Добавить статью
10:41, 25 октября 2015 19551

Үчүнчү дүйнөлүк согуш небак эле башталган

Тарыхчы, жазуучу, коомдук ишмер - Алымбаев Абдырахман (Баяс Турал), азыркы кездеги дүйнѳдѳ болуп жаткан сасий абалдын кѳйгѳйлѳрүнѳ жана кыргыз мамлкетинин келечегине кайдыгер карабаган адам. Бѳлѳктѳрдѳн айрымаланып, ѳзүнүн кѳргѳн, билгенин ачык айткан саясатчы катары коомго кеңири таанымал. Жеке кѳз карашын, ар кандай жыйындарда, мезгилдүү массалык маалымат каражаттарында да айтып да, жазып да келет. Учурда дүйнѳдѳ жана Республикабызда болуп жаткан саясий абал жѳнүндѳ ой толгоолоруна азыноолак маек курган элек, ошол маектен окурмандарга тартуулоону туура кѳрдүк.

- Баяс мырза, сиздин «үчүнчү дүйнѳлүк согуш небак эле башталган» деген сѳзүңүздѳн улам, менин оюма СССРдин 20 кылымдагы ѳкмѳт башчысы И.В.Сталиндин, 1939-жылы Коминтериндин VII конгрессинде сүйлѳгѳн сѳзүн эсиме салдым. Анда И.В.Сталин: «Азыркы кезде согуш жарыяланбайт, ал жѳн эле башталат» деген экен. Азыркы дүйнѳдѳгү абал чынында эле ошондой болуп жаткандайбы, ушуга токтоло кетсеңиз.

- Россиялык көрүнүктүү саясатчы – В. Жириновский бир телеберүүдө сүйлөп жатып: «Үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталганына көп болду…» деди. Мен чын эле «согуш жүрүп жатканын» билбейт элем. Анткени, биздин бир да окумуштуу политолог же саясатчыларыбыз ушул убакка чейин ушундай сөздү айтканын мен уга элекмин. Демек, Үчүнчү Дүйнөлүк согуш жүрүп атканын алар да билбейт?... Көрсө, Жириновскийге чейин, атактуу Нострадамустун өмүр жолун изилдеп, дүйнө элдеринин келечеги тууралу анын айткандарын чечмелеп жазып жүргөн фарангиз – Мишел Морен 1993-жылы эле минтип айтыптыр: «Көптөр Үчүнчү дүйнөлүк согуш баштала элек деп ойлошот. А чынында Үчүнчү дүйнөлүк согуш 1990-жылы 2-августа Ирак Кувейтти басып алганда эле башталган». ( Мишель Морен, Нострадамус: Толкование пророчеств, 92-бет, М., «Урания», 1993ж).

Бул автор, Ирактын тегерегиндеги согуш кесепеттери кайда барарын алдын ала кѳргѳн тура. «Бул, Батыш үчүн согушту андан нары тутантып, улантып жиберүүгө шылтоо болду. Ошондо Бириккен Улуттар Уюму (БУУ): «эгер Ирак 1991-жылдын 16-августуна чейин аскерин Кувейттен алып чыгып кетпесе, ага каршы Бириккен аскердик күчтөрдүн аракетине тоскоолдук кылбай турганын» билдирген. Кийин БУУ чын эле Бириккен аскердик күчтөрдүн алдын тосуп, токтоткон жок. Алар акыры Ирак мамлекетин талкалап, президенти - Саддам Хусейнди өлтүрүп тынышты. Ошентип, андан нары уланды, Ливия, анын башында турган М. Кадафинин тагдыры ошого окшош болду, андан барып Сирия жаңжалын жана курддардын чатактуу маселелери дагы деле уланып жатат. Ошол эле учурда, Украинаны мамлекетин бүлгүнгѳ салып жатат. «Үчүнчү дүйнөлүк согуштун» Биринчи этабы, 1991-жылы СССРди кыйратуу менен башталып, акырындап анын кулаткандан кийин, АКШынын дүйнѳгѳ кожоюн (гегемон) болобуз деген чоң масштабдуу саясатынын аркасында болуп жатат дешке болот.

- Ушул улантып келе жаткан батыштын саясаты, Борбордук Азияга кеңири жайылткысы келип жаткан сыяктанбайбы?

- Батыш ѳлкѳлѳрү Борбордук Азиянын ичинде Ооган (Афган) мамлекетин кандай абалга алып келди, андан мурдагы СССРди эмне кылды. Кийнки Орто Азиядагы мамлекетерин аңдып турганы да бекер эмес. Эми өзүбүздүн өлкөгө кѳз чаптыралы, ошол эле СССРди чачкан «Үчүнчү дүйнөлүк согуштун» Экинчи этабы «22» жылдан бери биздин Республиканын территориясында жүрүп жатат. 22 жылдан бери бул согушта – Кыргыз жеңилип келатат. Эң кызыгы, сырттан бир элдин куралчан аскери же танкасы басып кирген жок. Бирок, сырттан танкалардан да жаман коркунучтуу нерселер келүүдө. Билинбей келген акчалар, алган адамды байытып, ошол эле убакта аны өзүнө көз каранды кылган «акча» менен улутту талкалаган «идеология» кирүүдө. Башкача айтканда, сырттан келген акча – аны алган адамдарды бай адамдарга айлантууда. Ал эми ал акчаны берип жаткан адамдардын идеологиясы, ошол сырттан келген арам акчаны алып байыган адамдарды бийликке алып келип, аларды өзүнүн кызыкчылыктарына кызмат кылдырууда. Натыйжада, ошол «акча алган адамдар» менен «акча албаган адамдар» кармашып, кыргыз өзүн-өзү өлтүрүп, ѳзүн-ѳзүн талкалоодо. Анан, өзү өлтүргөн балдарды өзү «баатыр» атап атат. Дээрлик 20 жыл бою Эл эмне болуп жатканын түшүнбөй, эси эки болууда. Улуттук интеллигенциянын алдыңкы өкүлдөрү да Үчүнчү Дүйнөлүк согуш жүрүп жатканын, ал кантип бизди жок кылып жатканын эми аңдай баштады.

Сѳзүм кур болбосун үчүн, тарыхый дастанга айланган бир чыгармадагы чындыкка кайрылып кетейин. Атактуу Фирдоусинин «Шах наме» деген чыгармасындагы башкы каармандын бири - Кабус шах Рустам баатырды таштап, колду өзү баштап, Мазендаран деп аталган жиндердин өлкөсүнө барат. Барганда, күн тутулуп, асман алай-дүлөй түшүп, чөлдүн куму сапырылып, аскерлер өзү менен өзү согушуп, бири-бирин кырып, аз гана адамдары менен калып, шах колго түшүп, кулга айланат. Аларды кийин Рустам баатыр издеп келип, туткундан бошотот. Бул улуу дастандын негизинде тартылган кинону баарыбыз эле көрүп жүрөбүз. Азыр кыргыз, дал ошондой – баатыр, акылман адамдардын баркын билбеген Кабус шахка окшогон башчылар башкарган заманды башынан өткөрүп жатат.

Бул согушту политологдор: «идеологиялык согуш» же «маалыматтар согушу» деп аташууда. Улуттук аң-сезимди бузуп, улуттук эс-тутумду талкалап, улуттук дүйнөтаанымды бурмалап, бүтүндөй Элди манкуртка айлантып жаткан эң башкы куралдары: «демократия» деген атты жамынган «Анархия», «Адам укугу», «Базар экономикасы», «Глобализация», мамлекеттин негизи – жерге болгон «Жеке менчик» ж.б., ал эми алардын таянып иш кылган эң башкы мыйзамы – Эл аралык эксперттер жактырган «Конституция» болуп саналат.

«Глобализация» деп аталган бул дүйнөлүк согуштун идеологиясына каршы унитардык түзүлүштөгү мамлекети бар дүйнө элдери «улутчул» идеологияны каршы койууда. Башка курал менен аны жеңүүгө мүмкүн эмес. Ал эми бул куралды таланттуу, билимдүү, улутчул сезими күчтүү интелектуал эр-азаматтар гана колдоно алат. Анткени, бул согуш – Адамды улуттан жогору көтөргөн «улутсуз интелектуалдар» менен, улутту адамдан улуу деп эсептеген «улутчул интелектуалдардын» согушу. Кыргыз - бул согушта өзүнүн эмне деген эл экенин эми түшүндү. Эң башкысы – сырттан келген акчаларды алып байып, башкалардын кызыкчылыгына кызмат кылып жаткан адамдардан этият болушууда. Анткени, «сырткы душманга караганда, ички душман коркунучтуу», ички душмандар – дал ошолор.

- Биз улуттук идеологиябыз жок, ошондуктан ушундай акыбалга жеттик деп келатабыз. Ал эми бизге бѳлѳк элдердин идеологиялары басып кирип алган жокпу?

- Биздин жерге алгачкы идеологиялык Программа басыып киргенин, биз ѳзүбүз да байкабай калдык. «Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз» деп дүйнѳгѳ ѳзүбүз жар салдык. Натыйжада, Республикадагы башка улуттардын өкүлдөрүнүн баарынын башын бир жерге бириктирген «Кыргызстан элдер ассамблеясы» түздүк. Кыргызстандын эли «кыргыз» жана «кыргыз эместерге» ачык бөлүндү. Бүгүнкү күнү – бул Уюмдун ичин кабинеттер менен жабдылып, бүджеттин эсебинен кармалып турган «32» Улуттук маданий борбор» иштеп жатат. Эң кызыгы «Кыргызстан элдер ассамблеясы» деп аталган ушул уюмдун ичинде кыргыздардын өздөрүнүн Улуттук маданий борбору жок. Ал эми: «эмне үчүн жок» деген суроого жооп бере турган адам 2005-жылы 24-мартта качып кетип, азыр Москвада жашап жүрөт.

Бул «суроого» экинчи экс-президент да жооп бере албады. «Жооп бергин» деп эл жыйылып талап кылганда, ал Минскиге барып бекинип, ошол бойдон эч кимге көрүнө элек. Бул суроого жооп бергиче, «үчүнчү» президенттин убактысы бүтүп баратат. Бул суроого «эмне деп жооп берерин» билбей, азыркы президенттин да башы катууда…

Андан нары А. Акаев «улутту жок кылуу» идеологиясын ийгиликтүү улантып, кыргыздардын өзүн «түндүк-түштүк» кылып бөлүү аракеттерин жасады. Айрыкча кадрлар маселесинен ачык көрүнүп турду. Түндүкчүл бузукулар - түштүктүн элин «сарттар» деп атаса, түштүкчүл арсыздар - түндүктүн элин «калмак» атка кондурушту. «Ашуунун ары жагы, бери жагы» болуп, арабыз алыстап баратканда, кудай жалгап Элибиздин мыкты эр-азаматтарынын бир тобу Кыргыздын «уруу» түзүлүшүн, Үч Канат системасын ордуна келтирүү» идеясын көтөрүп жиберишти. Натыйжада, бир вариантта «Кыргыз ата» деп айтылса, экинчи вариантта «Долон бий» деп аталган түпкү аталардын аттары аталган санжыра кайра калкып чыгып, кыргыз түбү бир атанын үч уулунан «Үч Канат» болуп калыптанган калк экени элдин эсине салды. «Эгер, партиялык системасыз Өлкөнү башкаруу – «артта калгандыктын белгиси» болсо, анда Үч Канатты «үч партияга» айланталы» дешти. «Сырткы күчтөрдүн» идеологдору уруу түзүлүшүнүн артыкчылыктарын айтып чыккан ал адамдарды: «Булар ушинтип элди «үчкө» бөлгөнү жатышат», «мындайлар феодализмдин калдыгын даңазалагандар», «көздөрү желкесине бүткөн интеллигенттер», «элди адаштырып артка сүйрөгөндөр» деп шылдыңдашты.

- Кылымдап кыргыздар менен кошо жашап келген улуу аталардын осуяттарын кай жакка жиберебиз? Бул улуу осуяттар акчага, дүнүйѳгѳ алмашкыс нерсе эмеспи?

- Туура. Илгерки Орхон-Энесай аймагынан табылган таштарда акылман аталарыбыздан калган осуят сөздөрү бар. Анын биринде минтип айтылат: «Табгачтар элди таттуу сөзү менен алдап, жибеги менен мууздап, көп эр азаматтар өлдү». Натыйжада улуттун тагдырына күйгөн өзүнүн улутчул уул-кыздарынын сөзүнө эмес, эл батыштык идеологиянын таасирине кабылган адамдардын акчасына алданып, «200 гѳ жакын» саясий партия түзүлдү. Үч Канат Эл - «200 топко» бөлүндү. Ал турсун бири - бул, экинчиси - тигил партияга мүчө болуп кирип, ата менен баланын, эри менен аялынын, энеси менен кызынын, агасы менен инисинин ортосунда келишпѳѳчүлүк чыкты. Бүгүн бул партияда мүчө болсо, эртең тигил партияга өтө качып, же бир эле убакта эки-үч партияга мүчө болуп, эл бузулду. Үч Канат «үч партияга» айланганда, адамдар минтип жолунан адашпайт эле. «Оң Улус» партиясына тиешелүү адам «Сол Улус» партиясына же «Ички Улус» партиясынын адамы жогорку «эки партиянын» бирине өтө алмак эмес. Анткени, кыргыздар бул «саясий системаны» эки миң жылдан ашык убакыт бою электен өткөрүп, этникалык түзүлүшкө негиздеп түзүшкөн. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин эл, өзүнүн элинин тарыхын, салтын билген, улуттук жолун изилдеген уул-кыздарынын эмес, сырттан келип жаткан арам акчага сатылып, эки жүздүү «евроидеологияга» кызмат кылган балдарынын айткандарын жасап келатат. Эми кыскартып айтканда, эсти оодарган «200» партия, элге эмне кызмат өтөп атканын эки-үч жылдан бери көрүп келатабыз.

Тек, элибиздин тарыхын, каада-салтын, байыркы Туран аймагындагы анын ээлеген ордун жана бүгүнкү күндөгү абалын салыштырып, изилдеп келаткан жазуучу жана тарыхчы катары, батыш көрсөтүп жаткандан башка, элди бузбай турган, өзүбүздүн ата-бабалар салган, алардыкынан алда канча мыкты жолдор бар экенин гана айткым келди. Анткени, «партия» деп айтылбаганы менен кыргыз коомунда Үч Канат «үч» партиянын ролун аткарып келген. Анын эң башкы артыкчылыгы: Үч Канатта «түндүк-түштүк» деп, элди территориялык жактан экиге бөлгөн «арам сийдик» саясат жок. Тескерисинче, Үч Канатта, кыргыз - түбү бир атанын Үч Уулунан тараган эл экенин айтып турган «үч миң» жылдык тарых, элди бириктирип турган Улуттук эс-тутум бар.

– Дегеле кыргыз, кыргыз болуп келаткандан бери улуттук аң сезим, улуттук эс тутум, кыргыздын дүйнѳ таанымы жашап келбедиби, ошол эле учурда акчалуу адамдардын мансаптык ойлору кантип ишке ашырбоо керек?

- Акчалуу адамдардын таасирине таянып, аны күч менен ишке ашыруу аракеттери азыркы учурда да бар экенин унутпообуз керек. Алардын ойлору жакынкы шайлоодо кѳрүнүп калды. Кандай гана акчаларды топтошкондорун кѳзү кѳргѳн, кулагы уккан кишилерге маалым болду. Ачык, таза шайлоо болот деп койгону менен, баари-бир ортодогу кѳз жаздымда калбаган акчалар ойноду. Азыркы кездеги бизге жарыяланбаган Үчүнчү Дүйнөлүк согуш, көптөгөн зыяндарды алып келүүдө. Кылымдарды аралаган кызыл кыргындарда да кыргыз мындай «талкаланган» эмес. Бүгүнкү күнү улутту, «улут» кылып сактап турган эң башкы касиеттер: Улуттук аң-сезим, Улуттук эс-тутум жана Улуттук дүйнө тааным бузулуп, аны менен кошо биз өзүбүздүн улутубузду өзүбүз талкалап, анын атын тарыхтан өчүрүү жолунда баратабыз.

1. Улуттук аң-сезим, ал - Улуттук тилдин деңгээлине жараша өнүгөт. Улуттук тилдин деңгээли кандай болсо, демек, улуттук аң-сезимдин деңгээли да дал ошондой! Ошондуктан Улуттук тил – Улуттук идеологиянын өзөгү болуп саналат. Дүйнөнүн кайсы мамлекети болбосун ага «мамлекеттик» статус берип, аны алып жүрүүчүлөрдү жана өстүрүүчүлөрдү өзгөчө мамлекеттик камкордукка алганы да ошондо. Бизде болсо, 22 жылдан бери Улуттук тилди алып жүргөн жана өстүрүүчүлөр болуп саналган жазуучулар менен окумуштуулар мамлекеттик камкордуктан таптакыр сыртта калды. Кечээ Радлов таң калган тил менен бүгүн чанда гана адамдар сүйлөйт. Бүгүн жаштардын көбү кыргыз тилинде сүйлөгөндө кекечтенип, оюн толук түшүндүрүп бере албайт.

2. Улуттук эс-тутум, ал - Улуттук тарыхтын деңгээлине жараша сакталат. Отурукташкан элдин табияты деңизге окшош. Деңиздин балыгын жана «балырын» жесе болор, бирок суусун ичкенге болбойт, анткени суусу шор. Ошондуктан келечекте адамзатты деңиз эмес, аккан суу сактайт. Аккан суу – таза суу, ал кыймылдагы суу. Менин айтайын дегеним - отурукташкан элдин тарыхы туруктуу бир территория менен байланышкан. Ошондуктан аны ар кандай замандарда, ар кандай элдер басып алып башкарганына карабай, ошол жердеги тарых ошол жерде жашаган элге тиешелүү болуп жазыла берет. Ал эми көчмөн элдин табияты аккан суу сыяктуу. Мисалы, Сыр-Дарыянын башаты кыргыздар жашаган тээ Улуу Тоолордун чокусунан башталат да, Казакстан, Өзбекстан аркылуу агып өтүп, аягы каркалпактар жашаган Арал деңизине барып куят. Ошондуктан Дарыянын тарыхын жазгыбыз келсе, адегенде ага куюлган суулардын агып өткөн жолдорун изилдөөбүз керек. Дал ушул сыяктуу эле убакыттын ченеми боюнча, Кыргыз – башаты байыркы замандардан башталып, атын жоготпой агып келаткан бир улуу Дарыя. Ага агып келип кошулган «суулар» менен «булактар» «урук», «уруу» формаларында бүгүн да сакталып, жашап турат. Алардын аттары толук белгилүү, бирок, көбүнүн тарыхы ушул күнгө чейин белгисиз. Мунун өзү Улуттун тарыхы толук изилденип, жазылып бүтө элек дегенди айтып турат. Ага жараша улуттук эс-тутумдун абалы бүгүн да дал ошондой...

3. Улуттук дүйнөтааным, ал – улуттук диндин же улуттук философиянын негизинде өнүгөт. Биздин түпкү улуттук динибиз – «Теңирчилик», ал эми улуттук философиябыз болсо илим катары али калыптана элек. Мунун өзү - илимий ой жүгүртүүгө негизделген Улуттук дүйнө таанымымыбыз жок деген сөз. Бирок биз миң жылдан бери исламдын ичинде, анын эрежелерин өзүбүздүн ата-бабалардын каада-салттары менен жуурулушуп жашап келатабыз. Арийне, бүгүнкү күнү ислам биздин ата-бабалар кармап келаткан жолдон тайып, Кыргыз улутун «кыйратуучу» позицияны ээлей баштады. Аны кече жакындагы, Улуттук интеллигенцияны алдыңкы өкүлдөрү кол койгон «Кайрылуу» да далилдеп турат. Миңдеген жылдар бою бизге «кудай таануу» илими катары кызмат кылып келген ислам дини бүгүнкү күнү ачык «арабдаштыруу» идеологиясына айланды. Ал Кыргызды «улут» катары жок кылгысы келип жаткан башка диний секталарга каршы күрөшкөндүн ордуна, Кыргыз «кыргыз» болуп жаралгандан бери аны «улут» катары сактап, калыптандырып келаткан Теңирчиликке каршы катуу чабуул койуп, аны менен бирге Кыргыздын өзүнө каршы болууда. Арабдашкан жаштар бүгүн ачык эле: «Мен - кыргыз эмесмин, мен - мусулманмын» деп, көчөдө төшүн кагып, кыйкырып жүрүшөт. «Дүйнөдөгү уруштун баарын улуттар чыгарып жатат» дешет алар. Диний согуштар тууралу ооз ачкылары да келбейт. Аларды ким ушинтип окутуп, ким кыргызга каршы тарбиялап жатканы белгисиз. Менин айтарым бул: «Биз «арабдаштыруу» идеологиясына айланган Исламдын» эмес, биз «кудай таануу» илими катары кызмат кылган Исламдын ичинде турушубуз керек!»

- Үчүнчү дүйнөлүк согушта Кыргыз кантип өзүн өзү «кырып», өзүн өзү «талкалап», эмнелерди кыйрады, эмнелери жок болду?

1. Карап көрөлү: Адамдарды «жакшы» же «жаман» деп баалоо критерийи өзгөрдү: Бир кезде премьер-министр болуп турган Чынгышевдин сөзү менен айтканда: чынчыл, таза адамдар – «кем акыл», ал эми «пара алып, уурулук кылган адамдар «мыкты адамдарга» айланды;

2. андан улам, «Ат бастыра албаган жол бузат, эл башкара албаган журт бузат» дегендей, өмүрүндө ат минбеген адамдар ат минип, энеден төрөлгөндө «эл башкаруу» эмне экени канында болбогон адамдар эл башына келип, 22 жылдан бери мыкты кадрлар жок болду, Эл бузулду;

3. анан ал адамдар СССРдин курамында турган 70 жылдан ашуун мезгилде жыйган-терген элдин байлыгын он жылга жетпеген убакыттын ичинде бүт чачып, өнүктүрүп келген өлкөбүздүн негизи болгон айыл чарбасын толук талкалады;

4. завод-фабрикалардын баарын кыйратып, уурдап, талап-тоноду, станокторун металл катары сыртка сатып жиберишти;

5. өлкөнү өнүктүрүүгө күч бере турган «бир миллионго» жакын улан-кыздарыбыз жумушсуз калып, көр тириликтин айынан сыртка чыгып кетти, ал агым дагы деле уланууда; бир замандарда «эл четинде, жоо бетинде» жүргөн эр элдин урпактары бүгүн үй-бүлөсүн бага албай, аялдарынын алдында басынып, кор болду, андан улам көбү ичип, көбү ар кайсы элдин эшигин шыпырып, иш табылган жерде өз башын өзү эптеп сактап, кул болуп жашап жүрүшөт;

6. кыргыздын кызы ичип алып, тамеки чегип жүргөнү же көчөгө чыгып, өткөн-кеткен эркектин жолун тороп, тийишип турганы тарыхта болгон эмес, азыр бул көрүнүш көнүмүш адатка айланды; мезгилинде акылман акындар менен эл коргогон баатырларды төрөп-өстүрүп, Кыргыздын атын сактап, атагын чыгарып, келген асыл жан, кымча бел кыз-келиндердин көбү эрге тийбей, башы бош жүрөт; эри бир жерде, аялы бир жерде иштеп, көп үй-бүлө бузулууда;

7. сыртка кеткен кыргыздардын ордуна акырын сырттан башка элдердин өкүлдөрү агып кирүүдө; экономикалык фактордон башка, мага бул көрүнүш кандайдыр бир сырткы күчтөр мажбурлап аткан «саясий сүргүндүн» жаңы формасы сыяктанып көрүнөт;

8. басма сөздө жарыяланган бир маалыматта «2 млн паспорт» сыртка чыгып кеткени айтылган, эгер ушул факты ырас болсо, анда он-он беш жылдын ичинде биздин республикада 2 млн чет өлкөлүк келип жашап калышы мүмкүн; буга ишенсе болот, анткени, биздин паспортту чет өлкөлүк жеке менчик бир фирма чыгарат; ал паспорттун канчасын сатып, канчасын атайын дүйнөгө таратып жатканын бир кудай билет, бир ошол фирманын ээси билет;

9. күн санап кем акыл балдардын катары көбөйүүдө, аларга келген гумжардамдарды жана аларды караган фирмаларды КТР кезек-кезеги менен көрсөтүп, элдин көзүн көндүрүп жатат; ошол эле убакта таланттуу балдарды тарбиялаган же окуткан бир мектеп салынганын же бар экенин али уга элекпиз; бир убакта Европада кем акыл балдардын укугун коргогон еврей гумманисттер менен «акылдуу жана таланттуу балдарды мамлекеттик камкордукка алыш керек» деп талап кылган расса теориясын жактоочу арийлердин ортосунда катуу талаш-тартыш чыккан; расса теориясын негиздегендер жана жактагандар: «Мамлекет өмүр бою мамлекеттин моюнунда отурган адамды камкордукка алыш керекпи же эртең коомду өзгөртүп, мамлекетти өстүрө турган адамды камкордукка алыш керекпи» деген суроону коюшкан; ошентип, маселе катуу талкууланып, акыры ал таланттуу балдардын пайдасына чечилген; ошондон тарта Европа элдери «таланттуу балдар өз нанын өзү таап жей берет, мамлекет кем акыл балдарды камкордукка алыш керек» деген принциптен артка чегинген. Өз генефондуна жана таланттуу балдарга жасаган мамиле өзгөрүп, натыйжада Европа бүгүнкү күнгө чейин дүйнөлүк цивилизациянын деңгээлин аныктап келүүдө;

10. качан кыргыз адамы калпагын тосуп, кайыр сурап жашады эле; качан кыргыз баласы ата-энесин таштап, өзүнүн кара курсагы үчүн жер кезип, тентип кетти эле; бүгүн бул көрүнүштү да кыргыздын көзү көрбөй, кулагы укпай калды;

11. басма сөздөгү кээ бир маалыматтарга караганда, биздин республикада бүгүн:

• 4 миңге жакын коомдук уюмдар, «400 ашык» диний секталар, 200 жакын саясий партиялар бар, булардын көбү сырттан каржыланат;

12. эл башкаруу - «кетмен чапкандай» же «күрөк тепкендей» иш эмес, теориялык көз караштан алганда, байыркы Рим акылманы Сенека айткандай: ал «илимдердин илимин» өздөштүргөн адамды талап кылган кесип; бирок, азыр ага болгон көз караш да өзгөрдү, мурун эл башкара турган адамды «бир болсо ушул жарайт» деп, эл тандачу эле, азыр «элди мен башкарам» деп, адамдар өздөрүн өздөрү көрсөтүүдө; мисалы, кече жакынкы шайлоодо эле президентке «80» ашык адам талапкер болуп «тандалып» чыкты; эмкиде анын саны «жүздөн» ашарына мен шек санабайм, биз өзүбүздү өзүбүз «шылдыңдаган» мындай эл башкаруу системасын жок кылышыбыз керек, а болбосо, мунун өзү: Кыргызды башкаруу – «кой айдагандай эле кеп» деген сөзгө айланат;

13. Кыргыз Республикасы бүгүнкү күнү КМШ өлкөлөрүнүн ичинде, тышкы инвесторлордун акчасына көз каранды болгон «неоколониализмдин» жападан жалгыз үлгүсүнө айланды.

- Балким ушундайча болуп кеткенине жалаң эле эл башкаруучулар эмес, элдин ѳзүлѳрүнүн күнѳѳлѳрү да бардыр. Балким башкаруу системасын ѳзгѳртүү керек болор, буга сиздин кѳз карашыңыз?

- Кыскасы, бүгүн Кыргызстанда кыргыздын түшүнө кирбеген нерселер болууда. Кыргыз 20-кылымдагы (1941-1945-ж.) согуштун убагында да мындай жан кейиткен көрүнүштү башынан өткөргөн эмес. «Жылаан чакпай, жылкы теппей» туруп эле адамдар «тирүү өлүктөргө» айланып калып жатышат. Элибизде: «Эр энеден төрөлөт, эл үчүн өсөт» деген тарбия бар эле. Азыр карапайым адам эмес, эл башкарып турган адамдардын эл менен иши жок. Өздөрү эмне кылып, өлкөдө эмне болуп жатканын билишпейт? Акылы айран, эси эки болуп, күн кечирүүдө. Эң кызыгы, ушул көрүнүштү уялбай, «жетишкендик» катары баалап, айтып жүргөн «башчылар» да бар. Эгер ушул процесс дагы улана берсе, анда дагы он жылдын тегерегинде биздин өлкөбүздүн аты өзгөрүп кетиши да мүмкүн? Кудай анын бетин ары кылсын!.. Жазуучу жана тарыхчы катары, элимдин келечегине оптимисттик көз караш менен карайм. Анткени, тарыхта «кыргызды кырып жок кылдык» деген элдер өздөрү жок болуп кеткен. Кыргыз - касиеттүү, тектүү, эч кимге жамандык каалабаган эл! Ошол үчүн аны ар дайым Кудай колдойт! Дагы ошондой болот, мен ага толук ишенем!

- Заманыбызды оңдойлу, үй-бүлѳлүк башкаруудан кутулалы деп күрѳшкѳ чыктык го. Мындан ары эмне кылуу керек, сиздин кѳз карашыңыз?

- Ушул күнгө чейин «90» адамдын өмүрүн арабыздан алып кеткен 2010-жылкы 7-апрелдеги кандуу көтөрүлүштүн күнөөкөрлөрү дайынсыз бойдон калууда; көтөрүлүштүн башкы максаты – бийликти алмаштырып гана тим болбостон, Башкаруу системасын өзгөртүү керек болчу. Бирок, ал тууралу азыр сөз кылган да жок. 500 ашык адамдын өмүрүн кыйып, миңдеген адамды майып кылган Оштогу июнь окуясын уюштурган сепаратист топ да али күнчө тиешелүү жазасын ала элек. «ХХI кылымдын дүйнөлүк аферасы» деген атка конгон Кум-Төр алтын кени боюнча «келишимдер» такталары дагы деле күмөн. Ал эми бир убактагы коркунучтуу криминал Батукаевдин түрмөдөн бошотуу менен бүгүнкү өлкө башчылары Кыргыз элин шылдыңга калтырды. Бир адамга алы жетпей калган Мамлекет, эми сырттан келген душманга кантип каршылык көрсөтөт?

Эмне үчүн депутаттар менен министрлер элге берген убадаларын аткарышпай жатышат? Алар: «элге кызмат кылабыз», «эл бийлигин орнотобуз» деп айтышпады беле? Кана, элдик бийликтин орногону!? Эмне үчүн биздин өлкөнүн башчылары өз элин өздөрү алдап, ага өзгөнүн элиндей мамиле жасап келишүүдө? Эмне үчүн алар мурунку качып кеткен бийликтин каталарын оңдоонун ордуна аны кайра дагы кайталап жатышат… Мына азыркы күндүн окуясы, суроолор кѳп, бирок жооп бере тургандар жок. Жоопту берер адамдарды таба да албайсың, себеби азыркы системабыздын саясаты ушундай…

- Ырахмат маегиңизге!

Маектешкен Кайнарбек Бийлибаев

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

11-01-2017
Сырдуу сандыкта Жеңижоктун кол жазмалары болуп жүрбөсүн?
25289

08-06-2016
Залкар комузчу-композитор Муратаалы Күрөңкеевдин теги
50342

07-05-2016
Кыргыз энциклопедиясы бир ууч адамдардын чечими менен жоюлуп калабы?
38186

09-09-2015
«Алтын комуз» баш байге сыйлыгы ыйгарылды
22131

09-09-2015
Полот хан - Искак молдо Асан уулуна карата тарыхый тактоолор
12340

08-09-2015
Полот хан - Искак молдо Асан уулуна карата тарыхый тактоолор
26303

10-07-2015
Алааматтан жок болгон шаарлардын дайыны (Тарыхый дарек)
31726

21-04-2015
Кылым карыткан тарыхтагы Абил (Адыл) бийдин дайыны
26089

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×