Добавить статью
5:45, 27 августа 2012 136406

Манас жана тарыхый чындык

Уландысы - 2-макала

Манас баатырдын тарыхыйлыгы жана “Манас” эпосунун жаралуу доору жөнүндө божомолдор

Экинчи божомол

Экинчи илимий божомолдун өкүлдөрү Манас баатырдын тарыхыйлыгын негизинен кабыл алышпайт, же ал жөнүндө айтышпайт. Бирок “Манас” эпосу кыргыздардын X–XII-кылымдардагы кара-кытайлар менен күрөшүн чагылдырат, бирок, эпос катары Алтайда жана Орто Азияда калыптанган деген гипотезаны жакташат. Кайсыл бир деңгээлде мындай гипотезанын башында казак элинин чыгаан окумуштуусу Ч.Ч.Валиханов турган. Ал 1856-жылы полковник М.М.Хоментовскийдин Ысык-Көлгө жасаган ири аскерий-илимий экспедициясынын курамында тоолук кыргыздар менен алгачкы жолу жолуккан жана белгисиз бир манасчыдан эпостун “Көкөтөйдүн ашы” үзүндүсүн жазып алган. Манасты аздыр-көптүр иликтөөгө алган Ч.Ч.Валиханов: "Манас" эпосу "бир убакытка келтирилген жана бир адамдын — Манас баатырдын тегерегине топтолгон кыргыз мифтеринин, жомокторунун, ылакаптарынын энциклопедиялык жыйнагы. Бул — талаа "Илиадасы" сыяктуу чыгарма. Бул чексиз чоң эпопеяда кыргыздардын турмушу, салты, географиясы, диний жана медициналык түшүнүгү жана эл-аралык мамилеси орун алган"(Валиханов Ч.Ч. Записки о киргизах//Собр. Соч. в 5 т. Т. 2 – Алма-Ата. 1886. – стр. 46-49.) деген баа берип, бирок, Манас баатырдын тарыхыйлыгы жөнүндө пикир айткан эмес. Мындан анын Манастын тарыхыйлыгына ишенбегендигин байкоого болот. Ошол эле учурда Ч.Ч.Валихановдун чгармаларынын биринде эң кызыктуу бир мааалымат сакталып калган. Анда 1840-жылдары Талаа губерниясынын “Чоң Кыргыз ордосундагы” орус өкмөтүнүн приставы болуп иштеген Г.Франел ысымындагы майор Манас жөнүндө алгачкы маалыматты берген деп жазылат. Аталган майордун 1849-жылы бул жердеги кыргыздар мага өздөрүн ногойдун тукумдарыбыз деп айтышкандыгын, алар илгерки замандарда Ногой хандары Манастын жана анын уулу Семетейдин кысымы астында атабыз Кыргызбай Адыгине жана Тагай деген эки уулу менен Или дарыясынын боюнан бул жактагы тоолорго көчүп келген экенбиз деген маалыматты беришти деп айтканын Ч.Ч.Валиханов жазып калтырган (Валиханов Ч.Ч. Заметки по истории южносибирских племен//Собр. Соч в 5-ти т. Т. 1 – Алма-Ата.-1884 - стр. 301). Бул маалымат Манас баатырдын тарыхыйлыгын тактоого багыт бериши да мүмкүн.

Ч.Ч.Валиханов “Манас” эпосунун жаралыш доорун “байыркы мезгилге” таандык көрсөтүп, бирок чыгармаларынын башка бирөөсүндө “Алтын Ордонун” дооруна (XIII-XIV) тийешелүү (Валиханов Ч.Ч. Записки о киргизах//Собр. Соч. в 5 т. Т. 2 – Алма-Ата. 1886. – стр. 54, 71.) деген да пикирин айтат.

Өткөн кылымдын 50-жылдарында бул гипотезага илимий түс берген адам кыргыздын көрүнүктүү илимпозу, профессор Б.Юнусалиев болгон. Ал өзүнүн Манас эпосу боюнча изилдөөлөрүндө “...ар кыл элдик чыгармалардын ичинен элге өтө сүйкүмдүүлөрүнүн бири жана көрүнүктүүсү – "Манас" жомогу. Жүздөгөн жылдар бою кыргыздар учүн бул эпос таалим алуучу роман китептин, таасирдүү сахнанын жана экрандын, өткөндү эске салуучу тарых китебинин милдетин аткарып келген. Эпос – тарых эмес, бирок "Манас" эпосунун кыргыз элинан тарыхына тыгыз байлаиыштуу экенин танууга болбойт. Кыргыздардын башынан өткөргөн окуялуу доорлор, эл үчүн талыкпай кызмат кылган алдыңкы адамдардын образдары көркөмдүк формада жомоктон орун албай койгон жок” деп белгилеген (Юнусалиев Б.М. Манас" эпосуна кириш сөз. 2-бөлүм.// Караңыз: Загрузка произведения. Подождите, пожалуйста.Манас. Биринчи бөлүк. I китеп. – Фрунзе: Кыргызмамбас. – 1958. – 343 б. Ошондой эле караңыз: http://www.eposmanas.ru/?page=387). Бирок Манас баатырдын инсандык тарыхыйлыгын четке кагуу менен аны жогоруда белгилегендей тек “чоң жомок” деп санап, "Манас" жомогу граждандык тарых эмес, көркөм чыгарма, эпос деген жыйынтык чыгарган (Юнусалиев Б.М. "Манас" эпосуна кириш сөз. 2-бөлүм...).

Б.Юнусалиев “Манас” эпосунун пайда болуу маселеси жөнүндө анын кыргыз тарыхынын Алтай доорунда (IX-XI кк.) калыптангандыгы тууралуу оюн билдирген. Ал: “Эпостун башкы каарманы – Манас Алтайда туулуп өсөт, ал эр жеткенде кыргыздарды Алтайдан Ала-Тоого алып келет. Идеялык мазмуну жагынан эпостун негизги мотиви кыргыз урууларынын башын кошуп, кол салган тышкы душмандарга каршы туруу. Эпостун биринчи бөлүмүндөгү "Манастагы" окуялар алгачкы кездерде Орхон, Каңгай, Күкүнор, Алтай сыяктуу географиялык пункттарда болот, орто кылымдарга чейин Алтай тарабында жашаган тыргоот, орон-кой, ойрот сыяктуу уруулардын жана элдердин аттары аталат. Кыргыздардын да XII кылымга чейин азыркы территорияда болбой, Алтай тарабында жашагандыгы, XI кылымда Ысык-Көл, Чүй, Фергана өрөөндөрүн аралап жүрүп, түрк урууларынын сөздүгүн жазып кеткен Кашкардык Махмуддун маалыматы менен аныкталат” деп айтып келип, байыркы кыргыздардын IX-X кылымдарда бирдиктүү мамлекет болуп, күчү толуп турган доорунун аяк ченинде баскынчылык кылган кара кытайлардан жапаа тартышы, бытырандылыкка, бүлүнчүлүккө жана калың кыргынга учурашы байыркы "Манас" жомогунун чыгышына себеп болушу мүмкүн деп божомолдогон. Ошол чабуулдардан кийин кыргыз уруулары башынан өткөзгөн унутулгус тарыхый окуялар, мисалы, алардын XII–ХШ кылымдардын чегинде моңголдордун үстөмдүгүнө каршы төрт ирет көтөрүлүш чыгарышы(Киселев С.Б.. Древняя история Южной Сибири.-М., 1951.-564-б.), андан кийин ойроттордун, калмактардын, манжуулардын эзүүсүнө каршылык көрсөткөн кыймылдар, эпостон орун албай койгон эмес деп жыйынтыктаган (Юнусалиев Б.М. "Манас" эпосуна кириш сөз. 3-бөлүм...).

Мындай божомолду кийин советтик окумуштуулар, мисалы И.Молдобаев (Молдобаев И. «Манас» - историко-культурный памятник кыргызов. – Б.: Кыргызстан, 1995.) да уланткан. Тарыхый-этнографиялык адистикте докторлук диссертация коргогон бул окумуштуу «Манас» эпосунун эң алгачкы ядросу кара-кытайлардын чабуулдары мезгилинде пайда болуп, буга чейинки жана мындан кийинки окуяларды камтып турат жана Элюй Даши «Манас» эпосундагы Жолойдун прототиби болушу ыктымал деген божомолду келтирет. Негизинен, И.Молдобаевдин пикири боюнча «Манас» эпосунда кыргыз тарыхынын бери эле дегенде “кыргыз” деген этноним тарыхта белгилүү болгон доордон баштап, XX кылымга чейинки жети доору чагылып турат. “Манас” эпосунун ядросу болсо X кылымда кара-кытайлардын кол салуусуна байланыштуу калыптанган, ал эми Манас өзү болсо, жалпыланган гана образ (Молдобаев И.Б. Эпос “Манас” и его значение в мировой культуре.// Эпос "Манас" и эпическое наследие народов мира. Тезисы международного научного сипмозиума, посвященного 1000-летию эпоса "Манас", 27-28 августа 1995 г. Бишкек. 1995.-3-5-бб.). Башка бир макаласында ал Манаста Алтын Ордо мезгили да чагылдырылгандыгын жазып, “Маджму атут-Таварихте Алтын Ордонун реалдуу тарыхый инсандары: Темир Кожо (1361), Токтомуш (1376-77, 1380-1398), Темир-Кутлуг (1396-99) жана башкалар менен бирге Манас дагы реалдуу инсан катары берилген деп билдирет. Мисалы, Маджму атут Таварихтеги: “Сейид Джелал ад-Дин Темир-Кожону Токтомуш ханга кызматчы кылып бекитип, ага Өлмөс-Куланды берди. Манасты Токтомушка сардар кылып дайындады. Токтомуш хан Манаска шаар салдырып, аны Манас деп атады” (Молдобаев И.Б «Манас» – историко-культурный памятник кыргызов.-Б.-1995. –56-б.), деген сөздөр бул пикирди тастыктап турат деп жыйынтык чыгарат.

Манас” эпосу боюнча алгачкы илимий эмгекти эпос боюнча алгачкы кандидаттык диссертацияны 1962-ж. коргогон, “Манас” эпосунун мазмунун кара сөз түрүнда жазып, биринчи жолу китеп кылып чыгарган калемгер, манас изилдөөчү Самар Мусаев (Мусаев С. Манас: Научно-популярный очерк. – Б.: Шам, 1991.) болгон. Бирок, ал окумуштуу эпостогу окуялар X–XII-кылымдардагы кыргыз элинин башынан өткөн кайгылуу доорлорун чагылдыргандыгын белгилгени менен Манастын тарыхыйлыгы боюнча пикир айткан эмес.

Филология илимдеринин доктору, профессор Р.Кыдырбаева “Манас” эпосунун ичиндеги камтылган маалыматтар кыргыз тарыхынын доорлорунун циклдерин чагылдырат деген ойду берет, бирок ал адабиятчы катары Манастын тарыхыйлыгы жөнүндө жазган эмес. Окумуштуунун пикири боюнча эпосто кыргыз элинин эң байыртадан берки өткөн турмушунун элементтери ыр түрүндө айтылган. Бул жерде майдандан түшкөн олжону жоокердердин арасында тең бөлүштүрүү, аскер башчыларын, хандарды шайлоо сыяктуу аскер демократиясынын мүнөздүү белгилери орун алган. Жер-суу аттары, окуяларга катышкан элдердин, уруулардын аталыштары, адам аттары, жакшылык менен жамандыктын күрөшүн, тазалык менен кара мүртөздүктүн кармашын сүрөттөө архаикалык мүнөзгө ээ. Мисалы, ак түс тазалыктын символу (ак олпок, ак келте, ак асаба, ак тинте, ак кула, ак шумкар), ал эми каармандардын образдарында баштапкы эпосторго таандык рудиментардык элементтер бар деп жазат Р.Кыдырбаева (Кыдырбаева Р. Эпос «Манас»//Караңыз: http://www.eposmanas.ru/?page=624.Ошол эле автор. Сказительское мастерство манасчи. Фрунзе, 1984.).

Манас таануучу окумуштуу Э. Абдылдаев Манастын тарыхыйлыгы жөнүндө пикир айтпаса да “Манас” эпосунун жаралуу дооруна арналган китебинде анын калыптанышын беш этапка бөлүп, эпостун ядросу Х—XII кылымдарда пайда болуп, карахандар дооруна такаларын, ал эми калган этаптар XIII кылымдан XIX кылымга чейин, атүгүл XX кылымдын 20-30-жылдарына чейин созулуп, азыркы абалына жеткендигин жазат (Абдылдаев Э. «Манас» эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптары. – Фрунзе. 1981. Стр. 241-264.).

Ошентип, жогоруда баяндалып өткөн окумуштуулардын тобу Манас баатырдын тарыхыйлыгын айтышпаса да “Манас” эпосунун жаралуу доору, анын адабий көркөмдүгү, мазмуну жана тили, эпосто кыргыз элинин материалдык жана руханий маданиятынын чагылышы жөнүндө кенен-кесири анализдешкен. Ал эми “Манас” эпосунун жаралуу доору жөнүндөгү маселеге келгенде Б.Юнусалиевдин божомолуна кошулушат.

Үчүнчү божомол

"Манастын" жаралышы жөнүндөгү үчүнчү божомолдун негизги авторлору Манас баатырдын тарыхыйлыгы жөнүндө экинчи топтогулардай эле ооз ачышпайт, бирок “Манас” эпосу XVI–XVIII кылымдарда пайда болгон деген пикирде. Бул божомолдун негизги өкүлдөрү профессорлор А. К. Боровков менен Л.И.Климович XVI–XVIII кылымдардагы тарыхый маалыматтардын эпосто көбүрөөк орун алышына таянышып, мурунку тарыхый фактыларды көз жаздымында калтырышат. Мисалы, кыргыздардын 840-жылы Чет Бээжинди алышы (Чоң Казат), Алтайдан Ала-Тоого көчүшү (840-жылдан кийинки окуя), кара кытайлар менен согушу (X-XI кк.), Чыңгыз хандын монголдоруна каршы күрөштөр (XII–ХШ кк.) эпостон кантип орун алып калгандыгына жооп беришпей туруп эле эпостун жаралышын анда чагылып турган кийинки XVI–XVIII кылымдардагы жунгар чабуулдары кезиндеги тарыхый маалыматтарды негиз кылышат. Ошону менен бирге алар “Манас” эпосун Тянь-Шанда жашаган кыргыздар жаратышкан деген жыйынтык чыгарышат (Боровков А. К. О народности киргизского эпоса «Манас»; Климович Л. И. Об изучении эпоса «Манас».//Альманах «Дружба народов», 1952, № 5, стр. 230—265; Климович Л.И. «Манас». Киргизский эпос. Великий поход,;«Советская книга», 1946, № 12. стр. 90—96.).

Белгилүү тарыхчы А.Мокеев да “Манас” эпосу Тянь-Шанда калыптанган элдик оозеки чыгарма деген пикирде. Анын божомолунда эпостун жаралышы XIV-XVI кылымдарга таандык. Бирок, ал Манас баатырдын тарыхыйлыгы жөнүндө кеп козгобойт (Макеев А. Этапы этнической истории киргизского народа на Тянь-Шане//проблемы этногенеза и этнической истории народов Средней Азии и Казахстана. М., 1988. – стр. 88-89.).

Ушул жерде Манас баатырдын жашаган доору Аксак Темирден кийинки доорлордо болгон деген атактуу манасчы Саякбай Каралаевдин пикирин да келтирип коюу ашыктык кылбас. Мындай пикирди манасчы Ж.Кожеков да жактагандыгын, бирок, бул пикирге манасчы жана изилдөөчү Ы.Абдрахманов карамандай каршы болгондугун белгилеп коюу керек (Абдырахманов Ы. «Манастын» кайсы кылымда пайда болгондугу тууралуу // Советтик адабият жана искусство. – 1941. - №3 (17) – стр. 59-60.). Бул божомолду жактаган топтун авторлору башка топтогуларга караганда саны жагынан аз. Акыркы мезгилдерде профессорлор А. К. Боровков менен Л.И.Климовичтин көз карашын жактаган тарыхчы, этнограф же башка манастаануучу жокко эсе.

Ташманбет Кененсариев, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор. Эл.почта: taskg@rambler.ru

Уландысы бар

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

23-08-2012
Манас жана тарыхый чындык
119062

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×