Добавить статью
11:08, 18 марта 2011 34137

Акын

Автор: КАЛЫК

калык Молдобасан карыянын айылдаштары артисттерге алкынган аттарды токуп берип, Муса Баетовдун айылы Байгөнчөккө жөнөтүштү.

Бир кезде өз ара кызуу аңгемеге баткан Муса менен Шекербекти жандай салып бастырдым.

Муса чарчы бойлуу, ак саргыл, көзүнүн агы саал оодугураак, бой-келбети келишкен киши экен.

Муса Шекербекке жаш кезинен көпөлөк кууп чоңойгон жерлерин, козу-улак кайтарып жүргөн кокту-колоңун көрсөтүп, буларды айтты.

– Тетибиреги көрүнүп турган кичине көк белести көрдүңбү? Он бир, он эки жашымда козу кайтарып, ошол көк белеске олтуруп, балдарга далай ырдап берчүэлем. Көк белестин алдында булактан чыккан жарым кулактай суу бар. Ошого балдар болуп суу чачышып ойночубуз. Кийин он беш, он алты жашка чыкканымда: «Жакшы ырдайсың. Муса, сен ырчы болосуң го» – деп теңтуштарым баа берер эле.

– Артисттер келди, – деп айылдаштары чогулуп, алты канат үйгө киргизишти. Молдобасан, Калык, Актан, Чалагыз төрдө олтурушат.

Карс-карс күлүп, кара мурутун бурап коюп, Акынын уулу Калык:

– Жалпы жонунан мен да айтып коёюн, биздин областты Тяньшань дейт эмеспи. Ошол Тяньшандын ичинде Тоголок Молдо болсо, мына Акталаага туташ Нарындын нары жагындагы Курткадан, ошого жакын «Май» колхозунан Нурдөөлөтов Калмурат обончу да ошол жерден. Мыскал экөөбүз Жумгалданбыз. Шералиев иним Атбашыда «Май» колхоздон, Тяньшандан да өнөрпоз көп... өкмөт менен партияга ыраазыбыз. Капкайдагы ышкыбоздорду жыйнап келип, баарыбызды бир туугандай баш коштуруп, минтип ырдатканына ыракмат, – деп олтургандарга кеп салды.

Калык буудай өңдүү, кара мурут, бакыраң көз, мурду кайкыраак, мүчөлүү, кабагы бийигирээк адам экен. Кандай адам болсо да сөздүбетине айткан, өзүнчө бир кыялы байкалып турду.

Ал кишинин атасы Акы жыгач уста болуптур. Жумгалдын этегиндеги Кабак деген жерден кереге-уук жасап, сырдап бүтүп, оокаттууларга тартуу кылып алпарып, тиешелүүолжосун алчу экен. Калык аксакал өз атасын сөз кылып:

– Мен жашымдан апам өлүп, өгөй апанын колунда калып, кийимге, тамакка жарыбай жүргөн кезим эле. Ошондо он эки, он үч жашка чыкканда өгөй апанын ызгаарынан качып, дайыма атамды ээрчип жүрчүмүн. Кабактын калың токоюнда атамдын кереге-уукка курган тестери болор эле. «Теске салып басканда, ийри жыгач түз болот», «Тес жанында ийри жыгач жатпайт» деген макал бар эмеспи. Тес дегенди кереге-уук жасагандар колдонот. Атамдын жыгач усталыгы мындай турсун, мергенчилиги да бар эле. Атам кереге-уук кылган жерге кошо барчумун.

Бир кезде олтурган карыялар Калыкка карап:

– Каке, сиз Кетментөбөгө барып, Токтогул акынга жолугушуп, нуска алгандыгыңызды айтып бербейсизби? – деп сурап калды.

Анда Калык:

– Жакшы болот. Сөздүугар жерге айт деген. Жумгалдан атам Акы өлгөндөн кийин ошол он үч, он төрт жашыман баштап эле бирдемени айтып ырдап жүрчүэлем. Кийин жашым жыйырмага жеткен кезде, Токомдун кабарын угуп, Кетментөбөгө барып, Токтогулга шакирт болуп кирдим. Кайран Током!.. Адамдын көңүлүн калтырбаган, маңдайы жарык, ажарлуу, ушунчалык элге сүйкүмдүүкиши эле. Кандай комузчу, ырчы болбосун бат эле жанына үйүр кылып, айылдаш жүргөн немедей өзүнө тартып алуучу. Жалаң ырчы быякта турсун, кайсы үйдө, кайсы жерге барбасын, замандаштары же башка киши болобу, мүнөздөп сүрөттөп, кулк-мүнөзүн, кыял-жоругун ыр менен макалдап айтып, элди күлдүрүп олтурчу.

– Ээ, Калык иним, ашта көзүөткөндүжоктосоң кошуп ырдайсың, аның кошок ыр болот. Ал эми тойго ырдалчу ырдын жөнүбир башка, же тойдун ээсин, же баласын кошуп ырдайсың, мунуң мактоо ыр болот деп насыят айтып, Током мага аябай көмөк берген. Кыскасы, Током өлө электе эле жыйырма тогузунчу же отузунчу жылдар бекен, кайра Жумгалга кеттим. Токомдун үлгүсүн алып, акын болуп чыгып, эл ичинде ырдап жүрдүм...

Эми мында Токомду дагы бир айтып кете турган сөз, калп айтпаган, өзүчынчыл, өмүрүшарапты оозуна албаган, бозо да иччүэмес эле. Жемкорок аттай болуп, жаш кезимден өзү­бүздүн Жумгалдан бозону көп ичип, көнүп калгандыктанбы, ичиме качанга эле сактап жүрөт элем деп бир күнүТокомо:

– Айланайын Токо, бозону эңсеп жүрөм. Бир жерден бозо ичирип койбойсузбу? – дедим.

Анда Током:

– Калык балам, иче турган тамагыңды мурун эле айтпайсыңбы. Биздин Кетментөбөдөгүтуугандарың үй башына бозо ичмейин олтура албайт. өзбек элинин чай ичкениндей эле кеп. Жүр эмесе, Калык балам. Атка минелик. Мына Кетментөбөдөн жогору Чычкандын боюнда өзүтегирменчи, алты канат боз үйлүүКарымшак деген бозокор досум бар. Ал киши жайы-кышы үзбөй бозо салып ичет, баргандарга бозосун да сатат. Ошого барып, бир бозо ичирейин балам, – деп калды.

Кыскасы, ушуну менен Карымшак досунукуна бардык. Бозо ичкендер кызып калган көрүнөт, бакылдашып сөз талашып, кай бирөө ашыкча сүйлөп жатат.

үйгө жакын бастырып барып Током мага:

– Калык балам, биз мейманбыз деп дабыш бергенибиз менен кызып калган бозокорлор укпайт. Ошон үчүн мен Карымшакты ырдаймын. Менин ырымдын аягын сен улап койгун, – деди.

Током Карымшактын бозосун мындайча ырдай баштады.

Ушул үйдүн ичинде,

Урушкансып дуулдайт.

Бака-шака бардыгы.

Анда мен аягын улап:

– Ырас, Токо,

Жакшы адамдын пейили,

Жамандыкка бурулбайт.

Жүрөгүжок жалтаңдын,

Жакында иши курулбайт, –

десем, анда Током:

Малга соода кылгансып,

Сөз талашып чуулдайт.

Ээ, Калык балам,

Ичкиң келип турабы

Бу үйдө бозонун жыты бурулдайт, – деди.

– Кокуй, Током менен Калык келип калган турбайбы! Болгула, атын алгыла. Эшик ачып үйгө киргизгиле! – деп, карышкыр тийген койдой дүргүп, эшикке чыгып, тизгиндеп түшүрүп киргизишти.

Бозонун экинчи сүзгөнүболсо керек, он эки карыш казан менен мелтилдеп, сар каймактап быкылдап турат.

Ошол жерден бир сыр аякка куюп, биринчи Токомо сунду. Током күлүп:

Ээ балдар, мен бозону,

Оозума алган эмесмин.

Ошондуктан бозону,

Мага куй, балдар дебесмин.

Эңсеп турсаң Калыгым,

Жутуп ий балам, бозону

Карымшактай досумдун,

Эмгегин айтып кошолу.

Бул досумдун аты – Карымшак,

Иштегени таруу-шак.

Тартып ий, балам Калыгым,

Баш-аягын караба.

Аягыңды түгөтсөң,

Куюп берет жана да, –

деп Током ушуну айтып, мага бозо ичирип, бир топ ырдап берип олтуруп, элди ыраазы кылып, аттанып кеткенбиз...

– Байгөнчөккө Калык келиптир, – деп эл бири-биринен угуп, концерт бүткөн соң Калыкты чакырышат. Ошондо Калыктан:

– Аркыт, Карасуу, Турдук деген жерлерди кадимки ырчы Жеңижок менен бирге жүрүп, ырдашкан деп угуп калчу элем. Таласта Эсенаман ырчы менен Жеңижоктун айтышканын айтып жүрчүэлең. Сени чакырып келгенибиздин жөнүошону бир уксак деп күсөдүк.

– Мейли эмесе, айтып берейин, – деди Калык аксакал. – Таласта Ташкаранын тою болот. Жеңижок ошол кезде жетим, энеси да, атасы да өлгөн. Ар кайсы түтүн чыккан үйгө барып, курсагын тойгузуп оокат кылып жүрөт. Ошондо он бирде кези. Ташкара казакка чейин эл чакырат. Эки жүз үйдүтиктирип, талаага кемеге каздырып, баарына этти салдырат. Кара жоргосун минип, Ташкара:

– Жакшы бышыргыла! Жакшы аралаштыргыла! – деген сөздөрүн айтып келатса, ала болгон бир бала колу-башын тырмап турганын көрөт. Кемегечини сырт жагына чакырып алып:

– Көрдүңбүтетиги баланы, колу-башында жарасы, аласы бар экен. Элге жугуш болот. Бир баладан таластык жарды болмок беле, мойнуна таш байлап, Таластын чоң суусуна салып жибергиле, – дейт.

Ташкаранын өкүмүкандай күчтүү. Бастырып кеткенден кийин кемеге бышырган баланы чакырып:

– Ташкара сени сууга сал, деди, бир тоголок этти суутуп, жашырын жерге коёюн, анан акырын алып кет, балам. Анын жардыгы эки болбойт... – дейт.

Бала камдап койгон этти алып, кетип калат. Аксыдан келген соодагерлер шайы, жибек, бермет, шуру, ошондой немелерди алып келип, Таласка сатып, жалаң эле жылкыга айырбаштап жатканын бала угат.

Ар кимден сураштырып, соодагерлерге барып, колун бооруна алып туруп салам айтат.

– Кайда барасың, балам? – дешет.

– Жетиммин. Энем да, атам да жок. Аксыда бир таякем бар деп элден угам. Мага атыңардын куйругун карматып, Аксыга ашырып жиберсеңер, – деп ыйлап жиберет. «Эртең ашчуңар ашыра кеткиле, жетим бала экен», – деп бирөө бирөөнө табыштайт.

Соодагердин кошуна конуп, эртесинде жайдак атка минип жөнөйт. Көчүгүталыганда аттан түшүп жетелеп алып, кээде минип, иши кылып аман-эсен Аксыны көздөй ашып кетет. Баланы таштап кеткенден кийин, бир жерден түтүн чыккан жер көрүнөт. Күн эрте. Түтүн улап келатса, астынан бир жөө киши жолугат. Мылтыгы бар сакалдуу адам экен. Жакын келгенде салам айтты.

– Олтур, балам, – деди? Жанына барып олтурду эле:

– Кайдан келатасың, балам? – деди.

Башынан өткөргөндөрдүн баарын ошол кишиге айтат.

– Ата-энең, жакының жок, олдо балам ай! Кайсыны айтайын. Байбичем бар, өзүм мергенчимин. Балам жок. Жүр, балам, үйгө баралы, – деп баланы үйүнө ээрчитип барат.

Боз үйгө барып калышат. Байбичеси тышка чыгат.

– Ата-энеси жок жетим бала экен, ээрчитип келе жатам, – деди эле эне баланын аласын, жарасын байкаган жок, мойнунан кучактап, көзүнөн жаш чыгып кетти. Баланы жетелеп, үйүнө киргизип, каймак, жуурат, тамак берди. Курсагын тойгузду.

– Балам, сенде ата-эне, менде бала жок. Мага бала болосуңбу? – деди.

– Мен жолдо атадай болгон кишиге кезигер бекем деген тилегим бар эле.

– Менин табыпчылыгым да бар, – деди ата болчу киши, – айыктырууга аракет кылайын. Доңуздун терисине оройм, дары болот. Кыскасы, боюң жийиркенип калабы деп ойлоп жатпаймынбы.

– Жок, ата!

Ошону менен жапан доңузду атып, терисин алат. үч айда айыктырат. Эл кыштоого конуп, мектеп ачылганда жакшы кийим кийгизип, баланы мектепке берет. Эң кыйын окуп, үч жыл окугандан кийин катты жакшы жаза билет. Ошо жердеги эл аш-тойдо болсун, ырчылары, комуз чертпей жөн эле ырдагандары болот. Жылдан-жылга жакшы ырчылардын ырларын жазып алып, акырындап ырдап да жүрөт. Бир күнү:

– Бир жерде уста болсо, мага жаманбы, жакшыбы комуз жасатып бер, – деп айтат атасына Жеңижок. Атасы жаңгактан комуз чаптырып берет. Алардын шарты комузу жок эле атчан туруп ырдайт экен.

Койдун ичегисинен кыл жасап, комузга тагып, элден уккандарын, жазып жүргөндөрүн акырын кишиге көрсөтпөй үнүн кошуп, өзүда оюнан бирдемелерди чыгарып, айта коюп жүрөт.

Жаз өтүп, мектеп тараган кезде эл жайлоого чыгат. Жолдоштору болуп талаага барышып, курбулары тегеректеп олтурушуп, чала-була ырдап, бая Таластан келген бала кыйын ырчы болуптур, – деп элге жайылып кетет.

өзүсезимдүү. Жылдан жыл өтүп, нускалуулардын сөздөрүнө кулак тосуп, айтты-тойду ээлеп жүргөн Нурмолдо деген чоң ырчыны көрсөм деген ойдо болуп, Каравандын жанындагы кыштактагы тойго теңтуштары менен атчан барып калат. Тойго келген эл эң эле көп. Барса айгыр минген чоң сакал кара киши Нурмолдо чоң чайкананын маңдайына келип, Аксыны бийлеген Сулайманкул даткага ырдап турат.

Чоң чайкананын алдына жакыныраак бастырып барып, кулагын тоссо, ырчылары көңүлүнө жакпайт. Сакал-муруту жок, көзүчекир өңдүүсаргыч жаш бала Жеңижок чыдай албай, Нурмолдонун астына келип, ырдап жиберет. Бөлөк эл тааный элек. Ырдап суроо берсе, Нурмолдо жооп кайтара албайт. Карап олтурган Сулайманкул бир жигитке:

– Бу Аксы жакта Нурмолдого ооз кайтарган эмес эле, жаш бала экен, билип келчи, – деп жигитин жумшаса:

– Жеңижок деген жаш бала экен, тааныган киши жок, – деп жооп берет.

– Бар, Нурмолдо экөөнүчайканага менин үстүмө алып кел, – дейт Сулайманкул.

Датканын жардыгы боюнча экөөнүалып келип, чай коюшат. Чай, нан ооз тиет.

– Кана Нурмолдо, улуусуң ырыңдан баштап көр! – деп өтүнөт Сулайманкул.

– Мен балага жол берем, окуган бала экен.

– Жеңижок балам, эми уруксат берди, ырдагын.

Ошондо чай кайнам ырдайт. Бая Жеңижок менен бирге келгендер күтүп отурушат. Ошондо Сулайманкул датка:

– Жеңижок балам, жаныңда жолдошторуң барбы? – деп сурайт.

– Бар эле.

Бир жигит кайра чыгып:

– Жеңижок баланын жолдоштору барбы десе: «Биз баятан бери күтүп олтурабыз», – деп үч-төртөө тура калат.

– Жеңижоктун атын ала кеткиле, ал жигит мында калат, – дейт датка.

Сулайманкул:

– Сен кайдансың? – деп сурайт. Ал өзүнүн Таластан келгендигин, мергенчи киши ата болгондугун эки ооз сөз менен айтып берет.

– Атаңды эмне ишке коём, айткының?

– Энем, атам да силерсиңер деп ант бергем. Экөөнүүстүмө көчүрүп бер деген тилегим бар, – дейт.

Атасын кондуруп берет. Ошону менен бир топ жыл өтүп, Жеңижоктун акындыгы Кетментөбөгө, Таласка чейин жетет.

Ташкара Таласка дагы бир той берет. Жеңижок деген акын бар деген атак ташты жарып, катуу кабар угулат. Ташкара Аксыга Жеңижок деген акынды ала келсин, – деп Сулайманкул даткага кагаз жиберет.

Казакты чакырат. Казактын Майкөт деген акыны келет. Таласта ырчынын башчысы Эсенаман болот. Жеңижок менен Сулайманкул датка келе элек.

– Сулайманкул датканы тосуп алып келгиле, – деп Ташкара Күркүрөө деген суунун оозуна киши коёт.

Майкөт, Эсенаман келгенден эки күн өткөн соң жол тостуруп койгон жигити: «Келатышат» деген кабар берет.

Жеңижок ырдап туруп үйгө түшөт. Ташкара баланы сууга сал дегенин билбейт. Эсинде да жок. үйүндө кондуруп, жай жаткызат.

Ташкара эртең менен чай ичип олтуруп:

– Кай жердеги туугансың, – деп кеп сурайт.

– Мен Аксылык эмесмин, Ташкара аксакал! Ушул эле Таласта туулупмун. Атам да, энем да өлүп, бир тууган да жок. Ажалым жок экен, же атаны, же энени көрбөй, үйрүп салар кийимим жок, бирөөнүн эски чокоюн кийип, эптеп жанымды багып, он бир жашка чыккан кезим, сиздин той берип жатканыңызды угуп, сорпо ичейин деген ой менен келип калдым. Кара жорго минип, эт бышыргандарды башкарып бастырып баратканыңызды көрдүм, тааныдым. Сиз өткөндөн кийин кемегечи бир кесим эт берип:

– Ала болупсуң, бул жерге турбагын, бала, кеткин деди. Эмне үчүн айтканын жакшы билбейм, – дейт жымсалдап...

– Ошондогу бала турбайбы! – деп Ташкара жакасын карманат.

– Ошол өзүм көргөн иним экенсиң, кечирип кой, бир туугансың, – деген экен Ташкара.

Эртесинде Сулайманкулдун үстүнө барып, даам ооз тийишип, чай ичишип олтуруп:

– Биздин бир кадырлуу, өзүнчө үй тиктирип коюп, ошого түшүргөн Эшенкул деген жакшы карыябыз бар. Казак акыны Майкөттү, өзүбүздүн Эсенаманды Эшенкулдун үстүнө түшүрдүм эле. Алардын келгени эки күн болду, күтүп жатканым сиз элеңиз, келип калдыңыз. Сиз менен кошо келген Жеңижокко жарчылыкты берип, той баштайлы, жар чакыртайын деп турам, кандай дейсиздер? – дейт.

– Менин бир жигитимди кошуп, жарыңды чакырта бергениң жакшы болот го, – дейт Сулайманкул.

– Жарчылыкты Жеңижокко бердим, – деп Ташкара айтканда эл дуулдап, аң-таң боло чыгат. Жеңижок ырын баштайт.

Ташкаранын жиберген жигити Жеңижок ырдаганда далайга угуп туруп, анан Эшенкул датканын үстүндөгүырчыларды көрөйүнчүдеп барып, ыраак орноткон мамыга атын байлап, сырттан Эсенамандын сүйлөгөнүн угат.

Эсенаман мындай дейт:

– Казактан Майкөт акынды чакырып алып, Ташкара бу жарчылыкты Аксыдан келген ырчыга бергени не деген шумдук! – дегенин угуп, атына минип чапкан бойдон барып Жеңижокко туйгузат.

Жеңижок ырын токтотуп туруп:

– Чогуу эле баралы, – деп Эшенкул датканын үстүнө барышат.

Ат алышат. Эшикти чоң ачат. Эшикти ачкандан кийин Сулайманкул, анын аркасынан Жеңижок кирет. Сакалдуу киши экен деп Эшенкулга, андан кийин Майкөткө, беркилерге кол алышат. Майкөт кайыш илгичинен домбурасын керегенин башына илип коюптур.

Эсенаман ачуусу келип, төрдөгүнемеге таянып, чепкенин желбегей жамынып олтурат.

Эшенкул Майкөттүөзүнөн жогору жакка олтургузуп коюптур.

– Эсенаман улуусуң, ыр сизден болсун, – деди Эшенкул. – Жол улуунуку болот дейт эмеспи.

Жүктүн үстүнө комузун коюп коюптур. Комузун алып, Эсенаман ырдайт.

Мындан соң кезекти Жеңижок алып, Эсенамандын ар сөзүнө жооп таап, эл алдында кандайча экенин Калык төгүп ырдап берди.

Калык кандай ыр болбосун, элдик дастандарды так өзүндөй, машына келтирип аткарар эле.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×