Добавить статью
4:11, 12 января 2015 20101

Арийлердин «түпкү ата журту» каер? (уландысы)

Угуз каган менен Түрк атанын жери каер?

Санжыраларда, Угуз кагандын жана Түрк атанын «ата журту» тууралу сөз болгондо, алардын жашаган жери Ысык - Көл өрөөнү экени айтылат.

Мисалы, Рашид ад-дин жазган баянда эски түрктөрдүн жердеген жери ушул Улуу Тоо арасы. Ал минтип жазат: «Олжай хан дархан талаалык эле. Жайлоосу Ор жана Кер деп аталган өтө бийик тоолордо болчу».

Ал эми Түрк атанын ысмы менен байланышкан санжыралар да ал ушул Ысык – Көлдүн жээгинде жашаганын кабарлайт. Ал жөнүндө атактуу Абулгазы Бахадур мындай деп жазат: «Түрккө “Йафес уулу” деп ылакап ат коюшту. Ал адептүү жана акылдуу киши эле. Атасынан соң көп жерлерди жүрүп көрдү да, бир жерди жактырып анда турду. Бу күндө ал жерди Ысык - Көл дээр. Кереге үйдү ошол чыгарды… Кара хан атасынан соң тамам элге падыша болду. Ар тагы жана Кер тагы бу заманда Улук Тоо жана Кичик Тоо делер, аны жайлар эле. Кыш болгондо Кара кум жана Сыр суунун жакасын кыштаар эле…».

В. Бартольдун пикири боюнча, мифтик Түрк атанын Ысык - Көлгө келиши жөнүндөгү маалыматты, огуздардын Жети - Өзөнгө келиши тууралу кабар катары кароо керек.

Тоголок Молдонун санжырасы боюнча да, Түрк атабыздын сөөгү ушул Ыйык Өрөөндө жатат.

Осмоналы Сыдык уулунун маалыматы да ушундай: «Яфастан төрт уул болуп, улуусу Түркдүр. Атасы Яфас офат болор алдында улуу уулу Түрктү ордуна дайындап, кайтпас сапарга кетти. Эми Түрктүн өзүнөн баштап тогуз уулу падыша болду. Түрк ичинде тогуз калмак ошондон калды. Түрк акылдуу, адептүү адам эле. Атасынан соң көп жерди көрүп, бир жерди жактырып, ошондо турду. Бул убакта ол жерди Ысык - Көл дейди».

Мисалы, молдо Сабыр ажы менен белгилүү окумуштуу Омор Сооронов которгон «Насаб-наама» аттуу 1855-жылы Кудаяр хан жаздырган санжырада, Кара хан Могол хандын уулу катары берилип, анда кыргыздардын теги мындай делет: «Нух пайгамбардан Йафас, андан Түрк, андан Түтөк, андан Элже хан, андан Дебоку хан, андан Күйүк хан, андан Аланча хан, андан Могол хан, андан Кара хан, андан Угуз хан, андан Тоо хан, андан Кыргыз хан".

Санжырада жазылган маалыматтарды сүрүштүрө эсептеп чыкканда, Түрк атанын тукумдары (анын бири Кыргыз хан) Ысык-Көлдүн жээгине келгенине 2839 жыл болгону айтылат. Бул маалымат китептин аннотациясында да жазылган.

Ал эми китептин ичиндеги маалымат - 3461 жыл мурун Йафастын уулу Түрктүн балдары көбөйүп, Ысык-Көлдүн айланасына батпай, батышты карай тарап, көбү Дашти-Кыпчак талаасына кеткенин кабарлайт.

Бул санжыра мурун эч жерде жарыяланбаганы үчүн биз атайын ага өзүнчө шилтеме берип, колдондук. А негизи ислам таасирине кабылган санжыралардын дээрлик баары бурмаланган. Ошентип Угуз каган менен Түрк ата тууралу маалыматтар ушундай чаташ. Ошондуктан түпкү тек тууралу кеп кылганда, мүмкүн болушунча ислам таасиринен алыс турган чыгармаларга таянганыбыз туура.

С. Закиров шилтеме берген Укаев Арундун санжырасы боюнча, кыргыздар Асмантоо, Бермет, Туздуукөл, Сарыөзөн деген жерлерди жердеп жүргөн Сак деген элден таралат.

Ушул эле китепте Балык Кумар уулунун санжырасы берилген. Анын айтканы боюнча, «Угуздардын мамлекети батыш жагы Аму дарыясы, Каспий көлү, түндүк жагы Эдил, Жайыкка созулуп, Арал көлү менен чектелди. Чыгыш жагы Опол суусу, Котон калаасы, Үрүмчү, Манас болгон. Андан нары Алтай тоосу, Иртыш суусуна чейин кирген».

«Огуз санжырасы» боюнча улуу бабабыз – Угуз кагандын, «түрк санжырасы» боюнча Түрк атанын журт кылып жашаган жана «сөөгү жаткан» жер – Ысык - Көл өрөөнү. Б. а. азыркы Кыргыз жери, ал түрк элдеринин түпкү ата конушу, кийинки урпактарынын киндик кан тамган жери, ыйык жер.

Ысык - Көл өрөөнү, ошондой эле Угуз кагандан кийин анын балдары: Күн хан, Ай хан, Жылдыз хан, Көк хан, Таг хан, Тенгиз хандар журт кылып жана алардын тукумдары жашап жаткан жер. Демек, Ысык - Көл өрөөнү – «түпкү ата журт». Улуу Ордо тигилип, улуу хандар конуш кылып отурган Ыйык Өрөөн.

Менимче, улуу Эпосто жана санжыраларда Угуз кагандын ысмынын «түп ата» катары айтылып келатышы тегин эмес? Анан калса, ушул күнгө чейин «огуз» атын өчүрбөй алып келаткан эки элдин бири (экинчиси - гагауз) Кыргыз экендигин тек, жөн гана окшоштук деп айтууга болбойт. Андан башка, Абулгазынын санжырасы боюнча, Угуз хандын «Сархы» аттуу дагы бир небереси бар эле. Белгилүү манас таануучу окумуштуу Т.Абдыракуновдун далилдөөсү боюнча, Угуз кагандын ошол «Сархы» (Сарыг ) небересинен тараган урпактардын бир бөлүгү Түркмөн элинин ичиндеги «Сарык» жана «Эр Сары», экинчи бөлүгү Кыргыздын Сол канатына кирген ири уруунун бири – Саруу болуп саналат.

Бул өрөөн, ошондой эле табышмактуу «мүйүздүү хандар» менен «узун кулак» хандар жашаган байыркы аймак.

Бул өрөөндүн түбүндө байыркы шаардын калдыгы бар экенин археологдор изилдеп келишүүдө. Академик Плоских жазгандай, бул Көлдүн түбүндө «Кыргыз Атлантидасы» өз сырларын катып, ачылар убагын күтүп жатат.

А балким, бул Көлдүн түбүндө чыныгы Атлантиданын калдыгы жаткандыр? Бул Өрөөн титан Иапет жана анын улуу улуу Атлант жашаган түпкү ата журт болгондур? Чынында, кандай карабайлык, бул Ыйык Өрөөн “түпкү ата журт” экенин дээрлик бардык санжыралар айтат.

Санжырачыларга ишенсек, анда Угуз бабабыз болжол менен мындан 4800 жыл мурун жашап өткөн улуу инсан. Демек, бул б.з.ч. 2800 жыл мурун өмүр кечирген деген сөз.

Кыргыздын түп атасы ким болгон?

Абулгазы Бахадурдун санжырасында: «Угуз хандын Кыргыз аттуу бир небереси бар эле» деп айтылат. Бирок, Угуз хандын кайсы уулунан экени белгисиз?

Анын жазганы боюнча, Кыргыз эли ошол улуу бабабыз – Угуз хандын небереси – Кыргыздан тарайт. “Бул убакта Кыргыз насилинен киши аз калды, кыргызмын деп жүргөндөрдүн көптөрү магул жана башка уруулардан” дейт ал сөзүн улантып.

Осмоналы Сыдык уулунун санжырасы боюнча да, Кыргыз Угуз хандын «24 небересинин бири» болуп саналат.

Тоголок Молдонун санжырасында «Кыргыз Угуз хандын өзүнүн баласы» делет. Санжырада ал мындай айтылат: «Түрктүн сегизинчи муундагы тукуму Угуз хан. Угуз хан атактуу хан болгон. Угуз хандын уулдары Бурут, Бурат, Кыргыз».

Анын жазганы боюнча, Кыргыз эли жогоруда айтылгандай, Угуз хандын уулу – Кыргыздан тарайт. Санжырада Кыргыз «9 - хан» болуп такка отурат. Угуз хан Түрк атанын 8-урпагы болгондуктан: «Атам Түрктөн тартып, өзүмө чейин сегиз ата хан болду. Өзүм менен тогуз хан болду. Бул тогуз хандыкты куттуктап той берем» деп, калкын жыйып, кеңеш кылып, чоң той бергени баяндалат.

Үсөйүн ажынын санжырасы боюнча, Иапестин 8 баласы болуп, улуусу – Түрк экен. Анан андан нары: Түрктөн – Түтөк, андан – Дип Бакуйчан, андан – Күйүк хан, андан – Алынча хан, андан – Муңгул хан, андан – Карахан, андан – Угуз хан. «Угуз хандан тарагандар бүткүл Азияга хан болгон экен». Анын заманында ага күн чыгышы – Монголия, күн батышы – Орол тоосуна чейинки аймакта жашаган элдер биригип, мамлекеттин ордосу Ысык-Көлдүн батыш тарабындагы бир жерде тигилиптир.

Анан андан нары санжырада, Угуз хандын «эки аялынан» «алты уулу», алардан «24 небереси» болгону, «Кыргыз ушул 24 неберенин бири - Деңиз хандын урпагы» катары баяндалат.

Үсөйүн ажы, Кыргыз элинин келип чыгышы боюнча Угуз хандын небереси Деңиз ханга, Абулгазы айткан Кыргызга, Калач хандын «өңү чаар уулуна», усундарга байланышкан ой-пикирлерди айтат да, баары келип эле, «кыргыз улутунун түпкү дүмүрү түрк» дейт. Ошентип анын ою боюнча, «Түрк - кыргыз улутунун түпкү дүмүрү деген (көз) караш ар бир элдердин атактуу санжырачыларынын бирдикке келген (көз) карашы».

Талып Молдонун санжырасы боюнча да, Кыргыз «Угуз хандын бир небереси». «Кыргыз эли ошол Угуз хандын неберси – Кыргыздан тараган».

Анын айтканы боюнча, түрк элдеринин ичинен абдан атактуусу Кыргыз эли. Ал да өзүнөн мурунку айткандарга кошулуп, «Кыргыз эли ошол Угуздун Кыргыз аттуу небересинин насилинен тараган» дейт. Бирок, азыркы Кыргыздын баары эле ошол Угуздун небереси – Кыргыздан тарабаганын да тактап кетет.

Алгачкы, көрүнүктүү кыргыз тарыхчыларынын бири – Белек Солтоноевдун жазганы боюнча, Кыргыздар «Огуз хандын небересинен таралганына караганда алар эң эски улут экенинде шек жок». Кытай булактарынын көрсөтүүсү боюнча да, алар эң эски, байыркы улут.

Ал, «Кыргыз – фин, могол, гунн элдеринен куралган эл» деп жазат. Андан нары оюн улап, айрыкча, эски тарыхта кыргыздар Алтай, Орол ортосунда жашаган «арилер» биримдигине тиешелүү Динлин уругуна жаткан калк экенин белгилейт. Ал эми Динлиндер болсо, биздин заманга чейинки мезгилден 500 жылдар мурун Кытайдын түндүк жагынан келген эл» дейт.

Кытайлык белгилүү кыргыз тарыхчысы – Анвар Байтур, атактуу татар окумуштуусу Мухаммет Мурат Рамзиге шилтеме берип, анын жазганын келтирет: «Кыргыздар тегинде Огуз хандын урпактары болгон түрк тайпаларынын ичиндеги чоң бир тайпа, же болбосо алар Огуз ханга жакын жүргөн адамдардан, же анын аскер башчыларынан таралган болсо керек. Кыргыздардын наамы болуп келген «гыз» деген сөз «огуз» сөзүнүн бузулуп айтылышы…Түрк тилинин сөздүк маанисинде эрме чөл, же болбосо жайлоолорду «кыр» деп айтат. Демек, кыргыз деген сөз «кырда жашаган огуздар» (кыр-огуздар, кыр-гыздар) деген сөз…».

Ал эми Анвар Байтур өзү болсо, Шинжан кыргыздарынан жазып алган материалдарга таянып, кыргыздардын эң түпкү атасы Карахан деген бир адам жашап, анын «беш уулу, көп эли, көп малы жана көп жылкысы» болгонун баяндайт. Күндөрдүн биринде Карахан Огуз хан деген дагы бир уулдуу болуп, ал акылдуу, ишмер чыгып, Карахан өлгөн соң, атасынын ордуна хан болот экен. Ошентип Огуз хан алты балалуу, 24 неберелүү болуп, өлөрүндө өзүнө баш ийген көптөгөн элдерди жерлери менен 24 небересине бөлүп бериптир.

Күндөрдүн биринде Ордонун тегерегинде бир «көк бөрү» пайда болуптур. Огуз хандын 24 небереси бир жерге жыйылып, көк бөрүнү өлтүрмөкчү болушат. Көк бөрү муну билип калып, Теңирге жалынып, асмандан катуу жаан жана мөндүр жаадырат. Жер бетин кыян каптап, суу басат. Эл-жер зыянга учурап, кыйрап жатканда, 24 неберенин эң кичүүсү бийик тоого карай качып, жер бетин каптаган кыяндан аман калат экен.

Ошентип убакыт өтүп, кичүү бала эли менен эсен-соо кутулуп, суу тартылганда деле талаага түшпөй ошол тоодо жашап калат. Анын тегерегине Огуз хандан калган эл жыйылып, аны хан көтөрүшүп алышыптыр. Ага баш ийбей, өз алдынча болуп кеткендер кийин «моңгол» жана «татар» аталып кетиптир. Алар ошол тоодо жашаган огуз тукумдарын «кырогуз» деп атаптыр. «Кыргыз» деген сөз «кырогуз» деген сөздүн өзгөрүлүп айтылышы экен.

Анан дагы, Анвар Байтур «кээ бир Кыргыз урууларынын ичинде Огуз хандын өзү Кыргыз экендиги жөнүндө уламыштар бардыгын» жазат. «Кыргыздар жана башка түрк уруулары анын урпактары» дейт. Бирок, жыйынтыгында бүгүнкү Кыргыз эли улуу бабабыз - Угуз хандын эң кичүү небересинен тараган урпактар болуп саналат деген пикирге келет.

Сапарбек Закировдун жазганы боюнча, ХIХк. экинчи жарымында саякаттап келишкен орус окумуштуулары Воронин, Нифантьев жана Голубевдер кыргыздардын келип чыгышына байланышкан ар кандай уламыштарды жазып алышкан. Ошолордун ичинен Голубев жазып алган уламышта, Кыргыз деген адамдын Ак уул, Куу уул деген эки баласы болуп, ошондон көп уруу, урук келип чыккан».

Кыргыз санжырасын жазган кыпчак Мухаммет Алинин маалыматы боюнча, бир заманда Алгач хан деген болуп, анын Айканыш деген кызын Эркин деген жигит алат экен. Алар балалуу болуп, атын Кыргыз коюшуптур. Кыргыз Ысык-Көл, Чүй жана Улуу Тоонун арасын жердеп жашаптыр. «Кыргыз хандан Карахан, андан Угуз хан» төрөлүптүр.

Ошентип бул санжыра боюнча, Кыргыз - Карахандын атасы, ал эми башка санжыраларда «чоң атасы» же «атасы» болуп жүргөн Угуз хан анын «небереси».

Бул жерде эске салып, чечмелеп кете турган бир нерсе, Курбангали Халидовдун «Тарых хамсэ» аталган санжырасында, Кара хандын атасынын ысмы – «Кызыл Бука» экени айтылат. Б.а. «Кызыл Бука» - Угуз хандын «чоң атасы».

Ушул «Кызыл Буканын» мааниси «кыргызды» түшүндүрбөйбү» деген ой имерилет? Же тескерисинче чечмелесек, «Кыргыздын» мааниси «кызыл буканы» билдирбейби? Билдирет.

Кыргыз этнониминин этимологиясын изилдеген окумуштуулардын бири Петров. Ал «кыргыз» этнониминин мааниси «кызыл гуз», «кызыл адам» дегенди берерин айткан. «Гуз» сөзүнүн бир мааниси «буканы» түшүндүрөрүн «Угуз хандын» ысмына байланыштуу сөз болгондо окумуштуулардын айткандарын да келтиргенбиз. Демек, Кыргыздын бир мааниси – «кызыл бука». Ошентип кыскартып айтканда, Карахандын атасынын «адам» маанисиндеги ысмы – «Кыргыз», «тотем» маанисиндеги ысмы – «Кызыл Бука» болуп чыгат.

Мына ушул көз караштан алганда, Кыргыз - түрк элдеринин түпкү атасы. Эгер, Түрк кагантынын мезгилинде санжыра боюнча, түрк тилинде сүйлөгөн элдердин түпкү атасы – «Түрк ата» деп айтылса, орто кылымда огуздар Орто Азиянын кеңири мейкиндигин ээлеп турган учурда, түрк элдеринин түпкү атасы – «Угуз хан» делгени, ал эми ХIII к. тарта монголдордун бийлигинин көтөрүлүп чыгышы менен түпкү атанын аты – «Магул хан» болуп өзгөрүлгөнү байкалат.

Бирок, качан түпкү атанын аты «Кыргыз хан» болуп айтылып, анан качан айтылбай калганы азырынча бизге белгисиз? Кыпчак Мухаммет Али кандай санжырага таянып, Кыргызды «түп ата» кылып айтканын да так айта албайбыз?

(уландысы бар...)

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

13-01-2015
Арийлердин «түпкү ата журту» каер? (уландысы)
32083

09-01-2015

Арийлердин «түпкү ата журту» каер?

9565

17-07-2013

Казак менен өзбек туугандарга жооп

10611

19-04-2012
Туубуз үч түстүү болсо... (фото)
16604

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×