Добавить статью
2:34, 14 декабря 2012 61249

Азыркы күндөгү Кыргызстандын саясий элитасы

Ар бир элдин, улуттун, өлкөнүн саясий элитасы болоору талашсыз. Ал эми, ошол саяий элитанын маңызы кандай, бул да орчундуу ойлондуруучу маселе. Айрыкча азыркы күндө, кыргыз коомчулугун түйшөлткөн маселе.

«Элита» - француз тилинен алынган сөз, «эң мыкты» деген маанини берет. Демек элита коомдун тандалган катмары, адамдардын тандалган чөйрөсү. Ал эми саясий элита болсо, саясий чөйрөгө тиешелүү, же болбосо саясий башкарууну, мамлекеттик башкарууну ишке ашыруучу, коомдун, мамлекеттин позитивдүү өнүгүү багыттарын аныктоочу адамдардын эң жогорку мыкты тобу.

Кыргыз элинде да акылга бай, кеменгер, сөзгө чечен, эл башкарган адамдарды - БУЛ ушул уруктун, ушул уруунун, ушул элдин «мыкты чыкмасы» деп айтышкан. Аларды сыйлап кадырлашкан, угушкан. Кыйын кезеңдерде эл тагдырын аларга ишенип тапшырышкан. Эл мыктылары ал оор милдетти чоң жоопкерчилик, намыстуулук, сыймык менен аткара келишкен. Ошондуктан аларды «элдин уюткусу» дешкен. Андай адамдар ар бир доордо, кылымдарда боло келген.

Азыркы саясат таануу илими да ЭЛИТА деген сөзгө – «улуттун (коомдун) эң жогорку руханий - нравалык баалуулуктарын алып жүрүүчү адамдардын тобу (стратасы)» деген түшүндүрмө берет. Демек, саясий элитага эң жогорку саясий маданият, ички маданият мүнөздүү болуусу шарт. Биз болсо, көп учурда саясий маданият дегенде негизинен эле жогорку билимдүүлүктү, жакшы кийинүүнү, эл алдында өзүн алып жүрө билүүнү, кооз сүйлөөнү түшүнөбүз.

Бирок, саясий маданият аталган нерселер менен гана чектелбейт, анын маани - маңызы бир топ кенен да, терең да. Жогорку билимге ээ болуу менен эле бул адам жогорку маданиятка ээ болду деп айта албайбыз, айрыкча азыркы күндө.

Ушуга байланыштуу, бул көрүнүшкө карата эл арасында айтылган, ошондой эле улуу ойчулдарга таандык учкул сөздөрдү эске сала кетүү максатка ылайык.

«Билими жок, бирок маданияттуу адам эч нерсе эмес,

ал эми жогорку билимге ээ болуп, маданиятсыз болуу эң коркунучтуу (коом үчүн)» деген чыгыш эли.

Белгилүү ойчул, окумуштуу Аль – Фарабинин: «Адамга эң ириде тарбия керек, тарбиясыз билим, адамзат үчүн коркунучтуу» деп айтканы бар. Мына, кандай таамай айтылган сөздөр !!!

Жогорку билими бар адам (тагыраагы жогорку билими жөнүндө диплому бар адам десек туурараак болот. Анткени, азыркы күндө ар кандай жолдор менен, айрыкча акча аркылуу билим эмес, диплом алынып жатат) кайсы бир мамлекеттик кызматка, эң жогорку кызматка барып калышы мүмкүн, президент, өкмөт башчы, министр, депутат, бир мекеменин башчысы болушу мүмкүн. Ошол эле учурда ал, маданиятсыз болсо, ички дүйнөсү жарды болсо, ал жерде тууганчылыкты, жердешчиликти, трайбализмди жайылтат, коррупцияга малынат. «Я начальник, ты дурак» деген принцип менен иш жүргүзүп, коллективди бүлүндүрөт, коомго, мамлекетке чоң зыян алып келет. Мына жогорку учкул сөздөрдүн маңыз - мааниси. Тилекке каршы бул көрүнүштөрдү бүгүнкү күндө кадам сайын жолуктурууга болот. Эң өкүнүчтүүсү, мындай көрүнүштөр азыркы күндө биздин саясий элитабыздын да көпчүлүгүнө мүнөздүү.

Саясий элитага мүнөздүү болгон жогорку саясий маданияттуулуктун критерийлери катары биз төмөнкүлөрдү белгилешибиз керек: саясий элитанын өкүлүнүн жогорку профессионалдуулугу (компетенттүүлүк), саясий жүрүм – туруму, бай ички дүйнөсү, дүйнө таануусу, саясий көз карашы, позициясы, саясий кырдаалга туура баа берип, туура, позитивдүү саясий чечим кабыл алышы, коомдун, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын жеке өз кызыкчылыгынан жогору коё билүүсү, бийик жоопкерчилиги.

Качып кеткен 2 президентибизге (бири окумуштуу, академик, экинчиси да Россиядан жогоку билим алган) ушул нерселер мүнөздүү беле? Жок. Демек алардын саясий маданияты, ички маданияты төмөн, жан дүйнөсү жарды болгон.

Саясий маданият – динамикалык өнүгүүдөгү көрүнүш. Ал айлана чөйрөдө, коомдо болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн таасири менен байыйт, өзгөрөт. Айрыкча кризис учурунда, согуш мезгилинде, экстремалдык кырдаалдарда терең өзгөрүүгө дуушар болот. Мына, апрель окуяларынан кийин, бизде азыр өтө акырындык менен болсо да саясий маданиятыбыз өзгөрүүгө дуушар болууда, парламенттик саясий маданият калыптанууда. Ооба, саясий элитабыздын көпчүлүгү парламенттик башкаруунун табиятын түшүнбөй, мурдагы эле, эски ыкма менен башкаруу аракеттеринде, айрыкча алардын саясий маданияты, интеллектуалдык деңгээли, орустар айткандай: “оставляет желать лучшего”. Үстүбүздөгү жылдын 3 – октябрындагы окуя эле (“Ата Журт” партиясынын лидерлери С. Жапаров, К. Ташиев, Т. Мамытовдордун “Ала Тоо аянтына чогулган элди бийликти басып алууга үндөөсү жана аракеттери – К. Р. ) айтылган ойдун даана далили. Бирок, кантсе да алгачкы, калтыраган болсо да кадамдар жасалып жатат. Аны өнүктүрүп кетүү үчүн, албетте азыркы учурда эң башкысы өлкөдө саясий стабилдүүлүктү, туруктуулукту, улуттар аралык ынтымакты сактоо архизарыл. Мына ушул маселелерди туура чечүү, коомдун саясий өнүгүүсүнүн багытын туура аныктоо учурдагы өлкөбүздүн саясий элитасынын саясий маданияттуулугунун бийик сапатынын көрсөткүчү болуп калаар эле.

Ошол эле учурда, биз, саясий маданиятты жалпы улуттук маданиятыбыздын ажырагыс бир бөлүгү катары карашыбыз абзел. Анткени саясий маданияттын калыптануусуна сөзсүз түрдө улуттук менталитет, психологиялык өзгөчөлүк, улуттук жана диний каада - салт ж. б. таасир этет. Анын элементтери болот. Ал тарыхый өнүгүүгө да ээ. Тарыхтан билгендей, Энесай кыргыздарынын ажосу өткөргөн жыйынга 40 жашка чейинкилер катыша алган эмес, үй - бүлөсү жокторго (бойдокторго) эч бир жыйында сөз берилбеген, эгерде кеңешчи туура эмес кеңеш берсе, элчи мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иш - аракет жасаса башы кеткен. Бул ошол доорго мүнөздүү саясий маданият болгон.

Көңүл буруучу нерсе, бабаларыбыздын: «Тууганчыл бийде ыйман жок, ыймандуу бийде тууган жок», «Сөз чынынан бузулбайт», «Калптын казаны кайнабайт», «Ырыс алды ынтымак», ошондой эле, кечээги эле улуу инсаныбыз И. Раззаковдун «Коом деген сен менен мен. Сен ак болсоң, мен ак болсом, коом да таза болот» деген улуу сөздөрү ар бирибиздин, айрыкча саясий элитанын ишмердүүлүгүндөгү жетекчиликке алынуучу принциптер болуусу өтө зарыл.

Дагы бир айтаарыбыз, биз кыргыздар «революционербиз, 2 президентти кууп салдык» деп, малакайыбызды көккө ыргытып мактанып, сыймыктанбашыбыз керек. Бул өкүнүчтүү көрүнүш. Биз, 20 жыл аралыгында эволюциялык өнүгүү маданиятына, бийликти мыйзамдуу түрдө, тынчтык жолу менен өткөрүп берүү маданиятына өтө албагандыгыбызга, ошондой маданиятты, салтты калыптандыра албагандыгыбызга өкүнүшүбүз керек. Бийликти мыйзамдуу жол менен өткөрүп берүү салтына өтүүбүз зарыл. Ошондо гана стабилдүү өнүгүү болот. Мындай жолго өтүүдө албетте, саясий элитанын ролу, орду өтө чоң экендиги талашсыз. Жогоруда белгилегендей, кыргыз саясий элитасы улуттун (коомдун) эң жогорку руханий - нравалык баалуулуктарын алып жүрүүчү адамдардын өзгөчө (жалпы жарандарга үлгү болуучу) катмарына айлануусу зарыл.

Бирок, кантсе да биз, Кыргызстанда дагы бир революциянын иш жүзүнө ашуусун каалар элек. Жалпы жарандарыбызды, саясий элитабызды ошондой революцияны ишке ашырууга чакыраар элек. Ал көчөлөрдө, аянттарда, Ак үйдүн алдында жасалуучу, “паланча кетсин!!!, түкүнчө өлсүн!!!” деген кыйкырыктар менен коштолуучу революция эмес. Ал аң сезим революциясы. Биз аң - сезимибизде революция жасап, аң - сезимибизди түп тамырынан өзгөртүп, тазартканыбызда гана коомду өзгөртөбүз, өнүктүрөбүз. Ошондо гана саясий башкарууда чындык, тазалык, айкындуулук, адилеттүүлүк орун алат, мыйзамдын күчү артып, мыйзам диктатурасы орнойт, ак эмгек, таза эмгек бааланат.

Белгилүү саясат таануучу Бернард Шоунун мындай деп айтканы бар: «Самая лучшая политика, это ЧЕСТНОСТЬ». Бул талашсыз. ЧЫНДЫК гана бизди оң жолго салат. Мамлекеттик башкаруунун кандай формада болушу маанилүү эмес, президенттикпи, парламенттикпи же аралашпы, негизгиси уурдаганды, калп айтканды токтотуу керек. Мына ошондо гана өнүгүү болот, калкта саясий элитага (бийликтегилерге), өз келечегине болгон ишеним жаралат. Ишеним бул өнүгүүнүн өзөгү.

Колдонулган адабияттар

1. Арутюнян Ю.В. и др. Этносоциология. – Москва, 1998;

2. Гаджиев К.С. Политология. – Москва, 2006;

3. Шергелдиева А.К. Адеп башы – элдик мурастарда. – Кант, 2005;

4. Джунушалиев Дж.Идеология: ее генезис, функции и перспективы // Кыргызстан тарыхынын маселелери. – Б., 2006. №1. 11 – 17 – бб.;

5. Боотаева Б. Роль идеологии в процессе формирования общества на фоне внутриполитических изменений и кризиса в Кыргызстане // Кыргызстан тарыхынын маселелери. – Б., 2006. №1. 17-21 – бб.;

6. Джуманалиев Т. Роль и место интеллигенции в преобразовании кыргызского общества // Кыргызстан тарыхынын маселелери. – Б., 2009. №2. 29-34 – бб.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×