Добавить статью
8:12, 6 сентября 2013 55122

Кыргыз маданияты азыркы доордун жаңылануу шартында

Ар адам окчун өскөн дарактай болуп өзүнчө көрүнгөнү менен анын жан дүйнөсү адамзаттын улуу рухуна тамырлаш.

Жалпы адамзаттын ошол рухуна жашоо берип, анын бир бөлүгү болуп түгөлдөп, адамга чыныгы кубат берген жана аны бүтүндөй аалам менен бириктирип турган касиети артык улуу күч эл-журтта, элдин жан-дүйнөсүндө, салт санаасы менен маданиятында, намыс менен эркиндикти туу тутуп келген Манас баш болгон ата-бабалардын арбагында, Каныкей сындуу энелердин аруу тилегинде.

Азыркы жаш муундардын жанын арбап, акылын айнытып жаткан, улуттун тилин, улуу жомогун өзүнө жат кылып, бетке кармаган инсандарын шылдынга алып көө сүртүп касиетин кетирип келген ички жана сырткы күчтөрдүн башкы максаты мына ушул - биздин көкүрөктөгү духту өчүрүү.

Ар бир адам болом деген инсан бул жашоодон өз ордун издейт. Ал эми анын ааламдан жана адамзаттын руханий дүйнөсүнөн ээлеген өз ордун табуусу үчүн алган чыныгы жолу анын өз элинин жан дүйнөсү аркылуу өтөт.

Ар бир элдин аруу-дүнүйөсү, маданияты – бул адамзаттын рухунун түркүктөрү. Элдин жок болушу, маданиятынын кыйрашы – адамзат дүйнөсүнүн жабыркашына, бара турган жолунан чыгып талкаланышына алып барат.

Ошондуктан, кулчулук менен көөдөндөн баскан көр тириликтен өйдө туруп чыныгы адам болом деген ар бир инсандын бир гана белгиси бар – ал өз эли-журтуна болгон чыныгы сүйүү, жан тартуу сезими.

Адамгерчиликтин дагы, адилеттиктин дагы башаты ушул касиетте.

Элдин аруу сезиминен аттап өтпөй анын келечеги үчүн күрөшүү жана дүйнөдөгү башка элдердин арасында өз ырыскысына өзү ээ болуп ордун табышын камсыз кылуу – бул адам болом деген ою көкүрөгүндө бар ар бир инсандын парзы.

Кыргыз элинин жалпы адамзаттын руханий жан дүйнөсүндө, бул ааламда ээлеген өз орду, өз жолу бар.

Анын орду да, жолу да – улук.

● ● ● ● ● ●

Көп айтылып, жазылып келген көчмөндөр маданияты, табият менен эриш-аркак болгон, дүйнөнүн өзөгүн түзгөн түпкүлүгү туура маданият кыргыз элинин жан дүйнөсүндө, рухунда.

Бул улуу касиет замандын шартына жараша жаңыланышы керек.

Совет доорунда Чынгыз Айтматов башында турган кыргыздын таланттуу уул-кыздарынын аракети менен ата-бабадан бери келе жаткан салт-санаа, нарк-насил, руханий дөөлөттөр заманга жараша өз жүзүн кайрадан ачып жаңыланды.

Алардын Саякбай Каралаев сыяктуу элдик маданияттын куту орногон, өзүнчө бир жалындаган таланттуу адамдардын колунан «эстафетаны» алышып союздук жана дүйнөлүк аренага чыгышы таптакыр мүмкүн болбогондой көрүнүш эле.

Бирок бул канчалык таңгалаарлык болуп көрүнсө да бир эле муундун көз алдында ишке ашты.

Азыркы учурда дагы замандын шартына жараша кыргыз маданиятында ошондой руханий жаңылануу жана элдин улут катары дүйнөдөгү өз ордун, келечегин, тагдырын, өткөн-кеткенин таануу процесстери жүрүп жатат.

Чоң нерсенин башы башталып, келечеке кетүүчү жолдун башаты ачылып жаткан кез.

Бирок, элдин руханий дүйнөсүнө чыныгы өзгөрүү алып келүүчү жаңылык жараткан руханий көрүнүштөр, көптөгөн адамдар күткөндөй академиялык чөйрөдө же официалдуу институттарда эмес, аз да болсо жазуу өнөрүнө аралашкан, традициялык эмес формада чыгарма жаратып, информация алууга тап койгон катардыгы адамдардын, актыкты, улуулукту көкүрөгү менен туюп, бийиктике, аруулука умтулган кыргыздын алдынкы жаштарынын арасынан байкалууда.

● ● ● ● ● ● ●

Кыргыз элинин келечеги бийлик, байлык, атак-данк, акча жана өз башынын жыргалчылыгы үчүн башкалардын көңүл-жанын тепсеп, башын айландырып, алыскы-жакынкы «күчтүүлөргө», акчалууларга иштеген колдон суурулган шылуундарга байланыштуу эмес. Аткаминерлердин да чамасы чакталуу.

Эл тагдыры акты-караны ажыратып, чыныгы Кудай жолуна түшүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар, жаратылышы аруу адамдарга жана алардын уюмдашып жалпы эл үчүн чогуу аракет кылуусууна түз байланышуу.

Ушундайлардын алдынкы катарында турган, илгери эл жакшылары, азыр элита деп аташкан журт тагдырын аркалаган адамдар 1916-1920-1930-жылдарда жана кийинки кезде, азыркы учурда гана эмес, илгерки заманда да ички-тышкы күчтөрдүн аракети менен жок кылынып келген жана келечекте мындай көрүнүш кайталанбайт деп ишенип айтууга мүмкүн эмес.

● ● ● ● ● ● ●

Заман кандай болгон күндө да келечек жана актык, акыйкаттык үчүн күрөшүү ар муундун милдети, жашоолук парзы.

Азыркы дүйнөнүн өнүгүү багытын изилдеп, талдап караган адамдар үчүн дүйнөдөгү элдердин гана эмес жалпы эле адамзаттын тагдыры биз ойлоп, түшүнгөндөн да ары татаал, ары опурталдуу боло тургандай көрүнөт. Азыр биздин өлкөдө болуп жаткан оң-тескери көрүнүштөр көп жагынан ушул учурда дүйнөлүк коомчулукта болуп жаткан өзгөрүүлөр, ар кандай күчтөр жана мамлекеттердин аракеттери менен шартталууда.

● ● ● ● ● ● ●

Устаранын мизинде айланган ушул заманда Кыргыз элинин да көпчүлүкө сезилип сезилбей өз тагдыры, ата-бабадан калган аруу тилектери үчүн жүргүзүп жаткан күрөшү көрүнүп-көрүнбөгөн абдан чоң тоскоолдуктарга учуроодо.

Эл тагдырын боолголоп, заманасы тарып, кабыргасы кайышып турган кыргыздын уул-кыздары, алардын эл-журт бололук деп кылган аруу тилектери менен аракеттери – Кудай алды, миң ирет баш иээр улуу иш.

Алардын бул аракети, ар биринин өмүр жолу - дүйнөдөгү башка көптөгөн элдердин, алардын алдыңкы адамдарынын караңгыдан жарык издеп адамзаттын келечеги үчүн кылган иштерине, ошолордун «кылыч мизинде кырчылдаган» өмүрүнө тагдырлаш.

● ● ● ●

Дүйнөнүн ар кандай бөлүктөрүндө биздин боорлоштордун өз элинин тагдырын башка элдердин, адамзаттын келечегине байланыштырып агымга каршы туруп кылган аракети, миң кубулган арамзаларды айланып өтүп түз байланышка чыгуусу – бул биздин келечегибиздин өбөлгөсү.

Ушул кезде, кыргыз элинин салижандай сынчылардын ирониясына кабылып турушунун негизги себеби - интеллектуалдык жана рационалдык сапат-өзгөчөлүктөр башкы орунду ээлеп турган азыркы цивилизациянын шарттары менен талаптарына ылайык ички потенциалын жаңылантып, трансформациялап, дүйнөлүк маданият жеткен жаңы деңгээлде же формада жаратылышында жаткан духту ойготуп, өз жүзүн өзү ачып кете албай турган абалында.

Азыркы цивилизация жогорку деңгээлдеги ачык айкын иштеген акыл-эс менен абстракциялык логика, темирдей такшалган ички дисциплина жана тактык чыяктуу касиеттери менен өзгөчөлөнгөн адамдары менен айырмаланууда.

Ал гана эмес, дене түзүлүшү, сезим органдары, организми да азыркы заманга, анын техника чөйрөсүнө жараша калыптанган, жаңыланган, өнүгүп өскөн адамдарды талап кылууда.

Тилеке каршы, совет доорунда башталып, башаты ачылып ушул багытта кетип бара жаткан башында Чынгыз Айтматов турган жаңылануу процесстери толук кандуу улантылып, оргу-баргы болуп өөрчүп кете албай, артка-кайрылып кайрылбай турган учуру.

Кыргыз маданиятын жана исскуствосун терең изилдеген эмгектер көрсөтүп тургандай элдин ички потенциалында жана жаратылышында абдан чоң мүмкүнчүлүктөр сакталып, катылып турат.

Кыргыз маданиятына жана элине таандык башкы багыт, негизги айырмачылык – бул башка тилдүү адабияттарда дух (башкача айтканда - эрк, ички кубат, эрдик, баатырдык, аруулук ж.б.у.с. касиеттердин жыйындысы) деп аталган касиеттин өз өнүгүүсүнүн эң жогорку баскычка жеткендигинде.

«Манаста» айтылгандай Манастан мурун да кийин да андай болуп бийик чекке жеткен духу, эрдиги, баатырдыгы, айкөлдүгү ашкан адам төрөлгөн эмес деген сөздөр да, биринчи иретте, дал ушул жалпы элге таандык өзгүчүлүктү жана кыргыз эли менен бирге ага руху-духу жакын элдер аркалаган дүйнөлүк миссияны, руханий милдет менен орунду көрсүтүп кабар берип турат.

Кыргыз эли ар түрдүү себептерден улам традициялык маданият деп аталган ошол көчмөн замандарда калыптанган бийик руханий касиетти, өзүнчө бир уникалдуу маданиятты жакынкы мезгилге чейин сактап келди.

Ушундай көкүрөктү аралап өтүп каректен аккан жаш сымал жан-дилди дирилдеткен аруу нерсени сактап калып, жаңы формада жаңылантып ачып, келе жаткан көчтү улап кете алабызбы же деградация дагы улантылып, кумга сиңгендей жок болобузбу бул жөнөкөй маселе эмес.

Жогоруда айтылган жагдайда кыргыз маданиятынында Чынгыз Айтматов, Болот Минжылкиев, Самат Кадыров сындуу көптөгөн талантуу уул кыздарынын алган ордунун баа жеткис мааниси бар.

Алардын арасында азыркы заманда өз элинин чыныгы руханий лидери болгон Чынгыз Айтматовдун нарк-насилдүү улуу адам катары, жазуучу катары, даанышман ойчул катары калыптанып дүйнөлүк денгээлге көтөрүлө алганы – тарыхы факт.

Анын улуу Манастын жолун улаган адамдык жүзү, намыс алып берген инсандык салмагы, чыгармалары – бул кыргыз элинин келечегине болгон биздин ишеничтин өбөлгөсү, улуттук маданияттагы аруулуктун, бийиктиктин өз ордун таап, өз жолун улантышынын сырдуу белгиси.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×