Добавить статью
11:05, 18 марта 2011 28227

Комузчу

Автор: ЧАЛАГЫЗ

чала.jpg 1969-жыл. Январь. Чакем үйүндө жок экен. Нурила апа:

– Олтур айланайын, максым ич! – деп калды.

Максым ичип олтуруп, Нурила апанын башынан кечирген өмүр жолунан айтып берүүсүн өтүндүм.

– Кыргызча атым Нурила, чыныгы ысмым Анна Сазонтовна, Ташкент шаарында туулганмын. Атам мугалим болуп иштөөчү.

1916-жылы апам катуу ооруду. Жер которгула, Жетисуу деген жер бар, ошол жерге алып баргыла, – деди профессор.

1919-жылы араба менен чыгып, Ысыккөлдөгү Темировкага көчүп келсек, эки эле түтүн орус бар экен.

Кыргыз үркүп, кайта келип жаткан кези. Биз көчүп келгенде: жакшы орус келиптир, законду билген киши экен, – деп бизге келе беришчү.

1922-жылга чейин Темировкада жашап, Дөөлөтбай, Орозбай, Жайнап, Таке деген кишилер менен бир туугандай болуп кеттик.

Энем Ысыккөлгө баргандан кийин айыга баштады.

1923-жылы Корумдудан Дүйшөбай деген кишиден короо сатып алып үй салып, жашап турдук.

Атам Сазоновкада Чакем экөө бирге иштеп, таанышып калышат.

1926-жылы ноябрда Чакем экөөбүз кол кармашып Чолпонатанын тоосуна качып кеттик.

Рыспай деген киши биздин качып бара жатканыбызды көрүп, апама айтат. Атам үйдө жок эле.

– Чалагыз кызыңды алып качып баратат, – дегенде, энем эси ооп, жатып калат. Суу сээп, эс алдырышат. Апам эсин жыйгандан кийин, улуу бир тууганым Петр атына минип, беш атарын асынып, Балыкчыны көздөй чабат. Торуайгырга чейин барып, таба албай, кайра тартат.

Атам келгенде сүйлөшүп, иши кылып чыгарып алуунун аракетин кылышты. Чакемдин туугандары бар эле, жашынган бойдон тоого кыштадык.

Адеп барганда, Осмон, Бааржык деген кишилер менен Уурбаш деген кишиникине түштүк.

– Бул жерге көп турбагыла, бул жерден силерди табат, – деп бизди башка жерге жөнөтүштү.

Чолпонатанын кыштоосуна, Орозбай деген кишиникине бардык.

Бул жерде эки айча турдук. Чалагыздын жолдоштору эне-атам менен кабарлашып турду.

– Ленинграддагы улуу уулу менен кат алышкандан кийин кайын атаңар жоошуп калды. Айылга барсаңар болот, – деп Осмон деген жигит келип айтты.

Ата-эне, бир туугандардан коркуп, тоонун арасына боз үй тигип, тоого кыштадык. Көп кордукту көрдүк.

1927-жылы апрель айында айылга түштүк.

1929-жылы балам чуркап жүргөн кезде, кичүү иним Коляны жиберип, энем чакыртты. Атам жок экен. Барайын десем, элдин баары барсаң жибербей коёт, – деп, болушпайт.

– үч жыл болду, энемдин көзүн көрө элекмин, – дедим болбой.

Ат токуп, кайнимди кошуп, баланы өңөрүп алып бардым. Барганда энем көрүп, кучактап алып, бакырып ыйлады. Чай ичип, атамдан коркуп кетип калдым.

Бир айдан кийин атам чакыртты. Баланы өңөрүп дагы бардым. Атам унчукпады. Баланы башынан сылап:

– Чалагыздын турмушу начар, мингенге аты да, кийгенге чапаны да жок, балага сүттү да бирөөдөн сурайт деп укчу элем, чынбы? – деп сурап калды.

Сырын жашырган жокмун.

Бечара атам бир музоолуу уй жетелетип, каралаша баштады.

1976-жылы, июнь айы. Чакемдин үйүнө барсам, диванга олтуруп алып, комуз чертип жаткан экен.

– Телевизорго күү чертесиң дешти, ошого комузумду таптап жаткамын… – деп мээримдүү жылмайып койду.

Бир аздан кийин аңгемебиз улуу комузчу Карамолдого бурулуп кетти.

– өзү калп айтпаган, мактанбаган киши эле, – деп сүйлөй баштады Чакем. – Карамолдодой комузчу барбы! Комуз черткенде, эки көзүнөн таруудай чылпак чыгып, бир жакты карап, катып калчу. Комузга берилген киши эле. өмүрүнүн акыркы жылдарында, бир күнү кичүү баламды жетелеп үйгө келип:

– Чаке, ушу балаң киши болот. Жолдун аркы өйүзүндө баратсам салам айтты. Жакшы бакчы! – деди.

Эки колуна балмуздакты карматып алыптыр. Карамолдо капылет гана кетти!

Бир күнү:

– Карамолдо катуу ооруп калды, – деди Осмонкул.

Ооруканасын издеп таптым. Карамолдо операциядан кийин чалкасынан түшүп жатыптыр.

– Алда жаным ай, бир ууртам суу дилде болду! Төрт саат операция кылды. Сокур ичеги экен. Көп кыйнап койду, – деди.

Ээрдин марли менен сүртсө, ошого канагаттанат. Көзүн ачпайт, сууну эле кеп кылат. Көзү жашылданып турат.

Олтурдум. Таң атты. Уктабайт. Күн терезеге тийгенде:

– Аялыңыз келатат. Мен үйгө барып эс алайын, – дедим.

– Бар, бар эс алгын. Менин кичине досумдун бетинен өөп кой, – деди колун сунуп.

Ошол күнү таңга жуук жан берди.

– Молдокемдин «Сынган бугу» деген күүсү тууралуу айтсаңыз.

– Талаш болуп жүрөт, «Сынган бугу» күүсүнүн тарыхын айтайын. Матайдын Байгазысы комузчу киши экен.

Жунуш дегендин кызына бирөө куда болот. Кызына өргөө жасап, жасоо жабдыгын келиштирип, беш-алты күндө беребиз деп жатканда:

– Кыз курусун, малга кызыгып, атам мени бергени жатат. Менин айлам кетип турат. Айла келсе, бел байлаган жигит, өзүмдүн теңим болсо, кетээр элем, – деп кыз күйөөсүн жаратпай жүргөнүн жеңелерине айтат.

– Байгазы комузчу, көңүлгө жаккан кыз болсо деп, кыз издеп жүргөнүн уккан элем, – дейт жеңеси.

– Ал Байгазыны уккамын. Макул десе, качамын. Жеңе, эч кимге айтпай, бир киши жиберип сүйлөш, жагдайымды айт.

Жеңеси киши жиберет. Байгазы бул кызга сыртынан ашык болуп жүргөн экен.

– Мен тирүү туруп, уят кылбаймын, – деп жооп кайтарат. Жиберген киши айткан сөзүн айтып келет.

– Сен эмне дейсиң, – дейт жеңеси.

– өлсөм да барамын. Ал малын байласа, мен жанымды байладым. Келсе чапчаң келсин, беш-алты күндөн калса, мени узатып жиберет, – деп кайта киши жиберет.

Ошону менен Байгазы келип, кызды алып кетет. Узатканы жаткан кыз жок, кайда кеткенин эч ким билбейт.

Бир нече күндөн кийин, Матайдын Байгазысына барыптыр, деген кабар угулат. Кыз алуучу, кыз берүүчү экөө бир тарап, Байгазы тараптуулар бир тарап болушуп көп чатак чыгарат.

Байгазы колунда болгон малын калыңга төлөп, айыбына берип, сынып калат.

Бул Байгазы сыныптыр, алган аялын көрөлү, учурашып көңүлүн көтөрүп, комуз черттирип берели деп, жолдоштору жаш комузчу Күрөңкөй уулун ээрчите келишет.

Ошондо Байгазы бул күүнү чертип олтуруптур. Сынгандыгына муңайгансып, бир чети ала качып, кызды алып калгандыгына кубанган өңдөнүп, кубаныч кылып черткен күү экен.

Муну Байгазыдан Муратаалы үйрөнүп алып, Чүй бооруна келип чертет.

– Бул кайсы күү, жакшы күү экен, – деп сураганда Муратаалы аке Байгазынын атын унутуп коюп: «Сынган бугунун күүсү», – деп айтыптыр.

Ошондон улам бул күүнүн аты «Сынган бугу» болуп калыптыр. Биз бала кезде, аз кайрыктан турган, кыска күү эле. Кийин Карамолдо устаттык менен өлбөс күү кылып койду.

1977-жыл, 29-май. Түшкө маал барсам, Чакем бала-чакасынын кашында тамак ичип, чечилип сүйлөп олтуруптур.

Бирге олтуруп тамактандык. Кол жууп, жайлангандан кийин, жазып жаткан «Насият» деген поэмасын, газетага чыккан ырларын көрсөттү.

– Ата, – дедим Чакемдин көңүлүн белгилүү бир темага буруп, – бала чагыңыздан тартып, көргөн-билгендериңизден аңгеме куруп берсеңиз. Биз таржымалыңызды толугураак билгибиз келет.

– Быйыл 89 жашка чыктым, – деп аңгемесин баштады Чакем. Чырпыктыда туулган экенмин. Атамдын эркек баласы жок киши экен. Элүү үч жашка чыкканда мени көрүптүр. Апамдын аты – Короолу. Атам бала кезинде, бүркүт салганын билээр эле. Жаңыдан балдар менен чүкө атышып жүргөн чагымда, жейрен алдырып, жейрендин чүкөсү деп бергенин билем.

Мен эс тарткандан кийин, өзүмдү тартып мүнүшкөр бол деп, ителги, ылаачын, бүркүттөргө томого тигишти, мээлей жасашты, ар бир сала турган куштардын айырмасын айтып, жакшысын сыноону үйрөткөн эле. Ошону ушул күнгө чейин адат кылып келе жатам.

Атам башында чоң мерген экен. Атам суунун боюнда, бүркүттөрүн түлөтүп олтурганда, бүркүтүнүн сынын суроого, бөлөк бүркүтчүлөр келишчү.

Атам бүркүттү колуна кондуруп туруп:

– Алда баатыр ай, алда баатыр ай! – деп тумшугун сылап эркелетээр эле.

Бүркүтчүлөр бүркүттөрүн сынатып, кубанып, күлүшүп калышчу.

Анан кайра барып, кээси тогуз коргоол ойноп, ойнобогону атамдан кеп сурашат.

– Мылтык аткан, же бүркүт салган кызыкпы?

Ошондо атам:

– Баары эле кызык. Ар кызык өз убактысында. өнөрдүн асты – мергенчилик. Мергенчиликтин кызыкчылыгы, кийиктин калың жерине көп кишилер менен бир сөзмөр, шайыр аралаш болуп, тээ салкын төргө чыгып, ошо кийиктин эң эти таттуусу – аркар, кулжанын семизинен атып, кошко барып, жаңы казанга этти салып коюп, аттарды кара башыл болгон бетегеге тушап коё берип, аттар коштун тегерегинде жуушап, жалаң сөздү жакшы сүйлөгөндөрү сүйлөп жатса, этти бышырып жеп, ай сүттөй жарык болсо, жакшы сөздөрүн улантып, уйку кызык келгенде уктасаң, таң атып калса, турсаң, муздак сууга жуунуп, калган эттерди анча-мынча жеп, анан ар кимиң ар жерге бет алып кетесиң. Кечинде аткандарды алып келип, терисин жайып, отту чоң жагып, жанагы казанга этти салып коюп, мен мындай, тиги тигиндей атты деп, сөздү талаша сүйлөп олтурса, Манастын жомогун айткансып, мергенчиликтин кызыкчылыгы ошондон көркүнө чыгат, – деп койчу эле.

Коён, кыргоолго куш салуу, жалаң жаш жигиттердин жумушу.

Куштун жакшысын Туйгун дейт. Экинчиси – Тунжур. Булар ак келет. үчүнчүсү – Тынар. Тумшуктун үстүндө жоон карасы, сырты бир түлөк куштукундай көгүш кара, боор жүнү ак болот.

Анын дагы айырмасы, боо тагуучу жилиги кыска, жоон, жумуру жана буту куштукундай сары эмес, көгүш-көгүш, көзү айрандай ак.

Тынар деген куш чанда колго тиет. Коёнду куш серпип, бутун сындыра албайт. Ал эми Тынар каптал жагынан серпсе, бир жак буту сынат, сынбай койбойт. Балбандыгы мына ушундай!

Туйгун өзү ак. Куштун асылы деп айтабыз. Ошондой болсо да балбандыгы Тынарга жетпейт.

Булардын тукуму назик. Кирдүү эт берсе, дартка чалынып, тамагын сиңирбей майып болот. Жемди кайра кусат.

Ылаңдаган кезде, чычкан бере коюп, эки-үчтү айыктырдым.

Жалгыз балатыга тууйт.

Куш, чүйлү, кыргый – тукуму назик, сасык эт берүүгө такыр жарабайт. Булагы бар жерде туубаса, балапаны өлүп калат. Бир күндө үч ирет суу ичет.

Энеси булактан жута коюп, акактап канаттарын жайып турган балапандарынын оозуна куюп берет.

Бийик карагайдын башына уялай тургандары: күйкө, лаачын, турумтай, жагалмай. Булар суу ичпейт.

Ителги, бүркүт зооканын чуңкуруна, ташка тууйт. Бүркүттүн балдары суу ичпейт. Бүркүт да такыр суу ичпейт. өмүрлүү болот, отуз жылга чейин жашайт. Анан канат-куйругу кыскарып кетет.

Суунун жаны көк чөп, түлөп жатканда этти да таза көк чөптүн үстүнө таштап берет.

Ителги сууга тырмагын да тийгизип койбойт. Суу ичпейт.

Тумшугун сууга жанып тийгизген бир гана бүркүттү көрдүм. Бозум бүркүт эле, түлөтүп олтурсам Ысак деген досум алып кетти.

Баарынан кызыгы – кыраан куш салыш. Шумкарды кондуруп сыртка чыкса, бир суунун боюндагынын баарын көрөт деп айтчу атам.

Карамолдо экөөбүз молдодон окуп жатабыз. Ошондо ителги салганды үйрөнүп калган кезим. Бозо салган, бейшемби күн эле. Айылчы деген агаларыбыз чычаладай болгон нечен түлөгөн кара шумкар, жолдошу боз ителги кондуруп келип калышты.

– Ителгиңерди бергиле. Мобу сеңирге барып, коёнго салып келели, – десек берди.

Томого катканды билебиз, баарына машбыз. Сеңирди көздөй баратабыз, он бир-он эки балабыз, бир ити бар экен, ээрчитип алдык.

Түз эле жолдун үстүнө чыксак, суу жеген арык, ошондо жапырынды чөптөр бар, кара шумкардын томогосун алып келе жаттым эле, жытын алган окшойт, ит барып арыкка аттап түштү эле, булт этип коён качты. Аны ителги аңдын башына чыкканча алды. Ит тийген жок.

– Улуусуң, – деп Карамолдого карматып койдум.

– Эмгек сеники! – деп итке башын кесип бердик.

Сеңирге чыктык. Төө куйрук, майда таш. Карамолдо экөөбүз туура кетип баратабыз. Мен өзүм жерге тийбеген күлүк болчумун. Астындамын.

Молдокем артта калып калды.

Машке төмөн жагымда жойлоп баратты эле, коён бар экен, ошонун жытын алган окшойт, Карамолдонун жанына барып, куйругун көтөрүп шыйпаңдатты.

Томогосун ала элек элем. Аңгыча ит секиргенде, коён экен, типтик ылдый качып калды. Карамолдо ителгисин салса, арт жагынан тепти эле чычаңы ыргып кетти.

Барсак, бөйрөгүнө чейин, белдин соорусу менен үзүлүп кетиптир. Бул эмне деген күч!

– Кетелик, өздөрү да салат го, – деп бөйрөгүнөн азыраак чокутуп жегиздим.

үйгө барсак, этти чыгара элек, бажылдашып жатыптыр. Бирөөнүн башы жок, эки коёнду алып бардык. Бизге кубанышып, жан-алы калбай жалынышты.

үркүндөн бир жыл мурун, кадимки Чолпонатанын жанында ителги салганы баратсак, Тынтай деген киши шумкар алып келиптир.

Каройдун Кокон кыштагына жакын таштуу жерден, коён кууп келе жаткан иттин үргөнү угулду. Кара Шумкарды коё берди. Шумкар тепкенде, коён үйчөлүк көтөрүлдү. Тээп салгандан кийин ташка барып коно калды.

Коёндун башынын, мойнунун сөөгү талкаланып, эки көзү ыргып калыптыр.

Лаачын да учкул келет. Чоңу каз, куу алат. Суу ичпейт.

Күйкө, жагалмай да суу ичпейт.

Буларга томого керек. Антпесе жердин түбүндөгүнү көрүп, талпына берет. Шумкарды кечинде коё берсең, үйгө барып түндүгүнө конуп алат. Шумкар көп качпайт. Ителгинин тукуму. Лаачын кичирээк болот да, учкул балакет. Ителгинин баласын бүркүт жеп кетет.

Жапан ителгилер ыраактан көрүп, бүркүттү тээп өлтүрөт. Как-как, – деп учуп, шамалдай качырат. Бир аздан соң бүркүт ала салып жатып калганын көрөсүң.

Канаттуунун көзү жер түбүндөгүнү көрөт. Кузгунду өзүң билесиң.

Чүйлү – куштун эркеги.

Чоңу куң… – деп Чакем аңгемесин кыскартып, – мына бу иниңдин жолдоштору келишет экен, дагы бир жайчылыкта келсең, мен мүнүшкөрлүк кылбай калбадымбы, дайыма эле үйдөмүн, – деди.

Белгилүү комузчу Чалагыз Иманкулов Ысыккөлдүн кылаасында төрөлүп өскөн. Бала кезинде алардын айылына комузчулар көп келүүчү экен. Комуздун үнү кайдан чыкса, ошол жакка жүгүрүп жетчү Чалагыз.

– Ушул Чалагыз комузчу болот! – деп көп айтуучу экен Көбөөн деген комузчу атасы Иманкулга.

Ошол кезде, Шамырдын уулу Каптагай комуз чертүүчү. Алар менен бир кыштап, бир жайлоочу.

Күүнүн башын Каптагайдан үйрөнүп, мындан кийин Карамолдого кошулуп кетет.

Атактуу Муратаалы Байган кыякчы менен жыл сайын барып калуучу. Ошондон көп залкар күүлөрдү үйрөнөт.

Акмолдо деген устага атасы комуз чаптырып берет. Кийин Жансерке устадан комуз жасоонун чеберчиликтерин үйрөнөт.

Чалагыздын комуз жасап жатканын көргөндө:

– Сен эрикпейсиң, ээ садага болоюн, – деп ыраазы болуп калчу экен Жансерке.

1924-жылдан Темир, Таштак айылдык Советинин төрагасы болуп иштейт.

1936-жылы филармонияга келип кирип, көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенди.

Чалагыз Иманкулов 1939, 1958-жылдары Москвада өткөн кыргыз искусствосу менен адабиятынын декадаларына активдүү катышкан.

Чакемдин комуз жасоо искусствосуна кошкон салымы чоң. Ал комуздун башына, мойнуна өзгөртүү киргизген. Бул комуз элпек, колго күч келбейт.

Кыргыз театралдык коому 1961-жылдан тартып, Чакемдин үлгүсү боюнча комуз чыгарып жатат.

Чакем колун кагазга жорголоткон жазма акын. СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. Анын калеминен жаралган «Нур заман», «Чынтемир», «Замандашым комузум», «үч кыз», «өмүр белестери» жана башка китептери республикабыздын окуучуларына кеңири маалым.

Ошону менен бирге атактуу мүнүшкөрдүн бири.

1962-жылы республикалык радионун музыкалык фондусуна Чалагыз Иманкуловдон тандалып, элүүгө жакын күү жазылып алынган.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×