Добавить статью
5:09, 16 июня 2011 15717

Калмак жөнүндө кыргыздын кабары

Калмак менен кыргыз Алмата чөлкөмүндө 1685-жылында урушуп, калмакты кайта сүргөн. Калмактар экинчиде күчөп келгенде кыргыз менен казак бирлешип согушса да катуу жеңилген. Кыргыз жапырт качып кайта беттешип, согушуп жүрүп олтурган. Кыргыздан нечен азаматтар кырылып кеткен. Анын ичин де атактуу баатырлары: багыш кыргызынан Аккочкор менен Каңкы жана Чоботой, Семетей деген баатырлар болгон. Акыры кыргыз жапырт үркүп, Анжианды бет ала качып калганда, Кочкордун күн жүрүшү Долондун күн батышы, Төлөктүн чатында 300 киши чамалуу көчтүн арты болуп, калмакты тосуп жатканда мактар каптап келип, карабагыш Төлөк баатышып турганда, Төлөк 200 чамалуу кишини кырган. «Аккочкор балаңыз калмактан өлдү» — дегенде, атасы: «Аккочкор өлсө, Канкым бар — деген. «Канкың дагы өлдү» — дегенде: «Канкым өлсө кантейин, Кантейиштей даңкым бар», — деп олтуруп калган. Кантейиш арка кыргызына хан болуп туруп, мындан соң төмөндөй баштап, арка кыргызы боюнча сарбагыш кыргызы Кудаянды хан көтөргөн. Кыргыздын көбү Анжианга кирип, бир азы көчпөстөн калмактын колунда калып, анын малына бакмачы болуп кеткен. Черик кыргызынын көбү Какшаалга качып кирген. Кыргыздар Кетмен Төбөгө барганда жогоруда өлгөн Чоботой менен Семетейдин Карагул деген жээни таякелеринин кайын кубалап, канчалык жигиттер менен калмакка аттанып келе жатканда алдынан чукул жерден Ферганага кол тартып бара жаткан калмактын калың аскери чыгып, баарын кырган. Бул тууралуу энесинин кошкон кошогу:

Чоң тору минген Чоботой ботом!

Чоюлган кыраан Семетей ботом!

Чын жолборсум Карагул ботом,

Кең колдун башы кең шибер

Керилип жаткан Карагул ботом.

Чоң төрдүн башы көк шибер,

Чоюлуп жаткан Карагул ботом.

Каркылдап каздар көл сактайт,

Кара ылачын чөл сактайт,

Карып калган энекең

Кабылан качан келет деп,

Карай-карай жол сактайт.

Куркулдап куулар көл сактайт,

Куурап калган энекең

Кулунум качан келет деп,

Күндө үч убак жол сактайт.

Карып калган бээден

Кайгуулга минер ат туубас,

Капыганда энекең,

Карагулдай эр туубас.

Токтолгон тугур бээден

Тоо улга минер ат туубас,

Токсондогу энекең,

Чоботой менен Семетей,

Эки арстандай эр туубас.

Эсилимден айрылып,

Эстен тайдым мен куу баш...

Калмактар каптап бара жатканда сол кыргызынан Кожожаш, саяк, жаки багыш уругунан Табылды деген эки жигит баштык, дагы бир далай азаматтар Кетмен-Төбөдөгү калмак менен согушуп жүрүп кырылган, Бир кабарда Өзгөнттө согушкан дейт.

Ушул 1670—90-жылдарда калмак менен орус өкмөтү бирлешип туруп, 10-жылдап тынчтык бербеген үчүн төрт миң түтүн кыргызды Эртиш, Алтаьлан сүрүп көчүрүп келип, Иленин түн жак аягынан жерпештирип келген. Булар ал жерде чыдай албастан, көбү кайта качып жерине барган Көпчүлүгү ар кайсы элге, көбүнчө казакка тентип кирип кеткен. Кыргызга келгени Анжиан, Алайга жете албастан, мында калмакка карап, көбүнчө малчы болуп турган кыргыз менен бирлешип, сиңип кеткен. Таласка барганы да болгон. Анжианга кыргыз качардын алдында сарбагыш уругунан жантай деген эл Токмок шаарынын төшү, Кызыл Суунун башын жердеп турган. Саяк кыргызынын көбү Жумгал, Нарын, Тогуз Торонун аягы бек, чың жерлерге бекинип калып, кийин калмактын чабуулу токтогондо чыга келген.

Анжианга кыргыз келгенде көбү шаарга, кыштакка, өзбекке тентип кирип бекинген. Ачарчылык болуп, жаман катындар эгерде өзбектер терезеден ийиктей нан көрсөтсө, эрин таштап тийип кеткен. Жакшы катындар балдарын өзбекке сатып, эгерде албаса, Сырдарыяга ыргытып жиберип, эрине эмчегин эмизип багып кеткен. Кыргыздар ууру болуп, элди кара канат кылып жибергенде, аларга жер берген. Жантай кыргызынан Боктурбай деген киши Асекеге жакын туруп кглып, алыш алып, дыйканчылык менен турган. Үчүкөнүн Маматкул деген уулунун катыны Сырдарыядан өтө чыкканда эркек төрөп, атын Болот койгон.

Бугу кыргызынын жарымы дээрлик Белек баштык болуп, Кетмен Төбөгө бир нече жыл туруп калып, малдан жүдөп, көбү тентип кеткенде кыргыздарын андагы түнкатар саяктарына жана башкага арзанга сатканы үчүн «Белектердин бекен кызы» деп макал болгон. Белек башка качкан кыргыздан мурун калмактын улугу менен катышып, жакшы сүйлөшүп, кайта көчүп келип, Нарын өзөнүндөгү Оттуктун аягы Казан Куйганга турган. Ушул себептен калмактын ханы чакырып алып, Белекти улук кылып, кыргызды сен сурагын деп, таш сайган. Ал кезде калмак эгин айдабаган. Эл качып кеткен үчүн эгин жок болгоңдуктан, болсо да аз болуп, эгин табылбай, ачарчылыктан аштыктын: уучуулак, чеңгеличебич, жаруусу кой, табагытай болгон дейт. Белектин кыргыздык үстүнөн улук болду дегенин угуп, бир канчалык түтүн менен төрт ата тууганы солто кыргызынан Талкан кайта көчүп келип, калмактын улугунун үстүндө Белектин барлыгын угуп жолукканы келсе, ханын тегеректеп ордосунун тышынан атчан аскер, ичинен жөө аскер кайтарып турган. Ханга жүгүнүп салам берип киргенде Талкан экенин билип. Белектин бутунан өпкүн деп айтканда Белек менин бутумду өпбөгүн деп айтпады. «Төрт-беш ата тууган, баарыбыз бир Тагайдын кулуну элек, кантейин, арбакка койдум», — деп ичинен таарынып калган.

Бир көпчүлүк чогулушта Талкандын Байболот деген баласын Коңтажынын балбаны менен күрөштүргөндө, Байболот өлтүрө жыккан, Бир кабарда жыгып, башынан аттап кеткен. Бул себептен Коңтажы Байболотко кекенип калганда аны Талкан билип, Байболотту алып, эли менен Анжианга күндөптүндөп качып бара жатканда бир ашууда Байболоттун аты жүрбөй калып, аны Байболот белге жете көтөрүп чыккан,

Намангендин тегереги Айдың Көл деген жерде Талкан өлүп, ошондо койгон. Байболот дагы ошол чакта өлгөн. Бирин-серин кыргыздар Анжианга чыдап тура албастан, кайтадан элине келип, бугу Белектин үстүнө жайланып турган. Көбү Белек аркалуу калмактын малын багып, малай болуп кеткен. Маселен, Ысык Көлдүн күн чыгышы Каркыра өлкөсүндө Кашаанын бели деген жерге калмактын 800 серкесин кыргыздар багып турган. Калмак биздин таякебиз деп сарбагыш кыргызынан, таздар уругунан көбүрөөк кишилер калмакка аралашып кеткен. Бул тууралу кийинирээк айтылат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

18-08-2011
Кыргыздын зор мамлекети
21145

05-07-2011
Жаңыл мырза
60338

20-06-2011
Энисей кыргыздары
15969

15-06-2011
Тагай тарыхы
19584

13-06-2011
Манастын кыргыз болмогуна бир чоң далил
14850

07-06-2011
Оң-сол тарыхы
20300

06-06-2011
Кыргыз калкынын эл болгону
21572

06-06-2011
Чынгыз хан заманындагы кыргыз
15364

30-05-2011
Бугу кыргызы эмне үчүн бугу аталды?
15015

30-05-2011
Кыргыз Тянь-Шанга азыркы турган жерине качан келген?
18305

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×