон тоолорунда булу деген кыргыз барлыгы жогоруда айтылды эле. Кара Кытай сапырыгында бугу деген кыргыз уругу болгон. Бирок азыркы бугу аталган кыргыз менен кара Кытай доорунун эки арасы 600-жыл чамасында болот. Бугу кыргызынын энеси Бугудан таралыптыр десе, уккандын баары ишенбестен, анчейин жалтан сөз деп билет. Бугунун бугу аталган себеби бүткүл арка кыргызынын айтуунда илгерки замандан бери төмөнкү:

Тагай Ферганадан Аркага келгенде Кетмен-Төбөгө бир-эки жыл туруп, соңунда Атбашы, Нарынды жердеп турган. Анын Кылжыр деген баласынын Дөөлөс, Орозбак деген эки уулу болуп, Орозбактын Асан, Асык, Карамырза. Мырзакул деген чечекейди жара аткан төрт мерген уулу болгон. Асан менен Карамырза ТогузТородон, бир кабарда Майстандан (Нарындын кун жак аягы) салбырынга чыгып жүрүп олтуруп, бир кезде Атбашы менен Нарындын арасы Аламышктын тоосунан бир сулуучураак бугуга кезигишет. Ак бугуну атпайт дечү эле, атпайлы, башка кийик табылар деп, Асан айтканда Карамырза болбостон өңүп барып, бугуну атканда жыгылып калган. Ошол чакта 1213-жашар секелек кыз бала: «балаңды ат, ботоңду ат» деп чуркап келип бугуну чыңырып кучактап калганда тигилер кызды кармап калган. Кызды үйлөрүнө алып келе жатканда Мырзакул жолунан тосуп туруп, соогалап Акжелге деген айгырын үйүрү менен берип, кызды Алымсейит деген баласына алып берген. Ал кыздан туулган (эалдардын тукуму азыркы тынымсейит, арык тукуму — карамырзадан башка бүткүл бугу уругу. Эл ичинде айың сөз: Карамырза бугуну аткан үчүн кыздын каргышына калып, тукуму аз болду дейт. Кыздын башында эки-үч эли мүйүзү болуп, ар жылына бугунун мүйүзү куураган чакта кубаргансып, көктөмдө жашарып турган. Кыз өлгөнчө башындагы мүйүзүн көп элден жашырган. Бүткүл түн жак кыргызы бул окуянын анык экендигине ошол замандан ушул заманга жете талашсыз, анык көзү жетип, чын экендигине ишенген. Бугу менен сарбагыш болжолу 1720—30-жылдар,цан баштап орус колонизаторуна караганча, эки ортосу дайым бузулуп келген. Чатакташып турган заманында болсо да бугу тууралу жогоруда айтылган окуяга анык деп талашсыз ынанган.

Менин пикирим: ал заманда бир тараптан уйгур, бир жактан калмак, бир тараптан казак, Фергана, Ташкен жагынан болсо өзбектердин жоокерчилик заманы болуп, бир бүлүнчүлүктө чабылганчачылган кыргыздан бир үйлүү, жарым үйлүү балким, аска-зоонун бооз маралын жаралуу кылып кармап алып, колго багып өстүрүп, сүтүн ичип пайдаланып, жан сактап жүрсө керек. Тиги атылган бугу албете, бакма маралдан туулган болуу керек. Жаки болбосо дагы жапайы бүгүнкү жаңыдан туулганда багып алмагы мүмкүн. Буга караганда тоодогу бекинген кишинин кызы болмогу этимал. Бугу атылып, кыз кармалган чакта, эгерде үйүндө эркек киши болсо, аң уулап кеткен чыгар, балким жабдыгы жок болсо, коркуп бекинип калуу этимал. Салбырынга чыккан кишилер кадимкидей эки-үч ай алыска жортуп кетүүчү. Балким, алыс жерден ала качып, жаки урушуп колго кызды түшүрүп алган чыгар. Бугу деген атак эл эски замандан кыргызда боло келген. Ошол бугулардын насили азыркы кыргыз деп айтууга эч мүмкүн эмес. Неге десеңиз азыркы кыргыз бугу кадиксиз Кылжырдын тукуму экендиги ташкатамга баскандай, күндүн чыкканы менен батканындай, арка кыргызынын бардыгына бирдей анык.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

18-08-2011
Кыргыздын зор мамлекети
20991

05-07-2011
Жаңыл мырза
60038

20-06-2011
Энисей кыргыздары
15804

16-06-2011
Калмак жөнүндө кыргыздын кабары
15550

15-06-2011
Тагай тарыхы
19397

13-06-2011
Манастын кыргыз болмогуна бир чоң далил
14656

07-06-2011
Оң-сол тарыхы
20070

06-06-2011
Кыргыз калкынын эл болгону
21419

06-06-2011
Чынгыз хан заманындагы кыргыз
15151

30-05-2011
Кыргыз Тянь-Шанга азыркы турган жерине качан келген?
18126

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×