А.Алимбеков коомдун педагогикалык муктаждыгына кызмат кылган аалым
Бүгүн улуттук социалдык–педагогикалык мейкиндиктеги таалим-тарбиянын көп кырдуу факторлоруна негизделген чөйрөнү өзгөртүү, өнүктүрүүгө өбөлгө болчу эмгек жазган илимпоз педагогдордун катары калыңдап барат. Менин пикиримде ошондой окумуштуу педагогдордун кат башында педагогика илимдеринин доктору, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору - Акматали Алимбеков турат.
Акматали Алимбековдун илимий эмгектери «китеп үчүн китеп» деген принцип менен эмес, билим берүү мекемелеринин, мугалимдердин жана педагогикалык коомчулуктун реалдуу муктаждыктарын канааттандыруу ниети менен жазылгандыгында. Алсак, өткөн кылымдын 90-жылдарында кыргыз коому мектептердеги билим берүүнүн мазмунун улуттук педагогикалык баалуулуктардын негизинде кайрадан карап чыгуу, жаңылоо жана өнүктүрүү талабын алдыга койгон. Дал ошол мезгилде бул тарыхый зарылчылыктын маани-маңызын нукура кыргыз тилинде терең чечмелеп бере турган, улуттук багытыбызды аныктоого көмөкчү болчу педагогикалык билимдерге өзгөчө муктаждык жаралган эле. Мындай кырдаалда Акматали Алимбековдун «Кыргыз этнопедагогикасы» (1996), «Кыргыз элинин билим берүү салттары» (2001) аттуу эмгектери педагогикалык коомчулук үчүн чыныгы табылга болду.
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан бери бүгүнкү күнгө чейин А. Алимбеков улуттук таалим-тарбиянын өзөктүү маселелерине арналган бир катар китептерди, ондогон макалаларды жана концепцияларды жазып келди. Айрыкча анын «Кыргыз эл педагогикасындагы дене тарбиясы» (2014), «Кыргыз эл педагогикасындагы адеп тарбиясы» (2017), «Кыргыз эл педагогикасындагы эстетикалык тарбия» (2023) аттуу эмгектери кыргыз элинин улут катары сакталышына өбөлгө болгон педагогикалык акыл-ойду, тарбиялык баалуулуктарды жана кылымдардан бери топтолгон элдик тажрыйбаны терең жана толук чагылдырган олуттуу эмгектер болуп саналат.
Ал китептерден: «Мектептерде кимди тарбиялайбыз? Бүгүнкү балдарыбыздын адеп-нарктык баалуулуктарын эмнелер түзүүгө тийиш? Баланын акыл-билиминде, пейил-мүнөзүндө, жүрүм-турумунда улуттук адеп-ахлак кантип уланат?» деген сыяктуу өтө олуттуу суроолорго жооп табууга болот. Бул эмгектер жөн гана теориялык ой жүгүртүүнүн жыйындысы эмес, улуттук тарбиянын мазмунун, багытын, таяныч баалуулуктарын жана аны турмушта ишке ашыруунун жолдорун көрсөткөн практикалык мааниси терең эмгектер болуп саналат. Мен өзүм да жети дубандын дээрлик бардык борборлорунда, мектептеринде өткөрүлүп келе жаткан «Энелер мектеби», «Акыл эмгегинин маданияты», «Жаш мугалимдер мектеби» семинарларына катышып жүрүп, мугалимдер менен тарбиячылардын балдарды тарбиялоого байланышкан көптөгөн татаал суроолорго жоопту көбүнчө А. Алимбековдун китептеринен издеп жатканын нечен жолу көрдүм. Ошондон улам анын эмгектери шаардагы мектептерде гана эмес, алыскы айылдардагы билим уяларында да мугалимдин колунан түшпөгөн китептердин катарында экенине ынандым. Аларды китеп текчесинен эле эмес, мугалимдин күнүмдүк ишинде, сабакка даярданууда, тарбиялык иш чараларды, улуттук майрамдарга, салттык баалуулуктарга байланыштуу конкурстарды даярдоо, өткөрүүдө, жеке баяндамасында, тарбиялык маегинде, ата-эне менен болгон сүйлөшүүсүндө жолуктурасың. Өзгөчө белгилей турган жагдай, А. Алимбековдун эмгектери бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө жарлыгында, ошондой эле «Окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү концепциясында» аныкталган стратегиялык багыттарды ишке ашыруунун негизги илимий-методикалык өбөлгөлөрүнүн бири катары кызмат кылып жатат.
Бул болсо А. Алимбековдун китептери жөн гана жарык көргөн эмгек эмес, элдин муктаждыгына жооп берген, педагогикалык практикага түз кызмат кылган, мугалимдин руханий жана усулдук таянычына айланган жандуу булак экенин көрсөтөт.
Жалпыга белгилүү акыйкат: бизде билим берүү чөйрөсүндөгү түшүнүктөр менен терминдерди нукура кыргыз тилинде тактоо иши көпкө чейин чабал жүрүп келди. Узак жылдар бою педагогика багытында кыргыз тилинде жарык көргөн китептерде орусча терминдер ар бир автор тарабынан ар кандай, кээде ой келди которулуп колдонулуп, натыйжада туруктуу илимий термин катары калыптана албай келген. Ал эми буга педагогика илимин өздөштүрүп жаткан студенттери, мугалимдер, педагогика боюнча окуу илимий текст жаратуу менен алек болгондордун баары муктаж эле.
Мындай муктаждыкка олуттуу деңгээлде жооп берген эмгектердин бири - А. Алимбековдун демилгеси жана авторлугу менен, С. Жигитовдун редакторлугу астында кесиптештери менен биргеликте даярдалып, Кыргыз-Түрк «Манас» университети тарабынан 2002-жылы жарыяланган «Таалим-тарбия терминдеринин чечмелеме сөздүгү» болду. Бул эмгекте такталган терминдердин кыйла бөлүгү кийинки мезгилде кыргыз тилиндеги илимий жана методикалык адабияттарда туруктуу колдонууга өтүп, улуттук педагогикалык терминологиянын калыптанышына олуттуу салым кошту. Эң башкысы, сөздүк бүгүнкү күндө да өзүнүн практикалык маанисин жоготпой, мектеп мугалимдери, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, студенттер жана жаш изилдөөчүлөр тарабынан активдүү колдонулуп келе жатат. Бул жагдай анын жөн гана бир жолку басылма эмес, педагогикалык тил маданиятын калыптандырууга кызмат кылган туруктуу илимий-методикалык булакка айланганын көрсөтөт.
А. Алимбеков кандай гана эмгек жазбасын, эң оболу анын мазмуну айылдык мугалимге чейин түшүнүктүү, жеткиликтүү болушуна өзгөчө көңүл бурат. Бул максатта ал нукура кыргыз тилинин ички мүмкүнчүлүктөрүн кеңири жана чебер пайдаланат. Ошондуктан анын эмгектери илимий тереңдигин жоготпостон, жатык тили, таасирдүүлүгү жана жугумдуулугу менен айырмаланат. Айрыкча «Окутуунун жалпы методдору» (2004) жана «Орто мектепте окутуунун методдору» (2019) аттуу китептери өзүнүн жатык тили, практикалык багыты жана жеткиликтүүлүгү менен мугалимдердин да, жогорку окуу жайлардын студенттеринин да кеңири катмарына тараган баалуу эмгектерден болуп калды. Буга мен К. Карасаев атындагы Бишкек Ош мамлекеттик университеттеиндеги окутуучулук практикамдан улам толук ынандым. Себеби педагогика боюнча семинардык сабактарда окутуучулар, магистранттар, студенттер эң көп пайдаланган булактардын арасында А. Алимбековдун окутуу методдору жана технологиялары боюнча эмгектери туруктуу орун ээлейт.
Окумуштуунун илимде, практикада ордун тапкан эмгектери
Билим берүү системасынын сапаты анын курамындагы мугалимдердин ишмердүүлүгүнүн сапатынан өйдө турбайт. Ал эми мугалимдин жакшы сабагынын таасирин билим берүү системасындагы башка бардык факторлор бириккенде да алмаштыра албайт. Мектеп дегенде эң оболу сабак элестейт. Анткени мектеп турмушунун өзөгү — сабак. Окуучу мектепти бүткүчө миңдеген сабакка катышат, мугалим болсо өмүрүндө он миңдеген сабак өтөт. Ошондуктан 45 мүнөттүк бир сабакта мектептин окуу-тарбия, усулдук жана уюштуруучулук ишинин бүтүндөй жүзү көрүнөт. Жакшы сабак — бүт мектептин, мугалимдин жүзү. Ушундан улам педагогикалык устаттыкка умтулган мугалим эң обол заманбап сабак жана аны, пландаштыруу, өткөрүү тууралуу илимий методикалык китептерге көбүрөөк муктаж болот. Бул багытта мугалимдердин көп кырдуу талаптарын канаатандырган таасирдүү китептердин катарында А.Алимбековдун, залкар педагог И.Бекбоев менен бирдикте жарыялаган «Азыркы сабак жана аны даярдап өткөрүүнүн технологиясы» (2008, 2011, 2020) Сунушталган эмгек жападан жалгыз сабак проблемасына арналып мугалимдерди сабакты даярдоо жана аны өткөрүү технологиясы боюнча көп кырдуу билимдерге ээ кылуу максатын көздөйт. Аталган китеп мугалимдердин суроо-талабынын негизинде бир нече ирет кайра басылып чыгып, мугалимдердин калың катмарына кеңири тараган. Көпчүлүк мугалимдер аны ачык сабактарга, райондук, облустук жана республикалык деңгээлдеги сынактарга даярдануу процессинде колунан түшүрбөй колдонуп жүргөнүн көп жолу көрдүм. Бул китеп тууралуу мектеп мугалимдеринин арасында көптөгөн жылуу пикирлер айтылып келет. Мунун себеби да түшүнүктүү: анда класстык сабактын максатын так аныктоодон тартып, аны уюштуруу жана өткөрүү ыкмалары, окуучулардын жетишкендиктерин баалоо, сабакты талдоо сыяктуу негизги маселелер ырааттуу, конструктивдүү жана ар бир мугалимге түшүнүктүү таризде берилген. Ушул сапаты менен бул эмгекти биз да гимназиябызда жаш мугалимдердин сапаттуу сабак өтүү чеберчилигин калыптандырууда жана өркүндөтүүдө кеңири пайдаланып келдик.
Бул китептин мугалимдер арасындагы кадыр-баркы тууралуу дагы бир катар мисалдарды көрсөтүүгө болот. Агартуу министлигине караштуу РПККЖ жана КДИ нун СГББ кафедрасынын башчысы,п,и.к., доцент Кыдыралиева Айтикан тарабынан өткөрүлгөн «Менин кесиптик өнүгүшүмө көмөкчү болгон 10 илимий-методикалык китеп» деген сурамжылоодо 100 мугалимдин 80ден ашууну А. Алимбековдун аталган эмгегин аташкан.
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чоң залында агартуу тармагында чоң ийгиликтерге жетишкен мугалимдердин жыйыны өтүп жаткан. Биз да ошол иш-чарага катышып калдык. Тыныгуу маалында бир жаш мугалим Акматали Алимбековго жакындап келип, эстеликке сүрөткө түшүүгө уруксат сурап: “Агай, заманбап сабакты кантип даярдап, кантип өтүү керектигин мен сиздин китептериңизден үйрөндүм. Ошонун негизинде кесиптик сынактарга байма-бай катышып, акыры «Жылдын мыкты мугалими» деген наамга ээ болдум”, — деп ыраазычылыгын билдирди.
Акматали Алимбековдун илимий ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыттарынын бири — түрк дүйнөсүнүн ойчулдарынын педагогикалык мурастарын изилдөө. Анын «Түрк дүйнөсүнүн ойчулдарынын мурастарындагы педагогикалык идеялар» (2017, 272 б.) аттуу монографиясында Орхон-Енисей жазма эстеликтеринен жана «Коркут баба китебинен» баштап, Аль-Фараби, Абу Али Ибн Сина, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари, Ахмет Ясеви, Мевлана, Юнус Эмре, Ахмед Жугнаки, Низами Гянджеви өңдүү ойчулдардын чыгармаларындагы таалим-тарбиялык идеялар илимий талдоого алынган. Ушул эле багытта анын «Желалиддин Руми Мевлананын таалим-тарбия тууралуу көз караштары» (2018), «Махмуд Кашгаринин «Түрк сөздөр жыйнагындагы» педагогикалык баалуулуктар» (2024) аттуу эмгектери да түрк дүйнөсүнүн педагогикалык ойлорунун генезисин, мазмунун жана баалуулук негиздерин ачып көрсөтүүгө багытталган. Бул эмгектер Кыргызстандын жогорку окуу жайларында гана эмес, Түркиянын илимий-педагогикалык коомчулугунда да кеңири таанылып, жаңы изилдөөлөрдүн багытын аныктоого жана алардын жаралышына өбөлгө болуп келет.
А. Алимбеков илимди баалоо агенттиктеринин рейтингдик көрсөткүчтөрү боюнча эң көп цитаталанган, h-индекси жогору окумуштуулардын катарында турат. Анын илимий-педагогикалык мектебинен тарбияланган шакирттер учурда Кыргызстан менен катар Түркия, Германия, Россия мамлекеттеринде да ийгиликтүү эмгектенип жатышат.
Ушунун баары А. Алимбековдун илимий ишмердүүлүгү жеке чыгармачылык ийгиликтин чеги менен чектелбестен, түздөн-түз коомдук муктаждыкка, билим берүү практикасына жана улуттук педагогикалык ой жүгүртүүнүн өнүгүшүнө кызмат кылып келе жатканын айкын көрсөтөт. Анын эмгектери мугалимдин күнүмдүк ишине аралашып, сабактын сапатын жакшыртууга, тарбиянын мазмунун байытууга, улуттук баалуулуктарды жаңы муунга жеткирүүгө көмөк берип келет. Дал ушундай сапаты менен ал китеп текчесинде гана сакталуучу эмес, педагогикалык практикада жашаган аалым катары айырмаланат.
Акматали Алимбековдун илимий мурасы кыргыз коомунун руханий-педагогикалык муктаждыгынан жаралып, кайра ошол муктаждыкка кызмат кылган мурас. Ал элдик педагогиканын терең катмарларын илимий айлампага алып чыгып, улуттук тарбиянын теориялык негиздерин бекемдеп, мугалимдер үчүн түшүнүктүү да, таасирдүү да, практикалык жактан керектүү да эмгектерди жарата алды. Ошондуктан анын ысымы бүгүн кыргыз педагогикасында, айрыкча этнопедагогика багытында, өзүнчө бир ишенимдин, сапаттын жана жарандык-илимий жоопкерчиликтин белгиси катары кабыл алынат. Мындай аалымдар илим үчүн гана эмес, улут үчүн да керек. Анткени алар коомго жөн гана билим эмес, багыт беришет; жөн гана китеп эмес, руханий таяныч калтырышат.
Акматали Алимбековдун илимий ишмердүүлүгү, агартуудагы орду жана жарандык позициясы анын элге эмгеги сиңген аалым экендигин толук ырастайт. Ушуга байланыштуу Акматали Алимбековду мамлекеттик сыйлыктарга, ардактуу наамдарга жана башка жогорку коомдук белгилерге көрсөтүү анын эмгегине берилген адилет баа болмок.