Добавить статью
8:57, 5 декабря 2014 76983

«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (4-бөлүк)

Долон бийден тартып Тынымсейит уруусуна чейинки генеалогиялык таблица

141204_1

Уландысы, башы 1-бөлүктө, 2-бөлүктө, 3-бөлүктө

... Казактын сынчысы бул уулдарыңызда биздин баатырга тең келе турганы жок экен дейт, ошондо казактын төрөсү Бытый бай мынча болду баатырыңызды көрсөтүңүз эки баатырды достоштуралы мындан ары эки эл ынтымакта жашайлы деп өтүнөт. Ошондо Бытый бай каап болбостур эми Балчакты чакыргыла дейт. Балчак салам айтып кирип келгенде сынчы шашып ордунан обдулуп тура кала жаздап, селт этип Балчакты карап ой тобоо кыргыздан “Чыгаан Шер” чыкан турбайбы ушул жигиттин колунан келет төрөм деп жиберген экен. Ошондо Бытый бай ичинен капаланып, булардын көзү тийди окшойт, баламдын өмүрү кыска болуп калды окшойт деп капаланган дешет.

Айткандай Балчак баатырдын өмүрү кыска болуп калган экен, атасы Бытый бай эки жүздөй серке сойдуруп, тыбытын майына аралаштырып, тай, кунандардын куйрук жалын кырктырып коштуруп, Кашкардан уйгур усталарды алып келип күмбөз салдырган экен. Балчак баатырдын күмбөзү эки кылымдай убакыт өтсө дагы бүгүнкү күнү Ыссык – Көлдүн Саруу айылында, Жууку өзөнүнүн оң тарабында сакталып турат. Эмесе туугандар Балчак баатыр жөнүндө аз ноолак кеп кылдык окшойт, кийинки урпактарга аз болсо дагы маалымат калат, биз мындай эл баккан ата – бабаларыбыз менен сыймыктанышыбыз керек деген ойдомун. Ошентип Бактыгул атабыздын Чабалдай энебизден көргөн тукумдарынын – Чабалдай уруусунун таралышын болушунча жыйнтыктап жатып тактоого көмөк көрсөткөн туугандарга ыразычылык билгизем, эмки кезекти Бактыгул атабыздын Кызылтаз энеден көргөн урпактарына берели.

Кызылтаз уруусунун таралышы

Бактыгул атабыздын экинчи аялы болгон Кызылтаз(Күмүш) энебиз үч уул төрөйт, алар – Эсенгелди, Атакозу, Кожоке. Эсенгелдиден – Бектемир, Сарт, Мөндүрчү. Бектемирден – Байчоро, Шералы, Сейит, Айдарбек. Байчородон – Кожомкул андан Жанбала, Дубана. Жанбаладан – Коон, Желдең, Жанай. Коондон – Жанаалы, Жанадил. Жанаалыдан – Нурманбет, Мамыркул андан Эсенаман, Эсенбек. Эсенамандан – Алыбек, Аскарбек. Эсенбектен – Токтосун. Жанайдан – Абдрахман, Аманкул. Абдрахмандан – Токтобай андан Калыбек, Ишен, Бейшен. Калыбектен – Султан, Сейит, Сыймык. Ишенден – Азамат. Бейшенден – Бердибек, Келдибек, Нуркан. Эми Кожомкулдун экинчи уулу Дубанадан – Сулайманкул андан Өмүркул, Тилебалды, Койонбай, Жумаш, Оңот.

Тилебалдыдан – Таалай. Койонбайдан – Бекболот, Улан, Руслан, Мирлан. Бекболоттон – Талгатбек. Жумаштан – Бакыт, Нурлан, Кылыч, Рахат, Алтынбек. Бакыттан – Темирлан, Рахман. Нурландан – Азамат. Кылычтан – Кубанычбек. Эми Бектемирдин экинчи уулу Шералыдан – Курманкожо, Бегимат, Касымбай, Чекирбай андан Асан, Борукчу, Арыкчы, Аруун, Айдар, Докен. Асандан – Ыбрайым, Абдырахман, Жолдош. Абдырахмандан – Нурбек. Жолдоштон – Бакыт. Борукчудан – Мелис, Медет, Кубат. Мелистен – Мирбек. Медеттен – Улан, Аман, Уран, Тагайбек.

Кубаттан – Руслан, Нурлан, Эрлан. Чекирбайдын үчүнчү уулу Арыкчыдан – Рысбек, Мейман. Рысбектен–Мырзабек, Мурат, Максат. Кийинки уулу Аруундан – Сагын, Таалайбек, Абдрайым. Сагындан – Бакыт андан Тынчтык. Таалайбектен – Бакытбек, Алтынбек. Абдрайымдан – Айбек, Нурбек. Черикбайдын бешинчи уулу Айдардан – Азык, Жыргалбек, Темирбек, Эмил. Эмки сөздү Бектемирдин үчүнчү уулу Сейиттин урпактарына кезек берсек, андан – Жумагул, Качыке, Арстанбек. Жумагулдан – Ниязбек, Тажыбек, Дайырбек, Алымбек. Ниязбектен – Байток, Мүсүркан, Тагайболот. Байтоктон – Токтакун, Орозобай, Ыманаалы. Токтоакундан – Азык, Көчөкө, Калмырза, Айдарбек. Азыктан – Алтынбек. Көчөкөдөн – Алмаз, Эрлан.

Айдарбектен – Тилек. Орозобайдан – Төлөмүш. Ыманаалыдан – Урмат андан Токтосун андан Бекбосун. Эми Ниязбектин экинчи уулу Мүсүркандан – Касымалы, Акималы. Касымалыдан – Кемел андан Нарынбек, Турсунбек, Жаныбек, Алыбек. Нарынбектен – Каныбек андан Асылбек. Турсунбектен – Талант, Усеин, Эдил. Жаныбектен – Санжар, Сардар. Алыбектен – Эрназар. Ниязбекттин үчүнчү уулу Тагайболоттон – Сырымбет. Эми Жумагулдун экинчи уулу Тажибектен – Алдаяр андан Мамыркан, Мамырбай, Чымырбай, Бирназар, Койчу, Акулук, Орозакун. Мамыркандан – Турдубек, Турдалы андан Алымкул андан Садыркул, Жаныбек. Мамырбайдан – Ыбрайым, Чолпонкул андан Рысбек, Садырбек, Нарынбек.

Чымырбайдан – Бусурманкул андан Сапар, Алымкул, Керимкул, Сейитбек, Болотбек, Жумабек. Бирназардан – Ысакан андан Сагынкул андан Жеңишбек, Жекшенбек, Сеитбек, Султанбек, Орозбек. Койчудан - Асанаалы андан Бектиян андан Өмүбек, Бердибек. Жумагулдун үчүнчү уулу Дайырбектен – Ормон андан Албан андан Айтакун. Эми Сейиттин экинчи уулу Качыкеден – Черикчи, Зарылбек, Бүкөдөй, Алдаш андан Деркенбай, Тазабек. Деркенбайдан – Отунчу, Асан. Отунчудан – Мукаш, Сапарбек,Жылкычы, Садыбакас, Өмүрбек, Токсон. Мукаштан – Бектемир, Табылды, Табылбек, Көлбай. Бектемирден – Түгөлбай. Табылдыдан – Азамат.

Табылбектен – Толубай, Аскар. Отунчунун Өмүрбегинен – Алтынбек. Токсондон – Улан. Деркенбайдын экинчи уулу Асандан – Жеңишбек, Байтемир, Казыбек, Карыбек. Жеңишбектен – Абылкасым, Мирлан, Абыкен. Байтемирден – Жакшылык, Жаныбек, Каныбек. Казыбектен – Кудайберген, Жумгалбек, Алманбет. Карыбектен – Нурбек, Белек. Ал эми Алдаштын экинчи уулу Тазабектен – Эсенгул, Кадыркул, Касымбек, Алпамыш. Эсенгулдан – Таалайбек, Турат, Ишенбек. Кадыркулдан – Туйгун. Касымбектен – Болот, Марат, Улан. Алпамыштан – Кубан, Айбек,Мирбек, Аксай, Мирсеит. Эмки сөз Сейиттин кичи аялынан төрөлгөн үчүнчү уулу Арстанбектен – Каработо, Төлөгөн, Ормоке. Каработодон - Сөлпү андан Өмүрзак андан Бердибек, Келдибек, Үмөткул адан Ибрагим, Нооруз. Төлөгөндөн - Бактыгул, Бактыбай. Бактыгулдан – Асангазы, Үсөнгазы, Султангазы, Шергазы. Асангазыдан – Замирбек, Аман, Камчы, Алтынбек, Кенжебек. Үсөнгазыдан – Сапарбек, Каныбек, Канат. Султангазыдан – Эмир. Шергазыдан – Алияскар, Элдияр. Бактыбайдан – Насирдин андан Улан, Эрлан, Нурдин.

Ормокеден – Саякбай андан Моңолдор, Конокбай, Бейшенбек. Ушуну менен Эсенгелдинин улуу уулу Бектемирдин тукумдарынын таралышын болушунча аяктадык, эми экинчи уулу Сарттын урпактарына кезек берели. Сарттан – Курумшу, Кутуке. Курумшудан – Муратжан, Токтомбай, Жамал, Байымбет, Түлөкабыл, Жоошбай, Алдакулу. Токомбайдан – Адылбек, Муратбек. Адылбектен – Ажыбай андан Рысбек, Калдыбай андан Токтомуш, Жаманак, Бейшен. Токтомуштан – Асанкул, Эсен, Амантур, Эркинбек, Сынчы, Эмилбек, Бакытбек. Асанкулдан – Нурбек, Тилек. Эсенден – Максат. Амантурдан – Азиз. Эркинбектен – Гүлчоро, Бекчоро, Гүлжигит. Сынчыдан – Алтынбек, Дөөлөтбек. Эмилбектен – Нуржигит, Жолдошбек, Болотбек. Бакытбектен – Камчыбек, Каныбек, Кенжебек. Токомбайдын экинчи уулу Муратбектен – Арзым, Таабалды, Докен. Арзымдан – Айты андан Алтынчы, Алыбай, Дүйшөн, Ишен.

Алтынчыдан – Табылды, Теңдик, Жыргалбек, Кенжебек. Алыбайдан – Ишенбек, Нарынбек, Алмаз, Темирбек. Дүйшөндөн – Жээнбек, Таалай, Аман. Ишенден – Адилет, Калыс. Эми Муратбектин экинчи уулу Таабалдыдан – Райымбек андан Жума андан Нарынкул, Шүкүрбек, Кадыркул, Күрүчбек, Дөөткул. Шүкүрбектен – Мойдун, Рысбек. Кадыркулдан – Максат, Жылдызбек. Күрүчбектен – Аманбек, Солтобек, Эсенбек, Акылбек. Дөөткулдан – Жеңишбек, Бакыт. Эми Курумшунун үчүнчү уулу Жмалдан – Баялы, Бегимбай, Берди. Баялыдан – Токсонбай, Токтосун. Токсонбайдан – Кулманбет, Абдыкадыр, Турдуманбет андан Иса андан Эрмек, Эркин, Эмил, Керимбек. Эрмектен – Темирбек. Эркинден – Улан, Алмаз. Эмилден – Солдатбек, Жолдош, Мирлан.

Токтосундан – Ажыманбет. Бердиден – Орозон, Муса. Орозондон – Жекше, Бейше. Жекшеден – Тынчтык, Надырбек андан Руслан. Бейшеден – Замирбек, Камчы, Канатбек. Мусадан – Токторбай андан Бекбосун андан Саламат. Эми Курумшунун төртүнчү уулу Байымбеттен – Усуп андан Курманаалы. Курумшунун бешинчи уулу Түлөкабылдан – Түмөнбай, Алжанбай. Түмөнбайдан - Барктабас, Алжанбай. Барктабастан – Байгабыл, Дүйшаалы, Сатыгул. Байгабылдан – Калча андан Кубан, Адилет. Дүйшаалыдан – Бакыт андан Таалай. Алжанбайдан – Токтогон, Асанбек. Токтогондон – Жолдошбек андан Азамат, Сыймык. Асанбектен – Канат, Чыныбек андан Урмат.

Эми Курмшунун алтынчы уулу Жоошбай үч аял алган биринчи аялынан Ажыбек, Токуш, Накен. Ажыбектен – Токтоо, Тилекмат. Токтоодон – Асанакун андан Темиркан, Эсенкан. Темиркандан – Жайдарбек. Эсенкандан – Бекзат, Чынгыз. Тилекматтан – Асанаалы андан Кыдырмыш, Ырыскул. Кыдырмыштан - Болоттон андан Байыш, Жаныш, Гүлжигит, Жеңиш. Ырыскулдан – Алмаз, Алтынбек, Нурбек. Жоошбайдын экинчи аялынан Карач, Алымбай. Үчүнчү аялынан үч уул төрөлөт аттары белгисиз алардан таргандар Бөлөкбай, Боронбай, Стамбек, Жантай, Култай. Бөлөкбайдан – Токтосун андан Токтобек андан Жумакадыр андан Жеңишбек, Жаныбек, Бакыт. Жеңишбектен – Нурмухаммед. Жаныбектен – Дүйшөнбек, Шаршенбек, Шекербек. Боронбайдан – Орозбай андан Эсенгелди андан Бекташ андан Улан, Нурлан, Сыймык. Стамбектен – Кожоян андан Асанаалы андан Рысбек, Жолдош, Жыргалбек. Рысбектен – Кубан, Нурлан. Жолдоштон – Анарбек, Жанарбек. Жыргалбектен – Азамат.

Эми Курумшунун эң кенже уулу Алдакулудан – Сырдыбай андан Байдөлөт андан Көбөк андан Султек андан Алтымыш, Жолдош, Кылыч, Айбек, Айтбек, Алмаз. Алтымыштан – Эдилбек, Эмилбек, Залкар. Жолдоштон – Калыбек. Кылычтан – Төлөбек, Төлөмүш. Айбектен – Орозобек. Айтбектен – Нургазы. Ушуну менен Сарттын улуу уулу Курумшунун тукумдарынын таралышын болушунча аяктайбыз эмки кезек экинчи уулу Кутукеге беребиз. Кутукеден – Жамангул, Кенжегул, Ысмайыл.

Жамангулдан - Түнкатар, Мааке, Ындыбай, Бапа, Чуку, Чыныбек, Ботугур, Чынаалы. Түнкатардан – Обонбай, Курманкожо. Обонбайдан – Асанкожо, Эсенкожо, Осмонаалы, Жылтыр. Асанкожодон – Алмабек, Алымбек, Жумабек, Бейшенбек. Алмабектен – Таалай, Майрамбек, Курман. Алымбектен – Жеңишбек, Жыргалбек. Жумабектен – Азамат, Талант, Максат. Жылтырдан -Турган, Турар, Турарбек, Тургунбек, Турсунбек. Турардан – Төлөбек, Кубан, Нурбек, Айбек. Турарбетен – Улан, Курманбек. Тургунбектен – Нурлан, Тынчтык, Баатыр. Курманкожодон – Байток, Жунушаалы, Балбак. Байтоктон – Асанбай. Жунушаалыдан – Мелис, Муканбет, Муканбетаалы, Муканбай, Карыпбек. Мелистен – Темирбек, Манас, Азамат, Эрнест.

Муканбеттен – Кубан, Кубат, Өмүрбек, Тынчтык. Муканбетаалыдан – Нурлан, Эрбол, Бекжан. Муканбайдан – Алмаз, Төрөбек, Эмил, Улук. Карыпбектен – Адилет, Марс. Балбактан – Күдүң. Жаманкулдун экинчи уулу Маакеден – Нурманбет, Кожобек, Төлөн, Жайык, Супатай. Андан кийинки уулу Бападан – Суранчы андан Акымбай андан Зарылбек, Камчыбек. Зарылбектен – Айбек, Замирбек. Жаманкулдун кийинки уулу Чыныбектен – Жума андан Аскарбек, Турат, Алик. Андан кийинки уулу Ботугурдан – Кыдырназар андан Асанкожо, Эсенкожо, Асанбек. Асанкожодон тукум жок атамекендик согушта курман болгон. Эсенкожодон – Шүкүрбек андан Нурлан, Улан, Азамат. Асанбектен – Абдыбек, Казыбек, Кубан, Алмаз, Узак. Абдыбектен - Таалай, Марат, Талант. Жаманкулдун кенже уулу Чынаалыдан – Усубаалы андан Турсунбек андан Темиркан андан Акылбек, Дастан. Акылбектен – Ароон.

Эми Кутукенин экинчи уулу Кенжегулдан – Нээтбай андан Бапа, Чуку, Таберик. Бападан – Асангожо,Токтогожо. Асангожодон – Токтобек. Токтогожодон – Сабыр. Чукудан – Асангул, Бердигул, Турдугул, Турдубай, Шайлоо, Кенже. Бердигулдан – Элдияр. Турдугулдан – Тынчтыкбек, Бейшенбек. Тынчтыкбектен – Алишер, Ынтымак. Турдубайдан – Кубаныч, Айдин, Айдос. Шайлоодон – Данияр, Айдар. Кенжеден – Бактияр, Жакшылык, Арген. Табериктен – Мукаш андан Жээренбай, Жеңиш, Ишенбай, Орузбай. Жээренбайдан – Алмазбек, Айдарбек, Курманбек, Рысбек, Уланбек, Акжол. Айдарбектен – Касым, Алмаз андан Бакытбек, Дастан. Курманбектен – Азиз, Айдос. Рысбектен – Майрамбек, Мырзабек. Акжолдон – Нуржигит, Назарбек андан Ысамамбет, Ыйманбек. Ысамамбеттен – Иса андан Тилек, Табылды. Тилектен – Адыл, Медил. Табылдыдан – Талгат, Калыбек. Эми Мукаштын экинчи уулу Жеңиштен – Талантбек, Алымбек, Казыбек, Адилет. Алымбектен – Атай, Айдар. Казыбектен – Сыймык. Мукаштын үчүнчү уулу Ишенбайдан – Мирлан, Нурлан.

Эмки кезек Бактыгул атабыздын Кызылтаз энеден көргөн кийнки кенже уулу Кожокенин урпактарына кезек беребиз. Кожокеден – Атагул, Калча. Атагулдан – Белек андан Жообасар андан Өмүрзак, Байтөлө. Өмүрзактан – Мамыке андан Баялы, Жанаалы, Тыпыш андан Муратаалы, Эсенбек андан Адилет. Муратаалыдан – Сүйүнбек, Темирбек, Азат, Бактыбек, Таалай, Эдил, Анарбек. Сүйүнбектен – Алишер. Темирбектен – Теңирберди. Жообасардын экинчи уулу Байтөлөдөн – Акмат, Сакмат, Рахмат, Аскалы. Акматтан – Кыштобай, Намаз. Кыштобайдан – Султанказы, Бекмурат, Бегалы, Жаңыбай. Султанказыдан – Сапалаң, Кадыркул, Кадыракун. Сапалаңдан – Нурбек, Нурлан.

Кадыркулдан – Арслан. Кадыракундан – Турдугул. Бекмураттан – Базаркул андан Бердибек. Бегалыдан – Базарчы, Тилек, Темирбек. Базарчыдан – Элдияр, Элдос. Тилектен – Нурсултан. Кыштобайдын кенже уулу Жаңыбайдан – Темир, Эмил, Болот, Култу, Абай. Эмилден – Бакыт, Замир. Ал эми Акматтын экинчи уулу Намаздан – Өмүр, Өмүбек. Өмүрдөн – Асанбек, Үсөнбек, Жаныбек, Жыргалбек. Жаныбектен – Ишенбек. Өмүрбектен – Кубан, Кубат, Тынчтык, Чоро, Гүлчоро. Кубандан – Арлен.

Кубаттан – Азат, Абил, Актан. Эми Байтөлөнүн экинчи уулу Сакматтан – Осмон, Токтобай андан Талант, Каныбек, Рахат. Таланттан – Талгат, Фархат, Азамат. Каныбектен – Таалай. Рахаттан – Эрлан, Даниел. Байтөлөнүн кийинки уулу Рахматтан – Турдалы. Андан кийинки кенже уулу Аскалыдан – Көккөз, Көчкөнбай. Көккөздөн – Абдыкадыр, Асан, Туйту, Турсунбек. Көчкөнбайдан – Жумакадыр андан Кутман. Ошентип Кожокенин улуу уулу Атагулдун тукумдарынын таралышын аяктадык, ал эми экинчи уулу Калчадан – Күчүн, Темир. Күчүндөн – Жалгыр. Темирден – Акбото андан Акчубак андан Сатылган андан Жумабек андан Жолдош, Бакыт, Таалай, Ынтымак.

Урматуу окурман, Кызылтаз туугандарым жогоруда сиздер баамдагандай Бактыгул атабыздын Кызылтаз энеден көргөн үч уулунун ортончусу Атакозунүн урпактары жөнүндө маалымат табалган жокпус, угушубуска караганда көл тарапта турушат экен. Балким улуу үркүндө Кытайга барышып ошол жакта туруп калышкан чыгаар. Өткөн 2012 – жылы август айында Кытай мамлекетинин Үрүмчү шаарында, ошол шаардын тургуну Кытайлык кыргыз Акмат деген ишкер жигит менен танышып баарлашып калдым. Ал өзү Кулжа облусуна караштуу Текез районундагы Көк – Терек деген кыргыз айылынан болорун, уруусу Кызылтаз экендигин, айылда жашагандардын көпчүлүгү Кызылтаз уруусунан, Чабалдай уруусунан дагы бир топ түтүн жашаарын, жалпы бул тарапта Тынымсейиттер көп экендигин кеп салып отурду.

Акматтын өзүнүн тамак – аш жасап сатуучу жайы бар экен, келинчеги казак улутунан чогуу иштешип тиричилик кылышат экен, сүйлөгөнү көлдүк туугандардан айырмасы жоктой сезилди авакелеп жылуу мамиле жасады. Санжырага кызыкбайт экен өзүнүн жети атасын толук айтып береалбай койду. Биз бир күндөн кийин кайра келмей болдук, мен Акматтан айыл менен байланышып көбүрөөк маалымат топтоп беришин өтүндүм. Болжошкон күнү, убактысында бардык ич жылытаардык маалымат алалган жокпус, өзүнүн атасы Акун анын атасы Турсунбай анын атасы Кылычбек анын атасы Бошкой анын атасы Эшкожо экендигин араң тастыктады.

Акматтын айтымына караганда чоңатасы Турсунбай үркүндө барып ошол жакта калып калган экен. Туугандарым келди деп кыргыздын бешбармагын даярдап койуптур, даамдулугу жагынан өзүбүздүкүнө тең келчү түрү жок, Кулжадан келген кымыздан бир чыныдан ичип коштошуп жолубузга түштүк. Балким Текездеги Көк – Терек айылыда жашашкан Кызылтаздар Атакозу атабыздын урпактары болушу мүмкүн, келечекте такталат болуш керек деген үмүт кылалы. Ошентип Бактыгул атабыздын Кызылтаз энеден тараган тукумдарынын таралышын колдо болгон маалыматтар менен жыйынтыктап жатып тактоого көмөк көрсөткөн тугандарга ыразычылык билгизем. Эмки кезекти Бактыгул атабыздын Меңдибек энеден көргөн уулдарына кезек берели.

Уландысы 5-бөлүктө

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (8-бөлүк)
41217

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (7-бөлүк)
75524

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (6-бөлүк)
67381

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (5-бөлүк)
57675

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (3-бөлүк)
64696

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (2-бөлүк)
75352

05-12-2014

«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (1-бөлүк)

69884

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×