Добавить статью
11:38, 18 марта 2011 26112

Чоорчу

Автор: АСАНБАЙ

Асанбай Белгилүү чоорчу Асанбай Карим уулу 1892-жылы Сузак районундагы азыркы Эркин кыштагынын аймагында жардынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Энеси Мээр алты жашында өлүп, түштө көргөндөй элес-булас билет. өгөй эненин колунда жүрүп, он эки жашка чыкканда, Шамурат дегендин коюн эки жыл багат. Кой багып жүрүп, чоорчулардын чоорун угуп, ышкысын коюп муңайып, карып болгон адамдай, күн-түн чоор тарткысы келе берүүчү. Ошентип жүрүп, койчулардан арман күүлөрдүүйрөнүп, тартып чыгат.

Мындан кийин Турдугул деген кишинин коюн багып, бир-эки жыл жүрүп, таанышып ата-баладай болуп калат. Турдугул казынын коюн багып жүрүп, Нарбай чоорчуну көрөт.

Нарбай өзүчоор жасап берип, үйрөнөм дегендерге чоор үйрөтүүчү.

– Ушунча балдар үйрөнөм деп үйрөнө албады, – дечүНарбай нааразы болуп.

Атактуу Бүжүр чоорчунун үч уулунан Нарбай тартыптыр.

– өнөрүмдүмына ушул Нарбай алып калат, – деп айтуучу экен Бүжүр.

Асанбай он эки жашынан тартып, Нарбайдан таалим алат. Нарбай жайында тартып турганда, Асанбай алдына келип калса, тартпай коюучу. Ошондуктан, жыйырма-отуз адамдын артында, көрүнбөй туруп, тартылган күүлөрдүкөкүрөгүнө түйүп, түнкүсүн чооруна салып алуучу. Нарбайдан алгач «Бай коюңду жоо алды!» аттуу күүнүалат. Нарбайдын атасы Бүжүр чоорчу бул күүнүтартканда, адам ыйлап турар эле, – деп эскерчүэкен Асанбайдын атасы Карим.

Илгери бир жетим бала он жашында элүүчакты кою бар байга малай жүрүп, отуз жашка чыкканча байдын кызматын кылып, койду көбөйтөт.

Дабанга алып барып, оторлотуп таштаганда, аркадан жети каракчы келип тиет. Ошондо койчунун эки колун артына таңып, койго кошуп айдайт. Айдап дабандын белине жеткенде:

– Акелер, колумду бошотсоңор, чоорумду бир тартсам, анан чабасыңбы, атасыңбы, эмне кылсаңар ыраазымын, – дейт.

Эр-ээй, эр-ээй, эр басты,

Бай коюңду жоо басты.

Тарт дегенде тартпаган

Арам өлгүр көк серке,

Каракчылар келгенде,

Тартып бир дабан бел ашты! –

деп чоор менен сүйлөтүп тартканда, байдын кызы эшикте өрмөк согуп олтуруп угуп:

– Ыя, ата, койчуң мындай чоор тартпас эле, дабанга туруп чоор менен: «Жоо айдады коюңду!» – деп чакырып жатат. Каракчы тийиптир, – дейт.

Атасы жүгүрүп: «Каракчы тийди!» – деп беш-алты адам чогултканда, кызы айтат:

– Ата, күлүк атты минип, астыңа куржун салынып, дабанга жакын жерден куржундун эки көзүнө топуракты толтуруп, дабандын белине чыгып, куржундун эки түбүнөн тешип:

– Кетти эле, кетти! – деп кыйкырык салсаң, дабанга топурак сапырылып, чаң ызгыса, көп куугунчулар келе жаткан экен деп, каракчылар койду да, койчуну да таштап качат, – дейт кызы.

Атасы кызынын айтканындай кылып, койду койчусу менен аман-эсен каракчылардан ажыратып калып, кызын берип, койчусун күйөө бала кылып, койдун теңин бөлүп берет.

Жаш кезде Нарбайдан үйрөнгөн күүлөрүнүн бири – «Кара кыз менен Сары кыз». Кара кыз менен Сары кыз мелдешип, жорго салдырышат.

Сары кыздын аты артта калып, Кара кызга жалынып:

Айланайын Кара кыз,

үргүлөйүн Кара кыз,

Тура турчу Кара кыз,

Атыңдын башын бир азга,

Бура турчу Кара кыз! –

деп арман кылып, Кара кыз бир чакырымча узап кеткен жеринен күтүп туруп жакындаганда, жана коё берип кетет. Төрт-беш жолу ушинтип кайталангандан кийин Сары кыздын аты күйүгүп өлүп, жөө калат. Кара кыз өтүп кетет. Жоргосу айдама күлүк экен. Жана коё берип бура тартат. Ат күйүгүп жинигет.

Асанбай Алайкуга кой багып барат. Кой кайтарып жүрсө, кыядан жасалуу көч кетип баратыптыр. Ошондо «Узак күүнү» тартат. Көч токтойт. Көчүп бара жаткан эл конуп, кой союп, эртеси кетишет.

Аравандын төмөн жагындагы Шиманбулакка, Рабиахан аттуу эжесиникине мейманчылап барат. Акжол деген чоорчунун үйүошол жерге жакын экен.

Тойдо беттешип калышат.

– Кана, Акжол аке, бала келип калыптыр, чооруңду бир тартыңызчы. Нарбайдан өтүп кеткенмин, – деп мактангансыз. Кимиңер жакшы тартат экенсиңер, – дейт көпчүлүк.

Акжол аке Асанбайдын чоорун алып, көрүп жакшы келтире албай коёт да:

– Бул чоорго желим жетпеди, өзүмдүн чоорум болгондо тартат элем.

– Кана, барып өзүнүн чоорун алып кел! – деп, адамдар бир баланы жиберди.

Чоорун алып келишти.

– Акем менден улуу киши экен. Күүсүнүн атын таамай айтып койсун, – дейт Асанбай.

Акжол чоору менен көпчүлүктүн ичинде тартты.

– Эмне күү? – деп сурап калышты.

– «Узак күү», – деп тартты.

Эки күүтарткандан кийин:

– Эми бала тартсын, – деп кезек таштайт.

Анан Асанбай «Сарбаз күүнү» өткөрүп туруп: – Акжол акенин «Узак күү» – деп тартат.

– Ким мукам келтирээр экен, – деп кулак салышып, күүбүткөндө:

– Атаңа, ырахмат! – дешти.

– Акжол аке Нарбай чоорчудан өтүп кеттим деп айттыңыз эле. Бул жаш эле бала экен, мына сиздикинен «Узак күүнү» аша тартты. Баланын тарткан «Сарбаз күүсүн» тартчы, бир угалык! – деди көпчүлүктүн ичинен бирөө.

Акжол Асанбайдын күүсүн кайра албады. Нарбай кийин жыйында:

– Менин үлгүмдүн баары сага калды! Менден өйдө тартасың! – деп ыраазы болуп, чоорун Асанбайга берип турчу экен.

Асанбай жыйырма беш жаш кезинде, Нарбай сексен беш жашка чыгып, дүйнөдөн кайткан.

– Нарбайдан да өтүп кетти! – деп эл той-тамашага чакырчу болду.

Он тогуз жашында Гүлсүнгө үйлөнөт. Абдылда, Жолдош деген эки уул көрөт.

Бир күнүүйдө уктап жатканда, түн жарымында мылтык-жарактуу басмачылар келип, Асанбайды байлап коюп:

– Эгер, кырың добуш кылсаң, атып өлтүрөм! – деп экөө башында карап турушту.

– Бүгүндөн кийин кыйкырык салып, бирөөгө айтсаң, эртең келип өлтүрүп кетебиз, – дешти.

Бир ую, эки кунажынын айдап, үйдөн керектүүнерсенин баарын алып кетти. Ушинтип, үй-мүлктүн баарынан кол жууш­ту. Абдылда деген уулу үч жашында ачынан чарчап калды. Жапжайдак калгандан кийин, оокаттын айынан аялы төр­күнүнө кетүүгө мажбур болот.

Башы катып, эмне кылышты билбей, өйдө басып, ылдый басып, ал жерден жол болбойт экен, Кылычтамга барып буудай сээп алайын деп, бутунда куу чокой, жаман тон кийип, чоорун желкесине салып алып, Чангеттиге бет алып кетип баратса, тескеде отряд жолугат.

Бул жерден ыктыярдуу отряддын командири Чаканга жолугат. Басмачыдан экөөнүбир атка айкалыштырып таңып, байлап коюшкан экен. Баары түзгө келип чогулду. Чангеттинин оозуна келип туруп, басмачынын жетелеген атына мингизип:

– Кана, балам, чооруңду тартчы! – деди.

«Узак күүнү», «Сарбаз күүнү» тартат.

– Бали, уулум, жүр! – дейт.

Ал жерден отряды менен өз үйүнө алып барды.

– Балам, сен кимдин баласысың? Булакбашылык болосуңбу?

– Мен Булакбашылык эмесмин, мына ушул Чангеттиде туулгамын.

– Карим акенин уулу, өзүбүздүн туугандардан экенсиң. Болуптур эмесе, сен мына ушул жерде жүрө бер, кардың ачса мен жардам берем. Сенин чооруңа ышкыбыз түшүп калды. Мынабу отрядда түндөсүн уктатпай тартып бересиң. Мынабу адырга буудай сээп берем, – деди Чакан.

Ушинтип отряд менен бирге жүрүп калат. Отряддагылар Асанбайдын чоорун жактырышты.

Асанбай чоорду тартып, байрактын артында жүрүүчү. Басмачы жоюлду. Отряд менен бир жылга жакын жүрөт.

– Уруксат берсеңер, эми элиме барайын, оокат кылайын, – дейт Асанбай.

– Эмне кылам, андай болсо, балам, баргын, – деди Чакан.

Асанбай колхозго кирип, белсенип иштеп, колхозчулардын көңүлүн ачып, чоор тартуусун да уланта берет.

Ушинтип, арадан нечен жылдар өтөт.

1967-жылы май айында Асанбай чоорчуну Эрмуратов Койчубек деген инилери Бишкек шаарына алып келип, республикалык радиого: «Сарваз күү», «Узак күү», «Ат келди», «Бай коюңду жоо алды», «Кара кыз менен сары кыз», «Дагыстан күүсү», «Арман күү», «Дарваз күү», «Каттама», «Карагул менен Сарыгул ботом», «Чыйбылдын кызынын кошогу», «Улар күү», «Келин көчүрүү», «Кыяк күү», «Таттыдан-татти», «Махтым», «Коңур күү» ж.б. чоор күүлөрүн жаздырды.

Асанбай ата биздин үйгө эки-үч күн конуп калды. өтө сылык, чоң маданияттуу карыя экен.

Күнүгө кечинде жатаар алдында, эртең менен эрте төшөгүнүн үстүнө олтуруп алып:

– Чоор күүсүмээ толтурат, – деп кубулжутуп чоорун тартат.

Бир күнүэртең менен Асанбай ата чоорун колуна алып:

– Бул «Махтым» деген күү, – деп калды.

– Күүнүн тарыхын айтып берсеңиз? – деп сурандым.

Илгери Махтым сулуунун Элдияр, Султан деген эки агасы болгон экен. Эки агасы менен ууга чыгып, кароолукта турат.

Баягы карындашы узун чачын жууп калат. Агалары уу кылып турганда дөбөдө туруп:

– Агалар, бүгүн ууга барбагыла. Мен чачымды тарап, өрүп алайын, – деп бир чачын өрүп, бир чачын өрө электе, агалары ууга кетип калат.

Махтым сулууну аламын деп көз салып жүргөн калмактын Бекарстан, Чынарстан деген колбашчылары, акелери ууда жүргөн кезде көп кол менен каптап кирет.

Карындашы калмактардын келген кабарын угуп, эркекче кийинип, узун кырк кулач чачын жеңдин ичине таштап, башына чакмакы (кундуз телпек), белине кемерди байлап, бутуна жөөкүөтүктүкийип, бараң мылтыгын алып, агаларын коргоп калууга артынан жөнөйт.

Калмактар менен атышып, салгылашат.

Эки агасы байлануу. Кыздын көпчүлүккө алы жетпей, атчан жеткизбей качат. Кутулуп кетээринде, түрүп койгон узун чачы түшүп кетип, аттын бутуна оролуп калат да, тутулуп калат.

– Карындашыңды биз алып кетебиз, силерди коё беребиз, – дешип калмактар кыздын эки агасын коё берет. Карындашы байлоодо калат.

Калмактардын колуна түшүп кетип баратканда, кыздын агаларына айткан арманы:

Элдияр, Султан акелер ой,

Кыш жайлооң айтып бер, аке,

Кышында качсам табайын, аке.

Жаз жайлооң айтып бер, аке,

Жазында качсам табайын, аке.

Күз жайлооң айтып бер, аке,

Күзүндө качсам табайын, аке...

Ошондо агасынын бири жооп кылат:

Менин кыш жайлоом Кыраңташ, Махтым,

Кышында качсаң мындан тап, Махтым.

Жаз жайлоом Жалпакташ, Махтым,

Жазында качсаң мындан тап, Махтым.

Күз жайлоом Күрөңташ, Махтым,

Күзүндө качсаң мындан тап, Махтым.

Калмактар Махтымды күлүк аты менен кошо алып кетет. Атынын кулагын, куйругун кесип, жылкыларга кошуп жи­берет.

Барганда буга моюн сунбай, кетемин деп амал кылып, кордук тартып жүргөн Арбанкул, Тарбанкулду кыргызга бирге качалы деп убадалашат.

Махтым күндөрдүн биринде жылкычыны алдап, бээни союп, өпкөсүн, жал куйругун алып келсең, тилегениң беремин деп алдыртып, Бекарстанга күнү-түнүарак берип мас кылып жаткызып коюп, боз айгырдын жалын моюнуна ороп, өпкөсүн эки колуна карматып, бокчо дегенди кучактатып качып чыккан экен.

Махтым өзүнүн атын минип, Арбанкул, Тарбанкулду ээрчитип, Эртиш деген чоң суудан амал менен өтүп, Текеске барып калганда Бекарстан иниси менен кууп жете келген экен. Ошол тушта күн нөшөрлөп жаап, сел жүрүп, сүүүйөрлөнүп Текести кечип бараткан калмактарды агызып кетет. Арбанкул менен Тарбанкулду ээрчитип, элине аман-эсен келген экен.

«Ат келди» күүсү. Илгери алты жылга чейин удаасы менен чыгып, эч кимге байге бербеген, кембагалды наамдар кылган Торкашка ат болот.

Дагы чоң байгеде чыгып келгенде, бир залим зордук кылып, Торкашка атты тартып алып коёт. Залимге алдырып жибергенде, кедей Торкашка атты кошуп ыйлайт:

Атаны кокуй, Торкашка ат, кокуй,

Айбандын сыны бир башка ат, кокуй.

Жүгүрүп келип жүздүалган, кокуй,

Жүздүктөй болгон Торкашка ат, кокуй.

Ооздугун кемирген, кокуй,

Оонап отко семирген, кокуй.

Баш байгесин алчу элең, кокуй,

Буйруп койсо Теңирден, кокуй.

Чыла жерге жатпаган, кокуй,

Тай экенде да чаппагам, кокуй,

Кунаныңда да сактагам, кокуй.

Бышты жашка жеткенде,

Саяпкер менен таптагам, кокуй.

А деп эле алдына чыгып келгенде,

Алты уруу элдин ичинде

Абырагымды көрсөтүп,

Мени акындар келип мактаган оо, кокуй...

Бул келишинде Асанбай чоорчу журналисттер клубунда журналисттер менен жазуучуларга чоор күүлөрүнөн тартып, көпчүлүктүзор кубанычка бөлөдү.

Булак: Эл шайырлары. Адабий маек / Түз. Буудайбек Сабыр уулу Б., 2008

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×