Добавить статью
6:05, 18 марта 2011 17492

Жомокчу

Куренкеев Залкар комузчу, кыякчы, чоорчу жана жомокчу Муратаалы 1860-жылы Ысыккөлдүн күңгөйүндөгү Талдыбулак айылында төрөлгөн.

Ата-бабасы сурнай, чоор тартып, комуз, домбура чертип, кыяк тарткан мыкты өнөрпоз адамдар болгон. 1928–1930-жылдары кыргыз театрында иштеген.

1936-жылы кыргыз филармониясында эл аспаптар оркестринде кыяк тарткан. Музыкалык сабаттуулукка үйрөнгөн.

Ал жүзгө жакын элдик күүнү билген. 1939-жылы кыргыз искусствосунун Москвада өткөн декадасына катышкан.

Муратаалы терме, насыят ырларды ырдап, «Кыз Дарыйка», «Алпамыш баатыр» дастандарды, «Залзал», «Зоркуш» өңдүү жомокторду айткан.

Кыргыз ССРинин Эл артисти (1939), Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган. Муратаалы 1916-жылы үркүндө аябай жүдөп калган кезде, көл аймагынан чыккан атактуу бийлердин бири Сагалы Алматай уулу өз колуна алып, кем-карчына каралашып, көч баштатып, кыягын тарттырып жүрчү экен.

Кылкыягын кыяда ат баса жыгылып, сынып калганда, комузчу, уста Чалагыз Иманкул уулу каңдап бериптир. Муратаалы кызы Акылай 1939-жылы уул төрөйт. Атын Толтой коюшат. Күйөөсү Улуу Ата Мекендик согушта 1941-жылы курман болгондон кийин, Акылай уулу Толтойду алып төркүнүнө келет. Бала таятасы Муратаалынын тарбиясында чоңоёт. Муратаалы Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайында кыякчы Саид Бекмуратовдун классында кыяк тартканды үйрөнөт. Пенсияга чыкканга чейин чоң таятасынын кыягын колунан түшүрбөй тартып жүрөт.

Толтой Мураталиев 2007-жылы жол кырсыгынан каза болду.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×