Добавить статью
6:34, 31 августа 2012 216921

“Манас” эпосунун жаралуу доору жөнүндө божомолдор

Манас жана тарыхый чындык

Уландысы - 4-макала

Манас баатырдын тарыхыйлыгы жана

“Манас” эпосунун жаралуу доору жөнүндө божомолдор

Алтынчы божомол

Манас баатырдын тарыхыйлыгы жана “Манас” эпосунун жаралуу доору жөнүндөгү маселеде жакынкы эле жылдарда оригиналдуу, ошол эле учурда таптакыр башкаларга окшобогон дагы бир божомол жаралды. Кеп интернет сайттарынан Кыргызстандын тарыхын кыскача жазып келе жаткан заманбап изилдөөчү Турусбек Мадылбай менен Америкадан Кыргызстанга келип, өз алдынча изилдөө менен алектенип жүргөн волонтер Ричард Хьюиттин (Хевиттин) - Рысбектин жазгандары жөнүндө жүрүп жатат.

Т.Мадылбай мындай дейт: “Эпосторду эч далили жок жомок катары кароого болбойт. Тактап айтканда, байыркы эпостор куру жерден жаралып, элдин дүйнөгө көз карашын гана көрсөткөн чыгармалар эмес, алар элдин ар кыл мезгилиндеги тарыхый окуяларын чагылдырган жылнаама болгон.” “Манас” эпосунда бардык окуялар, адамдардын ысмы, тагдырлары Манас баатырдан тегерегинде өткөндүктөн эпостун өзөгүн түзгөн байыркы Манас аттуу каарман жашаган болушу керек (Мадылбай Т. Жакып менен Манас, Иаков менен Манасси.//Көк нуру гезити, 01.06.2005.) деп ойлойт. Андан ары ал “Манас" деген ысымдын пайда болушу тууралуу талаштарды айтып келип, ал Азия континентиндеги бир нече географиялык, гидронимикалык аталыштардын, Индиялык мифтердин, философиялык ой-жүгүртүүлөрдүн негизинде жаралышы мүмкүн деген пикирлерди санап өтүп, "чындыкка жакыныраагы - Манастын өз аты дагы, атасынын Жакып деген аты дагы туура келген Тоораттагы Йаковдун уулу Манасси десек болот. Себеби, бир ат окшошконун кокустук десек дагы, эки ат тең окшошкондугун тана албайбыз” деп жыйынтык чыгарат (Мадылбай Т. Жакып менен Манас, Иаков менен Манасси.//Көк нуру гезити, 01.06.2005.).

Ричард Хевиттин (Рысбек) изилдөөсү башкалардан өзгөчө айырмаланат (Рысбек – Ричард Хевит (Рысбек) Пайгамбарлардын колжазмасы менен Манас эпосун салыштырып талдоо. 2011.//Караңыз: http://www.scribd.com/doc/). Ал кыргыз Жакыбы менен еврей Йакуб пайгамбарды салыштырып-талдоо, Рабига жана Ребека, Самария, Самарганд, Самакай, Манас менен Мусанын Көчү, кыргыз элинин салт-санаалары, Кыргызстандын Ысык-Көлү, Семетей деген жана башка темаларды изилдеген китебин электрондук версияда 2011-жылы жарыкка чыгарды. Хевитт өзүнүн китеби жөнүндө “Мен кыргыз эмесмин. Кыргыз тилин тереңдетип үйрөнө элекмин. Кыргызчылыкты да толук билбейм. Жазгандарымда ката болушу да мүмкүн, моюнга алам... Ошондой болсо да бул эмгегимди кыргыз элине сүймөнчүлүк менен тартуулайм” деп жазат (Рысбек – Ричард Хевит (Рысбек) Пайгамбарлардын колжазмасы менен Манас эпосун салыштырып талдоо. 2011.//Караңыз: http://www.scribd.com/doc/).

Хевит маселени кыскача төмөндөгүдөй баяндайт. Жакыб пайгамбар (Иаков) менен бай Жакып – эки түрдүү дастандагы эки башка каарман. Тоораттагы Йакуб пайгамбар Исаактын баласы жана Ыбрайым пайгамбардын (Авраам) небереси (Жакыб пайгамбардын аты англисче “Jacob” деп жазылат, “Жейкыб” деп айтылат.). Ал эми бай Жакып – кыргыз баатыры Манастын атасы. Жөөттүк (иудейдик), христиандык, исламдык ыйык жазууларда: Йакуб пайгамбар он эки уруунун атасы болгондугу көрсөтүлгөн. Биздин эрага чейинки XVII кылымда бул уруулар Мисирде (Египетте) өз алдынча конфедеративдүү мамлекет түзүшкөн жана биздин эрага чейинки X-VIII кылымга дейре жашап келген. Ушул кылымдан кийин түштүктө эки уруу (азыркы еврейлердин түп аталары болгон Жөөт (Иуда) менен Бенжемин (Бениамин) эли) өз алдынчалыгын сактап калып, ал эми түндүктөгү Йакуб пайгамбар башкарган он урууну эки кылым ичинде Ассирия басып алган жана таратып жиберген. Азыркы күнгө чейин бул он уруунун жок болуп кетүүсү туурасында түрлүү уламыштар бар. “Жоголгон он уруу” жөнүндөгү далилсиз билдирүүлөр миңдеген кылымдар бою адамзаттын аң-сезимин козгоп келген.

Ыйык жазуулардагы Йакуб пайгамбар болжол менен мындан 3700 жыл мурун жашаган. Кыргыздын бай Жакыбы – туман каптаган, өткөн мезгилдин легендарлуу инсаны. Антсе да “Манас” эпосунда анын жашоосунун көп маанилүү бөлүгү сакталган. Йакуб пайгамбар менен бай Жакып экөө тең көчмөндөрдүн башчылары болуп, өздөрүнүн чакан уруулары менен бир жерден экинчи жерге көчүп жүрүшкөн. Таңгалыштуусу – Йакуб пайгамбардын туткундалган он уруусу, тарыхта болжолдуу түрдө, “Манас” эпосундагы “Ороздунун он уулу”, анын ичинде Жакып баштаган кыргыздын талкаланып чачылган уруулары сыяктуу дайынсыз жок болуп кеткен. Бүгүнгө чейин ошол “жоголгон он уруу” “Ысрайылдын чачылган уруулары” деп эсептелет.

Йакубдун жоголгон он баласы же уруусунан башка анын он биринчи Жусуп аттуу уулу болгон. Жусупту Йакуб египеттиктерге кулчулукка сатып жиберет. Өз кезегинде ошол Жусуп Египетти башкарган экинчи адам болуп калат. Анын египеттик аялы тун уулун төрөгөндө Жусуп ага “унутууну берди” деген маанини билдирген Манасе деген ат койгон. Себеби, Жусуп улуу бир туугандарынын өзүнө кылган бардык жамандыктары менен кылыктарын кечирген жана Манасе төрөлгөндө ал жамандыкты унуткан эле. Индия элдеринин тилдеринде “жүрөктүн аруулугу менен таза ойдун шайкештиги” (Жеке интервью. Бангалор, 2005. Ыйык адам катары кароо үчүн Католиктер, “Мария Гореттиге окшогон адамдар “жүрөктүн аруулугу менен таза ойдун шайкештигин” алып жүрөт” деп белгилешет. 1902-жылы Мария Горетти өлүп атканда өзүн өлтүргөн канкорду кечирген. 1950-жылы ал котоликтер үчүн ыйык адам катары каралып калды. Караңыз: Рысбек – Ричард Хевит (Рысбек) Пайгамбарлардын колжазмасы менен Манас эпосун салыштырып талдоо. 2011.//Караңыз: http://www.scribd.com/doc/) дегенди түшүндүргөн “Манас” же “Манаса” деген сөз бар. Мындай түшүнүктү Хевитт Тооратагы “кечиримдүүлүк жана унуткаруу” дегендин акыл тереңинде өркүндөтүлгөн сыпаты катары караса болот деп эсептейт. Кыргыздарда “Айкөл Манас” “Кең пейил Манас” дегенди билдирген элдик ат. Кыскача айтканда Йакуб небереси Манасени өз уулдарынын катарына кошот да Жусупка мындай дейт: «...сенин Мисир жеринде туулган эки уулуң Эпрайым менен Менаше эми менин уулдарым болот, Рубейин менен Шымон сыяктуу эле булар меники. Сенден төрөлө турган, булардан кийинки балдар сеники болот» (Башталыш 48:5,6. Караңыз: Рысбек – Ричард Хевит (Рысбек) Пайгамбарлардын колжазмасы менен Манас эпосун салыштырып талдоо. 2011.//Караңыз: http://www.scribd.com/doc/) Бул чаар китептеги каарманды Орто Азиянын “Манас” эпосунда табылуусунан улам, керек болсо ыйык китепке баш оту менен каршы чыккандар да, көчмөн кыргыздар менен тоораттагы байыркы көчмөндөрдүн ортосунда кандайдыр бир байланыштар болгонун моюнга алышат.

Кыргыздар “Тегин жерден өрт чыкпайт” дешет деп андан ары сөзүн улайт Хевитт. Сөзсүз мындай окшоштуктардын себептери болуш керек. Христиандар менен жөөт-иудалар улуу жибек жолу менен ар кайсыл мезгилдерде Борбордук Азияга келип турушкан. Балким бул Жакыптын уулу Манас да чаар китептеги жоголгон элдердин байыркы бабасы болгон, өз тукумунун башчысы Йакуб уулу Манасенен чыкканынын кошумча күбөсү болуп жүрбөсүн…-деген божомолду сунуштайт. Манассинин уруусу жөнүндөгү пайгамбарлык жазуу менен (б.э.ч. X-VIII кк.) “Манас” эпосунун болжолдуу жаралышынын (б.э.VIII-X кылымдарынын) ортосундагы ээн калган мезгил эпосто да чагылат деп жазат Хевитт. Мисалы, Он эки кылым салбаптыр, Бул Каракан өлгөнү, Каарланган каапырга, Укурук кайраар калбаптыр (Каралаев С. «Манас». с. 275-278). Хевитт Ассирия Самарияны талкалаган биздин эрага чейинки VIII кылымдан биздин доордун IV кылымына чейинки он эки кылым ичинде чаар китептеги Манассинин тукумдары, ошондой эле “Манас” эпосундагы кыргыздар кайда жүрдү? деген суроо койот. Аталаш туугандар Тибет жакка ооп кеткен Бай менен Алтайдагы Жакып кайрадан жолукканда эпосто мындай делет: Он эки уруу кыргыздын, Өлүшүн жоктоп кыйналдым, Аларды санап ыйладым. Кенже иним Жакып” дегенде, Күндө үч убак ыйладым (Ыйык китептеги Даныяр пайгамбардын китебинде да Ысраил эли үчүн да үч маал ыйлап, сыйынат.) Күйүттөн жанды кыйбадым (Сагымбай Орозбаков, I китеп, 6381-6386 (Башкы редактор А.А. Петросян, Москва 1984)). Демек, бул окшоштуктар жөн жерден чыккан окшоштуктар экендигин Хевитт туруктуулук менен сунуштап келет.

Албетте, кыргыз окурмандарынын ичинде Т.Мадылбай менен Р.Хевиттин божомолуна каршы чыккан да, аны олуттуу деп санагандар да бар. Бирок, таптакыр танып жиберүүгө болбой турган жүйөөлүү факторлор юул божомолду да манастаануу илиминде өз орду бар көз караш деп саноого мүмкүндүк берет.

Жетинчи божомол

Акыркы жылдары Манас эпосун изилдөөнү активдештирүү зарылдыгы кыргыз коомчулугунда байма-бай айтыла баштады. Мисалы, “Кылым көчү” коомдук кыймылынын башчысы Ш.Түмөнбаев Манас менен Чыңгыз хандын ортосунда байланышты көрсөтөт. Анын пикиринде Ала-Тоодогу кыргыздардын Ногой ханы каза болгондон кийин кытайлардын кысымы менен анын эң кичүү уулу Жакып Алтайга сүрүлүп, көп жыл калмактар менен жашаганга мажбур болгон. Ал жерде жер айдап, алтын издеп дүнүйө кылып, байып, жашы улгайып калганда, болжолу 670-жылы Манас аттуу баатыр балалуу болот. Манас, Жаңсай манасчынын айтымы боюнча, элүү төрт жыл жашаган. Муундан муун болуп, он алтынчы тукуму Бука эмир деген зор комузчу болгон. Так ушул Бука эмир 1224-жылы өлгөн Чыңгыз хандын улуу уулу Жучинин каза болушун Темучин ханга комуздун күүсү менен угузгандыгы жөнүндө баяндаган деген божомолду билдирүүдө Ш.Түмөнбаев (Түмөнбаев Ш. Манас менен Чыңгыз хандын ортосундагы байланыш./Караңыз: http://kmb3.kloop.kg. «Neweurasia-Kyrgyzstan», 11.01.2011-ж.).

Бул фолк-хистори божомолду илимий окумуштуу Т.Акеров да колдоп чыкты. Ал байыркы замандарда Түштүк Сибирде европеоиддик антропологиялык түстөгү “мангу” деген эл жөнүндөгү маалыматты айтып жатып, ХII-ХIII кылымдардагы жазылган кытай булактары "Сунмо цзивэнь" жана "Да Цзинь го чжи" белгилеген енисей кыргыздарынан түндүгүрөөктө жайгашкан ак жүздүү, эр жүрөк жана дөө сымак эрлери бар уруулар, ошондой эле Рашид ад-Диндин чыгармаларында Алакчын өлкөсүндө жашаган өзгөчө уруулар “усиндер” тууралуу маалымат так ушул мангу элине таандык деп эсептейт. Т.Акеровдун пикири боюнча "мангу" этноними "ман" (адам, киши) жана куу (ак жүздүү, ак куунун тукуму, куманды, куман) деген терминдердин мазмунуна айкалышат. Рашид ад-Дин мангулардын өлкөсүнүн аттары зор, баары боз, идиш-аяктары күмүштөн деген маалыматы бар. Андан ары ал байыркы усиндерди "усуту-мангун" же “күмүш мангун” деп атап, алардын байыркы кыргыздар менен туугандыгын баяндаган. Кытай булагы "Юаньши" усиндер Хань жеринен 40 кыздын усин эркектери менен болгон никесинен тарагандын, кийин ал чөлкөм “Кыргыз” өлкөсү деп аталып калгандыгын маалымдаган. Ошентип, Т.Акеров байыркы мангу элинин баатырларына түспөлдөш сүрөттөлгөн Манас кадимки Чыңгыз-хандын бабалары болушу мүмкүн деген божомолду айтып (Акеров Т. Был ли Чингиз хан потомком Манаса? //Кут Билим. №08, 20.03.2008.), муну атактуу Темучжиндин енисей кыргызы Малик-баяуд менен легендарлуу эне Алангоадан туулган байыркы кыргыздардай сары чач, көк көз борджигиндердин урпагы болгондугуна байланыштырат.

Негизинен бул пикирдеги изилдөөчүлөр б.з.ч. II миң жылдыктан баштап б.з. V кылымына чейинки байыркы мезгилдерде көчмөндөр баатырдык доордо жашаган жана анын натыйжасында баатырдык эпостордун жаралышына ыңгайлуу шарт түзүлгөн дешет. Манас эпосу да ошол шартта пайда болгон деп аныкташат. Манас баатырдын Чыңгывз хан менен генетикалык байланышын аныктоого аракеттенгени менен анын тарыхыйлыг тууралуу олуттуу көз караш айта алышпайт.

Уландысы бар

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

07-09-2012
Манас баатырдын прототиби жөнүндө
177209

07-09-2012
"Манас” эпосунун өзөктүү окуялары жана аларда кыргыз тарыхынын чагылышы
265520

03-09-2012
Манас баатыр тарыхый инсанбы?
226873

03-09-2012
Манас баатырдын тарыхыйлыгы
217853

28-08-2012
Манас жана тарыхый чындык
282059

04-10-2011
Үчүнчү доор - Курманжан датка дасыккан саясатчы
267572

04-10-2011
Экинчи доор - Курманжан датка саясий ишмер
262392

03-10-2011
Алымбек датка жана анын Курманжанга болгон таасири
237029

03-10-2011
Курманжан датканын феномени
308433

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×