Добавить статью
7:39, 28 ноября 2013 26672

Элеттик уздардын алгылыктуу иштери

Тоң районунун Бөкөнбаев айылында 12 миңден ашуун адам жашаса, алардын алты миңи аялдар. Бул жердеги калктын көпчүлүк бөлүгү жумушсуз же калгандарынын тапкан маянасы үй-бүлөнү багууга жетишсиз. Ушундай кыйын кырдаалда айыл тургундары алыстан жумуш издеп айылды таштап чыгып кетишкен. Бул аймактагы аялдар арасындагы жумушсуздукту чететтүү максатында айылдагы уз аялдарды ишке тартып, "Алтын Оймок" коомдук фонду ачылганына биртоп жыл болду. Бирок баягы эле кендирди кескен каражаттын жетишсиздигинен бул фонддун иши алгылыктуу алдыга жылбай келгендиктен гранттык негизде долбоор жазып, "Кумтөр Оперейтинг Компаниден" 10 миң АКШ доллар каражат алышкан.

Бөкөнбаев айылындагы "Алтын Оймок" коому 1996-жылы уюштурулган. Ошондон бери бул коомдо жетимиштен ашуун уз аялдар эмгектенишчү. Учурда бул коомдо он төрт уз аял иштесе, үйүнөн заказ алып иштеген 44 аял бар.

Негизи коомдо иштеген аялдар кадимки кыргыз кой жүнүнөн улуттук буюмдарды жасашат. Алсак, ала кийиз, шырдак, жүндөн жасалган оюнчук, бут кийимдерди өз колдорунан жаратышат. Жакында долбоордун негизинде жүндү тытып, кайра иштетүүчү атайын жабдуу алгандан бери аялдардын жумуштары кыйла жеңилдеп, убакытты да үнөмдөөгө жетишишти. Айылдын уз аялдарынын колунан жаралган буюмдарды чет өлкөгө, Канадага сатууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Алардын негизги максаты кол өнөрчүлүктү өркүндөтүү менен бул ишти илгерилетүү болуп саналат.Андан тышкары, ар кандай жарманкелерге, көргөзмөлөргө чыгып өндүргөн товарларды элге жайылтууга умтулушат. Мисалы, өткөн жылы АКШга барып, колубуздан чыккан буюм-тайымдарын көргөзүп келишти.Алар жараткан товарлар экологиялык жактан таза экенине чет өлкөлүктөр ынанышты.. Албетте, он жылдан ашуун бул аталган уздар өз алдыларынча иштеп келишкен. Келечекте бул ишти токтотпой айылдагы жумушсуз аялдарды ишке тартып, өзгөчө жаш келин-кыздарга илгертеден келаткан узчулуктун сырларын, жасоо ыкмаларын үйрөтүү келечектеги пландардан болуп саналат.

"Алтын Оймок" коомунун короосунда көз жоосун алган көргөзмөдө турган товарлар алардын кандай чебер экендигинен кабар берет. Көз жоосун алган түркүн кооздуктагы кийимдер жана башка ар түрдүү буюмдарды жасап, кыргыздын муундан-муунга калтырып келаткан жүн иштетүү, оймо-чиймелери бүгүнкү күндө кайрадан колго алынып жандана баштады. Буга Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында жайгашкан шырдак, сувенир жана көп түрдүү жүн продукцияларын иштеткен бирде бир ишкана мисал боло алат. Өзүнүн эле айылынан кыркка жакын аялдын башын бириктирген бул ишкана бүгүнкү күндө өлкөбүзгө эле эмес, Канада, Европа өлкөлөрүнө шырдак жасап экспорттойт,-дейт"Алтын Оймок" коомдук фондунун жетекчиси Жаңыл Баишова.

Жаңыл айымдын чакан ишканасында 39 кыз-келиндер иштейт. Көпчүлүгү кийизди үйүнө алып кетип, ошол жактан тигип, даярдап келишет . Мунун себеби үй-бүлөлүү, бала-чакасы бар аялдар аталган ишканада эртеден-кечке отурууга мүмкүнчүлүктөрү жок.Үйдүн да жумушун бүтүрүп, сайма сайып, кийиз, шырдакты жасаганга да убакыт тапкан аялдардын орточо айлыгы 5-6 миң сом. Аталган ишкананын жетекчиси Жаңыл Баишованын айтымына караганда Канада, Америка, Европа өлкөлөрүнөн заказдарды алышат. Бул заказдардын ичинде кийизден жасалган сувенир, баш кийим, шырдак, сумка, кийим-кечелер, моюн орогуч жана башкаларды даярдалат. Жаңыл айым өз сөзүндө өткөн жылдан баштап кеткен чыгымды жабуу, жакшы киреше алуу үчүн жасалган буюмдардын сапатын дагы жогорулатууга күч аракеттер жумшалды деп кошумчалады.: "Кийиздерди колго жөрмөлөт, эч кандай машинка колдонулбайт. Жүн иштетип, кийиз жасайбыз. Аны колго уютабыз. Бишкектен кийизди айрым шашылыш учурларда гана алып келүүгө мажбур болобуз. Албетте, өзүбүз жасаган кийиз алда канча сапаттуу болоору айкын Андан буюм жасоого да ылайыктуу. Азыр болсо атайын майдалагычтын жардамы менен жүн заматта тытылып калат. Бул жагынан алганда убакыттан утуп жатабыз” дейт сыймыктануу менен Жаңыл айым.

Ишкананын жетекчиси Жаңыл айым кийиз иштетүү боюнча алдына киши салдырбай иштегиси келээрин айтып, учурда алардан кийиз иштетүүнү үйрөнгүсү келген жаш кыздар да келип жатканын белгиледи. Көрсө Жаңыл айым европа өлкөлөрүнөн көп эле тажрыйба топтоп келген . Бул боюнча ал: "Иш сапары менен көп жерге барам. Баамдаганыма караганда, Канада жана европа өлкөлөрүндө кийизди биз сыяктуу иштетишет экен. Бирок ал жакта шарт жакшы түзүлгөндүктөн, иштөө жеңил, түйшүктү анча талап кылбайт. Бизде бир аз кыйын болсо да, жаңы келген кыздарга кийиз жасоонун, уздуктун татаал сырларын, кол өнөрчүлүктү үйрөтөбүз. Өзүм аялдардын кийими боюнча модельер-конструктор болгондуктан, Америка, Франция, Канада жана башка мамлекеттерге жарманкелерге, конкурс, жыйналыштарга барып турам. Учурда салттуу билим борборлорун өнүктүрүү боюнча иштеп жатабыз. Ушул биз иштеп жаткан фондду дагы да кеңейтүүнү пландап жатабыз" -дейт дейт Жаңыл айым.

Жүн, ар кандай чийки зат керек мезгилде кредит ала башташты 2010-жылы Тоң районун өнүктүрүү боюнча программа жарыяланган эле. Ошондо жумуш орундарын уюштуруу боюнча долбоорубуз мыкты деп эсептелип, анын жыйнтыгы менен эки техника утуп алууга жетишишкен.

Бирок жергиликтүү эл негизинен койлордун жүндөрүн Кытайга сатып жатканы уздарга өз кедергисин тийгизбей койгон жок , себеби ишканада жүн ишететүү да аз болууда.. Бирок жүндү иштетүү боюнча тажрыйбаны мыкты өздөштүргөнлүк натыйжасында, быйыл 1 кв.метр даяр шырдактын баасы 3500-5500 сомдон саттык. Бишкекте бир сатуу дүкөнү иштейт.

Аталган ишкана түзүлгөндөн баштап Тоң районунда өнөрчүлүктү өнүктүрүү боюнча багыттуу иш алып баруудан тышкары, калктын аярлуу катмарларынан кол өнөрчүлөрдүн тобун уюштурууга жардам көрсөтүү аркылуу да бир топ ийгиликтерге жетишишти. Ишканада жалгыз бой, көп балалуу, балдары майып, неберелери менен жалгыз калган аялдар эмгектенишет. Ал эми азыркы учурда эң көйгөйлүү маселе- жаш келин-кыздар арасында кол өнөрүлүккө болгон кызыгууну арттыруу, кол өнөрчүлүктүн мыкты салттуу ыкмалары ата-бабабыздан сакталып келаткан өнөрдү, тажрыйбаны эртеңки муундагы кыз келиндерге өткөрүп берүүгө көмөктөшүү болуп саналат дешет бирикменин уздары.

Бирикменин , үй-бүлөлөрдүн киреше алуу деңгээлин көтөрүп, кийиз, сайма, токуу жана тигүү боюнча уз катары тажрыйба топтоосуна өбөлгө түзүп, кол өнөрчүлөрдү колдооого алган алгылыктуу иштери, албетте мактоого татырлык.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×