Добавить статью
5:55, 24 октября 2013 77256

Кыргыздардын каада укугу

Каада укугу кыргыздардын социалдык, экономикалык, саясый жана ички жашоосун тартипке салуучу, салттардан, жүрүш-туруш эрежелеринен келип чыккан жана коомдук бийлик тарабынан көзөмөлгө алынган. Кыргыздардын каада укугунда дайыма макал-лакаптар пайдаланылып, жөнөкөй укук ченем тутумунда бекитилген. Жазма жана оозеки түрдөгү эреже, салттар мыйзам күчүнө ээ болуп, аларды билүү ар бир бий, болуш, аксакал үчүн табигый көрүнүш эле.

Бийлер эрежелерди эл менен кеңешип, жыйындарда талкуулап, бекитишкен. Бул мыйзамды кабыл алуунун бир формасы болгон. Ошентип, каада укуктарынын ченемдери эреже катары кирип, кылмыш иштеринде, үй-бүлөлүк маселелерде жана буюмдар талашында дайыма пайдаланылган.

Каада укугунда мүлктү менчиктештирүүнүн формалары жана пайдалануунун жолдору каралган. Кыргыздарда жерге менчиктин "жеке адамдын менчиги" жана"жамаат менчиги" деген эки түрү болгон.

Мүлктөр кыймылдуу жана кыймылсыз, бөлүнүүчү жана бөлүнбөөчү, адал жана арам болуп бөлүнгөн. Кыргыздарда айдалуучу жерлер колдонууга жана ээлик кылууга берилген, жайыттар колдоонуга гана берилген. Мүлктөргө ээлик кылуунун барымта, мергенчилик, олжо, табылга сыяктуу башка дагы жолдору орун алган. Жер сугарып иштеткен адамдын жерди мурастоого, ижарага берүүгө, сатууга жана башка тескөөлөргө укуктары болгон.

Каада укугу боюнча коомдогу милдеттүүлүк мамилелер келишимдин негизинде пайда болгон, ал эми келишим төмөндөгүдөй бөлүкчөлөрдөн турган: келишимдин өздүк шарттары, негизги маселеси, ички түзүмү жана келишимди аткаруунун формасы.

Келишимдин толук укуктуу субъектилери катары жеке менчик ээлери, үй башчылары, ошондой эле, үй-бүлөлүк мүлк маселесинде эрезеге жеткен эркек бала да каралган. Келишим көбүнчө оозеки түрдө, кээ бир убакта күбөлөрдүн катышуусунда түзүлгөн. Ошондой эле, жазуу түрүндө түзүлгөн карыздык милдеттенме да болгон, анда анын мөөнөтү, суммасы, пайыздар боюнча көрсөтмөлөр камтылган. Мал багууга, үй тиричилик иштерин жүргүзүүгө, жер иштетүүгө тиешелүү жалдоо келишими эл арасында кеңири таркаган. Жалдоо келишимин түзүүдө эки жак жумуш акысын жана аны аткаруу мөөнөтүн тактаган. Бойго жете элек жаш балдарды ата-энесинин уруксатысыз, күйөөсүнүн уруксатысыз аялдарды да жалдоого тыюу салынган.

Каада укугунда мурастоо маселелери да каралган. Мурастоонун эки түрү колдонулган: 1)каада укугунун негизинде; 2) керээз кат боюнча. Мүлктү мурастоого үй башчылары, негизинен эркектер укуктуу болгон. Салт боюнча аялы, балдары жана жакын туугандары мураскор боло алышкан. Керээз катты акыл-эси жайында, өз мүлкүн өткөрүп берүүгө укуктуу адам гана түзө алган жана ал оозеки жана жазуу түрүндө берилген.

Жер салыктары натуралдык жана акчалай салыктар болуп экиге бөлүнгөн. Коомдук чыгымдар акча салыктарынан айырмаланып, өз алдынча салык катары чогултулган жана анын өлчөмдөрү бийдин жана волосттук башкаруучунун чечими менен аныкталган.

Мектептерди курууга, катчыларды жалдоого, жол салуу-га натуралдык милдеттенмелер акчалай түрдө алынган жана бул чогултуулар милдеттүү эмес деп эсептелген. Милдеттенме негизинен талаа иштеринен бош убакта аткарылган, ага ар бир үй-бүлөдөн бирден эркек бөлүнгөн. Милдеттүү түрдө аткарылуучу коомдук милдеттенмелер төмөнкүлөр болгон: 1)жергиликтүү калктын коомдук башкармалыгын каржылоо; 2)башкы уруунун коомдук башкармалыгын каржылоо; 3) сугат иштерин көзөмөлдөп туруучу кызматкерлерди каржылоо.

Каада укугу укук бузууларды, кылмыш жана жаза тутумун да өз ичине камтыйт. Анын ченемдери боюнча коом үчүн коркунучтуу, коомго, жеке адамга жана мүлккө каршы ар бир аракет кылмыш деп эсептелген. Каада укугунда кылмыштын түрлөрү, жаза тутуму, оорлотуучу жана женилдетүүчү жагдайлар каралган. Каадада кылмыштын адамга каршы, мүлктүк мамилелерге каршы, коомдук тартипке каршы деген түрлөрү болгон. Бул укук боюнча кылмыш жеке эмес, коомдук мааниге ээ болгон. Кылмыштын субъектиси жалгыз адам эмес, укуктук ченемдерди пайда кылган жамаат болгон. Кайсы бир жамаатка кошулбаган адам укуктук жактоодон толугу менен ажыратылган, ошондуктан коомдон кууп чыгуу катуу жаза катары каралган.

Каада укугу субъективдик тарапты белгилөө менен бирге кылмыштын төмөнкү эки түрүн аныктаган: 1)карасанатайлык жана 2)кокустук, байкабастык. Ошондой эле кылмыш укугуна аргасыз коргонуу жана өтө зарылдыктан коргонуу институттары таандык.

Каада укугунда кылмыштар оор кылмыш жана өтө оор эмес кылмыш болуп экиге бөлүнгөн. Оор кылмыштардын катарына булар кирген: 1)ардактуу жана кызматтагы адамдардын кызыкчылыктарына доо келтирген кылмыштар; 2)уруу ичиндеги кылмыш, үй-бүлө башчысына каршы кылмыш; 3)кайталанып туруучу кылмыш; 4)курал колдонуу менен жасалган кылмыш; 5)жаратылыш кубулуштары учурундагы кылмыш.

Өтө оор эмес кылмышка төмөнкүлөр кирген: а)букара кишиге ардактуу адам тарабынан жасалган кылмыш; б) бүлө мүчөсүнө каршы үй-бүлө башчысы тарабынан жасалган кылмыш. Кылмыш аракетинен пайда болгон дене жарат эки түргө бөлүнгөн: оор жарат, женил жарат. Оор жарат деп, адамдын кандайдыр бир дене мүчөсүн, мисалы, мурдун, буту-колун, көзүн жана кулагын кесип салуу аталган.

Каадада айыпты женил-детүүчү жагдайлар каралган. Алар: 1) кылмышты өз мойнуна алуу; 2)биринчи жолу кылмыш кылуу; 3)маанисиз жоготуу же жагымсыз натыйжанын жок болуусу; 4) аффект абалында кылмыш кылуу; 5)кылмыш жасалгандан кийин көп убакыттын өтүшү.

Каада укугунда күнөөлүүнү кылмыш жоопкерчилигине тартуу мезгили 15 жаштан башталган. Кылмыш жоопкерчилигине эреже боюнча аткаруучулар тартылган. Эгерде кылмышты бир топ адамдар кылган болсо, 1)негизги күнөөлүүнү; 2)уюштуруучуну; 3)көрүп, билип туруп кылмышка жол бергендерди; 4)жашыргандарды; 5) азгыруучуларды бөлүп карашкан.

Кыргыздын кылмыш укугу адамдын өмүрүнө зыян келтиргендерге ар кандай жазаларды колдонгон. Ошол эле учурда айыпталуучунун күнөөсүн эске алган. Маселен, киши өлтүргөндү жазалануучу жана жазаланбоо-чу кылмыш деп экиге бөлгөн. Карасанатайлык менен киши өлтүрүүлөр катуу жазаланган, ошол эле убакта, кокустук менен киши өлтүрүүлөр такыр эле жазага тартылган эмес, эгерде жазага тартылса дагы, эң жеңил формада тартылган. Ардактуу жана кызматтагы адамдардын абийи-рине, намысына доо келтирүү кылмыш катары каралган. Ата-энесинин макулдугусуз кызды зордоп күйөөгө ала качуу кылмыш деп эсептелген. Мүлккө зыян келтирүү- уурулук, каракчылык, тоноочулук, алдамчылык кылмыш деп бааланып, айыпталуучунун жоопкерчилиги каралган. Бийликти кыянаттык менен пайдалануу, паракорлук, жалган документтерди жасоо жана бащка кызматтык кылмыштар үчүн жоопкерчилик киргизилген.

Кыргыздын кылмыш укугу боюнча коомдук тартипти бузуунун төмөнкүдөй түрлөрү болгон: 1)айыл ичине жалган ушактарды таркатуу; 2)той жана аш берүүлөрдө коомдук тартипти бузуу; 3)кол салууну жана уурулукту токтотуу жөнүндөгү эки уруу ортосунда түзүлгөн келишимдердин шарттарын бузуу.

Кылмыш укугу боюнча колдонулган жазанын эң негизги максаттарын моралдык зыяндын ордун толтуруу, жазалоо жана материалдык жоготууну толуктоо болгон. Адамдын өмүрүнө зыян келтиргендер үчүн кун төлөө жазасы кеңири тараган. Кун мал, мүлк, акча менен төлөнгөн, анын өлчөмү эрежелерде аныкталган. Мүлктү тартып алуу менен жамааттан кууп чыгуу жазасы динден баш тартканда, зордуктоодо жана кылмышкерди жашырууда колдонулган.

Жазанын кеңири тараган дагы бир түрү - айып, аны сот белгилүү бир кылмыш үчүн белгилеген. Адамга каршы кылмыштар, мүлктүк кылмыштар үчүн айып төлөө менен кутулуш мүмкүн болгон. Айыптын тогуз түрү каралган, аны төлөтүүнү аныктоодо төмөнкү жагдайлар эске алынган: 1)белгилүү бир адамдын же коомдун кызыкчылыктарын бузгандагы күнөө; 2) чагым; 3)бийлик.

Кыргыздарда элдик соттор болгон, сот тутуму каада укугунун ченемдеринде негизделген жана ал үч инстанциядан турган: а)айылдык жеке соттор; б)болуштун сотторунун жыйыны; в)соттордун өзгөчө жыйыны.

Соттун функцияларын бийлер аткарган, алар болуштук жыйында 3 жылга шайланган. Ар бир соттук кызматка 2 талапкер тандалган анын бири -бий, экинчиси - анын орун басары. Бийлерге маяна төлөнгөн эмес, анын ордуна доодо көрсөтүлгөн сумманын ондон бири төлөнгөн, ал "бийлик"деп аталган.

Ар бир болушта төрттөн сегизге чейин бий соттору болгон, алар өз алдынча же болуштук сот жыйынында каада укугу боюнча кылмыш жана жарандык иштерди карашкан.

Айыл бийлери майда жарандык жана оор эмес кылмыш иштерин гана караган жана күнөөлүүнү мындай жазаларга тартышкан: сөгүш, эскертүү, 30 рублдан ашык эмес айып, же 7 күндөн ашпаган камакка алуу. Айылдык старшина жазаны өтөө боюнча чараларды көргөн.

Бийлердин болуштук жыйындары жеке бийлердин чечимдери үчүн экинчи инстанция болгон.

Бийлердин өзгөчө жыйындары - бул болуштук жыйындарда чыккан чечимдерге даттанууларды жана көптөгөн жарандык жана кылмыш иштерин караган жогорку инстанциядагы сот. Бийлердин өзгөчө жыйындарынын кароосуна ар кандай суммадагы дооматтар кабыл алынган.

Бийлердин өзгөчө жыйындарынын биринчи этабында катышуучулар сот ишинин жалпы эрежелерин белгилешкен, ал каа-да укук ченемдеринин кичине кодекси болуп эсептелген эрежелер болгон. Эреже бийлердин соттук тажрыйбасынын негизинде түзүлгөн.

Элдик сотто сот ишинин предмети катары негизинен булар болгон: 1) уурулук жана барымта боюнча, 2)кайсы бир келишимдер бузулса, 3)өтө нааразычылык туудуруу, 4)мүлктү өз алдынча талап-тоноо, ээлик кылуу; 5)нике, үй-бүлө мамилелери боюнча; 3)карыз милдеттенмелер боюнча доо; 4)кан төккөндүгү жана жарат келтиргендиги үчүн.

Кыргыздарда элдик соттун эки түрү болгон: көчмөн жана отурукташкан эл үчүн. Бий, казыларды, элдик сотторду шайлоо - кыргыз элинин кызыкчылыктарына жооп берген, эл бийлигинин белгилүү бир элементтерин чагылдырган, жашыруун шайлоо укугунун принциптери колдонулган.

Каада укугу сот иштеринин принциптерин, сотко караштуулугун жана сот ишинин этаптарын так белгилейт. Биринчи сот инстанциясы - бийлер баардык категориядагы иштерди караган. Ар бир инстанциянын сот иштери каада укугунун ченемдери менен аныкталган. Айыл бийлери доосу 100 акча бирдигинен ашык эмес иштерди караган жана ошол боюнча бүтүм чыгарган. Ал эми болуш бийлеринин жыйындары доосу 1000 акча бирдигинен ашык эмес иштерди караган.

Эгерде жарандык жана кылмыш сот иштеринин суммасы жогоруда аталган көрсөткүчтөрдөн ашса, анда өзгөчө бий сотторунун жыйынында каралган, анын чечимдери акыркы болгон.

Сот иштери ачык, далилдөө, талашып-тартыштуу мүнөздө өткөрүлгөн, башкача айтканда, каалаган адам ага катыша алган. Сот ишинин ар бир катышуучусунун укуктук даражасы болгон.

Сот иши үч этаптан турган: 1) дооматчынын доокатын тапшырышы жана сот ишинин башталышы; 2) ар бир тараптын буюмдук далилдерин көрсөтүүсү; 3) сот иши боюнча чечим чыгаруу.

Биринчи этап дооматтын жана жоопкердин же алардын өкүлдөрүнүн катышуусунда башталган. Дооматчы өз өкүлү жана жоопкер менен келген, кээде жоопкерди бий өзү чакырткан. Сот иши жабыр тартуучу тарабынан башталган. Эгерде жоопкер чакыруу боюнча келбесе, сот иши сырттан жүргүзүлгөн.

Экинчи этаптын негизги маселелери далилдерди көрсөтүү болгон: 1) күнөөлүүнү далил менен кармоо; 2) жекече тинтүү; 3) күнөөнү өз мойнуна алуусу; 4) күбөлөрдүн көрсөтмөсүн алуу; 5) буюмдук далилдер; 6) кассам ичүү, ант берүү болгон.

Алдын-ала тергөө иши болбогондуктан, соттор козголгон иш боюнча далилдерди чогултуу менен алек болушкан. Бардык далилдердин ичинен бир тараптын укук бузууну өз мойнуна алуусу жана буюмдук далилдер бийик даражага ээ болгон. Сотто далил катары күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү колдонулган. Күбө катары төмөнкүлөр суракка алынган эмес: 1) 15 жашка чейинки эрезеге жете элек балдар; 2) акылынан ажырагандар; 3) козголгон ишке мамилеси барлар; 4) айыпталуучунун жакын туугандары; 5) эки тараптын биринин касы же досу; 6) ушак боюнча иштин болгонун билгендер. Акча төлөө үчүн ант ичкендер күбө болуу укугунан ажыратылган.

Күбөнүн эки түрү болгон: анын бир түрү – күбө көрсөтмөлөрү сөссүз түрдө ант берүү менен кабыл алынган, экинчиси – күбөнүн көрсөтмөсү өкүм чыгаруу үчүн жетиштүү болгон. Биринчи категорияга булар кирген: а) күбө берүүчү тараптын туугандары (куда, боло, бажа, жээн); б) коомдо баркы төмөн, туруксуз адамдар. Экинчи категорияга ардактуу, сыйлуу, чынчылдыгы менен таанылган адамдар кирген.

Бий сотторунун бардык инстанцияларынын айып төлөтүү жөнүндө чечимдерди жергиликтүү кыргыз бийлиги – айыл старшиналары жана болуш башкаруучулары аткарган. Эгерде күнөөлүү бир жарым жылга камакка алынган болсо, анда ал жазаны өтөө үчүн болуш жигиттерине өткөрүлүп берилген.

Кандай гана кылмыш иши болбосун, эгерде иш тынчтык келишими менен, же айып төлөө менен бүтсө, күнөөлүү өз абийиринен, урматтоодон жана өз туугандарын ишеничинен ажыраган эмес.

Кыргыздарда демократиялык башкаруунун негизи болгон, эл бийлигинин түрдүү формаларын ( мажилис, жыйын, топ, дуван ) колдонушкан жана азыр алар “курултай” деген ат менен коомчулукка кеңири тарап кетти. Өзүнүн жаратылышы боюнча курултай өкүлчүлүк орган болуп, ага калктын калың-катмары катышкан шайлоолор жалпы, тике, тенчилдик менен өткөн. Курултайда мамлекет башчысы эл тарабынан белгилүү бир мезгилге шайланып жана анын эркин ишке ашырып, кызыкчылыгын коргогон, өзүнүн ыйгарым укуктарын балдарына, жакын туугандарына өткөрүп бере алган эмес. Жыйындарда айыл жетекчиси, волостук башкаруучу үч жылдык мөөнөткө, эл тарабынан тике шайланышкан. Курултайларда кыргыздын укук тутумунун негизин түзгөн мыйзамдар – эреже түрүндө кабыл алынган.

Бүгүн курултай институтун Конституцияга көзөмөлдүк ыйгарым укуктар менен киргизүү маселеси коюлуп келүүдө. Бул маселесинин коюлуп калышында төмөнкү себептер бар. Биринчиден, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары алдыларына коюлган милдеттерди чече албай жатышат. Өлкөдөгү социалдык- экономикалык өнүгүүнүн көйгөйлөрү чечилбей калууда. Экинчиден, мамлекеттик бийлик органдары жана алардын жооптуу кызматкерлери экономиканын өнүкпөгөндүгүнө, мамлекеттик менчикти талап тоноого жол бергендиги үчүн, жемкордукка аралашкандыктары үчүн коомчулуктук астында жооп бербей жатышат. Учүнчүдөн, саясий укуктук система коомдун талабына жооп бербейт. Уй-бүлөлүк башкаруу системасынын ордуна эл бийлигинин принциптерине карама-каршы келген партиялык- вотчиналык тутум түзүлүп калган.

Кыргыз коомчулугу элдик курултайдан өлкөнү сактап калуунун жолун көрушүүдө. Бирок, элдик курултайдын жобосу жана ыйгарым укуктары боюнча коомдо бирдиктүү ой-пикир жок, бир нече багыттын өкүлдөрү бар.

Биринчи көз караштагылар элдик курултай өлкөнун президентин, Жогорку Кенештин депутаттарын жана мамлекеттик бийликтин башка бутактарын түзгөн жана аларды тескөөчү өтө чон ыйгарым укукка ээ болгон мамлекеттик орган катары көрүшүүдө. Алардын ой-пикири боюнча элдик курултай жылына бир жолу мамлекеттик бийликтин башкы органдарынын баяндамасын угуп, ошонун жыйынтыгында аларды иш кызматынан чектеттүүгө укугу болуш керек. Бул багыттын өкүлдөрүнүн ой-пикири боюнча өлкөнү эч кимдин астында жооп бербеген чексиз бийликке жана ыйгарым укукка ээ болгон элдик курултайдын жогорку органы- кеңеш башкарышы керек.

Экинчи багыттын ой-пикири боюнча элдик курултай Жогорку Кенештин үстүңкү палатасы болуп калып, тескөө укуктарына ээ болуш керек.

Учүнчү багыттын өкүлдөрүнүн ой-пикири боюнча, элдик курултай коомдук көзөмөлдүн органы болуп калып, мамлекеттик бийликтин баардык бутактарына жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына таасирин тийгизип турушу керек. Андан башка дагы, курултай өкүлчүлүк органдарды түзүүгө активдүү катышып, мыйзам чыгаруу демилгесине ээ болуп, коомдун жана мамлекеттин өнүгүүшүнүн концепциясынын иштелип чыгып жана ишке ашырылышына активдүү катышуусу, ошондой эле коомдун астында өз ишмердиги боюнча жооп бериши керек. Биздин оюубузча, курултай эл бийлигинин формасы катары жарандык коомдун кызыкчылыгын коргогон орган катары улуктук идеялогиянын негизин багыттаган жана конституциянын кепили болгон элдик көзөмөл орган болуш керек.

Жыйынтыктап айтсак, кыргыздардын каада укугу боюнча жазалоо тутумунда өлүм жазасы болбогон, күнөө кылган адам эркинен ажыратылган эмес. Жеке адамдын укугуна токтолсок жетим-жесир багуусуз калган эмес, алардын бүт түйшүгүн жалпы жаамат мойнуна алган, кулчулук болгон эмес, аялдар эркин болуп, шайлоого катышып, эл башкарууга түздөн түз аралашкан.

Коомдо адамдын орду, анын байлыгы, бийлиги менен эмес, анын акыл-эсине, көз-карашына, билимине жараша бааланган. Ар-намыс, улуттук каада-салт бааланып, айтылган сөзгө, кылган ишке чоң баа берилген.

Кыргыздардын тарыхында башкаруунун авторитардык режими болгон эмес, шайлоо жолу менен бийликке келген мамлекеттин башчылары элдин эрки менен болгон. Улуттук аң-сезимдин негизин эркиндик, саясый-укуктук тутумундун, негизин элдик бийлик түзгөн, коомдун ушул өнүгүү принциптери кийинки муундарга атадан балага берилип келген.

Кыргыз элинин саясый-укуктук системасын изилдөө жаны эле башталды. Аны окуп, үйрөнүү менен көп суроолорго жооп табабыз, ал кыйынчылыкка дуушар болуп жаткан социалдык- экономикалык, саясый-укуктук реформаны ишке ашырууга көмөктөшөт деп ишенебиз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×