Добавить статью
9:11, 26 апреля 2011 177661

Жомоктор топтому

КИМИБИЗ УЛУУБУЗ

Адеп жер каймактап калган кезде сөзгө чечен адам болгон экен. Ал сөздөн такыр жеңилбептир. Бир күнү шайтандын атасы Малкум менен айтышып, аны жеңип, мөрөй алып калат. Ал мындай болгон эле. «Ким улуу экенин айтышалы. Ким улуу болсо, ошол жаңылыкты көп билет. Уламаны көп угат» – дешет. Мына ошентип мелдеш чарчы жыйын элдин көзүнчө башталат.

– Сөз кезегин сен алгын, чеченим, – дейт шайтандын атасы.

– Болуптур, – деп, чечен сөз тизгинин алып кеп баштайт.

– Башканын баарын айтып баш оорутуп не кылалы, жер каймактаган кезде жети жашар бала экемин, – деп, элди карады.

Анда эл:

– Оо, бу улуу турбайбы, мунун алдына киши чыкпайт! – деп сөзгө алып, дуулдашып калышат.

Эмики кезек Малкумдуку деп, эл чыдамсыздык менен күтүп турушат. Сөздү баштабастан чечендин оозунан сөз чыгаары менен эле Малкум ыйлап жиберди, өпкө-өпкөсүнө тийбеди, деле басылбай койду. Чеченди улам карап буркурап көз жашын көлдөттү. Отурган элдер дагы кошомат кылып жатышты. Себебин айтпай Малкум аябай көз жашын төктү. Отургандар:

– Ыйыңды токтот, ыйлап кутула албайсың. Мөрөйдөн айрылдың! – деп жаалап калышты.

Бир маалда Малкум чеченди кучактап:

– Жер каймактаган кезде менин жети жашар балам жоголуп кеткен,кулунум ошол сен турбайсыңбы, жаш сурашканым дагы сонун болбодубу! –деп каткырды.

Чечен эмне деп айтарды билбей:

– Жеңилдим, өзүңө да, сөзүңө да баракелде, жараган адам экенсиң! – деди.

– Отургандар:

Антпесе азезил болобу, муну улуу кылалы, бирок азгырганын токтотсун, – деп калышты, ошондон баштап азыткы болор-болбос акылга кирип, чебердеп калган экен.

ЖАКШЫЛЫК ЖАКШЫЛЫК МЕНЕН КАЙТПАЙТ

Илгери бай жалгыз баласын көзү ачылсын деп окутууга молдонукуна алып келип берет. Бала биринчи жана экинчи жылдары абдан жакшы окуп жүрөт. үчүнчү жылга айланган кезде баланын окуусу абдан начарлап, өзү арыктап, жүдөйт. Эмне үчүндүр балдарга кошулбай, жалгыздап жүргөндү жакшы көрөт. Молдо ата-энесине айтпай эле байкайынчы деген чечимге келет.

Молдо балдарды окуткан жерде чоң суу, анын бир өйүзү жар экен. Бала тышка чыкса эле баягы жар өңдүү жерге отура берген адатка айланып калыптыр. Молдо баланын бардык кылык-жоруктарын байкап:

– Айрыкча жардын башына эмнеге барып отурат? Байкагыла, – деп, балдарга тапшырма берет.

– Молдоке, биз байкадык, жарга отуруп, сан этинен бакага кесип бергенин көрдүк – деп, балдар таң калуу менен айтышат.

Бул сөздү уккандан кийин, молдо өзү байкайт. Бала өзүнүн сан этинен кесип, бир көк чаар бакага бергенин молдо өз көзү менен көрөт. Молдо баланы өзүнө жалгыз чакырып алып, сурап баарын билгиси келет.Бала таптакыр айтпайт.

– Окубаймын, эч нерсе түшүнбөдүм, – деп молдого таамай айтат.

Ошентип бала көшөрүп окубаймын деп үйүнө келет. Ата-энесине дагы эч кандай сырын айтпайт. Баласынын өңүнөн азып, арыктаганына ата-энесинин жүрөгү сыздайт.

– Башка шаарга барамын – деп, бала көктүгүнө салды. Ата-энеси ыйлаганына дагы караганы жок. үйүнөн безип кетмек болду. Алар азык камдап, ат берелик деген тилине да көнбөдү. Бала далай жолду арытат. Таңдайы так катып суусайт, ага дагы карабайт. Жүрүп-жүрүп жайылган малдын көптүгүнөн адам жүргөнгө жол жок. Аргасы кетип бала ойлуу карап туруп калат. Бир кезде жайылган мал экиге бөлүнүп жайылып, ортосунан чоң жол ачылат. Жолго түшүп бала ылдамдай басат. Бир убакта шамал дегдеңдетип алдыга карай сүрөгөн өңдөнөт. Баса, баягы бала сан этинен берип жүргөн чаар бака ажыдаарга айланат. Бала баратса, жолдон ажыдаар оозун ачат. Сан этин берген бала экенин билип, оозун жаап, бала менен амандашат.

– Сен менин досум экенсиң, ишенбесең өзүңдүн саныңды көрсөтчү, – дейт. Караса саны оюлган. Экөө ого бетер чапташып, достугун күчөтөт. – Кайда барасың? Менден кандай жардам керек? – дейт.

– Мага эч кандай жардамдын кереги жок, – деп ыракмат айтат.

Ажыдаар төрт чарчы ташты балага берип, мындай дейт:

– Бул сыйкырдуу таш, чарчасаң кубат берип, күч аласың, курсагың ачса, оозуңа жакындатсаң, каалаган тамагың даяр болот, өлгөндү тирилтип, өчкөн адамдарга кылган жакшылыгың жакшылык менен кайтат, – дейт. Бала досунун айтканына макул болуп жолго чыкты.

Жолдо кетип баратса, он эки жашар бала көзүн ачпай өлүп жатат. Бала өтүп кетип, ойлонуп кайра келет.

Бала:

– өтө жаш бала экен, мунун колунан эмне келет, андан көрө жаныма жолдош кылып алайын, – дейт.

Ташты баланын чекесине сыйпап, тирилтип алат.

Бир аз ары жүргөндөн кийин өлгөн жыланды көрүп, ташты тийгизип койсо, ал тирилди, сойлоп кетет. Андан ары баратышса, бир кумурсканын уюгун көрүшөт. Ташты тийгизип койсо кумурсканын баарысы тирилип , падышасы ырахматын айтат.

Эки жолдош жолун улантып баратса, аарылардын өлүп жатканын көрөт. Ага ташты тийгизип койсо, баарысы тирилип учуп кетет.

– Бир керегиңе жарайбыз, – деп алкыш айтат.

Далай жол жүргөндөн кийин жаш бала:

– Чарчап-чаалыктым, ачка болдум – деп, такыр баспай коёт. Аргасы кеткен балага аябай боору ачыйт. Ажыдаардын досу баягы ташты колуна карматып:

– Эми чарчабайсың, ачка дагы болбойсуң, – дейт. Жаш бала касиеттүү ташта кандай сыр бар экенин билип алат. Анан жакшылык кылганын унутуп, карасанаганга ниети бузулат. Ал убакта күчкө толгон кези эле.

Бир жерге келип отурушат. Жакын жердеги кудуктан адегенде жаш бала суу ичет. Анан ажыдаардын досу эңкейген кезде, жаш бала аны кудукка түртүп жиберет. Ал кудуктан чыга албастан, бүткөн бою суу болуп, ошол суудан ичип, чыкканга эки көзү төрт, айласы жок жата берет.

Бир убакта ажыдаардын досунун бутунун башын бирдеме кыбыратат. Караса баягы өзү тирилткен жылан. Ким түртүп жибергенин жылан досуна айтат.

– Досум, сен чыгарышты өзүң билесиң, менин колумдан келбейт. Бирок сени чыгарыш үчүн мен хандын кызын чагамын. Ал суу бойлоп сейилге чыгат. Отура калган жеринен мен чагам. Кыз аябай шишип кетет. Сени алып бармайынча, мен ууну тарата беремин. Сени табып, тамырчы издеп жүрүп вазирлер кудуктан чыгарып алышат. Баргандан кийин үч күн, үч түн кыз менен бирге бол, мен ууну тартып аламын. Хандын кызы айыгат. Ал сага колукту болот.

Баарысы жылан айткандай болот. Хандын вазирлери чыгарып, баланы ханга көрсөтөт. Бала жылан үйрөткөндөй шартты айтат.

Хан экөөнүн бири-бирин сүйүп калганын билип, эң кыйын тапшырмаларды берет, күйөө бала аны аткарганга аракеттенет.

– Биринчиси, караңгы үйгө буудай, арпа, сулу, тарууну аралаштырам. Ошону сен төрт бөлөк кылып, түнү менен бөлүп бересиң.

Бала айласыздан макул болот. үй караңгы, эшик бекиген. Бала арга таппай отурса, баягы кумурска достору келип,төрт данды төрт бөлүп, төрт бурчка үйүп коёт. Аны хан эртеси көрүп, аябай таң калат.

– Экинчиси, алтымыш окшош чүмбөттүү арабага жасалгалап туруп, ошонун бирөөнө кызды отургузам. Кайсыл арабада экенин тапсаң, кызым сеники, таппасаң өзүңө өзүң таарын.

Бала башы айланып, кандай арга болот деп аябай капаланат.

Ошол кезде баягы тирилткен аарылар келип мындай дейт:

– Сен капа болбогун. Кыз кайсы арабада отурганын билебиз, аны менен бирге биз уюлгуп уча беребиз. Бизди көрүп, сен жолго жакындап өтө берген кезде кызды колдон карма.

Бала кызды табат, хан убадасы боюнча кызын берет. Күйөө баласын өзүнө биринчи вазир кылып алат.

Хан ууга барганга камынат. Кызы атасын камдаш үчүн сандыгын ачат. Баягы ажыдаар берген ташты көрүп, күйөөсүн тааный коюп сурайт. Көрсө, баягы тигини кудукка түртүп жиберген уятсыз келип ханга жагынып, вазир болот. Кыз атасы аркылуу баланы чакыртып сурайт. Жаш бала баарысын бурбай чынын айтат.

Эртеси хан күйөө баласына:

– Кана, өлгөндөрдү тирилтчи? – дейт.

Ал коктудагы өлүп жаткан көп жырткычтарды тирилтет. Алар ханды баш кылып жеп салат. Алар өлгөндөн кийин бала колуктусу менен өз ата-энесине келип, жакшы жашап калат.

КИМИСИ АКЫЛДУУ?

Илгери өткөн заманда бир кемпир-чал болуптур. Алардын өлүм саркытынан калган жалгыз баласы, анан баласынын кара кер бээси бар экен. Жыл сайын кербенчилерге кошулуп, алыс-алыс жактарга жол жүрүү балага адат болуп калыптыр. Жазында кетсе, күзүндө кийим-кечек, кеңири тамак-аш жана койну толгон акча менен келүүчү экен. Ата-энеси буга аябай кубанчу экен.

Бир жолу бала кербендер менен жазында кетип, жайдын толугунда үйүнө келет. Мындай эрте келип калганына ата-энеси аябай таң калышат. Атасы:

– Балам, сен эмне эрте келдиң? – дейт.

– Мен өзүмө тиешелүү акчаны иштеп таап, ошондуктан эрте келдим, – дейт.

Күзүндө кемпир-чалдын үйүнө кара кер бээ минген бир бала келет. Эки бала, кара кер бээси, кийген кийимдери окшош. Атасы менен энеси кайсынысы өзүнүн баласы экенин тааный албай, баштары маң болот. Алачыкта эки бала бирдеме талашып уруша кетишет. Бара-бара кол коюшат.

Эки бала:

– Кемпир-чал менин ата-энем, сен жогол, сен жогол! – дешет. Ата-эненин баштары маң. Аябай капа болушат. Айла-амалдары түгөнүп, ханга арызданып барууга аргасыз болушат. Жалынып-жалбарып болгон окуяны түшүндүрүшөт. Жакшылап чечип берүүнү өтүнүшөт.

– Силер жөнүндө кам көрүп, астыңарга аш, үстүңөргө кийим, койну толгон акча алып келгени силердики, – дейт.

Кемпир-чал буга ыраазы болбой, үйүн көздөй бет алышып, зарланып ыйлай беришет. Мындан кантип кутулабыз дешет.

Экөө жолдо келе жатып ойноп жүргөн балдарга жолугат. Баштарына түшкөн кыйынчылыктарын айтып, аларга түшүндүрүшөт. Ошол балдардын эң кичинекейи:

– Ээ шумдук, өзү хан болуп туруп ушуну чече албаган эмнеси. Мунун эч кандай кыйынчылыгы жок, мен чечип берем, – деп тың сүйлөйт.

Кичине бала эки окшош баланы чакырып туруп мындай дейт:

– Экөөң тең тетиги дөңсөөгө барып, кайра чуркап келгиле.

Экөө жарышып барып, жарышып келишет. Эки окшош кара кер бээни минип, дөңсөөгө чейин чаап барып, чаап келишет. Экөө бир эле убакта келишет. Дагы чыр-чатак көбөйөт. Бири-бирин: «Кеткин менин ата-энем» – деп, баягыдай урушун уланта беришет.

Кичине бала:

– Эми экөөң тең ылдамдык менен кумура жасагыла, – дейт.

Айтуусу боюнча экөө тең ылдамдык менен кумураны жасап бүтүрүшөт.

– Эгерде чын эле абышка-кемпирдин баласы болсоңор, өзүңөр жасаган кумурага өзүңөр түшкүлө, – дейт кичинекей бала.

Биринчи бала бул сөздү угар замат кумуранын ичине бат эле түшүп кетет. Жазда кетип, күздө келип, ата-энесин баккан бала кумурага батпай калат. өзү эмес, анын колу дагы батпай калат.

Кичине бала бала кирип кеткен кумураны жерге бардык күчү менен көмкөрө салат да:

– Бул кумурада көз боочу шайтан отурат. Болбосо ушул кумурага кантип батмак эле, – дейт.

Ушул сөздөрдү айтып туруп, кичине бала баягы жин-шайтан кирген кумураны өрттөп жиберет.

Кемпир-чал кичине баланын акылдуулугуна ыраазы болуп, ак батасын беришет. өз баласы менен кемпир-чал үйүнө келишет. Кичине баланын амал-айла кылганы элге, ханга угулат. Хан жини аябай келип, кичинекей баланы көргөнү атайлап келип:

– Мындай балага айланса болот – деп, ыраазы болуп бастырып кетиптир.

ЖИБЕК ПИЛЛА КУРТУ

Илгерки өткөн заманда ак көңүл, берешен, боорукер чал-кемпир жашаптыр. Экөө тең бала көзүнөн учуп жүрүп, далай жашка барган кезде уулдуу болушат. Карыганда көрдүк деп атын Картайган коюшат. Баласы ата-эненин ишенимин актап, кенедей кезинен тартып эмгекчил, сылык-сыпаа өсөт.

– Улуудан уялып, кичүүдөн ийменет, – дешип, айылдагылар баланы абдан жакшы көрүшөт.

Картайган жыл өткөн сайын эр жетип, күчкө кирип, ата-энесинин жүгүн азайтат, алардын колуна кол, бутуна бут болот. Атасы тобосун жазбай баласына аябай сыймыктанат. Турмуштары абдан оңолот.

Ал жазында жарышып эгин айдап, аны жакшылап багат. Күзүндө мээнети кайтып, мол түшүм алат. Кышында ак эмгектин убайын көрүп, аштыктын молчулугу үй-бүлөнү кубантат. Жаз келери менен Картайган баягыдай эмгегин улайт. Жылдан жылга такшалып, баба дыйкан аталат. Картайгандын арпа, буудайы баш алып калган кезинде кырсык болуп, атасы катуу ооруп калса болобу? Баш көтөрбөй жатып калып, үй-бүлөнү абдан капага салат. Чалдын денесине жыбыраган майда курттар пайда болот. Биринен бири чоңоюп, курттар анын денесин жей баштайт. Чал ооруга чыдабай бир күнү капага терең малынып, көз жашын төгөт. Айла таппай тунжурайт.

Бечара чал кудайга мунажат кылып, өзү менен өзү сүйлөшүп, чарчаган кезде уктап кетет. Бир кызык түш көрөт. Сакалы белине жеткен салабаттуу карыя мындай дейт:

– Сен кечке ыйлай бербей башыңы көтөрүп, өөдө тур, жаныңды кыйнаган курттарды короодогу тыттын дарагына коё бер. Алар сөзсүз жабышып кетет. өзүң арчанын түбүнөн жыбылжып аккан булакка кирингин, – дейт.

Чал уйкудан ойгонуп, эки жагын караса жанында эч ким жок. Ал тышка чыгып, түшүндө чал айтканды жасайт. Жалгыз түп тыттын жалбырактары шамалга ыргалып турганын көрөт. Чал колуна бир куртту алып, тытка жабыштырат. өзү тытка жакындай бергенде денесиндеги курттар биринин артынан бири тытка жармаша баштайт. Алар жалбырактарды шабыратып жейт. Чал булакка барып бети-колун жууйт. Бетиндеги бырыштар ошол замат кетет. Анан булакка чечинип киринет. Кадимкидей күч, кубат пайда болуп, көңүлү ачылат. Чал үчүнчү жолу жуунганда жигит болуп чыга келет.

Чал үйүнө кирген кезде аялы аны тааныбай калат. Абышка көргөн түшүн төкпөй-чачпай айтып туруп:

– Сен дагы барып жуунуп келгин, – деп, кемпирине кеңеш берет.

Аялы барып эки-үч жолу жуунгандан кийин мөлтүрөгөн жаш келин болот. Баласы ата-энесин тааныбай, далайга тиктеп турат. Картайганга баарын түшүндүргөн соң, бала аябай кубанат.

Картайган короодогу тыт жыгачты барып карайт. Анын бутактарында кичинекей жумурткага окшогон аппак нерселер турганын көрөт. Бул эмнеси деп көпкө ойлонот. Анын ичин акырын жарып караса жылтыраган ичке жипчелерди көрөт. Баарысын чогултуп туруп апасына берет. Ал жип ийрип, кездеме токуй баштайт. Анын пайдалуу экенин билишип, сурап алышат. Анан акырындык менен тыт дарагын өстүргөнгө көңүл буруп калат.

ЧЫНАРБАЙ МЕНЕН ПЕРИНИН КЫЗЫ

өткөн заманда бир жардынын кош бойлуу аялы токойго келип, отун алып жүрчү экен. Бир күнү толуп жаткан чырпыкты көрөт. Аны таңып алып жатканда толготуп, эркек бала төрөйт. Киндигин кесип, баласын ороп алдына алып, чырпыгын аркасына көтөрүп, үйүнө келет. Атасы чынар теректин түбүндө төрөлгөндүктөн баласынын атын Чынарбай коёт.

Чынарбай бой көтөрүп чоңоё баштагандан тартып, ошол теректин түбүнө ойногонду жакшы көрө турган. Бала жанына ойногон сайын чынар терек күндө узарып өсөт. Анын узарып өскөнүн бала байкап, көзүнө абдан жылуу учурайт.Айылдагылар чынар терекке кезек менен күзөтчү да коюшат. Бирок сырын эч ким биле алышпайт. Чынарбай жолдош баласы менен чүкө атышып, анан талаша кетип теректин түбүнө чалкасынан кетет. Ал жерден өөдө турбастан теректин башын карап, эси ооп калат. Жолдошу Чынарбайдын атасына кабар жеткирет. Дароо келип ал баласынан кеп сурайт.

– Ата, мен теректин башын карасам, кырк канаттуу ат минген кыз келип теректин башына конду. Кыз конгондон кийин терек ийилип отуруп бир кулачтай узарып кетти. Бат эле асманды карай көтөрүлүп, көздөн кайым болду. Демек, чынар терек кыздыкы экен – деп, бала сөзүн улады.

Атасынын уруксаты менен үч-төрт күн арадан өткөндөн кийин Чынарбай досу Ашым менен камынып, кызды издеп табам деп, жолго чыкты. Чынарбай Ашым экөө далай-далай жол басышты. Арып-ачып өздөрү да, аттары да арыктады. Жолдон бир сыйкырдуу карыя кезикти. Саламдашкандан кийин, жөн-жайы менен таанышып, карыя балдарга жол көрсөттү. Анан мындай деди:

– Жаштын тилегин берет деген. Перинин аялы саякат кылып жүрүп, үйүнө жетпей, чынар теректин башына кыз төрөйт. Сени да ошол мезгилде энең оокаттын айынан чынар теректин түбүндө толгоо тартып, жарык дүйнөгө келтирген болсо керек. Сен адамдын баласы болгондугуң үчүн кызым экөө өмүр сүрсүн деп ниет кылып, бата берген. Кызы чоңойгон кезде дайым чынар теректин башына ойнотчу. Ал күн сайын бир кулачтай канат жайып өсүп турчу.

Чынарбай карыянын сөзүн угуп туруп:

– Аны мен кайдан, кантип табам, – деди.

– Балам, эми аз гана жол калды, көбүн басып өтүпсүңөр. Далай кыйынчылыкты көрүпсүңөр. Эми күн батыш тарапка жөнөгүлө. Жырткычтарга атыңарды мууздап, этин ыргыткыла. Алар силерге тийбейт. Батышты көздөй жүрүп отуруп, күндүн нуру тегиз тараган жерди колуңар менен тырмагыла, жер жарылып, силерге жол ачылат. Ошол жол менен түз жүрүп отурсаңар, кыздын өргөөсүнө туш келесиңер – деп, көздөн кайым болду…

Чынарбай менен Ашым кыздын өргөөсүнө кирет. Ай десе аркы, күн десе көркү жок кыз уктап жатат. Чачынан, анан эки ийининен тартып араң ойготот. Кыз асманга көтөрүлүп, жерге кайра конуп, тигилерден жан сурады. Башынан өткөндүн баарын Чынарбай айтып, баян кылды. Муну кыздын энеси да укту. Кыздын энеси Чынарбайды маңдайынан тарап:

– өмүрлүк жар болгула, – деп, жер үстүнө батасын берип узатат.

Чынарбай колуктусу, Ашым досу менен келип бир ыңгайлуу жерге туруп калышат. Эки эркек тоодон кийик атып келип, жан сакташат. Колуктусу жалгыз үйүндө калат.

Бир жолу суунун боюна келип чачын тарайт. Анын байкоосуздан бир тал чачы сууга агып кетип, ал кандын тегирменинин парасына оролуп калып, тегирмен токтойт. Кан тегирменге жакын келип параны оодарат. Бир тал алтын чач оролгонун көзү көрөт. Кан бүт элин чогултуп:

– Тегирменге чачы оролгон перизатты ким табат? – деп, жарыя кылат.

Ошондо мастан суурулуп чыгып:

– Мен табамын, сүйүнчүгө эмне бересиң? – деп сураганда, кан:

– Не кааласаң ошону беремин, – деп, салтанаттуу убада берет.

Мастан эки кайык жасатат. Бири менен ылдый карай издеп чыгат, бирок жолу болбойт, бири менен өөдө карай издеп чыгат. Кечке маал перинин кызын таап, ыйламсырап үйүнө кирет. Арыз-арманын айтып ишендирет. Аңгыча Чынарбай менен Ашым келип калышат. Перизат:

– Эртең менен келиңиз, – деп, кемпирди кетирет.

Дагы экөө мергенчилеп кетет. Мастан кемпир эртең менен келгенде:

– үйгө эле отуруп туруңуз. Күйөөм уруксат берди, – дейт.

Бир нече күн өткөндөн кийин мастан кемпир перизаттын чачын тарайт да, башынан алтын чачты байкайт. Анан кызды:

– Кайыкка түшүп көңүл ачалы, – деп алдайт. Адегенде өзү кайыкка түшөт. Анан тигини түшүрөт. Перизат суунун күүсү менен жүрүп отуруп, кандын шаарына кандай келгенин билбей калат. Кан элин жыйнап, көп мал союп, перинин кызын алганга аябай бүлүнөт.

Чынарбай, Ашым экөө үйүнө келсе, пери кыз жок. Ошондо мастан кемпир азгырганын түшүнүп, экөө издей башташат. Перинин дайнын билиш үчүн Чынарбай учуп бараткан канаттууну жерге түшүрө атат. Мылтыктын үнүнөн улам Айпери күйөөсүнүн издеп келгенин билет да, кандын колунан суурулуп учуп чыгат. Чынарбай, Ашым, Айпери үчөө асмандап учкан кезде карап турган эл аябай таң калышат…

Анан Чынарбай, Перизат, Ашым болуп айлына келишет. өгөй атасы алардын келерин угуп, Чынарбайдын көзүн тазалап, аялын алайын деп, аябай аракет кылат. Бирок Ашым менен Перизат баарын жөнгө салып, анын тилегин таш кабат.

Кийин баягы карыя жолугуп, үчөөнө тең ак батасын берет. Жаштар кубанып, жакшы жашай башташат. Ашымды үйлөндүрүшөт. Чынарбай кан болуп, адилеттик бийлик кылат.

АЛТЫН КУШ, АЧ КӨЗ ЧАЛ

Илгери убакта бир чал-кемпир жашаптыр. Алар өлбөстүн күнүн көрүп, өчпөстүн отун тутантып күн көрүшөт. Чал күн сайын отунга барып, аны алып келип, белендеп үйүнө киргизет. Кемпири болсо үй сарамжалын жасап, тамак жасап, чай кайнатып туруптур. өтө ынтымактуу жашашат.

Чал үйрөнгөн адаты боюнча бир күнү отунга барат. Чытырман токой. Бир чоң даракты кыймакчы болуп, балтасын колуна алат. Ушул кезде дарактардын арасынан алтын куш чыга калып, адамча сүйлөп кирет:

– Даракты кыйбагын, айланайын адамзат!..

Чал буга таң калып, өзү чалкасынан кете жаздайт. Куш болсо:

– Адамзат, менден такыр коркпо, эмне кааласаң ошону аткарамын, – дейт.

– Менин үйүмө кеңири жага тургандай отун жеткирип бергин. Отунсуз жан сактоо бизге кыйын, – деп, сөзүн аяктайт.

– Болуптур, айтканың орундалат, ага кападар болбой, үйүңө кайта бер, – дейт.

Бул жолу абышка отунсуз үйүнө куру кол келип, кемпиринен аябагандай жеме угат. Абышка отунду алтын куш кыйдырбай койгонун баштан-аяк айтып түшүндүрөт. Кемпири болсо:

– Сен өлүп кет, абдан калпычысың, – деп урушат.

Эртеси эртең менен караса эле, үйдүн ирегеси толгон отун. Баягы кемпиринен жеме уккан абышка эми кемпирине аябай мактанат… Бир күн өткөндөн кийин абышка жипти курчанып, балтасын колуна алып, чоң түп даракты кыйганга дагы барат. Дагы баягы куш:

– Сага эмне керек абышка? – дейт.

– Мага аппак боз үй керек, – дейт.

– Болуптур абышка! Айтканың орундалат, үйүңө барып, окуяны кемпириңе айта бер, – деп, куш көздөн кайым болот…

Абышка токойдон кайра үйүнө келет. Эртеси кемпири экөө эрте туруп, тышка чыгат. Караса, алты канат аппак боз үй тигилип турат. Экөө тең көргөн көздөрүнө ишенишпей, аябай таң калышат. үйгө киришип, көңүлдөрү аябай ачык, жарык маанайда кубангандары койнуна батпагансыйт…

Эртеси абышка дагы токойго, баягы өзүнө тааныш дарактын жанына жакын келет. Балтасын алып аны чапканга даярданат.

Бул жолу да абышкага дарактын өзөгүнөн алтын куш баш чыгарып:

– Сага дагы эмне керек? – деп кайрылат.

– Мен бай болсом дейм, короомдо сан жеткис малым болсо, алар аппак болсо, – деп суранат.

– Болуптур, адамзат, тилегениң орундалат. өзүңдүн боз үйүңө окшош койлоруң ак болот. Аны эсептеп түгөтө албайсың, – дейт да, көздөн кайым болот.

үйүнө келип, абышка кемпири экөө таңдын атышын чыдамсыздык менен күтүшөт. Таң ата теребелди карашат. Айланада жайылган сансыз кой менен уй.Санап жетише албайт.

Арадан бир топ ай өтөт. Чалдын курсагы тоюп, көңүлү көтөрүлүп, хан болгусу келет. Белине балтасын кыстырып баягы чынар терекке дагы келет. Кыя баштайт чынарды. Алтын куш мына чыгат жок, ана чыгат жок. Теректи кыйып жыгып, уясын караса, алтын куштун өзү жок.

үйүнө келсе мал да жок. Баягы ак өргөө да жок. Кемпири:

– Ач көздүк адамды жакшылыкка алып келбейт, – деп какшанып отурат.

КЕДЕЙ БАКТЫСЫ

Бир кедей күнүнө отун алып, аны базарга сатып, балдарына базардан анча-мынча тамак-аш алып келип, жан сактап туруучу экен. Бир күнү чоң суунун боюндагы куураган талдарга көзү түштү.

Араасын жерге коюп, балта менен чоң түп талды кесе баштады. Орто ченине келген кезде балтанын башын бекиткен шынаасы ыргып кетип, балта суунун терең жерине барып түшөт. Көзүң жамандыкты көрбөсүн, – деп, кедей башын мыкчып отура калды. –«Балдарды кантип багамын» – деп, капага терең малынды. өзүнө өзү суроо берип, муңкана берди. Шынааны бош какканына аябай өкүндү.

Бир убакта ак сакалын жайкалткан карыя пайда болду маңдайында.

– Ой, эмне капага малындың? – деп сурады кедейден ал.

– Кантип капа болбоймун, күндөлүк нанымдан ажырадым. Балтам сууга түшүп кетти. Сууга кирсем, өзүм кайра чыга алгандай эмесмин. Эми эмне кыламын – деп, кайгы-зарын муңканып айтып берди карыя.

– Сен кайгырба, капага малынба. Мен сууга түшүп, алып чыгып берем, – деди. Кедей бир ишенип, бир ишенбей чалдан көзүнөн көзүн айырбады. Муңая карады.

Чал сууга чулп этип түштү да, көздү уялткан келишкен күмүш балтаны тышка алып чыкты.

– Сеники ушубу? – деп, кедейди карады.

– Жок, меники темир эле, бул өзүңөргө буюрсун, – дейт.

Чал дагы сууга кирип, бир топко жок болду. Бир аздан соң алтын балта алып чыкты. Балтаны көрсөтүп:

– Мына бу сеникиби? – деди.

– Жок, меники темир балта, – деп жооп кайтарды.

Чал бир аз төмөн сүзүп, суунун терең жерине кирди. Алып чыгып колуна балтасын карматты.

– Айланайын, ушул болучу, – деп сүйүнгөнүнөн толкунданып кетти. Аябай алкады.

Кедей балтасына шынаа кагып алып, чалга ырахмат айтып, коштошмок болду.

– Кудай берген насыпка тарбияланган кедей экенсиң, – деп күмүш балтаны да, алтын балтаны да чалга берип, көздөн кайым болду… Кедей ойлонуп, көзүн жуумп жиберди.

Кедей сүйүнгөнүнөн маңдайы жарылып үйүнө келди. Бүгүн олжолуу кайтканын үй-бүлөсүнө, кошуналарына айтты. Көбү таңыркап алтын, күмүш балтаны көрүп жатышты. Ошол айылда бир митайым бар эле, бул кабар ага да жетти. Бай кедейдин алы-жанын койбой баарын сурап билди. Кедей болсо алтын балтасын сатып, жаңы короо жай, кийим-кечек, тамак-аш көп сатып алып, ак эмгектин үзүрүн көрүп, жыргап жатып калды.

Бай күн тынымдан, түн уйкудан кетип, баягы чоң суунун боюна келди. Балтасынын башындагы шынааны атайы бошотуп, күшүлдөп-бышылдап талды кесе баштады. Бир убакта балтанын башы суунун тереңине түшүп кетти. Бай башын мыкчып кейип, отуруп калды. Бир кезде мурду баштыктай, сакалы белине жеткен чал пайда болду.

– Эмне болду? – деп сурады.

Бай балтасын сууга түшүргөнүн айтты.

– Сен жөнү жок капаланба, мен азыр сууга түшүп алып чыгам, – деп кубандырды.

Бай шашкалактап отурганга жер таппады. Чал биринчи жолу сууга кирди да күмүш, экинчи жолу кирип, алтын балтаны алып чыкканда, ач көз бай экөө тең меники! – деди.

Чал тигинин ач көздүгүнө көзү жетип, аябай кыжырланды да, эки балтаны тең колуна кармап сууга чумуп кетип, ошол бойдон чыккан жок.

Бай болсо эки көзү тешилип, карап отуруп, аябай чарчайт. Көрсө калпычы, ач көздү сыйкырдуу чал жаман көргөндүктөн суудан чыкпай, көздөн кайым болуптур.

ЭЖЕКЕ БЭЭ САА

Илгери Ысыккөлдүн аймагында бир бай адам жашаган экен. Ал кара мүртөздүгү жана катуу баштыгы жагынан атагы алыска тараптыр. Көп адамдар анын атын уккан кезде жүрөктөрү шуу деп, жерге түкүрүшүптүр.Ал бай зордукчул, зомбулук жагынан астына киши салбаптыр. Анын карамагында төрт түлүк малы, үй-мүлкү, жумшаган малайлары бар экен. Дагы байысам деп, нысабын агыткан бай эзели эч кимге зекет бербептир. Бирөөлөргө даам сыздырбаптыр. Тамагын эл жаткандан кийин ичип-жечү экен.

Мына ошол зулум бай жашаган айылда чоң чабуул болуп, кимди-ким көрдү дегендей, ар кимиси өз жанын ала качып, белгисиз тарапка жөнөп кетишет. Ошондо Зейнеп деген он алты жаштагы кыз жаңыдан тили чыккан иниси экөө журтта калышат. Жүрө-жүрө Зейнеп коркпостон, ыйламсырабай демилгени өз колуна алат. Алар ышкын, согон, балтыркан, жөргөмүш жеп, бир кулуну менен калган бээни саап, саамал ичип, өлбөстүн күнүн көрүп, өчпөстүн отун жагышат.

Күн айга, ай жылдарга айланып, далай мезгил зымырап өтөт. Кичинекей баланын аздап тили чыга баштайт. Айрыкча, эжеке, бээ саа деген сөзгө тили таптак келип, эжелеп бирдемелерди сүйлөйт.

Күндөрдүн биринде тайманбаган, жүрөктүү кыз бөбөгүн уктатып коюп, бээге көзөмөл болуп талаага кетет. Зейнеп бээсин оттотуп коюп, четинде ойлуу отурат. Бир кезде жортуулдан жолу болуп,көпкөлөңкү дагы бир катуу баш байдын жигиттери жолугат. Кыз ээн талаада, чөп алачыкта кичинекей иниси уктап калганын айтып:

– Мага тийбегиле! – деп, зар какшайт. Жалбарып көз жашын булактай төгөт. Бирок таш боор, кара мүртөз байдын көпкөлөңкү малайлары кызды олжолоп алып кетет.

Уйкудан ойгонгон наристе:

– Эжеке, бээ саа – деп, улам кайталап эжесин чакыра берет.

Анын муңдуу үнү, зар какшаган ыйын ким укмакчы? Ага бээни ким саап, саамалды ким бермекчи? Баланын эжеси Зейнеп айласыздан олжого кетсе…

Кенедей баланын ыйын, муңдуу үнүн жел, тоо, таш, куштардан башка ким угат? Эжеси айласыздан туткунга түшкөнүн наристе кайдан билсин. Айла таап келгенге Зейнептин эки көзү төрт. Ал зарлап ыйлап күчүн эки көзүнөн чыгарат. өзү олжого келгенине, инисинин талаада жалгыз калган тагдырына зар какшайт.

Элсиз, ээн талаада калган бечара, эжеке, бээ саалап улам айта берип, жаагы талыйт. Жалгыз калган ошол наристе акырында чымчыкка айланып кетиптир деген уламыш эл арасында айтылып, эжеке, бээ саа болуп калыптыр.

ЫРЫСЫ ЖОК ЫРЫСТУУ БОЛДУ

Мурунку өткөн заманда ата-энесинен эрте айрылган тоголок жетим бала болгон экен. Энесинин кийинки күйөөсү бир жылдай бирге жашаса да, балага ырайым кылбай коюптур. Бала жетимчиликтен желкеси күйүп, карыпчылыктан карды тойбой, турмуштун кыйынчылык каарын тартат. Канчалык кыйналса дагы, келечектен үмүт үзбөй, жамандык жолго барбай, арамдыктан алыс болот. Антип-минтип турмуш алынын бардыгынча жанчып, тоголок жетим боорун жерден алат.

Көбүнчө ал тоо-ташты мекендеп, согон, ышкын, жөргөмүш, козу кулак, пияз, четиндин ашын терип жеп, эч нерседен коркпой жашай берет. Кез-кезинде ата-энесинин көрүстөнүнө барып таазим кылат. Колунда жаасы болгон менен, бир дагы канаттууну атпайт. Алардын басып жаткан жумурткасына тийбейт, балапандарын көрсө шилекей алышып дос болот.

Антип-минтип баралына келет. Тоо-ташта жалгыз жүрсө дагы, ары өткөн - бери өткөн саламын жазбайт. Тоголок жетим канчалык кыйналып-кысталса дагы, ууру кылганы жок. Калп сүйлөгөндү жаман көрөт, эмгектен баар тапсам деп, басса-турса ойлонот. Бир күнү эрте туруп, жуунуп, тамактанып алып, күн батышты көздөй сапар тартат…

Жолдо ойго батып басып келе жатса, кыйылып солуюн деп калган тал жатат. Колуна алып сууга келип: «Муну отургузуп сообуна калайын» – дейт. Бир аз жүрүп отурса, кургакка чыгып калып солуган балыкты көрөт. Аны да боору ачып, жерден көтөрүп алат. Суунун боюна келип, адегенде талды отургузат. Анан балыка көлчүк жасап салат. Бак бүр байлап, бара-бара калдайган бак болот. Көлөкөсү көңүл ачат. Балык болсо тукум чачып, жыбыраган алтындар пайда болот. Бала далайга карап туруп, курт алып келип таштайт. Сууга жуунуп отурса, бышкан кирпич чыгат. Аларды алып балчыкты аралаштырып он киши баткандай үй салат. Казанга очок жасап, куураган талдардан көп отун жыйнап коёт. Ары-бери өткөндөргө чай кайнатып берет. Колунан келген сыйын аябайт.

Тоголок жетим ошол жерди мекендейт. Бак өстүрүп, гүл айдайт. Бир күнү үйүнө жакын төшкө чыгат. Андан таш пияз алып үйүн көздөй жол тартса, артынан бир төө ээрчип келе жатканын көрөт. үйүнө келип, ага туз жалатат. Чөгөрүп, жүнүн жулуп алат. Анын жүнүн баштыкка салып, башына жаздайт. Багы көйкөлүп, көлөкөсү жанды кубантат. Балыктардын арасында алтын балык нур чачат.

Кербенчилерге кызмат өтөйт. Алар балага казан-аяк, чай, кант, жууркан-төшөк таштап кетип, үйү коюлуп жакшы болуп калат.

Бала кечинде үйүндө ойго батып отурса, бир ак сакал үйүнө кирет. Бала тура калып, салам айтып, орун берет. Ак сакал мындай дейт:

– Балам, өтө кичи пейил, мээнеткеч экенсиң, сага кудай берет. Не тилесең, тилегиң кабыл болсун. Кечинде мен алты жолдошум менен келем, конок кыла аласыңбы? – деп баланы карайт. Бала:

– Жоктук уят эмес, байлык мурас эмес деген, ата, конок кылам, келе бериңиз, – дейт. Чал заматта кайда кеткени билинбей калат…

Бала калама жасап, мейманды күткөнгө даярданат. Кечинде аксакал баштаган жети адам келип:

– Кудай конокпуз, – деп отурушат.

Бала бата кылдырып, төөнү өзү арыдан-бери соёт. Казанга этин салып, жакшылап бышырат. Эт бышканда, меймандардын колуна бала суу куйдурат. Эт тартылып, чык берилет. Бат эле этти аймап, жеп жиберишет. Колдорун жууп бүткөн соң, кеп-сөз жок магдырап отурушат…

Бала булар тойбой калган экен деген ой менен төөнүн жарым этин дагы салып, эзилте бышырат. Дасторкон салып, эт тартылат. Караса, таң агарып калыптыр. Бала бата тилеп баарынын колуна суу куят. Сууну төгүп, кайра келгенче, алты меймандын бирөө калып башкасы көздөн кайым жок. Бала аябай таң калат. Көпкө ойлонот.

Ак сакал карыя күмүш сакалын жайкалтып, бата берет:

– Алдыңды мал, аркаңды бала бассын, эртең эрте тур, айланаңды карасаң, короо толгон кой, желе толгон бээ, желини карыш уйлуу болосуң, мал бүтүп байыганда, такыр текеберчилик кылба, үйүңө кут консун, жети адамдын бири кадыр – деди да, көрүнбөй калды. Эртеси ойгонуп, талаага чыкса, айланасы толгон мал.

Бала үй-жайлуу болот. үч уул табат. Аялы да, балдары да эмгекчил, ак пейил, кичи пейил оозго кирген адамдардан болуп, эл арасына сөз тарайт. Мал баккандарга боорукерлик менен мамиле кылат. Адамдарды кыжалаттан чыгарат. Улуу баласы сорпону чий көбүгү менен жылуу ичкенди жакшы көрөт. Күн сайын сорпо кайнатат. Ырысы жок жетимдин башына бак конгону, бай жана мээримдүү болгону бат эле элге угулат.

Баягы өгөй атасы уятты жыйнаштырып, жакшылык кабарды угуп,уулунун үйүнө келип, бир жума жатат. Аябай конок болот. Анан ары кетип-бери кетип, ойлонот: «Кантип байыды, касиети эмнеде, жок дегенде кудай жарым дөөлөтүн мага эмне бербеди?» – деп, узун санаага батат. Уйларын, жылкыларын, койлорун, карап чыгат. Ал койдун ичинде кут түшкөн козунун кулагын байкайт. «Мунун куту мага жуксун» – деп ойлоду да:

– Козуну сой, чыпчыргасын коротпой казанга сал! – деп өтүнөт.

Бала жышаналуу козуну союп, казанга салып, этин кайнатат. Чий көбүгү чыканда, баягы кут жүргөнүн көрөт. өгөй атасы калпып ичейин дегенче болбой, баягы улуу баласы көнгөн адатынча сорпону чий көбүгү менен жылуулай ичип жиберет. Ошондо өгөй атасы:

– Бирөөнүн бактысын талашканым меники чекилик экен. Буларга бата тийип, кут конгон экен. Мындан ары ач көздүктү таштайын – дептир. «Бата менен эр көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт» деген сөз бекер айтылбаптыр – деп, өгөй атасы үйүнө кайтыптыр. Ошентип, ак эмгек, кичи пейилдүүлүктүн натыйжасында ырысы жок бала ырыстуу, айлында алымдуу азаматтардын бири болуп калыптыр.


ЭМГЕКЧИЛ КЫЗГА

СЫЙКЫРЧЫ АЯЛДЫН БЕЛЕГИ

Илгерки өткөн заманда эки кызы бар жесир аял болуптур. Улуу кызынын мүнөзү, келбети энесинен айрып алгыс экен. Айылдаштары улуу кызын энеси менен алыс жүргөнгө аракет кылышыптыр. Анткени өтө эле орой, көкүрөгүн көтөргөн арамзада экен.

Ал эми кичүү кызынын кыял-жоругу кадим эле атасына окшош, адамдын көңүлүн оорутпаган, өтө боорукер, сулуулугу көргөн жанды суктандырган башкача ургаачы затынан экен.

Энеси улуу кызын өзүнө тартып, кичүүсүн жек көрүп, аны эртеден кечке чейин иштете берет. Чоң кумура менен булактан суу алдырат. Булак он-он эки чакырым алыс экен. Бирок чарчадым-чаалыктым, кабагым-кашым дебестен эмгек кылгандан талыкпайт кичи кызы.

Эмгекчил кыз бир күнү булактан суу алып жатса, бир жүдөгөн аял келип, кыздан суу сурайт. Кыз кумурасын тез чайкап, толтура суу сузуп, ичкенге оңтойлуу кылып:

– Ичиңиз – деп, кичипейилдигин көрсөтөт.

Аял суудан кичине жутуп туруп, эмгекчил кызга мындай дейт:

– Сен өтө эле кичипейил, адамкерчиликтүү, боорукер экенсиң, бүгүндөн баштап сенин ар бир сүйлөгөн сөзүң оозуңдан гүл, же асыл таш болуп чыгат. Кош бол – деп коюп, сыйкырчы аял көздөн кайым болот.

Кыз кумурадагы сууну көтөрүп, үйүнө келсе, энеси жер-жеберине жетип тилдеп, жаагын баспай, уруша баштайт. Жоготом, житирем дей берет.

Эмгекчил кыз:

– Кечирип коюңуз, апаке, деген сөздөр оозунан чыккан сайын ар түрдүү гүл, бермет, алмаз болуп, ыргып жерге түшүп, үй ичин шаңга бөлөйт. Кыз булактын жанындагы окуяны баштан-аяк энесине айтып берет.

– Андай болсо, улуу кызым, сен дагы булакка барып жүдөп, суу сураган аялга жакшы мамиле менен суу бергин, – деп, кеңешин айтат. Улуу кызы ыңгыранып, араңдан зорго кыйылып, кумураны көтөрүп, булактын жанына барат.

Ал жаңы эле булактын жанына жеткен кезде жакшы кийинген, сыйкырчы аял келип суу сурайт.

– Мен сураган адамдарга суу бериш үчүн келгеним жок, кааласаңыз ичиңиз, – деп кекетип-мокотуп сүйлөйт. Жаман көзү менен карайт.

Ошондо сыйкырчы аял:

– Сен сүйлөгөн сөзүң кара чаар жылан, бака, ташбака болсун! – деп, көрүнбөй калат.

Эрке кыз:

– Энеке, эмне болгону курусун дегенде эле, оозунан жылан менен ташбака, бака ыргып түшөт. Энеси коркуп, чалкасынан кетет. Бир аздан соң эсин жыйнап, кичи кызын тилдеп урушат. Акыр аягында, кыз токойго кире качат.

Токойдон аң уулап келе жаткан падышанын уулу жолугат. Кыздын сүйлөгөн сөзүнөн гүл, каухар, берметтер түшкөнүнө аябай суктанат. Жүрөгү ага аябай берилет. Жигит хандын сарайына келип, экөө бирге өмүр сүрүшөт. Ал эми энеси менен улуу кызы эч жерге батпай жүрүп, орой мамилеси башына жетип талаада өлөт.

ЖАПАЛАКТЫН АЙЛАКЕР АЯЛЫ

Жаныбек хандын жигиттери бир күнүсейилдеп жүрүп, Жапалактын аялын кокусунан көрүп, анын сулуу келбетине, жарашыктуу мүчөлөрүнө аябай суктанышат. Улам карап, көздөрүталыйт. өздөрүнчө: «Ушул Жапалак байга теги ылайыгы жок. Бу ханга гана ылайык. Муну ханга алып берип, өзүбүз жеңе кылабыз»

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

21-03-2011
Жомокчу
128602

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×