Добавить статью
9:19, 6 февраля 2014 0

Байыркы уруулардан азыркы ДНКга чейин

Биздин заманга чейин, байыркы тарыхтан бери уланып келген ар кандай элдердин уруу маселеси калыптанып, кошо жашап келген. Кандай гана эл болбосун, анын ичинде уруулардын пайда болуусу, таралышы, тарыхы жѳнүндѳ ар кандай жазма булактарда жазылып, оозеки санжыраларда айтылып келет. Коомдук формация акырындап эволюциянын тепкич жолу менен басып ѳткѳн сыяктуу эле, адамдардын жашоо турмушундагы тарыхый уруучулук жолу да ѳзүнүн эволюциясынын мыйзамы аркылуу басып ѳттү. Коомдун жашоо формациясы адегенде таш доорунан общиналык доорго, андан барып кул ээлѳѳчүлүк – феодалдык, капиталисттик, социалисттик доорго ѳткѳн сыяктуу эле, уруучулук доордун калыптанышы дал ушул общиналык доордон тарта пайда болгонунун ѳзү, уруучулуктун алгачкы жаңы формасы башталганын аныктайт. Бара-бара адам баласы кѳбѳйүп отуруп, жакын туугандашуудан урук-урукка бѳлүнүп, андан барып уруу-урууга, кийин уруучулукка, элге (мамлекетке) ѳткѳн.

Ѳткѳѳл доордо, ар бир урук, уруу ѳзүлѳрүнүн кийимдерине, минген аттарына, куралданган куралдарына кѳңүл буруп келген болсо, кийинчерээк - жашаган шарттарына, каза болгондо алардын кѳмүлүшүнѳ, жеген тамактарына ж.б. жактарына кѳңүл бурган. Убакыт ѳткѳн сайын бири-бирин айрымалаш үчүн ѳзүлѳрүнүн белгилерин ойлоп таап, жыгачтарга белги коюп, жашаган жеринде минген аттарынын ѳңү-түсүнѳ карата урууларды айырмалап жана аңчылык кылган айбандарын ѳзүлѳрүнѳ таандык кылуу максатында ѳзүлѳрүнүн урууларына айбанаттардын сүрѳттѳрүн «тотемдик» белги кылып да коюп алышкан. Мисалы, бугу, карышкыр, жолборс, бүркүт, багыш ж.б.д.у.с. Байыркы элдердин тотем белгилери ѳркүндѳп-ѳрчүп отуруп улуу жетишкендиктерге жетип, мамлекеттик деңгээлде – мѳѳр, туу, герб, гимндерге ѳзгѳрүлдү.

«Биздин заманга чейин VIII-III кк. Орто Азия республикалары менен Казакстан ээлеп турган эбегейсиз зор мейкиндикте жалпы жонунан сактар же скифтер деп аталган кѳп сандаган уруктар жашаган. Индиялык булактарда буларды турлар, байыркы кытайлык маалыматтарда сэ эли деп аташат. «Сак» деген түшүнүк «эркин адам», «күчтүү эркек (жоокер)» дегенди билдирген. Орто Азиянын элдеринин тарыхы боюнча алгачкы маалыматтар Зоастризм дининин ыйык китеби – Авестада (б.з.ч. VI-IVкк.), Дарий I нин мезгилиндеги байыркы персиялыктардын жазууларында (б.з.ч. 522-486-ж.ж.) кездешет. Борбордук Азиянын элдери жѳнүндѳ маалымат Герадоттун (б.з.ч. 484-425-ж.ж.) шарттуу түрдѳ «Тарых» деп аталган китебинде берилет. Анын маалыматтары боюнча кѳчмѳн уруулар Он дарыясынан Теңир-Тоого чейин отурукташкан. Анда «сактар» (скиф уруулары) баштарына кийизден жасалган чуштугуй, калың баш кийим кийишкен, жаа, канжар, айбалта менен куралданышкан. Сактардын атчандары эр жүрѳктүүлүгү менен айырмаланышкан.

Б.з.ч. VI-V кк. Орто Азиялык сактар эки уруу союзуна биригишкен. Биринчи союзга массагеттер, абилер, апасиакилер, дебектер, дахилер ж.б. уруулар кирген. Байыркы персиялык булактарда булар «тиграхауд сактары», ал эми байыркы гректерде «ортокарибант сактары», которгондо «шуңшуйган калпакчан сактар» делип айтылган. Сактардын айрым жол башчылары баштарына куштун (бүркүттүн) канатын сайынып жүрүшкѳн. Бул союзга кирген сактар Каспий деңизинен жана Узбойдон тартып, Теңир-Тоо менен Иле дарыясынын ѳрѳѳндѳрүнѳ чейинки аймакты ээлеген. Экинчи союз Түндүк Индиядан Алайга жана Ферганага чейинки мейкиндикти ээлеп турган. Перстер аларды «хаумаварга» т.а. «Хаум ѳсүмдүгүн урматтаган сактар» деп аташкан. Булар «хаум» («чекенде») деп аталган ѳсүмдүктүн ашынан касиеттүү деп эсептелген суусундук жасашкан. Азыркы Кыргызстандын түндүк районунда «тиграхауд сактары», ал эми түштүгүндѳ «хаумаварга сактары» жашашкан. Сактар байыркы түрк тилинде сүйлѳшкѳнү илимде толук далилденди, алар кѳбүнчѳ европеоид түспѳлүндѳгү уруулардын союзу болгон. Тиграхауд сактарынын айрымдарында монголоиддик белгилер кездешкен. Сактарды түрк тилдүү элдердин ата-бабаларынан болгон деп эсептесек болот» (Ѳ.Ж. Осмонов, «Кыргызстан тарыхы», Байыркы доордон азыркы мезгилге чейин). Экспресс-Справочник, Бишкек-2014-ж.15-16 б.).

«… «Усун» этноними тарыхка кытайлык династиянын хроникасына кирген. Тарыхчы А.Ѳмүркуловдун пикири боюнча, «усун» этноними байыркы тилден которгондо «он урук эл» («ус» – урук, «ун» - он) дегенди түшүндүрѳт. «Усун» аталышын «асман» т.а. «теңир» сѳздѳрү менен байланыштыргандар бар. Бул Чыгыш Түркстандагы Упса (Узун) дарыясынын атынан аталган деген да божомол айтылат. Генеалогиялык болжолдорго жана түрк санжыраларына таянсак усундар түрк элдеринин бир салаасы, азыркы кыргыздардын түпкү бабалары болгон. Усундар сырткы кебетеси жагынан сакалдары кызгылт сары, кѳздѳрү кѳк болуп, Түркстандын тургундарынан айырмаланып турган. Усундар адегенде хунндар жана юэджилер менен коңшулаш болуп Улуу Кытай дубалынын батыш жагында кѳчүп жүрүшкѳн. Алардын бир бѳлүгү б.з.ч. 160-ж. сактарды жана юэджилерди талкалап, Теңир-Тоого жана Жетисууга кѳчүп келишкен. Кѳп убакыт ѳтпѳй Чыгыштагы хунндар менен, Батыштан Талас дарыяларынын ѳрѳѳндѳрүндѳ Кангүй менен, Түштүктѳн Фергана жана Чыгыш Түркстан менен чектешкен жаңы мамлекет түзүлгѳн. Түндүктѳн усундардын ээлиги Балхаш кѳлүнѳ чейин жеткен. Усундардын падышасы – Күнбаг (күн бий) деген титулду алып жүргѳн. Алардын борбору – Чигу, же Чигучэн деген шаар болгон. Бул сѳздүн котормосу – Кызыл ѳрѳѳндѳгү шаар. Акыркы жылдардагы археалогиялык изилдѳѳлѳрдүн жыйынтыгы боюнча бул шаар Ысык-Кѳл облусунун чыгышындагы Түп суусунун куймасына жакын, айрым маалыматтар боюнча Жети-Ѳгүз районунун борбору Кызыл-Суу айылынын этегинде жайгашкан деген гипотезаны берди. Эки жээкте тең суунун астында шаардын негизги бѳлүгүнүн калдыктары жатат» (Ѳ.Ж.Осмонов. Кыргызстан тарыхы. Б. 2014-ж. 19-20-б.).

А.Н.Бернштам: «…сак уруусу этникалык жактан ар кандай келип, түрктѳрдүн тегине таандык, тил маселесине келгенде, аныкталбаган маалыматтар боюнча иран тилдүү сѳздѳр басымдуулук кылат, бул болжолдуу гана» дейт. Ар бир уруунун басып ѳткѳн тарыхый жолу, байыркы тарых жазмаларынан бери белгилүү болгон. Ошонун бири, байыркы кылымдан бери келе жаткан «алакчын» деген эл. Грек тарыхчылары, Герадоттун «аргиппей» - «ак атчандар» жана Страбондун «алазон» - «улуу эл» урууларын жазган болсо, кытай тарых булактарында алакчындарды «бома», «би-це-бики», «ол-оч-же» деген аттар менен белгилүү экенин кытай окумуштуусу Сыма-Цянь ѳзүнүн эмгектеринде эскерген: «Бул б.з.ч. 118-жылы «ди», «бо-малар» кытайлардын багынуусунда туруп, алардын жерлерине, бийликтерине ээлик кылып Ву-ду-цзянь аскер бийлиги болгону» жѳнүндѳ жазган. Азыркы кытайдын Гань-су провинциясы, Цзе-чжоу облусунун Чэ-сянь уезди ээлик кылган жерлер. Ошол кезде Ли-тэ деп аталган ак сѳѳктѳр башкарып, борбору Ле-янь шаары эсептелген. Ли-тэнин ак сѳѳктѳрү башкаруу мезгилинде «ба-дилер» Дянь-чжоу менен Чже-ду-фуну ээлеп, Ли-тэнин мураскору Ли-сюнь 306-жылы ѳзүн «Императормун» деп жарыялайт. Андан 40 жыл ѳткѳндѳн кийин падышалык бийлиги кулап, анын ордуна «дилер» же болбосо «бо-малардын» мамалекети күч алат, деп (Ивановский А.А. 1-т., 15-16-б.) жазат.

«Мына ушул «бо-маларды» Алтай тоо кыркаларында жашаган түндүк «бо-малардан» айырмалап, кытайлыктар батыш «бо-малар» деп аташкан. Кытайдын иероглифтерине кѳңүл бура турган нерсе «бо» деген – «ала», «ма» деген – «ат» деген (В.Шотт. 1864-ж. «Ueber die ochoten Kirhisen», 472-б., «Сборник трудов орхонской экспедиции», Т. 6. 29-б., 1903-ж.) түшүнүктү берет. «Бо-малардын» башкача аты француздардын айтымында «нго-ло-тхе» делет. Окумуштуу М.Ф. Гренард: «Сары дарыясынын башында жашаган «нго-ло-лук» уруусуна окшош «дилердин» жашоо турмушун байкайт. Ал кытай тарыхый булактарына таянып, «бо-ма» - башкача аты «би-ла» же «эло-чжи» - түрктѳрдүн түндүк жагындагы тоолордо жашаганды жакшы кѳрүшѳт, 30 000ге жеткен тандалма жасактары (аскери) бар. Алардын ѳлкѳсүндѳ кар кѳп түшүп, дарактарынын (ийне жалбырактуу карагайлар) жалбырактары түшпѳйт. Жерлерин аттын жардамы менен айдашат, аттарынын түспѳлү «ала», ошол себептен ѳлкѳсү «Бо-ма» деп аталып, ѳлкѳсүнүн аймагы түндүк деңизге чейин созулат. Аттарды колго кармашканы менен минишпейт, бээлердин сүтүн саап, кымыз жасашып, тамак катары колдонушат. Сырткы түспѳлү кыргыздарга окшош болгону менен бири-биринин тилдерин түшүнүшпѳйт. Баштарындагы чачтарын кырып салышып, кайыңдын кабыктарынан калпактарды жасап кийишет. Кайың жыгачтарын балта менен тѳрт бурчтуу кылып чаап үй салышып, үстүлѳрүн кайыңдын кабыгы менен жаап, ошондой үйдѳ жашашат. Аларды урук аксакалдары башкарып, бири-бирине ырааттуу баш ийип, дайыма эркин жүрүшүп, түрктѳрдѳн эч ѳзгѳчѳлѳнүшпѳйт. «Тунь-дянь» деген жыл наамасында: «Жашоолорунда кылган аңчылыктары балык, элик, кундуз, киш болуп, жаныбарлардын этин жешет, терилерин ийилеп кийим тигип кийишет, куралдары темир, бирок аз, тамактарын чоподон жасалган идиштерге бышырышат, жашоо шарты: үйлѳрүнүн ичин чѳптѳн тѳшѳп, анын үстүлѳрүнѳ кийиз салышат, туруктуу жашаган жерлери жок, малдарын дайыма жайыттуу жерлерге айдап жайып, оту түгѳнгѳндѳ башка жактарга кѳчүп-конуп жүрүшѳт» дейт. Мындан тышкары кѳптѳгѳн окумуштуу-изилдѳѳчүлѳр «Бо-ма» жѳнүндѳ кылдат тескеп, этноними менен бирге мамлекет катары, Сибирдеги ар түрдүү географиялык абалындагы жашаган тарыхый ордуларын так жазышкандар: С.И.Грум-Грижимайло, Л.Н.Гумилев, С.И.Илюшенко, Д.Г.Савинов, А.В.Харинский, А.Г.Селезнёвдор, «Бо-малардын» байыркы Алтайдан Байкалга чейин, Кызылжардын (Красноярск) айланасында, Ээн сай (Энесай) – Анкара-мурен (Ангара) дарыялар аралыгында, Обь жогору агымындагы, Ортоңку Ээн сайда жашап келген» деген тарыхый маалымат жыйынтыктарын жазышкан.

«Бо-ма» этноними алакчындардын байыркы аты болгон. Кийинки кытай тилиндеринде ар кандай айтылып калган жагдайлары бар. Мисалы, кийинки: «би-це-бике», «о-лоч-же», «ге-лоч-же», «йы-лан», «ала-ты», «би-ла», «би-цы», «би-ли», «гюнь-ма» деп айтылганы менен, аталган аттар «бо-ма» элинин синонимдери же алакчын уруусунун ичине кирген уруктар. Кытай жазмаларында «ак» жана «ала-атчандар», Европа тарых булактарында, тактап айтканда, гректердин Герадотунда «Аргиппей» - «Ак-атчандар» жана Страбондун «Алазону» - «улуу-эл» урууларынын барабар айтылып келиши бекеринен болбогон. Араб-перс булактарында «ала» этноними жана алардын шаары Алакчын делет. Саруулардын ичинде алакчын уруусунун ѳз аты Алакчын, ошондой эле атадан-балага ѳтүп келген адам аттары: Алчикен, Алаш, Жабагы (Ябагу), Берен (Берендей), Кишке деген урук аттары кийин адам атына ѳзгѳрүлбѳй ѳтүп, сакталып келгени талашсыз. Кыргыз санжырасындагы айтылып келген Олжо–чу же Ол-жашык - бул алгач адам ысымы болгон эмес, бул - алакчын этнониминин синоними. О-ло-чже же Эло-чже этнониминен келип, анонимге айланган. Кылымдап атадан балага, укумдан тукумга ѳтүп отуруп О-ло-чже – Олжочуга, Олжашыка айланып, кыргыз тилине кирген этноним. Арий элине кирген «алазон» этноними «улуу эл» деген маанини берсе, ал эми «алакчын» да «улуу эл» дегенди түшүндүрѳт. Б.з.ч. I кылымында кытай мамлекетин бир нече кылым бою титиретип, жыл сайын ченемсиз салык алып турган кубаттуу Күн (Хун) империясы талкалангандан кийин, Күн уруусунун Хэла (алакчын) уруусу Сяньбилерге (Сарыларга) келип кошулат. Мында, Хэла эли тээ сактардын доорунда эле (К.Бийлибаев, «Алакчын-Бердике берен санжырасы», Бишкек, 2012-ж., 19,20-б.) сарылар менен бирге болгон».

Бир канча окумуштуулардын кѳптѳгѳн изилдѳѳлѳрүндѳ уруулардын келип чыгышы, кайсыл жерде, кимдер менен коңшулаш жашап тургандары, уруу аттары кандайча ѳзгѳрүп кеткени жѳнүндѳ жазып кетишкен. Ошолордун ичинен, Ю.А.Зуевдин оюу боюнча, «карлук», «булат» деген уруу аттары толук эмес синонимдер, «карлук» деген термин «булат» деген терминге орун берген. «Булак», «булат» деген «ала», «ала-ат», «кулан» деген түшүнүктү берет. Кыргыз тилинде «пегий» делген сѳздүн түшүндүрмѳсү «ала», «ала-була» жана «чаар-ала». Мына ушундан, батыш монгол элинин кошулуусунда «алакчын» жана «булгачын» келип чыккан (Рашид ад – Дин – т. I.,I-китеп.).

В.В.Бартольд, «Карлуктардын урук-тукумдары боюнча «ябагу» уруусу тогуз ѳгүздѳрдү алакчындар менен байланыштуу болгону айтылып, «ѳгүз намэнин» чыгыш этноними «карлук» дегенди Ѳгүз кандын «чаар аты» менен байланыштырган. Уруучулук боюнча урук-тукумдардын байланышында карлуктар жѳнүндѳ этносаясаттык жана этногенетикалык байланыштары тогуз ѳгүздѳр жана алакчындар менен байланышы бар экени такталган. «Ѳгүз намэнин» негизи «карлуктун» чыгуу байланыш этноними, Ѳгүз кандын чаар аты менен байланыштырган жери да жок эмес. Ѳгүз кан, ѳзүнүн бегине чаар атты тапкандыгы үчүн Жабагы-карлук (Ябагу-карлук) деген атты берген. Себеби, тоо арасында жашап турган убакта, ѳтѳ ызгаардуу суук болуп, эл жашаган аймакты бүтүндѳй ак кар басып калгандан айтылган делсе, экинчи айтымдарда, тогуз ѳгүздүн бир адамы карлуктарга кызмат кылып жүргѳн убагында каардуу сууктун күчүндѳ кийиздин эки түрмѳгүн жамынып ээн талаада жаткан жеринен таап алып, аны «жабагы» (ябагу) – «жамынды» деп атаган экен, делет. Ошондон кийин тогуз ѳгүздүн каны, карлуктардын кол башчысын жабагы-карлук деп (ябагу-халлук ) атап койгондуктан аталып кеткен, делет. Карлуктар кытай, араб жана перс булактары батыш-түрк империясы кулагандан кийин түрк урууларынын топтору жѳнүндѳ кыйла так элести түзүүгѳ мүмкүнчүлүк берет. Империяны негиздеген уруулар түрк деген аталыштан сырткары, батыш-түрктѳрдү он муунга бѳлгѳн кытайлык кабарга карабастан, Чыгыштагы сыяктуу эле, Батышта огуздар же тогуз-огуздар (тагы тогуз огуздар) деп аталышкан. Чыгыш Түркстандын эң чет бѳлүгүндѳ мамлекет түптѳгѳн шато (талаанын) түрктѳрүн кытайлар батыш-түрк мамлекетинен (Бичурин, «Собрание сведений», I, 452.) чыгарышат, арабдарда болсо бул түрктѳр б.а. тогуз-огуздар деген ат менен белгилүү. Огуздардын башка бир бутагы Батышка кетип калган жана борбору Сыр-Дарыянын тѳмѳнкү агымында болгон мамлекетти негиздешкен. Огуздардын уламышында алардын Жетисууда болгондугу тууралуу эстелик сакталып калган, ал боюнча Яфеттин уулу мифтик Түрк Ысык-Кѳлдүн жээгинде жердеген (Абулгази, «Родословная тюрок», изд. Демезона, II, 9; Абулгази, «Родословная туркмен», пер.Туманского; «Родословная туркмен», изд. А.Н.Кононова, 39). Бул уламыштын эң байыркы редакциясы XII кылымдагы персиялык «Муджтая ат-таварих» чыгармасында берилген; жалгыз кол жазмасы Париждеги улуттук китепканада сакталып турат, Ancien fonds person, 62,л.64. Муджтая ат-таварихтин текстин 1939-жылы Бехар жарыялаган. Библиографияны кара. – Ю.Б.). Жетисууда эки муунга – тохсийлер жана азийлерге (бул аталыштын окулушу ынанымсыз; орхон жазууларында эскерилген аз элдери менен азийлер окшош болушу мүмкүн) бѳлүнүшкѳн түргѳштѳр гана калган; VIII кылымдын экинчи жарымында Жетисуудагы үстѳмдүк карлуктар элине ѳткѳн, бул учурда алардын негизги массасы Алтайдан кетишкен (карлуктардын алдыңкы бутагы Аму-Дарыянын жээктерине жеткен). Карлуктар Суябды ээлешкен жана борборун ушул жерге кѳчүрүшкѳн; алардын падышасы жабгу деген атты алып жүргѳн, ал орхон жазууларында кѳп кездешкен «ябгу» (Кытайлар эки титулду тең бир эле сѳз менен белгилейт, бул сѳздүн туура окулушу: Thomsen,Inscriptions de I’Orkhon,р.59) >Жабгу жана ябгу титулдарынын сѳзсүз окшоштугун айтууда Бартольд Худуд ая-‘алатдагы VI баракты түз кѳрсѳтүүгѳ таянышы мүмкүн эле, анда «ѳткѳн мезгилдерде халлуктардын падышасы жабгуй, ошондой эле ябгу деп айтышкан», - деп жазылган.>) титулу менен бир экени талашсыз. Ошентип түрк империясы кулагандан кийин да Жетисуу түрк элдеринин колунда калган жана арабдар да, кытайлар да басып алышкан эмес. Кытайлардын Батыш Түркстандын иштерине кийлигишүүсү 751-ж. араб кол башчысы Зияд ибн Салихтен жеңилгенден кийин токтогон. Арабдар VIII к. аягында карлуктарды Ферганадан сүрүп чыгуу менен чектелген; түндүк-чыгышта мусулман баскынчылары эч качан Таластан ары барышкан эмес. Бардык түрк элдеринин ичинен, албетте карлуктар мусулман маданиятынын таасирине кѳбүрѳѳк кабылышса керек эле. Карлук жабгусу исламды кабыл алса керек (Я’куби, Тарих,11,479.) деген маалымат ишенимсиз; бирок X к. жок дегенде эле Таластын чыгыш жагындагы бир нече шаарда чоң мечиттер болгон (Макдиси, 275.). Маданияттын таасири карлуктардын жашоо-турмушунан да кѳрүнүп турган, алардын арасында кѳчмѳндѳр менен аңчылардан сырткары жер иштетүүчүлѳр да болгон (Худуд ая-алам, л.176.).Бирок карлуктар башка түрк элдеринин, ѳзгѳчѳ токуз-огуздардын (Б.а. Чыгыш Тянь-Шандын уйгурларынын. - В.М.) кол салууларына кѳп кабылган, алар X к.бардык түрктѳрдүн ичинде эң кубаттуусу деп эсептелинген; токуз-огуздардын кѳпчүлүгү ханы менен бирге манихей дининде болгон, бирок алардын арасында христиандар жана мусулмандар да болушкан (FlugeI,Manx,S. 105-108; Бартольд, Отчет о поездке в Среднюю Азию, стр.115). Акырында карлуктардын ээликтеринин борбору Чүй ѳрѳѳнү да алардын душмандырынын колуна ѳткѳн. 940-ж. айланасында кандайдыр бир «динсиз түрктѳр» XI-XII кк. чоң роль ойногон, Баласагун (Бартольд, «Отчет о поездке в Среднюю Азию», стр. 35) шаарын ээлешкен; X к.географтардан ал жѳнүндѳ Макдиси (Макдиси, 275.) гана жазып, аны «чоң, эли кѳп бай шаар» деп атаган. Башка жерде (Бартольд, «Отчет о поездке в Среднюю Азию», 33-бет жана Н.А.Аристов да ушундай эле пикирде [«Этнический состав», 39-бет.]) мен Баласагун Чүй ѳрѳѳнүндѳ тургандыгын далилдѳѳгѳ аракеттенгем; бизде анын жайгашкан жери тууралуу так маалыматтар жок. Бул мезгилде Чүй ѳрѳѳнүн ээлеген эл болжолдуу түрдѳ, ошол X к. эле Орто Азиянын батыш бѳлүгүн бүт ѳз бийлигинин астына баш коштурган Караханийлер сулалесинен чыккандарга окшошуп кетет. Биз эми ошол сулаленин тарыхына ѳтѳбүз» деп жазган.

уландысы бар

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

11-01-2017
Сырдуу сандыкта Жеңижоктун кол жазмалары болуп жүрбөсүн?
67078

08-11-2016
Зарлык Сыдык уулунун санжырасы
66417

08-06-2016
Залкар комузчу-композитор Муратаалы Күрөңкеевдин теги
126272

07-05-2016
Кыргыз энциклопедиясы бир ууч адамдардын чечими менен жоюлуп калабы?
77767

25-10-2015
Үчүнчү дүйнөлүк согуш небак эле башталган
39498

09-09-2015
«Алтын комуз» баш байге сыйлыгы ыйгарылды
34568

10-07-2015
Алааматтан жок болгон шаарлардын дайыны (Тарыхый дарек)
56065

21-04-2015
Кылым карыткан тарыхтагы Абил (Адыл) бийдин дайыны
49112

03-03-2015

Комуз тарыхы

Комуз – ички дүйнө жарчысы

51150

07-01-2015
Чынгысхандын теги ким болгон?
36522

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×