Добавить статью
12:15, 5 декабря 2014 41225

«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (8-бөлүк)

Долон бийден тартып Тынымсейит уруусуна чейинки генеалогиялык таблица

141204_1

Уландысы, башы 7-бөлүктө

... Эми Чоро атанын байбичеси Ардактан төрөлгөн кийинки эки уулу Ботбай, Көлбайдан тукум жок экен. Ошентип Чоронун байбичеси Ардактан тараган тукумдарын аяктап, экинчи аялы Тотукуштан тарган тукумдарына кезек узаталы. Тотукуш энеден үч уул төрөлөт: Солтоной, Дөөткул, Чынгыш. Солтонойдон – Салмаке, Сыдык. Салмакеден – Маданбек, Мамырбек, Кабылбек, Сабырбек. Мамырбектен – Качкынбай. Кабылбектен – Асанкул, калгандарынан тукум жок деген гана маалымат бар. Дөөткулдан дагы тукум жок экен. Ал эми Чоронун үчүнчү уулу Чынгыштан – Молдокан, Молдосия, Алымкул. Молдокандан – Токтогул. Чынгыштын калган эки уулунан ткум жок. Ушуну менен Чоро уулунун таралышын болушунча аяктадык.

Тынымсейит Эми Шопок атанын экинчи аялы Таңсыктан беш уул төрөлөт: Борсук, Эсентай, Чолчоке, Кулмамат, Жайчыбек. Борсуктан – Семен андан Кыдыралы андан Байты, Жөлөгөн андан Жабык, Жолдош. Эсентайдан – Тажыбек, Болот, Солто, Көчө, Алымбек. Тажыбектин үч аялынан он уулу болгон. Биринчи аялынан - Мамбеткул андан Жайлоо андан Асанке. Экинчи аялынан – Кулет, Кулназар, Алыбай, Балбай,Осоке, Дапа. Кулеттен – Түкү, Эгенберди. Балбайдан – Бодур. Осокеден – Капыс, калган балдарынан тукум жок. Тажыбектин үчүнчү аялынан – Самансур, Бакы, Тагай, булардан дагы тукум жок деген маалымат бар. Эми Эсентайдын экинчи уулу Болоттон – Баялы, Бекбоо. Бекбоодон – Дөлөтбак, Өмүрзак, Султанмамыт, Муканбет. Өмүрзактан – Базарчы андан Туйбас. Султанмамыттан – Жапар, Калык, Капар. Жапардан – Асек, Капардан – Эшим. Эсентайдын үчүнчү уулу Солтодон – Мураталы, Талып. Мураталыдан – Жуманазар андан Кул. Талыптан – Узакбай, Самсалы. Узакбайдан – Календер. Эсентайдын төртүнчү уулу Көчөдөн тукум жок. Ал эми бешинчи уулу Алымбектен – Байсымак, Бийсымак, Шербото, Ажы. Байсымактан – Мукаш. Бийсымактан – Жийдебай. Шерботодон – Нурмамат. Ажыдан – Акмат, Байтерек.

Эми Шопоктун үчүнчү уулу Чолчокенин эки аялы болгон Сурнат, Үкү деген. Сурнат байбичеден – Шорук андан Койчу, Медербек, Берикбай. Койчудан – Мамбет, Калкаман. Мамбеттен – Черик. Медербектен – Жанек андан Токтобек андан Ниязбек, Ниязалы. Шоруктун үчүнчү уулу Берикбайдан – Мукаш. Ошентип Чолчокенин Сурнат байбичесинен тараган тукумдарын аяктап, экинчи аялы Үкү энеден төрөлгөн беш уулга кезек берели алар: Качыке, Өмүрчү, Ыманкул, Алыбек, Абдыбек. Качыкеден – Рыскул андан Абдез, Момун андан Акелең, Надырбек, Ынтымак. Чолчокенин экинчи уулу Өмүрчүдөн төрт уул болгон экен баарынан тукум калбаптыр. Ал эми үчүнчү уулу Ыманкулдан – Чылымбаш андан Малик. Эми төртүнчү уулу Алыбектен – Алсеит, Мамыт. Алсеиттен – Абышка, Капар. Абышкадан – Бекиш. Ал эми Мамыттан – Олжобай, Султанбай андан Акжол. Эми Чолчокенин Үкү деген аялынан төрөлгөн эң кенже уулу Абдыбектен тукум калган эмес.

Ошондой эле Шопок атанын экинчи аялы Таңсыктан төрөлгөн төртүнчү уулу Кулмаматтан тараган тукумдары туралуу маалымат жок экен. Ал эми бешинчи кенже уулу Жайчыбектин эки аялы болгон экен. Биринчи аялынан – Нусуп, Койберди. Экинчи аялынан Дыныстан жалгыз. Нусуптун дагы эки аялы болгон, биринчи аялынан – Жанай, Тынай, Аалы, Медет, Рыскелди. Аалыдан – Ашым. Медеттен – Кемел, Абыкай. Рыскелдиден – Шалдырак. Эми Нусуптун экинчи аялынан – Молдо, Байтыгул, Жаныгул. Молдодон – Чолпонкул, Кадыркул. Жаныгулдан – Бейшенкадыр, Норузек. Эми Жайчыбектин биринчи аялынан төрөлгөн экинчи уулу Койбердиден – Тынаалы, Бийбатыр, Арсымкан. Тынаалыдан – Акун, Жамашбай, Жолочу. Акундан – Калык. Бийбатырдан – Азык, Абдраман, Мадыл, Абдразак, Жетимиш. Азыктан – Мойдин. Абдраман, Мадылдан тукум жок. Абдразактан – Асанбек, Жумагул, Султанмурат, Бабый. Жетимиштен – Бакен, Төлөбек, Өскөн, Жыргалбек. Ошентип Жайчыбек уулунун таралышын, аны менен бирге Шопок баатырдын экинчи аялы Таңсыктан таралган тукумдарынын таралышын дагы аяктадык.

Эмки кезекти Шопок баатырдын үчүнчү аялы Марча энеден тараган тукумдарына берели. Марча эне онго жакын бала багып өстүргөн экен, көбүрөөгү асыранды бала деген маалыматтар бар, бардык балдары жөнүндө так маалымат жок, ошолордун эң улуусу болсо керек Козуайдар деген уулунан алты уул төрөлөт: Боогачы, Ормон, Субан, Жооке, Ороз, Чапырашты. Боогачынын эки аялы богон, биринчи аялынан – Ажыбай, Муса, Ыса. Ажыбайдан – Кожо, Жапар. Ысадан – Шамыке. Боогачынын экинчи аялынан – Алакөз, Түмөнбай, Мээрман. Алакөздөн – Асанкан. Түмөнбайдан – Сыдык, Ыйманказы андан Кошойбек. Козуайдардын экинчи уулу Ормондон үч уул болгон экен булардан тукум калбаптыр. Эми үчүнчү уулу Субандан – Чыныбек, Тыныбек. Чыныбектен – Осмоналы, Токтогул. Осмоналыдан – Ысакакун. Субандын экинчи уулу Тыныбектен – Түнкатар андан Эсенаман. Козуайдардын төртүнчү уулу Жооке баатыр чыккан деген каңшаар бар, тилеке каршы тукум калган эмес экен.

Козуайдардын бешинчи уулу Ороздон – Атабек, Жутабай. Атабектен – Кидик андан Бедөлөт, Атыр, Капсалаң. Атырдан – Шейшеналы, Чоно. Эми Ороздун экинчи уулу Жутабайдан – Мамыр, Баратбай. Ал эми Козуайдардын алтынчы, кенже уулу Чапыраштыдан – Айтбосун андан Абдыке, Желдең. Абдыкеден – Акунбай, Ыбрай, Ордобай, Мамбетсеит андан Шаршебай, Бейшебай, Муканбет, Нарынбек. Ал эми Айтбосундун экинчи уулу Желдеңден – Сейитказы андан Дүйшө, Бейше, Шарше, Белек. Ошентип Шопок баатырдын тукумдарынын таралышын ушуну менен аягына чыктык, жыйналган маалыматтардан ушул уруунун тукуму Султанбай Мамыт уулунун небересине айтып жаздырып кеткен чакан санжырасын негиз кылып алынды, тилеке каршы бул адамдын толукталган маалыматтарын табалган жокпус.

Эмки сөздү Үркүнчүнүн үчүнчү уулу Божокойдун тукумдарынын таралыштарына берсек. Божокойдун эки аялы болгон экен, биринчисинен – Сарык, Тожук. Экинчи аялынан – Калча. Сарык эки аялынан жети уулду болот, биринчи аялынан – Алыке, Баястан, Айылчы. Алыкеден – Алымбек, Маасы, Табылды(баатыр), Эшимкан, Эсенаман. Алымбектен – Токсаба андан Эсен. Маасыдан – Баатыркан, Шоорук, Жунушалы, Өмүралы. Баатыркандан – Моңолбай андан Курманбек, Темирбек. Шооруктан – Ногойбай, Мамай. Ногойбайдан – Ноорузбай. Жунушалыдан – Мустапа. Өмүралыдан – Үсөн. Табылды(баатыр) эки аял алган, биринчи аялынан – Мамбетиса, Мамбеталы, Белек. Мамбетисадан – Ырсалы, Жээналы, Казак. Мамбеталыдан – Токтогул, Абдыбача андан Нуркул, Мансур. Табылдынын экинчи аялынан – Акбөкө андан Аалыкожо, Кыргызбай. Сарыктын экинчи уулу Баястандан – Байжигит, Жөөбасар, Бобоной, Калы, Датка, Токочор, Дубана, Кошой, Чынгыш. Байжигиттен – Ногой, Кошой. Ногойдон – Жусуп андан Ыбрай. Кошойдон – Казы, Кабыл, Доко. Жөөбасардан – Аңыр андан Ороз, Калдык, Тойгонбай. Калыдан – Үсөкө. Даткадан – Мамбет. Чынгыштан – Акынбек, Ажы. Акынбектен – Кыштообай(Чанач), Басылбек. Чаначтан – Сыдык андан Марат, Белек. Ажыдан – Тургуналы. Сарыктын үчүнчү уулу Айылчыдан – Кыдыралы, Шералы. Кыдыралыдан – Айты.

Эми Сарыктын экинчи аялынан – Матай, Нусуп, Атаке, Атабек. Матайдан – Калдаң, Ийса, Мамыркан. Калдаңдан – Акмат, Саламат, Шермат, Апы. Акматтан – Мукан. Саламаттан – Жолдон. Шерматтан – Сеитказы. Апыдан – Асан. Ийсадан – Мамбет, Ыбыке. Мамбеттен – Асанкул, Жумагул, Жаманак. Ыбыкеден – Өмүрзак. Мамыркандан – Турдубай, Камбар. Сарыктын экинчи уулу Нусуптан – Чынгыш андан Куту, Жээренбай, Абайылда. Кутудан – Жунус андан Аскар. Жээренбайдан – Асан. Абайылдадан – Мамбетаалы, Абдылда андан Тургунбек, Сагынбек. Мамбетаалыдан – Апас, Койчуман. Эми Сарыктын кийинки уулу Атабектин үч аялынан он уулу болгон. Биринчи аялы Наападан – Байгубат, Меңмурат(Такырбаш), Кудайберген. Байгубаттан – Сартмамбет, Молдобай, Осмон. Такырбаштан – Анапия, Айдаркул, Алымкул, Арзыкул. Алымкулдан – Султангазы андан Бакас, Раш, Асанкул. Кудайбергендин үч аялы болгон, биринчи аялынан – Мике, Туку, Сулайман, Казыла.

Экинчи аялынан – Жумагул, Султан. Үчүнчү аялынан – Кадыркул. Ал эми Атабектин экинчи аялы Кусубалдыдан – Жакып, Маамыт, Абдылда. Жакыптан – Акматылда, Кыдыр. Маамыттан – Абдыракман, Кары. Абдылдадан – Жаманкул, Ажыгул. Эми Атабектин үчүнчү аялы Уулчадан – Абдыбаит, Кулманбет, Чекир, Жума. Абдыбаиттен – Асанкул. Жумадан – Абдрасул. Ушуну менен Сарыктын тукумдарынын тарлышын аяктайбыз, эмки кезек Божокойдун экинчи уулу Тожуктун урпактарына берели. Тожуктан – Баймырза, Суруке, Тарыкчы. Баймырзадан – Ыбрай андан Өскөнбай, Кудаш, Саке, Айтбай, Нармат, Дайрабай. Өскөнбайдан – Жамаш, Жолдош, Молдош. Кудаштан – Айылчы, Жумагул. Сакеден – Кыдык андан Анатай, Тайлак, Абдыжалил. Дайрабайдан – Жумабек андан Кубакай. Тожуктун экинчи уулу Сурукеден – Осмоналы андан Султан. Тожуктун үчүнчү уулу Тарыкчыдан – Токтобай,Эсенгелди,Маана. Токтобайдан – Молдожакып, Энчилеш. Эсенгелдиден – Кудайберген андан Макен. Маанадан – Мамырбай, Кендирбай, Мамбетакун. Кендирбайдан – Кашка, Асанкул.

Ал эми Божокойдун экинчи аялынан – Калча анын эки аялы болгон, биринчи аялынан – Усупбек, Эсенгул, Сарыбай. Усупбектен –Адыл андан Алдаш, Балбак, Султан, Мамыт. Балбактан – Жоломан. Эсенгулдан – Субанбек, Супатай, Аалы. Субанбектен – Сеитказы андан Расул. Супатайдан – Султан, Муктар, Аныбар. Аалыдан – Алманбет андан Идин. Калчанын экинчи аялынан – Жамгырчы, Кошой, Кыдык, Тыныбек. Жамгырчыдан – Өмүр. Кошойдон – Сагындык. Кыдыктан – Калмырза. Тыныбектен – Ажы андан Дайырказы, Арун андан Муса, Жусу, Эркин, Болот, Чоро. Ушуну менен Үркүнчүнүн тукумдарынын таралышы аяктады.

Эмки сөз Акбагыштын бешинчи уулу Кутуштан - Абыке, Былжык, Жалкамыш, Бердигул, Эгенберди. Бердигулдан – Сурап андан Мусалы, Исагалы, Турсалы. Ал эми Акбагыштын алтынчы уулу Моңконун эки аялы болгон, биринчи аялынан – Жылкычы андан Теке андан Чыныбек андан Бактыгул. Экинчи аялынан – Талпак, Тумак. Талпактан – Орозбак андан Кыдырмыш. Тумактан тукум жок. Ошентип Акбагыштын тукумдарынын таралышын аяктоо менен жалпы эле Токтогулдун тукумдарынын таралышы дагы соңуна чыкты. Муну менен толугу менен Мортуктун урпактарынын таралышы жыйынтыкталды десек болот. Жогоруда кеп кылган Найманбай уулу Мукаш ава Токтогулдун ичинен Термечик уруусунан болгодуктан, Токтогул, Жаманак урууларын тереңирээк талдаган болуш керек деген ой менен, Мукаш аванын маалыматы негиз болуп алынды, ал эми Токтогулдун ичинен Шопок уруусунун таралышы, ушул уруунун кулуну Мамыт уулу Султанбай аванын небересине айтып жаздырып кеткен маалыматына көбүрөөк таяндык.

Урматуу окурман жогоруда Шопок баатыр жөнүндө учкай сөз кылып ал кишинин баатырдык эрдиктери, балбандыгы туралуу кеп кылып Канкожодон бата алгандыгын сөз кылган элек. Ошодон уламбы айтканы айткандай, дегени дегендей келген касиеттүү, малдуу, баштуу адам болгон дешет. Өзүнүн бабасы туралуу улуулардан уканын айтып жаздырып калтырып кеткен Султанбай аванын бул мурасын ушул жерге кыстарып калтырып кетүүнү тура көрдүм. Анткени Шопок атанын чөбөрөсү Буйлаш уулу Арстанбек өзүнүн төкмө акындык, комузчулук өнөрү менен Кыргыз, Казак элине дүңгүрөп атагы бекеринен чыкпаса керек. Бул касиеттүү атабыз туралуу кийинки муун аз болсо дагы маалымат алып билип койгону дурус болсо керек деп ойлойм. Ошонтип элге жамандыгы жок, кайрымдуу, касиетүү жакшы киши болгондуктан өз убагында Кан Шопок деген атак – даңка ээ болгон экен.

Күндөрдүн биринде Карасаз деген жайлоонун Кызыл – Омпол деген жеринде кыштап отурушуп, кыштын согум айы болсо керек эле дейт, Шопок ата 110 жаштарга барып калган мезгили экен, балдарынын барын чакыртып алып мындай деген собол таштайт экен. Балдарым кулак салгыла Кан Кожонун айткандары чын боло турган болсо, мен эмки бейшенбиде бул жалган дүйнө менен кош айтышам, жума күнү жаназам окулат. Мени жайыма жети кожо келип алып койот, ошолор жууйт, жаназамды ошолор окуйт, ошолордун айтуусу менен болосуңар деген экен. Ага чейин менин өз колумдан даам сызып, батамды алып калгыла деп, мага бүгүн эч жериБотокандын экинчи аялынан – Жангазы, Калыкбек, Малдыбай. Жангазыдан тукум жок экен, Калыбектен – Аскар. Ушуну менен Ботокандын тукумдарынын таралышын аяктап, Алжандын Макмал аялынан төрөлгөн экинчи уулу Наймандын тукумдарына кезек берели. Найман үч аялынан он бир уулду болуптур. Биринчи аялынан Ысман андан Турганбай, Жунус, Жакшылык. Наймандын ортончу аялынан – Осмон, Калмат, Нурмат, Канат, Каратал, Карагул. Наймандын үчүнчү аялынан – Бирманбет, Көжөбаш, Ыстамкул.

Ал эми Алжандын үчүнчү аялы Берметтен эки уул төрөлөт – Кожобек, Кылжыр. Кожобектен – Канаша, Качыбек. Канашадан – Тентимиш. Качыбектен – Мамбет андан Шарше, Амантур. Эми Алжандын төртүнчү аялы Балпакеден – Шүкүркан жалгыз андан Мамбет, Сарбагыш, Багышбек. Сарбагыштан – Абдылда, Асан, Үсөн, Эсен. Ошентип Алжан уулунун таралышын аяктадык, эми Чоро атанын экинчи уулу Буйлаштын тукумдарына кезек берели.

Буйлаштын эки аялы болгон, биринчи аялынан беш уул: Атакан, Бабакан, Кулпу, Сулпу, Молдо. Экинчи аялынан Арстанбек жалгыз. Атакандын дагы эки аялы болгон, биринчи аялынан – Мамбеталы, Каптагай. Мамбеталыдан – Сакетай. Каптагайдан – Жамангул. Атакандын экинчи аялынан – Чекир, Төлөгөн. Чекирден – Бусурманкул, Ороң. Эми Буйлаштын экинчи уулу Бабакандан – Абдрасул, Турду, Саадабай, Алым. Абдрасулдан – Акматбек. Саадабайдан – Таабалды андан Эсенкадыр. Ал эми Буйлаш атанын экинчи аялынан атагы Кыргыз журтчулугуна аттын кашкасындай таанымал, акын, комузчу, залкар ойчул Арстанбек жалгыз дебедикпи, андан Көчөр андан Мамбет, Касен, Ысмайыл. Ысмайылдан - Жөлөгөн андан Мурат. Ушуну менен Буйлаш уулунун таралышын аяктап жатып айта кетчү нерсе, бул атанын үч уулунун тукумдарынын таралышы жөнүндө маалымат жок экен, толугураак жазганга аракет кылдык.

Эми Чоро атанын байбичеси Ардактан төрөлгөн кийинки эки уулу Ботбай, Көлбайдан тукум жок экен. Ошентип Чоронун байбичеси Ардактан тараган тукумдарын аяктап, экинчи аялы Тотукуштан тарган тукумдарына кезек узаталы. Тотукуш энеден үч уул төрөлөт: Солтоной, Дөөткул, Чынгыш. Солтонойдон – Салмаке, Сыдык. Салмакеден – Маданбек, Мамырбек, Кабылбек, Сабырбек. Мамырбектен – Качкынбай. Кабылбектен – Асанкул, калгандарынан тукум жок деген гана маалымат бар. Дөөткулдан дагы тукум жок экен. Ал эми Чоронун үчүнчү уулу Чынгыштан – Молдокан, Молдосия, Алымкул. Молдокандан – Токтогул. Чынгыштын калган эки уулунан ткум жок. Ушуну менен Чоро уулунун таралышын болушунча аяктадык.

Эми Шопок атанын экинчи аялы Таңсыктан беш уул төрөлөт: Борсук, Эсентай, Чолчоке, Кулмамат, Жайчыбек. Борсуктан – Семен андан Кыдыралы андан Байты, Жөлөгөн андан Жабык, Жолдош. Эсентайдан – Тажыбек, Болот, Солто, Көчө, Алымбек. Тажыбектин үч аялынан он уулу болгон. Биринчи аялынан - Мамбеткул андан Жайлоо андан Асанке. Экинчи аялынан – Кулет, Кулназар, Алыбай, Балбай,Осоке, Дапа. Кулеттен – Түкү, Эгенберди. Балбайдан – Бодур. Осокеден – Капыс, калган балдарынан тукум жок. Тажыбектин үчүнчү аялынан – Самансур, Бакы, Тагай, булардан дагы тукум жок деген маалымат бар. Эми Эсентайдын экинчи уулу Болоттон – Баялы, Бекбоо. Бекбоодон – Дөлөтбак, Өмүрзак, Султанмамыт, Муканбет. Өмүрзактан – Базарчы андан Туйбас. Султанмамыттан – Жапар, Калык, Капар. Жапардан – Асек, Капардан – Эшим. Эсентайдын үчүнчү уулу Солтодон – Мураталы, Талып. Мураталыдан – Жуманазар андан Кул. Талыптан – Узакбай, Самсалы. Узакбайдан – Календер. Эсентайдын төртүнчү уулу Көчөдөн тукум жок. Ал эми бешинчи уулу Алымбектен – Байсымак, Бийсымак, Шербото, Ажы. Байсымактан – Мукаш. Бийсымактан – Жийдебай. Шерботодон – Нурмамат. Ажыдан – Акмат, Байтерек.

Эми Шопоктун үчүнчү уулу Чолчокенин эки аялы болгон Сурнат, Үкү деген. Сурнат байбичеден – Шорук андан Койчу, Медербек, Берикбай. Койчудан – Мамбет, Калкаман. Мамбеттен – Черик. Медербектен – Жанек андан Токтобек андан Ниязбек, Ниязалы. Шоруктун үчүнчү уулу Берикбайдан – Мукаш. Ошентип Чолчокенин Сурнат байбичесинен тараган тукумдарын аяктап, экинчи аялы Үкү энеден төрөлгөн беш уулга кезек берели алар: Качыке, Өмүрчү, Ыманкул, Алыбек, Абдыбек. Качыкеден – Рыскул андан Абдез, Момун андан Акелең, Надырбек, Ынтымак. Чолчокенин экинчи уулу Өмүрчүдөн төрт уул болгон экен баарынан тукум калбаптыр. Ал эми үчүнчү уулу Ыманкулдан – Чылымбаш андан Малик. Эми төртүнчү уулу Алыбектен – Алсеит, Мамыт. Алсеиттен – Абышка, Капар. Абышкадан – Бекиш. Ал эми Мамыттан – Олжобай, Султанбай андан Акжол. Эми Чолчокенин Үкү деген аялынан төрөлгөн эң кенже уулу Абдыбектен тукум калган эмес.

Ошондой эле Шопок атанын экинчи аялы Таңсыктан төрөлгөн төртүнчү уулу Кулмаматтан тараган тукумдары туралуу маалымат жок экен. Ал эми бешинчи кенже уулу Жайчыбектин эки аялы болгон экен. Биринчи аялынан – Нусуп, Койберди. Экинчи аялынан Дыныстан жалгыз. Нусуптун дагы эки аялы болгон, биринчи аялынан – Жанай, Тынай, Аалы, Медет, Рыскелди. Аалыдан – Ашым. Медеттен – Кемел, Абыкай. Рыскелдиден – Шалдырак. Эми Нусуптун экинчи аялынан – Молдо, Байтыгул, Жаныгул. Молдодон – Чолпонкул, Кадыркул. Жаныгулдан – Бейшенкадыр, Норузек. Эми Жайчыбектин биринчи аялынан төрөлгөн экинчи уулу Койбердиден – Тынаалы, Бийбатыр, Арсымкан. Тынаалыдан – Акун, Жамашбай, Жолочу. Акундан – Калык. Бийбатырдан – Азык, Абдраман, Мадыл, Абдразак, Жетимиш. Азыктан – Мойдин. Абдраман, Мадылдан тукум жок. Абдразактан – Асанбек, Жумагул, Султанмурат, Бабый. Жетимиштен – Бакен, Төлөбек, Өскөн, Жыргалбек. Ошентип Жайчыбек уулунун таралышын, аны менен бирге Шопок баатырдын экинчи аялы Таңсыктан таралган тукумдарынын таралышын дагы аяктадык.

Эмки кезекти Шопок баатырдын үчүнчү аялы Марча энеден тараган тукумдарына берели. Марча эне онго жакын бала багып өстүргөн экен, көбүрөөгү асыранды бала деген маалыматтар бар, бардык балдары жөнүндө так маалымат жок, ошолордун эң улуусу болсо керек Козуайдар деген уулунан алты уул төрөлөт: Боогачы, Ормон, Субан, Жооке, Ороз, Чапырашты. Боогачынын эки аялы богон, биринчи аялынан – Ажыбай, Муса, Ыса. Ажыбайдан – Кожо, Жапар. Ысадан – Шамыке. Боогачынын экинчи аялынан – Алакөз, Түмөнбай, Мээрман. Алакөздөн – Асанкан. Түмөнбайдан – Сыдык, Ыйманказы андан Кошойбек. Козуайдардын экинчи уулу Ормондон үч уул болгон экен булардан тукум калбаптыр. Эми үчүнчү уулу Субандан – Чыныбек, Тыныбек. Чыныбектен – Осмоналы, Токтогул. Осмоналыдан – Ысакакун. Субандын экинчи уулу Тыныбектен – Түнкатар андан Эсенаман. Козуайдардын төртүнчү уулу Жооке баатыр чыккан деген каңшаар бар, тилеке каршы тукум калган эмес экен.

Козуайдардын бешинчи уулу Ороздон – Атабек, Жутабай. Атабектен – Кидик андан Бедөлөт, Атыр, Капсалаң. Атырдан – Шейшеналы, Чоно. Эми Ороздун экинчи уулу Жутабайдан – Мамыр, Баратбай. Ал эми Козуайдардын алтынчы, кенже уулу Чапыраштыдан – Айтбосун андан Абдыке, Желдең. Абдыкеден – Акунбай, Ыбрай, Ордобай, Мамбетсеит андан Шаршебай, Бейшебай, Муканбет, Нарынбек. Ал эми Айтбосундун экинчи уулу Желдеңден – Сейитказы андан Дүйшө, Бейше, Шарше, Белек. Ошентип Шопок баатырдын тукумдарынын таралышын ушуну менен аягына чыктык, жыйналган маалыматтардан ушул уруунун тукуму Султанбай Мамыт уулунун небересине айтып жаздырып кеткен чакан санжырасын негиз кылып алынды, тилеке каршы бул адамдын толукталган маалыматтарын табалган жокпус.

Эмки сөздү Үркүнчүнүн үчүнчү уулу Божокойдун тукумдарынын таралыштарына берсек. Божокойдун эки аялы болгон экен, биринчисинен – Сарык, Тожук. Экинчи аялынан – Калча. Сарык эки аялынан жети уулду болот, биринчи аялынан – Алыке, Баястан, Айылчы. Алыкеден – Алымбек, Маасы, Табылды(баатыр), Эшимкан, Эсенаман. Алымбектен – Токсаба андан Эсен. Маасыдан – Баатыркан, Шоорук, Жунушалы, Өмүралы. Баатыркандан – Моңолбай андан Курманбек, Темирбек. Шооруктан – Ногойбай, Мамай. Ногойбайдан – Ноорузбай. Жунушалыдан – Мустапа. Өмүралыдан – Үсөн. Табылды(баатыр) эки аял алган, биринчи аялынан – Мамбетиса, Мамбеталы, Белек. Мамбетисадан – Ырсалы, Жээналы, Казак. Мамбеталыдан – Токтогул, Абдыбача андан Нуркул, Мансур. Табылдынын экинчи аялынан – Акбөкө андан Аалыкожо, Кыргызбай. Сарыктын экинчи уулу Баястандан – Байжигит, Жөөбасар, Бобоной, Калы, Датка, Токочор, Дубана, Кошой, Чынгыш. Байжигиттен – Ногой, Кошой. Ногойдон – Жусуп андан Ыбрай. Кошойдон – Казы, Кабыл, Доко. Жөөбасардан – Аңыр андан Ороз, Калдык, Тойгонбай. Калыдан – Үсөкө. Даткадан – Мамбет. Чынгыштан – Акынбек, Ажы. Акынбектен – Кыштообай(Чанач), Басылбек. Чаначтан – Сыдык андан Марат, Белек. Ажыдан – Тургуналы. Сарыктын үчүнчү уулу Айылчыдан – Кыдыралы, Шералы. Кыдыралыдан – Айты.

Эми Сарыктын экинчи аялынан – Матай, Нусуп, Атаке, Атабек. Матайдан – Калдаң, Ийса, Мамыркан. Калдаңдан – Акмат, Саламат, Шермат, Апы. Акматтан – Мукан. Саламаттан – Жолдон. Шерматтан – Сеитказы. Апыдан – Асан. Ийсадан – Мамбет, Ыбыке. Мамбеттен – Асанкул, Жумагул, Жаманак. Ыбыкеден – Өмүрзак. Мамыркандан – Турдубай, Камбар. Сарыктын экинчи уулу Нусуптан – Чынгыш андан Куту, Жээренбай, Абайылда. Кутудан – Жунус андан Аскар. Жээренбайдан – Асан. Абайылдадан – Мамбетаалы, Абдылда андан Тургунбек, Сагынбек. Мамбетаалыдан – Апас, Койчуман. Эми Сарыктын кийинки уулу Атабектин үч аялынан он уулу болгон. Биринчи аялы Наападан – Байгубат, Меңмурат(Такырбаш), Кудайберген. Байгубаттан – Сартмамбет, Молдобай, Осмон. Такырбаштан – Анапия, Айдаркул, Алымкул, Арзыкул. Алымкулдан – Султангазы андан Бакас, Раш, Асанкул. Кудайбергендин үч аялы болгон, биринчи аялынан – Мике, Туку, Сулайман, Казыла.

Экинчи аялынан – Жумагул, Султан. Үчүнчү аялынан – Кадыркул. Ал эми Атабектин экинчи аялы Кусубалдыдан – Жакып, Маамыт, Абдылда. Жакыптан – Акматылда, Кыдыр. Маамыттан – Абдыракман, Кары. Абдылдадан – Жаманкул, Ажыгул. Эми Атабектин үчүнчү аялы Уулчадан – Абдыбаит, Кулманбет, Чекир, Жума. Абдыбаиттен – Асанкул. Жумадан – Абдрасул. Ушуну менен Сарыктын тукумдарынын тарлышын аяктайбыз, эмки кезек Божокойдун экинчи уулу Тожуктун урпактарына берели. Тожуктан – Баймырза, Суруке, Тарыкчы. Баймырзадан – Ыбрай андан Өскөнбай, Кудаш, Саке, Айтбай, Нармат, Дайрабай. Өскөнбайдан – Жамаш, Жолдош, Молдош. Кудаштан – Айылчы, Жумагул. Сакеден – Кыдык андан Анатай, Тайлак, Абдыжалил. Дайрабайдан – Жумабек андан Кубакай. Тожуктун экинчи уулу Сурукеден – Осмоналы андан Султан. Тожуктун үчүнчү уулу Тарыкчыдан – Токтобай,Эсенгелди,Маана. Токтобайдан – Молдожакып, Энчилеш. Эсенгелдиден – Кудайберген андан Макен. Маанадан – Мамырбай, Кендирбай, Мамбетакун. Кендирбайдан – Кашка, Асанкул.

Ал эми Божокойдун экинчи аялынан – Калча анын эки аялы болгон, биринчи аялынан – Усупбек, Эсенгул, Сарыбай. Усупбектен –Адыл андан Алдаш, Балбак, Султан, Мамыт. Балбактан – Жоломан. Эсенгулдан – Субанбек, Супатай, Аалы. Субанбектен – Сеитказы андан Расул. Супатайдан – Султан, Муктар, Аныбар. Аалыдан – Алманбет андан Идин. Калчанын экинчи аялынан – Жамгырчы, Кошой, Кыдык, Тыныбек. Жамгырчыдан – Өмүр. Кошойдон – Сагындык. Кыдыктан – Калмырза. Тыныбектен – Ажы андан Дайырказы, Арун андан Муса, Жусу, Эркин, Болот, Чоро. Ушуну менен Үркүнчүнүн тукумдарынын таралышы аяктады.

Эмки сөз Акбагыштын бешинчи уулу Кутуштан - Абыке, Былжык, Жалкамыш, Бердигул, Эгенберди. Бердигулдан – Сурап андан Мусалы, Исагалы, Турсалы. Ал эми Акбагыштын алтынчы уулу Моңконун эки аялы болгон, биринчи аялынан – Жылкычы андан Теке андан Чыныбек андан Бактыгул. Экинчи аялынан – Талпак, Тумак. Талпактан – Орозбак андан Кыдырмыш. Тумактан тукум жок. Ошентип Акбагыштын тукумдарынын таралышын аяктоо менен жалпы эле Токтогулдун тукумдарынын таралышы дагы соңуна чыкты. Муну менен толугу менен Мортуктун урпактарынын таралышы жыйынтыкталды десек болот. Жогоруда кеп кылган Найманбай уулу Мукаш ава Токтогулдун ичинен Термечик уруусунан болгодуктан, Токтогул, Жаманак урууларын тереңирээк талдаган болуш керек деген ой менен, Мукаш аванын маалыматы негиз болуп алынды, ал эми Токтогулдун ичинен Шопок уруусунун таралышы, ушул уруунун кулуну Мамыт уулу Султанбай аванын небересине айтып жаздырып кеткен маалыматына көбүрөөк таяндык.

Урматуу окурман жогоруда Шопок баатыр жөнүндө учкай сөз кылып ал кишинин баатырдык эрдиктери, балбандыгы туралуу кеп кылып Канкожодон бата алгандыгын сөз кылган элек. Ошодон уламбы айтканы айткандай, дегени дегендей келген касиеттүү, малдуу, баштуу адам болгон дешет. Өзүнүн бабасы туралуу улуулардан уканын айтып жаздырып калтырып кеткен Султанбай аванын бул мурасын ушул жерге кыстарып калтырып кетүүнү тура көрдүм. Анткени Шопок атанын чөбөрөсү Буйлаш уулу Арстанбек өзүнүн төкмө акындык, комузчулук өнөрү менен Кыргыз, Казак элине дүңгүрөп атагы бекеринен чыкпаса керек. Бул касиеттүү атабыз туралуу кийинки муун аз болсо дагы маалымат алып билип койгону дурус болсо керек деп ойлойм. Ошонтип элге жамандыгы жок, кайрымдуу, касиетүү жакшы киши болгондуктан өз убагында Кан Шопок деген атак – даңка ээ болгон экен.

Күндөрдүн биринде Карасаз деген жайлоонун Кызыл – Омпол деген жеринде кыштап отурушуп, кыштын согум айы болсо керек эле дейт, Шопок ата 110 жаштарга барып калган мезгили экен, балдарынын барын чакыртып алып мындай деген собол таштайт экен. Балдарым кулак салгыла Кан Кожонун айткандары чын боло турган болсо, мен эмки бейшенбиде бул жалган дүйнө менен кош айтышам, жума күнү жаназам окулат. Мени жайыма жети кожо келип алып койот, ошолор жууйт, жаназамды ошолор окуйт, ошолордун айтуусу менен болосуңар деген экен. Ага чейин менин өз колумдан даам сызып, батамды алып калгыла деп, мага бүгүн эч жеринде меңи жок семиз ак боз бээ алып келгиле, бата кылып кудайга жалынып сойолу, этин толугу менен чып – чыргасын коротпой салып бышыргыла. Өзүнчө чоңураак боз үй көтөргүлө, эт бышкан маалда бала – бакыраларыңар менен, жаңы төрөлгөн бала да калбасын толук келгиле деген экен. Балдары Шопок атанын айтканындай бардыгын жасашат, Шопок атанын тондуу, тонсуз уулдарынын тукумдары өнүп – өсүп болжолу 43 түтүнгө жетип калган дешет, ошондой болсо дагы малынын көптүгүнөн өзүнүн балдары малын багып араң жетишчү экен, жылкынын эле саны он миңге жеткен дейт.

Ошонтип эт да бышат, бала – чакасы толугу менен чогулушат, чий төшөлүп тасторкон жайылып ак боз бээнин эти толугу менен тартылат. Балдарына кайрылып толук келдиңерби, калып калган бала – чакадан жокпу деп тактаган соң, Шопок ата өз колу менен кичине дебей, чоң дебей баардыгына өз колу менен эттен кесип ооз тийгизет экен. Эт желип бүткөндөн кийин, өз урпактарына бата берип, эми балдарым эмки жумага чейин силердин үйлөрдөн дагы даам сызып бата берейин деген экен. Бир жума бою эртели кеч балдары чакырып тамак берип бата алышыптыр, айтылган бейшенби күн дагы келиптир, бешимге жакындаганда жолду карагылачы кожолор көрүнбөйбү деп, кайра кайра сурай берип, таптаза сүйлөп жатып дүйнө салган экен. Балдары чуркурап атасын жоктоп ыйлап басылып кеңешкиче, Карасаздын Белтепши жагынан жети караан көрүнүп, алеки заматта жети кожо келип калышат. Кожолор Шопок баатырдын көзүнүн тирүү кезинде жетишип келип, көрбөй калдык деп абдан кейишкен дешет. Кожолор Шопок баатырдын сөөгүн жайына алып коюп, бул жерге бул кишинин сөөгү турууга болбойт, анткени айыл – апанын, мал – жандын баскылыгы таза эмес дешип, атаңардын мүрзөсүн кайда каздыңар, кайсы жерди көрсөттү эле деп сурайт.

Анда балдары өзү койгон таш бар, мүрзөсү касыла элек, бул жерден алыс Нарын шаарына жакын кара жолдун боюнда Бетикаранын талаасында дешет. Андай болсо бизге ат токутуп бергиле ылайыктуу жаназын окуй турган жер карайлы деп, ат минишип өйүз – бүйүз жерди бир топ карап көрүшүп, Карасаздын тескей жагындагы Сере деген жерди жактырышат. Ошол жерди кожолор Сере деп айтышып, ушул жер ылайыктуу экен түнү менен эки – үч боз үй тиккиле, бир үйдүн ичине төрт түркүк орнотуп устун коюп үстүнө кереге коюп, анын үстүнө чий, андан кийин таза жууркан салып, анан кепинин алдыына таза шейшеп салып дайардагыла деп айтышкан экен. Кожолордун айткандары бардыгы толугу менен бүткөрүлөт, эртеси жума күнү тандалган жерге жаназасы окулуп, сереге сөөгү убактылуу коюлат. Кожолор балдарына кайрылып атаңардын сөөгүн бул сереге аманат коюп кетебиз, боз үйдүн эшигин бекем бекиткиле ит, куш, мал – жандан сак болгула жакын жолобосун, жанындагы көтөрүлгөн үйгө бир түтүн молдо көчүрүп келгиле күн – түн дебей куран түшүрүп куран окуп турсун, силер келип кетип куран окуп тургула. Жер ачылгандан кийин атаңар көрсөткөн жерге мүрзөсүн казып эли – журтуңар менен топурак салып көөмп койгула дешет.

Анан кожолор аманат оозун бекиттирип, куран окушуп кайтмак болушат, балдары кожолорго ыраазычылыгын айтышып дооранына мал алыңыздар, жөө – жалаңдап келиптирсиздер астыңарга ат берели, акча – тыйын алыңыздар дешет. Бирок кожолор эштеке албай коюшат, балдарына кайрылып ошол бизге бере турганыңарды жетим – жезирге, бей – бечераларга бергиле деп кош айтышып кетип калышкан экен, бул кожолордун кайдан келип, кайда кетип калгандары белгисиз бойдон калган дешет. Кырк күн өткөндөн кийин балдары көрсөтүлгөн жерге мүрзөсүн кастырып эли – журту менен топурак салып, куран окуп коюшкан экен. Шопок баатырдын сөөгү коюлгандан тартып ошол Бетикаранын талаасына башка адамдардын дагы сөөгү коюла баштап кенен мүрзөгө айланып калган экен. Мына окурман Шопок атабыздын баатырдык эрдиктери жөнүндө Султанбай ава көпнерселерди угуп билсе керек, ал жөнүндө маалымат табалган жокпус, ал эми касиеттүүлүгү, жөнөкөй адам болбогондугу туралуу жогоруда анча – мынча болсодагы күбө болдук окшойт.

Урматуу окурман ушуну менен колдо болгон маалыматтардын негизинде болушунча жалпы Тынымсейит уруусунун таралыш санжырасын аяктадык.

нде меңи жок семиз ак боз бээ алып келгиле, бата кылып кудайга жалынып сойолу, этин толугу менен чып – чыргасын коротпой салып бышыргыла. Өзүнчө чоңураак боз үй көтөргүлө, эт бышкан маалда бала – бакыраларыңар менен, жаңы төрөлгөн бала да калбасын толук келгиле деген экен. Балдары Шопок атанын айтканындай бардыгын жасашат, Шопок атанын тондуу, тонсуз уулдарынын тукумдары өнүп – өсүп болжолу 43 түтүнгө жетип калган дешет, ошондой болсо дагы малынын көптүгүнөн өзүнүн балдары малын багып араң жетишчү экен, жылкынын эле саны он миңге жеткен дейт.

Ошонтип эт да бышат, бала – чакасы толугу менен чогулушат, чий төшөлүп тасторкон жайылып ак боз бээнин эти толугу менен тартылат. Балдарына кайрылып толук келдиңерби, калып калган бала – чакадан жокпу деп тактаган соң, Шопок ата өз колу менен кичине дебей, чоң дебей баардыгына өз колу менен эттен кесип ооз тийгизет экен. Эт желип бүткөндөн кийин, өз урпактарына бата берип, эми балдарым эмки жумага чейин силердин үйлөрдөн дагы даам сызып бата берейин деген экен. Бир жума бою эртели кеч балдары чакырып тамак берип бата алышыптыр, айтылган бейшенби күн дагы келиптир, бешимге жакындаганда жолду карагылачы кожолор көрүнбөйбү деп, кайра кайра сурай берип, таптаза сүйлөп жатып дүйнө салган экен. Балдары чуркурап атасын жоктоп ыйлап басылып кеңешкиче, Карасаздын Белтепши жагынан жети караан көрүнүп, алеки заматта жети кожо келип калышат. Кожолор Шопок баатырдын көзүнүн тирүү кезинде жетишип келип, көрбөй калдык деп абдан кейишкен дешет. Кожолор Шопок баатырдын сөөгүн жайына алып коюп, бул жерге бул кишинин сөөгү турууга болбойт, анткени айыл – апанын, мал – жандын баскылыгы таза эмес дешип, атаңардын мүрзөсүн кайда каздыңар, кайсы жерди көрсөттү эле деп сурайт.

Анда балдары өзү койгон таш бар, мүрзөсү касыла элек, бул жерден алыс Нарын шаарына жакын кара жолдун боюнда Бетикаранын талаасында дешет. Андай болсо бизге ат токутуп бергиле ылайыктуу жаназын окуй турган жер карайлы деп, ат минишип өйүз – бүйүз жерди бир топ карап көрүшүп, Карасаздын тескей жагындагы Сере деген жерди жактырышат. Ошол жерди кожолор Сере деп айтышып, ушул жер ылайыктуу экен түнү менен эки – үч боз үй тиккиле, бир үйдүн ичине төрт түркүк орнотуп устун коюп үстүнө кереге коюп, анын үстүнө чий, андан кийин таза жууркан салып, анан кепинин алдыына таза шейшеп салып дайардагыла деп айтышкан экен. Кожолордун айткандары бардыгы толугу менен бүткөрүлөт, эртеси жума күнү тандалган жерге жаназасы окулуп, сереге сөөгү убактылуу коюлат. Кожолор балдарына кайрылып атаңардын сөөгүн бул сереге аманат коюп кетебиз, боз үйдүн эшигин бекем бекиткиле ит, куш, мал – жандан сак болгула жакын жолобосун, жанындагы көтөрүлгөн үйгө бир түтүн молдо көчүрүп келгиле күн – түн дебей куран түшүрүп куран окуп турсун, силер келип кетип куран окуп тургула. Жер ачылгандан кийин атаңар көрсөткөн жерге мүрзөсүн казып эли – журтуңар менен топурак салып көөмп койгула дешет.

Анан кожолор аманат оозун бекиттирип, куран окушуп кайтмак болушат, балдары кожолорго ыраазычылыгын айтышып дооранына мал алыңыздар, жөө – жалаңдап келиптирсиздер астыңарга ат берели, акча – тыйын алыңыздар дешет. Бирок кожолор эштеке албай коюшат, балдарына кайрылып ошол бизге бере турганыңарды жетим – жезирге, бей – бечераларга бергиле деп кош айтышып кетип калышкан экен, бул кожолордун кайдан келип, кайда кетип калгандары белгисиз бойдон калган дешет. Кырк күн өткөндөн кийин балдары көрсөтүлгөн жерге мүрзөсүн кастырып эли – журту менен топурак салып, куран окуп коюшкан экен. Шопок баатырдын сөөгү коюлгандан тартып ошол Бетикаранын талаасына башка адамдардын дагы сөөгү коюла баштап кенен мүрзөгө айланып калган экен. Мына окурман Шопок атабыздын баатырдык эрдиктери жөнүндө Султанбай ава көпнерселерди угуп билсе керек, ал жөнүндө маалымат табалган жокпус, ал эми касиеттүүлүгү, жөнөкөй адам болбогондугу туралуу жогоруда анча – мынча болсодагы күбө болдук окшойт.

Урматтуу окурман ушуну менен колдо болгон маалыматтардын негизинде болушунча жалпы Тынымсейит уруусунун таралыш санжырасын аяктадык.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (7-бөлүк)
75542

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (6-бөлүк)
67391

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (5-бөлүк)
57687

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (4-бөлүк)
76995

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (3-бөлүк)
64716

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (2-бөлүк)
75374

05-12-2014

«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (1-бөлүк)

69918

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×