Добавить статью
4:08, 3 октября 2011 176070

Курманжан датканын феномени

Биринчи макала

Алгы сөз

Эгемендүү Кыргызстандын күнкорсуздук доорунда коомчулукта болсун, тарых илиминде болсун улуу инсандарга карата өзгөчө мамиле болуп келе жатат. Менимче, бул тенденция кыргыз элинин азыркы өткөөл доордогу тагдыр чеччү идеологиясын улуу тарыхыбыздан издеп жаткандыгыбызды белгилөөдө. Чынында тарых илими бул өткөн окуяларды гана айтпастан, учурду таасын түшүнүүгө, ошонун негизинде болочокко туура кадам таштоого негиз берет. Демек, тарых – бул жөн эле илим эмес, ал коомдук турмуштагы чоң насаатчы жана тарбиячы.

Тарыхты карап көрсөк, ар бир окуя ал майдабы, чоңбу, тигил же бул индивиддин аракетинин акыбети. Ал эми индивиддердин аракеттеринин масштабы ар түрдүү. Алардын ичинен тарыхый инсандар деген аталышка татыктуулары бар. Демек, тарыхый инсан деп, өз элинин, өз жеринин алдына коюлган ири тарыхый маселелердин зарылдыгын түшүнүп, аны жан-дүйнөсү менен туюп, мындай маселени чечүүгө бүткүл турпаты менен киришкен адамды, аны ишке ашыруу үчүн жетекчи миссияга ээ болуп, зор милдетти моюндаган инсанды айтабыз. Албетте, кыргыз элинде атактуу байлар, мансапкорлор, бий, бектер көп болгон. Бирок, алардын элдин көйгөйүн туюп, аны аткаруу үчүн жетекчи болууга бел байлагандарын гана биз улуу тарыхый инсандардын катарына киргизишибиз керек.

Совет тарыхнаамасында кыргыз тарыхый инсандарына салыштырмалуу аз көңүл бөлүнсө да, белгилүү деңгээлде алар жөнүндө бир топ изилдөөлөр болгондугу тарыхнаамада маалым. Бирок, 50-жылдардын аягынан баштап инсантаануу багыты солгундап кеткен. Элибиздин белгилүү инсандары негизинен оокаттуу катмардан болгондугуна байланыштуу кыргыз тарыхнаамасындагы таптык көз караштын толук үстөмдүк кылышы, ”эзүүчү таптын өкүлдөрү” катары, аларды окумуштуулар тарабынан иликтөөгө алдырган эмес.

Абал 80-жылдардын экинчи жарымынан бери карай өзгөрдү. Акыйкаттыктын желаргысынын шарданына байланыштуу акыркы 20-25 жылдын ичинде XX кылымдагы саясый окуялардын түздөн-түз катышуучулары болушкан тарыхый инсандардын таржымалына арналган бир топ илимий-популярдуу жана санжыралык тариздеги басылмалар, китептер, макалалар жарык көрдү.

“Караңгыда көз тапкан, капилетте сөз тапкан” кыргыздын касиеттүү улуу инсандарына Курманжан датка энебиз да кирет. Анын өмүрү жана ишмердиги 1991-жылы белгиленген 180 жылдык мааракеден бери бараандуу эле изилденип, алар бир катар китептерде, материалдардын топтомдорунда, түрлүү адабий жана публицистикалык чыгармаларда кенен чагылдырылды. Курманжан датканын тарыхый ролу, анын ишмердигинин азыркы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн маңызына байланышып турушу, эгемендүүлүктүн 20 жылдыгына Курманжан датка-энебиздин 200 жылдык мааракесинин дал келиши символдуу гана эмес, тарыхый-реалдуу тогош. Анткени, Курманжандын тарыхый миссиясы эл биримдигинин, азаттыктын, мамлекеттүүлүктүн түпкү идеялары менен дал келип турат.

Демек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 31-декабрында 2011-жылды Курманжан датканын жылы деп атайын Указ менен жарыялашы аталган маанини даңазалоо деп түшүнүү зарыл. (Караңыз: ИА КАБАР 2011 год объявлен в Киргизии Годом Курманжан Датки. 17:44 31.12.2010)

Касиеттүү аялзат

Эгемендүүлүктүн 20 жылдык мааракеси менен кошо белгиленүүчү Курманжандай инсандын жеке мааракеси жөнүндөгү мындай чечим Курманжан энебиздин улуу тарыхый инсан гана эмес, касиетүү аялзат экендигинен кабар берет. Байыркы Томирис менен Заринанын жолун жолдоп, Кыз Сайкал менен Жаңыл Мырзанын эрдигин кайталап, Каныкей менен Айчүрөктүн кеменгерлигине сугарылган Курманжан датка энебиздин өмүрү жана ишмердиги чын эле анын касиеттүү аялзат болгондугунун белгиси. Болбосо, жөнөкөй дыйкан адамдын урпагы болгон Маматбай кызынын мамлекет башчылык мурасталган титулу жок туруп таажы, таксыз “Алай канышасы (Алайская царица)” аталышы, мурунтан диний же аскер чени жок туруп, генералдык наамга туура келген “датка” наамын алышы, анын аялзат катары өзгөчө касиетин белгилейт.

Акыркы бир изилдөөлөрдө Курманжан датканын ушундай деңгээлге жетишин күйөөсү Алымбек датканын өлүмүнөн кийин ага тең келчү, конкурент болууга даай ала турган эркектердин жоктугуна байланыштырып койгондугун бир жактуу баалоо деп айтар элек. Алымбек датка өлбөсө деле ишмердиктин башка жагынан Курманжан датка баары бир так ушундай деңгээлге жетмек. Анткени, анын түркөй замандын түркөй мыйзамдарына карабай купулуна толбогон Кулсейиттей дымаксыз эринен өз эрки менен келе берип, кезегинде Кокон хандыгынын белдүү беги эсептелип турган Алымбекке турмушка чыгышы эле эмне деген эрдик. Өмүрлүк жары Алымбектин акылына акыл, демине дем кошуп, мамлекеттик иштердин туура чечилишине көмөк көрсөтүп, эл башына түшкөн оор күндөрдө журт баштап, эл үчүн курман болгон балдарынын кайгысына мүңкүрөбөй Фергана өрөөнү гана эмес, Борбор Азияны, атүгүл Орусияны таң калдырган ишмердиги менен таанылган Курманжандын чын эле касиеттүү аялзат болгон. (Караңыз: Переводчик. 1895. № 32. (Татарская газета, изд. с 1883 г. Исмаилом Гасприинским в Бахчисарае на русском языке). Ошол журналдын 665-666-беттериндеги «Алайская ханша» деген макалада «… Слава этой киргизски, лихой наездницы и подчас воительницы, гремела на Памире и в Кашкаре…» деп жазылган.

Курманжандын улуу аялзаттык турпатына мүмкүн тагдырды таразага салган саясий кырдаал, доордун талаптары жана чакырыктары зарылдыкты туудуруп, анын көп кырдуу тарыхы бар мекенинин касиети таасир эткендир. Талдап көрөлү.

Курманжан датканын заманы

Кыргыз элинин алдында ал кезде эки чоң тагдыр чеччү маселе турган.

Биринчиси, чачыраган элди биримдикке алып келип, өз алдынча түтүн булаткан мамлекеттүүлүктү куруу маселеси. Экинчиси, элди бөлүп-жарып өз саясатын жүргүзүп жаткан Кокон хандарына, түндүк тараптан басып келе жаткан Орус колониализмине каршы азаттык күрөштөрүн уюштуруу менен күнкорсуздукту сактап калуу маселеси. Бул өз ара карым-катнашта турган эки зор маселени чечүү үчүн кандай аракеттер жана жолдор бар эле? Биринчи жол өз алдынча мамлекет курууга аракет кылуу болучу. Бирок, ал үчүн керектүү тарыхый өбөлгөлөр, шарттар жок эле. Демек, бул жол менен аталган уңгулуу маселени чечүү өтө кыйындыкка турган. Эл биримдигин камсыз кылуучу экинчи жол кыргыздарга да, өзбек, сарттарга да, тажиктерге да бирдей, орток хандык болгон Кокон хандыгынын курамында туруп, анын ички жана тышкы саясатына таасир этүү менен кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн белгилерин сактап калуу болучу. (Кийинки изилдөөлөрдө Кокон хандыгы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн бир көрүнүшү катары болгондугун далилдеген жыйынтыктар арбын. (Караңыз: Кененсариев Т. Кокон хандыгы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн бир формасы катарында.// Ош,Уш,Osh.Эл аралык адабий-көркөм, коомдук-саясий альманах.-№4(18), 2003 июль-август.-Ош,2003.- -36-55-бб.). Чынында ушул жол реалдуураак көрүнгөн.

Бирок, бул милдеттер Орусия баскынчылыгына каршы азаттык кыймылдарын пайда кылды. Демек, кыргыз элине, айрыкча түштүк кыргыз урууларынын тагдырына бул күрөштөргө активдүү катышуу, атүгүл аларга жетекчилик кылуу миссиясы насип этилди. Орус-Кытай-Англия геосаясаттык түйүндүн татаал кырдаалында Алымбектей, Курманжандай улуу көсөмдөр Орус империясынын курамында гана кыргыз эли элдигин жоготпой, уул-кыздарын аман сактап калууга болоорун алдын ала туюу менен журт тагдырынын келечегин камсыз кылууга бел байлады.

Так ушул диллема Курманжан Датканын тагдырына туш келди. Курманжан датканын касиеттүү аялзат, адилет журт башы жана дипломатиялык ишмердиги мындай түйүндүү шарттарда “караңгыда көз тапкан” кеменгер жол башчы экендигин көрсөттү.

Курманжандын мекени

Кыргыздар өз мекенин “ата журт” деп атайт. Кыргыздардын ата-журту кооз жерлери, улуу тоолору, таза суулары жана тунук булактары, көк майсаң жайыттары менен гүл жыты аңкыган жайлоолору, мөмөсү төгүлгөн токой-шалбаалары менен белгилүү. Кыргыздар улуу тоолорду “жердин канаты” деп атап, алардын койнунда ыстыкоомат кылган өз элин “улуу тоого чыккан, улар үнүн уккан бактылуу адамдар” катары сезишет.

Ушундай кыргыз жерлеринин бири болгон Фергана өрөөнү кооздугу жана геосаясаттык ролу менен чыгыш менен батыштын түрдүү саякатчыларын, ориенталисттерин кызыктырып келген. Кытай саякатчысы Чжан-Цян байыркы Давань мамлекетин ачса, еврапалык саясакатчылар бул жердин тарыхын дүйнө коомчулугу менен тааныштырган. Фергана өрөөнүн орогон кыргыз тоолору жаратылыштын храмдары гана эмес, тарыхтын да күбөлөрү. Дүйнө илиминин чечүүгө алигече күчү жетпеген атактуу Саймалы-Ташы, Заратуштра кудайынын, кийинчерээк Сулайман пайгамбардын бир кездеги мекени делип эсетептелген сырдуу Сулайман Тоосу, дүйнөдө бир гана реликт өсүмдүк катары таанылып, А.Македонский “югланс регия (король жаңагы)” деп атаган кыргыз жаңак токойлору, улуу тоолордун кожоюуну катары менменсиген топоздор жайлаган Алай менен Памир, чөйчөктөгү мүрөктөй жаркыраган Сары-Челеги, дартка даба баткен өрүгү, өзгөн күрүчү, тамшандырган таттуу коон-дарбызы көп Фергана Курманжан датканын мекени. Так ушул чөлкөмдө жашап өткөн Абу Ибн Осмон, Ахмед Фергани, Махмуд Югнеки, Омор Ибн Муса аль-Оши, Мансур аль-Оши, Абдаллак-аль Оши, Бабур, Молдо Нияз, Жеңижок жана башкалар өзүлөрүнүн илимий трактаттарында, көркөм чыгармаларында ата-журтубузду даңкташкан, изилдешкен.

Кыргыздын түпкү бабаларынын бири санжыргалуу Долон бийдин уулу Отуз уул азыркы Ноокат районунун аймагындагы Көк-Белде жашап өткөн. Анын улуу уулу Адыгинеден жана кызы Наалынын урпагы Муңгуштан тарагандар Ош областында, кичүү уулу Тагайдан тарагандар Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Кетмен-Төбөдө жайгашкан. Саяктардын бабасы Асакенин кыштоосу Азыркы Өзбекстанга караштуу Асаке шаары, кыргыздардын сол канатынын мекени Эки-Суу арасы, Аксы, Ала-Бука, Чаткал болсо, байыркы кыргыздарды түзгөн он уруулуу Кызыл уулдун балдары эсептелген ичкилик курамы Баткен, Чоң Алай жана Памир тоо этектерин жердеп, кыскасы кыргыздын ата-журту так ушул жердин бермети эсептелген алтын чөйчөктөй болгон Фергана өрөөнү.

Ата-мекени Алай өрөөнүн жана аны мекендеген санжыргалуу элинин мындай өзгөчө касиеттери Курманжандын эч нерседен кайра тартпаган өткүр, эрки бекем, кайраты күчтүү мүнөзүнө өзөк болгону талашсыз. Демек, “жер тамырынан эл тамыры”, “табият менен адам баласы киндиктеш” деген ылакап кеп бекеринен айтылбаса керек.

Ошентип, мүмкүн Курманжан энебиздин улуу тарыхый инсан болушун жогорку факторлор аныктагандыр...

Этносаясий кырдаал

Фергана чөлкөмү байыркы замандардан бери көп улуттуу чөлкөм. Биздин эранын башына чейинки доорлордо жашаган ираний калктар (давандыктар, сактар жана усундар) кийинки мезгилдерде, айрыкча VI-XII кылымдарда түрктөшүп, андан кийин XII-XIII кылымдарда монголдор менен жуурулушуунун натыйжасында түбү тектеш, Орто Азиядагы эң байыркы мезгилдерден бери XVI кылымга чейин жашап өткөн кандаш калктар (кыргыздар, өзбектер, казактар, каракалпактар жана башкалар) пайда болду.

Фергана өрөөнүндө биздин эрага чейинки I миң жылдыктын орто ченинен баштап байыркы давандыктар менен сак урууларынын отурукташкан-дыйканчылык жана көчмөн-малчылык чарбаларынын синтезинен келип чыккан цивилиация калыптанган. Негизинен Фергана тарыхнаамада “өзөн цивилизациясы (речная цивилизация)” деп аталуучу регионго кирип, андагы жашоо тиричиликте жасалма сугатчылык зор роль ойногон. Ошондуктан экономикада жер, болгондо да сугат дыйканчылыгына негизделген жер ээлөө негизги маселе болуп, акырындык менен орто кылымдарда тургундардын социалдык-чарбалык төмөнкү эки тиби калыптанды. Алар:

1. Отурукташкан-дыйкан, кол өнөрчү жана соодада шүгүрлөнгөн жамаат;

2. Көчмөн-мал чарбасы менен кесиптенген жамаат.

Бул жагдайда мамлекетти жана өлкөнү төмөнкү беш негизги элемент кармап турган:

- Жер жана сугат системалары шариат боюнча да, адат боюнча да ‘эки жамаатка тең тийешелүү болгон, бирок факты жүзүндө аны көбүнчө отурукташкан жамаат пайдаланган;

- Дыйканчылык жана анын продуктылары отурукташкан жамааттын колунда болгон;

- Соода иштери негизинен отурукташкан жамааттын колунда турган;

- Мал чарбачылык жана анын продуктылары негизинен көчмөндөрдүн колунда болгон;

- Саясат, бийлик жана аскер күчтөрү негизинен көчмөндөрдүн же теги көчмөн династияларынын өкүлдөрүнүн колунда турган. Заманына жараша мобилдүү жашаган көчмөндөргөн түзүлгөн аскер күчтөрү өлкөнүн социалдык-экономикалык структурасын сактап, тышкы душмандардан коргоп туруучу фактор катары кызмат өтөгөн.

Ошентип, саясий бийлик менен экономиканын азыраагы көчмөндөрдө, ал эми экономикалык байлык отурукташкан тургундарда топтолгон абал түзүлгөн. Мындай абал саясий күчтөр менен экономикалык байлыктын өз ара тең салмактуулугун пайда кылып, бир эле учурда тең тайлашкан, бирок тынчтыкта жанаша туруп, бири-бирисиз жашай албаган, отурукташкан жана көчмөн элдердин эки тобунун уникалдуу синтезин, башка сөз менен айтканда тиричиликтин Ферганалык вариантын калыптандырган. (Караңыз: Кененсариев Т. Фергана өрөөнүнүн этникалык тарыхы: айрым тактоолор. //www.sayasat.kg11/07/11 09:19)

Түрдүү этникалык жана чарбалык жамааттар өрөөндө аралаш-келки жайгашышкан. Мисалы, шаарлар менен кыштактардын алгач иран, кийинчерээк түркий тилиндеги отурукташкан тургундары жергиликтүү булактарда “сартиййа” деген аталыш алып, түрктөрдөн, тажиктерден, отурукташкан өзбектерден куралган. Аларды “илатиййа” (элет) деп аталган көп сандаган көчмөн жана жарым көчмөн кыргыздардын, кыпчактардын, кийинчерээк отурукташып кеткен өзбектердин, түрктөрдүн кыштоолору, жаздоолору жана жайлоолору курчап турган. Сартиййа жана илатиййанын кыштактары менен айылдары, алардын айдоо жерлери жана жайыттары обочо ээликтерди эмес, бири бирине жанаша турган аралаш-келки ээликтерди түзгөн. Аталган коомдук-социалдык абал байыртадан эле калыптанып, жаңы доорго жакын кокон амирлигинин түптөнөөр алдында деле ушундай мүнөздө болучу.

Саясий мамилелерде жогоруда атап өткөн тең тайлашуу көп учурда эки жамааттын ортосунда күрөштөрдү пайда кылып, алардын мүнөзү негизинен борбордук бийликти талашуу, же башка бир саясий, жеке инсандык маселелер менен чектелчү. Бул атаандаштык эч качан этникалык мүнөздү алган эмес. Мисал катары ага 1709-жылдан 1876-жылга чейин жашап турган Кокон мамлекетинин турмушун келтирүүгө болот. 169-жыл жашаган хандыктагы болуп өткөн сандаган кагылышуулардын эч бирин этникалык тариздеги араздашуу деп саноого мүмкүн эмес. (Караңыз: Кененсариев Т. Фергана өрөөнүнүн этникалык тарыхы: айрым тактоолор. //www.sayasat.kg11/07/11 09:19)

ХVIII кылымдын башында өзбек-кыргыз илатиййасы (Шахрух бий менен анын күйөө баласы Акбото-бий кыргыз) бийликти колго алашты да, жаңы кокон амирлигин орнотушуп, кадимки улуу көчмөн Тимурдун насили Бабурдун урпагы шакрухтардын династиясын негиздешти. Бул окуя, кадимден келаткан тең салмактуулук принцибинин кезектеги чагылышы болгон. Илатиййа менен сартиййанын тең салмактуулугунун шартындагы бийлик чөйрөсүндө турган күчтөрдүн жайгашынын ар кандай вариациясын байкоого болот. Жергиликтүү жазма булактардын эң абройлуусу Молдо Нияз Хукандинин “Тарих и-Шахрохи” эмгегиндеги пикирге караганда Кокон мамлекетинде төмөнкү төрт этносоциалдык топ аракеттенген: этникалык миңдер, этникалык кыргыздар, этникалык кыпчактар жана социалдык сарттар болучу. Кокон тарыхында бийлик чылбыры негизинен дайыма илатиййанын (аталган үч этникалык топтун) өкүлдөрүнүн колунда болуп, бирок иш жүзүндө сартийаанын чордонун түзгөн сарттар тобунун кайсыл этникалык топту жактагандыгына карата тең салмактуулук айрым учурда бузулуп да турган. Бирок, саясий араздашууларда эгер күчтөрдүн жайгашышы сартиййа жамаатына ооп баратса, илатиййа аны тез арада бийлик өкүлүн алмаштыруу же өзүлөрүнө ылайык марионетти бийликке олтургузуу жолу менен тең салмактуулукту калыбына келтирип коюшчу. Мындай мисалдар Фергана тарыхында өтө көп.

Курманжан датканын, анын жолдошу Алымбек датканын бабалары Тилеке бийдин, Ажы бий, Асан бийдин аракеттери, тейиттердин Акбото бийи менен кушчулардын Кубат бийинин ролу, Аксылык Нүзүп бий менен кыпчак Мусулманкулдун ишмердиги, айтылуу Алымбек датка менен кыпчак уруусунун чыгааны Алымкул лашкер башынын орду, Кокондун акыркы ханы Искак Асан уулу Полот хан менен Алымбек, Курманжандын уулу Абдылдабектин азаттык күрөштөрүнүн түпкү себептери Фергана өрөөнүнүн этно-саясий тарыхынын так ушул эзелки салттарын чагылдырган.

Мына ушундай ата-журттун аурасында туулуп-өскөн, ата-баларынын салттарынын таасиринде инсан катары калыптанган Курманжан Датканын өмүрүн жана ишмердигин кандай боолоого болот? Аны улуу тарыхый инсан жана уникалдуу феномен катары баалоо гана эп.

Тарыхый аренага келүү

Түштүк кыргызга, Фергана чөлкөмүнө, жалпы Орто Азияга, ал турсун Петербургка да белгилүү, өткөн кылымдагы тарыхый инсан, кыргыз элинин коомдук жана мамлекеттик ишмери, "Алай канышасы" деген атак алган Курманжан 1811-жылдын кулжа айында Ош шаарынан анчалык алыс эмес жердеги Ороке кыштагында Муңгуш уруусунун Жапалак уругунан чыккан Маматбай аттуу орто дыйкан, колунда бардар адамдын үй-бүлөсүндө жарыкка келген.

Курманжан жаш кезинен эле элдик үрп-адатты, каада-салтты кадырлаган, келим-кетимдүү үй-бүлөдө тарбиялангандыктан өз оюн тайманбай бетке айткан, акылы, эси башкалардан өзгөчөлөнүп турган, намыскөй кыздардан болуп өсөт. Анын мындай өсүшүнө атасы Маматбайдын да таасири зор болгон. Маматбай - накыл билги, орду менен сүйлөгөн, бирөөнүн акысын жебеген, кара өзгөйлүгү жок, мал жандуу, ата-тегинен динди, руханий түпкүлүктү бекем кармаган сабаттуу адам болгон.

Курманжан 17 жашка чыкканда атасы Маматбай кудалашып койгон 500 түтүндүү Жоош уруусунун Төрөкул деген бийинин анча мааниси жок Кулсейит аттуу уулуна кызын турмушка чыгарган. Бирок, күйөөсү көңүлүнө толбогон Курманжан мезгилинин катаал мыйзамына каршы туруп бир жылдан кийин Алайдын Үч-Таш жайлоосунан атасынын үйүнө келе берет да, 3 жыл чамасында башы бош олтуруп калат. 1832-жылы Курманжан 21 жашында баргы уруусунун бийи катары жана Кокон бийликтерине кызмат кылып «датка» деген наам алган, эл жерге кадыры, билгилиги маалым Алымбек даткага жолугуп, көп узабай аны менен тагдырын кошкон.

Курманжан Датка Маматбай кызынын тарыхый ролу жана коомдогу орду өтө олуттуу. Анын 96 жашка жеткен өмүрүнүн 76 жылы өз эли-журтуна арналган жана ал өмүр жолдогу ишмердикти үч чоң доорго бөлүп кароого болот. (Караңыз: Кененсариев Т. Курманжан датка — тарыхый инсан./Курманжан датка. // Сборник статей.-Ош,1991.-7-16-беттер.)

Уландысы бар

Ташманбет Кененсариев

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

07-09-2012
Манас баатырдын прототиби жөнүндө
95696

07-09-2012
"Манас” эпосунун өзөктүү окуялары жана аларда кыргыз тарыхынын чагылышы
156783

03-09-2012
Манас баатыр тарыхый инсанбы?
143575

03-09-2012
Манас баатырдын тарыхыйлыгы
138065

31-08-2012
“Манас” эпосунун жаралуу доору жөнүндө божомолдор
134979

28-08-2012
Манас жана тарыхый чындык
175035

04-10-2011
Үчүнчү доор - Курманжан датка дасыккан саясатчы
155658

04-10-2011
Экинчи доор - Курманжан датка саясий ишмер
162367

03-10-2011
Алымбек датка жана анын Курманжанга болгон таасири
152610

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×